ЗАБУР
БИРИНЧИ КИТЕП
1-ЗАБУР
Чыныгы бакыт
1 Дөөттүн забуру. Кудайсыздардын кеңешмесине барбаган, күнөөкөрлөрдүн жолунда турбаган, бузулгандардын жыйынында отурбаган адам бактылуу.
2 Ал Кудайдын мыйзамынан кубаныч алат, Анын мыйзамы тууралуу күнү-түнү ойлонот.
3 Ошондо ал суу боюна отургузулган, мөмөсүн өз маалында берген, жалбырагы соолубаган дарактай болот. Ал эмне иш кылбасын, бардык ишинде ийгиликке жетишет.
4 Кудайсыздар мындай эмес, алар шамал сапырган топурактай.
5 Ошондуктан кудайсыздар сотто туруштук бере алышпайт, ошондой эле күнөөкөрлөр адилеттүүлөрдүн жыйынында отура алышпайт.
6 Анткени Теңир адилеттүүлөрдүн жолун билет, ал эми кудайсыздар өз жолунда жок болушат.
2-ЗАБУР
Кудай тандаган падыша
1 Дөөттүн забуру. Элдер эмне үчүн дүрбөлөңгө түшүп жатышат, уруулар эмне үчүн ишке ашпай турган нерсени ойлонуштуруп жатышат?
2 Жер жүзүнүн падышалары каршы чыгып жатышат, төрөлөр чогулуп, Теңирге жана Анын Майланганына каршы кеңешип жатышат.
3 Алар: «Алардын чынжырларын үзүп таштайбыз, алардын бизге салган кишендерин алып ыргытабыз», – деп жатышат.
4 Аларга Асманда Жашоочу күлөт, аларды Теңир уят кылат.
5 Ошондо Ал аларга ачуусу келип турганда айтат, Өзүнүн жаалы менен аларды дүрбөлөңгө түшүрөт.
6 «Анткени Мен Өзүмдүн Падышамды ыйык тоом Сиондун үстүнөн койгом.
7 Өзүмдүн эркимди алдын ала кабарлайм: Теңир Мага мындай деди: “Сен Менин Уулумсуң. Мен бүгүн Сенин атаң болдум.
8 Менден сура, ошондо Мен Сага элдерди мураска берем, бүт жерди энчиңе берем.
9 Сен аларды темир таяк менен талкалайсың, аларды карапачынын идишиндей сындырасың”».
10 Ошондуктан, падышалар, акылыңарга келгиле. Жер жүзүнүн башкаруучулары, сабак алгыла!
11 Теңирге коркунуч менен кызмат кылгыла, титирөө менен кубангыла.
12 Уулун сыйлагыла, болбосо Ал каарданат, бара жаткан жолуңарда өлүп каласыңар, анткени жакында Анын каары кайнайт. Ага таянгандардын баары бактылуу.
3-ЗАБУР
Кудайга таянуу
1 Дөөттүн өз баласы Абышаломдон качкандагы забуру.
2 Оо Теңир! Душмандарым ушунчалык көбөйүп кетти! Көбү мага каршы чыгып жатат.
3 Мен жөнүндө: «Кудай аны куткарбайт», – деп жатышат.
4 Бирок Сен, Теңир, менин калканымсың, атак-даңкымсың, башымды көтөрө турган Сенсиң.
5 Yн чыгарып, Теңирди чакырам, Ал мени Өзүнүн ыйык тоосунан угат.
6 Жатсам да, уктасам да, турсам да, мени Теңир коргойт.
7 Мага миңдеген элдер бардык тараптан каршы чыгышса да коркпойм.
8 Теңирим, ордуңан тур! Кудайым, мени куткар! Анткени Сен гана менин бардык кас-душманымды бетке урасың, кудайсыздардын тишин талкалайсың.
9 Куткарылуу Теңирден. Сенин батаң Өз элиңдин үстүндө болсун.
4-ЗАБУР
Кечки сыйынуу
1 Ырчылар тобунун башчысына. Кыл аспаптар менен. Дөөттүн забуру.
2 Мен чакырганда, үнүмдү ук, мени актоочу Кудай! Кысталыштарда Сен мага эркиндик берип тургансың. Мага ырайым кыл, сыйынуумду ук.
3 Адам балдары! Качанга чейин менин даңкым шылдың боло берет? Качанга чейин убаракерчиликти сүйө бересиңер? Качанга чейин жалганды издей бересиңер?
4 Теңир Өзү үчүн Өзүнүн ыйыгын бөлүп койгонун билип койгула. Мен Теңирди чакырганда, Ал мени угат.
5 Ачууланганыңарда күнөө кетирбегиле: төшөктө жатканыңарда ойлонуп сабыр кылгыла.
6 Чындык курмандыгын чалгыла, Теңирге таянгыла.
7 Көп адамдар: «Бизге ким жакшылык кылат?» – дешет. Теңир, бизге Өз жүзүңдүн жарыгын көрсөт.
8 Алардын жээр наны, ичээр шарабы арбыган мезгилден бери, Сен менин жүрөгүмдү кубанычка бөлөдүң.
9 Мен тынч жатып, тынч уктайм, анткени мага коопсуз жашоо берген бир Өзүңсүң, Теңир.
5-ЗАБУР
Эртең мененки сыйынуу
1 Ырчылар тобунун башчысына.
Үйлөмө аспаптар менен. Дөөттүн забуру.
2 Теңир, сөздөрүмдү ук, ойлорумду түшүн.
3 Муң-зарыма кулак сал, Падышам менин, Кудайым менин! Анткени мен Сага сыйынып жатам.
4 Теңирим! Таң заардан үнүмдү ук, алдыңа эрте келип күтүп турам.
5 Анткени Сен мыйзамсыздыкты сүйбөгөн Кудайсың. Жамандык кылган адам Сенин алдыңда тура албайт.
6 Кудайсыздар көз алдыңда тура алышпайт: мыйзамсыз иш кылгандын бардыгын Сен жек көрөсүң.
7 Жалган айткандарды Сен ойрон кыласың. Канкор менен калпычыдан Теңир жийиркенет.
8 Мен болсо Сенин улуу ырайымың менен Сенин үйүңө кирем, Сенин ыйык ийбадатканаңды карап, Сенден коркуу менен таазим кылам.
9 Теңир! Душмандарым үчүн мени чындык жолуңа сал, менин алдымдагы Өзүңдүн жолуңду түздө.
10 Анткени алардын оозунда чындык жок: алардын жүрөгү – бүлгүн, кекиртеги – ачык мүрзө, тилдери менен жасакерленишет.
11 Кудай, аларды жазала, алар өздөрүнүн арам оюнан апат болушсун. Аларды көп мыйзамсыз иштери үчүн четке как, анткени алар Сага баш ийишкен жок.
12 Сага таянгандардын бардыгы кубанычка бөлөнүп, түбөлүккө шаттанышат, Сен аларды коргойсуң. Сенин ысымыңды сүйгөндөр Сени менен мактанышат.
13 Анткени Сен, Теңир, адил адамга батаңды бересиң, аны Өзүңдүн ырайымың менен калкан сымал калкалайсың.
6-ЗАБУР
Кыйынчылыкта Кудайдан жардам сурап сыйынуу
1 Ырчылар тобунун башчысына.
Сегиз кылдуу аспап менен. Дөөттүн забуру.
2 Оо Теңир! Мени ачууланып ашкерелебе, мени каарданып жазалаба.
3 Ырайым кыл, Теңир, анткени мен алсызмын. Айыктыр мени, Теңир, анткени сөөктөрүм титиреп жатат.
4 Жаным да аябай кыйналып турат. Оо Теңир, мага качан жеңилдик бересиң?
5 Мага назар сал, Теңир, жанымды куткар, мени Өзүңдүн ырайымың боюнча сакта.
6 Анткени өлгөндөр Сени эскербейт. Көрдө ким Сени даңазалайт?
7 Yшкүрө берип, аябай чарчадым. Жаткан жеримди ар түнү көз жашым менен жууйм, төшөгүмдү көз жашка чылайм.
8 Кайгыдан көздөрүм соолуду, бүт душмандарымдын айынан көздөрүм тунарып калды.
9 Мыйзамсыз иш кылгандар, баарыңар менден оолак болгула, анткени Теңир менин ыйымды укту.
10 Теңир жалынуумду укту, Теңир сыйынуумду кабыл кылат.
11 Менин бүт душмандарым шылдың болуп, аёосуз кыйратылышсын. Артка качып, күтүлбөгөн жерден уятка калышсын.
7-ЗАБУР
Адилеттик кылуусун сурап Кудайга сыйынуу
1 Бенжемин тукумунан чыккан Куштун иши боюнча Дөөттүн Теңир алдында зарлаган ыры.
2 Теңирим, Кудайым, мен Сага таянам. Мени куугунтукка алгандардан куткар, мени ошолордон сакта.
3 Алар мени куткаруучу жок кезде арстан өңдүү тытып, жанымды сууруп алышпасын.
4 Теңирим, Кудайым! Эгер мен бир жаман иш кылган болсом, колумда жалган иш болсо,
5 эгер мени менен тынч жашаган адамга жамандык кылган болсом (мага эч себепсиз душман болгон адамды да куткаргам),
6 анда мени душман кууп жетип, өмүрүмдү тебелеп, даңкымды күлгө айлантып салсын.
7 Теңир, каарың менен ордуңан тур, душмандарымдын жаалына каршы чык; мен үчүн ойгонуп, Өз өкүмүңдү чыгар, аны Өзүң осуят кылгансың.
8 Сенин тегерегиңе топ эл жыйылат, алардын үстүнөн жогору көтөрүл.
9 Теңир элдерди соттойт. Теңирим, мага чынчылдыгым, күнөөсүздүгүм боюнча өкүм чыгар.
10 Кудайсыздардын кыянаттыктары токтосун, адил адамга болсо күч бер, анткени Сен жүрөктөрдү, ички ойлорду сынайсың, адилеттүү Кудай!
11 Менин калканым – таза жүрөктөрдү куткаруучу Кудай.
12 Кудай – адилеттүү сот, Ал – ар күнү катуу жазалоочу Кудай.
13 Эгерде ким кайрылбаса, Ал кылычын курчутуп, жаасын мээлеп тартат.
14 Ал үчүн өлтүрүүчү куралдарды даярдайт, Өзүнүн жебелерин оттуу кылат.
15 Мына, кудайсыз адам жамандык сээп, куру нерсени багып, жалганды жыйнап алды.
16 Бирөөгө казган оруна өзү түштү.
17 Анын кылган жамандыгы өз башына көрүнөт, анын кылган кыянаттыгы төбөсүнө түшөт.
18 Мен Теңирди чындыгы үчүн даңктайм, бардыгынан жогору турган Теңирдин ысымын мактап ырдайм.
8-ЗАБУР
Кудайдын даңкы жана адамдын баасы
1 Ырчылар тобунун башчысына. Гиттит күү аспабы менен. Дөөттүн забуру.
2 Теңирибиз, Кудайыбыз! Сенин ысымың жер жүзүндө кандай улуу! Сенин даңкың асмандан да алыс кетти!
3 Душманың менен кек сактоочуңдун оозун жап кылыш үчүн, Өзүңдүн душмандарың үчүн, наристелердин жана эмчектеги балдардын ооздору менен Өзүңө даңктоо жараттың.
4 Мен Сенин колуң жасаган асманыңды, Өзүң коюп койгон ай менен жылдыздарыңды карап туруп:
5 «Сен унутпагыдай, адам ким? Өзүң келип тургудай, адам баласы ким?» – деп ойлойм.
6 Сен аны периштелердин алдында бир аз убакытка эле басынттың. Ага урмат менен атак-даңкты таажы кылып кийгиздиң.
7 Аны Өз колуң менен жасагандарыңдын үстүнө башчы кылып койдуң, бардыгын:
8 койлор менен уйларды, ошондой эле талаадагы жырткычтарды,
9 асмандагы куштарды, деңиздеги балыктарды жана деңиздеги бардык жандыктарды анын бут астына койдуң.
10 Теңир, Кудайыбыз, Сенин ысымың бүт жер жүзүндө кандай улуу!
9-ЗАБУР
Кудайдын адилеттиги
1 Ырчылар тобунун башчысына. Лабендин өлүмү боюнча. Дөөттүн забуру.
2 Сени, Теңир, бүт жүрөгүм менен даңктайм, Сенин бүт кереметтериңди жарыялайм.
3 Сен жөнүндө ойлоп кубанам, салтанат курам. Кудуреттүү Кудай, ысымыңды даңктап ырдайм.
4 Менин душмандарым артка качканда, мүдүрүлүп жыгылып, Сенин алдыңда өлүшөт.
5 Анткени Сен мага адилеттик кылдың, кыйынчылыктан чыгардың. Адилет Сот, Сен тактыга отурдуң.
6 Бутпарас элдерге каардандың, кудайсыздарды өлтүрдүң, алардын атын түбөлүккө өчүрүп салдың.
7 Душмандын куралы таптакыр калбай калды, алардын шаарларын талкаладың, алардын аты өздөрү менен кошо өчтү.
8 Бирок Теңир Өз тактысына түбөлүк отурат. Сот жүргүзүү үчүн, Ал Өз тагын даярдады.
9 Ал ааламды адилет соттойт, элдерди туура соттойт.
10 Теңир эзилген адамга баш паана, кайгы учурунда таяныч болот.
11 Сенин ысымыңды билгендер Сага таянышат, анткени Сени издегендерди талаага таштабайсың, Теңир.
12 Сион тоосунда жашаган Теңирди мактап ырдагыла, Анын иштерин эл арасында жарыя кылгыла.
13 Анткени Ал төгүлгөн кан үчүн жазалайт, кан төккөндөрдү жазасыз калтырбайт, эзилгендердин ыйын эсинен чыгарбайт.
14 Мага ырайым кыл, Теңир. Жек көргөндөрдөн тарткан азабыма көз сал, мени өлүмдөн сактоочу бир Өзүңсүң.
15 Сени Сион кызынын дарбазаларынын алдында даңазалайм. Мени куткарганыңа кубанам.
16 Мага көр казган эл өз көрүнө өзү түштү. Өздөрү жайган торго өздөрү чалынып калышты.
17 Теңир Өзүнүн жүзөгө ашырган соту менен таанылды, кудайсыз адам өз колу менен кылган кылмышы үчүн кармалды.
18 Кудайсыздар, Кудайды унуткан элдердин баары өлгөндөр жаткан жайга түшүшсүн.
19 Анткени жакыр биротоло унутулбайт, жардынын үмүтү биротоло үзүлбөйт.
20 Теңир, ордуңан тур, адамдар үстөмдүк кылышпасын, бутпарас эл Сенин алдыңда жазалансын.
21 Теңир, аларга коркунуч жибер, элдер өздөрүнүн адам экенин билишсин.
Адилеттик кылуусун сурап Кудайга сыйынуу
22 Теңир, эмне үчүн алыс турасың, кайгы учурунда эмне үчүн Өзүңдү жашырасың?
23 Кудайсыз өзүнүн текебердиги менен жардыны куугунтуктап жатат. Алар өздөрүнүн ойлоп чыгарган айла-амалдары менен колго түшүшсүн.
24 Кудайсыз өз кумары менен мактанат. Мансапкор өзүн өзү урматтайт.
25 Кудайсыз өзүнүн менменсингендиги менен Теңирди тоотпой жатат. «Ал жазалабайт», – деп ойлойт. Ал дайыма: «Кудай жок!» – деп ойлойт.
26 Кайсы учурда болбосун, анын жолунда өлүм турат. Ал Сенин мыйзамдарыңдан алыс. Бардык душмандарын ал текебердене карайт.
27 Ал өз ичинен: «Мен эч качан мүдүрүлбөйм, эч качан башыма жамандык келбейт», – дейт.
28 Анын оозу каргышка, бузукулукка, калпка толгон. Анын тилинде кыйноо жана кыйроо бар.
29 Короонун сыртындагы буктурмада отурат, айыпсызды жашыруун жерлерде өлтүрөт, анын көздөрү жардылардын артынан аңдып жүрөт.
30 Yңкүрдө аңдып жаткан арстандай болуп, жашыруун жерде аңдып жатат. Жардыны кармап алыш үчүн, буктурмада отурат. Жардыны торуна түшүрүп кармап алат.
31 Эңкейип жата калат, ошондо жардылар анын курч тырмактарына чалынат.
32 Өз ичинен: «Кудай эсинен чыгарды, Өз жүзүн жаап алды, Ал эч качан көрбөйт», – дейт.
33 Ордуңан тур, Теңирим, Кудайым, колуңду жогору көтөр, эзилгендерди унутпа.
34 Эмне үчүн кудайсыз адам Кудайды тоотпой, өз ичинен: «Ал жазалабайт», – дейт?
35 Өзүң көрүп турасың, анткени Сен Өз колуң менен жазасын бериш үчүн, ыза кылгандар менен куугунтукка алгандарды карап турасың. Жарды өзүн Сага тапшырат. Жетимге Өзүң гана жардам кыласың.
36 Кудайсыз менен зулумдун күчүн талкала, анын мыйзамсыздыгын издеп таппай калышсын.
37 Теңир – түбөлүктүү падыша. Анын жеринен бутпарастар жок болушат.
38 Теңир! Момундардын тилеген тилегин угасың. Алардын жүрөгүн бекемде, аларга кулак сал.
39 Жетим менен эзилгенге болуш, мындан ары жер жүзүндө адам баласы зулумдук кылбасын.
10-ЗАБУР
Теңирге таянуу
1 Ырчылар тобунун башчысына. Дөөттүн забуру. Теңирге таянам. Мага: «Куштай болуп тооңо учуп кет», – деп, кантип айтып жатасыңар?
2 Анткени, мына, кудайсыздар караңгыда таза жүрөктөрдү атыш үчүн, жаа чоюп жатышат, жебени жаанын жибине салып жатышат.
3 Пайдубалы бузулган соң, адил адам эмне кыла алат?
4 Теңир Өзүнүн ыйык ийбадатканасында, Теңир асмандагы тактысында. Анын көздөрү адам баласын көрүп турат, каректери аларды сынап турат.
5 Теңир адил адамды сындан өткөрөт, ал эми кудайсызды жана зордук-зомбулукту жакшы көргөндү Анын жаны жек көрөт.
6 Ал кудайсыздарга күйүп турган чокту, отту, күкүрттү жамгырдай жаадырат. Күйгүзгөн ысык шамал – алардын чөйчөктөгү үлүшү.
7 Анткени Теңир адилеттүү, Ал чындыкты сүйөт. Анын жүзү адил адамды көрүп турат.
11-ЗАБУР
Кудайдан жардам сурап сыйынуу
1 Ырчылар тобунун башчысына. Сегиз кылдуу аспап менен. Дөөттүн забуру.
2 Теңир, куткар, анткени адил адамдар калбай калды, адам баласынын арасында ишенимдүүлөр жок.
3 Ар ким өз жакынына жалган айтууда. Жүрөктөрүнүн анткорлугунан кошомат кылып сүйлөшөт.
4 Теңир текебердене сүйлөгөндөрдү, кооздоп сүйлөгөндөрдү кырып жок кылат.
5 «Биз тилибиз менен жеңебиз, оозубуз өзүбүздүкү, эмне айтсак, өзүбүз билебиз, бизге ким кожоюн экен?» дегендерди Теңир жок кылат.
6 «Кедейлерди талап-тоноп жатышкандыктан, жакырлар онтоп жатышкандыктан, азыр ордуман турам да, мыйзамсыз тарабынан кысымга алынып жаткан адамга жардам берем», – дейт Теңир.
7 Теңирдин сөздөрү – таза сөздөр, топурактан тазаланып, меште жети жолу эритилген күмүш.
8 Теңир, Сен аларды сактайсың, аларды ушундай адамдардан түбөлүккө коргойсуң.
9 Адамдардын начары жогору көтөрүлгөндө, бардык жерде кудайсыздар көбөйөт.
12-ЗАБУР
Кудайдын ырайымына таянуу
1 Ырчылар тобунун башчысына. Дөөттүн забуру.
2 Теңир, качанга чейин мени көз жаздымыңда калтыра бересиң? Качанга чейин менден жүзүңдү жашыра бересиң?
3 Качанга чейин мен өз жаным менен өзүм кеңешем, күнү-түнү кайгырып азап тартам? Качанга чейин душманым мага үстөмдүк кылат?
4 Назарыңды сал, мени ук, Теңирим, Кудайым! Көзүмдү ач, түбөлүк уйкуга кетпейин.
5 Душманым: «Аны жеңдим», – дебесин. Мүдүрүлүп кетсем, куугунтукка алгандар сүйүнбөсүн.
6 Мен болсо Өзүңдүн ырайымыңа таянам. Жүрөгүм Сенин куткарууңа кубанат. Мага ырайым кылган Теңирди мактап ырдайм.
13-ЗАБУР
Мыйзамсыздардын акылсыздыгы жана кылган иштери
1 Ырчылар тобунун башчысына. Дөөттүн забуру. Акылсыз адам жүрөгүндө: «Кудай жок», – дейт. Алар бузулуп, жийиркеничтүү иштерди жасашты. Жакшылык кылган бир да адам жок.
2 Акылдуу, Кудайды издеген адам бар бекен деп, Теңир асмандан адам баласын карады.
3 Бардыгы жолдон чыгып, бардыгы бирдей жараксыз болуп калышты. Жакшылык кылган адам жок, бирөө да жок.
4 Мыйзамсыз иш кылгандар, менин элимди нандай жегендер, Теңирди чакырбагандар, чын эле, акылына келишпейби?
5 Ал жерде аларды коркунуч басат, анткени Кудай адил адамдар менен.
6 Жакырдын: «Теңир менин коргоочум», – деп ойлогонуна силер күлгөн элеңер.
7 Сион тоосунан Ысрайылга куткаруу келсин! Теңир Өз элин туткундан өз жерине кайра алып келгенде, Жакып кубанат, Ысрайыл шаттанат.
14-ЗАБУР
Кудайдын алдында турууга ким татыктуу
1 Дөөттүн забуру. Теңир! Ким Сенин турагыңда жашай алат? Ким Сенин ыйык тооңдо тура алат?
2 Күнөөсүз жашаган, адилеттик кылган, жүрөгүндө чындыкты сүйлөгөн,
3 ушак айтпаган, жакынына кыянаттык кылбаган, өз жакынын жамандаганды укпаган,
4 Кудайдан баш тартканды жек көргөн, ал эми Кудайдан корккондорду сыйлаган, зыян тартып каларына карабай, берген антынан танбаган,
5 күмүшүн үстөккө бербеген, айыпсызга каршы пара жебеген адам гана жашай алат. Ушундай адам гана эч качан мүдүрүлбөйт.
15-ЗАБУР
Машайак жөнүндө пайгамбарчылык
1 Дөөттүн ыры. Кудай, мени сактай көр, анткени Өзүңө таянам.
2 Мен Теңирге мындай дедим: «Сен менин Теңиримсиң. Сага менин тартууларымдын кереги жок.
3 Мен Сенин жер үстүндөгү ыйыктарыңа, атактууларыңа тартылам».
4 Бөлөк кудайга кайрылгандардын кайгысы көбөйсүн. Мен алардын кандуу курмандыктарын чалбайм, алардын ысымдарын оозума албайм.
5 Теңир менин үлүшүм, менин мурасым. Тагдырым Сенин колуңда.
6 Мага жакшы үлүш тийди, мурасым өзүмө жагат.
7 Мага кеңеш берген Теңиримди даңктайм. Атүгүл, түнкүсүн да жүрөгүм мага акыл үйрөтүп турат.
8 Теңирди мен өзүмдүн алдымдан ар дайым көрүп турдум, Ал менин оң жагымда, мен олку-солку болбойм.
9 Ошондуктан жүрөгүм кубанычка толуп, тилим шаттуу сүйлөп жатат. Атүгүл, денем да тынч алды.
10 Анткени Сен менин жанымды өлгөндөр жаткан жайда калтырбайсың, Өз ыйыгыңдын чирүүсүнө жол бербейсиң.
11 Сен мага өмүр жолун көрсөтөсүң. Сенин алдыңда – толук кубаныч, оң колуңда – түбөлүк жыргал.
16-ЗАБУР
Теңирге таянуу
1 Дөөттүн сыйынуусу. Теңир, чындыкты ук да, зар-муңума кулак сал, калп айтпагандын оозунан чыккан жалынууга кулак төшө.
2 Мага өкүмдү Сен чыгар, Сенин көздөрүң чындыкты көрсө экен.
3 Сен менин жүрөгүмдү сынадың, мага түн ичинде келдиң, мени сынадың, бирок эч нерсе тапкан жоксуң. Оозум ойлорумдан четтеген жок.
4 Бардык иш-аракетте Сенин сөзүң боюнча өзүмдү сактап, эзүүчүнүн жолун жолдогон жокмун.
5 Менин кадамдарымды Өз жолдоруңда бекемде, буттарым оңго да, солго да бурулбасын.
6 Мен Сени чакырып жатам, анткени Сен мени угасың, Кудайым. Мага кулак сал, сөзүмдү ук.
7 Өзүңө таянгандарды Өзүңдүн оң колуңа каршы чыккандардан куткарган Кудай, Өзүңдүн кереметтүү ырайымыңды көрсөт.
8 Мени көзүңдүн карегиндей сактай көр, канатыңдын астына калкалай көр.
9 Мага кол салган кудайсыздардан, курчаган кас душмандарымдан калкала.
10 Алардын жүрөгүн май басты, тилдери менен менменсинип сүйлөшөт.
11 Азыр алар бизди кадам сайын курчашат; жерге кулатыш үчүн, алар бизден көзүн албайт.
12 Алар жем издеген арстанга, жашыруун буктурмада отурган жырткычка окшош.
13 Теңир, ордуңан тур, аларды тый, кыйрат, жанымды кудайсыздан Өз кылычың менен куткар.
14 Теңир, мени бул адамдардан – бул дүйнөдө гана үлүшү бар, курсагын Сенин казыналарыңдан тойгузуп жүргөн бул дүйнөнүн адамдарынан Өз колуң менен куткара көр. Алардын уулдары ток, артканын өз балдарына калтырышат.
15 Ал эми мен адилдигим менен Сенин жүзүңдү карайм. Ойгонгондо, Сенин бейнеңди көрүп, көзүм тоёт.
17-ЗАБУР
Дөөттүн ыры
1 Ырчылар тобунун башчысына. Теңир бардык душмандардын жана Шабулдун колунан куткарып алганда, Теңирдин кулу Дөөттүн Теңирге ырдаган ыры. Ошондо ал мындай деди:
2 «Сени сүйөм, Теңирим, күч-кубатым менин!
3 Теңир менин тирегим, баш паанам, куткаруучум; Кудайым менин аска-зоом. Мен Ага гана таянам. Ал менин калканым, куткаруучу мүйүзүм, таянычым».
4 Табынууга татыктуу Теңирдин атын чакырып, душмандарымдан кутулам.
5 Мени өлүм азаптары курчап алды, кыйынчылыктардын агымы үрөйүмдү учурду.
6 Мага өлгөндөр жаткан жайдын чынжырлары салынды, өлүмдүн торуна чалындым.
7 Мен кысталышта калганда, Теңиримди чакырдым, Кудайыма жалындым. Ал Өз турагынан менин үнүмдү укту, зар-муңум Анын кулагына жетти.
8 Жер силкинип термелди, тоолордун негиздери ордунан козголду, анткени Кудай каарданды.
9 Анын каарынан түтүн көтөрүлүп, оозунан баарын жалмай турган от чыкты, Андан күйүп жаткан чоктор чачырап жатты.
10 Асманды эңкейтип, Ал жерге түштү, Анын бут астында караңгылык жатты.
11 Ал керуптардын үстүнө отуруп, шамалдын канатында учуп жөнөдү.
12 Караңгылыкты Өзүнө жабуу кылды, асмандагы булуттарды, кара булуттарды Өзүнүн тегерегине чатыр кылды.
13 Анын алдындагы жарыктан Анын булуттары, мөндүр, кызыл чоктор качты.
14 Асманда Теңир күркүрөдү, Бардыгынан Жогору Турган үн салды, мөндүр жана жалындаган чок жаады.
15 Өзүнүн жебелерин тартып, аларды туш-тушка чачыратты; көп чагылган жиберип, аларды туш-тушка качырды.
16 Теңирим, Сенин каардуу үнүңдөн, Сенин каарыңдын илебинен суу башаттары, ааламдын негизи ачылды.
17 Ал асмандан колун сунуп, мени алды, мени чоң суулардан тартып чыгарды.
18 Мени күчтүү душманымдан, менден күчтүү болгон жек көрүүчүлөрдөн куткарды.
19 Алар мага башыма мүшкүл түшкөн күнү каршы чыгышты. Бирок Теңир мага жөлөк болду.
20 Ал мени кең жерге алып чыкты, мени куткарды, анткени Ал мени жакшы көрөт.
21 Теңир менин адилдигиме жараша, колумдун тазалагына жараша тиешемди берди.
22 Анткени мен Теңирдин жолун сактадым, Кудайымдан четтеген эмесмин.
23 Анткени Анын бардык мыйзамдары менин алдымда, Анын көрсөтмөлөрүнөн четтеген жокмун.
24 Мен Кудай алдында таза элем, күнөө кылып албайын деп сактанчумун.
25 Теңир Өзүнүн көз алдындагы адилдигиме жараша, колумдун тазалыгына жараша тиешемди берди.
26 Боорукерге Сен боорукердик кыласың, адил адамга адилет мамиле кыласың.
27 Тазаларга тазалыгына жараша мамиле кыласың, алдамчыга алдамчылыгына жараша мамиле кыласың.
28 Анткени Сен эзилген адамдарды куткарасың, ал эми менменсинип карагандарды кемсинтесиң.
29 Теңир, Сен менин шамымды күйгүзөсүң. Кудайым караңгымды жарык кылат.
30 Мен Сени менен аскерлерди талкалайм, Кудайым менен чепти ашып түшөм.
31 Кудай! Анын жолу таза, Теңирдин сөзү таза. Ал – Өзүнө таянгандардын баарына калкан.
32 Теңирден башка Кудай барбы? Биздин Кудайдан башка Сактоочу барбы?
33 Кудай мага күч берет, мага түз жол салат.
34 Буттарымды бугунун буттарындай кылат, мени бийик жерлериме чыгарат.
35 Колумду согушка даярдайт, ошон үчүн колдорум жез жааны сындырат.
36 Сен мага куткаруучу калканыңды бердиң, Сенин оң колуң мени колдоп турат, Сенин ырайымың мени жогору көтөрөт.
37 Сен менин баса турган жолумду кеңейтесиң, ошондо тизелерим титиребейт.
38 Душмандарымды кууп жетип, аларды жок кылмайынча, артка кайтпайм.
39 Аларды талкалайм, алар тура албай калышат, менин бут алдыма жыгылышат.
40 Анткени Сен мага согушканга күч бердиң, мага каршы көтөрүлгөндөрдү бут алдыма жыгып бердиң.
41 Душмандарымды менин көз алдымда артка чегинттиң. Мени жек көргөндөрдү кыйратып жатам.
42 Алар боздоп жатышат, бирок алардын куткарары жок. Теңирге жалынып жатышат, бирок Ал аларды укпайт.
43 Аларды топурактай сапырып, көчөдөгү балчыктай тебеледим.
44 Сен мени эл козголоңунан куткарып алып, бөтөн элдерге эл башчы кылдың. Өзүм тааныбаган эл мага кызмат кылып жатат.
45 Алар мен жөнүндө угуп эле, мага баш ийишет. Бөтөн элдер менин алдымда жасакерленишет.
46 Бөтөн элдер кумсарып, өздөрүнүн сепилдеринде титиреп отурушат.
47 Теңир тирүү, менин тирегим даңкталсын! Мени куткарган Кудай даңазалансын!
48 Мен үчүн өч алган, бөтөн элдерди багындырып берген Кудай,
49 мени душмандарымдан куткарган Кудай даңкталсын! Мага каршы чыккандардын алдында Сен мени жогору көтөрдүң, мени катаал кишиден куткардың.
50 Ошон үчүн, Теңир, Сени даңктайм, бөтөн элдердин арасында Сенин ысымыңды даңктап ырдайм.
51 Падышаны улуу жеңиш менен куткарган, Өзүң майлаган Дөөткө жана анын укум-тукумуна түбөлүккө ырайым кылган Сени даңктап ырдайм.
18-ЗАБУР
Кудайдын даңкы
1 Ырчылар тобунун башчысына. Дөөттүн забуру.
2 Асман Кудайдын даңкын жар салып жатат, аалам Анын колдору жасаган иштерди кабарлап жатат.
3 Күн күнгө сүйлөп, түн түнгө билим берет.
4 Алардын үнүн укпаган бир да эл, бир да улут жок.
5 Алардын үнү бүт жер жүзүн аралап өтөт, алардын сөзү аалам чегине жетет. Кудай алардын арасында күнгө турак жай тургузуп берди.
6 Ал нике үйүнөн чыккан күйөөдөй болуп чыгат; өз жолун басып өткөн күлүктөй кубанат.
7 Асмандын бир четинен чыгып, экинчи четине барат; анын жылуулугунан эч нерсе жашырынып кала албайт.
8 Кудайдын мыйзамы жеткилең, ал жанга күч берет. Теңирдин сөздөрү туура, ал жөнөкөйлөрдү акылдуу кылат.
9 Теңирдин буйруктары адилет, жүрөктү кубантат. Теңирдин осуяттары жарык, көздү ачат.
10 Теңирден коркуу – таза нерсе, ал түбөлүктүү. Теңирдин өкүмдөрү адилет, бардыгы туура.
11 Алар алтындан да, көп таза алтындан да баалуу; балдан да, эң таттуу балдын тамчысынан да ширин.
12 Өз кулуңду ошолор сактап жүрөт. Аларды сактагандарга чоң сыйлык!
13 Ким өзүнүн күнөөлөрүн көрө алат? Мени жашыруун күнөөлөрүмдөн арылт.
14 Өз кулуңду атайлап күнөө кылуудан сакта, алар мага үстөмдүк кылышпасын. Ошондо мен күнөөсүз болом, көп кылмыштардан алыс болом.
15 Оозумдан чыккан сөздөрүм менен жүрөгүмдөгү ойлорум Сага жага тургандай болсун, Теңирим, менин тирегим, Куткаруучум!
19-ЗАБУР
Кудайдан бата сурап сыйынуу
1 Ырчылар тобунун башчысына. Дөөттүн забуру.
2 Сен кайгырган күнү Теңир үнүңдү уксун, сени Жакыптын Кудайынын ысымы сактасын.
3 Ал сага ыйык жайдан жардам, Сиондон күч-кубат жөнөтсүн.
4 Чалган курмандыктарыңдын баарын эске алсын, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыгыңды майлуу курмандык катары кабыл алсын.
5 Сага жүрөгүң каалаганды берсин, бүт тилегиңди аткарсын.
6 Биз сенин куткарылганыңа кубанабыз, биздин Кудайыбыздын атынан туу көтөрөбүз. Теңир сенин сураганыңдын баарын берсин.
7 Теңир Өзүнүн майланганын сактарын, Ага Өзүнүн ыйык асманынан Өзүнүн оң колунун куткаруучу күчү менен жооп берерин билдим.
8 Бири майдан арабалары менен, бири күлүк аттары менен мактанат, биз болсо Теңирдин, Кудайыбыздын ысымы менен мактанабыз.
9 Алар мүдүрүлүп жыгылышты, биз болсо турдук, бекем турабыз.
10 Теңир! Падышаны сакта, Өзүңдү чакырганда, үнүбүздү уга көр.
20-ЗАБУР
Куткаргандыгы үчүн Кудайды даңктоо
1 Ырчылар тобунун башчысына. Дөөттүн забуру.
2 Теңир, падыша Сенин күчүң менен шаттанат, Сенин куткарганыңа чексиз кубанат.
3 Сен ага жүрөгү каалаганды бердиң, анын оозунан чыккан өтүнүчтү четке каккан жоксуң.
4 Анткени Сен ага ырайымың менен батаңды бердиң, башына таза алтындан таажы кийгиздиң.
5 Ал Сенден өмүр сурады, Сен ага узун өмүр бердиң.
6 Сен аны куткаргандыктан, ал даңкка бөлөндү. Урмат менен улуулукту Сен ага таажы кылып кийгиздиң.
7 Сен ага түбөлүк батаңды берип, Өзүңдүн кубанычың менен анын көңүлүн көтөрдүң.
8 Анткени падыша Теңирге таянат, ал Бардыгынан Жогору Тургандын ырайымы менен бекем турат.
9 Сенин колуң бардык душмандарыңды талкалайт, оң колуң Сени жек көргөндөрдү кыйратат.
10 Каарың кайнаганда, Сен аларды күйүп жаткан мештей кыласың. Теңир каарданганда, аларды кыйратат, аларды от өрттөп кетет.
11 Сен алардын тукумун жер бетинен, уругун адам баласынын арасынан жок кыласың.
12 Анткени алар Сага жамандык кылабыз деп чечим чыгарышты, бирок ишке ашыра алышкан жок.
13 Сен аларды бута кылып коёсуң, Өзүңдүн жааңдын жебелери менен аларды бетке атасың.
14 Теңир, Өзүңдүн күчүң менен көкөлө! Биз Сенин кудуретиңди даңктап ырдайбыз.
21-ЗАБУР
Машайактын азап чегүүсү жана даңкы жөнүндө пайгамбарчылык
1 Ырчылар тобунун башчысына. Таң атарда ырдоо үчүн. Дөөттүн забуру.
2 Кудайым! Кудайым! Сен мени эмнеге таштап койдуң? Менин куткаруу сурап боздогон үнүм Сага жетпей жатат.
3 Кудайым! Күндүз жалынсам да, Сенден мага жооп жок, түндө жалынсам да тынчтана албайм.
4 Бирок Сен, Ыйык, Ысрайылдын даңктоо ырларынын арасында жашайсың.
5 Биздин ата-бабаларыбыз Сага таянышкан, алар Сага таянышкандыктан, Сен аларды куткарып тургансың.
6 Алар Сени чакырышкан, ошон үчүн куткарылышкан. Алар Сага таянышкан, ошон үчүн уятка калышкан эмес.
7 Мен болсо адам эмес эле, курт болуп калдым. Адамдарга шылдың, элдерге жек көрүндү болдум.
8 Мени карап тургандар баштарын чайкап, мындай деп шылдыңдап жатышат:
9 «Ал Теңирге таянчу, Теңир аны куткарып алсын. Эгер ал Теңирге жакса, анда аны куткарып алсын».
10 Бирок Сен мени энемдин курсагынан чыгаргансың, эмчектеги кезимде эле Өзүңө таянууну үйрөткөнсүң.
11 Энемдин ичинде жаткандан тартып эле, Сага тапшырылганмын, энемдин ичинен чыкканда эле, Сен менин Кудайым болчусуң.
12 Менден алыстаба, анткени кайгы жакын, анткени жардам берүүчү жок.
13 Көп букалар мени тегеректеп алышты, Башандын семиз өгүздөрү мени курчап алышты.
14 Алар мага олжосуна жулунуп айкырган арстандай ооздорун ачышты.
15 Мен суудай төгүлдүм, сөөктөрүм чачырап кетти, жүрөгүм момдой эриди.
16 Күч-кубатым карападай кургады, тилим таңдайыма жабышты, Сен мени өлүм топурагына түшүрдүң.
17 Анткени мени дөбөттөр курчап алышты, эки жүздүүлөрдүн тобу мени тегеректеп алышты, колу-бутумду тешишти.
18 Менин бардык сөөктөрүм саналгыдай. Алар болсо мени карап, тамаша кылып жатышат.
19 Чапанымды өз ара бөлүп алып жатышат, кийимим үчүн өкчөмө таш ыргытып жатышат.
20 Бирок, Теңирим, Сен менден алыстаба. Менин күч-кубатым, мага жардам бергенге шашыл.
21 Жанымды кылычтан, өмүрүмдү дөбөттөрдөн сактап кал.
22 Мени арстандын оозунан куткар, Сен мени уктуң. Буйволдун мүйүзүнөн куткар.
23 Сенин ысымыңды бир туугандарыма айтып даңктаймын, элдин арасында бир Өзүңдү мактаймын.
24 Кудайдан корккондор! Аны мактагыла. Жакыптын бүт тукуму! Аны даңкта! Ысрайылдын бүт тукуму Анын алдында коркуп турсун!
25 Анткени Ал азап тарткандын кайгысына назар салбай койгон жок, аны эсине албай койгон жок. Андан Өз жүзүн жашырган жок, ал Аны чакырганда, аны укту.
26 Чоң жыйында Сени даңктайм. Сенден корккондордун алдында Сага берген убадаларымды аткарам.
27 Жардылар жесин, тойсун. Теңирди издегендер Аны даңкташсын, жүрөгүңөр түбөлүк жашасын!
28 Теңирди эстеп, бүт жер жүзү Ага кайрылат. Бардык бутпарас элдер Сага таазим кылышат.
29 Анткени падышачылык Теңирдики. Ал – бардык элдердин Эгедери.
30 Жер жүзүндөгү бардык атактуу адамдар тойлошот жана табынышат. Топуракка айлана тургандар, өз өмүрүн сактап кала албай тургандар Ага таазим этишет.
31 Менин тукумум Ага кызмат кылат жана түбөлүккө Теңирдики деп аталат.
32 Алар келип, Теңирдин адилеттигин, иштерин кийинки муунга жарыялашат.
22-ЗАБУР
Теңир менин Кайтаруучум
1 Дөөттүн забуру. Теңир менин Кайтаруучум. Мен эч нерсеге муктаж болбойм.
2 Ал мени оттуу жайытка жаят жана жай аккан суу боюна алып барат.
3 Өз ысымы үчүн жаныма күч берип, чындык жолуна салат.
4 Өлүм көлөкөсүнүн өрөөнүндө жүрсөм да, жамандыктан коркпойм, анткени Сен мени мененсиң. Сенин бийлик таягың менен койчу таягың жанымды тынчтандырат.
5 Сен мага душмандарымдын көз алдында дасторкон жайдың, башымды зайтун майы менен майладың. Чөйчөгүм ашып-ташып төгүлүп турат.
6 Береке менен ырайым мени өмүрүмдүн аягына чейин коштоп жүрсүн, ошондо мен Теңирдин үйүндө түбөлүк болом.
23-ЗАБУР
Улуу Падыша
1 Дөөттүн забуру. Жер жана анда болгон бардык нерселер, аалам жана анда жашагандардын бардыгы Теңирдики.
2 Анткени Ал жерди деңиздердин үстүнө негиздеп, дарыялардын үстүнө орноткон.
3 Ким Теңирдин тоосуна чыга алат? Же ким Анын ыйык жеринде тура алат?
