Чын эле Жылдыз Жолдошева эмне деген?
Жалпы массалык маалымат каражаттарына
10-январь 2013-жылы Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда менин коллегаларым К.Ташиев, С.Жапаров, Т.Мамытовдорго КР Кылмыш Кодексинин 295 менен 297-статьялары боюнча негизсиз жоопко тартылышы боюнча КР ЖК "Ата-Журт" фракциясынын чечиминин негизинде Коомдук жактоочу болуп катышып, сотто сүйлөгөн сөзүмдүн стенограммасын мен жөнүндө "Мекен шейиттери" коомдук бирикмеси жана "Апрель байрагы" кыймылынын өкүлдөрүнүн байма-бай берген пресс-конференциясына жооп катары Сиздерге жөнөтөм. Эгерде мүмкүнчүлүктөрүңүздөр болсо, гезит беттерине жарыялап койсоңуздар.
Сотто "Апрель байрагы", "Мекен шейиттери" жөнүндө мен тараптан эч кандай сөз болгон эмес. Ошондуктан, кечирим сурай турган эч кандай себеп жок. Тасмадагы мен сүйлөгөн сөздөр буга далил.

Стенограмма тиркелет.
Урматтоо менен,
Ж.Жолдошова

КР Жогорку Кеңешинин депутаты Ж.Жолдошованын 2013-жылдын 10-январында Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук сотунда сүйлөгөн сөзүнүн стенограммасы

