7-апрель боюнча айыптар угузулду. Эльмурза Сатыбалдиев акталып чыгабы?
2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялар боюнча дегеле бүтпөчүдөй сезилген сот процесси дагы 8-апрельге жылдырылды.

Адегенде мамлекеттик айыптоочу тарапка сөз берилди. Башкы прокуратуранын өкүлү Рыскул Бактыбаев сөзүн №1 соттолуучу, Кыргызстандын экс-президенти Курманбек Бакиевден баштады. Айыптоочу өз сөзүндө соттук териштирүүдө К.Бакиевдин күнөөсү - 77 адамды өлтүрүүнү уюштурууга (апрель окуялары) катышканы, 2002-жылы мартта (Аксы окуясында) өз ыйгарым укуктарын жогорулатканы толугу менен далилденгенин билдирди.
Мамлекеттик айыптоочу К.Бакиевди Аксы окуялары үчүн 6 жылга эркинен ажыратууну, 2010-жылдын апрелинде элге каршы ок атуулар үчүн үй-мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыратууга жазалоону суранды.
Мурдагы премьер-министр Данияр Үсеновду да мамлекеттик айыптоочу өмүр бою түрмөгө отургузууну суранды, мамлекеттик айыптоо анын 77 адамды өлтүрүүнү уюштуруудагы, дагы 306 кишини (жарадар болгондор) өлтүрүүгө аракет кылганы толугу менен далилденгенин билдирди.
Медет Садыркуловду жана анын шериктерин өлтүргөнү үчүн сыртынан өмүр бою түрмөгө отурууга өкүм кылынган экс-президенттин иниси, мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы жетекчиси Жаныш Бакиевди мамлекеттик айыптоочу дагы бир жолу өмүр бою эркинен ажыратууну суранды. Кандай болгон күндө да, Жаныш Бакиев эми Кыргызстанга түбөлүк келе албайт.
МККнын жетекчисинин мурдагы орун басарлары Нурлан Темирбаев менен Данияр Дунгановду мамлекеттик айыптоочу 25 жылга эркининен ажыратып, аларды аскердик наамдарынан, 3 жыл бою мамлекеттик кызматта иштөө укугунан ажыратууну суранды. Прокуратура аларды сот залынан камакка алууну суранууда.
Мамлекеттик айыптоо мурдагы башкы прокурор Нурлан Турсункулов менен президенттин аппаратынын экс-жетекчиси Каныбек Жороевди массалык өлтүрүүнү уюштурууга катышканы үчүн 15 жылга эркинен ажыратууну суранды.
Президенттин катчылыгынын мурдагы жетекчиси Оксана Малеванаяны мамлекеттик айыптоо жазаны аялдар колониясында өтөө менен 15 жылга эркинен ажыратууну суранды. Башкы прокуратуранын өкүлүнүн сөзүнө караганда, Малеванаянын өз ыйгарым укуктарын жогорулатканы, демонстранттарды массалык өлтүрүүнү уюштурууга катышканы далилденди. Прокурордун пикири боюнча, Малеванаянын сот процессинен качып, өлкөдөн чыгып кеткени оорлотуучу жагдай болуп эсептелет.
Мурдагы коргоо министри Бактыбек Калыевди мамлекеттик айыптоо 3 жылга эркинен ажыртууну суранды. Прокурордун пикири боюнча, өлтүрүүлөрдө анын күнөөсү далилденген жок. Калыевге "кызматтык ыйгарым укуктарын жогорулаткан" деген айып коюлууда.
Улуттук коопсуздук кызматынын (азыркы УКМК) мурдагы төрагасы Марат Суталиновду мамлекеттик айыптоо 25 жылга эркинен ажыратууну суранууда. Башкы прокуратуранын өкүлүнүн айтымында, Суталиновдун кызмат ордунан кыянат пайдаланганы, ыйгарым укуктарын жогорулатканы, мамлекеттин кызыкчылыгына зыян келтирген жагдайда контракт түзүп, мамлекеттик сатып алууларды жүргүзгөнү, кызматтык документтерди жасаганы, өлтүрүүгө катышканы, аскер бөлүгүн, кызмат кылган жерин өз алдынча таштап кеткени далилденген.
УККнын жетекчисинин мурдагы кеңешчиси, экс-президенттин уулу Марат Бакиевге карата мамлекеттик айыптоо аны Ала-Тоо аянтындагы элди атуу эпизоду боюнча актоону сунуштоодо. Себеби, анын бул окуяларга катышканы боюнча далилдер табылган жок. "Анын спецназды колдонгону боюнча бир да күбөлөрдүн көрсөтмөсү берилген жок. Ал бул маселеге аралашкан да эмес" деди прокурор. Бирок мамлекеттик айыптоо Марат Бакиевди УКнын "Кылмыштуу жол менен табылган кирешелерди адалдоо жана аскер бөлүгүн, кызмат ордун өз алдынча таштап кетүү" беренелери боюнча күнөөлүү деп табууну, аны үй-мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылга эркинен ажыратып, ошондой эле полковник наамынан ажыратууну суранууда.
Президенттин мурдагы кеңешчиси Эльмурза Сатыбалдиевди мамлекеттик айыптоочу "массалык өлтүрүүнү уюштурууга катышты" деген айыптоо боюнча актоону сунуштады. Адилеттүүлүк үчүн акталышы күтүлүүдө...
УККнын "Альфа" спецназынын мурдагы командири Алмаз Жолдошалиевди мамлекеттик айыптоо "массалык өлтүрүүгө катышты, "Форумдун" имаратынын жанында куралын жоготту" деген эпизод боюнча актоону суранып, бирок ошол эле учурда Жолдошалиевдин кызматтык ыйгарым укуктарын жогорулатуу боюнча күнөөсү далилденгенин билдирди. Аны УКнын эки беренеси боюнча үй-мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылга эркинен ажыратууну сунуштады.
Кылмыш жоопкерчилигине тартылганына карабастан, тергөөдөн качып кеткенин эске алып, мамлекеттик айыптоочу МККнын "Арстан" спецназынын мурдагы командири Байыш Эсенбай уулун 8 жылга эркининен ажыратууну суранды.
"Альфанын кызматкери Сергей Цигельниковду прокуратуранын өкүлү 15 жылга эркинен ажыратууну суранды. Тергөөнүн маалыматы боюнча, ал көтөрүлүшчүлөр ээлеп алып, өкмөт үйүнүн коргонун бузуп кирмекчи болушкан БТРдин дөңгөлөгүнө "Муха" гранатомету менен аткан. Соттук-медициналык экспертизанын тыянагы боюнча, бир нече киши жарадар болгон. Алар "биз БТРдин жанында турганда жарадар болдук" деп айтышкан. Ушунун негизинде прокурор соттон Цигельниковду массалык өлтүрүү эпизоду боюнча актап, бирок УКнын "Өлтүрүүгө аракет жасоо" беренеси боюнча жазалоону суранды.
Мамлекеттик айыптоочу "Альфанын" башка аскер кызматкерлерин актоону сунуштоодо. "Соттук-баллистикалык экспертизанын тыянагы боюнча, соттолуучулардын куралдарынан атылган ок менен өлгөндөрдүн жана жарадар болгондордун денелеринен алынган октордун ортосунда дал келүүчүлүк табылган эмес. "Альфанын" аскер кызматкерлеринин аракетинен трагедиялуу натыйжалар болгону далилденген жок" деп түшүндүрдү мамлекеттик айыптоонун өкүлү.
"Арстандын" төрт кызматкери - Расул Байтоков, Султан Арбаев, Майрамбек Тентиев жана Рафаэл Мадраимовго мамлекеттик айыптоочу "куралын жана ишенип берилген мүлктү жоготкону үчүн" 2 жылдан эркинен ажыратууну, бирок мөөнөтү өтүп кеткендигене байланыштуу кылмыш жоопкерчилигинен бошотууну суранды.
Тергөөнүн жүрүшүндө күч түзүмдөрүнүн башка кызматкерлеринин аракетине баа берилбегенин белгилеп, мамлекеттик айыптоочу "Арстандын" башка жоокерлерин актоону сунуштады. Башкы прокуратуранын өкүлү экспертизанын маалыматы боюнча, айыпталуучулардын куралынан атылган ок менен өлгөндөрдүн жана жарадар болгондордун денелеринен алынган октордун ортосунда дал келүүчүлүк болбогондугуна карабастан, жоопкерчиликке снайпердик топтор гана тартылганын белгиледи.
Прокурорлордун соттолуучулардын кээ бирөөлөрүн актоо жөнүндөгү өтүнүчү залда чыр-чатакты пайда кылды. Жабырлануучулар мамлекеттик айыптоочуларды көздөй жулунушту. "Актап эле көргүлөчү! Биз силерди жер менен жексен кылабыз!" деп айкырышты окко учкандардын туугандары.
Судья Дамирбек Оңолбеков тыныгуу жарыялап, отургандардын баарын залдан чыгарууга көрсөтмө берүүгө аргасыз болду.

