Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Акылбек Мураталиев, Кыргыз эл артисти:
"Эгер сүйүп калдым деп айтууга эрки жетсе, ойлонуп көрөм"
- Акылбек агай, адам баласынын эч бир алмашкыс нерсеси балалык чагы эмеспи. Сиз балалык чагыңызды кантип эскерип берээр элеңиз?
-Бала чакты эске салуу бул өзүнчө чоң бакыт деп эсептейм. Бал жыттанган балалыгым, оюунга тойбогон чыт курсак чыбык минип теминген кезим Жети- Өгүздүн Аңөстөн айылында өттү. Биздин бала чак өзүнчө бир керемет мезгилди өзүнө камтыса керек. Балалыгым көп жылдар артта калса да,мен ал күндөргө кайрадан кайрылып баргым келет. Жаш кезде тентектик кылган күндөр да болот. Андагы кезүү менен кой кайтарып, карагай шилби балтыр тилген учурлар, айылга барганда эрксизден эске келет. Биз өскөн доор, балалык башка болсо керек. Азыр мен жылаңаяк топурак кечкен, күн күркүрөп мөндүр аралаш төккөн жамгырдан кийинки айланага суктана карап, табият менен купуя сырдашкан жаш баланы көрө элекмин.

- Актёр болуп калууңузга кимдин таасири тийди деп ойлойсуз?
- Атам Кыдыр өмүрүнүн акырына чейин колхоз, совхоздордо актив болуп жүрдү. Апам Рахима болсо магазин тармагында болгондуктан биз көбүнчө чоң энебиз Алтынкиштин колунда тарбияландык. Чоң энем улуу касиеттерге ээ болгон кишилердин бири эле. Адамдын эркине карап иш кылчу. Бизди эч нерседен чектөөчү эмес. Менин ушул жолду тандап алуума балким, ошол кишинин таасири болгон чыгаар. Бирок апам да ыр жазган, ырдаган мээрбан адам эле. Ошону менен катар айыл жергесине концерт, кино, спектакль коюп баргандар, ырчы, комузчу чоорчулар биздин үйгө барып жатып калышаар эле. Алар менен бирге мурда эле кошо жүргөн тааныштарындай канча күн болсо ошончо күн чогуу жүрө берчүмүн. Алар кеткенден кийин кыймыл аракеттерин туурап, ырдаган жеринде ырдап, үйдө кадимкидей концерт коюп берчүмүн. Демек актёр болушума жеке адамдын атын атай албайм. Жалпылаштырылган ыйык сезимдердин күчү мени ушул бийиктиктерди багындырууга жеткизди десем болот.
- Студенттик күндөрдүн ысыгына күйүп, суугуна тоңгон чыгаарсыз, кеп сала кетсеңиз?
- Көпчүлүккө окшобогон студенттик күндөрүм туулган мекенден тыш Москвада өттү. Мурда чыгармачылыкка ыктаган жан дүйнөм эмнегедир 10-классты бүтөөр мезгилде врач болууну каалап, мектепти аяктаган соң борборго келип мединститутка документтеримди тапшыргам. Биринчи эле экзамен химия сабагынан өткөрүлдү "2" деген баа алдым. Эми эмне кылам, каап деп турган учурда Москвадагы Щепкин театралдык иниститутуна кабыл алуу болуп атканын угуп, документтеримди алып барып тапшырдым. Экзамендер катарынан болуп 3 экзаменден жөн эле, опоңой өтүп кеттим. Ошентип жай мезгили кантип өткөнү да билинген жок, 20-августта Москвага кетесиңер деген кулактандыруу угузулду, үйгө барып айтсам, эч кимиси ишенгиси келбейт. Мактанганды айтпа, тим эле басышым да башкача. Ал мезгилде "Москвага окууга өтүптүр"-деген сөз өзүнчө бир жомок. Өмүрдүн экинчи секиси деп аталган студенттик күндөр 15 республиканын башын бириктирген борбору, сүйкүмдүү, мээримдүү Москванын кучагында өттү.

