Адил Турдукуловдун оорулуу фантазиясыбы?

"Асабанын" электрондук почтасына биз тааныбаган Айдос АСАНОВ аттуу окурмандан ушундай кат келиптир. "Соңку кезде силердин гезитке Адил Турдукулов деген жигит көп чыга баштады. Анын ким экенин билесинерби? Билбесеңер, бир "өнөрүн" айтып берейин" деп төмөнкү текстти жазып, сүрөттөрүн кошо салыптыр. Буга эми Адил өзү жооп берер деп турубуз...

Өзүнөн-өзү эксперт болуп алган Адил Турдукулов "көшөгө артындагы сырларды" кыйын билген "адис" экендигин даңазалабай, Жапониядагы Кыргыз Республикасынын элчилигинде экинчи катчы болуп иштеген кезиндеги "өнөрүнө" эмне деп жооп берет экен? Дегеним, дипломатиялык батирде жашап туруп, ак дубалына кандай сүрөттөрдү тартып, кантип булгаганын түшүндүрө алабы?
Биз билгенден Адил 2011-жылы Жапониядагы катуу жер титирөөдөн качып, өлкөнү таштап баса бергенде кызматынан айдалган. Анан уялбай узак убакытка чейин соттошуп, соттон утулуп калган.
Адилди жашаткан үйдүн дубалына ардемелерди чийгилеп, аябай булгаган сүрөттөрү колубузга тийип калды. Кичинекей баладай эле чийгилей бериптир. Кээ бир сүрөттөр чоң кишинин колунан келгени көрүнүп турат. Психолог менен психиатрларга кенен жумуш табылчудай. Адилдин мындай "өнөрү" үчүн элчилик ал батирди канча миң долларга мамлекеттин эсебинен ремонт кылууга туура келген. Ар кимге акыл үйрөткөндү коюп, өзүнүн оорулуу фантазиясы жөнүндө эмне айталат болду экен?
Айдос АСАНОВ




"Трайбалист" министрби?

Ажобуз А.Атамбаевге, спикер А. Жээнбековго, Жогорку Кеңештеги фракция лидерлерине жана депутаттарына жети облустун жарандарынан (2500 адамдан) кайрылуу каты келип түштү кеңсебизге. Ал катта жаш министр Алиясбек Алымкуловдун жердешчилиги жөнүндө жазылыптыр, тагырагы, тегерегине жалаң таластыктарды, туугандарын чогултуп алган экен. Анда эмесе, арызга кулак төшөйлү…

Урматтуу Алмазбек Шаршенович, Асылбек Шарипович, урматтуу депутаттар!
Биз, төмөндө кол койгондор, КРнын жараны катары сиздердин аткарып жаткан иштериңиздерди толук колдоого алабыз. Бирок, "бир карын майды бир кумалак чиритет" дегендей, сиздердин тегерегиңиздерде жетишкендиктерди артка тартып жүргөн адамдар арбын. Дегенибиз, Апрель революциясы болуп өткөн учурдан тартып жаштар багытында тиешелүү ишти алып барып, мамлекеттин саясатын жүзөгө ашырсын деген таризде атайы министрлик түзүлүп, кийин ага эмгек жана миграция тармактарын бекитип бергенсиздер. Бул саясат туура тандалган деп эсептейбиз. Бирок, ошол сиздер белгилеген саясатты министрлик аткара алдыбы? Мына кеп ошондо болуп жатат.
Министрлик 3 жыл аралыгында эч нерсе иш аткара алган жок. Буга түздөн-түз министр А.Алымкулов себепкер. Анткени ал тегерегине өз жакындарын топтоп, ишти билген адамдарды куугунтукка алып, алды өз каалоосу менен арыз жазып кетсе, калганын мыйзам бузуу жолу менен иштен алып келет. Сөзүбүз куру болбош үчүн мисалдарды келтирели. А.Алымкулов өзү, орун басары К. Чаргынов (кесиби боюнча медик, эмгек тармагында эч кандай тажрыйбасы жок) Таластан, аны менен 15 жылдан бери катышып жүрөт. Миграция тармагындагы орун басары Д.Бекмурзаев эң жакын досу, кесиби боюнча энергетик. Ширшовдун коррупциялык иштерине түздөн-түз катышы бар деп ойлойбуз. Кесиптик-техникалык билим берүү системасынын директору Т.Чолпонкулов, аудит бөлүмүнүн башчысы Б. Ускенбаева, Ош областтык башкармалыктын жетекчиси Д.Анарбаева, Ош областтык микрокредиттик агенттиктин жетекчиси А.Ибраев, булардын баары Таластан. Ал эми башкы бухгалтер, туугандашып катышып жүргөн, А.Алымкулов менен ондогон жылдардан бери чогуу иштешкен эжеси Э.Иманкулова, эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн жетекчиси Г.Орозалиева мугалими. Ал эми статс-катчылыкка жакында эле тажрыйбасы жетишпеген, азыркы тил менен айтканда, өзүнүн "торпедасы" Гүлнур аттуу кызды дайындады. Биригип алып, "менин адамым эмессиң, мага жаккан жоксуң" деген куру шылтоо менен кызматкерлерди куугунтукка алып келет. Куугунтугунун акыры келип Өкмөт аппаратынын жетекчиси Н.Момуналиевге такалат. Дал ушул кишиге жакпаган кызматкеринин үстүнөн арыз түшөт, ал жумуштан четтет деген тапшырма берет имиш. Анткени Момуналиев Алиясбек Алымуловдун жакын досу, Алымкулов Момуналиевдин инисинин өкүл атасы.
Алымкулов жаштар, эмгек багытында эч бир иш алып барбастан, миграциянын чет өлкө жарандарына квота таратууга кызыгат. Ал эми жогорку кызматты ээлеген орун басары, досу Д.Бекмурзаев ири компанияларга "10 пайыздык үлүшкө киргизбесе, квота бербейм" деген саясатын жүзөгө ашырып келет. Мыйзам бузууларга да көп жол бергенин билебиз. Түштүк аймагы боюнча министрликтин ыйгарым укуктуу өкүлү деген кызматты ойлоп чыгып, аны министрдин орун басарына теңдештирет. Мыйзам бузуу дегенге "президент турганда эч кимдин алы жетпейт" дегенин угабыз. Кошумча катары миграцияны Алымкулов өзүм билемдик менен борбордук аппаратка топтоп, Д.Бекмурзаевге өткөрүп берип койгон.
Иштин көзүн билип, мыйзам бузууларды белгилеген адамдарды министрликтен кетиргендиги да белгилүү. Алымкуловдун куугунтугуна чыдабастан, анын ыплас иштерге барганына иренжиген адамдар арбын. Алар өз каалоолору менен арыз жазып кетип калышкан. Алардын катарына мурдагы статс-катчы Н.Досалиев, укук бөлүмүнүн башчысы У.Калыбеков, кадр бөлүмүнүн жетекчиси Т.Жекшенов, топтоо бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу М.Аскеров кирет, куугунтук артынан орун басары К.Алыгулова ишин тапшырып берген. Мындан тышкары Нарын, Ысык-Көл, Чүй областтык, Бишкек шаардык башкармалыктардын жетекчилерин арыз жазууга мажбурлап жатканы да белгилүү.
Мектеп салдырдым, суу чыгардым, бала бакча салдырдым дейт. Ал да болсо белгилүү меценат Саид Баюминин аткарган эмгектерин өзүнө жаздырып алганын билебиз. Мындан тышкары мигранттар катуу абалга дуушар болуп турганда Алымкулов 50 жупка той өткөрүп, эртеси А.Алымкулов Д.Бекмурзаев (миграция боюнча орун басар) мигрантты өз маселесин өзү чечсин дегенсип, Катар мамлекетине жеке иштери менен кеткендиги бизди иренжитип келет.
Урматтуу президент, урматтуу төрага, урматтуу депутаттар!
Мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырбастан "өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем" деген, өз кемчилигин билбестен, ката иштерин бирөөгө оодара салууну өнөкөткө айландырган министрдин мындан ары кызмат ээлешине каршылыгыбызды билдиребиз. Ошол эле учурда, жаңы өкмөттү түптөө учурунда жогоруда аты аталган инсандарды сыртта калтырбай, тиешелүү тармактарга ишке тартууңуздарды өтүнөбүз. Анткцени бул адамдар кызматкерлер ичинде олуттуу абройго ээ. Ар бир дубандын, ар бир райондун жетекчиси, кызматкери далилдеп бере алышат. Өтүнүчүбүз четте калбай, туура жана адилеттүү чечилет деп терең ишенебиз.
Жалпы 2500 киши
кол койгон

