Булбулдун тилин билген Шекербек Шеркулов


Легендарлуу, залкар комузчу Шекербек Шеркуловдун небереси, республикалык комуз боюнча кароо-сынактардын жеңүүчүсү, ата салтын улаган комузчу, обончу, мыкты педагог Намазбек Шеркулов мырза Ш.Дүйшеевдин, Т.Кожомбердиевдин ырларына обон жараткан. Кыргыз радиосунун Алтын-казынасында 15-20 обондору бар. Намазбек агай атайын биздин гезитге окурмандары үчүн Көк-Токой айылындагы Шекербек Шеркулов атындагы музейине гид болуп берген эле. Бирге күбө болсок.

"Ээ, байбиче койсоңчу, айланасы Ала-Тоо. Башынан аппак кар кетпеген. Кыжылдаган ысык жок, жайдын толук кезинде кыз жытындай жел. Ушул Манас атам жактырган эле жеринде туралык…"

Атай Огомбаев, "Ак тамак, көк тамак"
Таластын кандай гана таланттуу атуулдары анын табиятына суктанбаган. Булбул тилине салып күү менен да ыр менен да "Токоюн бойлоп баратсам, суктантып көздү караткан" деп Таластын кооздугун даңазалап, сырттан келген адамды таңгалдырып да, тамшантып да келген. Табиятта булбулдар өзүнө ыңгайлуу гана бутакка конуп сайрашат экен. Чынында, булбул үндүү, өз бутагын тапкан булбулдай сайраган эпитеттер нукура таланттуу инсандарга карата айтылып келет. Мына ошондой татыктуу инсандардын бири, Көк-Токойдун Көк тамак булбулу, айрым күүлөрдүн алп аткаруучусу, акын Шекербек Шеркулов.
Талашсыз, анын "Таласым" аттуу мукам ыры Талас элинин өзүнчө бир гимннине айланган. Ушул күнгө чейин маани-маңызын жоготпой, Мирбек Атабековдун өзгөчө, чебер аткаруусунда кийинки муундун жүрөгүнө сиңип келет. Ал Ниязалынын "Сары Барпы", "Кара Өзгөй", "Бекарстан ташы" Атайдын "Ак тамак, көк тамак", "Тоо булбулу" күүлөрүн кандай гана чеберчилик менен аткарган.
"Шекербек Шеркулов - сөздүн маңызын чыгара сүйлөгөн чечен, өзүнүн жана элдик күүлөрдү кол ойното сыясал черткен, сыпайыкер, сыйкор шайырдан". Б.Алагушев
Кыргыз музыкасынын белгилүү изилдөөчүсү Балбай аба атап кеткен чеберчиликке Шекербек Шеркулов кантип жеткендиги тууралуу өзү чоң атасы Жунушаалы учурунда чыгаан комузчу болгону, 1926-жылы Таластын Жерге-Тал жайлоосуна, анын үйүнө Тоо булбулу Токтогул көп келип тургандыгы менен мүнөздөйт. Бир жолку келишинде, ал Шекербектин черткенин угуп, баа берет. Ошентип, андан үч жыл катар таалим-тарбия алып, күү, терме, санаттарды, дастандарды үйрөнөт. "Булбулдун тилин булбул билет" демекчи, "Шекербек, балам, уялбагын, ырчы деген элдики болот. Колуң комузга жатык экен" деп Токтогул батасын берген экен...
Табиятта булбулдар 40ка жакын үн ыргактарын кубулжутуп, сайрашат. Алардын назик үнү бийик нота менен алмашып, шайыр үнү мукамдуу кайгылуу үнгө өтүп, өзүнчө бир кайталангыс мелодияны жаратат. Булбулдун үнүнүн тактыгы, тунуктугу жандүйнөңдү эргитип, көңүлүңө канат байлайт.
-Шекербек агайдын поэзиясында "Эл укпаган сонунду айт" деген новатор адамга гана мүнөздүү саптар кездешет. Ал чертмек чертүүнүн 20дан ашык ыкмаларын колдончу экен. А сиз канчасын колдоносуз?
-Чоң атамдын биринчи байбичесинин тун уулу Камчыбектин биринчи баласы болом. 1977-жылы Университеттин чет тилдер факультетин аяктап, Таласка келип немец тил мугалими болуп иштеп калдым. Отуз жылдан ашык педагог катары эмгектендим. Учурда ардактуу эс алуудамын. Таластагы балдарга билим берүү борборунда комуз классын ачып, балдарга комуз чертүү өнөрүн үйрөтүп келем. Өз атам Камчыбек да жамактап ырдаган, куйкум сөздүү, элге эрмек болгон, зериктирбеген киши эле. Чоң атам Шекербек күүгө дыйкан адам болгон. Анын комузчулук өнөрүн мен кармап калгам. 7-класстан баштап колума комуз алып, чоң атамдын далай күүлөрүн үйрөндүм. Комуз чертүүдө форшлаг пиццикато, фортепиано мукамдык ыкмаларды, өлчөмдөрүн, колдонуу менен бирге, акцент, тембр, ритмге, динамикага маани берүү зарыл. Нурак Абдрахманов кыргыз нотасын ойлоп тааптыр. Балдарга агайдын N белгиси системасы боюнча нота үйрөтүп, ишибиз жеңилдеп калды. Негизи чыгармачыл адам эч убакта чектелбеш керек. Былтыр аймактар боюнча он беш комузчу Көлдөгү "Каприз" эс алуу жайында чогулуп, ал жерде Нурак Абдрахманов өзүнүн "Соң-Кайрыктары", "Атилла хан", "Алтын балалык", "Марш күү" күүлөрүн үйрөттү. Мен да ата салтын улантып, обон жазып, акындар менен иштешип келем. Шайлообек Дүйшеевдин "Эркиндик", Турар Кожомбердиевдин "Туулган жер", "Бакыт" аттуу ырларына обон жазып бергем. Кыргыз радиосунун Алтын-казынасында 15-20 обондорум бар. Жээнгүл Исакова радиодон кезек-кезеги менен берип турат экен. Ыраазычылык билдирип кетем. Жаш таланттардын кароо сынагы болуп, Көчкөнбай уулу Тилек аттуу окуучум райондук конкурстан 1-орунду жеңип алды.
Азыр областтык конкурска кам көрүүдө.
-Шекербек агайдын комуз чапкандыгын оң жакта турган аспаптар айгинелеп турат. Негизи комуз тандоодо эмнеге маани берүү керек?
-А киши комуз чапкандыктан, өзүнүн комуздары абдан үндүү болоор эле. Шекербек чоң атамдын комузу элде. Залкар комузчу укмуш комузду ичинен сууруп чыгат эмеспи. Мага да "Балама комуз тандап бересиңби?" деп кайрылышканда, анын алгач тембрине, үнүнүн кооз, бийик чыгышына карайм. Өзгөчө күлүк тулпардай, сулуу кыздардай, баатырлардай комуздан да чыгаан комуз чанда чыгат. Көлдүк Намазбек Уралиев аттуу чебер устанын комуздары абдан үндүү болуп жатат. Семеновкада Орозбай Кенчимбаев деген уста комузду кыйын чабат. Намазбек Уралиевдин дин устаты. Өрүктөн чабат. Илгери комузду куураган арчадан чабышчу. Эчки, текенин, койдун кылдарын чыйратып тагышкан. Азыр Чымкенттен бир жибин алып келип чертип жүрүшөт. Кооз угулат экен. Мындан тышкары, Американын, Германиянын, Түштүк Кореядан келген лескалар үндүү болот экен (!) деп айтышууда.
-Намазбек агай, быйыл Шекербек Шеркулов агайдын 110 жылдыгына карата өкмөт тарабынан кандай иш-чаралар көрүлүүдө?
