Эненин акыйкаты

Дамира апа, Урмат
Барыктабасовдун апасы:
"Уулумду саясый курмандыкка чалышты

Айланайын уулум!Бул маекте энелик мээрим, дилимдин түпкүрүнөн чыккан ыраазычылыгым бар экенин билдиргим келет. Менин эмес, кыргыз элинин сендей уулу бар экенине сыймыктанам. Камакта жатсаң да өзүң үчүн эмес, элиңдин эртеңи үчүн кам көрүп, кыргыз элиңди кедейликтин, жакырчылыктын сазынан алып чыгууга аракеттенип жатканыңа ичим эзилет. Азаматсың. Мага кудай сендей чыгаан уулду ыроологонуна ыраазымын.
Ааламдашуу агымы селдей каптап турганда Улутум, Мекеним, Элим, Жерим деген оттой жанган сезим ар бир кыргызга керек. Мына ошол сезимдин жарчысы болгон уулумду ак жеринен каралап жатат. Кыргызстан үчүн эл келечегин көздөгөндөн артык эмне бар. "Ит күлүгүн түлкү сүйбөйт" болбой ишибиздин оңолор жагын көздөп, ишбилги, эр азамат жигиттерибиз калк керегине жарасын деген ойдо акыл калчап, иш кылып, элим деген жигиттердин убалына калбайлы. Бул сөздөрдү уулумдун сөзүндө куту бар тилеги ак экенин билгенимден айтып жатам. Ак жеринен күй гүзбөй, адилет чечим кабыл алгыла.


Урмат Барыктабасовдун апасына жазган каты
(өзгөртүүсүз берилди)

Мамулечка саламатсызбы? Мен сизден кечирим сураймын. Сизди убайымга салдым окшойт. Мага Валера "кабагы түйүлүп турат" деп айтты. Мама, эч нерседен кам санабаңыз. Буюрса, баары жакшы болот деген ойдомун. Көңүлүңүздү ачып туруңуз. Мама, сиз капа болсоңуз мен капа болом. Мени капа кылчу сиздин кабаатыр болгонуңуз эле. Башкасы дурус. Мамулечка, менде сизден башка кымбат, ыйык эч нерсе жок. Аман-эсен тургула. Баары жакшы болот. Бул жерди көргөнүм да өзүнчө сабак. Ленин, Сталин, Фидель Костро баары ушундай жолду баскан. Бул жерде башкалардыкындай шарт эмес, баары жакшы. Чоң комната. Күнүгө душ, спорт, намаз. Дагы кечирим сурайм мама. Кучактап кыргыз эли деп күйүп, жанган уулуңуз Урматбек.

Сөз башы : Бет маңдайыбызда олтурган Урмат Барыктабасовдун апасы бизге жылуу пикирди калтырды. Баарыбыздын апабызга окшош бирок, уулунун жан дүйнөсүн терең түшүнгөнү менен айырмаланды. Эненин ар бир сөзүндө эл үчүн күйгөн сөздөр менен коштолгондуктан, бул эне сүтү аркылуу уулуна берилген турбайбы деген жыйынтыкка келдик. Уулу Урматтын эркиндиги чектелгенине мына 9 айдын жүзү болду. 9 айдын азап - тозогун бүгүн Дамира апа эне жүрөгүнө салып айтып берүүнү чечти.

- Дамира апа, уулуңуз Урматтын эркиндиги чектелгенине мына тогуз айдын жүзү болуптур. Бүтпөгөн сот процесстерин баштан кечирип жатасыздар, алгач Урмат мырзанын абалын сурасак. Жолугушуп жатасыздарбы?
- Ак жеринен абакта камалып олтурганына жүрөгүмдү сыздатып бүттүм окшойт. Уулумду саясый курмандыкка чалышты. Мен муну ачык айтам. Элине күйгөн адамдар бийликке душман болуп чыга келээрине баламдын тагдырынан кийин ишендим. Кайсы күнөөсү үчүн деп ушул кезге чейин жанчылам. Урмат сырт жакта өз киндигин өзү кесип баарына жеткен кыргыздын уулу. Ал мамлекеттин казынасына кол салып байыган жок. Бардык нерсени акылы жана маңдай тери менен тапты. Элине кол сунуп кыйын акыбалдан чыгарам деген ниети үчүн күнөөлүү болуш керекпи? Ар бир кыргыз жакшы жашаса экен. Биздин кандай кооз мекенибиз бар, аны гүлдөтүп өнүктүрөм деп жан үрөп программа жазса, бул кылмышпы? Мекенине ак дил менен кайтып келсе да кылмыштай көргөн адамдарга таңгалып олтурам. Силер уулуна болушуп, баласын айга-күнгө теңеп жатат деп ойлошуңар мүмкүн. Чынында мамлекетибиздин жараны катары күйүп айтып жатам. Камалганда элди дүрбөтүп көчөгө алып чыккан жокпуз. Мыйзам алдында акталса деп тилек кылдык. А көрсө, бизде мыйзам карапайым калк үчүн эмес, кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыгына эле иштейт турбайбы.
