![]() | ![]() Радио "Свобода" на кыргызском языке |
[ Маданият ] Ч.АЙТМАТОВДУН ДҮЙНӨДӨН КАЙТКАНДЫГЫНА БАЙЛАНЫШТУУ РАСМИЙ КӨҢҮЛ АЙТУУНУН ТЕКСТИ
АЙТМАТОВ Чыңгыз Төрөкулович (1928-2008) Дүйнөлүк маданият, азыркы адабият, Кыргыз Республикасы жана
анын эли орду толгус чоң жоготууга учурады. 2008-жылдын 10-июнунда 80
жаш курагында катуу оорудан кийин Кыргызстандын залкар уулу, дүйнөгө
аты таанымал белгилүү жазуучу жана коомдук ишмер Чыңгыз Төрөкулович
Айтматов дүйнөдөн кайтты.
1952-жылдан баштап анын «Ашым», «Газетчи Дзюо», «Кайракта», «Сыпайчы», «Ак жаан», «Түнкү сугат», «Асма көпүрө» аңгемелери жарык көрө баштаган. Ч.Айтматовго анын дүйнөнүн көптөгөн элдеринин тилдерине которулган «Жамийла» повести дүйнөлүк атак-даңк алып келген. 1963-жылы «Тоолор жана талаалар баяны» жыйнагы үчүн Айтматов Ленин сыйлыгына татыктуу болгон. Жазуучунун чыгармалары, анын 60—80-жылдардагы «Бетме бет», «Кызыл жоолук жалжалым», «Бото көз», «Биринчи мугалим», «Саманчынын жолу», «Жаныбарым, Гүлсары!», «Ак кеме», «Эрте келген турналар», «Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт» повесттери, «Кылым карыткан бир күн», «Кыямат», «Кассандра тамгасы»,"Тоолор кулаганда"(«Түбөлүк колукту») романдары маданий маанидеги дүйнөлүк окуяга айланып, Чыңгыз Айтматовду ХХ жүз жылдыктын акырындагы XXI жүз жылдыктын башталышындагы залкар жазуучулардын бири, рухий турмушту эң татаал абалында чагылдырууга жөндөм-шыгы жеткен жаңы типтеги сүрөткер катары таанытты. Чыңгыз Айтматов кылымдардын тогошкон азыркы доордун чыгармалары эң көп окулган жазуучуларынын бири. Анын китептери 170тен ашык тилге которулуп, 60 миллиондон ашык нуска менен басылган. Алар коомдо билим берүү, тарбиялоо процессинин ажыралгыс бөлүгүнө айланып, дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө мектептердин жана университеттердин программасына кирген. Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча жаралган кинофильмдер жана спектаклдер көп улуттуу кинематографиянын жана театрдын тарыхында өзүнчө бир жаркын барак болгон: «Жамийла», «Биринчи мугалим», «Саманчынын жолу», «Фудзиямадагы кадыр түн», «Кылым карыткан бир күн», «Кыямат» Стамбулдун, Софиянын, Улан-Батордун, Варшаванын, Бухаресттин, Праганын, Лондондун, Токионун, Москванын, Санкт-Петербургдун. Бишкектин жана дүйнөнүн башка көп өлкөлөрүнүн экрандарында ийгиликтүү көрсөтүлүп, сахналарында коюлуп келе жатат. Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, Социалисттик Эмгектин Баатыры, Кыргыз Республикасынын Баатыры, дүйнөлүк көркөм сүрөт академиясынын, Европа илим, тарых жана адабият академиясынын, Германиянын көркөм өнөр академиясынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын, башка академиялардын ардактуу мүчөсү, дүйнөнүн бир катар университеттеринин ардактуу доктору, СССРдин жана Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, Ысыккөл Форумунун президенти, Рим клубунун мүчөсү, Ленин жана СССРдин, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынын, Германиянын, Индиянын, Россиянын, АКШнын, Түркиянын, Франкциянын, Япониянын эларалык сыйлыктарынын лауреаты, Ленин, Октябрь революциясы, Эл достугу, Эмгек Кызыл Туу, I даражадагы «Манас» орденинин, дүйнөнүн көп өлкөлөрүнүн жогорку мамлекеттик сыйлыктарынын ээси Ч.Т.Айтматов дүйнөлүк жана улуттук маданиятты өнүктүрүүгө, гуманисттик салттарды сактоого, коомдун адеп-ахлактык түркүктөрүн коргоого, саясый системаларды интеграциялоого баа жеткис салым кошкон. Улуу замандашыбыз — дүйнөлүк масштабдагы жазуучу, кыргыз элинин
улуу адамы арабыздан кетти. Дүйнөнүн көп өлкөлөрүнүн окурмандары анын
ар бир жаңы чыгармасынын пайда болушун кунт коюу менен байкап турушчу.
Сынчылар Айтматовдон адамды бардык социалдык факторлор жана дүйнөлүк
тарыхтын агымы менен өзара байланышта караган, акыр-аягында акыл-эс
жана жакшылык жеңип чыга тургандыгына ишенген, ар кандай көркөм
системаларды чыгармачыл жактан бириктирген «контрастардын сүрөткерин»
көрүшкөн. Ч.Айтматовдун көп кырдуу чыгармачылыгы дүйнөлүк прозадагы
жаңы багытты белгилеп, ХХ кылымдын социалдык реализмине элдик
даанышмандык, философиялык күч жана психологиялык тереңдик берди.
ХХ кылымдын улуу жазуучусу, маданияттын сактоочусу жана
гуманизмдин чечкиндүү коргоочусу болуу менен ал дүйнөлүк адабиятты
арттырып жана биздин мекенибиз — Кыргызстандын образын адамзаттын
руханий кенчине айландырган, дүйнөдө биринчилерден болуп маданий
дөөлөттөрдү сактап калуунун жана кыргыз тилин жана өз маданиятын кайра
жаратуунун зарылдыгы жөнүндө айтып чыккан.
Кыргызстандын залкар уулу Чыңгыз Төрөкулович Айтматов жөнүндөгү
жаркын элес кыргыз элинин эсинде түбөлүк сакталат жана анын
чыгармачылык мурасы дүйнө элдеринин жалпы адамзаттык маданиятына баа
жеткис салым болот.
|
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|