Жылдыз ЖОЛДОШЕВА, Жогорку Кеңештин депутаты:
"Мени жаманатты кылгандардын артында Эмилбек Каптагаев турат"

Жогорку Кеңештин депутаты, "Ата Журт" фракциясынын өкүлү Жылдыз Жолдошева Ош шаарындагы шайлоочулары менен жолугушуп кайтты. Учурдан пайдаланып өз кабарчыбыз суроо бергенге үлгүрдү.

- Жылдыз айым, жаңы жыл алдында КТРК Сиз жетектеген Курманжан Датка коомдук фондунун Ысык-Көлдөгү ири аянтта жери бар экендигин, ошол эле учурда жергиликтүү жүздөгөн тургундар там салуу үчүн жер тилкесине муктаж болуп жаткандыгын үстөккө-босток көрсөттү. Буга эмне дээр элеңиз?
- Бул саясий оюнду президент Алмазбек Атамбаев, Өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев уюштурган жери жок! Мен билгенден экөө тең ыплас саясаттан, бирөөнү карандай жаманат кылуудан алыс жана мындай алаңгазарлыктан дайыма бийик турушат. Мени дал ушинтип курулай каралоонун артында президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси, Ысык-Көлдүн азыркы губернатору, жеткен кошоматчы Эмилбек Каптагаев турат. КТРК аркылуу мени тынбай жана бир жактуу шыбатып жаткан дагы ошол киши.
Баса, Курманжан Датка коомдук фондуна көгүлтүр Ысык-Көлдө ажыратылган 15 гектар жер аянты республикабыздын курулуш жана архитектура агенттигине карайт. Менин буга кымындай тиешем жок! Аталган аймакка тарыхый музей, Кыргызстанды бийлеген улуу он бир инсандын эстелиги жана улуттук парк тикеленет. Ошонун баары биротоло бүткөрүлгөндөн кийин гана аталган агенттик бүтүндөй комплексти мага - Курманжан Даткан коомдук фондунун төрайымына тапшырат. Бул 49 жылга ажыратылган аянт. Эч ким өзүнө менчиктештирген жери жок! Жогорудагы иштерди бүткөргөнгө мамлекеттик казынадан 47 миллион сом бөлүнүп атат. Мунун эмнеси жаман? Баса, менин бул аруу аракетимди колдоонун ордуна КТРК бизди бир беткей жаманат кылып, а түгүл жергиликтүү калк менен атайылап кайраштырып жатат.
- Саясий старт бериле электе эле келерки парламенттик шайлоого карата даярдык жана айрым партиялардын биригүүсү күч алды. Мунун акыры кантээр экен?
- БШКнын төрагасы Туйгунаалы Абдыраимов - президент Алмазбек Атамбаевдин жан досу. Ошондуктан, мыйзамды каалагандай калчап жатпайбы. Кыргызстандагы эки ыңкылап тең ушул Жогорку Кеңешке шайлоолордун акыйкатсыздыгынан улам болгондугун унуттукпу? Абдыраимов бул сапар дагы атайылап фальсификацияга басым жасаса, анда парламенттин эле эмес, президент Алмазбек Атамбаевдин да тагдырына биротоло чындап балта чабат.
- Калк жапырт козголсо, бул сапар бийлик аларга каршы күч жана курал колдонсочу?
- Анда эле азыркы бийлик терең жаңылышат. Булар өткөндөн такыр сабак албай коюшту го. Эл бул сапар кордукту жана ар кандай басымды көтөрө албайт. Бардык аймактар тегиз көтөрүлөт. Мейли, онун, жүзүн же миңин атсын! Беш миллион калкты тегиз ата албайт да. Анда эле Алмазбек Атамбаевдин мурдагы бийликтин кейпин кийээри анык!
- Жылдыз айым, Жогорку Кеңеште Өмүрбек Текебаев экөөңүздөр тынбай кер-мур айтышканыңыздарды көрүп жакабызды карманып жатабыз. Туугандарча тил табышып алсаңыздар болбойт беле?
- Кыргыздар бекер айтышпайт. Алсыз эркек дайыма күчтүү аялга асылат. Ошондуктан, Өмүрбек Текебаев менин "досум", айныгыс оппонентим.
Учурдан пайдаланып айтып коеюн: мына үч жылга чукулдады, эмдигиче - 2010-жылдагы апрель окуясынын соту бүтө элек. Ага улай 2010-жылы июнь коогалаңын уюштурган өзбек сепаратисттеринин бири дагы Кыргызстанга алып келинип жоопко тартылган жок! Криматалык Азиз Батукаевди ардактап өз мекенине узаткандар, 2010-жылы Улуттук банкты тоногондор, мындайча айтканда, агездеги Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн, азыркы бийликте олтургандардын бирине да жаза чегерилбеди. Акыбал кудум ушул тейде уланса, эл эми тынчыбайт, сөзсүз кайрадан козголот.