Ошондой болсо да уулума тамак киргизип, мүмкүнчүлүк болуп калган жерден жолугуп жатабыз. УККда сызда жатат деп күчтүү тамак киргизе берип, өтүнө, бооруна күч келип кетиптир. Кечээ жакында эле Фучиктин ооруканасынан өтүн алдырды. Азыр УККнын ооруканасына которду. Абалы жакшы болуп калды. Врачтар "тез эле сакайып кетет" дешти. Уулум йога менен машыкчу. Өзүн бир калыпта кармап жүрчү. Ошонун таасири тийип, тез сакайып кетсе экен деп кудайдан бассам-турсам тилеп жатам.
- Уулуңуз УККда жаткандан бери бир чоң китеп жазып бүттү деген сөздөр чынбы?
- Уулум табиятынан эле элине күйгөндөрдөн. Азыр да " мен ак жеримден эле камалып жатам" деп эмес, "элимдин турмушу күндөн-күнгө оорлоп жатпайбы"- деп кыжаалат болуп, санаркап жатат. Мени менен кездешкенде дагы "апа, кудай маңдайга эмнени жазса ошону көрөм. Мени ойлонуп санаркай бербеңизчи. Мени камашса камашсын. "Ак ийилет, бирок сынбайт" дейт кыргызда. Кайсы бир учурда ак экеним далилденет" деп менин көңүлүмдү тынчытат. Уулум УККда жөн жаткан жок. Кыргызстандын экономикасын көтөрө турган программаларды жазып жатат. Болгону баштап койгон чоң проектилерин аягына чыкпай каламбы деп кыжаалат болгонун айтып калат. Мамлекетибиздин экономикасын көтөрө турган чоң проектисинде эки эле айлык жумушу калган экен. Анын аркасынан миллиарддаган долларлар Кыргызстанга түшмөк деп кайгырып жатат.
- УККнын жер төлөөсүндө кысымдар болбоптурбу?
- Жок. Баары эле жакшы. Йога менен машыгып, медитацияга олтуруп жатам дейт. Ак жеринен эле 18 жылга кесилип кетеби деп кооптонуп жатам. Себеби, ал эле эмес машинеге түшүп койгону үчүн 15 бала бийлик алууга камынып жатышкан деген айып менен камалып жатат. Аларга 12 жылдан 15 жылга чейин сурап жатышат. Мына ушул акыйкатсыздык жүрөгүмдү өрттөп жатпайбы. Ушул балдардын тагдырына Урматтын да жүрөгү ооруп жатат. Байкуш балдардын экөөсү "бийлик эмне экенин деле түшүнбөйбүз. Мен бийликти басып алмак түгүл, бригадир болгонго дагы жарабайм. 10-классты араң бүткөм" деп айтты сотто.

- 2005-жылы да дал ушул эле жагдайларда күнөөлөнгөн, туурабы. Андагы элдин талабында кандай мыйзам бузуу болгон?
- 2005-жылы деле Урматымдын катышуусу жок эле БШКга барып, мандатын талап кылабыз деп өңчөй кары-картаңдар чыкканбыз. БШКнын төрагасы Акүйдө олтурат деп бизди ошол жакка жөнөтүп коюшту. Мандатты талап кылып, 3 саатка чукул күнгө куйкаланып, Акүйдүн алдында турдук. Көрсө, ошол учурда "провакаторлор" элди Акүйгө киргизип, уулумду Кыргызстандан чыгарып жиберүүнү көздөшкөн тура. Жыйынтыгында уулум өзү катышпаган митингдин азабын тартып, беш жыл бөтөн эл, бөтөн жерде жүрдү. Уулумду Казакстандын жараны деп да айтып чыгышты. Болгону ал жакта узакка жашаганга уруксат берилген эле. Ал Нурсултан Назарбаевдин эң жакын кадры. Нурсултан Абишевич уулумдун иш билгилигин, жөндөмдүүлүгүн, билимдүүлүгүн баалайт.
