Жыл адамы
Аскар Салымбеков, "Дордой" ассоциациясынын президенти
Аскар Салымбеков дегенде алгач аны эмгекчил, жөнөкөй, боорукер жана дайым сөзүнүн өтөөсүнө чыккан, жан дүйнөсү таза, акыл парасаты бийик адам катары билебиз. Кээ бирөөлөр чөнтөгүнө азыраак акча түшүп калса болгон тыйынын чачып, бийлик бутагына жармашканга аракеттенет. Бул адам бийликке деле жармашпады. Жеке жашоосунда эң эле жөнөкөй. Башка чиновниктер, мартабалуулар 5-6дан жансакчы менен жүрүшсө, бул адамдан андай шаан-шөкөттү дегеле көрбөйсүң. Дайым эл арасында, элдин көйгөйүн чечкенге далалаттанат.
Аскар Салымбеков аз камсыз болгон жардамга муктаж үй-бүлөлөргө, майыптарга, Кыргызстандагы спорт, маданият кызматкерлерин колдоодо жана руханий баалуулуктарды сактап аларды элге жеткирүүдө демөөрчүлүк жана кайрымдуулук жардамдарды көрсөтөт. Жалпысынан 127 млн. 500 миң сомдук демөөрчүлүк жана кайрымдуулук жардамдарды көрсөткөн. Султан Раев: "Уюткулуу элдин учугун чыныгы уулдар гана узартат. Алардын бири Аскар Салымбеков" - деп бекеринен айтпаса керек. Мартабалуу адамдар байлыгына, бийлигине манчыркабай, жагалданган жасакерлери, жан сакчылары жок эл арасында жөнөкөй жашаса болот деген коомго жаңы бороз салып келет.




Жылдын ишканасы
"Дордой" асоциассиясы
"Дордойго" быйыл 20 жыл болду. Кыргыз бизнесинин флагманына айланды. Кыргыз Республикасынын президенти Роза Отунбаева "Дордой" ишканасына "Данакер" орденин ыйгарды. Анткени акыркы жыйырма жыл аралыгында Кыргызстандагы бизнес чөйрөсүнүн материалдык жана кадрдык базасынын өзөгүн түзүп, республиканын калкына соода-сатык тармагында жемиштүү кызмат көрсөтүп келүүдө. Талыкпаган эмгектин натыйжасында "Дордой" базары дүйнөдөгү эң ири делген 52 базардын тизмесинде 10-орунду ээлеген. Ошону менен бирге мамлекетке жылына 3 миллион доллар салык төлөйт. Соода-сатык менен алектенгендердин саны 100 000 адам. Жалпысынан 800 000 адам эмгектенет. Учурда "Дордой" асоциассиясында 40 ашык ишкана элге кызмат кылып келет.