Кепке тарткан
Алишер ТОКСОНБАЕВ,
өз кабарчы, Ош шаары





Өз кабарчы билдирет
Нарын
Электр кубатың кандай?
Өткөн жылдын 11 айында облуста 1028593,9 миң сом наркында өнөр жай өндүрүмдөрү өндүрүлгөн. Мындан жыгач иштетүү, целлюлоза, кагаз, тоо-кен ж.б. өнөр жайларында өндүрүм көлөмү өскөн. Ошол эле маалда Ат-Башы суу электр бекетинде топтолгон суу көлөмүнүн аздыгынан жана энергия бөлүштүрүү боюнча тейлөөлөр 8,6 пайызга кыскаргандыгынан улам бул тармакта өндүрүш көлөмү төмөндөгөн.

Будур-будур жолдордо…
Облустук "Теңир Тоо" гезити жазганга караганда, 2013-жылдын 11 ай аралыгында Нарын аймактык унаа жана айдоочулук курамды каттоо бөлүмүнөн 862 унаа каттоодон өткөрүлгөн. Бул мезгилде Кытай өлкөсүнө жүк тартып кирип-чыгууга 10 277 уруксат барагы берилген. Унаалар аркылуу жалпысы 1113,0 миң тонна жүк, 5446,4 миң жүргүнчү ташылган. Ал эми электр унаасы менен 103,7 миң жүргүнчү тейленген экен.

Ак халатчан жетишпей
Облус боюнча жалпысы 396 дарыгер-врач эмгектенет. Дубанда калктын дарыгерлер менен камсыздалышы ар бир 10 миң адамга 13,9 көрсөткүчтү түзгөн. Ал эми 156 врач жетишпейт.

"Макмалдан" жардыруучу каражаттар ташылып
КРнын Мамлекетик улуттук коопсуздук комитетинин Нарын облустук башкармалыгы тарабынан 2013-жылдын соңку айынын аралыгына чейин 30 кылмыш иши ачылган. Бети ачылган кылмыштардын бири Тогуз-Торо районундагы "Макмал" алтын кен комбинатынан Нарын районунун Эмгекчил айылына 100 даана же болбосо 25 килограмм жардыруучу затты алып келе жаткан Казарман айылынын тургуну Бекназар Кангелдиев кармалгандыгы болуп саналат.

Көмүрдүн бир тоннасы 5300-5800 сомго чыкты
Жыл жаңыргандан тарта Нарын шаарынын бир гана жеринде таш көмүр сатылып, бир мүшөк көмүрдүн наркы 230-250 сомго чейин бааланды. Бул бир тонна кара алтындын баасы 5300-5800 сомго барабар дегендик.

Жаш волейболчулар өлкөдө 2-орунду камсыздашты
Жаңы жылды атбашылык жаш спортсмендер жагымдуу маанай менен башташты. КРнын Эмгек сиңирген машыктыруучусу Владимир Анкудиновго арналган республикалык "Бурганак" аталыштагы мелдеште Нарын облусунун атынан барган "Ат-Башы" тобу экинчи орунду ээлегендигин топтун машыктыруучусу Бакытбек Орозакунов 10-январь күнү шарданалап, ал мындай ийгилик 31 жылдан кийин гана кайталангандыгын белгиледи.

"Жол картасы" планы үзгүлтүккө учурады
10-январь күнү Нарын облусунун жетекчиси Аманбай Кайыпов Нарын шаарынын мэри, район акимдери, облустук тиешелүү тармак жетекчилери менен жыйын өткөрдү. Бирок чогулуш өз максатына жеткен жок. Облустук өкүлчүлүктүн бөлүм башчысы Нурбек Сатаров өткөн декабрь айында Нарын районунан башка бир да райондо жана Нарын шаарында элдик жыйындар болбогондугун, а түгүл жумушчу топтор түзүлбөгөндүгүн билдирди. Мындай кинеге Ат-Башы, Ак-Талаа райондорунун акимдери каршы пикирлерин белгилешип, айыл аймактарында жыйындар болуп жаткандыгын, бардык жыйынтык 1-февралга карата чыгарылаарын жооп кылышты.
- Мен декабрь айында ар бир айылда элдик жыйындарды өткөргүлө, бир эмес, үч жолудан чогулуш болсун, эл ошол айылдын "жол картасын" өздөрү аныкташсын деп тапшырма бергем. Эч кандай жыйынтык жок, мурунку эле сөз менен иш кылмай. Айыл өкмөтү өзүнчө, акимияттар өзүнчө. Ошондуктан кээ бир айыл өкмөттөрүндө шайлоолор өтпөй жатат, - деп каарданган өкмөт өкүлү Аманбай Кайыпов, айылдарда кабыл алынуучу "Жол карта" долбоорун аяктоону 15-февралга чейин узартууга аргасыз болду.

70 жылдан бери архив сактоо үчүн бир дагы имарат курула элек
Мындай жүйөнү облустук мамлекеттик архивинин башчысы Охап Кадыркулов атайын жыйында айтып чыкты: - Азыркы учурда айрыкча Ак-Талаа райондук архивинин имараты айласыз абалга жетти. Мамлекеттик баалуу кагаздарды сактоо коркунучта турат. Негизи 70 жылдан бери облуста атайын архивдик документтер үчүн бир дагы типтүү имарат курула элек. Жыл сайын эле салынат деп калтырылып келе жатат. Эгерде сиз имарат курдуртканга жетишсеңиз, тарыхта калат элеңиз, - деп кайрылды О.Кадыркулов мырза облус жетекчиси Аманбай Кайыповго.

Күмөндөр УСУПТЕГИН







Пикир: