Раиса айым "Радугадан" чардадыбы?
Касиеттүү Көлдө "Радуга" аттуу эс алуу борбору бар. Кызылдай акча булагы түшүп турчу. Тейлөөсү кымбат бул жайдан кезегинде Акаев менен Бакиевдин "бөлтүрүктөрү" да "доля" алып, көз кызарткан жайга айланганы айтыла калчу. 15-август күнү "Радуга" борборунун 10 жылдык мааракесине карата үлкөн кече болуп өттү. Эсиңерде болсо, бул эс алуу жайы кезегинде Айдар Акаев, кийин Данияр Үсөнов менен Бакиев доорунда коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары болуп, чуулгандуу иштерден башы чыкпаган Вячеслав Ханга окшогон алкы бузуктардын карамагында экенинен кабардарбыз. Шаң-салтанатка Россиядан тележылдыз Ксения Сопчак, "Город 312" топтору келип, тойдун мазе-есин чыгарышат. Албетте, береги жылдыздар оңой акчага келбейт да, туурабы? Кызыгы, дал ушул шаң-майрамга биринчи леди ­Раиса Атамбаева да катышып, сөз сүйлөгөнү кызуу талкуу жаратууда. Раиса айым бир курдай "Татарстан менин жүрөгүмө жакын" десе, "Радуганын" мааракесинде эс алуучуларга карата "биз жакында Россиянын Сочи шаарына дейре барып келдик. Эс алуучулар үчүн Сочи андай деле укмуш жер эмес" деп балп эттиргени кандай? Сыртта жолдошу Россияга карап, алардын кареги менен тең айланып жатса, биякка келип Раиса айым бирдемелерди сүйлөй береби? Баса, "Радуганы" көмүскөдөн канкор Данияр Үсөнов башкарары, ал тургай 10 жылдык тойго анын жубайы депутат Динара Исаева катышканынан кабардар болдук. Бакиевчи бузукуларды Атамбаев айланасына топтоп алса, эми канкорлордун аялдары менен биринчи леди Раиса жеңебиз табакташ болгону калганбы? Анан уялбай Үсөновду сыртынан кесимиш болуп коюшат. Куру дегенде 7-апрелде окко учкан азаматтардын арбактарын сыйлап койсоңор не?

Канжар Борпошев




Элеңдеген Суранчиев аз күндө ээрден ооп түшөт

Бу Абдылда мырза министр болгону МЕНТтердин кадыр-баркын кыйла түшүрүп койду. Генерал Зарыл Рысалиевге караганда да начар иштеди. Ушу тапта криминал курчууда. Милициянын духу түштү, кайраты качты. Буга караганда Закең "энеңди с..." деп опурула сөгүнүп, ОПГларды камап, митинг-пикет болсо жеңди түрүнүп, өзү алдыга чыкчу. Негизи Рысалиев эркек экен, тер төгө иштечү, жумуштан кийин ичип да койчу. Чыныгы эркектин образын экс-министр ачканын тана албайбыз. Баракелде!