- Алгачкы чыгармачылыгыңызга жол ачкан ролуңуз кайсыл болду эле?
- Ушул жерде дагы балалыкка кайрылып кетпесем болбос. Чыгармачылыгыма алгач жол ачкан менин аткарган ролум эмес. Киндик кан тамган туулган жерим, ал жерди жердеген элим деп айтаар элем. Ырдабаган, ыр жазбаган, же болбосо эч нерсе колунан келбеген кыргыз болбосо керек. Биздин Аңөстөндө 1 акордеон бар болчу. Бизден 3 жаш улуу Кылыч деген баланыкы эле. Ошол акордеон бир айылга нөөмөт менен жетчү. Андан кийин жогорураак жакта Аюу деген бала алып келип калды, мага апам акордеон десем "Баян" сатып берип койду, айла жок баянды кыргызча үйрөндүм. 9-класс убагым, мектепте "Гүлкайыр" деген топ түзүп алдык. Эми ансамбль деп да койчубуз анда 1 гитара, 1 барабан, 1 контравас бар. Кошуна айылдарга концерт коюп баштадык. Чоң грузовой машинанын үстүнө саман төшөп алганбыз. Чырак, Ак-Дөбө Боз-Бешик, Жал-Өрүк тим эле убак-убагы менен барып, колубуздан келген өнөрлөрүбүздү тартуулап, айылдагылардын оозунда болуп калган учурлар болду, мына ушул чак менин чыгармачылыгымдын башаты десем болот. Ал эми кино тармагында 1986-жылы Б.Шамшиевдин режиссёрлугу алдында "Фудзиамадагы кадыр түн" фильми болду. Андан кийинки өзүмө таасир калтырган ролум Токтогулдун кербези кыска метраждуу тасмасы десем болот. 1979-жылы окуу жайды бүтүрүп, театрга келип иштеп баштагандан бери көптөгөн ролдордо ойнодум. Ошол эмгегимди баалап 1986-жылы "Эмгек сиңирген артист" деген наам берилди.
- Роль аткарууда кандай кыйынчылыктарды баштан кечирдиңиз?
- Мактангандай болбоюн кандай гана роль болбосун эч бир кыйынчылыкка учураган убагым болгон жок. Кайсы каармандын ордунда болсом да мен өзүмдү ошол дүйнөдөн көрө алам. Роль аткарууда кыйналуу деген нерсе көзүңө көрүнүп турат, кескин кыйналууга жол берүү өзүңө байланыштуу болот. Тандалган ролду жан дүйнөңө салып, өзүңө-өзүң режиссёр болуп, кыймыл-аракетти ойго түздөп,керек болсо жан салуучу күчкө айланып, режиссёрдун каалоосун таба билсең, роль жаратуунун бардык кыйынчылыктары жеңилет.
- Шакирт өстүрдүңүзбү?
- Жеке шакирт өстүрбөдүм. Театралдык окуу жайда мен сабак берип, багыт көрсөткөн улан - кыздарым бар. Алар менен сыймыктанам жана, алар жетишкен бийиктиктерге демиме дем кошулуп дердеңдеп калам.
Чыгырмачыл адамдарды бут тосуулар, көрө-албастык деген жагдайлар коштоп жүрөт эмеспи.Сизде да мындай жагдайлар болду беле?
- Өмүрдөгү тоскоолдуктарды, дегеле карама-каршылык дегенди адам өзү жаратат. Андай көрүнүштөр менин тынчымды албады. Чыгармачыл адамдар чөйрөсү ушак-айың сөздөргө абдан жакын болот. Эгерде көчөдө эки министр менен бир артист же акын, арак ичип туруп калса ал министр көрүнбөйт, акынга болбосо артист ушактын курмандыгы болот. Себеп чыгармачыл адамдардын жан дүйнөсү дайыма таза, назик болот. Ошондуктан топурагы жеңил келип, кандай шамал болбосун бир тийип өтөт.
- Кино тармагында атакка жетип атын тааныткысы келген жаш сулуу кыздар, башкы ролдун жаратмандары, же болбосо режиссёрлордун көңүлү менен "кастингден" өтөт деген сөздөргө эмне дээр элеңиз?
- Чыгармачыл коом өзүнчө чоң дүйнө болгондуктан, ал дүйнөгө аралашпаган адамдар ушундай ойлорго кетишет болсо керек. Мындай сөздөрдү айтып чыккан адамдардын өзүнүн жан-дүйнөсүнүн калпыстыгынан го деп түшүнөм.

