Чолпон СУЛТАНБЕКОВА, ЖКнын вице-спикери:
"Күн жылыса тополоң
чыгышы мүмкүн"

"Республика" фракциясынын депутаты Чолпон айымды кепке тартып, "Кумтөр" менен парламенттин пансионатынан Өмүрбек Бабановдун "диктатурасына" чейин маектештик.

- Чолпон айым, "Кумтөр" боюнча КСДПдан башка фракциянын баары эле каршы болуп атып, добушка келгенде өтүп кетти. Сиздер өкмөттү кетирели деп, бирок кол топтой албай калдыңыздар, кененирээк айтып берсеңиз...
- "Кумтөр" боюнча 50/50 болсо, анда "Цертеррадагы" үлүш ошондой болсун, экинчиси - 67/33, болбосо, улутташтыруу деген бир позицияда турдук. Өкмөттү колдогон жокпуз. Бизди азыр айрымдар өкмөткө Бабановду алып келүү үчүн аракет кылышты деп жатат. Биз кол топтогондо "Кумтөрдү" гана айткан жокпуз, мисалы, Ошту калыбына келтирүү дирекциясынын иши, өкмөттүн азыркы иши, чегара, айтор, башка толгон-токой иштерди да кошуп маселе көтөргөнбүз. Баарыле каршы болуп жатып, эмнеге колдоп добуш беришти, чыны так билбейм. Депутаттар ич ара сүйлөшүп жатканда баары бир ооздон "муну колдой албайбыз, бул тарыхта кала турган маселе" деп жатышкан. Бирок добушка келгенде эле жыйынтык башка болуп калды. Бул кандай токтом болуп калганын өзүбүз да түшүнбөй калдык. Анткени бул токтом фракциянын да, комитеттин да токтому эмес. Мыйзам боюнча комитеттин, андан соң фракциянын токтому коюлат. Бул жерде бир да фракция мойнуна алган жок, комитеттики да каралган жок. Өкүнүчтүүсү, Жогорку Кеңеш кабыл алып берип койду. Кийин өкмөткө суроо-талап да кое албайбыз, өкмөт эми өз билгенин кылат. Айтор, парламент өзүнө-өзү ор казып алды. Кийин маселе жаралса, өкмөт депутаттардын токтомун ишке ашырдык, силер айткандай кылдык деп кутулат.
- Өкмөттү бул ирээт кетире албай калдыңыздар, оппозициялык күрөштү уланта бересиздерби?
- Өкмөттү кетирүү иши муну менен эле токтоп калбайт. "Кумтөр" чоң чырдын башы болот. Балким кайсы бир күчтөр бул ишти чечүүнүн жолун көрүп тургандыр, бирок мен көралбай турам. Азыр кыш, күн жылыса, тополоң чыгышы да мүмкүн. Өкмөт кандай иштеп атканын эл көрсүн деп жатабыз. Радикалдуу оппозиция болбой, жакшысын жакшы деп айтып турабыз.
- Коалиция ыдырап, Өкмөт кете турган болсо, Өмүрбек Бабановдун кайра келүү мүмкүнчүлүгүнө кандай баа бересиз?
- "Биз "Кумтөрдөгү" үлүштү 67% кылуу жоопкерчилигин мойнубузга алабыз деп ачык айттык. Муну биз Бабанов келсин деген максат менен айткан жокпуз. Премьер-министр "мен жасай албайм, 51% кыла ала турган адам болсо, мен ошонун кызматын кылайын" деп айтты. Саясатчы "А" дегенден кийин "Б" дегенди билиши керек. Жантөрө Сатыбалдиевди адам катары, ага катары сыйлайм. Ортодо эч кандай жеке маселе жок. Бирок өзү жанагинтип айтып жатканынан улам биз 67% кылабыз деген сөз айтылды. Биз келсек, Өмүрбек Бабанов келеби же жокпу - аны убакыт көрсөтөт. Депуттардын көбү "Республика" Бабанов үчүн ушинтип атат" деп ойлошту. Андай эмес. Эгер биздин арабыздан Бабановдон башка инсан чыгып, ишеним жарата алса, ага да мүмкүнчүлүк беребиз. Азыркы өкмөт "50% дан эч ашыра албайбыз" деп, жоктон башканы айтпай калды.
- Партия ич ара топторго, партияларга да бөлүнүп кетти. Бабановго баш ийбегендери бөлүнүп, анын айтканынан чыга албагандар гана калды. Азыр партиянын жалгыз кожоюну Бабанов деген ойго кошуласызбы?
- Башка партияларды билбейм, бирок бизде жеке лидер деген түшүнүк жок. Азыр айтсам мактанып атат деп жүрүшпөсүн, бирок Өмүрбек Токтогуловичтин бир сапаты бар, эгер маселе болсо, баарыбызды чогултуп ортого салат. Эгер диктатор болсо, бизден лидер балдар чыкпайт эле. Антип балдардын өзүнчө кетиши биздин партиянын жаман жагын эмес, партиянын потенциалын да көрсөтүп жатат. Бир дагы партиядан бөлүнүп барып партия ачкандар болгон жок. "Өнүгүү" жана "Бир бол" деген эки партиянын түптөлүшү бул биздин балдардын потенциалын көрсөтүп жатат. Бабанов менен айтышып кеткен балдар азыр деле бар бизде. Мисалы, мен жеке өзүмдү айтсам, туурасын туура, туура эмесин оңдойлу деп ачык эле айтам. Андыктан биздин партияда демократия бар деп айталам.
- Шайлоодон шайлоого деп жашаган саясаттан чарчаган жоксузбу?
- Ачыгын айтсам, чарчоо бар. Анткени организм эс алып сергип турбаса, адамдын баары эле чарчайт. Чарчоо бир эле менде эмес, бардык депутаттарда бар деп ойлойм. 5-чакырылыштагы бул Жогорку Кеңеш үчүн кыйын жылдар болду. Анткени парламенттик башкаруу кирген жылдарга туш келди. Бул биз үчүн жаңы нерсе. Бир эле биз эмес, бардык фракцияларда кризистик кырдаал болду. Көпчүлүк коалициянын ичинде азыр деле баары жакшы эмес. Муну лидерлер да көрүп-билип турушат. Азыр коалиция ураса, кайра жаңысын түптөй алабызбы-жокпу, бул чоң маселе. "Кумтөргө" берилген добуштардын жыйынтыгы мени ирээнжитип койду. Канча күндөн бери тынч уктай албай калдым.

Маектешкен
Урмат КЫДЫКБЕКОВ




Каткуржундан...
Баа-ягылар эле…

Ат-Башы районуна караштуу Казыбек айылынын тургуну Жолдош Кадыралиевден кат келиптир. Анда мындай жазылган: "Мен ошол кездеги курулай сөздү айтпаган, бийликке бирок жакпаган. Жазганымды ал кезде бир дагы басма сөз баспаган - бир ырымды жибердим силерге, "асабачылар". Бул беш жыл мурда жазылган ыр болсо да ошол эле балбандар саясый өңүттө". 2008-жылы жазылган ырын берип жатабыз.

Саясатың кыргызды
кыйнады го,
Коррупция ордунан жылбады го.
Түндүк менен түштүгүң
бириге албай.
Ал ансайын чатагың ырбады го.

Кыргыз деген улуу журт
калбайт жутап,
Саясатта бири утулуп,
бири утат.
Бирок чындык эч качан
жерде калбайт,
Мен эш туткан Мелисти,
эл да эш тутат.

Эл деп күйгөн Эшимканов
Мелис үчүн,
Темир мүнөз Сариев Темир үчүн.
Элим толкуйт
аз күндө чыдайсыңбы,
Коррупция ошондо көрөм күчүн.

Карабеков Кабай бар
жалтанбаган,
Бекназаров Азимбек бар
эл тандаган.
Текебаев Өмүрбек баркы күчтүү.
Кантип чыдайт баарына мен
таң калам.

Эл деп ыйла
Шерниязов Болоттой,
Бийлик көрсүн Болот сөзүн
тоготпой.
Ишенип кой кууп чыгат
кыргызым.
Коррупция бир тамчысын
жолотпой.

Биз ишендик Атамбаев Алмазга.
Билек түрүп ал да кирди
кармашка.
Бирок эртең бийлик келээр
силерге,
Чочуп алам ошол күндөр
"ал башка".

Бай болгурчу, жанагы
Бабановдой.
Азаматтар көп болсо
баш оорутпай.
Жашайт белек кыргызым
өсүп-өнүп,
Кырк кылымдык кадыр-баркын
эч соолутпай.
Бишкек, 2008-жыл
Жолдош Кадыралиев,
Ат-Башы району,
Казыбек айылы






Пикир: