Ысык-Көл
Митинг-реквием
Каракол шаарынын Пушкин атындагы эс алуу паркында 7-апрелде жаркын келечек үчүн Акүйдүн алдында баатырларча курман болгон кыргыздын кыраан жигиттерине арналып тургузулган эстеликтин ачылышы өттү. Митинг-реквиемде Бакиевдер аттырган октон шейит кеткендердин арбактарына багышталып куран окулду. Облустук, шаардык жетекчилер, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, эмгектин жана согуштун ардагерлери, ооганчылар, Баткен согушунун катышуучулары, студенттер, жаштар ал күнү мындан туура 4 жыл мурда болгон каргашалуу окуяны эске салышты. Эстеликтин бийиктиги - 12,5 метр, ага Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондусунан 3 млн. 800 миң сом бөлүнгөн. "Канаты жайылган куштун, көтөрүлгөн түндүктүн, эстеликте катып калган ата-энелердин, "атам өлгөн жок" деп көз жашын көлдөтүп турган баланын, айтор ар бир сүрөттүн мааниси тереңде", - дейт эстеликтин автору Эсенкан Сакеев.

Жеңишбек Караколго келип-кетти
Акталаалык Жеңишбек аттуу жигиттин оор тагдыры жамы журтка белгилүү. Ал тууралуу маалыматы бар караколдуктар үчүн Жеңишбек менен таанышуу анча деле кыйын болгон жок. Ташчайнардын жеке демилгеси менен Караколго чейин келген Жеңишбек үч күн бою шаардагы "Кумтөр" соода борборунда өзү менен сүрөткө түшкөндөрдүн жарпын жазды. "Өмүрүмдө биринчи жолу ушунчалык узун бойлуу жигитти көрдүм. Аны менен сүрөткө түшкөн жокмун. Жүрөгүм ооруду, жаным кейиди. Кыргызстан боюнча жападан-жалгыз узун бойлуу жигитибиз бар да. Анын денсоолугуна камкордук көрө албаганыбызга кейидим, ал тургай ыйлагым келди. Сүрөткө түшүп бергени үчүн алган акчасы анын чекесин жылытаарына күмөнүм бар", - дейт Каракол шаарынын тургуну Венера Абдырасулова.

Бүбүйна Орузбаевага "Эл баатырын" бериш керек
К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин окутуучулар, профессорлор жамааты академик Бүбүйна Орузбаевага Кыргыз эл Баатыры наамын берилиши керек деген өтүнүч менен Президентке кайрылуу жолдошту. Филология илимдеринин доктору Үсөнбек Асаналиевдин айткандарына караганда, Б.Орузбаева кыргыз кыз-келиндеринин арасынан суурулуп чыккан алгачкы тилчи, окумуштуу. "Анын даңазалуу өмүр таржымалы түрк тилдүү элдерге жакшы тааныш. Көзүнүн тирүүсүндө далай сыйлыктарды алды, арманы деле жок. Бирок ал Кыргыз эл Баатыры сыйлыгына татыктуу", - дейт устаты тууралуу эскергенден, айткандан чарчабаган Ү.Асаналиев.

Кең-Суу айылында 14 жолу өрт катталды
Түп районунун Кең-Суу айыл тургундары райондук, облустук ички иштер башкармалыгына кайрадан кайрылышты. Айыл тургундарынын айткандарына караганда, алар быйыл кыш бою короолорундагы үйүлгөн чөптөрүн кайтарып чыгышты. 26-мартта 14-жолу чөп өрттөлдү. Ага чейин чөп өрттөөгө шектүү деп бир адам кармалган. Ал азыр райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайында, ага кылмыш иши козголгон. Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакуновдун тастыктоосу боюнча, чөбү өрттөнгөн кеңсуулук 14 үй-бүлө 1 млн. сомго жакын зыян тартышкан. Үйүлгөн чөпкө ширеңке жаккан бир адам кармалды. Ал психикалык жактан жабыр тарткан оорулуу адам экен. Ошентсе да тергөө иштери жүрүүдө.