- Сиз тартылган тасмаларда көбүнчө татынакай айымдар, кыздар каарман болушкан. Тасмага тартылуу учурунда сүйүүгө кабылдыңыз беле?
- "Сулуулук дүйнөнү сактап калат" дегендей сулуулукка суктанбай коюу мүмкүн эмес. Көз деген нерсе көрбөйүн десең деле көрө берет экен. Кино тартуу, роль жаратуу бул үлкөн дүйнө. Ал дүйнөдөн сенин сынчың көрөрмандар болууга тийиш. Ошондуктан андай темаларга агылып кеткен жокмун.
-Үй-бүлөңүз жөнүндө?
- Жубайым Эльмира Оштун Жапалагынан болот. Курманжан датка энебиздин сиңдилери болуп кетет. Бешенеме бүткөн 5 жылдызым бар. Кудайдын кулагы сүйүнсүн беш кыздын сүйүктүү атасымын.
- Кыздарыңыздын ичинен жолуңузду жолдоочулары барбы?
- Улуу кызым Мээримди тааныйсыздар, ал да чыгармачылыктын чыйырында келе жатат. Айдай Славян университетинде окуу менен бирге Кыргыз радиосунда ди-джей болуп жүрөт. Кесиби боюнча экономист болуш керек, бирок чыгармачылык жакка умтулуусу байкалып баратат. Мээримай, Нурайым үчөө азырынча жаш. Кенжебиз Кутманай жакында 3 жашка чыгат, бизге чоң-эне.
- Жумушуңузга байланыштуу сыртта көп жүргөн учурларыңыз болсо керек, кызганычтан пикир келишпестиктер көп болобу?
- Келинчегимдин менин чыгармачыл дүйнөнүн адамы экенимди түшүнгөн айкөлдүгүнөн улам, менин тургузган чебим урабайт деп ишенем. Ачык айтканда, орган кызматкери менен, чыгармачыл адамдын жары болуу өтө оор, ары татаал.
- Азыр сизге жаш кыздар сүйүүсүн арнап калса кандай деп жооп кайтарат элеңиз?
- Кызык суроо экен. Ушул кезге дейре арнай элек. Сүйүп калып айтууга эрки жетсе, ойлонуп көрүш керек (күлүп).
-Чарчоооңузду кантип жазасыз?
- Жалгыздык менен. Салкын, таза бөлмөдө сүкүттө болууну жактырам. Чарчап турган учурумда бирөө менен ойдогудай сүйлөшө албайм. Купулумдагыдай сүйлөшө албай калсам, жаным тынч албайт. Ошондуктан чарчоого жеңдиргим келбейт.
- Өзүңүзгө жакпаган сапатыңыз?
- Ачуум бат келет. Кээ бир учурда ачууга алдырып иймей жайым бар. Бирок ичиме кир сактабай, бат жазылууга аракеттенем. Дулдулум кармап бир азга сүйлөбөй коём да, ичим чыдабай кетет.
-Бүгүнкү күндөгү жаш кино жаратмандарына, режиссёрлорго, дасыккан көз караш менен кандай баа бересиз?
- Табиятымдан бирөөгө баа берүүнү кополураак кабыл алам. Андан көрө каалоо, тилек катары оюмду айткым келет. Бүгүнкү күндө кино жаратмандары, жаш актёрлор абдан көп. Бул замандын талабы. Союз убагынан кийин кино аралчасы, Кыргыз керемети деген дүйнөгө кандайдыр бир убакыт тыным болуп калган эле. Азыр таланты менен кыргыз журтун гана эмес, дүйнө элин тамшандырган режиссёрлорубуз, актёрлорубуз чыгып келе жатышат. Т.Бирназаров, Э.Абдыжапаров, А.А.Кубат ж.б. Былтыркы жылы Садык Шер Нияздын демилгеси алдында кыска метраждуу кино тасма тартылды эле, талантты багындырган, баккан, сыйлаган балдар бар экендигине абдан кубандым. Кыргыздын таланттардан дагы да болсо кол уучу куру эмес экендигине таазим эттим. "Дем" театрындагы балдарыбыз Аскат, Марат, Камчылардын жаратмандыктары келечектен көптү үмүттөндүрөт. Айтайын дегеним, Кыргыз киносунун дүйнө жүзүндө өз бренди бар. Кыргыз кино тармагы ошол бренддин мындан ары да жогорку деңгээлге чыгарып, сактап калаарына толук көзүм жетет. Жалпы чыгармачыл адамдарга ийгилик каалайм.
- Учурда эмне менен алектенүүдөсүз?
- Өзүңүздөр көрүп турасыздар "Эр Төштүк" коомдук фонду түзүлдү. Мында жетекчилик орунда иштеп жатам. Бул фонддун ичинде "Бегим" студиясын ачтык, албетте, жалгыз эмес. Бардык улуттун жарандары бар. Каракол шаарында "Эр-Төштүк" спектаклин коюп келдик. Жакынкы күндөрдө бүтүндөй Кыргызстанды кыдырып, спектакльди көргөзүү жүрүшүн баштайбыз деп турабыз. "Эр-Төштүк" китеби орус тилинде басылып чыкты, эми англис тилинде басылмага берилүү алдында турат. Буйюрса, алдыдагы максаттар жөнүндө кененирээк маектешүүгө даярмын.

Маек курган
Назгүл Эсенбай кызы





кыргыз тилиндеги гезит "Асман инфо"





??.??