Артур Исаев




Айгүл айым айыл элинин алкоосуна арзууда
Экс-министр Айгүл Рыскулова буга чейин алыскы региондорго жардам берип, карапайым калктын жеңилин жерден алып жатканын жазган элек. Жаңылбаптырбыз. Айгүл айым ушул күндөрү кичи мекени Кочкордун Комсомол, Дөң-Алыш айылдарына эл аралык ПРООН программасынын көмөгү менен чоң жардам көрсөтүп жатканы кубандырды. Ар бирине токтолбойлук. Мындай жакшылыгы менен чектелбеген апчебиз Роза Отунбаеванын фондунан да аталган айылдарга үлкөн жардам бөлдүрүп, мектеп жеткинчектерине, мугалимдерге өздүк каражаты аркылуу байма-бай жардам көрсөткөнүн адилеттүүлүк үчүн айталык.


Д.Ирсалиев кочкорлуктардын көйгөйүн угабы?
Кочкордогу айтылуу "Туз" кенинин багы ачылбас болду. Жыл сайын аталган кенге бүлүк салганды "өнөр кылып" алган экс-аким Курманбек Байтереков ушул тапта жергиликтүү элден кенди талашууда. Райондук жетекчилерден тээ бийик посттогу чиновниктерге дейре карапайым калктын талабына муюбай, алкымы бузук фемидалардын айынан кен кайрадан Бакиевдин "эрке талтаңы" Байтерековго өткөнү туру. Сот, прокуратурадан көңүлү калган эл бу сапар Байтерековго каршы чоң жыйын куруп, бийликке талап койгону жатышат. Төрт жылдан бери элге тынчтык бербеген Байтерековду "кой" деп койчу бийликте жетекчилер жокпу? Анан калса, бул киши жергиликтүү элдин астын каматканы калганы кандай? Кызыгы, чыт курсак кезинде дал ушул Туз айылынын суусун ичип чоңойгон президенттик аппарат жетекчисинин орун басары Дүйшөн Ирсалиев айылдаштарынын көйгөйлөрүнө неге баш ооруткусу келбейт? Же Ирсалиев кичи мекенин шайлоо сайын КСДПнын байрагын көтөрүп барганда гана эстейби? Бийликтин бийик постундагы жетекчи катары эми деле кочкорлуктардын көйгөйүнө назар салса болбойбу?..
Ийгилик Болсунбаев