![]() | ![]() Радио "Свобода" на кыргызском языке |
[ Маданият ] УЛУУ ТӨКМӨ, АЙТЫЛУУ ОБОНЧУ ![]() Кыргыздын төкмө актаңдай акындарынын чыгармачылыгында Барпы Алыкулов өзгөчө орунду ээлейт. Ал ырды нөшөрлөтө төккөн актаңдай төкмө акын, кыргыздын обончуларынан бөтөнчө ыргактардагы обондорду чыгарган залкар обончу, көрүнүктүү дастанчы болгон. Өткөн эки доордо жашап, эки доорду өз көзү менен көрүп, турмуштун ачуусун да, татуусун да таткан актаңдай төкмө акын, залкар обончу, айтылуу дастанчы Барпы Алыкулов 1884-жылы Жалалабаттын Сузагынын Ачы айылында жети атасынан бери кедей өткөн үй-бүлөдө туулат. Ал кийке мингизген кедейчиликтин, үстүнө үйрүп салар кийиминин, жээрге бир сындырым наны жоктугунан атасы, агасы Болот менен боконогу ката элек 7-8 жашынан сузактык Калмат, Матисак, Ысакбай, Назарбай деген байлардын малын багып, ар кандай кара жумуштарында иштеп өлбөстүн күнүн көрүп, өчпөстүн отун жагат. Кандан, бектен кайра тартпаган, ачык айтып ак сүйлөгөн Барпы он алты жашынан сабалата төкмөлөп ырдай баштайт. Тилекке каршы Барпы калк оозуна алынып, жумурай журтка тааныла баштаган күндөн оорунун кесепетинен эки көзү көрбөй көр болот. Бирок, жараткан Барпынын чолпондой жайнаган эки көзүн алсада, сабатсыз болсо да көздүү акындардай ырларды сабалата төгөт. Ал кыргыздын аттуу-баштуу ак таңдай төкмөлөрүнөн өзгөчө айырмаланып, ырларын эч бир элдик музыкалык аспаптардын коштоосуз ичкилик кыргыздардын обонунда, сөздөрүн да ичкиликтердин диалектисинде нөшөрлөтө төгүп ырдаган. Алсак, Барпыны көргөн, билгендердин жазып, айтып кеткен эскерүүлөрүнө, маалыматтарына таянсак, ал ар дайым оң бөйрөгүн таянып, ырдаган сайын обдулуп-обдулуп шабырата төгүп, ар бир ырынын маңызына жараша обонун да кубултуп түрлөнтүп ырдаптыр. Маселен: -Ээ, ээ, беш колума сар келген,
Барпы биз көргөн, чыгармаларын уккан төкмө акындардан айрыкча айырмаланып, “Сүйүү деп жүрүп өлөмүн”, - деп махабатты, сүйүүнү сүйүп да, күйүп быша ырдаптыр. Айрыкча ал махабаттын назик сырларын “Мөлмөлүм” баштаган “Ак жылдыз”, “Буракжан”, “Ак дилбар”, “Ашык жар”, “Өзгөчөм” аттуу ж.б. ашыктык ырдаларында даңктайт. Махабат ырларынын туу чокусу болгон “Мөлмөлүм” аттуу ырында селкинин сымбатын “Секин баскан бутуңдан, сейдана мончок жытыңдан”, - деп күйүп жана жар салган. Автордун бул ырын кыргыз угармандарына Барпынын өзүнөн үйрөнгөн Токтосун Тыныбеков алгачкы жолу комуздун коштоосунда мындайча ырдап тартуулаган эле: -Эки илебиң – кызыл гүл
Ал эми маркум Токтосундан жаш ырчы Малик Аликеев “Мөлмөлүмдү” үйрөнүп, обондун өзөгүн сактай өзгөчө аваздык түстө төмөнкүчө ырдап, калың угуучулардын кастарына алынды: -Чыныга куйган бал болсоң,
Тууганбай мырза, алп акын Барпыны көрбөсөң да, Осмонкул, Алымкул баштаган ак таңдайлар менен бирге жүрүп дегендей табакташ, акылдаш болуп жүрдүң. Алардан башка шайырлардан Барпынын төкмөлүгү, адамдык сапаты, ырлары, деги эле улуу ырчы жөнүндө айта отурсаң: - Барпыны көрбөй калдым. Бирок, партия жөнүндөгү ырларын окуп алып анча баалачу эмес элем. Кийин мен сынчы, адабиятчы Кадыркул Даутов баш сөз жазып, жыйнап чыгарган бир томдугун окуп алып эки жакама колум өзүнөн өзү эле кармалып калды. Барпынын кат сабаты жок эле. Булардын уругун Намаскөр дешет экен. Эмнегедир кийин алардын көздөрү көрбөй көр болуп калышат экен. Ал Жеңижок, Токтогулга барабар залкар акын болуптур. Мен Жалалабат театрында иштеп жүргөндө айылда Барпынын ырларын обондору менен ырдаган адамдар көп эле. Барпы акенин айылында Доорон, Тууганбай акелер ырдашчу. Барпы акенин обондору окшоштой болгону менен бири-биринен аттын кашкасындай айырмаланат. Эми мен сага бир окуяны айтып берейин. Алымкул аксакал 1936-жылы Бишкекте өткөн эл чыгармачылыгын олимпиадасына келгенде Барпыны тааныбай калыптыр. Мен Жумакем (Жумамүдүн Шералиев) менен абдан жакшы элем. Ошондо “Ударник” кинотеатрынын залында Барпы акенин жанында отурган элем. Таягым менен басып баратсам Барпы аке: - Ой токточу, эмне тык-тык дейт, токточу, аягың оорубу – деп сураганда: - Ооба, аягым ооруйт – десем. Менин көзүм жок. Эки бакыр, бир тукур болуп ушул жерге отуралы – деди. Анан Алымкулга карата Барпы аке: - аябай катуу ырдаптыр. Аа, аа Барпы деген тим эле,
Туке, Барпы аке өзү теңдүү кесиптештеринен айырмаланып, аалам, адам, өмүр, өлүм, күн, жер, суу, шамал, от, ажал жөнүндө философиялык ойлорго ширелишкен толгон токой санат, терме, насыят ырлардын түрмөктөрүн жаратыптыр. Алардын ичинен Барпы акенин “Шамал” аттуу ырын комуздун коштоосунда ырдайт экенсиң. Ошондон “Азаттыктын” угармандарына үзүндү аткарып берсең: - Бүт кыдырган ааламды,
Кармайын десең колу жок,
Тулку бою ырдан бүткөн Барпы көкүрөгү менен туюп, жүрөгү менен сезип, көздүү акындар менен бетме-бет отуруп айтышыптыр. Айрыкча Барпынын Жеңижок,Токтогул, Калмурза, Эшмамбет, Нурмолдо, Назар, Назарбай ж.б. акындар менен айтышкан алым сабактары улуттук айтыштын уюткусун түзүртүр. Анда эмесе Эстебес Турсуналиевдин аткаруусундагы Барпы менен Токтогулдун айтышкан үзүндүсүнө көңүл бөлөлү: Токтогул Бапрыны көргөндө: -Эшиктен келдиң бир бала,
Барпы: -Жеңижок айткан атыңды
Барпынын азыркы маркум Эстебес ырдагандай ондогон алым сабактарды залкар акындар менен айтышыптыр. Тилекке каршы алар бүгүнкү күндө жаш шайырлар тарабынан ырдалбай угармандарга жетпей кагаз бетинде арабөк калып келүүдө. Солдон онго карай: Алымкул Үсөнбаев, Барпы Алыкулов. 1936-жыл, Бишкек. |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|