Анда эмесе мындай. Урматтуу процесстин катышуучулары, 3-октябрь 2012-жылы биздин вице-спикер, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин вице-спикери Талант Мамытовду, "Ата-Журт" партиясы биринчи болуп, биринчи орунда парламентке келген, 300 000ден ашык шайлоочулары бар "Ата-Журт" фракциясынын лидери Камчыбек Ташиевди, ошону менен бирге "Ата-Журт" фракциясынын лидери Садыр Жапаровду, мына коопсуздук биздин комитетинде түңкү саат үч жарым, төрткө дээри, мына биз Курманбек Осмонов экөөбүз болгонбуз. Ошондо бүт прокуратурадан Жаныбек Салиев, Бектен Качкыналиев, коопсуздук комитети, ошону мене бирге, ошол эле коопсуздук комитетинин начальник управлениялары болуп, баарыбыз отурганда 295 менен 297ни туура эмес койгондуктарын, ошол жерде биз айтып, бирок соттор уруксат берип койгонун, саат канчада бергенин, түнкү саат үч жарымда бердиби 3-октябрдын, төрттө бердиби, кайсы сот ошондой чечим кабыл алынса, одоно бузду Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 72-статьясын. Ал жерде жазылып турат. Депутатка кылмыш ишин козгосо болот, өтө оор кылмыш, бирок аны изолировать этип, эркинен ажыратып, соттун чечими чыккыча, ошол коопсуздук комитеттин СИЗОсуна кармай албайт. Андай норма жок. Да, 1993-жылкы Конституциясынын 56-беренесинде мындай норма бар болчу. Качан депутатты кармайт, качан тинтийт, качан ал камакка алат. Ал эми азыркы конституцияда Текебаев жазган, Конституцияда андай норма жок.
Ошондуктан, урматтуу процесстин катышуучулары, бул жерде биздин баш мыйзамды тебелеп, тепсеп, баш мыйзамды бузуп, мына ошол биздин канча 87 жарандарыбыз, мыйзамдуулук сакталсын деп, курман болгон. Мына ошол канды тебелеп туруп, Биринчи май районунун соту, биздин депутаттарды, депутаттар эле эмес, дагы бир жолу кайталап коеюн, башка өлкөдө вице-спикерди, Кыргыз Республикасынын, лидер фракциянын, лидер партиянын, кайсы партия болбосун, мына ушундай мыйзамсыз, мыйзам чыгарган палатанын момундай депутаттарын мыйзамды тебелеп туруп, эркинен ажыратуу соттун чечими чыга электе, мындай мыйзамсыздуулукка эч ким, эч өлкө жол бербейт. Ошон үчүн мен Айткуловдун айтканын, Аким Токтоналиевдин айтканын толук колдоп кетем. Мисалы үчүн, сиз үч жолу карапсыз ушул соттук, мына жүрүп аткан азыркы 297, 295-беренесинде.
Ошондо жок дегенде соттор, ушул мыйзамдуулукту, стабилдүүлүктү сакташ үчүн, силер мыйзамдарды бузупсуңар деп, Башкы прокуратурага айтышыңар керек болчу. Айтылган жок, ошон үчүн урматтуу сот, сиз самоотвод алышыңыз керек. Кыргызстан өтө кичинекей өлкө, ар бир адам өзүнүн жүзүн сактап калыш керек. Мен ойлойм, урматтуу сот, сиздин моралдык дагы, мыйзамдын ченеминде дагы бул процессти алып кетүүгө укугуңуз жок деп. Ошондуктан, мен азыркы адвокаттардын айткандарына толук кошулам. Биздин Ген. Башкы прокуратура тарабы тилекке каршы 90% надзор болушуңар керек болчу. Жок, силер 90% следственный жумушка өтүп кеттиңер дагы, 10% гана надзордукка алып калдыңар өзүңөргө.
Мына ошондуктан, биздин республикада мына ошондой хаос болуп атат. Ошон үчүн бул процесс бизде биринчи жолу болуп жатат 295, 297 менен. Бизде 2005-24-март, 7-апрель 2010-жылы жөн эле забордон ашуу эмес, Ак үйдү басып алып, кан төгүү менен военный переворот менен. Ошон үчүн мына ошолор дагы, анда Ташиевдердин жанына келип отуруш керек азыркы бийликтегилер. Ошондуктан, урматтуу процесстин катышуучулары, мыйзамдуулукту сактайлы десек, мыйзам баарына бирдей иштеши керек, анда баары тең келип Ташиевдердин жанына отурсун. Бул бир, экинчиси. Тынч тургулачы, эми сүйлөйбүзбү!
Экинчиси, мен айтайын дегеним, урматтуу сот, бул процессти бир эле кыргызстандыктар эмес, дүйнөлүк коомчулук карап турат, бүт международный организациялар карап турат. Бул процесс эгер мыйзамдуулук менен, акыйкаттуулук, адилеттүүлүк менен бүтсө, анда биз стабилдүүлүктү, анда биз өнүгүүнүн жолуна түшөбүз. Ошону менен бирге биз элибизге үмүт беребиз, бизде соттор акыйкат иштейт деп, соттордун акыйкатсыз иштегендиги үчүн, бизде мына эки төңкөрүш болуп атат. Ошол үчүн бул жерде, бул процессти дүйнөлүк коом карап отургандыктан, беспристрастный деп коебуз. Абдан өзүн сыйлаган, Кыргызстанды сыйлаган, элин сыйлаган, баш мыйзамды сыйлаган, ошондой сот бул процессти алып барышы керек. Себеби, бул процесс биринчи жолу мыйзамды бузуп, Конституцияны бузуп туруп, мына ушундай процесс жүрүп атат. Эгерде, 2005-жылы бийликти басып алгандар, 2010-жылы бийликти басып алгандар камалса, биз айтат элек, акыйкаттуулук орнотулду деп. Ошондуктан менин оюм азыркы отвод боюнча айтпадымбы. Мен Айткуловду да куттуктайм. А, ой, кубаттап кетем и поддерживаю. Анын айткан сөзүн Акин Токтоналиевдин да генпрокурор менен Сокулуктун районный причем тут прокурору келип олтурат. Шаардыкы эмне үчүн келип отурат? Буну айтып коет кысым деп сотко. Верховный соттун чечимдерин генпрокуратура, тиги албай атат. Чечимин ишке ашырбай атат. Сиз как сот буларды ошол келген,киргизбешиңиз керек болчу. Ошол үчүн урматтуу сот, мына мындай да, УПКда жазылган, УПКнын кайсы статьясы, айткыла адвокаттар. Мен азыр өзүм сөзүм бүтүп коеюн, анан сиз айтып коюңуз. Менин сөзүм ушул. Мен отвод боюнча Айткулов менен Аким Токтоналиевдин прокуратуралар боюнча айткан сөзүн 100% колдоп кетем. Ошону мене бирге Айткуловдун айтканын. Бирок сиз самоотвод алсаңыз бул жакшы болот.

Эч оңдоосуз берилди





Сохтун соңку сааттары

Исмаил Исаков:
"Башка жумуштарды токтотуп туруп Сох анклавындагы окуяны карашыбыз керек"

- "Биз башка жумуштарды артка жылдырып туруп Баткен облусу менен Сох анклавында болгон окуяны тез арада карашыбыз керек", - деди парламенттин бүгүнкү жыйынында КСДП фракциясынын депутаты Исмаил Исаков.
Анын айтымында Сох боюнча маселе кечиктирилип жатат. "Бул маселени түштөн кийин карайбыз деп камырабай отурасыңар. Башка мамлекеттин жарандары чек арадан өтүп келип Кыргызстандын 40тан ашуун адамын барымтага алып жатса, унчукпай отурганга биздин моралдык укугубуз жок. Мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизгендин ордуна ушул маселени эртерээк чечип, өз оюбузду билдирели. Эл күтүп жатат", - деди И.Исаков.

