Иттей сонун ММСтер
Максат коюп асман жакка шатыдай, Мазам качат махабатка татыбай. Умсунам да, ала качам карегим, Ушунчалык сулуусуңбу капырай?

ххх
Же бири бирибизди мойнубузга миндирип алабыз, же таманыбыздын астында тебелеп салабыз. Такыр эле бирге кадам таштай албадык! (Омар Хайям).

ххх
Мына дагы сааты жетип ак таңдын, ойлорумда сен тарапка аттандым. Кереметим атыңды атап жар салып, келип турат ай-ааламга мактангым!

ххх
Мен сени сүйөм! Эң көп айтылган сөз. Кимдер гана айтпайт. Байкуштун баркы деле кетип бүттү.

ххх
Сүйүүгө сүйүү гана даба болот, сооротуу ырбатуучу жара болот. Кээде сагынычтан азап тартсаңыз, сүйүктүүңүздүн сүрөтү кубат берет. Анын жылмайыңкы күлүп турган элеси, махабатыңызды күчөтүп сүйүүңүзгө өмүр кошот. Агенттен тапкан алтыныма арнадым!!!

ххх
Оттой жанып өлбөстүктө жашаган, өсүп, өнүп Теңир берген батадан. Башат болуп тирүүлүккө жан салып, Башталганбыз, Улуу Кыргыз Атадан. Эркинбек.

ххх
Садагам ай, не кетирдин айламы? Сага деген сезим гулдөй жайнады. Каухардай ажарыңдан айбыгып, Көзүң ымдап, жылмаюуда Ай дагы. (А.Мамадалиев)

ххх
Мен - кыргызмын, сатылбаган, сатпаган!
Мен - кыргызмын, баба наркын сактаган!
Ата Журтка жасасам деп бир эмгек
Ар күн сайын 'Чоң кызматка ' аттанам.
Мен - кыргызмын, асман-жерге жашташмын!
Эзелкимин, келечекмин, максатмын.
Кылы дагы кыйшайганын каалабайм
Кырчылдаган 'КЫРГЫЗ' деген жакшы аттын!
Мен - кыргызмын, түгөнөрдө түтөгөн.
Мен - кыргызмын жок болоордо күчөгөн!
Мен - кыргызмын, тарыхым бар, тилим бар,
Мезгилдин да ой-чуңкурун түзөгөн
Мен - кыргызмын, жөнөкөй, уулумун!

ххх
Жамаатың жакшы болгон соң, Ырыскы ыктоо эл болот. Каршылашып жоо келсе, Биригип каптай сел болот. Ичинен карып көрсөтпөй, Кара тоодой бел болот. Жайланган жериң кен болот, Жазы журтуң жадырап, Теребелиң тең болот. Мындай ынтымактуу жамаатка Кетпеген ырыс-бак конот!

ххх
Буюрса, жакында Таласка барып, багаландын сип-свежий этин жеп, шорпосун ичип, тоолордогу кийик от чөбүн терип, моокум канганча жыттап-жыттап, эң башкысы 9-май күнү айылдагы эстеликке ата-энем, бала-чакам менен барып, согуштан келбей калган чоң атам Жээнбайга, Курск Дугасында курман болгон чоң атамдын иниси Куланбайга гүл коёбуз!!!

ххх
Суктанганыңан ачылган оозуң жабылбай, таң атканча жаагың карышып, бетиң тырышып чыктыбы. Азыраак суктан Бишкекке деле бирдеме калсын.

ххх
Өмүрүмдүн ачып ар бир барагын, Кээде шашып, кээде сыздап каламын, Тагдыр мейли сансыз сыноо берсе да, Досторум бар! Келет менин жашагым!!!

ххх
Жакшы аялдын белгиси,
Жумшак кылат терини,
Мырза кылат эрини.

Жаман аял белгиси,
Калдырак кылат терини,
Карыздаар кылат эрини.

Жакшы аял уз болот.
Эрине күндө кыз болот.
Жаман аял суз болот.
Эрине тонгон муз болот.

ххх
Кош сүйүү коштошоордо алдым ыйлап, Тыя албай ачуу жашым мен буркурап. Карытсын мейли жылдар алып учуп, кош эми эч унутпайм бул махабат.

ххх
Тоонун башы гүлдөйбү? Кыз жигитти сүйбөйбү? Кыз жигитти сүйбөсө махабат гүлү гүлдөйбү?

ххх
Жараткан өзү жар болсун, Кыргыз элим бар болсун, Жамандык ары жоголсун, өкмөтүбүз оңолсун,
Жанакы халтурщик ырчылардын
ыры токтосун,
Депутаттарыбыздын чыры токтосун,
Кыздардын намысы кордолбосун,
Конституциябыз кайра-кайра оңдолбосун,
Алтыныбыз өзүбүздө калып кетсин,
Америка базасын алып кетсин,
Кыргызга кыргыздын тилин берсин, дилин берсин,
Башыбызда калпак, колубузда комуз болсун!