7-апрелде дагы илгери үмүт менен жаңы заман келет го деген ой менен уулум мекенине кайтып келсе деп ок атылып жатканда аянтта болдум. Ок жеген балдардын башына сүлгүнү аракка чылап алып, башын таңып, канын токтотууга жардам бердим. Токтайым Үмөталиеванын ыйлап жүргөнүн көрдүм. Ажалым жок экен жанымдагы балдарга тийген ок мага тийген жок. Ошол октон кансырап жаткан балдарды көрүп ыйлаганымды айтпа.
-Ок атылып жатканда корккон жоксузбу?
-Корккондо эмне кылмак элем. Балам келсе экен, жанымда болсо экен деп, балдар качпагыла, Манас атабыздын арбагы колдосун деп аларга дем-күч берип жаттым. Бийлик алмашкан менен адамдын ой жүгүртүүсү, көз карашы алмашпаганына көзүм жетти. Бакиевдер менен кошо саясый куугунтук токтоду го деп ойлогом. Көрсө, мен жаңылыптырмын. Жаңы бийлик деле уулумду буттан чалып, алсыздатууга аракет жасап, жада калса Кыргызстанга келтирбей коюуга аракеттенишпедиби. Башында булар келтирбей атканын билбей эле элдин баары эле келип калды, келбейсиңби десем, "Апа, келтирбей жатпайбы. Кыргызстанга бир эмес, эки жолу учуп барсам да артка кайрып жиберишпедиби"-деди. Балдардын каны менен келгенден кийин теңдик кылып эле башкаларга жол ачкандай менин уулума да эшик ачып беришсе болмок. Балам кайда болбосун "Эл куурап турат" деп элге жардам берүүнүн жолун издей берчү. Түштүк коогалаңы болгондо 100 тонна унду Балыкчынын тегирменинен бердирди.
Уулум жанымда жүрсө эле иши бүткөн экен деп ойлоп аткам. Көрсө, үй камагына алынган тура. Анысын билбей эле Бишкекке барбай жатасың. Каза болгондорго куран окубайсыңбы дей берчүмүн. Балам унчукпай эле "келген кеткендерден бошой албай жатпаймынбы. Аларга барганга да үлгүрөбүз"-деп койгон. Көрсө, самолеттон түшкөндө эле үй камагына алындың деген кагазды колуна берген тура. Жүрөгүн оорутпайынчы деп мени аяп айтпаптыр.
- Бу сапар дагы бийликти басып алууга аракеттер жасалыптыр деген негизде улуңуз камакка алынды да?
- Дүйнөнүн далай өлкөлөрүндө болуп, көптү окуган, дин тутунган, элим, жерим деп күйгөн уулума жок жерден ошондой күнөө жаап жатышат. Ит күлүгүн түлкү сүйбөйт болушуп. Болгону Курултай өткөрүп, уулумдун экономикалык программаларын талкууга алсакпы дешкен экен. Ат-Башы, Нарындан, Таластан келген кишилердин курсагы ачып келет деп бир жылкы союп, тамак даярдата баштадым. Бирөөлөрдөн уулума карата жаман кептердин тарай баштаганын угуп, Барктабасов качкан жок, ушул жерде эле деп койдум. Баламдан сурайын деп жатсам ИИМден кармай турган атайын топ жөнөткөнүн угуп алдык. Уулум "кокус тигилер мага ок ата турган болсо, эл таш менен уруп, мен үчүн жапа чегип кыйналып калбасын, качып кетейин" деди. Ойлонуп туруп, алысыраак туугандардыкына жибердим. Эртеси Курултайга Бишкекке сапар тарттык. Киршёлктон кармап, курултайдын катышуучуларын койдой сабашты. Милиция, таможниктер толтура. Аскердик училищанын курсанттарынан өйдө тизип, тиштерине чейин куралдантыптыр. 7-апрелде түзүлгөн "Патриот" элдик кыймылы да алардын катарын толуктап турушуптур. Көпчүлүгү аялдар болчубуз. Курултай бүткөндөн кийин ресторанга барабыз, концерт болот деп айттырганбыз да. Алар конокко кийген көйнөктөрүн, жакшы туфлилерин кийип келишкен. Саат 12лерде келсек саат төрткө чейин өткөрбөй жолубузду тосушту. Алгач ИИМдин министри Зарылбек Рысалиев келди. Андан кийин Топчубек Тургуналиев келди. Бизди ит менен талатты. Газ кое берип, резина октор менен аттырат деген ой капарыбызга да келген эмес. Сүйлөшүүлөр болуп жатат. Кудай буюрса, жолду ачат деп үмүт кылып атканбыз. Бир кезде Кант жактан КаМАЗды өткөрүп, БТРлер турган жерге токтотушту. Көрсө, бизге каршы колдонуучу куралдарды түшүрүшүптүр. Эч нерсе оюнда жок элди резина ок менен жана "дымовой шашка" менен аткылашты. Эки вертолёт асманда учуп жүрдү. Мага кадимки эле согуштай таасир калтырды. Резина ок атып, газ кое бергендери аз келгенсип, ит менен маскачан ОМОНдор кубалап, талатканы жаныма батып кетти. Бир автобустун ичинде бир аз кишилер калган экен. Красная Речка жактан жетип алып 15 киши автобусту тегеректеп алып аткылаптыр. Айдоочусу "Эмне аткылайсыңар" десе айдоочууну сабап салышыптыр. Ал айдоочу эки күн комада жатыптыр. Андан кийин "майып болуп калдым" деп сотко келди. Теңчилик качан болот. Урматты 5-августта кармады. 7- августта Өмүрбек Текебаев борбордук жолдорду тостуруп алып, Спорт сарайда 20 миң киши катышкан Курултай өткөрдү.
