Биз билген да, билбеген да спикер


Жообун куусак...



Мүнөздөмө

Азыркы спикер кой оозуна чөп албаган момун спикердин образын берет. Саясатта азыр "плющевый мишка" кличкага ээ. Мурчтуу , курч сөздөн алыс болгону, баягы "акжолчу" спикер Айтибай Тагаевге да окшоп кетет. Реалити шоудан эч айрымасы жок парламенттин жашоосуна азыркы спикер кан жүгүртө албай жаткандай туюлат. Маалымат жагынан аксап жатат. Мурунку спикерлерди "садиктеги" балапандар таанышчу эле, азыркы спикерди тааныбагандардын эшелону өтө эле көп экен. Эгер азыр Асилбек Шариповичти кайрадан жасай турган болсо Кудай оболу Келдибековдун шакылдагын, Мадумаровдун тапандыгын, Курмановдун мыйзамчылдыгын кошуп туруп, анан азыркы парламентке олтургузса болмок.

"Наркотик менен бизнес жасоо оюма да келген эмес"


- Асилбек, в Оше говорят ты будучи первым партнером наркобарона Баямана, имел очень неплохую прибыль от наркотика-правда ли это, как можешь доказать находясь рядом с ним имея общий бизнес ты чист?

- Маркум Баяман Эркинбаев Кыргызстан деп күйгөн патриот жигит эле. Маңдайына жазганы ошол экен, бул жарыкчылыктан эрте кош айтышып кете берди. Ал эми сиз айткандай Баяманды наркобарон катары эмес, палван жигит катары таанычумун. Бул сөздөргө ишенбейм.
Ооба, 1990-жылдардын башында Баяман Эркинбаев менен бизнес чөйрөсүндө таанышканбыз. Кийинчерээк Баяман саясатка аралашып, Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланды. Ошону менен ар кимибиз өз жолубуз менен кеттик.
Наркобизнес боюнча көз-карашымды айтайын. Адамга зыян келтирген, айрыкча наркотик, казино менен акча жасап, тирилик кылгандарга тапкан дүнүйөсү өзүнө да жукпайт, эң жаманы өзү да жакшылык көрбөйт, анын кесепети тукумдан - тукумга өтүп, 7 тукум бактысыз болот. Наркотик менен бизнес жасоо менин оюма да келген эмес. Кудай деген адам катары ачык айтайын, менин кылган иштерим таза.

Саясатчынын да пири - Мухамед

- Чет мамлекеттик саясатчылардын кайсынысы сизге жагат, эмне үчүн? Алардын кандай макалаларын окудуңуз эле?

- Адамдын да, саясатчынын да пири - Мухамед пайгамбар. Ата Түрктүн алысты көрө билип, улуттук лидерге айлангандыгын баалайм.
Биздин мамлекеттик ишмерлер тууралуу да кошумчалап кетсем, Исхак Раззаковдун мамлекеттик масштабда кеңири ой жүгүртүп, ошого жараша артында из калтырып кеткендиги бизге сабак. Ал эми Абсамат Масалиев - таза инсан катары үлгү. Булар тууралуу тарыхый чыгармаларды да, өздөрү жазып калтырып кеткен баалуу баяндарды да окугам. Өзгөчө Мухамед пайгамбардын хадистериндеги сабырдуулук тууралуу айтылгандар мен үчүн кенч, күндөлүк жашоомдо, Жогорку Кеңештеги ишимде дайыма эсимде. Негизи, кыргыз саясатынын, парламентинин тарыхында ишин ачык жүргүзгөн, интеллигенттүү, маданияттуу, сабырдуу иш алып барган төрага катары өз чыйырымды салып кетейин деген тилегим бар.


Кол бала болбойм

- Асилбек мырза, сиз азыркы бийликке кол баласызбы?

- Бир адамдын, бир үй-бүлөнүн бийлиги күчүндө болуп турганда кол бала болгон эмесмин, болбойм деп айта кетейин. Ал эми төрагалык милдетти Конституция чегинен чыкпай аткарам.
Болом деп умтулган эмес

- Жогорку кызматтарга келип калышыңызга кандай себептер болгон жана буга өз мээнетиңиз себеппи же кимдир бирөө жардам, түрткү кылды беле?

