Төрөбай Зулпукаров, вице-спикер:
"Мен жакалашып жүрбөйм да..."


Телефон аркылуу вице-спикер мырзага кайрылып, учкай суроолор менен ой бөлүштүк. Албетте, эч кандай жасалмасы жок, жөнөкөй чындыкты гана чагылдыруу үчүн. Эмесе, көңүл буруп коелук.


-Төрө мырза, "Кыргызтудей" сайты жазды го, "депутаттар Зулпукаров менен Алымбеков былчылдаша мушташты" деп. Эмнеге мушташа кеттиңиздер?
-Эми бул калп да (күлүп)... Журналисттер менден, же ошол жерде катышкан депутаттардан деле сурап койбойбу? Алымбеков жакшынакай эле жүрбөйбү? Мени билесиңер, калп айтпайм, дайыма түз жүргөн инсанмын. Эч кандай мушташ болгон
жок.
-Анда жакалаша эле кеттиңиздер го?
-Мен жакалашып жүрбөйм да...
-Сизге парламенттеги бир дагы депутат мушташканга даабаса керек. Туурабы?
-Ошондой болсо керек (күлүп)...
-ИИМ жетекчилигине Жалал-Абад УВДсынын начальниги Жеңиш Жоробеков жарайбы?
-Жеңиш мырза боюнча жакшы ой-пикирлер бар. Ал Жалал-Абад облусуна барганы кадимкидей иш жанданды. Көрүп атабыз. Бирок, Жеңишке азыр министр болгонго кичине эртелик кылат.
-Негизи ИИМге кимдердин талапкерлиги каралууда?
-Азырынча карала элек. Эч кимди айта албайм.
-Балким өзүңүз министр болуп калсаңызчы?
-Аны силер жазып атасыңар го. Коомчулукка да ушундай сөздөр тарап кетиптир...

Арстан Алгырбеков



Бөкөнбай келди, Айдар кайда?
АКС жетекчилигине Бөкөнбай Казаков келди. Бу жигит Майрам Акаеванын биртууган эжеси Үкөн апанын баласы да. Анча болду Айдарды да кызматка койбойлукпу? Баса, убагында Казаков бензин коррупциясына шектелгени боюнча маалымат тараганы жалганбы? Эми коррупцияга каршы күрөштү кантип жүргүзөт? Таза кызык башталды го...


Конгантиевдин кеңешчиси акыл үйрөттү
Убагында М.Конгантиевдин кеңешчиси болуп жүргөн Нурдин Калыков кечээ митингге чыга тургандарга кыр көрсөтүп, чүйлүктөрдүн атынан сүр жаратканга үлгүрдү. Кызык, бүгүн Нурдин КСДПчыга айланса, анда Молдомуса мырза дагы Атамбаевдин короосуна өтүп кеткенби? Кыскасы, адилеттүү сөз айтуу үчүн митинг, пикеттер болушу шарт. Башмыйзамда дагы көрсөтүлгөн. Андыктан, туура саясат жүргүзгөндү
үйрөнбөйлүкпү?

Сакен Бөрүбаев




"Устукан" талашуу
Жаңы өкмөт эмес, жаңы оюн...
Ошентип, парламенттеги коалициялык көпчүлүк жаңы өкмөттүн курамын жана программасын жактырды. Жаңы өкмөт дегенибиз менен (Элвира Сариевадан башкасы) жаңы жүздөр байкалбайт. Баягы эле эски сөлөкөттөр. Өкмөт түзүмү анчалык деле кескин өзгөрүүлөргө дуушар болбостугун өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев өзү деле билдирди. Андыктан, жаз келип, баары кычап турганда өкмөт түзүмүн алмаштырыштын зарылчылыгы бар беле? Же коалицияны бузуп, кайра куроо Текебаев менен КСДПнын төбөлдөрү үчүн баланын оюнчугубу? Дегеле бул жаңы түзүлө турган өкмөттөн эмнени күтсөк болот? Бул оюн го...


Акылбек Атабаев,
коомдук ишмер:
-Жаңы түзүлгөн өкмөт курамынан, деги эле азыркы бийликтин Кыргызстандын экономикасын көтөрүп кетишине элдин көзү жетпей калды. Азыр карасаңар, өкмөт бутактарына акыркы жыйырма жылдын ичиндеги коррупцияга белчесинен баткан, булганган адамдар келүүдө. Буга чейин коррупциялык иштерге аралашып, өзүнүн фирмасы аркылуу мамлекеттин казынасын "соолуткан" вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев менен Жоомарт Оторбаев мамлекеттин экономикасын жок кылуудан башка эч кандай өнүгүүнүн программасын алып чыгышкан жок. Анан ушулардан эмнени күтмөк элек?

Каныбек Осмоналиев, ЖК депутаты:
-Мен бул өкмөттөн эч кандай жакшылык күткөн жокмун жана күтпөйм дагы. Жогорку Кеңештеги билим, илим жана маданият­ комитетинин төрагасы катары ушул жерден баса белгилөөчү жагдай, жаңы куралган өкмөттүн курамына илим, билим берүү, социалдык жана диний көйгөйлөрдү талкалай турган жетекчилер келишти. Коалицияны бузуп, элдин аң-сезими менен ойноп, жеке кызыкчылыктын аркасында түзүлгөн өкмөттөн эмнени күтмөк элек?

Улукбек Ормонов, экс-депутат:
-Эски өкмөттү, тагыраагы, Жантөрө Сатыбалдиевди гана кызматтан кетириш үчүн коалиция бузулгандыгы анык болуп калды. Жаңы курала турган өкмөттө эч кандай өзгөрүү жок. Андыктан, коалицияны бузуп, убара болуп, коомчулукту дүрбөтпөй Жантөрө Сатыбалдиевдин өзүн эле кетирип жиберишсе болмок экен. Коалицияны ыдыратып, кайра жаңылоо бул келээрки парламенттик шайлоого даярдык көрүүнүн гана камылгасы экендиги көрүнүп калды. "Ата Мекен" партиясы келээрки парламенттик шайлоодо административдик ресурс­ту колдонуу үчүн атайын ушундай кадамга барды, натыйжада, өздөрүнүн кишисин алып келишти. Башка эч кандай кызыкчылык болбогондугу көрүнүп эле калбадыбы.

Айнуру Алтыбаева, ЖК депутаты:
-Кайдагы жаңы курам? Өкмөттүн жаңы курамы эмес, эски эле курамы да. Биринчи вице-премьер-министр болууга ашыккан Тайырбек Сарпашев боюнча депутаттык комиссиясы иштеп жатат. Жыйынтыгы жакында каралат. Ал эми Камила Талиева болсо компетенттүү эмес. Кыскача ушундай.

Токтогул Какчекеев, серепчи:
-Кайпактатпай, сөздүн түз маанисинен айтканда, бул өкмөттүн келечеги тар болот. Анткени, өкмөттүн мүчөлөрү өз ара келишип, жаңы адамдарды, күчтүү кадрларды жолотпой эле түзүлгөндүгүн көрүп жатабыз. Парламенттин, андагы коалициялык көпчүлүктүн мындай жолго барышы алардын да мөөнөтү түгөнүп баратканынан кабар берет. Демек, азыркы куралган жаңы өкмөт мүчөлөрү келечекте парламенттик шайлоо­до өздөрүнүн кызыкчылыгын сактап калууга болгон аракети да, туурабы?

Ийгилик Болсунбаев