-Теледен байма-бай көрсөтүп жаткан куралдарчы?
-Болгону жан сакчыларынан эки курал табылды. Ага болбой эле граната табылды, түкүнчө курал табылды деп элдин үрөйүн учуруп жатышат. 4 айдан бери сотко катышып, кандай болгонунун баарын угуп жатам.
-Бир сумка акча бар экен деп жатышпады беле?
-Акча бар болчу. Ким алганын кайдан билебиз. Машинелерди таштап качты да бечаралар. Согушта еврейлерди кандай аткыласа бизди так эле ошондой кылды.
-Урмат аганы кайдан кармашты?
-Мен Урматка жакын эле жүргөм, мени кетсин деп кайра-кайра айттырып жатты. Урмат түшүп жүргөн ок өтпөс "жип" бар болчу. Ошонун терезесин пулемет менен аткандан кийин мага болушуп элдер жабыркабасын деп Ак-Сай деген жерден талаа менен качкан экен. Аркасынан вертолет менен кубалап жүрүп кармашты. Азыр ал машиненин айнегин жасатып коюшуптур. Ал машине азыр УККда турат.
-Милициялар сааттарын алып койгон дегени чынбы?
- Милициялар 20 миң долларлык саатын алышкандан кийин 500 долларга сатабыз деп мазакташыптыр. Ал алтын саатты Нурсултан Назарбаев Астананын курулушуна салымын кошкон үчүн ыраазычылык кылып берген экен.
- Бул жерде өч алуу жокпу?
- Өч алуу, көралбастыктар болуп жатат окшойт. Бакиевдин мезгилинде да Бекназаров башкы прокурор эле. Бу сапар да ал сотторго куратор болгондо камалды. Урмат деген ким дегенсип теледен сүйлөдү. А чынында ишенимдүү өкүлдөр аркылуу экөө бир сааттан ашык сүйлөшкөн экен. Барыктабасов деген ким экен дегендей тааныбагандай айтып чыкпадыбы.
- Азимбек мырзага кирдиңиз беле?
- 2-3 жолу киргем. Ага айткам: "Азимбек Анаркулович, Кыргызстандын кыйрашына сиздин да салымыңыз бар. "Урматты качыргыла, кубалагыла" дегендин бири сиз эмес белеңиз. Баарын тарых таразалайт. Баламдын башы аман болсун. Болгон окуялардын баары азыркы бийликтин ким экенин далилдеп берет. Учуру келгенде ак-каранын баары иргелип чыгат"- дегем.
-Мунун артында ким турат деп ойлойсуз?
- Куралдуу күчтөр кимдердин буйругун аткарышат. Ошолордун ойлоп тапкан кара ниет, айла-амалы.
- Азыркы бийликтегилерге акыйкаттыкты издеп кайрылдыңыздарбы?
-Роза Отунбаевага энелердин атынан кайрылуу жасадык. Анткени, Роза Отунбаева мурда бир үй-бүлөнүн энеси болсо, азыр бүт Кыргызстандын энеси. Ар бир адамдын тагдырына жоопкер. Курултайга катышканы келе жаткансың деп жаш балдардын тагдырына балта чабылып жатат. 7-апрелде 21 жаштагы балдар өз өмүрлөрүн беришти го. Мына ушуларды эске алып, алардын тагдырына да кайдыгер карабайт го деп үмүт артып олтурам.
-Урматтын байлыгы деле жок экен. Технологдору эле бай көрсөтүп коюшуптур. Казакстанда, Дубайда деле эч кандай бизнеси жок экен деген сөздөр чыгып кетти эле?
