Акылбек ЖАПАРОВ, коомдук ишмер:
"Күзүндө эл көтөрүлүп кетиши мүмкүн…"
- Акылбек мырза, жакында эр ортону 50 жашка чыкканы турасыз. Жашоонун кыйынчылыгынан улам 50гө эмес, 5 жашка чыккыңыз келген жокпу? Келечекте экономист болооруңузду билдиңиз беле? Ушундай кесипти тандап алганыңызга өкүнбөсөңүз керек?
- Адам реалист болуш керек. Анткени, өтүп кеткен убакка кайрылып бара албайсың да. Келечекте экономист болорумду билген эмесмин. Бала кезде врач же инженер болом деген кыял бар эле. Экономист болгонума өкүнбөйм. Мындай кесипти тандап алганга саясат түрткү болду десем жаңылышпайм. 1993-жылы социал-демократиялык партияны түптөп жатканда, жети теңтөраганы шайлап (алардын арасында А.Эркебаев, А.Тагаев, К.Идинов, А.Марышев, Ж.Ибраимов, А.Атамбаев), мен жооптуу катчы, аппарат башчысы болуп шайлангам. Ушу күнгө чейин алар менен саламым түз. Абдыжапар Тагаев 1995-жылы 1-вице-премьер болгондо өзүнө жардамчы кылып чакырды. Ал жерден көбүнчө экономикалык жумуштарды алпарууга шарт түзүлдү. Эртеден кечке республикалык деңгээлде кагаздарды окуп атып, эң эле көп суроолор экономика, финансыга байланыштуу талаптар экенин билдим. Экономист болууга кызыгуум ошол жерден башталып, Бишкектеги Финансы-экономикалык академияга тапшырып өтүп, экономист кесибине ээ болдум. Абдыжапар Абдыкарович экөөбүз биринчилерден болуп Кыргызстанда кыргыздын фондулук биржасын ачып, борбордук депозитарий түзгөнбүз. Фонддо Кыргызстандын улуттук комиссиясынын баалуу кагаздар боюнча мүчөсү болуп да иштедим. Кыскасы, саясатка аралашып жүрүп, экономика, финансы менен алпурушуп калдык.
- Амбиция, эмоцияга алдырып, ката кетирген күндөр болсо керек?
- Катачылыктар көп эле кетти. Эмоцияга алдырган күндөр болду. Акыл-эс менен эмес, эмоция менен чечим кабыл алынган убакытта бир топ ката кеткенин азыр сезип атам. Азыр ошо катачылыктарды ондоонун үстүндө иштеп жатабыз. "Мои года - мое богатство" дегендей, бир топ тажрыйба топтоп, көп кишилер менен жоро-жолдош, үзөңгүлөш, замандаш болуп, команда топтой алдык.
- Кыргыз экономикасына теориялык-практикалык салымыңыз канча болду? Эмне аткарылып, эмнеси аткарылбады?
- Салык жана модернизациялоо боюнча багытты аркалап келатам. "Кыргыз экономикасын модернизациялоо" боюнча докторлук диссертацияды (экономикалык изилдөөлөрдө жардамы аябай тийди) жактагам. Ошол боюнча аспиранттарды даярдап атам, мындан тышкары ушу тармак боюнча студенттерге дарс окуп, Кыргызстанда, Москвада, башка мамлекеттерде илимимди өркүндөтүп атам. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу палатасында депутат (Салык, бажы жана бөлөк төлөмдөр боюнча комитеттин төрагасы) болуп турганда, Бажы жана салык кодекстерин кабыл алдык, ошолордун авторлорунун биримин. Кийин финансы министри, экономика министри болуп иштегенде ошол мыйзамдарды турмушка ашырдык. Жогоруда аталган диссертациям боюнча "Мобил" аттуу атайын программа иштеп чыкканбыз. "Канткенде кирешелерди көбөйтүп, чыгашаларды азайтабыз?", "Кантип өнүгүү жолуна өтөбүз?" деген программалардын көпчүлүгү аткарылбай турат. Бирок, буйруса, турмушка ашат деген ойдобуз.
- "Кыргызстан экономикасы" деген түшүнүктү чечмелесеңиз, биздин экономика эмнеден турат?
- "Кытай, анан жалпы дүйнө жүзүндөгү экономикасы" деген түшүнүк бүгүнкү күнү бар. Тилекке каршы, "Кыргыз экономикасы" деген түшүнүк кыргыздардын өзүндө эле бар, башка элге таандык эмес. Биздин экономикабыз тейлөө жана соода-сатыктан турат, 50%га чейин айыл чарбадан, 30% электр энергиясы, калгандары - өндүрүш, кайра иштетүү ишканалары, анан кен иштетүү болуп эсептелет. Бүгүнкү күнү эмне болсо, ошолордун баары советтер доорунан калган. Токмоктогу айнек жана Майлы-Суудагы лампа заводу союздан калган. 23 жылдан бери алга жылалбай келатабыз. Коммунисттерден калган завод, фабрикалардын айрымдарын иштеткенге жетиштик. Бирок, заманбап технологиялар менен экспортко чыгара турган завод ишканаларды куралбай калдык. Кечээ кыргыз экономикасы, айыл чарба жана өндүрүш экономикасы болсо, бүгүн жок, жоготуп алдык.