-2002-жылы Шекербек Шеркуловдун 100 жылдык мааракеси республикалык масштабда белгиленген. Талас шаарынын депутаттар кеңешинин чечими менен Киров көчөсүнө Шекербек Шеркуловдун ысымы берилген. Ал Кыргыз радиосунун алтын фондуна, 1967-жылы 80ден ашык элдик күүлөрүн айтылуу шайырлардан жана авторлук ондой күүсүн жаздырган. Учурда чоң атамдын күүлөрү оркестр менен ойнолуп келүүдө. Б.Алагушев абабызга рахмат. Ушул кишинин өнөрлөрүн китепке басып чыгарып, ал көп эмгек жумшаган. Быйыл 110 жылдыгына арнап, Жерге-Талдан чыккан атактуу комузчу Атай, Шекербектин окуучусу Мээркан Козубекованын 80 жылдыгы менен бириктирип, "Тогуз кайрык" телефестивалын уюштуруп коюшса жакшы болоор эле. Шекербек чоң атам 1944-жылы кыргыз "Республикасынын эмгек сиңирген артисти наамын алган. Өкмөт анын Кыргыз элдик музыкасына кошкон салымын эске алып, "Эл артисти" наамын берип койсо жакшы болоор эле.
Көзү өткөндөн кийин И.Раззаковго, Д.Садырбаевге "Эл баатыры" деген наамы берилген. Эсенгул Ибраев, Ашым Жакыпбеков сыяктуу инсандарыбызга Мамлекеттик Токтогул атындагы сыйлыгы берилгени
белгилүү.
Бул тууралуу булбул тилин түшүнгөн, музыка билгиси Балбай Алагушев даректүү китебинде "Эң бир өкүнүчтүүсү, өз учурунда жетекчилер Шекемдин көп кырдуу талантын баалашкан жок… Шекебизди өз учурунда баалай, барктай албадык. Эл артисти деген наамды, Мамлекеттик Токтогул атындагы сыйлыкты жана башка сый-сыпатты көзүнүн тирүүсүндө көрсөтө албадык…" дегени бар. Азыр да кеч эместир. Өкмөт жетекчилери кыргыз музыкасын изилдеген корифей Балбай агайдын сөздөрүн көз жаздымда калтырбастыр.
Абдыкадыр
Абдыраимов, Кыргыз маданиятынын мыкты кызматкери, А.Огомбаев атындагы музыкалык
мектебинде, үйлөмө аспаптар
боюнча мугалими:
-Элүүдөн ашык музыкага арнаган өмүр жолумда, бир топ жаштарга сабак берип калдым. Айжамал (Айжамал Намазбекова Шекербек Шеркуловдун чөбөрөсү) ар дайым кароо-сынактарга, фестивалдарга катышып, байгелүү орундарды ээлеп келет. Негизи генофонд деген абдан чоң таасир берет экен.
Алгач Айжамал 4-классынан баштап, Асел Абылгазиеванын комуз классына кирген. Жети атасынын баары комузчу болгондуктан, ага чертмекти үйрөнүү жеңилирээк болду. Азыркы учурда Ы.Тумановдун, К.Орозовдун, А.Огомбаевдин, Ш.Шеркуловдун залкар күүлөрүн чертүүгө жетишип калды. Шекербек чоң атасынын "Эмгек бакыты", "Эрке кыз", "Жүрөк толкуйт" аттуу күүлөрүн чертет. Эки жылдан бери менин классымда окуп келүүдө. Тез кабыл алат, бат үйрөнөт. Ооз комузду мыкты чертет. Учурда чопо чоорду өздөштүрүүдө.





Азия news

13-март, 2012-жыл


Warning: include(../../footer.html): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/azia_news/12/0313_12.htm on line 114

Warning: include(../../footer.html): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/azia_news/12/0313_12.htm on line 114

Warning: include(): Failed opening '../../footer.html' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/azia_news/12/0313_12.htm on line 114