Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

mainkaptal

п»ї Асаба
 
Театр ишмерлери маданий "казатты" катуу башташты…

Кыргызстан театр ишмерлер союзу илгери 1962-жылы эле түптөлүптүр. Бир канча жыл дөөлөттүү өмүр сүрүп, эгемендикти алганыбызда, азыркы жетекчиси Жаныш Кулмамбетов айткандай, "кагазда гана жашап калган". Өткөн жылдын күзүндө жан киргизишти эле, эмнелер кылынды, эмнелер кылынарын Жаныш Кулмамбетов, М.Жангазиев атындагы республикалык куурчак театрынын директору Темирлан Сманбеков, ушул театрдын башкы режиссеру Жалил Мидинов жана актер агабыз Сатылган Сазаевдер чакан жыйында айткан маалыматтардан угуп билдик.


Ал жыйында театрларга байланыштуу жөндүү кеп козголду. "Коомго аба менен суудай керек, руханий азык болчу" театрлар ишине берилгендердин күчү менен гана кармалып турганы баса белгиленди. Артисттердин көп көйгөйү Жогорку Кеңеш, андан нары өкмөт менен чечишчүдөй болуп жатыптыр. Маселен, айлыгы аз артисттер төлөгөнгө мүмкүн болгон узак мөөнөттүү ипотека маселеси; союз маалында 5-6 килолук оор куурчактар менен иштеген артисттер 40 жаштан кийин эле пенсияга кетчү экен, ушул жобону азыркы Эмгек кодексине кайра киргизүү; чыгармачыл жаштардын "Жаштык" сынагын, жылына жайкы Ысык-Көл театр фестивалын өткөрүү ж.б. иш-чараларды буйруса жаңы келген өкмөт, жаңы дайындалган маданият министри менен макулдашабыз дейт театр ишмерлери.
Кылынган иш да дурус экен, анын бири: театр ишмерлер союзу алдында 60 академик кирген театр искусствосу коомдук академиясы түзүлгөн эле, алардын добуш берүүсү менен Улуттук "Эргүү" театр сыйлыгына татыктуулар тандалып, белгиленген 12 номинациянын экөөсүнөн башкасы 27-мартта - эл аралык театр күнүндө өз ээсин тааптыр: мыкты спектакль - Республикалык куурчак театрынын "Томого" спектакли, мыкты режиссура - ушул спектаклди койгон режиссер Жалил Мидинов, мыкты сценография - Бакыт Тилекматов (Ысык-Көл облустук музыкалык драма театры, "Көздөн учкан көк жээк" спектакли), аялдын эң мыкты ролу үчүн Назира Мамбетова (Б.Кыдыкеева атындагы жаштар театры, "Узун бойлуу үч аял" спектакли) жана Абазкан Кудайбердиева (Ош улуттук кыргыз драма театры, "Курманжан датка" спектакли), эркектин мыкты ролу үчүн Аскар Арыкбаев (Ош улуттук кыргыз драма театры, "Гүлсарат" спектакли), экинчи пландагы аялдын мыкты ролу үчүн Гүлмира Ташматова (Б.Кыдыкеева атындагы жаштар театры, "Узун бойлуу үч аял"), эркектин мыкты ролу үчүн Алтынбек Шатенов (Ысык-Көл облустук музыкалык драма театры, "Көздөн учкан көк жээк" спектакли), улуттук театр өнөрүнө кошкон өзгөчө салымы үчүн Кыргыз эл сүрөтчүсү Маратбек Шарафидинов (Опера жана балет театрынын башкы сүрөтчүсү) сыйланган. Бул сыйлыктардын акчалай жагын Садык Шернияздын "Айтыш" коому көтөрүптүр жана анын көлөмү кийинки жылдары беш эсе өсөрү убада кылыныптыр. Айтмакчы, азырынча кенедей сыйлык статуэткасы да 30 сантиметрчелик чоңоюп, конфигурациясы да бир аз өзгөрөт экен.
Дагы бир жагымдуу жаңылык: учурда театрларда өкүм сүргөн кадрдык дефицитти аздыр-көптүр жоюу аракети башталыптыр. Ал үчүн режиссура (Барзу Абдуразаков), драматургия, сцена чеберчилиги жана театралдык сын (Жаныш Кулмамбетов), сценография (Юлдаш Нурматов), грим (Гүлнара Суранчиева), сцена жарыгы боюнча (Григорий Сапожников) театралдык курстар ачылып, 50дөй адам сабак алып жатыптыр. "Отуздан ашыгы режиссура боюнча окуп жатат, курс 10 айга эсептелинген, акы төлөп окушат, кымбат төлөшпөйт. Буйруса күздө теориялык сабактар бүтөт, анан алган билимдерин оюн коюп көрсөтүшөт. Баары болбосо да, жок дегенде ону учурда пенсия жашына келгендердин ордун баскан режиссер боло алышса - чоң утушубуз ошол" дейт Жаныш Кулмамбетов. Мындан тышкары кыргыз кино сыймыгы, улуттук театр сыймыгы Бакен Кыдыкееванын эстелигин анын атындагы жаштар театрынын алдына орнотуу демилгеси колго алыныптыр. Учурда ардактуу эс алуудагы өнөр адамдарын кийинки муун унутуп калбашы үчүн мааракелерин чакан чөйрөдө белгилеп турууну салттуу иш-чарага айлантабыз дейт.
Кыскасы, "колдон келген, мүмкүнчүлүгүбүз жеткен айрым ишти өзүбүзгө алып, аны менен маданият министрлигин алмаштырып жатканыбыз жок, түйшүгүн жеңилдетип жатабыз, театр ишмерлер союзу республикалык масштабдагы, керек болсо, андан ашкан иштерге өсүп жетебиз" деп ишенимдүү бекем сөздү айтышты. Эл катарында биздин күткөнүбүз деле ошол…

Салима
ЖАКШЫЛЫК кызы








Пикир:






??.??