4-5 Колу жамандыкка барбаган, жүрөгү таза, жанын жеп карганбаган, жалган ант бербеген адам гана Теңирдин батасын алат, Куткаруучу Кудайынын ырайымын көрөт.
6 Сени издегендер, Сенин жүзүңдү издегендер ушундай, Жакыптын Кудайы!
7 Дарбазалар, баш капкаңарды көтөргүлө, түбөлүк эшиктер, каалгаңарды ачкыла, даңк Падышасы кирсин!
8 Ал даңк Падышасы ким? Ал – кудуреттүү, күчтүү Кудай, майданда күчтүү Теңир.
9 Дарбазалар, баш капкаңарды көтөргүлө, түбөлүк эшиктер, каалгаңарды ачкыла, даңк Падышасы кирсин!
10 Ал даңк Падышасы ким? Ал – Теңир Себайот, даңк Падышасы.
24-ЗАБУР
Жетектөөсүн жана коргоосун сурап Кудайга сыйынуу
1 Дөөттүн забуру. Теңир, жанымды Сенин алдыңа алып келем.
2 Кудайым! Сага таянам, уятка калбайын, душмандарым мага үстөмдүк кылышпасын.
3 Сенден үмүттөнгөндөрдүн баары уятка калышпасын. Мага себепсиз жамандык кылгандар уятка калышсын.
4 Теңир, мага Өз жолуңду көрсөт, Өз жолуңда жүргөндү үйрөт.
5 Мени Өз чындыгыңа багытта, үйрөт, анткени Сен мени куткарган Кудайсың. Ар күнү Сенден үмүттөнөм.
6 Теңир, кең пейилдигиңди, кайрымдуулугуңду эсте, анткени алар түбөлүктүү.
7 Менин жаш кезде кылган күнөөлөрүм менен кылмыштарымды эстебе. Мени Өзүңдүн кең пейилдигиң, ырайымдуулугуң боюнча эсте, Теңир!
8 Теңир кең пейил, адилет, ошондуктан Ал күнөөкөрлөрдү түз жолго салат.
9 Момундарды чындыкка бурат, момундарга Өз жолунда жүргөндү үйрөтөт.
10 Теңирдин бардык жолдору – Анын келишими менен мыйзамын сактагандар үчүн ырайым жана чындык.
11 Өз ысымың үчүн, Теңир, күнөөмдү кечир, анткени менин күнөөм чоң.
12 Теңир Өзүнөн корккон адамга кайсы жолду тандап алууну көрсөтөт.
13 Ал жыргал турмушта жашайт, тукуму жерди мурастап алат.
14 Теңирдин жашыруун сыры – Кудайдан корккондорго, Ал Өзүнүн келишимин ошолорго жарыялайт.
15 Менин көздөрүм дайыма Теңирде, анткени Ал буттарымды тордон чыгарат.
16 Мага назар салып, ырайым кыл, анткени мен жалгызмын, кыйналдым.
17 Жүрөгүмдөгү кайгы көбөйдү, мени кыйынчылыктан куткар.
18 Азап тартып кыйналып жатканыма көңүл бур, бардык күнөөмдү кечире көр.
19 Менин душмандарымды кара, алар канчалык көп, алар мени ушунчалык жек көрүшөт.
20 Жанымды сакта, мени куткар, мен Сага таянгандыктан, эч уятка калбайм.
21 Актыгым менен адилеттигим мени сактап келет, анткени мен Өзүңө таянам.
22 Кудайым, Ысрайылды бардык кайгысынан куткар.
25-ЗАБУР
Коргоосун сурап Кудайга сыйынуу
1 Дөөттүн забуру. Оо Теңир, мага калыстык кыл, анткени мен айыпсызмын. Сага таянам, солк этпейм.
2 Мени текшерип көр, сынап көр, Теңир. Менин ички дүйнөмдү, жүрөгүмдү эрит.
3 Анткени Сенин ырайымың менин көз алдымда, ошондуктан мен Сенин чындыгың боюнча жүрдүм.
4 Жалганчы адамдар менен бирге отурган жокмун, эки жүздүүлөр менен бирге жүргөн жокмун.
5 Кара ниет адамдардын тобун жек көрөм, кудайсыздар менен бирге отурбайм.
6 Мен өзүмдүн айыпсыздыгым менен колдорумду жууйм, Сенин курмандык чалынуучу жайыңды айланып өтүп,
7 Сени даңктайм, Теңирим. Сенин кереметтүү иштериңди жарыя кылам.
8 Теңирим! Мен Сенин үйүңдү жана Сенин даңкың турган жерди сүйөм.
9 Менин жанымды күнөөкөрлөр менен бирге, өмүрүмдү кан ичкичтер менен бирге кыйратпа.
10 Алардын колдорунда кыянаттык, алардын оң колу парага толгон.
11 Мен болсо айыпсызмын, мени куткар, мага ырайым кыл.
12 Менин бутум түз жолдо турат. Жыйындарда Теңирди даңктайм.
26-ЗАБУР
Дөөттүн таянуусу
1 Дөөттүн забуру. Теңир менин жарыгым, менин куткаруучум: кимден коркмок элем? Теңир – менин өмүрүмдүн тиреги: кимден үрөйүм учмак эле?
2 Эгерде кара ниет адамдар, жоолорум, кас душмандарым менин этимди тытып жеш үчүн, мага кол сала турган болсо, анда алар өздөрү чалынып жыгылышат.
3 Мага кошуун каршы чыкса да, менин жүрөгүм коркпойт. Мага каршы согуш чыкса да, Кудайга таянам.
4 Теңирден мен бир гана нерсени сурадым, ошону гана издеп келем: өмүр бою Теңирдин үйүндө болгум келет, Теңирдин сулуулугун көргүм келет, Анын ийбадатканасына барып тургум келет.
5 Анткени башыма мүшкүл түшкөн күнү Ал мени чатырына жашырат, Өзүнүн турагынын жашыруун жерине жашырып коёт, мени аскага чыгарып жиберет.
6 Ошондо менин башым мени курчаган душмандардан жогору көтөрүлөт, мен Анын жыйын чатырына даңктоо курмандыгын алып келем, Теңирди даңазалап ырдайм.
7 Теңир, Сени чакырган үнүмдү ук. Мага ырайым кыл, кулак сал.
8 Жүрөгүм Сенин атыңдан: «Менин жүзүмдү издегиле», – деп жатат. Ошондуктан Сенин жүзүңдү издейм, Теңир.
9 Менден жүзүңдү жашырба, ачууланып, кулуңдан баш тартпа. Менин жардам берүүчүм элең, мени четке какпа, мени таштаба, Кудайым, менин Куткаруучум!
10 Анткени мени атам да, энем да таштап кетти, бирок Теңир мени кабыл алат.
11 Теңир, мага Өзүңдүн жолуңда жүргөндү үйрөт, душмандарым үчүн мени чындык жолуна сал.
12 Мени душмандарымдын колуна салып бербе, анткени мага жалган күбөлөр каршы чыгып, жек көрүп жатышат.
13 Бирок мен Теңирдин кең пейилдигин тирүүлөрдүн жеринде көрөрүмө ишенем.
14 Теңирден үмүттөн, кайраттуу бол, жүрөгүң бекем болсун, Теңирден үмүттөн.
27-ЗАБУР
Кудайдан жардам сурап сыйынуу
1 Дөөттүн забуру. Сага кайрылып жатам, Теңир, менин тирегим! Мага жооп бербей койбо, эгерде Сен унчукпай койсоң, анда мен көргө түшкөн адамдай болуп калам.
2 Мен Сени чакырганда, Сенин ыйык ийбадатканаңа колумду сунганда, жалынган үнүмдү уга көр.
3 Мени кудайсыздар менен, адилетсиз иш кылгандар менен кошо өлтүрбө, алар жакындары менен жакшы эле сүйлөшүшөт, бирок жүрөктөрүндө жамандык.
4 Аларга өздөрүнүн кылган иштерине жараша, жаман иштерине жараша бер. Аларга колдору менен кылган иштерине жараша бер, аларга өздөрүнүн тиешесин бер.
5 Алар Теңирдин иш-аракетине, Анын колдору кылган иштерге көңүл бурушпагандыктан, Ал аларды талкалайт, кайра тургузбайт.
6 Теңирге даңк, анткени Ал менин жалынган үнүмдү укту!
7 Теңир менин күчүм, коргоочу чебим. Менин жүрөгүм Ага таянгандыктан, Ал мага жардам берди, ошондо жүрөгүм кубанычка толду. Мен Аны ырым менен даңктайм.
8 Теңир – Өз элинин күчү, Өзүнүн майланганынын куткара турган Коргоочусу.
9 Өз элиңди куткар, Өз мурасыңа батаңды бер. Аларды кайтар, кылымдан кылымга жогору көтөр.
28-ЗАБУР
Теңирди даңктоого чакыруу
1 Дөөттүн забуру. Кудайдын уулдары, Теңирди даңазалагыла, Аны даңктагыла, Ага урмат көрсөткүлө.
2 Теңирдин атын даңктагыла. Теңирге Анын даңкынын улуулугу үчүн таазим кылгыла.
3 Теңирдин үнү суулар үстүндө. Даңктуу Кудай күркүрөдү, Теңир көп суулардын үстүндө.
4 Теңирдин үнү күчтүү, Теңирдин үнү улуу.
5 Теңирдин үнү кедр жыгачтарын талкалап жатат, Теңир Лебанон кедрлерин кыйратып жатат.
6 Теңир аларды букачардай секиртүүдө, ал эми Лебанон менен Сирион тоолорун жаш өгүздөй секиртүүдө.
7 Теңирдин үнү чагылганды чагып чыгарып жатат.
8 Теңирдин үнү чөлдү титиретип жатат. Теңир Кадеш чөлүн титиретип жатат.
9 Теңирдин үнү жейрендерди боюнан бошотуп, токойлорду жылаңачтап жатат. Анын ийбадатканасында бардыгы Анын атак-даңкын даңазалап жатат.
10 Теңир топон суунун үстүндө, Өз тактысында отурду, Теңир түбөлүк падыша болуп тактыга отурат.
11 Теңир Өз элине күч берет. Теңир Өз элине тынчтык берип, батасын берет.
29-ЗАБУР
Өмүрүн сактап калгандыгы үчүн Кудайды даңктоо
1 Дөөттүн забуру. Үйдү ыйыктап жаткандагы ыр.
2 Мени тургузганың үчүн, душмандарымдын мага үстөмдүк кылуусуна жол бербегендигиң үчүн, Сени даңазалайм, Теңирим.
3 Теңирим, Кудайым! Өзүңдү чакырганымда, мени айыктырдың.
4 Теңирим! Сен жанымды өлгөндөр жаткан жайдан алып чыктың, көргө кирбешим үчүн, мени тирилттиң.
5 Теңирдин ыйыктары, Ага арнап ырдагыла, Анын ыйык ысымын даңктагыла.
6 Анткени Ал көз ирмемге эле каарданат, ал эми ырайымы түбөлүк: кечинде – ый, эртең менен болсо – кубаныч.
7 Мен бейкут жашап турганымда: «Эч качан мүдүрүлбөйм», – дегем.
8 Теңирим, Өзүңдүн жакшы ниетиң менен тоомду бекем кылдың. Бирок жүзүңдү менден жашыргандыктан коркуп кеттим.
9 Ошондо мен Сени чакырдым, Теңирим, Сага жалындым:
10 «Көргө киргенде, менин канымдан кандай пайда? Топурак Сени даңктамак беле? Сенин чындыгыңды жарыяламак беле?
11 Теңирим, кулак сал, ырайым кыл! Теңирим, мага жардам берүүчү бол».
12 Сен менин кайгымды шаттыкка айланттың, үстүмдөгү зумбалды чечип, белимди кубаныч менен курчадың.
13 Жаным Сени даңктасын, басылбасын. Теңир, Кудайым! Мен Сени түбөлүк даңктаймын.
30-ЗАБУР
Кудайга таянуу сыйынуусу
1 Ырчылар тобунун башчысына. Дөөттүн забуру.
2 Теңир, Сага таянам, эч качан уятка калбайын, мени адилеттигиң боюнча куткар.
3 Мага кулак сал, мени куткарууга шашыл. Мага таштай бекем чеп бол, мени сакташ үчүн, мага баш пааналай турган үй бол.
4 Анткени Сен менин аска-зоомсуң, чебимсиң. Өз ысымың үчүн мени жетеле, мени башкар.
5 Мени жашыруун жайып коюшкан тордон чыгар, анткени Сен менин таянычымсың.
6 Рухумду Өз колуңа тапшырам. Теңир, чындыктын Кудайы, Сен мени куткардың.
7 Эч нерсеге жарабаган жалган кудайларга табынгандарды жек көрөм, бирок Теңирге таянам.
8 Сенин ырайымыңа кубанам да шаттанам, анткени менин башыма түшкөн мүшкүлдү көрдүң, жанымдын кыйналганын билдиң.
9 Мени душмандын колуна салып берген жоксуң, бутумду кең жерге койдуң.
10 Мага ырайым кыл, Теңир, анткени кыйналып турам. Кайгыдан көздөрүм соолуп, жаным кыйналып, жүрөгүм сыздап жатат.
11 Өмүрүм кайгы менен өтүп бара жатат, жылдарым онтоо менен өтүүдө. Күнөөлөрүмдүн айынан алсырап калдым, сөөктөрүм кургады.
12 Бүт душмандарымдын алдында шылдың болдум, атүгүл, кошуналарыма да күлкү болдум, тааныштарымдын көздөрүнө эң коркунучтуу көрүнүп калдым. Көчөдөн көргөндөр менден качышат.
13 Мен эбак өлүп калган кишидей, адамдардын эсинен чыктым, талкаланган карападай болуп калдым.
14 Анткени мен көптөрдөн жаман сөз угуп жүрөм, туш-туштан коркунуч каптады. Алар топтошуп алып, мени өлтүрүү үчүн, жамандык ойлоп жатышат.
15 Ал эми мен, Теңир, Сага гана таянам жана: «Менин Кудайым Сенсиң», – дейм.
16 Менин күндөрүм Сенин колуңда. Мени душмандарымдын колунан, куугунтукка алгандардан куткар.
17 Өз кулуңа Өзүңдүн жарык жүзүңдү көрсөт, мени Өз ырайымың менен куткар.
18 Мен уятка калбайм, Теңир, анткени Сени чакырып жатам. Кудайсыздар болсо уят болушсун, алардын үнү өлгөндөр жаткан жайда басылсын.
19 Адил адамдарга текебердик менен, жек көрүү менен жалаа жаап, жалган сүйлөгөндөр тилден калышсын.
20 Сенде Өзүңдөн корккондор үчүн сактап койгон, адам баласынын алдында Өзүңө таянгандар үчүн даярдап койгон жакшы нерселер көп!
21 Сен аларды адамдардын козголоңунан Өз жүзүңдүн астына жашырасың, аларды ачуу тилден Өз чатырыңда калкалайсың.
22 Чептери бекем шаарда мага Өзүнүн кереметтүү ырайымын көрсөткөн Теңирге даңк!
23 Кыйналып турганымда: «Ал мени көз алдынан четке кагып койду», – деп ойлогон элем. Бирок мен Сени чакырганда, Сен менин сыйынуумду уктуң.
24 Теңирдин адил адамдары, Аны сүйгүлө. Ишенимдүүлөрдү Теңир сактайт, менменсингендердин жазасын ашыгы менен берет.
25 Теңирден үмүттөнгөндөрдүн баары, кайраттуу болгула, жүрөгүңөр бекем болсун!
31-ЗАБУР
Кечирим алуу
1 Дөөттүн үйрөтүүсү. Мыйзамсыз иштери кечирилип, күнөөлөрү жабылган адам бактылуу!
2 Күнөөсүн Теңир мойнуна салбаган жана куулугу жок адам бактылуу!
3 Мен унчукпай койгондуктан, ар күнү кыйнала берип, денем алсырап калды.
4 Анткени менин үстүмдөгү колуң күндүр-түндүр кыйнады. Кургакчылык убагындагыдай, өң-түстөн кеттим.
5 Бирок мен Сага күнөөмдү ачык айттым, айыбымды жашырган жокмун: «Кылмыштарымды мойнума алып, Теңирге ачык айтайын», – дедим, ошондо Сен мени күнөөмдүн айыптоосунан куткардың.
6 Ошон үчүн ар бир адил адам өз убагында Сага сыйынсын, ошондо ага суулардын ташкыны жетпейт.
7 Сен менин баш паанегимсиң, Сен мени кайгыдан сактайсың, куткарылуу кубанычына бөлөйсүң.
8 «Сени акылга келтирем, кайсы жол менен жүрүшүң керек болсо, ошол жолго салам, сени башкарып жүрөм, Менин көзүм сенин үстүңдө».
9 «Баш ийдириш үчүн жүгөн, ооздук сала турган аттай, акылсыз качырдай болбогула».
10 Кудайсызга көп кайгы, ал эми Теңирге таянганды ырайым курчап турат.
11 Адил адамдар, Теңир менен кубангыла, көңүлүңөрдү ачкыла! Жүрөгү тазалар, шаттангыла!
32-ЗАБУР
Даңктоо ыры
1 Адил адамдар, Теңир менен кубангыла! Аны мактоо адилдерге жарашат.
2 Теңирди гусли чертип даңктагыла, Ага он кылдуу арфа чертип ырдагыла.
3 Ага арнап жаңы ыр ырдагыла, Ага кубаныч менен уккулуктуу ырдагыла.
4 Анткени Теңирдин сөзү чындык, Анын бардык иштери туура.
5 Ал акыйкаттык менен адилеттикти сүйөт. Жер жүзү Теңирдин ырайымына толгон.
6 Теңирдин сөзү менен асман, деми менен бардык асман күчтөрү жаралган.
7 Ал деңиз сууларын үймөктөй чогултту, түпсүз туңгуюктарды сактагычтарда сактады.
8 Бүт жер жүзү Теңирден корксун. Ааламда жашагандардын баары Анын алдында титиреп турсун.
9 Ал эмне айтса, айтканындай болду; Ал эмне буйруса, буйруганындай болду.
10 Теңир бутпарастардын кеңешин бузат, элдердин ойлорун жок кылат.
11 Ал эми Теңирдин кеңеши түбөлүктүү; Анын жүрөгүндөгү ойлор укумдан-тукумга кетет.
12 Теңир кайсы элдин Кудайы болсо, ошол эл бактылуу; Ал кайсы урууну Өзүнө мурас кылып тандап алса, ошол уруу бактылуу.
13 Теңир асмандан карап, бүткүл адам баласын көрүп турат.
14 Ал Өзү отурган тактыдан жерде жашагандардын баарын көрүп турат.
15 Ал алардын бардыгынын жүрөгүн жараткан, алардын бардыгынын иштерин билет.
16 Падыша сансыз аскери менен куткарыла албайт; алпты зор күчү сактай албайт.
17 Куткарат деп, атка ишенүүгө болбойт, ал өзүнүн чоң күчү менен да куткара албайт.
18 Мына, Теңирдин көзү Өзүнөн корккондордун жана Өзүнүн ырайымына таянгандардын үстүндө.
19 Теңир алардын жанын өлүмдөн сактап каларына, ачарчылык убагында тойгузарына ишенишет.
20 Жаныбыз Теңирге таянат. Ал биздин жардам берүүчүбүз, калканыбыз.
21 Аны менен жүрөгүбүз кубанат, анткени биз Анын ыйык ысымына таянабыз.
22 Сага таянгандыктан, ырайымың биздин үстүбүздө болсун, Теңир.
33-ЗАБУР
Кудайды ырайымы үчүн даңктоо
1 Абы-Мелектин алдында келесоо болумуш болуп, андан кутулгандагы Дөөттүн забуру.
2 Теңирди ар убакта мактаймын, оозумдан түшүрбөй даңктаймын.
3 Жаным Теңир менен мактанат, аны момундар угуп кубанат.
4 Мени менен бирге Теңирди мактагыла, Анын ысымын баарыбыз бирге даңазалайлы.
5 Мен Теңирди издедим, ошондо Ал мени угуп, бардык коркунучтан куткарды.
6 Ага кайрылгандардын көздөрү ачылды, алар уятка калышпайт.
7 Азап чегип жаткан адам чакырганда, Теңир угуп, аны бардык азаптарынан куткарды.
8 Теңирдин периштеси Кудайдан корккондорду курчап турат, аларды куткарат.
9 Татып көргүлө, ошондо Теңирдин кандай жакшы экенин көрөсүңөр! Теңирге таянган адам бактылуу!
10 Теңирден корккула, Кудайдын ыйыктары, анткени Кудайдан корккондор эч нерсеге муктаж болушпайт.
11 Жаш арстандар жокчулуктун каарын тартып, ачка калышат, ал эми Теңирди издегендер эч бир жакшы нерседен кур калышпайт.
12 Келгиле, балдарым, мени уккула. Силерге Теңирден коркууну үйрөтөм.
13 Эгерде адам жашагысы келсе, жыргал турмушту көрүп, узак өмүр сүргүсү келсе,
14 анда тилин жаман сөздөн, оозун жалган сөздөн сактасын.
15 Жамандыктан баш тартып, жакшылык кыл. Тынчтыкты издеп, ошого умтул.
16 Теңирдин көздөрү адил адамдарды көрүп турат, кулагы алардын зар-муңун угат.
17 Бирок Теңирдин жүзү жамандык кылгандарга каршы, алардын ысымын жер үстүнөн биротоло өчүрөт.
18 Адил адамдар чакырганда, Теңир аларды угуп, бардык кыйынчылыктарынан куткарат.
19 Теңир чын дилинен өкүнгөндөргө жакын, моюн сунгандарды куткарат.
20 Адил адамдын кайгысы көп, бирок Теңир аны бардык кайгысынан куткарат.
21 Ал анын бардык сөөктөрүн сактайт, бир да сөөгү сынбайт.
22 Күнөөкөрдү жамандык өлтүрөт, адил адамды жек көргөндөр ойрон болушат.
23 Теңир Өз кулдарынын жанын куткарат, Ага таянгандардын бири да өлбөйт.
34-ЗАБУР
Кудайдан жардам сурап сыйынуу
1 Дөөттүн забуру. Теңир, мени менен күрөшкөндөр менен күрөш, мени менен согушкандар менен согуш.
2 Калкан, соот алып, мага жардамга кел.
3 Кылычыңды кынынан сууруп, мени кууп келе жаткандардын жолун торо. Менин жаныма: «Сенин куткаруучуң Менмин!» – деп айт.
4 Мени өлтүргүсү келгендер уятка калышсын, шылдың болушсун. Мага жамандык каалагандар артына качып, абийири төгүлсүн.
5 Алар шамал сапырган самандай болушсун, Теңирдин периштеси аларды кууп жиберсин.
6 Алардын жолу караңгы жана тайгак болсун, Теңирдин периштеси аларды куугунтуктасын.
7 Анткени алар мага себепсиз ор казышкан, тор жайышкан. Менин айыпсыз жаным үчүн көр казышкан.
8 Ага күтүлбөгөн өлүм келсин, мага жашыруун жайган торуна өзү түшсүн, торуна өзү түшүп өлсүн.
9 Ал эми менин жаным Теңир менен кубанат, Анын куткарганына шаттанат.
10 Менин бүт сөөктөрүм: «Теңир! Күчсүздү күчтүүдөн сактаган, жарды менен жакырды каракчыдан куткарган Сендей ким бар?» – дейт.
11 Жалган күбөлөр мага каршы чыгышты: мен билбегендерди сурап, суракка алышты.
12 Жакшылыгым үчүн алар мага жамандык кылып, жанымды жалгызсыратышты.
13 Мен алар ооруп жатканда, зумбал кийип, өз жанымды орозо кармап кыйнадым, башымды көтөрбөй, кайра-кайра сыйындым.
14 Аларга досумдай, бир тууганымдай мамиле кылдым. Энесине аза күткөн адамдай кайгыга батып, башымды шылкыйтып жүрдүм.
15 А мен мүдүрүлүп кеткенде, алар кубанып, топтошо калышты; мени тилдегендер мага каршы чогулушту, мени эмне үчүн токтоосуз кордоп жатышканын билбейм.
16 Алар эки жүздүүлөнүп, мени шылдыңдап, тиштерин кычыратышты.
17 Теңир! Муну качанга чейин карап тура бересиң? Жанымды алардын кыянаттыгынан куткар, жалгыз жанымды арстандардын азуусунан куткар.
18 Мен Сени чоң жыйында даңктайм, өтө көп элдин ортосунда даңазалайм.
19 Мага себепсиз кас болуп жүргөндөр мени табалап карап турушпасын, мени айыпсыз жек көргөндөр табалап, бири-бирине көз кысышпасын.
20 Анткени алар тынчтык жөнүндө сүйлөшүп жатышкан жок, тескерисинче, жерде тынч жашагандарга жамандык кылууну ойлонуштуруп жатышат.
21 Мени карап алып: «Ии-и! Ии-и! Өз көзүбүз менен көрүп жатабыз!» – деп табалап жатышат.
22 Сен муну көрдүң, Теңир, унчукпай койбо. Менден алыстаба, Теңир.
23 Кудайым, Теңирим, ордуңан тур, мени актоо үчүн, мени коргоо үчүн ойгон!
24 Мени Өзүңдүн акыйкаттыгың менен акта, Теңирим, Кудайым, алар мени табалашпасын.
25 Өз ичтеринен: «Ырас болду! Табабыз канды!» – дешпесин. «Биз аны жуттук», – дешпесин.
26 Башыма кыйынчылык түшкөнүнө табасы канып кубангандар уятка калышсын, шылдың болушсун. Мага менменсингендердин абийири төгүлсүн, уят болушсун.
27 Менин акталышымды каалагандар кубанып, салтанат куруп, тынбай: «Өз кулуна тынчтык каалаган Теңир даңазалансын!» – дешсин.
28 Менин тилим Сенин чындыгыңды жар салып, ар күнү Сени даңазалайт.
35-ЗАБУР
Кудайсыздын мыйзамсыздыгы
1 Ырчылар тобунун башчысына. Теңирдин кулу Дөөттүн забуру.
2 Кудайсыздын мыйзамсыздыгын көрүп, ичимен: «Анын көздөрүндө Кудайдан коркуу деген жок», – дедим.
3 Анткени ал өзүнүн мыйзамсыздыгын жек көргөндөй, аны мойнуна алгысы келгендей түр көрсөтөт.
4 Анын оозунан чыккан сөздөр – жалган жана амалкөйлүк. Ал акылына келгиси келбейт, жакшылык кылгысы келбейт.
5 Ал төшөгүндө жатып да жамандык ойлойт, жаман ишке барат, мыйзамсыздык кылуудан жийиркенбейт.
Кудайдын ырайымы
6 Теңир! Сенин ырайымың асманга чейин жетет, Сенин ишенимдүүлүгүң булуттарга чейин жетет!
7 Сенин адилеттигиң улуу тоолордой, чечимдериң – түпсүз тереңдик. Адамдарды да, жаныбарларды да сактап турган бир Өзүңсүң, Теңир!
8 Ырайымың кандай кымбат, Кудайым! Адам баласы Сенин канаттарыңдын далдаасынан баш паанек табат.
9 Алар Сенин үйүңдөгү майларга тоюшат, аларды Өзүңдүн таттуу сууларыңа кандырасың.
10 Анткени өмүрдүн булагы Сенде. Биз Сенин жарыгыңдан жарык көрүп турабыз.
11 Сени билгендерге Өзүңдүн ырайымыңды, жүрөгү тазаларга Өз адилеттигиңди көрсөтө бер.
12 Мени текебердин буту тебелебесин, күнөөкөрдүн колуна түшпөйүн.
13 Ал жерде мыйзамсыздык кылгандар кулап түшүштү, алар эми кайра тура алышпайт!
36-ЗАБУР
Адил адам менен мыйзамсыздын үлүшү
1 Дөөттүн забуру. Зулумдарга ачууланба, мыйзамсыз иш кылгандарга суктанба.
2 Анткени алар тез эле чөптөй куурашат, көк чөптөй соолушат.
3 Теңирге таян, жакшылык кыл, жер үстүндө жаша, чындыкты сакта.
4 Теңир менен кубан, ошондо Ал жүрөгүңдөгү каалоолорду ишке ашырат.
5 Теңирге өз жолуңду тапшыр, Ага таян, ошондо Ал ишке ашырат.
6 Чындыгыңды жарыктай, адилеттигиңди чак түштө тийген күндөй кылат.
7 Теңирди унчукпай күт, Андан үмүттөн. Өз жолунда ийгиликке жеткен, арам ойлорун ишке ашырган адамга атаандашпа.
8 Ачууңду токтот, кыжырланба. Жамандык кылганга чейин барбаш үчүн, атаандашпа.
9 Анткени жамандык кылгандар кырылышат, ал эми Теңирден үмүттөнгөндөр жерди мураска алышат.
10 Бир аз убакыт өткөндөн кийин кудайсыз жок болот, анын ордун карап, таппай каласың.
11 Ал эми момундар жерди мураска алышат да, тынч турмушка ыракаттанышат.
12 Кудайсыз адам адил адамга жамандык издеп, тиштерин кычыратып турат.
13 Теңир болсо ага күлөт, анткени Ал анын күнү жакын калганын көрүп турат.
14 Кудайсыздар жарды менен жакырды кулатуу үчүн, түз жолдо бара жаткандарды өлтүрүү үчүн, кылычтарын кындан сууруп, жааларын атууга даярдап турушат.
15 Алардын кылычы өздөрүнүн жүрөгүнө сайылат, жаалары сынат.
16 Адил адамдын аз нерсеси кудайсыздардын сансыз байлыгынан артык.
17 Анткени кудайсыздардын күчү талкаланат, ал эми адил адамдарды Теңир колдойт.
18 Теңир күнөөсүздөрдүн күндөрүн билет, алардын байлыгы түбөлүк турат.
19 Алар оор күндөрү уятка калышпайт, ачарчылык күндөрү ток болушат.
20 Ал эми кудайсыздар өлүшөт, Теңирдин душмандары козунун майындай жок болот, түтүндөй тарап кетет.
21 Кудайсыз карыз алат, бирок кайрып бербейт, ал эми адил адам ырайым кылат жана берет.
22 Анткени Кудайдын батасын алгандар жерди мурастап калышат, ал эми Анын каргышына калгандар кырылып жок болушат.
23 Эгерде адамдын жолу Теңирге жакса, Ал аны бекемдейт.
24 Ал жыгылып бара жатса да, кулабайт, анткени Теңир аны колунан кармап турат.
25 Мен жаш болгом, эми карыдым, бирок адил адамды Кудай таштап койгонун же анын балдарынын нан сурап жүргөнүн көргөн жокмун.
26 Адил адам ар күнү боор ооруп, карыз сурагандарга берет, ошондуктан анын укум-тукуму бата алат.
27 Жамандыктан кач, жакшылык кыл, ошондо түбөлүк жашайсың.
28 Анткени Теңир чындыкты сүйөт, Өзүнүн ыйыктарын таштабайт. Алар түбөлүк сакталышат, ал эми кудайсыздардын тукуму кырылып жок болот.
29 Адил адамдар жерди мурастап, анда түбөлүк жашашат.
30 Адил адамдын оозунан акылдуу сөздөр чыгат, тили чындыкты сүйлөйт.
31 Кудайдын мыйзамы анын жүрөгүндө, анын буттары тайыбайт.
32 Кудайсыз адам адил адамдын артынан аңдып, аны өлтүрүүнүн жолун издейт.
33 Бирок Теңир адил адамды анын колуна бербейт, ал соттолуп жатканда, анын айыпталуусуна жол бербейт.
34 Теңирден үмүт кыл, Анын жолунан чыкпа. Ошондо жерди мурастап калышың үчүн, Ал сени сактап жүрөт. Кудайсыздардын кырылып жатканын өз көзүң менен көрөсүң.
35 Мен мыйзамсыз, зулум адамды көрдүм, ал тамырын жайган бутактуу дарактай эле.
36 Бирок ал өтүп кеткен, эми ал жок. Аны издедим, бирок таппай койдум.
37 Күнөөсүз адамды байкап жүр, адил адамды карап жүр, анткени андай адамдын келечеги – тынчтык.
38 Ал эми мыйзамсыздардын баары кырылат, кудайсыздардын келечеги ойрон болот.
39 Адил адамдардын куткарылышы Теңирден, кайгы учурунда Теңир алардын коргоочусу.
40 Теңир аларга жардам берет, аларды куткарат. Аларды кудайсыздардан куткарып алат, аларды сактап калат, анткени алар Теңирге таянышат.
37-ЗАБУР
Азап чеккен адамдын сыйынуусу
1 Дөөттүн забуру. Эске түшүрүү үчүн.
2 Теңир! Мени каарданып ашкерелебе, ачууланып жазалаба.
3 Анткени Сенин жебелериң денеме сайылып турат, Сенин менин үстүмдөгү колуң оор болуп жатат.
4 Сенин каарыңдан денемдин бир да соо жери жок. Күнөөлөрүмдүн айынан сөөктөрүмдө тынчтык жок.
5 Анткени мыйзамсыз иштерим башымдан ашып, оор жүк сыяктуу мага салмагын салып турат.
6 Акылсыздыгымдан жараларым ириңдеп, сасып жатат.
7 Бүкүрөйүп, таптакыр башымды көтөрө албай калдым, таңдан кечке кайгы тартып жүрөм.
8 Анткени ичим толтура илдет, денемдин соо жери жок.
9 Алсырап, аябай кыйналып жатам, жүрөгүм сыздагандан кыйкырып жатам.
10 Теңир! Менин каалоомдун баары Өзүңө белгилүү, менин онтогонум да Сенден жашыруун эмес.
11 Жүрөгүм титиреп жатат, күчүмдү жоготтум, көзүм да тунарып калды.
12 Досторум менен санаалаштарым илдетимди көрүп, менден оолактап калышты, жакындарым да алыс турушат.
13 Мени өлтүргүсү келгендер болсо торлорун жайып жатышат, мага жамандык каалагандар мени өлтүрүү жөнүндө сүйлөшүп жатышат, ар күнү айла-амал ойлоп жатышат.
14 Ал эми мен дүлөйгө окшоп эч нерсе укпайм; дудукка окшоп оозумду ачпайм.
15 Кулагы укпаган, оозунда жообу жок адамга окшоп калдым.
16 Анткени мен Сенден үмүттөнөм, Теңир. Сен мага жооп бересиң, Теңирим, Кудайым менин.
17 «Душмандарым мени көрүп кубанышпасын. Бутум шилтенбей калса, алар мага кыйынсынышат», – дедим.
18 Анткени жыгылганы калдым, жаным кыйналып турат.
19 Мен өз айыбымды мойнума алам, күнөөм үчүн кайгырып жатам.
20 Душмандарым болсо жашап жүрүшөт, күч алып жатышат, мени себепсиз эле жек көргөндөр көбөйүп жатат.
21 Менин жакшылыгыма жамандык кылгандар да жакшы нерсеге умтулганым үчүн, мага каршы чыгып жатышат.
22 Теңирим, Кудайым, мени таштаба, менден алыстаба.
23 Мага жардам берүүгө шашыл, Теңирим, менин Куткаруучум!
38-ЗАБУР
Азап чеккен адамдын жалынуусу
1 Ырчылар тобунун башчысы Жедутунга. Дөөттүн забуру.
2 «Тилим менен күнөөгө батпаш үчүн, өз жолдорумду байкап жүрөйүн. Кудайсыз жанымда турганда, оозумду ооздуктайын», – дедим.
3 Мен дүлөй да, дудук да болдум, жакшылык жөнүндө да ооз ачпас болдум; азабым артты.
4 Көөдөнүмдө жүрөгүм жалындап, оюмда от чыкты. Тилим ошондо сүйлөй баштады:
5 айтчы, Теңирим, мен качан өлөм, канча күнүм калды, канча күнүм калганын, канча жашарымды билейин.
6 Сен мага бир сөөм өмүр бердиң, менин өмүрүм Сенин алдыңда эч нерсе эмес. Чын эле, ар бир адамдын жашоосу курулай убаракерчилик экен.
7 Чын эле, адам элес сыяктуу жүрөт, бекер түйшүк тартат, дүнүйө жыйнайт, анысы кимге каларын билбейт.
8 Мен эми эмнени күтмөк элем, Теңир? Менин үмүтүм бир Өзүңдө.
9 Мени мыйзамсыз иштеримдин баарынан куткар, мени акылсыздарга кордотпо.
10 Мен дудук болуп калдым, ооз ачпайм, анткени Сен ушундай кылдың.
11 Соккуларыңды токтот, Сенин колуңдун соккусунан мен жок болуп бара жатам.
12 Сен адамды күнөөсү үчүн жазалап, башына кыйынчылык саласың, анын көркү күбө жегендей күбүлөт. Ар бир адамдын жашоосу – курулай убаракерчилик!
13 Менин сыйынуумду ук, Теңир, Менин ыйыма кулак сал. Менин көз жашымды көрүп унчукпай койбо. Анткени мен Сенин жолоочуңмун, өзүмдүн ата-бабаларымдай эле келгинмин.
14 Мени кыйнаба, көзүм жумулуп дүйнөдөн өткүчө, күчкө толуп алайын.
39-ЗАБУР
Машайактын тил алчаактыгы жөнүндө пайгамбарчылык
1 Ырчылар тобунун башчысына. Дөөттүн забуру.
2 Мен Теңирге бекем ишенгем, ошондуктан Ал мага назар салып, менин зар-муңумду укту.
3 Мени туңгуюктан, сормо саздан чыгарып, буттарымды ташка коюп, кадамымды бекемдеди.
4 Кудайыбызды мактаган жаңы ырды оозума салды. Көп адамдар көрүп коркуп калышат, ошондо Теңирге таянышат.
5 Теңирди таяныч кылган жана текеберлерге, жалганчыларга кайрылбаган адам бактылуу.
6 Теңир, Кудайым, Сен көп иштерди жасадың! Сенин бизге көрсөткөн кереметтериңди, биз жөнүндөгү ниеттериңди ким айтып бүтө алат? Сага ким тең келе алат! Мен мунун баарын жар салып айтар элем, бирок аларга сан жетпейт.
7 Курмандык менен тартууларды Сен каалаган жоксуң, бирок Сен менин кулагымды ачтың. Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык менен күнөө үчүн чалынуучу курмандыкты талап кылган жоксуң.
8 Ошондо мен: «Мына, мен бара жатам. Түрмөк китепте мен жөнүндө жазылган.
9 Мен Сенин эркиңди аткаргым келет, Кудайым. Сенин мыйзамың менин жүрөгүмдө», – дедим.
10 Мен Сенин адилеттигиңди улуу жыйында жарыя кылдым. Оозумду тындырган жокмун, муну Сен билесиң, Теңир.
11 Сенин адилеттигиңди жүрөгүмө катып алган жокмун, Сенин ишенимдүүлүгүңдү жана куткаруу ишиңди жарыя кылдым, Сенин ырайымың менен чындыгыңды улуу жыйындын алдында жашырбадым.
Ырайым кылуусун сурап Кудайга сыйынуу
12 Сен, Теңир, менден ырайымыңды аяба! Сенин ырайымың менен чындыгың мени дайыма коргоп жүрсүн.
13 Анткени мени сансыз кайгы курчап алды, мыйзамсыз иштерим өз башыма тийди, ошондуктан эч нерсени көрө албай жатам. Алар башымдагы чачымдан да көп, менин кайрат-күчүм кетти.
14 Ырайым кылып, мени куткарып ал, Теңир! Мага жардамга шашыл, Теңир!
15 Мени өлтүргүсү келгендердин бардыгы уятка калышсын, шылдың болушсун! Мага жамандык каалагандар артка кайтышсын, күлкү болушсун!
16 «Ии-ии!» – деп табалагандар өздөрүнүн шылдың болуп калганына үрөйлөрү учсун.
17 Сени издегендердин баары кубанышсын, Сени менен шаттанышсын. Сенин куткаруу иштериңди сүйгөндөр: «Теңир улуу!» – деп, тынбай жар салышсын.
18 Мен болсо жардымын, жакырмын. Теңир, мен үчүн кам көрө көр. Менин жардам берүүчүм да, Куткаруучум да Сенсиң, Кудайым, кечикпе!
40-ЗАБУР
Кайрымдуу адам бактылуу
1 Ырчылар тобунун башчысына. Дөөттүн забуру.
2 Бей-бечараны ойлогон адам бактылуу! Кыйынчылык күнү аны Теңир куткарат.
3 Теңир аны коргоп, өмүрүн сактап калат. Жер үстүндө ал бактылуу болот. Теңир, Сен аны душмандын колуна салып бербейсиң.
4 Ал ооруп жатканда, Теңир ага күч берет. Сен аны төшөгүнөн тургузасың, дартынан арылтасың.
5 «Теңир! Мага ырайым кыл, жанымды сакайт, анткени мен Сенин алдыңда күнөө кылдым», – дедим.
6 Душмандарым мен жөнүндө «Ал качан өлөт? Анын ысымы качан өчөт?» деген жаман сөздөрдү айтышат.
7 Мени көргөнү келген адам жалган сүйлөйт. Жүрөгүнөн жалганды ойлоп чыгарат да, сыртка чыгары менен элге жаят.
8 Мени жек көргөндөрдүн бардыгы мага каршы чыгып, өз ара шыбырашып, мага жамандык ойлошот:
9 «Ал айыкпас дартка чалдыкты. Ал жыгылды, эми турбайт».
10 Атүгүл, мени менен тынчтыкта болгон, мен ишенип жүргөн, менин нанымды жеген адам мага согончогун көтөрдү.
11 Сен болсо, Теңир, мага ырайым кыл, мени тургуз, мен алардын жазасын берем.
12 Эгерде душманым мага үстөмдүк кыла албаса, ошондон Сенин мага ырайым кылганыңды билем.
13 Мени болсо аман сактап, Өзүңдүн алдыңа түбөлүк тургузасың.
14 Теңир, Ысрайыл Кудайы, кылымдан кылымга даңкталсын! Оомийин, оомийин!
ЭКИНЧИ КИТЕП
41-ЗАБУР
Бөтөн жерге куулуп кеткен адамдын кайгысы жана сооронуусу
1 Ырчылар тобунун башчысына. Корактын уулдарынын үйрөтүүсү.
2 Бугу тунук суунун башатын эңсегендей, менин жаным да эңсейт Сени, Кудайым!
3 Менин жаным күчтүү, тирүү Кудайды каалайт: Кудайдын алдына качан барып турам?
4 Ар күнү мага: «Сенин Кудайың кана?» – дешкенде, көзүмдүн жашы мен үчүн күнү-түнү нан ордуна болгон.
5 Ал жөнүндө эстеп, ички сырымды айтып жатам, анткени мен көп эл менен, майрамдап жаткан топ эл менен бирге Кудайды даңктап, Кудайдын үйүнө кубаныч менен кирчү элем.
6 Жаным, эмнеге чөгүп, эмнеге онтоп жатасың? Кудайга таян, анткени мен Аны – Куткаруучумду, Кудайымды дагы даңктайм.
7 Жаным кыйналып, мен Сени Иордан жеринен, Хермондон, Митсар тоосунан эстеп жатам.
8 Сенин шаркыратмаларыңдын үнү менен туңгуюк туңгуюкту чакырат. Сенин бардык сууларың менен толкундарың үстүмдөн өттү.
9 Күндүз Теңир Өзүнүн ырайымын көрсөтөт, түн ичинде мен Ага ыр арнаймын, өмүрүмдүн Кудайына сыйынам.
10 Өзүмдүн коргоочума, Кудайыма, мындай деп айтам: «Эмне үчүн мени унуттуң? Эмне үчүн мен душмандарыма кордолуп, кыйналып жүрөм?»
11 Душмандарым мени шылдыңдап, күн сайын мага: «Кудайың кана?» – деп айтышканда, сөөктөрүмдү сындырып жатышкансыйт.
12 Жаным, эмнеге чөгүп, эмнеге онтоп жатасың? Кудайга таян, анткени мен Аны – Куткаруучумду, Кудайымды дагы даңктайм.
42-ЗАБУР
Бөтөн жерге куулуп кеткен адамдын сыйынуусу
1 Мага акыйкаттык кыл, Кудайым, кара ниет эл менен болгон ишиме кийлигиш. Мени адилетсиз, амалкөй адамдан куткар.
2 Анткени Сен мага күч бере турган Кудайсың. Эмнеге Сен мени таштап салдың? Эмне үчүн мен душмандарыма кордолуп, кыйналып жүрөм?
3 Өз жарыгың менен чындыгыңды жибер. Алар мени жетектеп, Сенин ыйык тооңо, Сен жашаган жерге алып барышсын.
4 Ошондо мен Кудайдын курмандык чалынуучу жайына, мага кубаныч, шаттык берген Кудайыма келем; гусли чертип, Сени даңктайм, Кудай, менин Кудайым!
5 Жаным, эмнеге чөгүп, эмнеге онтоп жатасың? Кудайга таян, анткени мен Аны – Куткаруучумду, Кудайымды дагы даңктайм.
43-ЗАБУР
Өз элин коргоосун сурап Кудайга сыйынуу
1 Ырчылар тобунун башчысына. Корактын уулдарынын үйрөтүүсү.
2 Кудай, Сенин мурунку заманда, ата-бабаларыбыздын убагында эмне кылганыңды бизге ата-бабаларыбыз айтып беришкен, биз өз кулагыбыз менен укканбыз.
3 Сен Өз колуң менен элдерди талкаладың, аларды болсо жайгаштырдың. Урууларды талкалап, кууп чыгардың.
4 Анткени алар жерге өз кылычы менен ээ болушкан жок, аларды өздөрүнүн күчү куткарган жок, тескерисинче, аларды Сенин оң колуң, Сенин күчүң, Сенин жүзүңдүн жарыгы куткарды, анткени Сен аларга ырайым кылдың.
5 Кудайым, Сен Өзүң менин Падышамсың! Жакыпты куткар.
6 Биз Сени менен душмандарыбызды сүзөбүз, Сенин ысымың менен бизге каршы чыккандарды тебелейбиз.
7 Анткени мен өзүмдүн жаама да таянбайм, мени кылычым да куткарбайт.
8 Бирок Сен бизди душмандарыбыздан куткарасың, бизди жек көргөндөрдү уят кыласың.
9 Кудайды күн сайын мактайбыз, Сенин ысымыңды түбөлүк даңктайбыз.
10 Бирок Сен азыр бизди таштап койдуң, уятка калтырдың, биздин аскерлер менен бирге чыкпай жатасың.
11 Бизди душмандарыбыздан качууга мажбур кылдың, жек көргөндөр бизди талап-тоноп жатышат.
12 Бизди койлордой кылып жеш үчүн салып бердиң, бизди элдер арасына чачып жибердиң.
13 Өз элиңди өтө арзан сатып жибердиң, анын баасын көтөргөн жоксуң.
14 Бизди коңшуларыбызга шылдың кылдырдың, тегерегибизде жашагандарга күлкү кылдың, кордоттуң.
15 Сен бизди эл арасында ылакап кылдың, бөтөн элдер баштарын чайкап, бизди күлкү кылышат.
16 Күн сайын шылдың болом, уялганымдан бетим кызарат.
17 Кордоочулар менен ушакчылардын сөздөрүнөн, душмандарым менен өч алуучулардын көздөрүнөн уялганымдан бетим кызарат.
18 Ушунун баары башыбызга түштү, бирок биз Сени унуткан жокпуз, Сенин келишимиңди бузган жокпуз.
19 Сен бизди чөөлөр жашаган жерде талкалаганда, бизге өлүм көлөкөсүн түшүргөндө,
20 жүрөгүбүз артка бурулган жок, буттарыбыз Сенин жолуңдан чыккан жок.
21 Эгерде биз өз Кудайыбыздын ысымын унутуп койсок, колубузду башка кудайга сунсак,
22 Кудай бизди ушул үчүн жазалабай коймок беле? Анткени Ал жүрөктөгү сырларды билет.
23 Сен үчүн бизди күн сайын өлтүрүп жатышат. Биз алар үчүн мууздала турган койлор сыяктуубуз.
24 Ордуңан тур, Теңир, эмнеге уктап жатасың, ойгон! Бизден биротоло баш тартып кетпе.
25 Эмне үчүн сен бизден Өз жүзүңдү жашырып жатасың? Эмне үчүн биздин кайгыбызды, эзилгенибизди унутуп жатасың?
26 Анткени биздин жаныбыз топурактай тебеленди, ичибиз топуракка жабышып калды.
27 Бизге жардамга кел, Өз ырайымың үчүн бизди куткар.
44-ЗАБУР
Падышанын келиши жана Анын Колуктусу жөнүндө
1 Ырчылар тобунун башчысына. Шошаним күү аспабы менен. Корактын уулдарынын үйрөтүүсү. Сүйүү ыры.
2 Жүрөгүмдөн жакшы сөз төгүлдү. «Менин ырым Падыша жөнүндө. Тилим – тез жазуучунун калеми».
3 Сен адам баласынын эң сулуусусуң. Сенин оозуңдан ырайым төгүлүп турат, ошондуктан Кудай Сага түбөлүк батасын берген.
4 Өз кылычыңды белиңе байла, Кудуреттүүм, даңкың менен, сулуулугуң менен курчан.
5 Өзүңдүн ушул жасалгаң менен шашыл, чындык, момундук жана адилеттик үчүн Өз арабаңа отур. Ошондо оң колуң Өзүңө кереметтүү иштерди көрсөтөт.
6 Сенин жебелериң курч. Элдер Сенин алдыңа жыгылышат. Жебелер Падыша душмандарынын жүрөктөрүн тешип өтөт.
7 Кудайым, Сенин тактың түбөлүктүү. Адилеттик таягың – падышачылык бийлигиңдин таягы.
8 Сен чындыкты сүйүп, мыйзамсыздыкты жек көрдүң, ошондуктан Кудай, Сенин Кудайың, жолдошторуңа караганда Сени кубаныч майы менен көбүрөөк майлаган.
9 Бүт кийимиң мирра, алой, касия жыттанат. Пил сөөгүнөн жасалган ак сарайларда лира чертип, Сенин көңүлүңдү ачышат.
10 Падышалардын кыздары Сенин ардактуу меймандарыңдын арасында. Сенин оң жагыңда Опир алтынынан кийим кийген ханыша турат.
11 Ук, бийкеч, кара, кулак сал, өз элиңди, атаңдын үйүн унут.
12 Падыша сенин сулуулугуңду көргүсү келет, анткени Ал сенин Теңириң, сен да Ага таазим кыл.
13 Тирдин кызы да белектери менен, элдин эң байлары да тартуулары менен Сага таазим кылышат.
14 Падыша кызынын бүт даңкы өзүнүн ичинде. Кыздын кийимдери чылк алтындан тигилген.
15 Түркүн түстүү кийим кийген аны Падышага алып келишет, артынан курбу кыздарын алып келишет.
16 Аларды кубаныч менен, салтанат менен алып келишет да, Падышанын сарайына киргизишет.
17 Сенин ата-бабаларыңдын ордунда уулдарың болот. Аларды Сен бүт жер жүзүнө төрө кылып коёсуң.
18 Сенин ысымыңды укумдан-тукумга өчпөс кылам, ошондуктан элдер Сени кылымдан кылымга даңкташат.
45-ЗАБУР
Кудай биз менен
1 Ырчылар тобунун башчысына. Корактын уулдарыныкы. Аламот күү аспабы менен. Ыр.
2 Кудай биздин баш калкалар жайыбыз жана күчүбүз, кыйынчылык учурунда тез жардам берүүчүбүз.
3 Ошондуктан жер титиресе да, тоолор жылып деңизге чөксө да, биз коркпойбуз.
4 Алардын суулары шаркырап ташкындай берсин, алардын толкундарынан тоолор титирей берсин.
5 Дарыя суулары Кудайдын шаарын, бардыгынан жогору турган Кудайдын ыйык жайын шаттыкка бөлөйт.
6 Кудай анын ортосунда, ал солк этпейт: Кудай ага таң азандан жардам берет.
7 Бутпарас элдер чуулдап, падышачылыктар кулай баштады: бардыгынан жогору турган Кудай үн салды эле, жер эрип кетти.
8 Себайот Теңир биз менен, Жакыптын Кудайы биздин чебибиз.
9 Келгиле, Теңирдин иштерин – жер үстүн кандай кыйратканын көргүлө.
10 Ал жер жүзүндөгү согуштарды токтотту, жааларды талкалады, найзаларды сындырды, арабаларды өрттөп жиберди.
11 Токтогула, Менин Кудай экенимди таанып билгиле. Мен элдер арасында даңкталам, жер үстүндө даңазаланам.
12 Себайот Теңир биз менен, Жакыптын Кудайы биздин чебибиз.
46-ЗАБУР
Кудай – бүт жер жүзүнүн Падышасы
1 Ырчылар тобунун башчысына. Корактын уулдарыныкы. Забур.
2 Бардык элдер, кол чапкыла, Кудайды кубанычтуу үн менен чакыргыла!
3 Анткени кудуреттүү Теңир коркунучтуу, Ал – бүт жер үстүндөгү улуу Падыша.
4 Бизге элдерди баш ийдирди, урууларды бут алдыбызга жыкты.
5 Ал бизге мурасты, Өзү сүйгөн Жакыптын сыймыгын, тандап берди.
6 Кудай кубанычтуу кыйкырыктардын коштоосунда, Теңир сурнайдын коштоосунда жогору көтөрүлдү.
7 Биздин Кудайды мактап ырдагыла, ырдагыла. Биздин Падышаны мактап ырдагыла, ырдагыла.
8 Анткени Кудай – бүт жер жүзүнүн Кудайы. Баарыңар түшүнүп ырдагыла.
9 Кудай элдердин үстүнөн падыша болду; Кудай Өзүнүн ыйык тактысына отурду.
10 Бардык элдердин төрөлөрү Ыбрайымдын Кудайынын эли катары чогулду, анткени жердеги калкандар Кудайдыкы. Кудай алардын үстүнөн өтө бийик көтөрүлдү.
47-ЗАБУР
Сион – Кудайдын шаары
1 Ыр. Забур. Корактын уулдарыныкы.
2 Теңир биздин Кудайыбыздын шаарында, Өзүнүн ыйык тоосунда улуу, түбөлүк даңктоого татыктуу.
3 Сион тоосу – эң сонун бийиктик, бүт жер жүзүнүн кубанычы. Анын түндүк тарабында улуу Падышанын шаары жайгашкан.
4 Кудай анын сарайларында тирек катары белгилүү.
5 Падышалардын баары чогулуп, согушка аттанышты.
6 Бирок алар бул шаарды көргөндө, коркуп кетишти, үрөйлөрү учуп, артка качышты.
7 Аларды коркунуч каптады, толгоо тарткан аялдай кыйналышты.
8 Сен чыгыш шамалы менен Таршыш кемелерин кыйраттың.
9 Биз Себайот Теңирдин шаарында, биздин Кудайдын шаарында, эмнени уксак, азыр ошону көрдүк. Кудай аны түбөлүккө бекемдейт.
10 Кудай, биз Сенин ийбадатканаңдын ичинде Сенин ырайымың жөнүндө ойлондук.
11 Кудай, Сенин ысымың сыяктуу эле даңкың да төгөрөктүн төрт бурчуна жетет. Сенин оң колуң адилеттикке толгон.
12 Сион тоосу шаттансын, Теңир, туура өкүмдөрүң үчүн Жүйүт кыздары кубанышсын.
13 Сион тоосун тегеректеп, аны айланып чыккыла. Анын мунараларын санап чыккыла.
14 Өз жүрөгүңөрдү анын чептерине бургула. Келечек муунга айтып бериш үчүн, анын үй-жайларын карап чыккыла.
15 Анткени бул Кудай биздин түбөлүк Кудайыбыз. Ал биз өлгөнгө чейин да жол башчыбыз болот.
48-ЗАБУР
Байлыкка таянгандардын акылсыздыгы
1 Ырчылар тобунун башчысына. Корактын уулдарыныкы. Забур.
2 Бардык элдер, муну уккула. Бүт ааламда жашап жаткандар, буга кулак салгыла.
3 Карапайымдар да, атактуулар да, байлар да, жакырлар да – баарыңар уккула.
4 Менин оозум акылдуу сөздөрдү сүйлөйт, жүрөгүмдүн ойлогону – билим.
5 Кулагымды накыл сөзгө бурам. Гусли чертип, табышмагымды ачам:
6 «Башыма кыйынчылык түшкөн күндөрү, душмандарымдын мыйзамсыздыгы мени курчап алганда, эмне үчүн коркушум керек?»
7 Өз күчүнө ишенгендер жана көп байлыгы менен мактангандар!
8 Адам өз бир тууганын эч куткара албайт, аны куткарып алуу үчүн, Кудайга кун төлөй албайт.
9-10 Алардын жанын куткарып алуу баасы өтө кымбат. Адам түбөлүк жашаш үчүн жана мүрзөнү көрбөш үчүн, эч качан эч кандай кун төлөй албайт.