- Урмат ушундай сөздөрдү угуп калганда "ошону айтып жаткандар менде кассир же бухгалтер болуп иштеди беле?" деп таңгалчу. Камагандан кийин акчасы түгөндү деп жазып чыккандар болбодубу. Урматтын байлыгы түмөн. Түгөнбөйт, ачыла элек сандыктары бар демекчимин. Кыргызстанда материалдык да, руханий жактан да уулумдай бай киши жок. Ал Орто Азиядагы эл окубаган китептердин баарын окуп, ой чабыты кенен, акыл казынасы кең, аз уктап, көп иштеген адамдардан экенин белгилеп койгум келет. Өзү да "акча коройт. Алтын чирийт. Адамдын ою чирибесин" дечү. Ошондуктан жанагындай сөздөрдү уулумду жаман атты кылып, элдин ичин иритем дегендер чыгарып жатканын билем.
-УККга жаңы камакка алынганда чоң сумма талап кылып жатышыптыр деп уккан элек. Эгер бай болсо ошол сумманы берип эле кутулуп кетпейби?
-Топчуке "100 миң долларды Ошко бер, чыгарабыз" дептир. Топчукеге барып, берели чыгар десем: "Хе, ал бийликти басып алам деген. Болгону жазасын жеңилдеткенге жардам берем" деди. Камабай турсаңар вагон менен чай, май жөнөтмөк. Силер айткан суммадан да чоң жардам бермек дедим. Ачуум келип, Канттын кире беришине Акүй салып койдуңар беле деп чыгып кеттим. 9 айдан бери болбогон шылтоолорду айтып, үч прокурор 18 жыл сурап жатышканына ичим өрттөнүп, жүрөгүм эзилип жатат.
Айланайындар, эгер уулум мыйзамсыз иш жазаса, колуң менен кылдыңбы мойнуң менен тарт демекмин. Бул жерде кылмыштын бир да элементи жок болуп жатпайбы. Керек болсо Курултайды да Урмат уюштурбаптыр.
-Анда кимдер уюштуруптур?
-"Мекен шейиттери", "Кыргыз эл баатырлары" жана жаштар уюштуруптур. Аны соттон билдим. Бири да Урмат уюштурду деген жок. Көрсө, уулум кеткен чыгымын төлөп берейин деген тура.
-Уулуңуздун Кыргызстанды тышкы карызынан куткарып алам деген сөзү чынбы?
-Чын. Кудурети жеткени үчүн айтып жатат да. Акаевдин тушунда Москвага Акматбек Келдибеков каржы министринин орун басары болуп турганда бирге барып, Кыргызстандын чоң суммадагы карызынан куткарган экен. Акматбек мырза танбайт болуш керек.
-Урмат аганын бир туугандарына да куугунтук болуп жатабы?
-Урматка куугунтук башталгандан бери улуу уулум беш жыл болду, чет мамлекетте жүрөт. Кичүү кызымдын күйөөсү ИИМде тергөөчү болуп иштечү. Барыктабасовдун тууганы болгону үчүн куугунтукталып, иштен четтетиле бергенден кийин "Барыктабасовдун аты турганда мага кызмат жок" деп кетип калды. Улуу күйөө балам да Барктабасовдун күйөө баласы деп бир кызматтан алынып, бир кызматка коюлуп азабын тартып жүрүп, бизден кол үздү.
-Үй-бүлөсү кайда?
-Балыкчыда.
-Намаз окуп, динге берилип кеткен деген сөздөр чынбы?
-Намаз окуйт, Кудайга ишенет, фанат болуп деле кеткен жери жок.
- Кичинесинде кандай бала эле?
-Кичинесинен эле камкор, өзү теңдүүлөргө да көз сала жүргөн бала болчу. "Кичинекей балдар биздин үйдү карап баратат бирдемеңди берип койчу" деп этегимден тартып турчу. Урмат азыр да жардамга муктаждарга жардам бергенден аянбайт.
"Буровестник" пионер лагеринин эс алуучусу Урмат Барыктабасов өз досторуна камкордук көрөт" деп жазылган 9 жашар кезиндеги сүрөтүн сандыкка катып жүргөм. 41 жашка чыкканда эмне белек берсем деп толгонуп жатып, элиңе кам кордук көрөсүңбү же досторуңа камкордук көрөсүңбү деп жакшы тилегимди айтып, белек кылгам.
- Баятан бери байкасак балаңыз сизге аябай жакын болсо керек.
- Мага аябай жакын, өзгөчө жакшы көрөм. Балам кыргыз элинин керегине жараарына толук ишенем... Көктө кудай, жерде эл бар.

Маектешкен
Ч.КУТМАНАЛИЕВА