Өткөн жумада "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында Суранчиев ОПГга тиешелүү, алар менен коюн-колтук алышкан жыйырма чакты чиновниктердин тизмесин жарыялады. Коомчулук күбө болду. Бу криминал аталгандардын арасында ЖК депутатынан айылдык кеңештин депутаттарына чейин бар экен. Кыскасы, ОПГлар мамлекеттик кызматты басып кетиптир. Таңгаласың, министр ошол тизмедегилерди кылмыш дүйнөсүнө катыштыгы бар катары ачыктады. Ачыктасын. Бирок, суроо туулат. Ошол "чиновник-криминалдар" кызматка отурганча, мейли отургандан кийин деле иш козгоп, "эй, сен бандитсиң, ордуң түрмөдө" деп айтпайбы? Же мындай кадамга бара албаса, жетиштүү фактылары болбосо, анда неге аларды эл астында шерменде кылуу менен аттарын атайт? Логика бар бекен? Суранчиев министр да, анан өзү ошол тизмени ОПГ маанисинде жарыялап аткандан соң, бүгүн дагы кеч эмес, ар биринин үйүнөн бирден сууруп чыгып, камап салбайбы! Тилекке каршы, алардын погуна да куурай сая албайт! Себеби, фактысы жетишпейт, анан духу плинтус жакта. Баса, бу элеңдеген министрге чуулгандуу тизмени Какен менен борсулдаган "Борсоке", тоюс, алиги Рафик деген ГУБОПтун начальниги кармата салган окшойт...
Дух демекчи, өкмөттүн жыйынында "Тамада" Алымкулов менен Суранчиев айтыша кетти. Премьер-министрди итпи, кишиби, айтор, аны эске да алышпады. Алиясбек эдиреңдеп, өзүнөн 20 жаш улуу Абдылданы сабаганы жүрөт, өкмөт залынан урууга умтула жулунуп барды, анан коридордон да көчө балдары сымал кыжына айкырып, ээгин кемшеңдетип, өзүнүн маданиятсыздыгын, этикадан тышкаркы жоругун көрсөтүп койду. Эми А.Алымкуловдун деңгээли ошол экен. Кызыгы, дал ушул жерден кайра эле Зарыл Рысалиевди эскерүүгө аргасыз болуудабыз. Эгер Суранчиевдин ордунда Рысалиев болсо, Алиясбек алиги атырылуусун салса, орой сөздөр менен мазактаса, анда зөөкүр Закең каршылашын иттин баласындай уруп, анан ошол өкмөттүн залынан багалеги айрылганча сүйрөп чыкмак. Ишенбесеңер өзүнөн да сурап көргүлө, ал ошондой концерт коймок...
Бул учкай гана фактылар. Ал эми ИИМдин ичиндеги кадр саясаты, кылмыштуулукка каршы күрөшүү сыяктуу иш-чаралар Суранчиев келгени кыйла төмөндөп кетти. Бу кургур кабинетинен чыкпайт экен. Региондорду кыдырбайт. Алсыраган жүзү менен ар кайсы шылуундун тилине кирип, мыкты кадрларды куугунтуктаганды өздөштүрүүдө. Бир жыргаткан ишин көрө албадык. Анан буга окшогон эргулду эмнеге министр кылып кармап отурушат? Же шефине "отметканы" катыра береби? Мындай бовойт да. Аз күндө Суранчиев кызматынан кетпесе, намыстуу милициялар иш таштап, мамлекеттин пайдубалына жарака кетиши ыктымал. Андыктан, Абдылда кетет...

Арстан АЛГЫРБЕКОВ




"Ата Мекенден" депутат болгон "Жинди" атып кетишти
26-августта, болжол менен түнкү саат 11лерде коомчулукка "Жин" каймана аты менен таанымал Кара-Көл шаарынын мурунку депутаты Алтынбек Арзымбаевди белгисиз бирөөлөр 8-кичи райондо, үйүнүн алдынан атып кетишти. Алдын-ала маалыматтар боюнча, Арзымбаевди аткандар маскачан болушкан. Окуяга күбө болгондордун телефон чалуусу менен "Тез жардам" келип, алып кеткени менен ооруканада каза тапкан. Арзымбаевдин денеси КРнын саламаттыкты сактоо министрлигинин республикалык соттук-медициналык экспертизалар борборунун өлүкканасына түшкөн. Алдын-ала маалыматтар боюнча атылган октор көкүрөк клеткасына, жүрөгүнө, санына, желкеге жана башынын маңдай бөлүгүнө тийген. Бул боюнча соттук-медициналык, соттук-биологиялык, соттук-криминалдык жана соттук-дактилоскопикалык экспертизалар дайындалды. Учурда аталган иш боюнча Бишкек ШИИБнин кызматкерлери тарабынан иликтөө иштерине зарыл болгон баардык керектүү чаралар жана анын өлүмүнүн себептерин аныктоо менен кылмышка тиешеси бар тараптарды кармоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Чогулган материалдардын баардыгы Бишкек шаарынын Октябрь РИИБге каттоого алынып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесине (адам өлтүрүү) ылайык кылмыш иши козголду. Иш Бишкек ШИИБдин оор кылмыштарды ачуу бөлүмү тарабынан каралат.
Алтынбек Арзымбаев мындан эки жыл мурун "Ата Мекен" партиясынын тизмеси менен Кара-Көл шаардык кеңешине депутат болуп шайланып, бирок, ушул жылдын июль айында соттук иштерине байланыштуу депутаттык мандатынан ажыраган. Күч органдары Алтынбек Арзымбаевди уюшкан кылмыштуу топто "Жин" каймана аты менен криминалдык дүйнөгө байланыштырып келген. Бирок, муну ал четке кагып, өзүн "катардагы бизнесменмин" деп келчү. Өткөн жылы Алтынбек Арзымбаев журналисттерге берген маалымат жыйынында "Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын экс-мэри Ильяз Эркеев атама чалып алып коркутту. Мени атып кетүү боюнча айтыптыр. Муну атам дагы тастыктап бере алат",-деп билдирген.
Кошумчалай кетсек, А.Арзымбаевге ушул жылдын 23-мартында "Жин" "Динамо" стадионунда болгон оюнга катышып, сыртка чыкканда ага карата ок атылган.
Ошондой эле Алтынбек Арзымбаев адам өлтүрүүгө аракет жасаган жана бейбашчылыкка шектүү катары бир нече ирет милициялардын колуна да түшкөн.

Бекбол АЙДАРОВ