- 2007-жылы КСДП партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып келгенче айыл чарба тармагында иштеп, бизнес чөйрөсүндө да тажрыйба топтоп келдим.
Мурдагы бийликтин тушунда КСДПга кысым күчөп, айрым партиялаштар аны таштап кеткен учурлар болгон. Анан мен дагы саясый күрөшкө катышууга убакыт- сааты жетип, партияга мүчө болуп кирдим.
Мамлекеттик башкаруудагы мүчүлүштүктөргө атуул катары кайдыгер караган эмесмин, өз үлүшүмдү колдон келишинче кошкум келген. Ошондуктан, партияга мүчө болуп, андан кийин саясый жашоого активдүү киришкем десем болот. 2007-жылы Кыргызстанда КСДП күчтүү оппозициялык күч болуп турган кезде мен башка партиялаштарым менен катар Жогорку Кеңешке депутат болуп шайландым. Партиянын идеологиялык иштерине активдүү катышып келдим. Мамлекетибизде бул жылдар аралыгында кандай гана тарыхый, кайгылуу окуялар болуп келгенин азыр кайталап отурбайын. КСДП бул жылдары мамлекетибиздин жарык келечеги үчүн авторитардык бийликке каршы күрөш жүргүзүп келген негизги саясый күч катары таанылган, менин да бул жылдары партиянын активдүү мүчөсү катары саясатта, мамлекеттик кызматта топтогон тажрыйбам мол болду. 2010-жылы Жогорку Кеңешке партиялык тизме менен депутат болуп келдим, 2011-жылы коалициялык көпчүлүктөн бирдиктүү талапкер катары Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайландым. Кудайдын буйругу экен, иштеп жатабыз. Болом деп эч качан умтулган эмесмин. Кызмат эч кимге түбөлүккө берилбейт, утурумдук нерсени адам абийир менен элинин алдында жүзү жарык аткарышы керек.

МАИнин мигалкасын иштеткен жокпуз

- Бабанов биринчилерден болуп МАИ коштоосунан баш тартты. Силер качан анын бул демилгесине кошуласыңар? Анан KG номурлардын ызы- чуусу Келдибековду кетириш үчүн эле көтөрүлгөнбү? Азыр кайра айтылбай калды го? Же сиз да жең ичинен кайната, жек- жаатка таратып жатасызбы?

- Төрага болуп шайланып, кызматка киришкен күндөн тартып, борборубуздагы көчө кыймылына тоскоол болбоого, шаар тургундарынын тынчын бузбоого аракет кылдым. Кызмат күнү эрте башталып, кеч аяктаса да МАИ коштоосу менен жүрсөң баары бир ыңгайсыздыктарды жаратчудайсың, ошондуктан кызматка киришкен күндөн тартып бир да жолу коштоп жүргөн МАИ унаасынын "мигалкасын" иштеткен жокпуз. Ал эми МАИ коштоосунан Премьер-министр Бабанов экөөбүз бир күндө баш тартканбыз.
Малекеттик KG номурлары боюнча. Буга дейре парламентте мындай сериядагы 200 дөн ашык номурлар таркатылып кеткен экен. Бүгүнкү күнү Жогорку Кеңеште 120 номур калды (депутаттарда). Калганы чогултулуп, пайдалануудан алынып салынды. Кайнатам тууралуу суроо бериптирсиз, ал киши согушка катышкан ардагер болчу, былтыр 85 жашында кайтыш болду. Акылдуу адам эле, эгер мен берем десем да "кой, балам, уят болот" деп алмак эмес деп ойлойм.

Баарынан эле баштартып жатам

- Төрага алмашуусу ызы -чуу менен коштолуп, мурдагы спикерди ашыкча чыгымдар үчүн айыпташты эле. Урматтуу Асилбек мырза, сиз кандай привилегиялардан баш тарттыңыз? Канча машинеңиз, жан сакчыңыз, секретарь, кеңешчиңиз, жеке доктуруңуз бар? Мурдагы төраганын кардиологу ж.б. бар деп чыгышты эле.

- Мен өзүм үчүн жооп берейин. Төрагага иштеген аналитикалык топтон 3 орун, мындан тышкары эки кеңешчи кыскарды. Өзүмдү, төраганын кеңешчилерин, аналитикалык топту тейлеген 5 айдоочу (5 автоунаа менен) кыскартылды, албетте, буга кетчү чыгымдар жоюлду. Жеке врач, секретарь-референт, официант деген кызматкерлер бар экен, алар да кыскартылды. Коомчулуктун талкуусуна алынган Төраганын брондолгон автоунаасынан баш тарткам, себеби бул машинени тейлөөдө бюджетке ашыкча жүк болот экен. Дөңгөлөгүнөн тышкары башка тетиктерине дагы кошумча 2 миллион сомго жакын чыгаша талап кылынмак, бул тууралуу келишим түзүлүптүр, ал келишим жокко чыгарылды.






Арена kg
сайт ээси Жанызак:
гезит сайтка чыгарылыш туралуу Жакшылык:
тел:+996779085712
0312 893264
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!