Элмира Иманкожоева, ЖКнын "КСДП" партиясынан депутат:
"Кубанычбек Исабековду сыйлабайм"
- Элмира айым, биз бир маселени тактап алалы дедик эле, Кубанычбек Исабеков менен мамилеңиз кандай?
- Кубанычбек Исабеков мурунку "Ак Жолдун" депутаты, вице-спикер болду. 2005-жылы "Кумтөрдүн" маселесин биринчилерден болуп мен көтөрүп чыккам. Ал кезде ал депутат эле, биз бир канча ирет кайрылуу жасап өкмөт эч кандай жооп бербей койгондуктан тынчтык митингине чыкканбыз. 2005-жылы компанияны сотко бергенбиз. Ошол иштер жасалып такыр жооп болбогондо, биз 27-августта жолду жапканга аргасыз болгонбуз. Анткени, бизди эл катары көрбөй, тоготпой коюшкан. Биз бир жума жолду жаап турганда өкмөттүн өкүлдөрү келип, мамлекеттик коммисия түзүлүп, ага биз мүчө болуп киргенбиз. Андан кийин ошол маселелер көтөрүлүп калгандан соң, ал киши ноябрь айында ошол комиссияга кирди. А маселе көтөрүлүп, кыйын учурда Кубанычбек Исабеков менен Саруу айылында кезигишкенде, мен "Эл пикетке чыгып жатат, депутат катары элдин акыбалы менен таанышып койбойсузбу",-десем "Мага кереги жок алардын" деген болчу. Ноябрь айында комиссияга киргенден кийин "Мен көтөрүп чыктым бул маселени, "Кумтөрдү" сотко берип жатам",-деп өзүнүн пиар акциясын жүргүзүп баштаган. Ошондон кийин ал кишинин бетине айткам, "Биз кайрылып жатканда, сиз эч кандай жардам берген эмессиз. Качан комиссия түзүлүп, чечим биз жакка өтүп баштаганда гана кошулгансыз" деп. Мурдагы вице-премьер-министр Керимкуловго айылдан келген 5 өкүл кирсек, ошол жерде даяр отуруптур. Ошондон кийин мен ал кишини сыйлабайм.
- Айрым Жети-Өгүздүктөрдүн пикиринде "Пикетке чыкпасаңар компенсация берилбейт" деп элди чыгарыптырсыз, сиздин чындыгыңыз кандай?
- Андай нерсе болгон эмес, менде видеоматериалдар бар. Ошол кезде фильм да тартылган. Кудрин дегендин тасмасы бар. Ошондой эле Германиядан келген журналист кыздын да фильми тартылып атат. Менде ошол учурдагы эл кандай лозунг менен чыкканы, ким эмне деп сүйлөгөнү боюнча видео материал бар, бул архив документ. Бул сөздөрдү ким айтканын билип турам. Ал жерде 4-5 адам бар, Жамал Эралиева "Кумтөр, эл айкын" деген фонд ачкан. Ошол фондду ачып жатканда каттоосуна компания акчалай жардам кылган. Ал фактыны өзүлөрү жазып берген.
- Жок, биз Жамал Эралиеваны тааныбайбыз, элдин пикирин гана тактап коёлу дедик. "Бир күндүк жол тосууда эле компания бир канча миңдеген долларларды жоготуп, банкрот болот. Ошон үчүн силердин, элдин оозун жабу үчүн алар болбогон эле каражат бере салып турушкан. Исабеков менен мамилесинин начар болуп калганы дагы экөөнүн акча бөлүшө албай калганынан" дешет, буга не дейсиз?
- Исабеков менен менин эч кандай тиешем жок. Ал ЖКда отурчу, биз менен деле сүйлөшчү эмес. А кезде мен укук коргоочу болчумун. Компания эч качан банкрот болбойт, болгон да эмес. 98-жылдагыдай авария башка өлкөдө болсо, бул компания эчак банкрот болмок. Банкрот болмок түгүл байлыгы моюнуна чейин жетти, анткени компания ачылганда 1 гр. унция алтын 260 доллар болсо, бүгүнкү күндө 3 миң долларга чейин чыгып жатат. Биздин байлыкты булар алып кетти.
- Эмне үчүн сиз депутат болуп келгени бул маселе мурдагыдай активдүү козголбой келатат?
- Козголуп келатат. Айрымдар "депутат болуп келгени унчукпай калды" деши мүмкүн. Анткени, айыл жеринде интернет жок. Ошон үчүн маалыматты билбей калышат. Мен эчак эле, май айынан баштап иштеп баштадым. 27-апрелде келдим, 1-майдан баштап айыл кыдырып кеттик. Келгенде эле мамлекеттик коммисия түздүм. "Кумтөр" боюнча, экологиялык мониторинг боюнча ведомство аралык, өкмөттүк коммисия түзүлдү, ага эл аралык организациялардан, мамлекеттик эмес уюмдардан, министрликтерден эксперттер кошулду. Комиссиянын төрайымы болуп мен шайландым. Комиссия "Кумтөргө" барганыбызда, биринчи күнү бизди кое бербей, компания мага карата интернет аркылуу мыйзамсыз келди деген маалымат тараткан. Бирок, эртеси баары бир кирип, пробаларды алып, анализ чыгып, азыр жыйынтык чыгарып кол коюлуп жатат. Мына эми жыйын кылып, андан кийин пресс-конференция беребиз. Өтө чоң мыйзам бузуулар бар.
- Сиздердин максатыңыздар эмнеде? Аталган компания өз ишмердүүлүгүн токтотуу керекпи?
- "Кумтөрдүн" экологияга терс таасирин тийгизгенин айтып келе жатам, бирок, алар укпай эле келе жатышат. 2005-жылы мамлекеттик комиссия түзгөндө мен дагы киргем. Анда сууларды текшергенде, дамбанын астындагы суулардан цианид көп чыккандыгы далилденген. Бирок, ошону да "Кумтөр" мойнуна алган эмес. Эми комиссиянын чечими чыккандан кийин рекомендация катары да бердик. Жаңы хвостохранилище салынышы керек. Уу заттарды толтурган дамба толду, аларды жаңы куруш керек. Бакиевдин убагында "Сары Төр" менен Түштүк-Батыштагы 24 миң гектар жерди да кошуп берип коюшкан. Буга каршымын, бербеш керек. "Сары-Төрдө" да чоң ледник бар. Мына ушул келишимди кайрадан Жогорку Кеңеште караш керек.


Собол салган Азима АКУНОВА