Тургуналы Турсуналы:
"Атам Жусуп Мамай суткалап Манас айткан"

Тургуналы кадимки эле Кытайдагы алп манасчы Жусуп Мамайдын чөбөрөсү. Жусуптан Абдыкасы, Абдыкасыдан Турсуналы, Турсуналынын уулу болуп калат. Бишкекте билим алып, атасынын манасын жана Кытай жергесиндеги кыргыздардын бийин өркүндөтүп аткан кези.

-Тургуналы, бизде "Жусуп Мамайдын чөбөрөсү экен" десе эле салттуу суроо туулат, "алп манасчынын урпагы болуп аткандан кийин бу да Манас айтат бекен?" деген, бу жагын өзүң тыңдасаң?
-Кат таанып, 7 жашка чыкканда биз жакта Кара-Булак деген жерде чоң маареке болду. Ошондо Жусуп атам эл алдына алып чыгып манас айттырган. Биринчи жолу болуп аткандан кийин бир аз айтып келип чалкаман кеттим, ыйлап. Өзүм деле билбейм, эмнеге ыйлаганымды, эмнеге чалкаман кеткенимди. Мүмкүн элдин сүрүдүр же эреркедим бекен?.. Кийин мектепте билим ала баштаганда кыйла-кыйла такшалдым. 13 жашка келгенде сахнада атамдын вариантынан чоң-чоң үзүндүлөрдү айтып чыктым. Андан бери Манас оозуман түшө элек.
-Кичинеңден эле Жусуп атаңдын жанында чоңойдуңбу?
-Өз атам Турсуналыны аба дейм, бабам Жусупту "ата" деп калганым да ушундан болду. Атамдын көзү өткүчө жанында болуп, таалим-тарбиясын алдым. Атам мени багып, мен атамды багып, бири-бирибизди жөлөп-таяп жүрдүк. Башка шаарга окууга кетип, каникул учуру болгондо биринчи кезекте атамдын үйүнө түшөр элем. Абамдар "бизге келбейсиң" деп таарыныч сөздөрүн айтып калышчу. Анысына деле карачу эмесмин, келгенде атамдын батасын алып, кайра кетип атканда батасын берип узатып койчу. Кыргызстанга келгиче ушундай болду.
-Жакында эле атаңдын көзү өтүп кетти. Ошо кезде жанында болдуңбу?
-Көзү өтөөрдөн мурда бу жерде Бишкекте болчумун. Таласта атам жөнүндө конференцияга бараар алдында үйдөгүлөр менен сүйлөшкөнүмдө "атаң жакшы эле" дешкен. Үч күн тиякта жүрдүм. Кайтып келатканда Төө-Ашуудан бери өткөн кезде телефон чалышты. "Атаңдын акыбалы жакшы эмес. Бүгүн-эртең келбесең, үлгүрбөй каласың" дешти. Ачык эле айтышты. Абал оорлоп калыптыр. Жанымда кошо келаткандарга шек алдырбай Бишкекке түнү келдим. Эмне кылышты билбей тунуп калдым. Кытай жергесинен эже-жезделер Бишкекке келишкен эле. Ал жакындарыма барып жагдайды айтканымда, жездем мени алып кетерин, жардам кыларын билдирип, эртеси таң эрте Кытайга жөнөп кеттик. Барганыбызда Аксуу шаарында атактуу догдурлардын күзөтүүсүндө экен. Айнектин бери жагынан көрүп турдум. Тил-ооздон калыптыр. Догдурлар гана кирип-чыгып атышты. 4 күн ичинде эч өзгөрүү болгон жок. Балдары догдурлар менен сүйлөшүп, "биз атабызды алып кетели. Бу киши мусулман, ыйман айтылышы керек. Тууган-уруктун талабы ушундай" дешти эле, алар жергиликтүү, үйгө жакын догдурканага которуп беришти. Которгон күнү эч жакка чыкпай жанында бир сутка болдум. Колун кармасам денеси жыпжылуу. Мени тааныды. Көзүнөн жаш шорголойт, жүзаарчы менен сүртүп коем. Бирдеме деп айткысы келет. Ээгин кыбыратып. Маал-маалы менен колумду өйдө көтөрүп, кайра жерге таштайт, шилтейт. "Үйгө алып кеткиле" дегендей ишаарат кылды окшойт. Биртуугандардын баары кирип колу-бутун кармап, кайра ыйлап чыгып атышты. Мен дагы аларды көрүп алып, ары карап ыйлап, бери карап өзүмдү араң карманып аттым. Түнкү саат 12ден баштап, эртең мененки саат 6га чейин болгон урпактары, небере-чөбөрөлөрү бүт кирип чыгышты. Атамдын акыбалы оорлогондон оорлоп, кан басымы акырындап түшүп атканын айтышты. Балдары атамдын болбой калганын дароо байкап, догдурларга тил кат жазып беришти. "Алып кетели, айыл-апа менен да коштошуп калсын" деген ниетте. Биз жыйналып чыккыча саат 7 болду, жарым сааттын ичинде кан басымы баягыдан да түштү. Эртең мененки саат 8 болгондо жаны үзүлдү... "Ата, өлбөчү!" деп айтууга дарманым келбей, көздөн жаш токтобой бир топко мелтиреп турдум. Шум ажал атамды колумдан жулуп кетти. Денеси муздагыча колун кармап, денемдеги жылуулукту өткөрүп, өлбөсө экен деп аттым. Бирок...
-Атаңдын акыркы сөздөрүнөн эмнеси эсиңде калды?
-Бир ай мурун сүйлөшкөнүмдө мага "курсагың токпу, окууңдагы кыйынчылыктарга чыда. Эл менен бирге бол, кайда болбо алардан тилинен чыкпа" деген эле. Бир жумадан кийин кайра чалганымда жанындагылар телефон алып, "атаң уктап атат, кабатыр болбо. Эми эле жатты" деп коюшту. Көрсө, ошондо акыбалы оорлоптур.
-Мен билгенден мурун манас айтып жүрүп, кийин гана китеп жазууга белсенген. Буга эмне себепкер болгон? Баардык эле манасчы өзүнүн айткандарын китеп кылып жаза бербейт да?
-Атамдын өмүр баяны, чыгармачыл жолу тууралуу азыр "Улуу манасчынын урпагынан уланган аңгемелер" деген китеп жазып баштадым. Жусуп атам 18 жашынан манас айтып, эл алдына чыгып таанылган. 40 жашка келгенде алгачкы манастарын китепке түшүрүү аракети болуп, так, даана жазгандар ээрчип жазышкан. Кийин 60ка келгенде "силер мени кыйнап коет экенсиңер. Бу жерин кайталап коюңуз, тиги жери кандай эле деп. Андан көрө Манасты өзүм эле жазганым оң болуп турат" деп, үйдө отуруп алып жазган. Эс тартып, атамдын жанынан чыкпай жүргөн учурда өзү айткан манасты кагаз бетине күндүр-түндүр түшүргөн учурлар көп болду.
-Манастын кайсы жерин албан эргүү менен айтып берер эле, сен суранчусуң да?
-Кырк чоронун сүрөттөлүшү бар. Аябай күчтүү сыпаттоо, эргүү менен кыргыздын жалпак тилинде айтып берчү. Семетейдин Таласка келгени жана Алманбеттин арманын угуп отуруп ыйлай берер элем. Мен чоңойгону атам сексенден ашып, токсонду таяп калган. Кырк жашындагыдай албууттанып айтпаса да жорго сөз менен айтып келип, "атаны шоруң каткан Алманбет ай-йе де" деп калгандары эсимде.
-"Кырк жашында" деп калдың, а кезде күчкө толуп турган убагында манастын баардык эле жерин катырса керек?