Ж. Жолдошева:
"Сох маселесин президент чечүү керек"
- Мындай пикирин парламенттин бүгүнкү жыйынында "Ата-Журт" фракциясынан депутат Жылдызкан Жолдошева билдирди. Анын айтымында, Сох окуясы өкмөттүк деңгээлинде чечиле турган маселе эмес, бул тышкы саясаттын көйгөйү болгондуктан, президент жоопкерчиликти өз мойнуна алуусу керек.
"Сох окуясы президенттик гана деңгээлде чечилиш керек. Бул жерде Кыргызстан жана Өзбекстандын ортосунда гана эмес, Тажикстан менен дагы талкуулай турган маселелер арбын. Ал эми ал мамлекеттерде президенттик башкаруу болгондуктан, ишти өлкө башчысы өз колуна алуу керек",- деди Жолдошева.

Т.Зулпукаров:
Чек арада болгон окуяда прессага айтылбай турган жагдайлар арбын
- Сох анклавындагы чек арада болгон окуяда көп нерсе жатат. Прессага айтылбай турган жагдайлар арбын, деп маалымдады КСДП фракциясынан депутат Төрөбай Зулпукаров "Фабула" гезитине берген маегинде.
Анын айтымында, азыр жумушчу комиссия иликтеп жатат. Ар түрдүү варианттар бар. "Эми төрт карагайдын айынан коомчулукту дүрбөткөн чектен чыккан чыр чыгып жаткандан кийин кандайдыр бир деңгээлде мамлекеттик кызыкчылык бар да. Муну баары эле түшүнүп турат. Эгер чек ара маселесин чечпесек, дагы да чырлуу талаш-тартыш чыкпайт деп эч ким кепилдик бере албайт", - дейт Зулпукаров.
Депутаттын билдиришинче, чек ара азабын жыйырма жылдан бери тартып келе жаткан эл, чек арага болгон буга чейинки бийликтин көңүл коштук мамилесинен чарчашып, бийликке ишенбей калыптыр. Анан азыркы жаңы бийлик жыйырма жылдан бери топтолуп калган көйгөйлөрдү эки жылдын ичинде эле текши жөнгө салып койгонго мүмкүнчүлүгү жетпейт. Баары өз учуру менен жолго коюлууга тийиш. Буюрса, азыркы бийлик чек арага көңүл буруп жатат. Мындан ары чек ара көйгөйү акырындык менен чечилип баштаса керек, деди эл өкүлү.

Токтогул Какчекеев:
"Убагында Акаевдин башы иштегенде Сох Кыргызстандыкы болмок"

- Өлкөбүз жаңы эгемендүүлүк алган учурда тунгуч президентибиз Аскар Акаевдин башы иштеп, чек ара маселелерин тактап алганда Сох Кыргызстандын жери болуп калмак. "Кыргыз бийлиги ошол учурда дагы чабалдыгын көрсөтүп, колунда турган жерди өзбектерге алдырып ийген. Азыр ошол аймактар чоң көйгөйлөрдү жаратып жатат. Буга кечээ жакында эле болгон Сох анклавындагы жаңжал далил болот", - дейт Т.Какчекеев.
Ошондой эле ал Өзбекстан ЖККУнун курамынан чыгуу менен Кыргызстандагы кен байлыктар, мисалы газ чыккан аймактарды өзүнө өткөрүп алууга кызыкдар. "Сохтогу маселе бат эле чечилип калышы кыйын. Анткени бул 21 жылдан бери чогулуп калган маселелер. Өзбекстан болсо Жамаатык коопсуздук кызматташтык уюмунун курамынан чыгуу менен Кыргызстандын жакшы жерлерин өзүнө өткөрүп алууга кызыкдар болуп жатканы көрүнүп турат", - дейт серепчи.

Улугбек Кочкоров:
Сохтогу жаңжалды жайыт маселеси чыгарды

- Менимче бул жердеги эң негизги чатактын себеби жайыт маселеси деп ойлойм. Мисалы, бизде ошол эле жайыт маселеси эл аралык келишимдин негизинде чечилет деп мыйзамда көрсөтүлгөн. Бирок өзбек тарап буга маани берип, биз менен сүйлөшкүсү келбей атат. Башкача айтканда бизге чөгөлөп келгиси жок. Акы төлөөнү каалашпайт. Тескерисинче башка маселелерде бизди чөгөлөтүүнү каалашат. Кечээги окуяда барымтадагыларды көпкө кармашканынын себеби да сохтук тажиктер өз милициясына "бизге Ислам Каримов келип жайыт, суу маселелерин чечип берсин" деген талаптарды коюшкан. Ушул окуя чыккандан бери мага "Тажикстан менен Өзбекстандын мамилеси келишпегендиктен ушул окуя чыгып жатат, эгер сохтук тажиктер менен баткендик кыргыздар уруша турган болсо тажик-кыргыз мамилесине доо кетет, ошондуктан расмий Ташкент ушул кадамга барды" деген суроону көп берип жатышат. Бирок азыркы окуядан бул суроонун чындыгын көрбөй жатам. Кыргыз өкмөтү бул маселеге өз учурунда тиешелүү аракет көрүшү зарыл.