- Сиздин оюңузча, Дүйнөлүк соода уюмуна кирип өндүрүштү коргоп калдыкпы же талкаладыкпы?
- Ойлонбой, саясый чечим менен Дүйнөлүк соода уюмуна кире калып өндүрүшүбүздү таптакыр талкаладык. Эртеңкибиз бүгүн курулуп жатат. "Бүгүн иштейбиз, иштетебиз жана туура өнүгүү жолго өтөбүз" деген кишилердин саны өтө эле аз болуп жатат. "Пенсия, пособия алып, саясат менен алек болобуз" дегендер көп болуп, эртеңкибиз кичине бүдөмүк болуп турат. Акыл эстүүлөр чогулуп, мыктыларды шайлап, аларга баш ийбесек келечек кыйын. Ар бир айылдан баатыр шайлай берсек, анда кыйыныраак болуп калат.
- Бажы биримдигине киргенге каршылардын катарындасыз. Өкмөт даярдыктар бүтүп калды деп жатат, кааласак да, каалабасак да кирерибиз анык. Не кылабыз?
- Мен каршы эмесмин, бирок Бажы биримдигине кирбей эле койсок дегендердин катарындамын. Алыс алдыга карай турган болсок, Бажы биримдиги 20 жылдан кийин жок болот. Баары тең Бүткүл дүйнөлүк сода уюму жана бир эреже менен иштегенге умтулуп жатат. Орусия кирди, Казакстан кирем деп турат, Белоруссия да аракет кылып жатат. Булар "5-10 жылдан кийин Кыргызстанда иштеп турган эрежелердин баарын кабыл алабыз" дешсе, биз болсо "тигилер дагы он жыл өскөнчө күтө туралы" деп жатабыз. Турмуш деген ордунда тура бербейт. Улам артка жылып кете бере турган нерсе. Ошондуктан кыргыз өзүнүн өнүгө турган жолун тандап алса жакшы болмок эле. Бажы биримдигине кирсек да, кирбей койсок да, асман жерге түшүп кетпейт, суу акканын токтотпойт. Келечекти кеңири карап, башка мамлекеттердей өсүп-өнүгүп кетебиз десек, анда Япония, Малайзия, Кытайдай болуп бөлөк өлкөгө көз каранды болбой, өзүбүздүн экономикалык жана башкаруу моделибизди тактап алсак, анда өнүгө турган жол бар. Ошондо гана чоң-кичине мамлекет менен теңата сүйлөшүп, карым-катнашты жүргүзө алабыз. Бирөөгө жармашып алган болбойт. Анткени ал жакшылыкка алып келеби, келбейби, аны айта албайбыз.
- Орусияга жармашып эле жатпайбызбы... Анын үстүнө ал жакта санкциялар кабат-кабат киргизилип жатат. Азабы жалпыга тарабайбы? Учурдагы кымбаттоого да таасири бардай? Мисалы, айрым серепчилердин айтуусу боюнча товарларга 50 сом эле кошулат экен. Ар бир товарга 50 сомдун кошулушу бизге окшогон карапайым элге чоң акча. 50 сом эмес, 5 сомго көтөрүлгөн товарлардын акчасын көтөрө албай жатабыз. Мына дагы "нан кымбаттайт" дешүүдө. Бензиндин баасы күндөн-күнгө өсүүдө. Кымбаттоо сизге билинип атабы?
- Кымбаттоо билинип эле жатат. Бүгүнкү күнгө чейин бир топ өкмөттө иштедим. Өкмөттө 1 литр бензин же соляркага 40 же 50 тыйынга баа көтөрүлсө өкмөттүн курамы чогулуп, президенттер отчет алып турчу. Парламентке барып отчет берчүбүз, эл алдына чыгып түшүндүрчүбүз. Бүгүнкү күндө 1 литр күйүүчү майдын баасы 8 сомго чейин баа көтөрүлүп кетсе да, өкмөт кабак-кашым деген жок, аракетин да көрө албай жатам. Апрель айынан бери Казакстандан күйүүчү май заттарды киргизе албаган, жазында эч нерсе кыла албаган өкмөт кышында эмне кылат эле деген суроо туулат. Бир даана нанды сатып ала турган болсоңуз, ошонун 25-30% күйүүчү заттар, 20% электроэнергия. Күйүүчү май, электроэнергия кымбаттаганда нан кымбаттайт. Доллар бекемделип, сомдун күчү жоголо түшсө да продукция кымбаттайт. Кичинеден кымбаттап олтуруп чоң бир секирик болуп калышы мүмкүн. Өзгөчө бюджетти (айлык, пенсия, пособияны) караган карапайым элге бул өтө чоң коркунучтардын бири. Ушул коркунучтарды азайтуу механизмдер бар, бирок ошого же акылдары жетпей жатат, же өз жумуштары менен алек болуп убактылары жок. Чынын айтсам, азыркы өкмөттүн иштөө принциптерин жакшы түшүнө албай жатам.
- Орусия жашылча-жемиш жеткиргенге бардык чектөөлөрдү алып салды, өкмөт ал жактын рыногун багындырганга потенциал жетиштүү деп жатат. Бул мүмкүнбү? Андан да экспорт да бааларды көтөрүп жиберет деген кооптонуу бар.
- Эң туура. Жашылча-жемиштен ортомчулар пайда көрүп, дыйкандар жакшы пайда көрө албай калышууда. Бизде инфраструктура, чоң-чоң кампаларыбыз жана Орусияга жашылча-жемиштерди түз жеткизе турган машина, поезддерибиз жок. Мунун баары жеке ишкерлердин колунда. Эң чоң пайданы Бажы биримдигине киргенде ортомчулар көргөнү турат. Бул да болсо биздин чабалдыгыбыз, ББга кирип жатып дале даярдыгыбыз жок экенинен кабар берет. "Баасы жакшы экен" деп ортомчуларга карматып өзүбүз ачка калабызбы?.. Баары Орусияга кетип калса, анын ордун сапаты начар, генофондго зыянын тийгизе турган продукциялар басат. Кытайдан же бөлөк өлкөдөн арзан баада келет. Өзүбүздүн жашылча-жемиштин кандайдыр бир көлөмү өлкөбүздө калышы керек. Бул жагын өкмөт эске алып, кандайдыр бир кадамдарды жасап жатышы ыктымал. Бирок, ачык айтышы кыйын. Биздин өкмөт азык-түлүк коопсуздугун 1-орунга коюш керек!
- Дегеле бүгүн элдин абалы кандай деп ойлойсуз? Мисалы, түштүктөгү чек ара маселеси, свет, газ… Аларды өгөйлөгөн сыяктуубуз. Түштүк көтөрүлүп кетсе не болот? Дегеле түндүк деле кымбаттоого нааразы. Күзүндө эл көтөрүлүп кетиши мүмкүнбү?..
- "Түндүк-түштүк" деп бөлбөйт элем, анткени экономика экөөнө тең эле таандык. Баа көтөрүлсө баарыбызга кыйын. Мен көзү ачык эмесмин, бирок, күзүндө эл көтөрүлүп кетиши мүмкүн. Мен муну өкмөттүн олдоксон иштегенинен, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзбөгөндүгүнөн улам ушундай кырдаал түзүлүп калышы ыктымал. Баарыбыз эл деп айтканыбыз менен, жашоосун ойлобойбуз. 23 жыл ичинде эл теңчиликтен ажырап, бай, кедей болуп бөлүндү. Колунда жок бечаралар пайда болду. Баалар көтөрүлсө кыргызга эле кыйын болот.
- "Президенттер оңолбой эле, барган сайын начарлап баратат" дешүүдө, "Жакшы ажо келсе элдин түзөтөөр, жаман ажо келсе элди жүдөтөөр" дегендей, азыркы ажобуз элди түзөтүп атабы же жүдөттүбү?
- Ажобуз элди түзөгөнгө аракет кылууда, бирок жанындагы жан-жөөкөрлөрү жакшы жарашпай жатат. Мурунку ажолордой эле 3-4 премьер-министрди алмаштырып салды. Жакшы бир тыңыраак премьер жана команда тегерегинде топтоло элек. Бирок жакшы команда топтоп, элибизди түзөтөт, оңолот деген үмүт бар. Анткени алдыда 3-4 жыл бар.
- Өзүңүз сынды кандай кабыл аласыз?
- Дегеле кыргыз элине жагуу кыйын го, Манас да жакпаптыр. "Эрдиги бар, эси жок" деп жүрүшпөйбү. Кымызды да сындап ичебиз. Сын айтылсын, бирок туура айтылсын. Сынды туура эле кабыл алам. Бирок, кээде калп жазылып, айтылган ушактарды угуп алып жаман болом. Анткени апам, балдарым укса, катуу тийет го деген ойдо кейиймин.
- Көрүнүктүү адамдар сайттарды саат сайын окуп турары бышык. Кайсы сайттын "фанатысысыз?"
- Бир да сайттын фанаты эмесмин. Көбүнесе Орусиянын, Европанын экономикалык- финансылык сайттарына көңүл бурам. Кыргызстанда болсо, "АКИ-пресс", "24.kg", "Кабарлар" сайттарын карайм.
- Бирөөгө пара берип, алып көрдүңүз беле?
- Пара берип да, алып да көргөн эмесмин.

Маектешкен Назира СААЛИЕВА