-Жанында Нурбүбү эжем көп болуп, "түн бир оокумда, эл уктап аткан маалда айтып баштап, эртеси эмес, кийинки күнү түш оодара айтаар эле" деген эскерүүсү бар. Эл аралап жүргөндө, үйдүн төрүндө мандашын жазбай, отурган калыбы менен босогого чейин жылып келип, жолдо келатып чыныдагы сары майдан же чай ууртап, бир окуядан экинчи окуяга өтүп суткалап айткандарын замандаштары да эскеришкен.
-Манасты алп манасчылар "чытырман токой, чалкып жаткан океан" деп жүрүшөт. Атаң эмне дээр эле?
-Атамдын өзүнүн айткан жери бар:
"Кең деңиздей жомокту,
Кемечен кечтим арыдым.
Жетимиш ашып Манасты,
Жаагым качан талыды?
Сыр аякка куюп кел,
Суусадым келе кымызды..." деп.
-Алп манасчы Жусуп Мамайды "ата" деп айтканыңдын жөнүн түшүндүрдүң, эми өзүң жөнүндө да кеп кылбасак болбойт. Манастан тышкары, бийчилик өнөрүң бар экенин жакында эле билдик. Бул өнөр кайдан келатат?
-Атам менен эл кыдырып, нечендеген чоң маарекелерге барып жүргөндө ээгине сакал бүткөн адамдар ата-бабадан бери келаткан бийлерди катыра бийлешчү. Анын ичинде "Жылкы бийди", "Талма бийди" жоон топ аксакалдар эл алдына бийлеп чыгышканда көрүүчүлөр тарабынан аябай колдоого алынып, кубаттап, алакандары ысый кол чаап, сахнадан көпкө түшүрүшчү эмес, кайта-кайта суранышып. Бий кыймылдарынын мүнөзү кыргыздын каада-салтына төп келип, айкалышып турганы сезим кылдарымды дирилдетип коюптур. Бир сөз менен айтканда, катуу таасирленгем. "Манастан тышкары, кыргыздын нукура бийлерин үйрөнсөм ашыкча болбос" деген бүтүмгө келдим. Кийин Аксуу шаарындагы маданият окуу жайында бий тармагына киргенимде кыргыздын эмес башка улуттардын бийлерин үйрөнүп чыктым. Анткен менен өз алдымча "Кыргыз бийин" кынаптап, кыймыл-аракеттерин бир калыпка салып койдум. Бишкекке келгенимде, былтыр Нооруз майрамын Манас айылында тостум. Келген конокторго, майрамдап жүргөн элге "Талма", "Жылкы" бийлерди бийлеп берсем аябай таңгалышты. Көз салып отурган аксакалдарга жагып, "бийиң кыргыз жыттанып турат экен. Бул бойдон калтырба, өнөрүңдү өркүндөт. Жаштарга ушуларды үйрөт" деген көкүрөк жылыткан сөздөрүн айтышты.
-"Жалын бий" чыгармасын Гүлзада Рыскулова менен Гүлжигит Калыков ырдап, сен болсо бийлеген клиптин үзүндүсүн көрүп калдым. Ушу жөнүндө айта кетсең?
-Кыргыздар абалтан отко сыйынып, аны тегерене бийлешчү. Ой-чабыт ошо жактан келди. Аты да "Жалын бий" дегеним ушу болду. Андан сырткары, бизде Оттой жигит экен, "Отко киргизүү" деген сөздөр бекеринен чыкпагандыр.
-Ушуну менен токтоп калбайсың да?
-Азыркы кезде "Жылкы бий", "Жалын бийден" тышкары, "Өлөң бий" деп ушунун үстүндө иштеп атам. Кыз-жигиттин тамаша, чымчыма, кайым-айтышы. Тойлорго көрк берип, маанайды көтөрө турган бий болот деп турам...

Сурат Жылкычиев