P.S. Бир жактуу болуп калбасын деп аталган министрликтин басма сөз кызматына кайрылсак, келээрки санга кенен жооп беришерин билдиришти.





Ой, бу деле Бакиевдин тушундайбы?... Жаштардын министри ушундайбы?
Хайл, Сайракан!

Сая-саалы
Жалал-Абад оппозицияны колдойбу?
Бүгүн Жалал-Абадда Улуттук оппозиция кыймылынын жактоочулары да шаарда митинг өткөргөнү турушат. Жактоочулардын комитет мүчөсү Дөөлөтбек Эргешовдун айтымында, Бишкектеги митингге 2 миң киши өз каалоосу, өз каражаты менен жөнөп кетишиптир. Ал эми калгандары облус борборунда өз талаптарын коюшат. Негизинен митингде жети маселе кабыргасынан коюлат экен: "Кумтөрдү" улутташтыруу, Бишкек, Ош шаарларынын аэропорт тагдырлары, Батукаевдин бошотулушу, элдик ишенимдеги өкмөттү түзүү, Атамбаевдин айланасындагы аткаминерлерге кылмыш ишин козгоо, заводдорду кайтаруу.


Крим-аалы
Аңгилик менен аракечтик
31 жаштагы О.С. аттуу келинди 29 жаштагы М.Мирлан күч колдонуу менен айбандык кумарын кандырган. Эми камакка алынып, сурак берип жатат. Ал эми өткөн жумада Көк-Жар айылынын 44 жаштагы тургуну Майрамбек Тажиев денесинен алган жаракат менен №4 ооруканага жеткирилген. Ыкчам топ окуя болгон жерге барганда, арактын бош шишеси менен канга чыланган лом табылган. Окуя боюнча Чүйдүн 36 жаштагы тургуну У.Ш. шектүү катары кармалып, убактылуу жайга камалды.


И-тагдаалы
Жаңы өкмөт жаңыча "шыпырабы"?
Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев дароо эки бөлүмүнүн кызматкерлерин "тазалап", бөлүм башчы кылып Гүлнуру Төралиеваны дайындады эле, ал өкмөттүн басма сөз кызматындагыларга эки ай убакыт берип, "ошондо кимиңер менен иштешебиз, көрөбүз" деген шартты койгон экен, андагы кызматкерлер "чалкасынан" кетип, "азыр кетүүгө даяр" экендиктерин билдиришкен. "Батышчыл" премьер-министр биринчи жыйында эле маалымат бөлүмүн толук алмаштыруу керек экенин айтыптыр. Эми кандай болот, көрө жатарбыз. Бирок Гүлнуру айым ММК менен, журналисттер менен иштешкенди мыкты билген адис.






Пикир: