Каныбек Иманалиев, ЖК депутаты:
"Карганбекти урдум, тептим, өчүрдүм..."
-Каныбек мырза, кесиптешиңиз Карганбек Самаков менен мушташа кетипсиз го?..
-Бул көп убакыттан бери топтолгон жинди чыгаруу болду. Капыл-тапыл Жогорку Кеңештин залынан Карганбек астыман чыгып калды, адамча сөз айтсам болбой эле жулунат, анан тумшуктан ары бир соктум. Далдырай түштү. Ызы-чуу болуп, күйөрмандары чогулуп кетиптир. Анан дагы урдум, тептим, өчүрдүм...
-А сизди дагы Самаковдун жансакчылары урдубу?
-Эми мушташта алсыз адамдардын жанжөкөрлөрү кийлигишет эмеспи. Карганбектин аткошчулары мага чала-була кол көтөрүп жиберишти, бирок, аман-эсен эле жүрөм. Ток этери, биз мушташ менен эркекче маселе чечиштик. Калганын шашпай айтып берейин, досум, макулбу?..

Арстан АЛГЫРБЕКОВ



// "Парламент пахмелдери"
Мирлан Бакиров : -Жайыл районунан барабы, Кара-Балта районунан барабы...
"Азия Ньюс": -Мына, сага! Кыргызстанда Кара-Балта деген да район бар беле?
Кожобек Рыспаев: -Панфилов районун салык инспекциясындагылар Парижге барып салык алышат, " бул биздин жер" деп.
"Азия Ньюс": -Көрөсүз, жакында Ай менен Марска да барышат.
Данияр Тербишалиев: -Эки күн мурун аябай окунучтуу окуя болду.
"Азия Ньюс": -Бул жөнүндө сиздин оозуңуздан укканыбыз ого бетер окунучтуу.
Мирлан Бакиров: -Жайытты жакшы билген, жайытта чоңойгон комитеттин төрагасы отурат бул жерде.
"Азия Ньюс": -Жайытты жакшы билген үчүн Жогорку Кеңеш деп аталган "жайытка" келди да...
Исмаил Исаков: -Урматтуу Өмүке, "илгери призрак бродит по Европе" деген түшүнүк бар эле. Сиздин мыйзамыңызды "призрак бродит по ирилештерүү" деп атасак болот.
"Азия Ньюс": -Анан ал мыйзам кабыл алынса, "призрак" элдин үрөйүн учуруп, Кыргызстанды аралай баштайт...
Роза Акназарова: -Менин оюм экиге бөлүнүп атат.
"Азия Ньюс": -Парламенттик шайлоонун алдында "кайра өтөмбү, өтпөймбү?" деп депутаттардын ою эки эмес, онго бөлүнүп турган кез.
Турсунбай Бакир уулу: -Дастан иним, спасибо, что напомнил мою прежную работу.
"Азия Ньюс": -Хотя, бывщему Омбудсмену очень больно о ней вспоминать.
Исмаил Исаков: -Рынокто азыр чөнтөккө уруш керек бардыгын.
"Азия Ньюс": -Чөнтөктөн уруш керек деңиз. Араң эле турган коррупционерлерге ого бетер Кудай берип калбасын.
Ирина Карамушкина: -Времю остановите. Я молчу.
Азия Ньюс": -Когда вы молчите время само-собой остановливатся.
Ажибай Калмаматов: -Галина Анатольевна (Скрипкина) не должна быть главным скрипачом. А то получается: она одно слово сказала, и комитет решение поменял.
"Азия Ньюс": -В таком случае, она получатся не главная скрипачка, а главный дирижер...
"Азия Ньюс"-пресс