Шейшекан ЖАНАЛИЕВА




Нарын
Айрым бала бакчаларда бөбөктөр ашык санда
Учурда Нарын облусунун Ат-Башы районунда 21, Ак-Талаа районунда 17 бала бакча бар. Мындан Ат-Башы районунун бала бакчалары 1288 орунга эсептелсе, аларга 1557, ал эми Ак-Талаа районундагы 1030 орундуу бала бакчаларга 1146 бөбөктөр барышууда. Ат-Башы районунун 21 бала бакчасынын үчөө гана атайын типтүү имаратта жайгашкан болсо, Ак-Талаа районунун бардык бакчалары ыңгайлаштырылган жайларда орун алган. Же болбосо кээ бир балдар бакчалары мончонун, менчик үйдүн, оорукананын, мектептин, айылдык клубдун имараттарында күн кечиришет. Ушул 38 бала бакчанын 5 гана бакчасында борборлоштурулган суу түтүктөрү орнотулган экен. Ак-Талаа районунун Жаңы-Тилек айылындагы бакчага суу арыктан ташылып келинет.

"Ыңкылапчылар" мөөнөтсүз акцияларга чыгабыз дейт
Нарындагы бир катар "7-апрель революция баатырлары" Нарын облустук өкүлчүлүктүн жыйындар кеңсесине келип жыйын өткөрүштү. Алар менен өкүлдүн орун басары Чынара Абдырайымакунова, КРнын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчиси Жеңиш Касымов жана облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Нарынбек Молдоисаев жолугушушту. Биринчи тараптагылар:
- 2020-жылдын 7-апрелинен кийин жалган революционерлер пайда болуп, мыйзамдарды бузуп кылмыш иштерине барышууда. Себеби "Айкөл Ала-Тоо" уюмунун кээ бир мүчөлөрү жалган жерден "элдик баатыр" аталып, мамлекеттен акча, там да алышууда. Бирок Нарында 21 гана адам революцияны уюштуруп, бакиевдик режимге каршы чыкканбыз. 7-апрель күнү Нарындан жалпысы 9 гана жаран жаракат алышкан. Азыр болсо, "Айкөл Ала Тоо" уюмунан 25 адам катталып жүрүшөт. Бул уюмдун жетекчиси Кубан Акунов 7-апрель күнү Нарын шаарында болгон эмес. Алар революцияга катышпаган. Эгерде бул окуяга тийиштүү баа берилбесе, биз, апрель баатырлары, мөөнөтсүз акция, митингдерге чыгаарыбызбы билдиребиз" деген талап коюшту.

Кубан Акунов менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок.
Бир өкүл дагы бир өкүлгө кат жолдоп…
КР Акыйкатчысынын Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тойгонбай Жаанбаев КРнын Өкмөтүнүн Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыповго кат жазгандыгын билдирди. Ал катта КРнын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 28-декабрындагы "Денсоолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары тууралуу мыйзамдардын ченемдерин аткаруу жөнүндөгү" №1456 токтому аткарылбай калгандыгы белгиленген.
"…ушул мезгилге чейин облустун аймагында жашаган 13 миңден ашык мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды коомго адаптациялоо боюнча иштиктүү чаралар көрүлгөн эмес" деп жазылган катта.
54 пайыз мал доктурлар жетишпейт
Азыркы учурда облуста 40 мамлекеттик жана 150 жеке ветеринар иштеп жатканын, бул көрсөткүч облустагы шарттуу баш малга эсептегенде мал доктурлардын камсыздалышы 46 гана пайызды түзөөрүн Нарын облустук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын башчысы Жалил Алымкулов билдирди.
- Биздин артыбызда бир дагы жаш кадр жок. Ал эми 150 ветсервисте эмгектенгендердин 55 пайызынын жаш курагы 55-60 жашка келгендер. Эгерде эртеңки күнү ветеринардык палата ушул 150 жеке ветеринарды каттоого ала баштаса, анда бирөө дагы өтпөйт, - дейт Ж.Алымкулов мырза.

Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын




Талас
АЛТЫН. БИЙЛИК. ЭЛ

Талас аймагында иштете берсе болот деген ар кыл асыл таштуу 20дан ашык кен байлык бар деп айтылат. Башкаларын айтпаганда да, Жер-Үй, Андаш, Талды-Булак алтын кендерин чалгындоого байланыштуу ызы-чуулар эстен чыгалек. Атамбаев Бакиев убагында өкмөт боло калган учурунда Жер-Үйдү ачтырууга аракет кылган. Буга энелер каршы болуп, жолду тосуп отуруп алган окуяга аралашканбыз. Ошондо милийсалар энелерди үстөл-пүстөлү менен жолдон алыс ыргытып, Атамбаевдин машинесине жол ачып беришкен. Нааразы болгон эл Атамбаевдин машинесин ташбараңга алып кала беришет. Аны уюштурду деген азаматтарга кийин кылмыш иши ачылып, соттолуп кетээрде активист деген 6 адам Америка, Европага качып, азыр ошол өлкөлөрдүн жарандыгын алып жашап жүрүшөт. Андаш кени боюнча да айыл эли экиге бөлүнүп, ачабыз деген тараптын башында жүргөн айылдашы Данияр Үсөнов баш болгон жоон топ адам алды Кыргызстандан, калганы Көпүрө-Базардан көчө качып тынчышты. Арал айылындагы Талды-Булак кенин чалгындоочу "ТаласКоперГолддун" вагонун жергиликтүү жигиттер өрттөп жиберип, алар да соттолуп кетээрде арачылар ортого түшүп токтогон. Эми "ТаласКоперГолд" алтындын баасы арзандап кетти деген жүйө менен чалгындоону убактылуу токтотуп коюшту.
Ошентип абал бир аз тынчып калганда, эми Бакай-Атанын Оро айыл өкмөтүнө жакын Талас кырка тоосунун тескей тарабындагы Шыралжын кенин чалгындоого байланыштуу чыр бир "дүрт" этип барып өчкөндөй болду. Толук өчтүбү-жокпу күмөн. Анткени бийлик убактылуу жаптык деп эмчек эмизди, эл биротоло жаптырдык деп тебетейлерин көккө ыргытып жүрүшөт.
Отко май тамызган Оро айыл кеңешинин бир топ депутаты деп жүрүшөт. Наматбек айылынын тургуну Күмүш Асеевдин айтымында, 8 депутат кенди иштетүүгө макул деген токтом токуп, ага 400дөй айыл эли макул деп кол коюшкан экен. Бирок кол койгондордун тизмесинде айылда жоктор, каза болгондордун аттары да кошулуп калыптыр.
Экинчи тарап жол тосууну Оро айыл аймагынын активисттери эмес, кошуна Боо-Терек, Наматбек айылынын активисттери уюштурду деген пикирде жүрүшөт. Айтор, ким уюштурбасын, пикетке чыккандар бир сутка жол тосуу менен Талас элине бир топ ыңгайсыз абал жаратышты.
Тополоң эмнеден башталып кетти? Кен жабылсын дегендер Бакай-Ата райакимчилигинин алдына нааразылык билдиргени келишет да, көксөөсү суубай, Оро айылдык кеңешине жөө жүрүш менен жөнөшөт. Жөө жүрүштүн сөлөкөтүн гана келтирип, чынында машина менен эле барышат. Милиция аларды коштоп жүрөт. Тоо тараптагы Оро айылдык кеңешине кайрылышка жеткенде, "жол жабабыз" дегенди кимиси чыгара койгону белгисиз, жаалданган жаштар жолду тосконго киришет. Милиция бул мыйзамсыз аракет деп айрым "активист" дегендерди кармап баштайт. Ошентип абал курчуй түшүп, милиция резина ок, катуу жарылчу граната атып жиберет. Өз кезегинде эл милийсаларды ташбараңга алып баштайт. Кооптуу жагдайдан чочулаган милиция жетекчилиги аларды чегинип кетүүгө буйрук берет. Милициянын бир машинасы талкаланып, ошол жерде калып кетет. (Аны түндө эл өрттөп жиберишкен.) 4 активист резина октон, 19 милиционер ташбараңдан жаракат алышты деп айтылууда. Бирок райондук жана областтык травматология бөлүмүнө кайрылсак, алган жаракаттары боюнча жардам сурап 2 милиционер гана түшкөндүгүн ырасташты.
Эл алдына райаким Урмат Тынысов, өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Рыскелди Ботиков келишет, бирок алардын кеби элге чымын чакканчалык да таасир этпейт. Эл бийлик өкүлдөрүн кетирбей коюшат.
Эртеси эл алдына жаңы эле куралган өкмөттөгү вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев, Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин директору Дүйшөнбек Зилалиев, өкмөттүн областтагы ыйгарым укуктуу өкүлү Койсун Курманалиева келип, 5 пункттан турган макулдашуу документине кол коюшкан соң гана жол ачылып, эл тарады. Бул окуя боюнча кылмыш иши ачылып, териштирүүлөр башталды.

Машакбай РАХМАНКУЛОВ





Пикир: