Асылбек МАРАТОВ, төкмө акын:
"Сахнадан коркуп,
сүрдөп турам"
- Төкмөлүк тубаса талантпы же мындай шыкты башка таланттуулар да өнүктүрүп, өстүрүп кетсе болобу?
- Акыйкатты, чындыкты, элдин көйгөйүн, элдин кайгысын, жыргалын айткан улуу өнөр бул төкмө акындык. Төкмө акындык Ырамандын Ырчы уулунан бери келе жаткан талант. Бул таланттын туу чокусуна эч ким жетпейт. Канчалаган залкар акындар чыккан. Алар деле төкмө акындыктын туу чокусуна чыктым деп айта алышкан эмес. Алардан биз улам барган сайын майдаланып бара жатат окшойбуз деп ойлоп коем. Бирок, кыргыз турганда эч качан бул өнөр үзүлбөйт. Кудай тарабынан берилген бир канча пайыз шык, талант болсо, аны андан ары өркүндөтүп, өстүрүп, гүлдөтүп кете аласың. Ал эми башка кесиптин ээлери төкмө акындыкты аркалап кетиши бул мүмкүн эмес го.
- Ар бир иштин алгачкы башаты эсте калат эмеспи. Алгачкы чыгармачылыкка койгон кадамың жана чоң сахнага кайсы төкмө акын менен чыгып тушооң кесилди эле?
- Менин төкмө акындыкка аралашып калганымдын себептери өтө эле көп. Эгерде жети атамды санай келсем, бешинчи атам кадимки эле Арстанбек Буйлаш уулу болуп чыгат. Биринчи жолу 2005-жылы Арстанбектин 180 жылдыгына карата айтыш болгон. Анда мен он беш жашта болчумун. Күү чертчүмүн. Ошол жерден алгач күү чертип чыккам. Ошондо чоң агаларымдын бардыгы батасын берип, Садык Шерниязов агабыз комуз белек кылып, ал комузду чоң сахнадан Элмирбек Иманалиев агам тапшырган. Ошондон кийин эле төкмө акындык өнөргө кызыгып калдым. Мурда бир аз уйкаштырып ыр жазымыш болуп жүрчүмүн. Анан эле, 2007-жылы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон айылында айтыш болду. Ошол айтыштан алгачкы жолу кадимки эле Шекербек Адылов агам менен чыгып айтышкам. Андан кийин Амантай Кутманалиев болуп уланып кетти. Учурда бардык төкмө акындар менен айтыштым. Бизде, "Айтыш" коомдук фондунда айына үч жолу, он күн аралыкта айтыш болуп турат. Он күндүк мектепте биринчи айтышты Майра эжебиздин баласы Акжолтой менен өткөрдүм. А кезде Ашыраалы атабыз тирүү болчу. Алар батасын беришкен.
- Жаңылбас жаак болбойт эмеспи, эл алдында айтышта сөзүңдөн жаңылган учурлар болобу?
- Албетте, андай учурлар көп эле кездешет. Сахнанын артында чыкканда муну айтайын деп оюңду топтойсуң, бирок, эл алдына чыкканда оюң чачыранды болуп бөлүнүп, ойлогон нерселериң алда кайда учуп адашып токтоп калган учурлар болгон. Мисалы, Шекербек атам менен болгон айтышта сүрдөгөнүмөн сөз таппай токтоп калгам, эл колдогонунан улам улантып кеттим окшойт. Айрым учурларда айтышып бүтүп сахнанын артына киргенден кийин "ии, моминтип айтайын деп атпадым беле" деп кейип каласың. Акындык өнөргө жаңыдан аралаша баштаганда комуз менен үнүм төп келбей бир топ кыйналгам. Аалы Туткучев агам менен бирге жүрүп филармониянын эки жылдык студиясын аяктадым.
- Сахнага даярданып чыга­сыңбы?
- Учурда төкмө акындар жаттап алып чыгышат деп айтып жүрүшөт, мен буга кошулбайм. Анткени, айтчу ойлоруңду кагаз бетине түшүрүп, жаттап айтып чыгып бир жаңылсаң, бардык жерден адашып, оюңду жоготосуң. Андан көрө ойлоруңду топтоп чыкканың пайдалуу. Калганы айтышып жаткан өнөктөшүңө карата өзүнөн өзү эле биринин артынан бири төгүлө берет.
- Балалык баео кыялдар менен кайсы кесипти самачу элең. Өзүң кайсы жерден болосуң?
- Мен өзүн Нарын районунун Нарын шаарында туулуп-өстүм. Алты бир тууганмын. 2-классымда окуп жүргөнүмдө апам музыкалык мектептин комуз курсуна алып барган. Ошол жерден беш жыл комуздан билим алдым.
- Учурда эмне менен алек­сиң?
- Улуттук консерваториянын фольклор факультетинин 3-курсунун студентимин. Окуудан тышкары "Айтыш" коомдук фондунун Айтыш бөлүмүндө жоопту катчы болуп эмгектенем. Жакында эле Жумамүдүн Шералиев атабыздын 100 жылдыгына арналган "Жаш таңдай" айтышына катыштым. Айтыш жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Отуз акындын ичинен биринчи байгеге ээ болуп, 70 миң сом жеңип алдым.
- Жеңген байгеңди эмнеде жумшадың?
- Чыгармачыл адардар өнөрдөн тапкан акчабызды кайра эле өнөргө жумшайбыз да. Биринчи эле комуз сатып алдым. Андан ашканын Нарынга ата-энеме салып жибердим. Алар дагы абдан кубанып калышты.
- Атаандаштарыңдын айткандары сага кандай таасир калтырды?
- Ар бир акын өзүнүн чыгармачылык деңгээлине жараша айтышат. Айрым акындар айтышып жатканда аша чаап кетиши ыктымал. Мен өзүм өнөктөшүм туура сын айтса жакшы эле кабыл алам.
- Кимдерден сабак алдың? Устаттарың кимдер?
- Абдылда Нуралиев, Аалы Туткучев, Амантай Кутманалиев, Элмирбек Иманалиев, Шекербек Адылов, Азамат Болгонбаев, Жеңишбек Токтобеков, айтор, бардык залкар акындардан сабак алдым окшойт.
- Азыркы чыгып келе жаткан жаш акындарга көз карашың кандай?
- Заман өнүккөн сайын акындар дагы жаңыланат окшойт. Коомдо кандай кырдаалдар болсо, акындар ошону жүрөгүнөн, башынан кечирип ырга салып айтышат экен. Акындыктын өнүгүү деңгээли абдан жакшы. Жашын чектеп "Жаш таңдай" деп айтып өткөрсөк да, отуз акын келди. Эгерде жашын чектебесек, алтымыштай акын болушу ыктымал эле.

Маектешкен
Кымбат ТУРДУБЕКОВА







Пикир: