![]() | ![]() Радио "Свобода" на кыргызском языке |
[ Маданият ] АЙТЫЛУУ АСАН КАЙГЫ ![]() «Акылмандан кеп, акындан ыр калат» дегендей, айкөлдүгү, акылмандыгы, болочокту көрө билген көзү ачыктыгы, жакшы менен жаманды, алаамат менен апатты алдын-ала айткан олуялыгы, канаттуу санаттары, термелери, ырлары, нускалуу кептери менен ысымы кылымдан-кылымга кыдыра уламага айланган залкар шайырдын бири – Асан Кайгы болуптур. Ал качан, кайсы жылы, кайсыл айылда, кандай үй-бүлөдө туулганы жөнүндө эч кандай так маалымат жок. Бир гана эл арасында айтылып калган көптөгөн уламаларда, имиштерде, айрым бир каймана маанидеги тарыхый булактардагы боолголорго караганда Асан Кайгы XIV-XV кылымдарда жашап өтүптүр. Залкар шайырдын замандаштары - Жээренче чечен,Толубай сынчы, Алдар көсөө, Токтогул ырчы экен. Алар менен Асан Кайгы бирге жүрүп, бирге туруп, турмуштун казанында бирге кайнаптыр. Ал жарык дүйнөгө келгенден өмүр өткөнгө чейин согушту, ыр-чырды, мыкаачылыкты, таш боордукту, ырайымсыздыкты - бир сөз менен айтканда пендечиликтеги бардык терс көрүнүштөрдү сүйбөптүр. Тек гана ал Кудай-Тааладан, адамдардан бейпилдикти, теңдикти, эркиндикти, барчылык менен токчулукту, үйрүлө түшкөн боорукерчиликти, кайрымдуулукту, акыйкаттыкты, адилеттүүлүктү тилеп, издеп, кейип-кепчип жүрүп, арманда көзү ачык өтүптүр. Тилекке каршы Асан Кайгынын андай тагдырга кабылышына «элди башка чапсам былк эткис кылдым, жумсам алаканымда, жутсам жумурумда» деп, Крымга чейин барып татарларды басып алып, кыргыз, казакты чилче таратып, карапайым калктын канын митедей соргон, өзүмчүл, ырайымсыз Жаныбек хан себепчи болуптур. Ошондуктан ал бүтүндөй элдин тарткан азабын, көргөн кордуктарын, элди жоо, доо басып, чабылып-чачылып, самандай сапырылганына өтө кейип, өзгөчө жаны ачып, басса-турса да «элимдин келечеги, көргөн күнү, жан-жаныбарлары, макулуктары не болот» деп кейип, убайым жеп, кайгы тартып жүргөндүктөн эл Асанды «Асан Кайгы» дешиптир. Бара-бара ал ысым муундан-муундарга өтүп, ылакапка айланыптыр. Түрк тилдүү элдердин ичинен Асан Кайгы жөнүндө көптөгөн уламалар, аңыздар айтылып, мурастар сакталып келет. Алардын бардыгында каардуу Жаныбек хандын бийлиги сындалат. Кыргыздардын оозеки адабиятындагы сакталып калган үлгүсүндө Асан Кайгы Жаныбек ханды: «Ай кан, мен айтпасам билбейсиң,
Жылдардын бир жылдарында Асан Кайгы жердеген кыргыз жеринде кар калың жаап, түкүргөн түкүрүк жерге түшпөй тоңгон катуу суук болот. Ошондо Асан Кайгы адамдарга эле эмес, жер жүзүндө жашаган жан-жаныбарларга, макулуктарга жанын ачыта мындайча ырга кошуптур: Салган тамы жок,
Мына ушундай көөнөрбөс айтымдарды, ырларды, терме-санаттарды,
макал-ылакаптарды жараткан улуу ойчул Асан Кайгынын сөөгү Жийдели
басымына, Улуутоонун салаасына, Ысыккөлдүн боюна коюлган деген имиштер
да айтылып келет.
|
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|