даярдаган:
© Жаныбек ЖАНЫЗАК
janyzak@mail.ru • 2007-ж.





Жакында бул жерде
Ыйык Китептин
баардык китептери орун алат..

Экинчи Жылнаама китеби

1-БӨЛҮМ

Сулаймандын акылмандуулук сурап сыйынуусу

1 Дөөттүн уулу Сулайман өзүнүн падышачылыгында күчтүү падыша болду. Кудай-Теңири аны менен болуп, аны жогору көтөрдү.

2 Сулайман бүт Ысрайылга: миң башылары менен жүз башыларына, башкаруучулары менен бүт Ысрайылдагы уруу башчыларына чогулууга буйрук берди.

3 Сулайман бүткүл эл менен Гибондогу бийик жерге келди, анткени Кудайдын кулу Муса чөлдө тургузган Теңирдин жыйын чатыры ошол жерде эле.

4 Дөөт Кудайдын келишим сандыгын Кирийат-Жейаримден ал үчүн даярдап койгон жерге алып келди. Анткени Дөөт ал үчүн Иерусалимде жыйын чатырын курган.

5 Хурдун уулу, Уринин уулу Бетселел жезден жасаган курмандык чалынуучу жай болсо ошол жерде, Теңирдин жыйын чатырынын алдында, калган. Сулайман эл менен бирге Кудайга кайрылыш үчүн барды.

6 Сулайман ошол жерде, Теңирдин алдында, жыйын чатырынын алдында турган жезден жасалган курмандык чалынуучу жайдын үстүндө бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктан миңди чалды.

7 Ошол түнү Кудай Сулайманга келип: «Мен сага эмне берейин, сура?» – деди.

8 Сулайман Кудайга мындай деди: «Сен менин атам Дөөткө улуу ырайым көрсөттүң, анын ордуна мени падыша кылдың.

9 Кудай-Теңирим, Сенин атам Дөөткө айткан сөзүң аткарылсын! Жер топурагындай сан жетпеген элге Сен мени падыша кылып койдуң.

10 Эми бул элди башкарганга мага акыл менен билим бер, бул элдин алдында чыгып, кирип турайын. Анткени Сенин бул улуу элиңди ким башкара алат?»

11 Кудай Сулайманга мындай деди: «Жүрөгүңдө ушундай каалоо болгону үчүн жана сен байлык, мал-мүлк, атак-даңк, кас душмандарыңдын жанын, ал тургай, узак өмүр да сурабастан, Мен сени падыша кылган элди башкарууга акыл менен билим сураганың үчүн,

12 сага акыл да, билим да берем. Мен сага сенден мурунку, сенден кийинки падышаларда болбогон байлыкты, мал-мүлктү, атак-даңкты берем».

Сулаймандын күчү жана байлыгы

13 Сулайман Гибондогу бийик жерден, жыйын чатырынан, Иерусалимге келди. Ал Ысрайылда падышачылык кылып турду.

14 Сулайман майдан арабаларын, атчан аскерлерди топтоду. Анын бир миң төрт жүз майдан арабасы, он эки миң атчан аскери бар эле. Ал аларды майдан арабалар коюлган шаарларга жана өзү жашаган шаарга, Иерусалимге жайгаштырды.

15 Падыша Иерусалимде алтын менен күмүштөрдү ташка теңеди. Кедр жыгачынын көптүгүнөн аны ойдуңда өскөн тытка теңеди.

16 Аттарды Сулайманга Мисирден жана Кебейден алып келишчү. Падышанын соодагерлери аларды Кебейден акчага сатып алышчу.

17 Мисирден майдан арабаны алты жүз күмүш шекелге, атты жүз элүү күмүш шекелге сатып алып турушту. Так ушундай жол менен алар хеттиктердин жана арамейликтердин бардык падышаларына да өз колдору менен жеткирип турушту.

2-БӨЛҮМ

Сулаймандын ийбадаткана курууга даярдык көрүшү

1 Сулайман Теңирдин ысымына арнап үй жана өзүнө падыша сарайын курууну ниет кылды.

2 Сулайман жетимиш миң жүк ташуучуну, сексен миң таш сомдоочуну тоого жөнөтүп, алардын үстүнөн үч миң алты жүз көзөмөлчү койду.

3 Сулайман Тир падышасы Хирамга киши жиберип, мындай деп айттырды: «Менин атам Дөөт үйүн куруп жатканда, кедр жыгачтарын кандай жөнөтсөң, мага да ошондой жөнөт.

4 Мен Кудай-Теңиримдин ысымына арнап үй куруп жатам. Ал үй Теңирдин алдында жыпар жыттуу зат түтөтүп туруш үчүн, нан тартуусун дайыма коюп туруш үчүн, ишемби күндөрү эртең менен, кечинде, ай жаңырганда, Кудай-Теңирибиздин майрамдарында чалынуучу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды чалып туруш үчүн курулат. Булар Ысрайыл элине түбөлүккө осуятталган.

5 Мен куруп жаткан үй – чоң үй, анткени Кудайыбыз Өзү улуу, бардык кудайлардан жогору.

6 Аны асман менен асмандардын асманы сыйдыра албай жатканда, Ага арнап үй курууга кимдин күч-кубаты жетет? Ага арнап үй кургудай мен киммин? Анын алдында жыпар жыттуу зат түтөтүү үчүн эле куруп жатам.

7 Ошондуктан мага алтындан, күмүштөн, жезден, темирден буюм жасаганды жана ачык кызыл, кочкул кызыл, жакут түстүү жип менен токуганды, ошондой эле оймо иштерин билген кишини жибер. Ал атам Дөөт даярдаган Жүйүт аймагы менен Иерусалимдеги менин чебер усталарым менен бирге иштесин.

8 Мага Лебанондон кедр, кипарис, сандал жыгачтарын жөнөт, анткени мен сенин кулдарыңдын Лебанон дарактарын жакшы кыярын билем. Менин кулдарым сенин кулдарың менен бирге барышат.

9 Мен өтө көп жыгачтарды даярдашым керек, себеби мен куруп жаткан үй чоң жана керемет жай болот.

10 Бак кыя турган кулдарыңдын тамагына жыйырма миң кор буудай, жыйырма миң кор арпа, жыйырма миң бат шарап, жыйырма миң бат зайтун майын жөнөтөм».

11 Тир падышасы Хирам кат аркылуу мындай деген жооп жөнөттү: «Теңир Өз элин сүйгөндүктөн, сени аларга падыша кылып койду».

12 Хирам дагы мындай деди: «Падыша Дөөткө Теңирге арнап үй жана өзүнө арнап падыша сарайын курууга ниеттенген, акылман, түшүнүгү терең, акыл-эстүү уул берген, асман-жерди жараткан ысрайылдыктардын Кудай-Теңирине даңк!

13 Мен сага билимдүү, акылдуу Хурам-Абийди жиберип жатам.

14 Ал – Дан уруусунун кыздарынан болгон бир аялдын уулу, атасы болсо Тир тургуну. Ал алтындан, күмүштөн, жезден, темирден, жыгачтан, асыл таштан буюм жасаганды, ачык кызыл, жакут түстүү, зыгыр, кочкул кызыл жип менен токуганды, оймо иштерин билет. Ал сенин чебер усталарың жана сенин атаң, менин мырзам падыша Дөөттүн чебер усталары менен бирге сен кандай иш тапшырсаң, ошонун бардыгын аткарат.

15 Ал эми өзүң айткан арпа менен буудайды, шарап менен зайтун майларын, мырзам, кулдарыңа жөнөт.

16 Биз сага канча керек болсо, ошончо Лебанон дарагын кыйып, салга жүктөп, деңиз аркылуу Жапага жеткиребиз. Андан ары Иерусалимге өзүң алып кетесиң».

Ийбадаткананын курулушунун башталышы

17 Сулайман атасы Дөөт санагандан кийин келген Ысрайылдагы бардык келгиндерди санап чыкты, алардын саны жүз элүү үч миң алты жүз адам болду.

18 Алардын ичинен сексен миңин тоодон таш сомдоочу жана жетимиш миңин жүк ташуучу кылып бөлдү да, аларды өз убагында иштетип туруу үчүн, үч миң алты жүз көзөмөлчү койду.

3-БӨЛҮМ

1 Сулайман Иерусалимде, Мориа тоосунда Теңир үйүн кура баштады. Ал аны атасы Дөөткө Теңир көрсөткөн жерге, Дөөт даярдап кеткен жебустук Арабенанын кырманы турган жерге, кура баштады.

2 Үйдү ал падышачылык бийлигинин төртүнчү жылында, экинчи айдын экинчи күнүндө кура баштады.

3 Сулайман куруп жаткан Кудай үйүнүн пайдубалынын узундугу мурунку чен-өлчөм боюнча алтымыш чыканак, туурасы жыйырма чыканак болду.

4 Yйдүн кире бериш бөлмөсүнүн узундугу имараттын туурасы сыяктуу эле жыйырма чыканак, ал эми бийиктиги жүз жыйырма чыканак болду. Анын ички бетин таза алтын менен каптады.

5 Негизги имаратты кипарис жыгачтары менен каптап чыгып, анын үстүнөн эң жакшы алтын менен каптады да, анын бетине пальмалардын жалбырактары менен чынжырчаларды чыгарды.

6 Кооздук үчүн, үйдүн дубалдарын асыл таштар менен каптады. Алтындар Парбайымдын алтындары эле.

7 Yйдү, устундарын, босоголорун, дубалдарын, эшиктерин алтын менен каптады, дубалдарга керуптардын сүрөттөрү оюлуп жасалды.

8 Анан ыйыктын ыйыгы бөлмөсүн жасады. Анын узундугу менен туурасы имараттын туурасы сыяктуу эле жыйырма чыканак болду. Аны алты жүз талант таза алтын менен каптады.

9 Мыктардын салмагы элүү шекел алтын болду. Ошондой эле үстүнкү бөлмөлөрдү да алтын менен каптады.

10 Ыйыктын ыйыгы бөлмөсүнө эки керупту оюп жасап, аларды да алтын менен каптады.

11 Керуптардын канаттарынын узундугу жыйырма чыканак болду. Беш чыканак болгон бир канаты үйдүн дубалына жетип, беш чыканак болгон экинчи канаты экинчи периштенин канаты менен тийишип турду.

12 Ошондой эле экинчи керуптун беш чыканак канаты да дубалга жетип, беш чыканак экинчи канаты экинчи керуптун канаты менен тийишип турду.

13 Бул керуптардын канаттары жыйырма чыканакка жайылып турду, буттары менен турган алардын жүздөрү ичкери карап турду.

14 Жакут, ачык кызыл, кочкул кызыл түстүү кездемелерден жана зыгыр кездемеден көшөгө жасап, анын бетине керуптарды түшүрдү.

Эки жез мамы

15 Ийбадаткананын алдына узундугу отуз беш чыканак келген эки мамы орнотту, ар бир мамынын үстүнкү бөлүгүнүн узундугу беш чыканак эле.

16 Ыйык жайдыкындай чынжырчаларды жасап, аларды мамылардын баш жагына койду. Жүз анар жемишин жасап, чынжырчалардын үстүнө койду.

17 Мамыларды ийбадаткананын алдына, бирин анын оң жагына, экинчисин сол жагына орнотуп, оң жагындагысын Жахин, сол жагындагысын Бууз деп атады.

4-БӨЛҮМ

Ийбадатканага таандык нерселер

1 Жезден узуну жыйырма чыканак, туурасы жыйырма чыканак, бийиктиги он чыканак болгон курмандык чалынуучу жай жасады.

2 Жезден бир четинен экинчи четине чейин он чыканак, тереңдиги беш чыканак болгон чоң тегерек чара жасады. Чараны тегерете отуз чыканак чынжыр менен курчады.

3 Чаранын астында тегерете, бардык тарабында жезден куюлган өгүздөр турган. Чараны тегерете он чыканак чара менен кошо куюлган эки катар өгүздөр турган.

4 Үчөө түндүктү, үчөө батышты, үчөө түштүктү, үчөө чыгышты караган он эки өгүздүн үстүндө чара турду. Өгүздөрдүн арты чаранын астына кирип турду.

5 Ал чаранын калыңдыгы алакандын жазысындай эле, жээктери чөйчөктүн четиндей, ачылган лилияга окшош жасалды. Анын сыйымдуулугу үч миң бат.

6 Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктардын өрттөөгө даярдалган бөлүктөрүн жууш үчүн, он жез жуунгуч жасап, бешөөнү оң тарапка, бешөөнү сол тарапка койду. Чоң чараны болсо ыйык кызмат кылуучулар жуунуш үчүн жасады.

7 Анан долбоордун негизинде он алтын чырактан жасап, бешөөнү ийбадаткананын оң тарабына, бешөөнү сол тарабына койду.

8 Он үстөл жасап, бешөөнү ийбадаткананын оң тарабына, бешөөнү сол тарабына койду. Анан алтындан жүз чара жасады.

9 Ыйык кызмат кылуучулардын короосун жана чоң короо жасады. Бул короолорго эшиктерди жасап, аларды жез менен каптады.

10 Чоң чараны Кудай үйүнүн оң тарабына, түштүк-чыгышка орнотту.

11 Хурам казандарды, калактарды, чараларды жасады. Ошентип, Хурам Сулайман падыша үчүн, Кудай үйүндө баштаган өзүнүн иштерин бүтүрдү:

12 ал эки мамы, мамылардын башын курчаган эки таажы, мамынын башын курчаган эки таажы үчүн эки тор жасады,

13 ар бир торго эки катардан төрт жүз анар жасап, мамылардын үстүндөгү таажыларды жапты.

14 Ал жуунгучтарды, алардын астына дөңгөлөктүү койгучтарды,

15 чоң чараны жана анын астындагы он эки жез өгүздү,

16 чылапчындарды, калактарды, аш айрыларды жасады. Хурам-Абий Теңир үйү үчүн Сулайман падышага жалтылдаган жылма жезден бардык керектүү буюмдарды жасады.

17 Падыша аларды Иордандын чет-жакасындагы Сукот менен Серейдат аралындагы чополуу жерге куюп жасады.

18 Сулайман бул буюмдарды өтө көп жасагандыктан, канча салмактагы жез сарпталганын билишкен жок.

19 Сулайман ошондой эле Кудай үйүнө бардык буюмдарды, алтындан курмандык чалынуучу жай жана нан тартуулары коюлчу үстөлдөрдү,

20 мыйзам боюнча ыйыктын ыйык бөлмөсүнүн алдында күйгүзүп туруу үчүн таза алтындан чырактандар менен чырактарды,

21 эң таза алтындан гүлдөрдү, чырактарды, кычкачтарды,

22 эң таза алтындан бычактарды, чараларды, табактарды, чок салгычтарды, алтындан ийбадаткананын эшиктерин, ичиндеги ыйыктын ыйык бөлмөсүнө кирүүчү эшиктерди, ыйык жайга кирүүчү эшиктерди жасады.

5-БӨЛҮМ

1 Ошентип, Сулаймандын Теңир үйү үчүн кылган бардык иштери бүттү. Сулайман атасы Дөөттүн Кудайга арнаган алтын, күмүш жана асыл буюмдарынын баарын Кудай үйүнүн казынасына берди.

Келишим сандыгынын ийбадатканага киргизилиши

2 Ошондон кийин Сулайман Ысрайыл аксакалдарын, бардык уруу башчыларын, Ысрайыл уулдарынын уруу башчыларын Дөөттүн шаарынан, башкача айтканда, Сиондон Теңирдин келишим сандыгын көчүрүп келиш үчүн Иерусалимге чогултту.

3 Жетинчи айда болгон бул майрамда бардык ысрайылдыктар падышанын алдына чогулуп келишти.

4 Ысрайылдын бардык аксакалдары келишти. Лебилер келишим сандыгын көтөрүштү.

5 Келишим сандыгын, жыйын чатырын, андагы бардык ыйык буюмдарды ыйык кызмат кылуучулар менен лебилер көтөрүп жөнөштү.

6 Сулайман падыша жана ага келген бүткүл Ысрайыл жамааты келишим сандыгынын алдында курмандыкка сан жеткис койлорду, букачарларды чалышты. Алардын көптүгүнөн санын тактоого мүмкүн эмес эле.

7 Ыйык кызмат кылуучулар Теңирдин келишим сандыгын ийбадатканадагы өзүнүн ордуна, ыйыктын ыйык бөлмөсүнө, керуптардын канаттарынын астына көтөрүп келип коюшту.

8 Келишим сандыгы турган жерге керуптар канаттарын жайып турган, алар келишим сандыгы менен анын шыргыйларын үстүнөн жаап турган.

9 Ыйыктын ыйыгы бөлмөсүнүн кире беришинен шыргыйлардын баштары көрүнүп турчу, бирок сыртына чыкчу эмес. Алар ушул күнгө чейин ошол жерде турат.

10 Келишим сандыгында Ысрайыл уулдары Мисирден чыкканда, Теңир алар менен келишим түзгөндө, Муса Хорепте салган эки таш лооктон башка эч нерсе жок болчу.

Теңирдин даңкы

11 Ыйык кызмат кылуучулар ыйык жайдан чыгышты. Анткени ыйык жайда болгон ыйык кызмат кылуучулардын баары кайсы топко киргенине карабастан, ыйыкталып калышчу.

12 Ырчы лебилердин бардыгы, башкача айтканда, Асап, Эйман, Жедутун жана алардын балдары менен бир туугандары зыгыр буласынан токулган кийим кийишип, жез табак, арфа, лира менен курмандык чалынуучу жайдын чыгыш тарабында турушту, алар менен бирге жүз жыйырма ыйык кызмат кылуучу сурнай тартып турду.

13 Сурнайчылар менен ырчылар бир кишидей болуп Теңирди мактап, даңктап жатышты. Алар сурнай тартып, жез табак кагып, музыкалык аспаптарда ойноп, Теңирди: «Ал ырайымдуу, Анын ырайымы түбөлүктүү», – деп даңкташты. Ошондо Теңирдин үйү булутка толду.

14 Ыйык кызмат кылуучулар булуттан улам кызмат ордуларына тура албай калышты, анткени Кудайдын үйү Теңирдин даңкына толуп турду.

6-БӨЛҮМ

Сулаймандын элге кайрылуусу

1 Ошондо Сулайман: «Теңир караңгылыкта жашоону кааларын айткан.

2 Мен болсо Сен жашай турган үй курдум, Сен түбөлүк болуп турушуң үчүн жай даярдадым», – деди.

3 Анан падыша өзүнүн алдында турган бардык ысрайылдыктарга бурулуп, мындай деп батасын берди:

4 «Менин атам Дөөткө айткан сөзүн азыр Өз колу менен орундаткан ысрайылдыктардын Кудай-Теңирине даңк! Ал мындай деп айткан эле:

5 “Мен Өз элимди Мисир жеринен алып чыккан күндөн тартып, Өзүмдүн ысымым тура турган үйдү куруш үчүн, Ысрайыл тукумунан бир да шаарды тандап алган эмесмин жана Өзүмдүн Ысрайыл элимди башкара турган адамды да тандап алган эмесмин.

6 Бирок Өзүмдүн ысымым болуп туруш үчүн, Иерусалимди тандап алдым жана Өз элим Ысрайылды башкарыш үчүн, Дөөттү тандап алдым”.

7 Менин атам Дөөттүн Ысрайылдын Кудай-Теңиринин ысымына арнап үй курам деген ою бар эле.

8 Бирок Теңир менин атам Дөөткө мындай деген: “Сенин Менин ысымыма арнап ийбадаткана курайын деген оюң бар, жүрөгүңдө мындай ойдун болгону жакшы.

9 Бирок ийбадаткананы сен курбайсың, Менин ысымыма арнап ийбадаткананы сенин тукумуңан чыккан уулуң курат”.

10 Теңир Өз оозунан чыккан сөздү аткарды: Теңир айткандай, Дөөт атамдын ордуна мен келдим, Ысрайылдын тагына отурдум жана ысрайылдыктардын Кудай-Теңиринин ысымына арнап үй курдум.

11 Ал үйгө Теңирдин Ысрайыл уулдары менен түзгөн келишими салынган Теңирдин келишим сандыгын койдум».

Сулаймандын сыйынуусу

12 Сулайман Теңирдин курмандык чалынуучу жайынын жанында, бүткүл Ысрайыл жыйынынын алдында туруп, колдорун асманга көтөрдү.

13 Ал жезден узундугу беш чыканак, туурасы беш чыканак, бийиктиги үч чыканак болгон секиче жасап, короонун дал ортосуна орноткон. Ошонун үстүндө туруп, бүткүл Ысрайыл жамаатынын алдында тизе бүгүп, колдорун асманга көтөрдү.

14 Анан мындай деди: «Теңир, ысрайылдыктардын Кудайы! Асманда да, жерде да Сендей Кудай жок. Сенин алдыңда чын жүрөктөн жүргөн кулдарыңа ырайым кыласың, келишимиңди сактайсың.

15 Сен Өз кулуңа, менин атам Дөөткө, айткан убадаңды орундаттың. Өз оозуңан чыккан убаданы бүгүн Өз колуң менен аткардың.

16 Теңир, Ысрайылдын Кудайы! Өз кулуң, менин атам Дөөткө: “Сен Менин алдымда Менин мыйзамдарым боюнча кандай жүрсөң, сенин уулдарың да ошондой жүрсө, сенин тукумуңдан Менин көз алдымда Ысрайылдын тагында отурган адам үзүлбөйт”, – деп айткан убадаңды эми аткара көр.

17 Эми Теңирим, Ысрайылдын Кудайы, Өз кулуң Дөөткө айткан сөзүң ордунан чыксын!

18 Чындыгында, Кудай адамдар менен жерде жашамак беле? Сени асман, асмандардын асманы батыра албайт! Анан мен курган ийбадаткана батыра алмак беле!

19 Бирок Теңирим, Кудайым, Өз кулуңдун сыйынуусуна, суранычына назар сал. Сенин алдыңда сыйынып жаткан кулуңдун сыйынуусуна жана өтүнүчүнө кулак сал.

20 Өз ысымыңды орнотом деп убада берген ушул ийбадатканадан күн-түн дебей көзүңдү алба. Ушул жерден сыйынган кулуңдун сыйынуусун ук.

21 Өз кулуңдун, Өз элиң Ысрайылдын ушул жерде сыйынган сыйынуусуна кулак сал. Өзүң турган жерден, асмандан кулак сал, кулак сала көр, ырайым кыла көр!

22 Ким өз жакынына каршы күнөө кылса, аны ант бер деп талап кылышса, ал Сенин ушул ийбадатканаңда, курмандык чалынуучу жайдын алдында ант берсе,

23 Сен асмандан угуп, Өз кулдарыңа өкүм чыгар, айыптууну кылган күнөөсүнө жараша жазала, айыпсызды актыгына жараша акта.

24 Сенин элиң Ысрайыл Сенин алдыңда кылган күнөөсү үчүн душман тарабынан талкаланганда, Сага кайрылып, Сенин алдыңда күнөөлөрүн мойнуна алып, ушул ийбадатканада Сага жалынып сыйынганда,

25 асмандан алардын үнүн угуп, Өз элиң Ысрайылдын күнөөсүн кечир, аларды өздөрүнө, ата-бабаларына Өзүң берген жерге кайра алып кел.

26 Сенин алдыңда кылган күнөөсү үчүн асман жабылып, жамгыр жаабай калганда, Сен аларды моюн сундургандыктан, алар ушул жерде Сенин алдыңда күнөөлөрүн мойнуна алышканда, күнөөлөрүнөн баш тартышканда,

27 Сен асмандан уга көр, Өз кулдарың менен Өз элиң Ысрайылдын күнөөсүн кечир, алар баса турган жакшы жолду көрсөтүп бер, элиңе Өзүң мурас кылып берген жерге жамгыр жаадыр.

28 Жер үстүн ачарчылык, же жугуштуу оору, же ысык шамал, же коңур дат оорусу, же чегиртке, же курт-кумурска каптаганда, же душман аларды өз жеринде кысымга алганда, же кырсык, же кандайдыр бир дарт каптаганда,

29 бир киши же бүткүл Ысрайыл эли башына түшкөн кырсык менен кайгысын сезип, бул ийбадаткана жакка колдорун сунуп сыйынган ар бир сыйынуусун, ар бир өтүнүчүн

30 асмандан – Өзүң турган жерден ук, күнөөсүн кечир, ар кимге жүргөн жолуна жараша тиешесин бер, анткени Сен алардын жүрөгүн жакшы билесиң, адам баласынын жүрөгүн билесиң.

31 Ата-бабаларыбызга Сен берген жерде жашап турганда, өмүрү өткөнчө Сенден коркушсун, Сенин жолуң менен жүрүшсүн.

32 Атүгүл, Өз элиң Ысрайылдан болбогон бөтөн жерлик адам да Сенин улуу ысымың үчүн, Сенин сунулган колуң үчүн, Сенин күчтүү билегиң үчүн алыскы жерден келип, ушул ийбадатканада сыйынганда,

33 Өзүң турган асмандан ук, бөтөн жерлик адамдын Сенден сураганынын баарын аткар, Сенин ысымыңды жер жүзүндөгү бүт эл билсин, Өз элиң Ысрайыл Сенден корккондой, Сенден бардыгы корксун, мен курган үй Сенин ысымың менен аталганын бардыгы билсин.

34 Сенин элиң Өзүң көрсөткөн жол менен душманга каршы чыкканда, Сен тандаган ушул шаарды жана Сенин ысымыңа арнап мен тургузган ийбадаткана жакты карап сыйынганда,

35 Сен асмандан алардын сыйынуусун, өтүнүчүн ук, аларга керектүүсүн бер.

36 Алар Сенин алдыңда күнөө кылганда (анткени күнөө кылбаган адам болбойт), Сен аларга каарданып, душмандарынын колуна салып бергенде, аларды алыс же жакын жерлерге туткундап кетишкенде,

37 алар туткунда жүргөн жеринде күнөөсүн түшүнүп, Өзүңө кайрылып: “Биз мыйзамсыздык кылып күнөө кетирдик, биз айыптуубуз”, – деп сыйынганда,

38 алар туткунда жүргөн жеринде чын жүрөгүнөн, жан-дилинен Сага кайрылып жалынганда, Сен алардын ата-бабаларына берген жерге, Сен тандап алган шаарга, Сенин ысымыңа арнап мен курган бул ийбадаткана жакка кайрылып сыйынышканда,

39 ошондо Сен асмандан, Өзүң турган жайдан алардын сыйынуусун, сураган өтүнүчүн ук, аларга керектүүсүн бер, Өз элиңдин Сенин алдыңда кылган күнөөсүн кечир.

40 Оо Кудайым! Ушул жерден көзүңдү алба, ушул жерде сыйынган сыйынууларга кулак сал.

41 Эми, Кудай-Теңир, Өзүңдүн үйүңө, Сенин кудуреттүүлүгүңдү көрсөткөн келишим сандыгың турган жерге кел. Кудай-Теңир, Сенин ыйык кызмат кылуучуларың куткарылууну кийишсин, Сенин ыйыктарың Сенин ырайымыңа кубанышсын.

42 Кудай-Теңир! Өзүң майлаган адамдан жүзүңдү бурба, Өз кулуң Дөөткө ырайым кыл».

7-БӨЛҮМ

Ийбадаткананын ыйыкталышы

1 Сулайман сыйынып бүткөндө, асмандан от түшүп, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык менен башка курмандыктарды күйгүзүп кетти, үйдүн ичи Теңирдин даңкына толду.

2 Ыйык кызмат кылуучулар Теңирдин үйүнө кире албай калышты, анткени Теңирдин үйү Теңирдин даңкына толуп турган болчу.

3 Ысрайылдын бүт уулдары асмандан от түшкөнүн көрүп, Кудайдын даңкы үйгө толгонун көрүп, жерге, секичеге жүзтөмөндөп жыгылып таазим этишти. Теңирди: «Ал ырайымдуу, Анын ырайымы түбөлүктүү», – деп даңкташты.

4 Падыша жана бүт эл Теңирдин алдында курмандык чала башташты.

5 Сулайман падыша курмандыкка жыйырма эки миң букачар жана жүз жыйырма миң кой чалды. Падыша менен бүт эл Кудайдын үйүн ушинтип ыйыкташты.

6 Ыйык кызмат кылуучулар өз кызматын аткарышты, лебилер Теңирди даңкташ үчүн, Дөөт падыша жасаган Теңирдин күү аспаптары менен турушту. Дөөт алар менен Теңирди мактап ырдачу, анткени Анын ырайымы түбөлүктүү. Ыйык кызмат кылуучулар алардын алдында сурнай тартып турушту, бүт Ысрайыл эли туруп турду.

7 Сулайман Теңир үйүнүн алдындагы короонун ички бөлүгүн да ыйыктады. Жезден жасалган курмандык чалынуучу жайга бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктар, нан курмандыктары, майлар батпай калгандыктан, ал бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды, тынчтык курмандыктарынын майларын короонун ички бөлүгүндө өрттөдү.

8 Ошол учурда Сулайман бүткүл Ысрайыл эли менен – Хаматтын кире беришинен Мисир дарыясына чейинки жерлерден келген көп эл менен жети күндүк чоң майрам өткөрдү.

9 Ал эми сегизинчи күнү, майрамдан кийинки күнү ыйык чогулуш өткөрүштү, анткени курмандык чалынуучу жайды жети күн ыйыкташты жана жети күн майрамдашты.

10 Падыша жетинчи айдын жыйырма үчүнчү күнү Теңир Дөөткө жана Сулайманга, Өз эли Ысрайылга көрсөткөн ырайымга кубанып, жүрөктөрү кубанычка, шаттыкка бөлөнгөн элди үй-жайларына коё берди.

Кудайдын кайрадан Сулайманга келиши

11 Ошентип, Сулайман Кудайдын үйүн да, падыша үйүн да куруп бүттү. Сулайман жүрөгүндө Кудайдын үйү үчүн да, өз үйү үчүн да эмне кылам деп ойлосо, ошонун баарын ийгиликтүү бүтүрдү.

12 Теңир Сулайманга түн ичинде келип, мындай деди: «Мен сенин сыйынууңду уктум жана ушул жерди Өзүмө курмандык чалынуучу үй катары тандап алдым.

13 Мен асманды жаап коюп, жамгыр жаабай калганда, же жерди жегенге чегирткелерди каптатканда, же Өз элиме жугуштуу оору жибергенде,

14 Менин ысымым менен аталган Менин элим моюн сунса, сыйынса, Менин жүзүмдү издесе жана жаман жолдорунан кайтса, анда Мен алардын үнүн асмандан угуп, күнөөлөрүн кечирип, жерин дарттан айыктырам.

15 Эми Мен ушул жерден көзүмдү албайм, ушул жерде сыйынган сыйынууларга кулак салам.

16 Менин ысымым ушул үйдө түбөлүккө туруш үчүн, Мен аны тандап алып, ыйыктадым. Менин көздөрүм менен жүрөгүм дайыма ушул жерде болот.

17 Сен атаң Дөөт Менин алдымда жүргөндөй жүрө турган болсоң, Мен сага буйругандарды аткара турган болсоң, Менин мыйзамдарым менен буйруктарымды сактай турган болсоң,

18 анда Мен сенин атаң Дөөткө убада кылып: “Сенин тукумуңдан Ысрайылды башкарган адам үзүлбөйт”, – деп айткан убадам боюнча Сенин падышачылык тагыңды бекемдейм.

19 Эгерде силер Мен берген мыйзамдар менен буйруктарыма моюн сунбай, алардан баш тартсаңар, башка кудайларга кызмат кылып, аларга таазим кылсаңар,

20 анда Ысрайылды Өзүм берген жерден жок кылып, Өз ысымым менен ыйыктаган ушул ийбадаткананы таштап коём, аны бардык элдерге ылакап, күлкү кылам.

21 Ушул улуу ийбадаткананын жанынан өтүп бара жаткан ар ким үрөйү уча: “Эмне үчүн Теңир бул жерди ушундай кылды, эмне үчүн ушул үйдү ушундай кылды?” – деп таң калышат.

22 Ошондо: “Алар Мисир жеринен алып чыккан ата-бабаларынын Кудай-Теңирин таштап салышып, башка кудайларга жабышып, аларга кызмат кылып, таазим кылганы үчүн, Теңир алардын башына ушундай кырсыкты салды”, – деп айтышат».

8-БӨЛҮМ

Сулаймандын даңктуу иштери

1 Теңирдин үйү менен өз үйүн Сулайман жыйырма жылда куруп бүттү.

2 Анан ал Хирам берген шаарларды кайрадан куруп, ал шаарларга Ысрайыл уулдарын отурукташтырды.

3 Сулайман Хамат-Собага барып, аны каратып алды.

4 Чөлгө Тадмор шаарын курду, ал азык-түлүк сактоо үчүн, Хаматка бардык шаарларды курду.

5 Ал дубалдары бийик, дарбазалары, кулпулары бекем, чептүү жогорку Бейт-Хорон менен төмөнкү Бейт-Хоронду,

6 Баалатты жана Сулаймандын азык-түлүк сактоо үчүн курулган бардык шаарларын кайрадан курду. Майдан арабалар менен атчан аскерлер үчүн, ошондой эле Иерусалимде, Лебанондо жана өзүнө тиешелүү жерлерде курам деген бардык шаарларды курду.

7 Ысрайыл уулдарынан эмес болгон хеттиктерден, аморлуктардан, периздиктерден, хибиликтерден жана жебустуктардан калган бардык элди,

8 Ысрайыл уулдары тирүү калтырган алардын балдарынын бардыгын Сулайман бүгүнкү күнгө чейин эрксиз жумушчу кылып салган.

9 Сулайман Ысрайыл уулдарын болсо өз жумуштарына иштеткен жок, алар аскерлер, аны кайтарган сакчылардын башчылары, майдан арабалардын, атчан аскерлердин башчылары эле.

10 Сулайман падышанын эл башкарган башкы көзөмөлдөөчүлөрүнүн саны эки жүз элүү болду.

11 Сулайман Дөөттүн шаарынан фараондун кызын ал үчүн курган үйгө көчүрүп келди. Себеби ал: «Ысрайыл падышасы Дөөттүн үйүндө аял жашабашы керек, анткени Теңирдин келишим сандыгы турган үй ыйык», – деди.

12 Ошондон кийин Сулайман Мусанын осуяты боюнча, ар бир күндүн эрежеси менен ишембиде, ай жаңырганда жана жылына үч жолу: Ачыткысыз нан майрамында, Жумалар майрамында, Алачыктар майрамында бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды чалып туруу үчүн,

13 Кудай үйүнүн кире бериш бөлмөсүнүн алдында орнотулган Теңирдин курмандык чалынуучу жайына бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды чала баштады.

14 Анан ал атасы Дөөттүн буйругу боюнча кызмат кылуу кезегин белгиледи. Ал ар бир күндүн мыйзамы боюнча Теңирди даңктап, ыйык кызмат кылуучулардын жанында кызмат кылып турушу үчүн, ыйык кызмат кылуучулардын кызмат кылуу кезегин, лебилердин кайтаруу кезегин белгиледи. Ошондой эле дарбазачылардын ар бир дарбазаны кайтаруу кезегин белгиледи. Анткени Кудайдын кишиси Дөөттүн буйругу ушундай болчу.

15 Алар ыйык кызмат кылуучуларга, лебилерге, казынага карата берилген падышанын эч бир буйругун бузушкан жок.

16 Теңирдин үйүнүн пайдубалын кургандан баштап, аны толук бүтүргөнгө чейин, Сулаймандын бардык иштери ушундай тартипте болду.

17 Ошондон кийин Сулайман эдомдуктардын жериндеги деңиз жээгинде жайгашкан Этсион-Гебер менен Эйлатка жөнөдү.

18 Хирам ага өзүнүн кишилери менен кошо кемелерди жана деңизди жакшы билген кулдарды жөнөттү. Алар Сулаймандын кулдары менен Опирге барып, ал жерден төрт жүз элүү талант алтын алышып, Сулайман падышага жеткиришти.

9-БӨЛҮМ

Шебалык падыша аял

1 Шебалык падыша аял Сулаймандын атак-даңкын угуп, аны табышмак менен сынаш үчүн, көп байлыктары менен жыпар жыттуу заттар, көптөгөн алтын, асыл таштар жүктөлгөн төөлөрү менен Иерусалимге келди. Сулайманга келип, жүрөгүндө болгон бардык нерсе жөнүндө аңгемелешти.

2 Сулайман анын болгон суроолоруна жооп берди. Ал жооп бере албай калган эч нерсе болгон жок.

3 Шебалык падыша аял Сулаймандын акылмандыгын жана ал курган үйдү көрдү.

4 Анын үстөл үстүндөгү тамактарын, кулдарынын турган үйлөрүн, кызматчыларынын адептүүлүгүн, алардын кийимдерин, шарап сунуучуларын, алардын кийимдерин, Теңир үйүндө бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды чалганын көрүп, падыша аял айран-таң калды.

5 Ал падышага мындай деди: «Сенин кылган иштериң менен акылмандыгың жөнүндө өз жеримде уккандарым чын экен.

6 Бирок келип өз көзүм менен көргөнгө чейин, алардын сөзүнө ишенген жок элем. Мага сенин улуу акылмандыгыңдын теңи да айтылбаптыр, сен мен уккан сөздөрдөн артык экенсиң.

7 Ар дайым алдыңда туруп, акылман сөздөрүңдү уккан адамдарың бактылуу, кызматчыларың да бактылуу.

8 Сенин Кудай-Теңириңе алкыш! Ал сага ырайым көрсөтүп, Өз Кудай-Теңириңдин падышасы кылып, Өз тагына отургузду. Сенин Кудайың Ысрайылды сүйгөндүктөн, аны түбөлүккө бекемдөө үчүн, ага чындык менен бийлик кылсын деп, сени Өзү падыша койду».

9 Падыша аял падышага жүз жыйырма талант алтын, абдан көп жыпар жыттуу заттар менен асыл таштарды тартуу кылды. Шебалык падыша аял Сулайман падышага тартуу кылган жыпар жытуу заттардай жыпар жыттуу зат болгон эмес.

10 Опирден алтын жүктөп келген Хирамдын кулдары менен Сулаймандын кулдары кызыл жыгачтарды да, кымбат баалуу асыл таштарды да алып келишти.

11 Падыша бул кызыл жыгачтардан Теңирдин үйү менен падышанын үйүнүн тепкичтерин, ырчылар үчүн лираларды, арфаларды жасады. Мурун мындай нерселер Жүйүт жеринде болгон эмес.

12 Сулайман падыша болсо шебалык падыша аялга ал өзү алып келген тартууларга окшобогон, ал каалаган, ал жактырган буюмдарды белек кылды. Падыша аял өз кулдары менен өз жерине жөнөп кетти.

Сулаймандын байлыгы

13 Сулайманга бир жылда келген алтындын салмагы алты жүз алтымыш алты талантка барабар болчу.

14 Андан тышкары, Сулайманга алтын менен күмүштү элчилер менен көпөстөр жана Аравиянын бардык падышалары, дубан башчылары да алып келип турушту.

15 Сулайман алтындан балка менен согуп, эки жүз чоң калкан жасады, ар бир калканга алты жүз шекел алтын кетти.

16 Алтындан балка менен согуп, дагы үч жүз чакан калкан жасады, ар бир калканга үч жүз шекел алтын кетти. Аларды падыша Лебанон жыгачынан жасалган үйгө койду.

17 Падыша пил сөөгүнөн чоң такты жасап, аны таза алтын менен каптады.

18 Тактыга чыга турган алты алтын баскычты жана алтын бут койгучту тактыга бириктирип жасады, тактынын отургучунун эки тарабына чыканак койгучтарды жана алардын жанына эки арстанды жасады.

19 Алты баскычтын эки тарабына он эки арстан жасады. Бир да падышачылыкта мындай такты болгон эмес.

20 Сулайман падышанын суусундук иче турган идиштеринин бардыгы алтындан эле. Лебанон жыгачынан курулган үйдөгү идиштер да таза алтындан болчу. Сулаймандын тушунда күмүш эч бааланчу эмес.

21 Анткени Хирамдын кулдары падышанын кемелери менен Таршышка барып келишчү. Кемелер Таршыштан үч жылда бир жолу келчү, ал жактан алтын, күмүш, пилдин сөөктөрү, маймылдар менен тоос куштары алып келинчү.

22 Ошентип, Сулайман падыша байлыгы, акылмандыгы жагынан жер жүзүндөгү бардык падышалардан ашып түштү.

23 Кудай тарабынан берилген Сулаймандын акылмандуулугун угуш үчүн, жер жүзүндөгү падышалар аны издеп келишчү.

24 Алардын ар бири жыл сайын өз атынан алтын-күмүш идиштерди, кийим-кечелерди, курал-жарактарды, жыпар жыттуу заттарды, аттар менен качырларды тартуулап келишчү.

25 Сулаймандын аттары менен майдан арабалары үчүн төрт миң мамысы, он эки миң атчан аскери болгон. Аларды ал арабалар тура турган шаарларга жана Иерусалимге, өзү жашаган шаарга, жайгаштырган.

26 Ал Эфрат дарыясынан Пелишти жерине чейинки, андан ары Мисир чегине чейинки бардык падышаларга үстөмдүк кылды.

27 Падыша Иерусалимде күмүштөрдү ташка теңеди. Кедр жыгачынын көптүгүнөн аны ойдуңда өскөн тытка теңеди.

28 Аттарды Сулайманга Мисирден жана бүт жерлерден алып келишчү.

Сулаймандын көз жумушу

29 Сулаймандын калган башка иштери, алгачкы да, акыркы да иштери Натан пайгамбардын жазууларында, шилолук Акиянын пайгамбарчылыгында жана көрөгөч Жоелдин Небаттын уулу Жаробам жөнүндө көргөн көрүнүштөрүндө жазылган.

30 Сулайман Иерусалимде бүткүл Ысрайылга кырк жыл бийлик кылды.

31 Сулайман көз жумуп, ата-бабаларына кошулду, атасы Дөөттүн шаарына коюлду. Анын ордуна уулу Рехабам падыша болду.

10-БӨЛҮМ

Ысрайылдын эки падышачылыкка бөлүнүшү

1 Рехабам Шекемге жөнөдү, анткени бүт ысрайылдыктар аны падыша кылыш үчүн, Шекемге келишкен эле.

2 Небаттын уулу Жаробам бул тууралуу угары менен Мисирден кайтып келди, анткени ал Сулаймандан качып, Мисирде жашап турган.

3 Ага киши жиберип чакыртышты. Жаробам менен бүткүл Ысрайыл келип, Рехабамга мындай дешти:

4 «Сенин атаң бизге оор моюнтурук салган, сен эми атаңдын бизге салган оор моюнтуругун жана оор жумушун жеңилдет, ошондо биз сага кызмат кылабыз».

5 Рехабам аларга: «Yч күндөн кийин мага кайра келгиле», – деди. Эл тарап кетти.

6 Рехабам падыша атасы Сулайман тирүү кезинде анын алдында турган аксакалдар менен кеңешип, алардан: «Кандай кеңеш бересиңер, бул элге эмне деп жооп берейин?» – деп сурады.

7 Алар: «Эгерде сен бул элге жакшы мамиле кылсаң, алардын көңүлүн алсаң, алар менен жакшы сүйлөшсөң, анда алар сага өмүр бою кул болушат», – дешти.

8 Бирок ал аксакалдар айткан акылды укпай, өзүнүн алдында турган, өзү менен бирге өскөн жаш мырзалар менен кеңешти.

9 Аларга: «Кандай кеңеш бересиңер, “Атаң башыбызга салган оор моюнтурукту жеңилдет”, – деп жаткан элге эмне деп жооп берейин?» – деди.

10 Аны менен бирге өскөн жаш мырзалар ага мындай дешти: «“Атаң бизди эзген, сен ал моюнтурукту жеңилдет”, – деген элге сен: “Атамдын белинен менин чыпалагым жоонураак,

11 атам силерге оор моюнтурук салса, мен аны андан бетер оорлотом, атам силерди камчы менен сабаса, мен силерди тикенектүү камчы менен жазалайм”, – дегин».

12 Жаробам менен бүт эл Рехабамга үчүнчү күнү келишти, анткени ал: «Yч күндөн кийин кайра келгиле», – деп айткан эле.

13 Ошондо падыша аларга катаал жооп берди. Рехабам падыша аксакалдардын акылын укпай, жаш мырзалардын кеңеши боюнча мындай деди:

14 «Атам силерге оор моюнтурук салган, мен аны андан бетер оорлотом, атам силерди камчы менен жазаласа, мен силерди тикенектүү камчы менен жазалайм».

15 Ошентип, падыша элдин өтүнүчүн укпай койду, анткени бул Теңирдин шилолук Акия аркылуу Небаттын уулу Жаробамга айткан сөзү ордунан чыгышы үчүн, Кудайдан болгон эле.

16 Падыша алардын сөзүн укпай койгонун көргөн ысрайылдыктардын баары ага: «Дөөттө биздин кандай үлүшүбүз бар? Жышайдын уулунда үлүшүбүз жок. Өз үйүңөргө тарагыла, Ысрайыл! Эми өз урууңду бил, Дөөт», – дешти. Ысрайылдыктар үйлөрүнө тарап кетишти.

17 Рехабам Жүйүт шаарларында турган Ысрайыл уулдарына гана падыша болуп калды.

18 Рехабам Адонурам башчыны салык чогултканы жибергенде, Ысрайыл эли аны таш бараңга алып өлтүрдү. Рехабам падыша арабасына отуруп, Иерусалимге качып жөнөдү.

19 Ысрайыл ошондон бүгүнкүгө чейин Дөөт тукумуна каршы.

11-БӨЛҮМ

Шемаянын пайгамбарчылыгы

1 Рехабам Иерусалимге келип, Ысрайыл менен согушуп, падышачылыгын кайрып алыш үчүн, Жүйүт менен Бенжеминдин тукумунан жүз сексен миң тандамал аскер жыйнады.

2 Кудайдын кишиси Шемаяга Теңирден мындай деген сөз айтылды:

3 «Жүйүт падышасы, Сулаймандын уулу Рехабамга жана Жүйүт менен Бенжемин тукуму болгон бүт ысрайылдыктарга мындай дегин:

4 Теңир мындай деп айтты де: “Бир туугандарыңарга каршы чыкпагыла, алар менен согушпагыла. Ар кимиңер өз үйүңөргө кайткыла, анткени муну Мен кылып жатам”». Алар Теңирдин айтканына тил алып, Жаробамга каршы барбай, үйлөрүнө кайтышты.

Рехабамдын шаарларды бекемдеши

5 Рехабам Иерусалимде жашап турду. Ал Жүйүт аймагынын шаарларын дубалдар менен курчады.

6 Жүйүт аймагындагы жана Бенжеминдеги шаарларды: Бейт-Лехемди, Эйтамды, Текояны,

7 Бейт-Сурду, Сохону, Адуламды,

8 Гатты, Марейшаны, Зупту,

9 Адорайымды, Лакишти, Азейканы,

10 Сораны, Айалонду, Хебронду чыңдады.

11 Ал бул шаарлардын чептерин бекемдеп, аларга башчыларды койду жана дан азыктары, дарак майлары менен шараптар үчүн кампаларды курду.

12 Ар бир шаарга калкандарды, найзаларды берип, абдан бекемдеди. Анын карамагында Жүйүт менен Бенжемин калды.

Ыйык кызмат кылуучулар менен лебилердин Ысрайылдан Жүйүт аймагына кетиши

13 Ысрайыл жеринде турган ыйык кызмат кылуучулар менен лебилер ар тараптан ага келип кошулушту.

14 Анткени лебилер шаарлардын жанындагы өздөрүнүн жайыттарын жана ээлик жерлерин таштап, Жүйүт аймагына жана Иерусалимге келишти. Аларды Жаробам менен анын уулдары Теңирге кызмат кылуудан четтетип,

15 Жаробам өзү жасаган бийик жерлердеги бутканаларга да, текелерге да, букачарларга да буткана кызматчыларын койгон болчу.

16 Лебилердин артынан Ысрайылдын бардык урууларынын ичинен Ысрайылдын Кудай-Теңирин издеш үчүн жүрөгүн бургандар ата-бабаларынын Кудай-Теңирине курмандык чалыш үчүн Иерусалимге келишти.

17 Алар жүйүттөрдүн падышачылыгын бекемдеп, Сулаймандын уулу Рехабамды үч жыл колдошту, анткени алар үч жыл Дөөт менен Сулаймандын жолун жолдошту.

Рехабамдын үй-бүлөсү

18 Рехабам Дөөттүн уулу Жеримоттун кызы Махалатты аялдыкка алды. Махалаттын энеси Жышайдын уулу Элийаптын кызы Абикейил эле.

19 Абикейил ага Жейуш, Шемария, Заама деген уулдарды төрөп берди.

20 Андан кийин ал Абышаломдун кызы Мааханы алды. Ал аялы ага Абиям, Атай, Зиза жана Шеломит деген балдарды төрөп берди.

21 Рехабам бардык аялдары менен күң аялдарынын ичинен Абышаломдун кызы Мааханы жакшы көрчү. Рехабамдын он сегиз аялы жана алтымыш күң аялы болгон, алардан жыйырма сегиз уул жана алтымыш кыз төрөлгөн.

22 Рехабам Мааханын уулу Абиямды бир туугандарынын үстүнөн үй башчысы жана төрө кылып койду, анткени аны падыша кылгысы келди.

23 Рехабам акыл менен иш жүргүзүп, бардык уулдарын Жүйүт жана Бенжемин жерлерине, чептүү шаарларга жайгаштырып, аларга көп мүлк берип, көп аял алып берди.

12-БӨЛҮМ

Рехабамдын Теңир жолунан четтеп кетиши

1 Рехабамдын бийлиги чыңдалып, күч-кубаттуу болгон кезде, ал Теңирдин мыйзамдарын таштады жана аны менен кошо бүт Ысрайыл эли да таштады.

2 Рехабамдын падышачылыгынын бешинчи жылында Мисир падышасы Шишак Иерусалимге каршы бет алды (анткени алар Теңирден четтеп кетишкен).

3 Ал бир миң эки жүз майдан арабасы жана алтымыш миң атчан аскери менен кол салды. Аны менен кошо Мисирден эсепсиз көп луптуктар, суктуктар, эфиопиялыктар келишти.

4 Ал Жүйүт аймагындагы чыңдалган шаарларды каратып алып, Иерусалимге келди.

5 Ошондо Шишактан качып, Иерусалимге келген Жүйүт аймагынын төрөлөрүнө жана Рехабамга Шемая пайгамбар келип, мындай деди: «Теңир мындай дейт: “Силер Мени таштап койгондуктан, Мен силерди Шишактын колуна салып берем”».

6 Ошондо жүйүт төрөлөрү менен падыша моюн сунуп: «Теңир адилет!» – дешти.

7 Теңир алардын моюн сунганын көргөндө, Шемаяга Теңирден мындай деген сөз болду: «Булар моюн сунушту, аларды кырып жок кылбайм, жакында куткарам, Иерусалимге Шишактын колу менен каарымды төкпөйм.

8 Бирок Мага кызмат кылуу кандай экенин жана жердеги падышаларга кызмат кылуу кандай экенин билиши үчүн, алар ага кул болушат».

9 Мисир падышасы Шишак Иерусалимге кирип, Теңир үйүндөгү казыналар менен падыша үйүндөгү байлыктарды алды. Сулайман жасаган алтын калкандар менен буюмдардын бардыгын алды.

10 Падыша Рехабам алардын ордуна жез калкандарды жасап, падыша үйүн кайтарган сакчылардын башчыларынын колуна берди.

11 Падыша Теңир үйүнө киргенде, сакчылар аларды көтөрүп келип, кайра сакчылардын бөлмөсүнө алып кетишчү.

12 Ал моюн сунгандан кийин, Теңир каарданганын токтотту, анын тукумун биротоло жок кылган жок, анткени Жүйүт аймагында жакшы нерсе бар эле.

Рехабамдын көз жумушу

13 Рехабамдын падышачылыгы чыңдалып, Иерусалимде падышачылык кыла берди. Рехабам падыша болгондо кырк бир жашта эле. Теңир Өзүнүн ысымын орнотуш үчүн, Ысрайылдын бардык урууларынын ичинен Өзү тандап алган Иерусалим шаарында он жети жыл бийлик кылды. Анын энесинин аты – Наама, ал амондук болчу.

14 Ал жаман иштерди кылды, анткени жүрөгүн Теңирди издөөгө бурган жок.

15 Рехабамдын алгачкы жана акыркы иштери Шемая пайгамбардын жазууларында жана көрөгөч Ыданын санжырасында жазылган. Рехабам өмүр бою Жаробам менен согушуп келди.

16 Рехабам көз жумуп, ата-бабалары жаткан жайга кошулуп, Дөөттүн шаарына коюлду. Анын ордуна уулу Абиям падыша болду.

13-БӨЛҮМ

Абиямдын Жаробам менен согушушу

1 Жаробамдын падышачылыгынын он сегизинчи жылында Абиям жүйүттөргө падыша болду.

2 Ал Иерусалимде үч жыл падышачылык кылды. Анын энеси гибалык Уриелдин кызы Михая эле. Ошол кезде Абиям Жаробам менен согушту.

3 Абиям согушка эр жүрөк адамдардан, төрт жүз миң тандамал адамдардан турган аскерин алып чыкты. Жаробам дагы тандалган, эр жүрөк адамдардан турган сегиз жүз миң аскери менен чыкты.

4 Ошондо Абиям Эпрайым тоолорунун бири Семарайым тоосунун чокусуна чыгып, мындай деди: «Жаробам менен Ысрайыл эли, мени уккула!

5 Силер Ысрайылдын Кудай-Теңири туз келишими боюнча Ысрайыл падышачылыгын Дөөткө жана анын уулдарына түбөлүккө бергенин билбейсиңерби?

6 Бирок Дөөттүн уулу Сулаймандын кулу, Небаттын уулу Жаробам өз мырзасына каршы болуп, козголоң чыгарды.

7 Анын тегерегине жеңил ойлуу, бузулган адамдар топтолуп, Сулаймандын уулу Рехабамга каршы чыгышты. Рехабам жаш, күч-кубаты аз болгондуктан, аларга туруштук бере албай калды.

8 Силер эми Дөөттүн уулдарынын колунда турган Теңирдин падышачылыгына каршы тура алабыз деп ойлоп жатасыңар, анткени силер көпсүңөр, Жаробам силерге кудай кылып берген алтын букачарларыңар бар.

9 Теңирдин ыйык кызмат кылуучуларын, Арундун уулдарын жана лебилерди кубалап, бөтөн жердин элине окшоп, өзүңөргө ыйык кызмат кылуучуларды коюп алган силер эмес белеңер? Өзүн арноо үчүн букачар, жети кочкор алып келген ар кимди силер жалган кудайларыңар үчүн ыйык кызмат кылуучу кылып аласыңар.

10 Ал эми биздин Кудай-Теңирибиз бар. Биз Аны таштаган эмеспиз, Теңирге Арундун уулдары, ыйык кызматчылар кызмат кылып жатышат. Лебилер да өз кызматтарын аткарып жатышат.

11 Алар ар күнү эртең менен да, кечинде да Теңирге арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды чалышат, жыпар жыттуу заттарды түтөтүшөт, таза алтындан жасалган үстөлдүн үстүнө нан курмандыктарын коюшат, ар күнү кечинде күйүп туруш үчүн, алтын чырактан менен анын чырактарын күйгүзүшөт, анткени биз өз Кудай-Теңирибиздин буйруктарын ыйык сактайбыз, ал эми силер болсо Аны таштап койдуңар.

12 Биздин башчыбыз – Кудай. Анын ыйык кызмат кылуучулары силерге каршы сурнай тартышат. Ысрайыл уулдары! Ата-бабаларыңардын Кудай-Теңирине каршы согушпагыла, анткени ийгиликке жетпейсиңер».

13 Ошол арада Жаробам алардын артына аскерлерин жөнөтүп, буктурма койдурду. Ошентип, өзү жүйүттөрдүн бет алдында турду, буктурма болсо алардын артында эле.

14 Жүйүттөр артын карашса, алдынан да, артынан да сокку уруп жатышыптыр. Ошондо алар Теңирге жалынып жиберишти, ыйык кызмат кылуучулар болсо сурнайларын тартып жиберишти.

15 Жүйүттөр кыйкырышты. Жүйүттөр кыйкырганда, Кудай Абиям менен Жүйүттүн көз алдында Жаробамды жана бардык ысрайылдыктарды талкалады.

16 Ысрайыл уулдары жүйүттөрдөн качып жөнөштү, Кудай аларды жүйүттөрдүн колуна салып берди.

17 Абиям менен анын эли аларды аябай кырды. Ысрайылдын беш жүз миң тандамал адамы кырылды.

18 Ошондон кийин Ысрайыл уулдары моюн сунушту. Жүйүт уулдары жеңишти, анткени алар өз ата-бабаларынын Кудай-Теңирине таянышкан.

19 Абиям Жаробамдын артынан кууп, анын шаарларын каратып алды: Бейтелди жана анын карамагындагы шаарларды, Жешанды жана анын карамагындагы шаарларды, Эпрайинди жана анын карамагындагы шаарларды каратып алды.

20 Жаробам Абиямдын тушунда күчүнө кирген жок. Аны Кудай өлтүрдү, ал өлдү.

21 Абиям болсо күч алды. Ал он төрт аялга үйлөнүп, жыйырма эки уулдуу, он алты кыздуу болду.

22 Абиямдын калган иштери, анын жүрүш-турушу, айткан сөздөрү Ыда пайгамбардын китебинде жазылган.

14-БӨЛҮМ

Аса падышанын эфиопиялыктарды талкалашы

1 Абиям көз жумуп, ата-бабаларына кошулду, аны Дөөттүн шаарына коюшту. Анын ордуна уулу Аса падыша болду. Анын тушунда ал жерде он жыл тынчтык болду.

2 Аса өз Кудай-Теңирине жаккан жакшы иштерди кылды.

3 Ал башка кудайлардын курмандык чалынуучу жайларын, бийик жердеги бутканаларын четке какты, балбалдарын кыйратты, Ашейра мамыларын кыйды.

4 Анан ал жүйүттөргө ата-бабаларынын Кудай-Теңирин издөөнү, Анын мыйзамдары менен буйруктарын аткарууну буйрук кылды.

5 Жүйүттүн бардык шаарларындагы балбалдар менен күнгө арналган эстеликтерди алып таштады. Анын убагында падышачылык тынч болду.

6 Ал Жүйүт аймагында бекем шаарларды курду, анткени ал жерде тынчтык өкүм сүрүп турган эле. Теңир ал жылдары бейкуттук бергендиктен, эч кандай согуш болгон жок.

7 Ал жүйүттөргө: «Бул шаарларды куруп чыгалы да, аларды чептер менен, мунаралар менен, дарбазалар менен, кулпулуу эшиктер менен бекители. Жер азырынча биздики, анткени биз өз Кудай-Теңирибизди издедик. Биз Аны издегендиктен, Ал бизге бардык тараптан бейпилдик берди», – деди. Алар шаарларды куруп, ийгиликке жетишти.

8 Асанын аскер күчтөрү өтө көп эле. Анын калкан, найза менен куралданган Жүйүт тукумунан үч жүз миң аскери, Бенжемин тукумунан жаа тартып, калкан менен куралданган эки жүз сексен миң эр жүрөк аскери бар эле.

9 Эфиопиялык Зерак бир миллион аскери, үч жүз майдан арабасы менен Асанын аскерине каршы Марейшага келди.

10 Аса ага каршы чыкты. Ал өзүнүн аскерлери менен Марейшанын жанындагы Сепата өрөөнүндө согушка даяр турду.

11 Ошондо Аса Теңирге: «Теңир! Алдууга да, алсызга да Сен гана жардам бере аласың. Кудайым, Теңирим, бизге жардам бер, анткени биз Сага таянабыз, биз бул сансыз душманга каршы Сенин атыңдан аттандык. Теңир! Сен биздин Кудайыбызсың, адам Сага каршы чыга албайт», – деп кайрылды.

12 Теңир эфиопиялыктарды Аса менен Жүйүттүн көз алдында талкалады. Эфиопиялыктар качып жөнөштү.

13 Аса өз эли менен аларды Герарга чейин кууп барды. Эфиопиялыктар кырылды, эч ким тирүү калган жок, анткени алар Теңирдин алдында, Анын жоокерлеринин алдында кырылышты. Аса өз аскери менен эбегейсиз көп олжого ээ болду.

14 Алар Герардын айланасындагы бардык шаарларды кыйратышты, анткени душманды Теңирдин коркунучу басты. Алар бардык шаарларды талап-тоноп, көп олжо алып кетишти.

15 Ошондой эле малчылардын чатырларын кыйратып, өтө көп майда малды, төөлөрдү айдап алып Иерусалимге кайтышты.

15-БӨЛҮМ

Кудай менен түзүлгөн келишимдин жаңыланышы

1 Ошондо Одейттин уулу Азарияга Кудайдын Руху түштү.

2 Ал Асанын алдынан чыгып, мындай деди: «Аса, Жүйүт менен Бенжемин эли, мени уккула! Силер Теңир менен болсоңор, Ал силер менен болот! Эгерде силер Аны издесеңер, Аны табасыңар. Эгерде силер Аны таштасаңар, Ал силерди таштайт.

3 Ысрайылдын чыныгы Кудайсыз, үйрөтүүчү ыйык кызмат кылуучусуз жана мыйзамсыз жашаган күндөрү көп болгон.

4 Бирок ал эл кысталып-кыйналганда, Ысрайылдын Кудай-Теңирине кайрылып, Аны издегенде, Ал ага Өзүн ачып берген.

5 Ошол учурларда кире турганга да, чыга турганга да тынчтык болгон эмес, анткени жер жүзүндөгү бардык элдер чоң дүрбөлөңгө түшкөн.

6 Бир эл бир эл менен, бир шаар бир шаар менен согушкан, анткени Кудай алардын башына ар кандай мүшкүл түшүрүп, дүрбөлөңгө салган.

7 Бирок силер кайраттангыла, ындыныңарды өчүрбөгүлө, анткени кылган иштериңер үчүн сыйлык аласыңар».

8 Аса бул сөздөрдү жана пайгамбар Одейттин уулунун пайгамбарчылыгын укканда, кайраттанып, Жүйүт менен Бенжеминдин бүт жеринен, Эпрайым тоосундагы өзү басып алган шаарлардан бутпарастардын жийиркеничтерин жок кылып, Теңир үйүнүн алдында турган курмандык чалынуучу жайды калыбына келтирди.

9 Жүйүт менен Бенжемин элин жана алардын арасында жашап жаткан Эпрайымдын, Менашенин, Шымондун тукумун чогултту. Анткени Кудай-Теңир аны менен экенин көргөн ысрайылдыктардын көбү ал тарапка өтүп кетишти.

10 Асанын падышачылык кылганына он беш жыл, үч ай болгондо, алар Иерусалимге чогулушту.

11 Ошол күнү алар олжолоп келген малдардан: бодо малдан жети жүздү, майда малдан жети миңди Теңирге арнап курмандыкка чалышты.

12 Алар ата-бабаларыбыздын Кудай-Теңирин чын жүрөктөн, жан-дилибиз менен издейбиз деп келишим түзүштү.

13 Ал эми Ысрайылдын Кудай-Теңирин ким издебесе, ал кичине болобу, чоң болобу, эркек болобу, аял болобу, өлүшү керек.

14 Алар сурнайлар менен мүйүздөрдүн жаңырыгы астында кыйкырып, Теңирге ант беришти.

15 Бул антка бардык жүйүттөр сүйүнүштү, анткени алар Кудайга чын жүрөгүнөн ант беришкендиктен, Кудайды ынтаа коюп издешкендиктен, Ал Өзүн ачып берди. Теңир аларга бардык тараптан бейпилдик берди.

16 Аса падыша өз энеси Мааханы Ашейра бурканын жасап алганы үчүн, ханышалыктан ажыратты. Аса падыша анын жасаган жыгач бурканын талкалап, майда бөлүктөргө бөлүп, Кидрон өрөөнүндө өрттөп жиберди.

17 Ысрайылдагы бийик жердеги бутканалар жок кылынган жок. Бирок Аса өмүрүнүн акырына чейин жүрөгүн толугу менен Теңирге арнаган.

18 Ал атасы арнаган тартууларды, өзүнүн тартууларын: алтын, күмүш, асыл идиштерди Кудайдын үйүнө алып кирди.

19 Аса падышачылык кылган отуз беш жылдын ичинде эч согуш болгон жок.

16-БӨЛҮМ

Аса менен Бенадаттын ортосундагы келишим

1 Асанын падышачылыгынын отуз алтынчы жылында Ысрайыл падышасы Бааша Жүйүт аймагына каршы көтөрүлдү. Жүйүт падышасы Асага эч ким өтүп кетпесин деп, Бааша Раманы кура баштады.

2 Аса Теңирдин үйү менен падыша үйүнүн казынасынан алтын-күмүштөрдү алып чыгып, Дамаскта жашаган Сирия падышасы Бенадатка жөнөтүп, мындай деп айттырды:

3 «Менин атам менен сенин атаңдын ортосундагыдай, экөөбүздүн ортобузда да тынчтык келишими болсун. Мен сага алтын-күмүш жөнөттүм, Ысрайыл падышасы Бааша менен түзгөн келишимиңди буз, ал менин жанымдан артка чегинсин».

4 Бенадат падыша Асанын тилин алып, өз аскер башчыларын Ысрайылдын шаарларына каршы жөнөттү. Алар Ийон, Дан, Абел-Майымды жана азык-түлүктөрүнүн баары сакталган Напталы шаарларын талкалашты.

5 Бааша бул тууралуу укканда, Раманы курууну токтотту. Ошентип, ал өз ишин токтотту.

6 Аса падыша жүйүттөрдүн баарын чогултуп, Баашанын курулуш үчүн колдонгон таштары менен жыгачтарын Рамадан ташып кетти да, алардан Гиба менен Миспаны курду.

Ханани пайгамбардын Асаны жемелеши

7 Ошол учурда көрөгөч Ханани Жүйүт падышасы Асага келип, ага мындай деди: «Сен өз Кудай-Теңириңе таянбай, Сирия падышасына таянгандыгың үчүн, Сирия падышасынын аскерлери колуңдан качып кутулуп кетти.

8 Эфиопиялыктар менен луптуктар сага караганда күчтүү эмес беле, алардын майдан арабалары менен атчан аскерлери сансыз көп эмес беле? Бирок сен Теңирге таянгандыктан, Теңир аларды сенин колуңа салып берген.

9 Анткени Теңир Өзүнө жүрөгүн толугу менен берген адамдарды колдош үчүн, бүт жер жүзүн карап турат. Сен азыр акылсыз иш кылдың. Ошон үчүн мындан ары сага каршы согуш болуп турат».

10 Аса көрөгөчкө ачууланып, аны зынданга камады. Ал ачуулангандыктан ушундай кылды. Ошол учурда Аса эл ичиндеги кээ бир адамдарды да кысымга алды.

Асанын оорушу жана көз жумушу

11 Асанын алгачкы жана акыркы иштери Жүйүт менен Ысрайыл падышаларынын китебинде жазылган.

12 Падышачылыгынын отуз тогузунчу жылында, Асанын буту ооруп, бутунун оорусу өйдөлөп отуруп, жогорку мүчөлөрүнө жетти. Бирок ал ооруп жатканда, Теңирди издебей, дарыгерлерге кайрылды.

13 Ошентип, Аса көз жумуп, ата-бабаларына кошулду, ал падышачылыгынын кырк биринчи жылында көз жумду.

14 Аны Дөөттүн шаарына, өзү салган мүрзөгө коюшту. Аны жыпар жыттуу заттар, ар кандай майлар коюлган орунга жаткырышты жана анын урматына сансыз көп заттарды күйгүзүштү.

17-БӨЛҮМ

Жошапаттын падыша болушу

1 Асанын ордуна уулу Жошапат падыша болду. Ал ысрайылдыктар менен согушууга күч топтоду.

2 Ал Жүйүт аймагынын чыңдалган бардык шаарларына аскерлерин койду. Жүйүттүн бардык жерлерине, атасы Аса каратып алган Эпрайымдын шаарларына күзөт аскерлерин койду.

3 Теңир Жошапат менен болду, анткени ал өз атасы Дөөттүн алгачкы жолу менен жүрдү, Баалдарга табынган жок.

4 Ал атасынын Кудайын издеп, Анын осуяты менен жүрдү, ал эми ысрайылдыктардын кылгандарын кылган жок.

5 Теңир анын падышачылыгын бекемдеди. Жүйүттөрдүн бардыгы ага тартууларын берип турушту. Ал көп байлыкка, атак-даңкка ээ болду.

6 Ал Теңирдин жолунда кайраттанды. Ал бийик жерлердеги бутканаларды да, Жүйүт аймагындагы Ашейра мамыларын да алып таштады.

7 Падышачылыгынын үчүнчү жылында ал өз төрөлөрү: Бен-Кайылды, Обадияны, Захарияны, Натанаелди, Михейди элди үйрөтүүлөрү үчүн, Жүйүттүн шаарларына жөнөттү.

8 Аларга кошуп: Шемая, Нетания, Зебадия, Асаел, Шемирамот, Жонатан, Адония, Тобия, Тоб-Адония деген лебилерди жана Элишама, Жорам деген ыйык кызмат кылуучуларды жөнөттү.

9 Алар Теңирдин мыйзам китебин өздөрү менен кошо алып жүрүп, Жүйүт аймагынын бардык шаарларын кыдырып, элди окутуп жатышты.

Жошапат падышанын күчү

10 Ошондо Жүйүт аймагынын тегерегиндеги жерлердин бардык падышачылыктарына Теңирден коркунуч туулду. Ошондуктан алар Жошапат менен согушушкан жок.

11 Пелиштиликтер болсо Жошапатка тартууларды жана салыкка күмүш алып келишти. Аравиялыктар да майда малдан: жети миң жети жүз кочкор, жети миң жети жүз теке айдап келишти.

12 Жошапат күч алгандан күч алып, Жүйүт аймагына чептерди жана азык-түлүк сактоо үчүн шаарларды курду.

13 Анын Жүйүт шаарларында сактап койгон азык-түлүгү өтө көп эле, ал эми Иерусалимде эр жүрөк аскер адамдары турду.

14 Алардын өз уруулары боюнча тизмеси: Жүйүттүн миң башылары: аскер башчы Адна, анын үч жүз миң эң мыкты жоокери болгон;

15 Андан кийин аскер башчы Жоханан, анын эки жүз сексен миң жоокери болгон;

16 Андан кийин Теңирге берилген Зихринин уулу Аматсия, анын эң мыкты эки жүз миң жоокери болгон;

17 Бенжеминден: мыкты жоокер Элийада, анын калкан, жаа менен куралданган эки жүз миң жоокери болгон;

18 Андан кийин Жейозабат турат, анын курал-жарактуу жүз сексен миң жоокери болгон;

19 Жүйүт аймагынын бардык чыңдалган шаарларына падыша калтырган аскерлерден тышкары падышага кызмат кылган жоокерлер ушулар.

18-БӨЛҮМ

Ахап менен Михей пайгамбар

1 Жошапат көп байлыкка, атак-даңкка ээ болду. Анан ал Ахап менен туугандашты.

2 Ал бир нече жылдан кийин Самариядагы Ахапка барды. Ахап ага жана аны менен келген адамдарга көп бодо мал менен майда мал союп, аны Гилаттын Рамотуна кол салууга көндүрдү.

3 Ысрайыл падышасы Ахап Жүйүт падышасы Жошапатка: «Мени менен Гилаттын Рамотуна барасыңбы?» – деди. Ал ага: «Сен кандай болсоң, мен да ошондоймун. Сенин элиң кандай болсо, менин элим да ошондой. Сени менен согушка барам!» – деди.

4 Жошапат Ысрайыл падышасына: «Бүгүн Теңирден сура, Ал эмне дээр экен?» – деди.

5 Ысрайыл падышасы пайгамбарлардан төрт жүз адамды чогултуп, аларга: «Гилаттын Рамоту менен согушууга барсак болобу же болбойбу?» – деди. Алар: «Баргыла, Кудай аны падышанын колуна салып берет» – деп айтышты.

6 Жошапат: «Бул жерде дагы Теңирдин пайгамбары барбы? Ошондон сурап көрөлүчү», – деди.

7 Ысрайыл падышасы Жошапатка: «Дагы бир киши бар, ал аркылуу Теңирден сурасак болот, бирок мен аны жактырбайм, анткени ал мен тууралуу жакшы пайгамбарчылык кылбайт, дайыма жаман пайгамбарчылык кылат. Ал – Жимланын уулу Михей», – деди. Жошапат: «Андай дебе, падыша», – деди.

8 Ысрайыл падышасы бир эбнухту чакырып: «Тезирээк барып, Жимланын уулу Михейди алып кел», – деди.

9 Ысрайыл падышасы менен Жүйүт падышасы Жошапат, ар бири өз тагында падыша кийимдерин кийип отурушту. Алар Самария дарбазасынын алдындагы аянтта отурушту, бардык пайгамбарлар алардын алдында пайгамбарчылык кылып жатышты.

10 Кенаананын уулу Ситкия маңдайына темир мүйүздөрдү кармап туруп, мындай деди: «“Сен булар менен сириялыктарды өлтүрө сүзөсүң”, – деп жатат Теңир».

11 Пайгамбарлардын бардыгы пайгамбарчылык кылып: «Гилаттын Рамотуна бар, жеңишке жетесиң, Теңир аларды падышанын колуна салып берет», – дешти.

12 Михейди чакырып келгени кеткен киши ага келип: «Пайгамбарлардын бардыгы бир ооздон падышанын жолу болот деп жатышат, сенин сөзүң да булардын айтканындай болсун, сен да жакшы сөз айт», – деди.

13 Михей: «Теңир тирүү, Кудай эмне десе, мен ошону айтам», – деди.

14 Анан ал падышага келди, падыша ага: «Михей, биз Гилаттын Рамоту менен согушууга барсак болобу же болбойбу?» – деди. Тиги: «Баргыла, жеңишке жетесиңер, алар колуңарга салынып берилет», – деди.

15 Падыша ага: «Мага Теңирдин атынан чындыкты гана айтышың үчүн, канча жолу ант бердирейин?» – деди.

16 Михей мындай деди: «Бүт Ысрайыл уулдарынын кайтаруучусу жок жайылган койлордой тоо-тоого чачырап кеткенин көрдүм. Ошондо Теңир: “Булардын башчысы жок, ар кимиси өз үйүнө тынчтык менен кайтсын”, – деди».

17 Ошондо Ысрайыл падышасы Жошапатка: «Мен сага айтпадым беле, бул мен жөнүндө жакшы пайгамбарчылык кылбайт, жалаң гана жаман пайгамбарчылык кылат», – деди.

18 Михей: «Теңирдин сөзүн уккула: Мен Өз тагында отурган Теңирдин Өзүн көрдүм, бардык асман кошуундары Анын оң кол тарабында да, сол кол тарабында да турушуптур.

19 Теңир: “Гилаттын Рамоту менен согушууга барып өлүшү үчүн, Ысрайыл падышасы Ахапты ким азгырат?” – деди. Бири мындай, бири тигиндей деп айтышты.

20 Теңирдин алдына бир рух келип: “Аны мен азгырам”, – деди. Теңир андан: “Эмне менен?” – деп сурады.

21 Ал: “Мен чыгам да, анын пайгамбарларынын оозунда жалган рух болом”, – деди. Теңир: “Сен аны азгыра аласың, муну кыла аласың, бар, так ошондой кыл”, – деди.

22 Мына эми Теңир сенин пайгамбарларыңдын оозуна жалган рухтун кирүүсүнө жол берди, Теңир сен жөнүндө жакшы нерсе айткан жок», – деди.

23 Кенаананын уулу Ситкия келип, Михейди жаакка чаап: «Теңирдин Руху сен аркылуу сүйлөгүдөй, менден Ал кайсы жол менен кетип калды?» – деди.

24 Ошондо Михей: «Мына, сен муну жашыныш үчүн бөлмөдөн бөлмөгө чуркап жүргөн күнү көрөсүң», – деди.

25 Ысрайыл падышасы мындай деди: «Михейди алгыла да, шаар башчысы Амон менен падышанын уулу Жаашка алып барып,

26 аларга: “Муну зынданга салгыла, мен аман-эсен кайтып келгенче, бир аз нан менен суу берип багып тургула”, – деп падыша айтты дегиле».

27 Ошондо Михей: «Эгерде сен аман-эсен келсең, анда Теңир мен аркылуу сүйлөгөн жок», – деди. Анан: «Муну баарыңар уккула, калайык!» – деди.

Ахаптын өлүшү

28 Ысрайыл падышасы Ахап менен Жүйүт падышасы Жошапат Гилаттын Рамоту менен согушууга жөнөштү.

29 Ысрайыл падышасы Жошапатка: «Мен башка кийим кийип, салгылашка кирем, сен болсо өзүңдүн падыша кийимиңди кий», – деди. Ысрайыл падышасы башка кийим кийип, салгылашка кирди.

30 Сирия падышасы өзүнүн майдан арабаларынын башчыларына: «Чоңу менен да, кичинеси менен да салгылашпагыла, Ысрайыл падышасы менен гана салгылашкыла», – деди.

31 Майдан арабалардын башчылары Жошапатты көрүп: «Ысрайыл падышасы ушул», – деп ойлоп, аны менен салгылашуу үчүн курчоого алышты. Бирок Жошапат кыйкырып жиберди, Теңир ага жардамга келди, Кудай аларды андан буруп кетти.

32 Майдан арабаларынын башчылары анын Ысрайыл падышасы эмес экенин көрүп, андан бурулуп кетишти.

33 Ошол арада бир кишинин тартып жиберген жебеси капысынан Ысрайыл падышасына тийди. Жебе падыша кийип жүргөн сооттун бириккен жеринен өтүп кетип аны жарадар кылды. Падыша арабакечине: «Артка тарт, мени аскерлердин арасынан алып кет, анткени мен жарадар болуп калдым», – деп айтты.

34 Бирок ал күнкү салгылаш күч алып кетти. Ысрайыл падышасы кечке чейин майдан арабасында сириялыктардын каршысында туруп, күн батып бара жатканда өлдү.

19-БӨЛҮМ

Жейунун Жошапатты жемелеши

1 Жүйүт падышасы Жошапат Иерусалимдеги өз үйүнө тынчтык менен кайтты.

2 Хананинин уулу көрөгөч Жейу Жошапат падышанын алдынан чыгып, ага мындай деди: «Эмне үчүн мыйзамсызга жардам бердиң, эмне үчүн Теңирди жек көргөндү жакшы көрдүң? Ушундай кылганың үчүн Теңир сага каарданып жатат.

3 Бирок сенин жакшы иштериң да бар, анткени сен Жүйүт жериндеги Ашейра мамыларын жок кылдың, жүрөгүңдү Теңирди издөөгө бурдуң».

Кудайга туура кызмат кылуунун калыбына келтирилиши

4 Жошапат Иерусалимде жашап турду. Ал Бейер-Шебадан Эпрайым тоосуна чейин жашаган элин кайра кыдырып, аларды ата-бабаларынын Кудай-Теңирине бурду.

5 Жүйүт аймагындагы бардык чыңдалган шаарлардын ар бирине өз башкаруучуларын койду.

6 Ал башкаруучуларга мындай деп айтты: «Силер эмне кылып жатканыңарды байкагыла. Силер адамдын эмес, Теңирдин өкүмүн чыгарып жатасыңар. Өкүм чыгарган иштериңерде Ал силер менен болот.

7 Ошондуктан силерде Теңирдин коркунучу болсун. Абайлап иш жүргүзгүлө, анткени биздин Кудай-Теңирде адилетсиздик, эки жүздүүлүк, паракордук болбойт».

8 Жошапат Иерусалимде лебилерден, ыйык кызмат кылуучулардан, Ысрайылдын уруу башчыларынан Теңирдин сотун жүргүзүүгө жана талаш-тартыштарды чечүүгө дайындап, Иерусалимге кайтты.

9 Жошапат аларга мындай деп буйрук кылды: «Кудайдан коркуп, берилгендик менен, таза жүрөгүңөр менен иштегиле.

10 Өз шаарларында жашаган бир туугандарыңар кан төгүү тууралуу, же мыйзам тууралуу, же осуят, көрсөтмө, каада-салт тууралуу чыр-чатактары менен келишсе, алар Теңирдин алдында айыпка жыгылбашы үчүн, өзүңөргө жана бир туугандарыңарга Теңирдин каары төгүлбөшү үчүн, аларга акыл-насаат айткыла. Ушундай кылгыла, ошондо күнөөгө батпайсыңар.

11 Мына, Теңирдин ар кандай иштеринде силерди сурай турган башкы ыйык кызмат кылуучу Амария, ал эми падышанын ар кандай иштеринде калыстык кыла турган Жүйүт тукумунун төрөсү Ысмайыл уулу Зебадия жана көзөмөлдөөчү лебилер алдыңарда турат. Бекем болгула, иш жүргүзгүлө, ошондо Теңир адилет киши менен болот».

20-БӨЛҮМ

Жошапаттын сыйынуусунун жообу

1 Ошондон кийин мааптыктар менен амондуктар жана Маон өлкөсүнүн айрым адамдары Жошапат менен согушууга жөнөштү.

2 Жошапатка: «Деңиздин ары жагынан, Сириядан сага каршы аттанган кара кол келе жатат, алар Хасатсон-Тамарга, башкача айтканда, Эйин-Гедиге келип калышты», – деп айтып келишти.

3 Ошондо Жошапат коркуп, Теңирди издеш үчүн жүзүн бурду жана бүткүл Жүйүт аймагына орозо жарыялады.

4 Жүйүттөр Теңирден жардам суроого жыйналышты. Алар Жүйүттүн бардык шаарларынан келип, жалынып-жалбарып, Теңирден жардам сурашты.

5 Жошапат Теңир үйүнүн жаңы короосунун алдында, жүйүттөр менен иерусалимдиктердин арасында туруп, мындай деди:

6 «Теңир, ата-бабаларыбыздын Кудайы! Асмандагы Кудай Сенсиң. Бардык элдердин падышачылыгына бир Өзүң бийлик кыласың, күч да, кубат да Өзүңдүн колуңда, Сага каршы чыккан эч ким туруштук бере албайт!

7 Кудайыбыз, Өз элиң Ысрайылдын алдынан ушул жердин элин кууп чыккан, ал жерди Өзүңдүн досуң Ыбрайымдын тукумуна түбөлүккө берген Сен эмес белең!

8 Алар бул жерге отурукташып, Сенин ысымыңа арнап ыйык жай куруп, мындай дешкен:

9 “Биздин башыбызга мүшкүл түшкөндө: жазалоочу кылыч, же жугуштуу оору, же ачарчылык түшкөндө, биз ушул үйгө, Сенин алдыңа келебиз, анткени бул үйдө Өзүңдүн ысымың турат. Кыйын-кысталышта биз Сени чакырсак, Сен биздин үнүбүздү угуп, куткарып каласың”.

10 Азыр бул жерге амондуктар, мааптыктар жана Сеир тоосунда жашагандар келишти. Ысрайылдыктар Мисирден чыгып келе жатканда, Сен булардын жеринен өтпөгүлө дегенсиң, ошондуктан алар айланып өтүп, буларды тукум курут кылган эмес.

11 Эми алар ошол жакшылыгыбызга жамандык менен жооп берип жатышат. Өзүң бизге мурастап берген, Өзүң ээлик кылган жерден бизди кууп чыкканы келишти.

12 Кудайыбыз! Буларды Өзүң жазала. Анткени бизди каптап келе жаткан бул кара колго каршы турууга биздин күчүбүз жетпейт, эмне кыларыбызды билбейбиз, бирок биздин көзүбүз Сенде!»

13 Бүт Жүйүт эли бала-бакырасы, аялдары, эр жигиттери менен Теңирдин алдында турушту.

14 Ошондо жамааттын ортосунда турган леби Жахазиелге Теңирдин Руху түштү. Жахазиел – Захариянын уулу, Захария – Бенаянын уулу, Беная – Жейелдин уулу, Жейел – Асаптын уулдарынан чыккан Матаниянын уулу.

15 Ошондо ал мындай деди: «Жүйүттөр, Иерусалим тургундары жана падыша Жошапат, баарыңар уккула! Теңир силерге мындай дейт: “Коркпогула, каптап келе жаткан кара колдон үрөйүңөр учпасын, анткени бул согуш силердики эмес, Кудайдыкы.

16 Эртең аларга каршы чыгасыңар. Азыр алар Сис дөңсөөсүнө чыгып келе жатышат, силер аларды өрөөндүн аягынан, Жеруел чөлүнүн алдынан табасыңар.

17 Бул жолу силер согушпайсыңар. Силер карап тургула, Теңирдин силерге жиберген куткаруусун көрөсүңөр. Жүйүт менен Иерусалим! Коркпогула да үрөйүңөрдү учурбагыла! Эртең аларга каршы чыгасыңар, Теңир силер менен болот”».

18 Жошапат жерге жете таазим этти. Жүйүт эли менен Иерусалим тургундары да Теңирге таазим кылып, Анын алдына жыгылышты.

19 Каат уулдары менен Корак уулдарынан чыккан лебилер туруп, катуу үн менен Ысрайылдын Кудай-Теңирин мактап ырдашты.

20 Алар эртең менен эрте туруп, Текоя чөлүнө бет алышты. Алар жолго чыкканда, Жошапат өйдө туруп, мындай деди: «Жүйүттөр менен Иерусалим тургундары, мени уккула! Өзүңөрдүн Кудай-Теңириңерге ишенгиле, бекем тургула. Анын пайгамбарларына ишенгиле, ошондо ийгиликке жетесиңер».

21 Ал эл менен кеңешип, Теңирге ырдай турган ырчыларды койду. Аларды куралдуу аскерлердин алдында ыйыктыкты сактап: «Теңирди даңктагыла, анткени Анын ырайымы түбөлүктүү!» – деп Теңирди даңазаласын деп койду.

22 Алар Теңирди даңктап, даңазалап бара жатканда, Теңир Жүйүт аймагындагыларга каршы келе жаткан амондуктар менен мааптыктардын жана Сеир тоосунда жашагандардын ыркын кетирип, ортосуна бүлүк түшүрдү. Алар кырылып калышты.

23 Анткени амондуктар менен мааптыктар Сеир тоосунда жашагандарга каршы чыгышып, аларды өлтүрүштү. Аларды кырып бүткөндөн кийин, бири-бирин кырып салышты.

24 Жүйүттөр чөлдөгү дөбөгө келгенде, калың колду карашса, өлүктөр экен, бир да тирүү жан калбаптыр.

25 Жошапат эли менен олжону алганы келди. Алар абдан көп мал-мүлк, кийим-кече, кымбат баалуу асыл буюмдарды алышты. Олжонун көптүгүнөн көтөрө албай жатышты. Олжо ушунчалык көп болгондуктан, алар аны үч күн ташышты.

26 Ал эми төртүнчү күнү Бата өрөөнүнө чогулуп, Теңирди даңкташты. Ошондуктан ал жерди бүгүнкү күнгө чейин Бата өрөөнү дешет.

27 Жошапат башында турган Жүйүт аймагындагылар менен иерусалимдиктер Иерусалимге кубаныч менен кайтышты, анткени Теңир аларга душманынын үстүнөн жеңиш берди.

28 Алар Иерусалимдеги Теңирдин үйүнө арфа, лира, сурнай менен келишти.

29 Жер жүзүндөгү бардык падышачылыктар Ысрайылдын душмандары менен Теңир Өзү салгылашканын угушканда, Кудайдан коркуп калышты.

30 Ошентип, Жошапаттын падышачылыгы тынчтанып калды. Анын Кудайы ага туш тарабынан тынчтык берди.

Жошапаттын көз жумушу

31 Жошапат Жүйүт аймагына мына ушундай падышачылык кылды. Ал падыша болуп такка отурганда, отуз беш жашта эле. Ал Иерусалимде жыйырма беш жыл падышачылык кылды. Анын энесинин аты – Азуба, ал – Шилхинин кызы.

32 Ал өз атасы Асанын жолу менен жүрүп, анын жолунан оңго да, солго да кыйшайган жок, Теңирге жаккан иштерди кылды.

33 Бирок бийик жерлердеги бутканалар гана жок кылынган жок, эл да ата-бабаларынын Кудайына жүрөктөрүн толугу менен бура элек эле.

34 Жошапаттын алгачкы жана акыркы иштери Ханани уулу Жейунун жазууларында жазылган, алар Ысрайыл падышаларынын китебине киргизилген.

35 Бирок ошондон кийин Жүйүт падышасы Жошапат мыйзамсыз иштерди кылган Ысрайыл падышасы Ахазай менен келишим түздү.

36 Аны менен келишим түзгөнүнүн себеби Таршышка жөнөтүш үчүн, кемелерди жасатуу керек эле. Кемелерди алар Этсион-Геберде жасашты.

37 Марейшадан чыккан Додабайдын уулу Элиезер Жошапатка пайгамбарчылык кылып: «Ахазай менен келишим түзгөндүгүң үчүн, Теңир кылган ишиңди талкалайт», – деди. Ошондо кемелери талкаланып, Таршышка бара албай калышты.

21-БӨЛҮМ

1 Жошапат көз жумуп, ата-бабалары жаткан Дөөттүн шаарына коюлду. Анын ордуна уулу Жорам падыша болду.

Жорамдын Жүйүткө падыша болушу

2 Анын бир туугандары, Жошапаттын уулдары: Азария, Жехиел, Захария, Азария, Михаел, Шепатия. Булардын баары Жүйүт падышасы Жошапаттын уулдары эле.

3 Атасы аларга алтын, күмүш, кымбат баалуу буюмдарды, Жүйүт аймагындагы чыңдалган шаарларды берди. Падышачылыгын болсо, тун баласы болгондуктан, Жорамга берди.

4 Жорам такка отургандан кийин, бийлигин бекемдеди да, өзүнүн бардык бир туугандарын жана Ысрайылдын кээ бир төрөлөрүн кылычтап өлтүрдү.

5 Жорам такка отурганда, отуз эки жашта болчу, ал Иерусалимде сегиз жыл падышачылык кылды.

6 Ал Ысрайыл падышаларынын жолу менен жүрүп, Ахаптын тукуму кандай иш кылса, ошондой иш кылды, анткени Ахаптын кызы анын аялы эле, ошондуктан Теңирге жакпаган иштерди кылды.

7 Бирок Теңир Дөөт менен түзгөн келишими үчүн, Дөөттүн тукумун кыйраткысы келген жок, анткени ага жана анын уулдарына түбөлүккө чырак берем деп убада кылган.

8 Анын убагында Эдом Жүйүттүн бийлиги астынан чыгып, өзүнө падыша коюп алды.

9 Жорам аскер башчылары менен, майдан арабалары менен жөнөдү. Анан ал түн ичинде туруп, аны курчап калган эдомдуктарды майдан арабаларынын башчылары менен кошо талкалады.

10 Бирок Эдом бүгүнкү күнгө чейин Жүйүттүн бийлигинен чыгып кеткен. Ошол учурда анын бийлигинен Либна да чыкты, анткени ал өз ата-бабаларынын Кудай-Теңирин таштап салган.

11 Ал Жүйүт аймагынын тоолоруна бутканаларды куруп, Иерусалимде жашагандарды жолунан адаштырып, жүйүт элин да азгырды.

12 Ошондо ага Илияс пайгамбардан мындай кат келди: «Сенин атаң Дөөттүн Кудай-Теңири мындай дейт: “Атаң Жошапаттын жолу менен жана Жүйүт падышасы Асанын жолу менен жүрбөгөнүң үчүн,

13 тескерисинче, Ысрайыл падышаларынын жолу менен кетип, Жүйүт аймагындагыларды жана Иерусалимде жашагандарды Ахаптын тукуму жолдон адаштыргандай адаштыргандыгың үчүн, кала берсе, атаңдын тукумун, сенден жакшы бир туугандарыңды өлтүргөнүң үчүн,

14 Теңир сенин элиңди, балдарыңды, аялдарыңды жана бүт мал-мүлкүңдү кырып жок кылат.

15 Өзүңө болсо катуу ички оору жиберет, күн өткөн сайын ошол оорудан ички мүчөлөрүң түшө баштайт”».

16 Теңир Жорамга каршы пелиштиликтердин жана Эфиопияга жанаша жаткан аравиялыктардын рухун козгоду.

17 Алар Жүйүт аймагына каршы чыгып, аны басып кирип, падышанын үйүндөгү бүт мүлктөрүн, аялдарын, балдарын чаап кетишти. Анын кенже уулу Ахазай гана калды.

18 Ушундан кийин Теңир анын ички мүчөлөрүн айыкпас дартка кабылтты.

19 Ал дарт күндөн күнгө күчөп, экинчи жылдын аягында ал дарттан анын бүтүндөй ички мүчөлөрү түшүп калды. Ал абдан кыйналып жатып өлдү. Эл анын аталарына кылгандай, жыпар жыттуу зат күйгүзгөн жок.

20 Ал падыша болгондо отуз эки жашта эле, ал Иерусалимде сегиз жыл падышачылык кылды. Бирок эл аны жоктоп, кошок кошкон жок. Ал да Дөөттүн шаарына коюлду, бирок ал падышалар жаткан жайга коюлган жок.

22-БӨЛҮМ

Ахазайдын Жүйүткө падыша болушу

1 Иерусалим тургундары атасынын ордуна анын кенже баласы Ахазайды падыша көтөрүштү, анткени анын агаларынын баарын аравиялыктар менен келген каракчылар өлтүрүп салышкан. Ошентип, Жүйүт падышасы Жорамдын уулу Ахазай падыша болду.

2 Ахазай падыша болгондо жыйырма эки жашта эле, ал Иерусалимде бир жыл падыша болду. Анын энесинин аты – Аталея, ал Омринин кызы болчу.

3 Ал да Ахап тукумунун жолуна түштү, анткени энеси ага мыйзамсыз иштерди кылууга кеңеш берчү.

4 Ал Ахаптын тукумуна окшоп, Теңирге жакпаган иштерди кылды, анткени атасы өлгөндөн кийин, энеси ага кеңешчи болуп калган, энесинин кеңештери аны өлүмгө алып келди.

5 Ошондой эле алардын кеңеши боюнча ал Ысрайыл падышасы, Ахаптын уулу Жейорам менен Сирия падышасы Хазаелге каршы Гилаттын Рамотуна согушка барды. Жейорамды сириялыктар жарадар кылышты.

6 Ал Сирия падышасы Хазаел менен согушуп жатканда, Рамада жарадар болуп, Изрейелге дарыланууга кайтып келди. Жүйүт падышасы Жорамдын уулу Ахазай Ахаптын уулу Жейорамды көргөнү Изрейелге келди, анткени ал ооруп жаткан.

7 Бул Ахазайдын Жейорамга келип өлүшү үчүн Кудайдан болду. Анткени ал келери менен Жейорамга кошулуп, Нимши уулу Жейуга каршы чыкты, Жейуну болсо Теңир Ахаптын тукумун жок кылыш үчүн дайындаган.

8 Жейу Ахаптын тукумун жазалап жатканда, Ахазайга кызмат кылган Жүйүттүн төрөлөрүн жана Ахазайдын бир туугандарынын балдарын көрүп, аларды да кырып салды.

9 Ал Ахазайды тапкыла деп буйруду. Аны Самарияга жашынган жеринен таап алышып, Жейунун алдына алып келип өлтүрүп, көргө коюшту. Анткени: «Ал Теңирге бүт жүрөгү менен берилген Жошапаттын баласы», – дешти. Ошентип, Ахазайдын тукумунан падыша боло турган эч ким калган жок.

Аталея ханыша

10 Ахазайдын энеси Аталея, уулунун өлгөнүн көрүп, Жүйүт уруусундагы падышанын тукумун бүт бойдон кырып салды.

11 Бирок Жорам падышанын кызы Жешеба Ахазайдын уулу Жаашты өлтүрүлө турган падышанын уулдарынын арасынан уурдап чыгып, аны баккан аял менен кошо өзү жата турган бөлмөгө жашырып койду. Ошентип, Жорам падышанын кызы, ыйык кызмат кылуучу Жойаттын аялы, Ахазайдын карындашы Жешеба Жаашты Аталеядан жашырып койду. Ошондуктан Аталея аны өлтүрө албай калды.

12 Ал Кудайдын үйүндө, алардыкында алты жыл жашынып жатты. Аталея болсо ал жерде падышачылык кылып турду.

23-БӨЛҮМ

Аталеяга каршы көтөрүлүш

1 Бирок жетинчи жылы Жойат күч алып, жүз башчылар: Жерохам уулу Азария, Жоханан уулу Ысмайыл, Обейт уулу Азария, Адая уулу Маасея, Зихри уулу Элишапат менен келишим түздү.

2 Алар бүткүл Жүйүт аймагын кыдырып, бардык Жүйүт аймагынын шаарларынан лебилер менен Ысрайыл тукумунун уруу башчыларын чогултуп, Иерусалимге келишти.

3 Чогулган жыйын Кудай үйүндө падыша менен келишим түздү. Жойат аларга мындай деди: «Теңир Дөөттүн тукуму жөнүндө айткандай, падышанын уулу падыша болушу керек.

4 Силер эми мындай кылгыла: ишембиде келе турган силердин ыйык кызмат кылуучуларыңар менен лебилериңердин үчтөн бир бөлүгү дарбазачы болуп босогодо турушат,

5 дагы үчтөн бир бөлүгүңөр падыша үйүндө, калган үчтөн бир бөлүгүңөр Жесот дарбазасында турасыңар. Ал эми бүт эл Теңир үйүнүн короосунда болот.

6 Теңирдин үйүнө ыйык кызмат кылуучулар менен кызмат кылган лебилерден тышкары эч ким кирбесин. Алар гана кирүүгө акылуу, анткени алар ыйыкталышкан. Калган эл Теңирдин үйүн кайтарып турсун.

7 Лебилер падышаны туш тараптан курчап турушсун, ар биринин колунда курал болсун, ийбадатканага ким кирсе, ал өлтүрүлсүн. Падыша киргенде жана чыкканда, силер дайыма анын жанында болгула».

8 Ыйык кызмат кылуучу Жойат кандай буйруса, лебилер менен бүт жүйүттөр так ошондой кылышты. Ар бири ишембиде келип, ишембиде кете турган өз адамдарын алып калышты, анткени ыйык кызмат кылуучу Жойат алмаша турган кезектин эч кимисин коё берген жок.

9 Анан ыйык кызмат кылуучу Жойат Кудайдын үйүндөгү Дөөттүн курал-жарагын: найзалар менен чоң-кичине калкандарды жүз башыларга таратып берди.

10 Колдоруна курал кармаган бүткүл элди ийбадаткананын оң жагынан сол жагына чейин тизип, курмандык чалынуучу жайдын жанына, үйдүн жанына, падышанын тегерегине койду.

11 Анан падышанын уулун алып чыгып, башына таажы кийгизип, мыйзамдын көчүрмөсүн берип, падыша көтөрүштү. Жойат жана анын уулдары аны майлап: «Жашасын падыша!» – деп кыйкырышты.

12 Падышаны жар салып чуркап жүргөн элдин үнүн угуп, Аталея Теңирдин үйүндөгү элге чыгып барды.

13 Ошондо ал падышанын кире бериштеги мамынын жанында турганын, падышанын жанында төрөлөр, сурнайчылар турганын, бардык эл шаттанып, сурнай тартып, ырчылар музыкалык аспаптары менен ырдап, аны даңазалап жатканын көрдү. Аталея кийимдерин айрып: «Чыккынчылык! Чыккынчылык!» – деп кыйкырды.

14 Ыйык кызмат кылуучу Жойат жүз башыларды чакырып алып, мындай деди: «Аны сыртка алып чыккыла, аны ээрчигендерди кылычтап салгыла». Ыйык кызмат кылуучу: «Аны Теңирдин үйүндө өлтүрбөгүлө», – деди.

15 Ага жол бошотушту, ал падыша үйүнүн ат сарайынын кире беришине келгенде, аны ошол жерде өлтүрүп салышты.

Жойаттын өзгөртүүлөрдү киргизүүсү

16 Бул эл Теңирдин эли болушу үчүн, Жойат өзү менен падышанын жана бүт элдин ортосунда келишим түздү.

17 Бүт эл Баалдын бутканасына барып, аны да, анын курмандык чалынуучу жайын да, таш буркандарын да талкалады. Анан алар Баалдын бутканасынын буткана кызматчысы Матанды курмандык чалынуучу жайлардын жанында өлтүрүштү.

18 Жойат Теңир үйүндөгү кызматтарды Дөөт бөлүштүрүп кеткендей, лебилер менен ыйык кызмат кылуучуларга тапшырды. Алар Мусанын мыйзамында жазылгандай, Дөөт айткан эреже боюнча ыр менен, кубаныч менен Теңирге арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты өрттөш үчүн коюлду.

19 Теңирдин үйүнө кандайдыр бир себептерден улам таза эмес болуп калган адам кирбеши үчүн, Теңир үйүнүн дарбазасына дарбазачыларды койду.

20 Жүз башыларды, төрөлөрдү, эл башчыларын, ошол жердеги бардык элди алып, падышаны Теңирдин үйүнөн узатып чыкты. Алар жогорку дарбаза аркылуу падышанын үйүнө келишип, падышаны падышачылык такка отургузушту.

21 Ошол жердин бардык адамдары кубанычка батып, шаар бейкуттукка бөлөндү. Аталеяны болсо кылыч менен өлтүрүп салышты.

24-БӨЛҮМ

Жааштын Жүйүткө падышачылык кылышы

1 Жааш такка отурганда, жети жашта болчу, ал Иерусалимде кырк жыл падышачылык кылды. Анын энесинин аты Сибия эле, ал бейер-шебалык аял болчу.

2 Ыйык кызмат кылуучу Жойат тирүү кезинде Жааш Теңирге жаккан иштерди кылды.

3 Жойат ага эки аял алып берди, алардан ал уул-кыздуу болду.

4 Ошондон кийин Жааштын жүрөгүнө Теңирдин үйүн жаңыртуу керек деген ой келди.

5 Ал ыйык кызмат кылуучулар менен лебилерди чогултуп, аларга: «Жүйүт аймагынын шаарларын кыдыргыла, Кудайдын үйүн жыл сайын оңдоп туруу үчүн, бүт ысрайылдыктардан күмүш чогулткула. Бул ишке батыраак киришкиле», – деди. Бирок лебилер шашылган жок.

6 Падыша алардын башчысы Жойатты чакырып, ага мындай деди: «Теңирдин кулу Муса менен Ысрайыл жамааты жыйын чатыры үчүн белгилеген алымды Жүйүт аймагынан, Иерусалимден чогултуп келүүсүн лебилерден эмне үчүн талап кылбай жатасың?»

7 Анткени кудайсыз аял Аталея менен анын уулдары Кудайдын үйүн талап-тоноп бүтүшкөн. Теңирдин үйүнө арналгандардын баарын Баалга жумшашкан.

8 Падыша буйрук берди, ошондо алар бир үкөк жасашып, аны Теңир үйүнүн сыртына, кире беришке коюшту.

9 Алар Жүйүт аймагына жана Иерусалимге Теңирге арнап алым алып келүүнү буйрушту. Бул алымды Кудайдын кулу Муса чөлдө ысрайылдыктарга салган.

10 Бардык башкаруучулар, бардык эл тартууларды кубаныч менен алып келип, үкөк толгуча салып жатышты.

11 Лебилер үкөктү падыша кызматчыларына көтөрүп келгенде, алар күмүштүн көп экенин көрүштү. Ошондо падышанын катчысы менен башкы ыйык кызмат кылуучунун ишенимдүү кишиси келип, үкөктөгүнү төгүп, үкөктү өз ордуна койду. Алар күн сайын ушундай кылып, эң көп күмүш чогултушту.

12 Аны падыша менен Жойат Теңир үйүндөгү жумушту башкаруучуларга берди. Алар Теңир үйүн оңдош үчүн, таш сомдоочуларды, жыгач усталарды жалдашты, ошондой эле Теңир үйүн бекемдеш үчүн, темир усталарды, жез усталарды жалдашты.

13 Жумушчулардын башчылары ишти баштап, оңдоо ишин жүргүзүштү. Ошентип, алар Кудай үйүн мурунку калыбына келтиришти, аны бекемдешти.

14 Жумуштардын бардыгын бүтүрүшкөндөн кийин, алар падыша менен Жойатка калган күмүштөрдү өткөрүп беришти. Андан Кудай үйүндөгү кызматка жана бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты алып келүүгө керектелүүчү идиштерди, табактарды, ошондой эле алтын-күмүш идиштерди жасашты. Жойаттын өмүрү өткүчө, Кудай үйүнө дайыма бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды алып келип турушту.

Жааштын Теңир жолунан четтеп кетиши

15 Жойат карылыгы жетип, өмүргө тоюп өлдү. Ал өлгөндө жүз отуз жашта болчу.

16 Аны Дөөттүн шаарындагы падышалар жаткан жайга коюшту, анткени ал Кудай үчүн да, Кудай үйү үчүн да Ысрайылда жакшы иштерди кылган.

17 Бирок Жойаттын көзү өткөндөн кийин, Жүйүт төрөлөрү келип, падышага таазим кылышты. Ошондо падыша аларды уга баштады.

18 Ошентип, алар ата-бабаларынын Кудай-Теңиринин үйүн таштап, Ашейра мамыларына, буркандарга табына башташты. Ушул күнөөсү үчүн Теңир Жүйүт менен Иерусалимге каарданды.

19 Алар Теңирге кайрылыш үчүн, Теңир аларга пайгамбарларын жөнөттү. Пайгамбарлар аларга эскертишти, бирок алар укпай коюшту.

20 Ыйык кызмат кылуучу Жойаттын уулу Захарияга Кудайдын Руху түштү, ал бийик жерге чыгып, эл алдында туруп, аларга: «Теңир мындай дейт: “Силер эмне үчүн Теңирдин буйругун аткарбай жатасыңар? Силер ийгиликке жетпейсиңер, силер Теңирди таштап салдыңар, Ал да силерди таштап салат”», – деди.

21 Ошондо ага каршы уюшуп, падышанын буйругу боюнча аны Теңир үйүнүн короосунда таш бараңга алышты.

22 Жааш падыша өзүнө Захариянын атасы Жойаттын кандай жакшылык кылганын унутуп, анын уулун өлтүрдү. Ал өлүп бара жатып, мындай деди: «Теңир көрүп турат, Ал Өзү жазаласын».

23 Бир жылдан кийин ага Сирия аскерлери кол салды. Жүйүт аймагы менен Иерусалимге кирип барып, элдин арасындагы бардык төрөлөрдү кырып салышты. Алардан алынган олжолордун бардыгын Дамаск падышасына жөнөтүштү.

24 Сириянын аскерлери анчалык көп болбосо да, Теңир алардын колуна сансыз көп аскерлерди салып берди, анткени бул эл өз ата-бабаларынын Кудай-Теңирин таштап койгон. Жааш ушундайча жазасын алды.

Жаашка каршы уюшуу

25 Алар аны оор жарадар кылып кетишкенден кийин, ыйык кызмат кылуучу Жойаттын уулунун каны үчүн, кулдары ага каршы уюшуп, аны жаткан төшөгүндө өлтүрүштү, ал ошол жерде өлдү. Аны Дөөттүн шаарына коюшту, бирок падышалар жаткан жайга коюшкан жок.

26 Ага каршы кастык уюштургандар: амондук аял Шиматтын уулу Забат жана мааптык аял Шимриттин уулу Жейозабат болду.

27 Анын уулдары жөнүндө, ага каршы пайгамбарчылыктар жөнүндө, Кудай үйүн калыбына келтирүү жөнүндө падышалардын китебинде жазылган. Анын ордуна уулу Аматсия падыша болду.

25-БӨЛҮМ

Аматсиянын Жүйүткө падышачылык кылышы

1 Аматсия жыйырма беш жашында такка отуруп, жыйырма тогуз жыл Иерусалимде падышачылык кылды. Анын энесинин аты – Жейодан, ал иерусалимдик эле.

2 Ал Теңирге жаккан иштерди кылды, бирок аларды бүт жүрөгү менен кылган жок.

3 Анын падышачылык бийлиги бекемделген соң, падыша атасын өлтүргөн өз кулдарын өлтүрдү.

4 Бирок алардын балдарын өлтүргөн жок, анткени Теңирдин Мусага берген мыйзам китебинде мындай деп жазылган: «Балдары үчүн аталары өлтүрүлбөсүн, аталары үчүн балдары өлтүрүлбөсүн, ар ким өз кылган кылмышы үчүн өлүм жазасына тартылсын».

Эдом менен согушуу

5 Аматсия бардык жүйүт элин чогултту. Жүйүт жана Бенжемин урууларына миң башылар менен жүз башыларды койду. Алардын жыйырма жаштагыларын жана андан жогоркуларын эсептеп чыгып, найза, калкан көтөргөн, согушка жарактуу үч жүз миң адамды тандап алды.

6 Ошондой эле жүз талант күмүшкө жүз миң жоокерди ысрайылдыктардан жалдап алды.

7 Бирок Кудайдын кишиси ага келип, мындай деди: «Падыша! Сени менен Ысрайыл аскерлери барбасын, анткени Теңир ысрайылдыктар менен да, Эпрайымдын уулдары менен да эмес.

8 Сен өзүң жалгыз бар, эрдик кылып майданга кир. Болбосо Кудай сени душмандын көз алдында кулатат, анткени колдой турган да, кулата турган да Кудай Өзү».

9 Аматсия Кудайдын кишисине: «Ысрайыл аскерлерине мен берген жүз талант күмүштү эмне кылыш керек?» – деди. Кудайдын кишиси: «Кудай сага андан көптү бере алат», – деди.

10 Ошондо Аматсия Эпрайым жеринен келген аскерлерди өз жерине кетириш үчүн бөлүп салды. Алар жүйүттөргө абдан ачууланып, өз жерлерине ачууланган бойдон кетишти.

11 Аматсия болсо кайраттанып, өз элин баштап, Туздуу өрөөнүнө жетип, Сеирдин он миң уулун кырып салды.

12 Жүйүт уулдары алардын он миң адамын колго түшүрүп, аларды асканын чокусуна алып чыгып, кулатып жиберишти, алардын сөөгү талкаланды.

13 Аматсия согушка катыштырбай, кайра жөнөткөн аскерлер болсо Самариядан Бейт-Хоронго чейинки Жүйүт аймагынын шаарларына чачырап кетишти. Алар ошол шаарларга кол салып, үч миң адамды өлтүрүп, өтө көп олжого ээ болушту.

14 Аматсия эдомдуктарды талкалап келгенден кийин, Сеир уулдарынын кудайларын алып келип, өзүнө кудай кылып койду да, аларга табынып, жыпар жыттуу зат түтөттү.

15 Ошондо Теңир Аматсияга катуу каарданып, ага пайгамбарын жиберди. Пайгамбар ага: «Сен эмне үчүн сенин колуңдан өз элин куткара албаган бул элдин кудайларына табынып жатасың?» – деди.

16 Ал ушинтип айтканда, падыша ага: «Сени падышага кеңешчи кылып коюшту беле? Токтот! Болбосо сени өлтүрүп коюшат», – деди. Пайгамбар унчукпай туруп, кайра: «Кудай сени жок кылууну чечкенин билдим, анткени сен ушул ишти кылып, менин кеңешимди укпай койдуң», – деди.

Ысрайыл менен согушуу

17 Жүйүт падышасы Аматсия өзүнүн кеңешчилери менен кеңешип көрүп, Ысрайыл падышасы, Жейунун уулу, Жаахаздын уулу Жаашка киши жиберип: «Кел, жекеме-жеке беттешели», – деп айттырды.

18 Ошондо Ысрайыл падышасы Жааш Жүйүт падышасы Аматсияга мындай деп айттырды: «Лебанондо өскөн тикенек Лебанондо өскөн кедрге киши жиберип: “Кызыңды менин балама бер”, – деп айттырыптыр. Бирок Лебанондогу жапайы жырткычтар өтүп, ал тикенекти тебелеп салышты.

19 Сен: “Мен эдомдуктарды талкаладым”, – деп, текеберденип, өзүңдү өзүң көтөрүп жатасың. Андан көрө үйүңдө эле отура берсеңчи! Коркунучтуу ишти баштап эмне кыласың? Өзүң менен кошо Жүйүт аймагын да өлтүрөсүң».

20 Бирок Аматсия анын сөзүн уккан жок, анткени алар эдомдуктардын кудайларына табына баштагандыктан, аларды Жааштын колуна салып бериш үчүн, бул иш Кудайдан болду.

21 Ысрайыл падышасы Жааш аттанып чыгып, Жүйүт падышасы Аматсия менен Жүйүт аймагындагы Бейт-Шемеште жекеме-жеке беттешти.

22 Ошондо ысрайылдыктар Жүйүт аймагындагыларды талкалап салышты. Ар ким өз үйүнө качты.

23 Ысрайыл падышасы Жааш Жаахаздын уулу, Жааштын уулу, Жүйүт падышасы Аматсияны Бейт-Шемеште туткунга алып, аны Иерусалимге алып келди. Анан Иерусалим дубалын Эпрайым дарбазасынан бурчтагы дарбазага чейин, төрт жүз чыканак уратты.

24 Анан Кудай үйүнөн Обейт-Эдомдун көзөмөлүндөгү алтын-күмүштөрдү, кымбат идиштерди, падыша үйүнүн казынасын, башы барымтага алынган кишилерди алып, Самарияга кайтып келди.

25 Жүйүт падышасы, Жааштын уулу Аматсия Ысрайыл падышасы, Жаахаздын уулу Жааш өлгөндөн кийин, дагы он беш жыл жашады.

26 Аматсиянын калган иштери, алгачкысы да, акыркысы да Жүйүт жана Ысрайыл падышаларынын китептеринде жазылган.

27 Аматсия Теңирден баш тарткандан кийин, Иерусалимде ага каршы чыккынчылык уюштурушту. Ошондо ал Лакишке качып кетти. Анын артынан киши жиберип, аны ошол жерде өлтүрүштү.

28 Анын сөөгүн аттар менен алып келип, Жүйүттүн шаарына, ата-бабаларынын жанына коюшту.

26-БӨЛҮМ

Узиянын Жүйүткө падышачылык кылышы

1 Бүткүл жүйүт эли чогулуп, он алтыга чыккан Узияны атасы Аматсиянын ордуна падыша кылып коюшту.

2 Падыша көз жумуп, ата-бабаларына кошулду. Ошондон кийин Узия Эйлатты куруп, аны Жүйүткө кайрып алды.

3 Узия он алты жашында такка отуруп, Иерусалимде элүү эки жыл падышачылык кылды. Анын энесинин аты – Жехолия, ал иерусалимдик эле.

4 Ал атасы Аматсияга окшоп, Теңирге жаккан иштерди кылды.

5 Ал Кудайдан коркууну үйрөткөн Захариянын тушунда Кудайга кайрылып турду. Ал Кудайга кайрылып турган убакта, Кудай аны ийгиликке жеткирип турду.

6 Ал пелиштиликтер менен салгылашып, Гаттын, Жапненин, Азоттун дубалдарын талкалады. Азот аймагына жана пелиштиликтердин аймагына жаңы шаарларды курду.

7 Пелиштиликтер менен, Гур-Баалда жашаган аравиялыктар менен жана мейуниттиктер менен болгон согушта Кудай ага жардам берди.

8 Узияга амондуктар салык төлөп турушту. Анын ысымы Мисир жерине чейин жетти, анткени ал абдан күч-кубаттуу падыша болгон.

9 Узия Иерусалимдин бурч-бурчундагы дарбазаларынын үстүнө, өрөөндү караган дарбазаларынын үстүнө жана бурчуна мунараларды куруп, аларды бекемдеди.

10 Чөлгө да мунараларды салып, кудуктарды казды, анткени анын ойдо да, түздө да көп малы болгон. Тоолордо, Кармелде дыйкандары менен багбандары бар эле, анткени ал дыйканчылыкты жакшы көрчү.

11 Узиянын кошуундарга бөлүнгөн согушка чыкчу мыкты аскерлери да болгон, аларды падышанын төрөлөрүнөн болгон Хананиянын жетекчилиги астында Жейел катчы менен Маасея көзөмөлчү санап чыгып, тизмеге каттаган.

12 Тайманбас жоокерлерди башкарган уруу башчылардын саны эки миң алты жүз болгон.

13 Алардын кол астында душманга каршы салгылашта падышага жөлөк боло турган, согушка жалтанбай кире турган үч жүз жети миң беш жүз аскери болгон.

14 Узия бүт аскерлери үчүн калкандарды, найзаларды, туулгаларды, соотторду, жааларды, салмоор таштарды арбын даярдады.

15 Ал Иерусалимдин мунараларына, бурчтарына акылдуу кишилер ойлоп тапкан жебе тарткан, таш ыргыткан куралдарды орнотту. Ошентип, анын атагы алыска кетти, анткени ал укмуштуудай коргонуп, күч-кубаттуу падыша болуп калды.

Узиянын мыйзамды бузгандыгы үчүн жазаланышы

16 Бирок күч-кубаттуу болуп калганда, анын жүрөгү менменсинип кетти, ошол анын өлүмүнө себеп болду. Ал өз Кудай-Теңиринин алдында кылмышкер болуп калды. Анткени ал жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү жайда жыпар жыттуу зат түтөтүү үчүн, Теңирдин ийбадатканасына кирди.

17 Ошондо башкы ыйык кызмат кылуучу Азария менен Теңирдин сексен адил ыйык кызмат кылуучусу анын артынан кирди.

18 Алар падыша Узияга каршы болуп, мындай дешти: «Теңирге жыпар жыттуу зат түтөтө турган сен эмессиң, Узия, бул иш – жыпар жыттуу зат түтөтүүгө арналган ыйык кызмат кылуучулардын, Арундун уулдарынын иши. Ыйык жайдан чыгып кет, сен мыйзамда жок ишти кылдың, бул иш үчүн Кудай-Теңирден сага урмат көрсөтүлбөйт».

19 Ошондо колуна жыпар жыттуу зат түтөтө турган чөйчөктү кармап турган Узиянын ачуусу келди. Ал ыйык кызмат кылуучуларга ачууланган кезде, Теңирдин үйүндөгү жыпар жыттуу зат түтөтүлө турган жайда, ыйык кызмат кылуучулардын көз алдында анын чекесине так түштү, аны пес оорусу каптады.

20 Башкы ыйык кызмат кылуучу Азария менен бардык ыйык кызмат кылуучулар аны карап, анын чекесиндеги пес ооруну көрүштү. Аны ал жерден чыгып кетүүгө мажбурлашты, ал өзү да кетүүгө шашылды, анткени Теңир аны жазалады.

21 Ошентип, Узия падыша өлөр-өлгөнчө пес оорусу менен ооруп, өзүнчө үйдө жашады. Теңир үйүнөн чыгарылды. Падышанын үйүнө анын уулу Жотам көз салып, элди башкарды.

22 Узиянын калган иштерин, алгачкысын да, акыркысын да Амостун уулу Ышайа пайгамбар жазып калтырды.

23 Ошентип, Узия ата-бабаларына кошулду. Эл аны: «Бул пес оорулуу», – деп, ата-бабаларынын жанына, падышалардын мүрзөлөрүнөн обочороок талаага коюшту. Анын ордуна уулу Жотам падыша болду.

27-БӨЛҮМ

Жотамдын Жүйүткө падышачылык кылышы

1 Жотам падыша болгондо жыйырма беш жашта эле, ал Иерусалимде он алты жыл падышачылык кылды. Анын энесинин аты – Жеруша, ал Садоктун кызы болчу.

2 Ал атасы Узияга окшоп, Теңирге жаккан иштерди кылды. Бирок ал Теңирдин ийбадатканасына кирген жок. Эл күнөөгө бата берди.

3 Ал Теңир үйүнүн жогорку дарбазасын салды жана Опел дубалына көп нерселерди жасатты.

4 Жүйүт тоосуна шаарларды, токойлорго ак сарайларды, мунараларды курду.

5 Ал амондуктардын падышасы менен согушуп, аларды жеңип алды. Ошол жылы амондуктар ага жүз талант күмүш, он миң кор буудай, он миң кор арпа беришти. Амондуктар келерки жылы да, андан кийинки жылы да ушундай өлчөмдө беришти.

6 Жотам күч-кубаттуу падыша болду, анткени ал өз Кудай-Теңиринин жолу менен жүрдү.

7 Жотамдын калган иштери, анын бардык согуштары жана кандай жашаганы Ысрайыл менен Жүйүт падышаларынын китебинде жазылган.

8 Ал такка отурганда, жыйырма беш жашта эле, Иерусалимде он алты жыл падышачылык кылды.

9 Жотам көз жумуп, ата-бабаларына кошулду, аны Дөөттүн шаарына коюшту. Анын ордуна уулу Ахаз падыша болду.

28-БӨЛҮМ

Ахаздын Жүйүткө падышачылык кылышы

1 Ахаз такка отурганда, жыйырма жашта эле, ал Иерусалимге он алты жыл падышачылык кылды. Атасы Дөөт Теңирге жаккан иштерди жасаган, Ахаз болсо анткен жок.

2 Ал Ысрайыл падышаларынын жолуна түшүп кетти, атүгүл, Баал буркандарын куюп жасады.

3 Ал Ином уулдарынын өрөөнүндө жыпар жыттуу зат түтөттү. Теңир Ысрайыл уулдарынын көз алдында кууп чыккан элдин жийиркеничтүү иштерин туурап, өз балдарын отко өрттөдү.

4 Бийик жердеги бутканаларда, дөбөлөрдө, ар кандай бутактуу дарактардын түбүнө курмандык чалып, жыпар жыттуу зат түтөттү.

Жүйүттөрдүн Сирия жана Ысрайыл менен согушушу

5 Ошондо анын Кудай-Теңири аны Сирия падышасынын колуна салып берди. Алар аны талкалап, көп адамын колго түшүрүп, Дамаскка алып кетишти. Ошондой эле аны Ысрайыл падышасынын колуна салып беришти, ал аны катуу талкалады.

6 Ремалия уулу Пеках жүйүттөрдүн жүз жыйырма миң эр жүрөк жоокерин бир күндө өлтүрдү, анткени алар ата-бабаларынын Кудай-Теңирин таштап коюшкан.

7 Эпрайымдыктардын алп балбаны Зихри падышанын уулу Маасеяны, сарай башчысы Азрикамды жана падышадан кийинки экинчи киши Элкананы өлтүрдү.

8 Ысрайыл уулдары өз бир туугандары жүйүттөрдүн эки жүз миң аялын, уулдарын, кыздарын туткундап алышты. Ошондой эле алардын мал-мүлкүн талап-тоноп алып, Самарияга жөнөтүштү.

Одейт пайгамбар

9 Ал жерде Теңирдин пайгамбары бар эле, анын аты – Одейт. Ал Самарияга келе жаткан аскерлердин алдынан чыгып, аларга мындай деди: «Мына, ата-бабаларыңардын Кудай-Теңири жүйүттөргө каарданып, аларды силердин колуңарга салып берди, силер аларды асманга жеткен ушунчалык катуу каар менен талкаладыңар.

10 Эми силер Жүйүт менен Иерусалимдин уулдары менен кыздарын өзүңөргө кул, күң кылгыңар келип жатат. Кудай-Теңирдин алдында өзүңөр күнөөлүү эмессиңерби?

11 Менин тилимди алып, туткундап алган бир туугандарыңарды артка жөнөткүлө, анткени Теңир силерге каарданып жатат».

12 Эпрайым уулдарынын кээ бир эл башчылары: Жоханан уулу Азария, Мешилеймоттун уулу Берекия, Шалумдун уулу Жехиския, Хадлайдын уулу Амаса согуштан келе жаткан аскерлердин алдына тура калышты.

13 Анан аларга мындай дешти: «Туткундарды бул жерге алып келбегиле, анткени Теңирдин алдында күнөөгө батабыз. Өзүбүздүн кылмыштарыбыз менен күнөөлөрүбүздүн үстүнө дагы күнөө кошолу дейсиңерби? Биздин күнөөлөрүбүз өтө көп, Теңир Ысрайылга каарданып жатат».

14 Ошондо жоокерлер туткундар менен олжолорду аскер башчылар менен бүт элдин алдында калтырышты.

15 Аттары аталган эркектер туруп келип, туткундарды бошотуп, ач-жылаңачтарды олжодон кийиндирип, буттарына бут кийим берип, тамактандырып, зайтун майын сүйкөп, алсыздарын эшектерге мингизип, өз бир туугандарын карай, курма пальмасы өскөн Жерихо шаарына жөнөтүштү, өздөрү Самария өлкөсүнө кайтып келишти.

Ахаз падышанын Ашур падышаларына жардам сурап кайрылышы

16 Ошол кезде Ахаз падыша жардам сурап, Ашур падышаларына киши жөнөттү.

17 Анткени эдомдуктар дагы келип, алардын көбүн талкалап, туткундап кетишти.

18 Пелиштиликтер түзөңдөгү шаарларга, Жүйүт аймагынын түштүк тарабына кирип барышып, Бейт-Шемешти, Айалонду, Гедейротту, Сохону жана анын карамагындагы шаарларды, Тимнаны жана анын карамагындагы шаарларды, Гимзону жана анын карамагындагы шаарларды багынтып, ошол жерлерге отурукташып алышты.

19 Теңир Жүйүт аймагын Жүйүт падышасы Ахаз үчүн мына ушинтип жазалады, анткени ал Жүйүт аймагын бузуп жиберген, Теңирдин алдында оор күнөөгө баткан.

20 Ага Ашур падышасы Тиглат-Пилнесер да келди. Ал ага жардам бермек түгүл, ага көп түйшүк алып келди.

21 Анткени Ахаз Теңир үйүнүн, падышанын үйүнүн жана төрөлөрдүн казыналарын алып, Ашур падышасына берген. Бирок бул да ага жардам берген жок.

Ахаздын күнөөлөрү

22 Ахаз падыша кыйналып жаткан убагында да Теңирдин алдында мыйзамсыздык кыла берди.

23 «Сирия падышаларынын кудайлары аларга жардам берип турат. Аларга арнап курмандык чалсам, алар мага жардам беришет», – деп, ал Дамаск кудайларына курмандык чалды, анткени мени талкалаган ошолор деп ойлоду. Бирок бул иштер Ахаздын жана бүткүл Ысрайылдын кулап калуусуна себеп болду.

24 Ахаз Кудай үйүндөгү идиштерди жыйнап алып, аларды талкалады. Анан Теңир үйүнүн эшиктерин бекитип салды, Иерусалимдин бардык булуң-бурчтарына курмандык чалынуучу жайларды жасады.

25 Жүйүттүн бардык шаарларында башка кудайларга жыпар жыттуу зат түтөтүү үчүн бутканаларды куруп, өз ата-бабаларынын Кудай-Теңирин каардантты.

26 Анын калган иштери, алгачкысы да, акыркысы да Жүйүт менен Ысрайыл падышаларынын китебинде жазылган.

27 Ахаз көз жумуп, өз ата-бабаларына кошулду, аны Иерусалим шаарына коюшту, бирок Ысрайыл падышаларынын мүрзөсүнө коюшкан жок. Анын ордуна баласы Хиския падыша болду.

29-БӨЛҮМ

Хискиянын Жүйүткө падышачылык кылышы

1 Хиския жыйырма беш жашында такка отуруп, Иерусалимде жыйырма тогуз жыл падышачылык кылды. Энесинин аты – Абия, ал Захариянын кызы эле.

2 Ал атасы Дөөткө окшоп, Теңирге жаккан иштерди кылды.

Ийбадаткананы тазалоо

3 Ал падышачылыгынын биринчи ай, биринчи жылында Теңир үйүнүн эшиктерин ачып, аларды оңдоду.

4 Ыйык кызмат кылуучулар менен лебилерди чакырып, аларды Кудай үйүнүн чыгыш тарабындагы аянтка чогултуп,

5 аларга мындай деди: «Лебилер, мени уккула! Азыр өзүңөрдү жана ата-бабаңардын Кудай-Теңиринин үйүн ыйыктагыла, бардык таза эмес нерсени ыйык жайдан алып чыккыла.

6 Анткени ата-бабаларыбыз мыйзамсыздык кылып, биздин Кудай-Теңирибизге жакпаган иштерди жасашты. Өз Теңирин таштап, Анын турак жайынан жүздөрүн буруп, далысын салышты.

7 Теңир үйүнүн кире бериш бөлмөсүнүн эшиктерин бекитип, күйүп турган шамдарды өчүрүштү, Ысрайылдын Кудайынын ыйык жайында жыпар жыттуу зат түтөтүшкөн жок, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды чалбай калышты.

8 Ошондо Теңир Жүйүт аймагы менен Иерусалимге каарын төктү. Өз көзүңөр менен көрүп тургандай, алардын кордолушуна, кыйрашына, шылдыңга калуусуна жол берди.

9 Мына ошон үчүн ата-бабаларыбызды кылычтап өлтүрүштү, уул-кыздарыбыз, аялдарыбыз болсо ушул күнгө чейин туткунда жүрүшөт.

10 Азыр менин жүрөгүмдө Ысрайылдын Кудай-Теңири менен келишим түзөм деген ой бар, ошондо Ал Өзүнүн жалындаган каарын кайт кылар.

11 Балдарым! Шалаакылык кылбагыла, анткени Теңир силерди Өзүнүн алдында турушуңар үчүн, Өзүнө кызмат кылып, Өзүнүн кызматчылары болуп, жыпар жыттуу заттарды түтөтүшүңөр үчүн тандап алган».

12 Ошондо бул лебилер туруп келишти: Каат уулдарынан: Амасай уулу Махат, Азария уулу Жоел; Мерари уулдарынан: Обадия уулу Киш, Жейелелей уулу Азария; Гейиршон уруусунан: Зима уулу Жаах, Жаах уулу Эден;

13 Элитсапан уулдарынан: Шимри менен Жейел; Асап уулдарынан: Захария менен Матания;

14 Эйман уулдарынан: Жехиел менен Шимей; Жедутун уулдарынан: Шемая менен Узиел.

15 Булар бир туугандарын чогултушту, алар ыйыкталышты. Анан Теңирдин сөзү боюнча, падышанын буйругу боюнча Кудай үйүн тазалаганы келишти.

16 Ыйык кызмат кылуучулар Теңир үйүн тазалаш үчүн, ичине киришти. Теңирдин ийбадатканасынан табылган таза эмес нерселердин баарын Теңир үйүнүн короосуна алып чыгышты. Лебилер болсо аларды Кидрон суусуна алып барыш үчүн, сыртка алып чыгышты.

Ийбадаткананы ыйыктоо

17 Алар биринчи айдын биринчи күнү ыйыктоону башташты, ошол эле айдын сегизинчи күнү Теңир үйүнүн кире бериш бөлмөсүнө киришти. Теңир үйүн сегиз күн ыйыкташып, биринчи айдын он алтынчы күнү аякташты.

18 Хиския падышанын үйүнө келип, мындай дешти: «Биз Теңир үйүн, курмандык бүтүндөй өрттөлүүчү жайды, анын идиштерин, нан тартуусу коюла турган үстөлдү, анын идиштерин ыйыктап чыктык.

19 Ахаз падыша мыйзамсыздык менен падышачылык кылып турганда ыргытып салган идиштерди колдонууга даярдап, ыйыктап койдук. Алар азыр Теңирдин курмандык чалынуучу жайынын алдында турат».

20 Хиския падыша эртең менен эрте туруп, бардык шаар башчыларын чогултуп, Теңир үйүнө барды.

21 Падышачылыктын, ыйык жайдын, жүйүт элинин күнөөсү үчүн жети букачар, же