11 Акылдуу адамдар акылсыз адамдар сыяктуу эле өлүп жатышканы, эси жоктор өлүп, дүнүйөлөрүн башкаларга калтырып жатышканы ар бир эле адамга айкын.
12 Алардын ою боюнча үйлөрү түбөлүк турат, үй-жайлары укумдан-тукумга калат, ошондуктан жерлерин өздөрүнүн ысымдары менен аташат.
13 Бирок адамдын атак-даңкы түбөлүктүү эмес, анткени адам өлө турган жаныбарларга эле окшош.
14 Алардын бул жолу – акылсыздык, аларды жолдогондор болсо алардын ойлорун туура көрүшөт.
15 Аларды койлор сыяктуу өлгөндөр жаткан жайга камашат. Аларды өлүм кайтарат, эртең менен адил адамдар алардын үстүнөн бийлик жүргүзүшөт. Алардын күчү жок болот, алардын турагы – мүрзө.
16 Бирок Кудай мени кабыл алып, жанымды өлгөндөр жаткан жайдын бийлигинен куткарат.
17 Адам байый баштаганда, анын үйүнүн атак-даңкы арта баштаганда, коркпо.
18 Анткени ал өлүп бара жатканда, эч нерсени ала кетпейт. Атак-даңкы артынан кетпейт.
19 Ал тирүү кезинде өз жанын кадырлап-кастарласа да, өзүн өзү камсыз кылганы үчүн адамдар аны макташса да,
20 ал өзүнүн ата-бабаларынын артынан барат, алар эч убакта жарыкты көрүшпөйт.
21 Атак-даңктуу, бирок акылсыз адам өлө турган жаныбарларга эле окшош.
49-ЗАБУР
Кудайды унуткандарга акыл-насаат
1 Асаптын забуру. Кудайлардын Кудайы, Теңир, үн салып, күн чыгыштан күн батышка чейин жер жүзүндөгүлөрдүн бардыгын чакырат.
2 Кудай сулуулуктун туу чокусу болгон Сион тоосунан келет.
3 Кудайыбыз келе жатат, Ал унчукпай келе жаткан жок: Анын алдында – баарын жалмаган от, тегерегинде – катуу бороон.
4 Ал Өз элин соттоо үчүн, жогорудан асман менен жерге чакырык салып жатат:
5 «Курмандыктын жанында Мени менен келишим түзгөн Менин ыйыктарымды чогулткула».
6 Асман Анын чындыгын жар салып жатат, анткени бул Сот – Кудай Өзү.
7 «Элим, Мени ук, Мен сүйлөйм, Ысрайыл, Мен сага каршы күбөгө өтөм. Мен Кудаймын, сенин Кудайыңмын.
8 Мен сени курмандыктарың үчүн жемелебейм. Сенин бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарың дайыма Менин алдымда.
9 Сенин үйүңдөн букачар да албайм, сенин корооңдон теке да албайм.
10 Анткени токойдогу жаныбарлардын баары Меники, тоодогу миңдеген мал да Меники.
11 Тоодогу бардык куштарды билем, талаадагы жаныбарлар Менин алдымда.
12 Эгерде Мен ачка болсом да, сага айтмак эмесмин, анткени бүткүл аалам жана анда жашагандардын баары Меники.
13 Мен букачардын этин жемек белем? Текенин канын ичмек белем?
14 Кудайга мактоо курмандыгын алып кел, кудуреттүү Кудайга берген убадаларыңды аткар.
15 Башыңа кыйынчылык түшкөн күнү Мени чакыр, Мен сени куткарам, сен болсо Мени даңктайсың».
16 Күнөөкөргө болсо Кудай мындай дейт: «Эмне үчүн сен Менин мыйзамдарымды жар саласың, осуятымды оозуңа аласың?
17 Сен Менин мыйзамдарымды жек көрөсүң, Менин сөздөрүмдү таштап салдың.
18 Ууруну көргөндө, ага кошулуп кетесиң, ойноштук кылгандарга кошулуп ойноштук кыласың.
19 Оозуңдан жаман сөздөр чыгат, тилиң болсо жалган сөздөрдү куюлуштуруп сүйлөйт.
20 Отуруп алып бир тууганыңа каршы сүйлөйсүң, өз энеңдин уулун жамандайсың.
21 Сен ушундай кылдың, бирок Мен унчуккан жокмун. Өзүң кандай болсоң, Мени да ошондой ойлодуң. Айыбыңды ачып, күнөөңдү өз көзүңө көрсөтөм.
22 Кудайды унуткандар, мына ушуну түшүнгүлө, болбосо Мен силерди тытып жок кылгым келсе, эч ким куткарбайт.
23 Мага мактоо курмандыгын алып келген адам – Мага урмат көрсөткөн адам. Өз жолун байкап жүргөн адамга Мен Кудайдын куткаруусун көрсөтөм».
50-ЗАБУР
Кудайдан кечирим сурап сыйынуу
1 Ырчылар тобунун башчысына.
2 Дөөт Бат-Шебага жакындагандан кийин, ага Натан пайгамбар келгендеги Дөөттүн забуру.
3 Кудайым, мени Өзүңдүн улуу ырайымың боюнча ая, Өзүңдүн улуу кайрымдуулугуң боюнча күнөөлөрүмдү өчүрүп сал.
4 Күнөөлөрүмдү тазаргыча жууп, кылмышымдан тазала.
5 Анткени мен күнөөлөрүмдү мойнума алам, кылмышым көз алдымдан кетпейт.
6 Мен Сага, бир гана Сага каршы күнөө кылдым, Сенин көз алдыңда жаман иш кылдым. Сенин өкүмүң адилет, Сенин сотуң таза.
7 Мен бойго бүткөндөн тартып эле күнөөкөрмүн, энемден күнөөкөр болуп төрөлгөм.
8 Сен жүрөктөгү чындыкты сүйөсүң, ички дүйнөмө акыл бердиң.
9 Мага иссоп менен кан чач, ошондо таза болом. Мени жуу, ошондо кардан ак болом.
10 Мага кубаныч менен шаттыктын үнүн угуз, ошондо Сен талкалаган сөөктөрүм сүйүнөт.
11 Күнөөлөрүмдөн жүзүңдү бур, менин кылмыштарымдын баарын өчүр.
12 Кудайым, таза жүрөк жарат, рухумду жаңыла.
13 Менден жүзүңдү бурба, менден Өзүңдүн Ыйык Рухуңду алба.
14 Мага Өзүңдүн куткаруу кубанычыңды кайтарып бер, бийлиги бар Рухуң менен мени бекемде.
15 Мыйзамсыздарга Сенин жолуңду үйрөтөм, ошондо кудайсыздар Сага кайрылышат.
16 Кудайым, куткаруучу Кудайым, мени кандан куткар, менин тилим Сенин адилеттигиңди даңазалайт.
17 Теңир! Менин оозумду ач, ошондо менин оозум Сенин даңкыңды жар салат.
18 Анткени Сен курмандыкты каалабайсың, мен аны берер элем. Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты жактырбайсың.
19 Чын жүрөктөн өкүнүү – Кудай алдында курмандык. Сен өкүнүп, моюн сунган жүрөктү жек көрбөйсүң.
20 Өз ырайымың менен Сионго ырайым кыл. Иерусалим дубалдарын кайра тургуз.
21 Ошондо адилеттик курмандыктары, тартуулар, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктар Сага жагымдуу болот. Ошондо Сенин курмандык чалынуучу жайыңда букачарларды курмандыкка чалышат.
51-ЗАБУР
Кудайдын соту жана ырайымы
1 Ырчылар тобунун башчысына.
2 Эдомдук Дойек Шабулга келип: «Дөөт Акимелектин үйүнө келди», – деп билдиргенден кийинки Дөөттүн үйрөтүүсү.
3 Зулум адам, эмнеге сен кыянат ишиң менен мактанып жатасың? Кудайдын ырайымы дайыма мени менен.
4 Тилиң өлүмдү тилеп жатат, жаман ойлуу, сенин тилиң курч устарадай.
5 Сен жакшылык кылганга караганда, жамандык кылганды жакшы көрөсүң, чындыкка караганда калп айтканды жакшы көрөсүң.
6 Адамды өлтүрө турган ар кандай сөздөрдү, жалган сүйлөгөндү жакшы көрөсүң.
7 Ошон үчүн Кудай сени таптакыр кыйратат, сени өзүңдүн турак-жайыңдан, тамырыңды тирүүлөр жашаган жерден сууруп алып ыргытат.
8 Адил адамдар көрүп коркуп калышат. Сага күлүп, мындай дешет:
9 «Мына бул адам Кудайга таянган эмес, тескерисинче, байлыгынын молдугуна таянган, кыянат иштери менен күч алган».
10 Мен болсо Кудайдын үйүндөгү көгөрүп турган зайтун дарагындаймын. Кудайдын ырайымына ар дайым таянам.
11 Кылган иштериң үчүн мен Сени түбөлүккө даңктайм жана Сенин ысымыңа таянам, анткени ыйыктарыңдын алдында Сенин ысымың жакшы.
52-ЗАБУР
Адамдардын акылсыздыгы жөнүндө
1 Ырчылар тобунун башчысына. Yйлөмө аспап менен. Дөөттүн үйрөтүүсү.
2 Акылсыз өз жүрөгүндө: «Кудай жок», – дейт. Алар бузулуп, жийиркеничтүү кылмыштарды кылышты. Жакшылык кылган бир да адам жок.
3 Кудайды издеген акылдуу адам барбы же жокпу, көрүш үчүн, Кудай асмандан адам баласын карады.
4 Бардыгы жолдон чыгышты, бардыгы бирдей жараксыз болуп калышты. Жакшылык кылган адам жок, бирөө да жок.
5 Мыйзамсыз иш кылгандар, менин элимди нандай жегендер, Кудайды чакырбагандар, чын эле, акылына келишпейби?
6 Алар коркунуч жок жерде коркушат, анткени Кудай сага каршы чыккандардын сөөктөрүн чачат. Сен аларды уяткарасың, анткени Кудай аларды четке каккан.
7 Ким Сион тоосунан Ысрайылды куткарат? Кудай Өз элин туткундан өз жерине кайра алып келгенде, Жакып кубанат, Ысрайыл шаттанат.
53-ЗАБУР
Душмандардан коргоосун сурап Кудайга сыйынуу
1 Ырчылар тобунун башчысына. Кыл аспаптар менен.
2 Зуптуктар Шабулга келип: «Дөөт биздин жерде жашынып жатат», – дешкенден кийинки Дөөттүн үйрөтүүсү.
3 Кудай! Мени Өзүңдүн ысымың үчүн сакта, мага Өзүңдүн күчүң менен өкүм чыгар.
4 Кудай! Менин сыйынуумду ук, менин оозуман чыккан сөздөргө кулак сал.
5 Анткени жат эл мага каршы чыкты, зулумдар мени өлтүрүүнү каалап жатышат. Алар Кудайдын алдына келүүнү каалашпайт.
6 Кудай менин жардам берүүчүм. Теңир менин жаныма күч берет.
7 Ал менин душмандарымды кыянаттыгы үчүн жазалайт. Аларды Өз чындыгың менен кырып сал.
8 Мен Сага чын жүрөктөн курмандык чалам. Сенин ысымыңды даңктайм, Теңир, анткени Сенин ысымың жакшы.
9 Анткени Сен мени бардык кайгыдан куткардың, көздөрүм душмандарыма тике карады.
54-ЗАБУР
Достору сатып кеткен адамдын сыйынуусу
1 Ырчылар тобунун башчысына. Кыл аспаптар менен. Дөөттүн үйрөтүүсү.
2 Оо Кудай, менин сыйынуумду ук, менин жалбарган үнүмдү укпай койбо.
3 Мени тыңша, мага кулак сал. Кайгыдан кыйналып онтоп жатам,
4 душмандын үнүнөн, кудайсыздын кысымынан коркуп жатам. Анткени алар мага каршы мыйзамсыз иштерди жасап жатышат, каарданып, кастык кылып жатышат.
5 Жүрөгүм титиреп жатат, мени өлүм коркунучу каптады.
6 Мени коркунуч менен калтырак басты, үрөйдү учурган коркунуч каптады.
7 Ошондо мен мындай дедим: «Ким мага көгүчкөндүкүндөй канат берет? Мен учуп чыгып, тынч алар элем.
8 Алыска учуп кетип, ээн чөлдө жашар элем.
9 Куюндан, бороондон жашынганга шашылар элем».
10 Теңир, аларды талкала, аларды ар кандай тилдерге бөл, анткени мен шаарда болуп жаткан зордук-зомбулукту, чыр-чатакты көрүп жатам.
11 Алар күн-түн дебей, шаар дубалдарын айланып жүрүшөт. Шаар ичинде – кыянатчылык менен кыйынчылык.
12 Анын дал ортосунда – бүлгүн-чапкын. Шаардын көчөлөрүнөн алдамчылык менен эки жүздүүлүк кетпейт.
13 Анткени мени шылдыңдап жаткан адам душманым эмес, аны мен көтөрмөкмүн. Мага менменсинип жаткан адам мени жек көргөн адам эмес, андан мен качып кутулмакмын:
14 бирок ошол сенсиң, жандай көргөн досум, жакын адамым.
15 Сен экөөбүз чын жүрөктөн сырдашчу элек, Кудайдын үйүнө бирге барчу элек.
16 Алардын түбүнө өлүм жетсин, алар өлгөндөр жаткан жайга тирүүлөй түшсүн, анткени алардын үйүндө, алардын арасында кыянаттык бар.
17 Ал эми мен Кудайды чакырам, ошондо Теңир мени куткарат.
18 Эртең менен да, түштө да, кечинде да жалынып жалбарам, ошондо Ал менин үнүмдү угат.
19 Ким менин жанымды мага каршы чыккандардан тынчтык менен куткарат, анткени мага каршылар көп.
20 Кылымдардан бери тактыда отурган Кудай угуп, аларды моюн сундурат, анткени аларда эч өзгөрүү жок, алар Кудайдан коркушпайт.
21 Алар өздөрү менен тынч жашагандарга кол салып, өздөрүнүн келишимин бузушту.
22 Алардын ооздору майдан да жумшак, бирок жүрөктөрүндө – кастык. Сөздөрү зайтун майынан да жумшак, бирок өздөрү – кындан суурулган кылыч.
23 Өз түйшүктөрүңдү Теңирге тапшыр, ошондо Ал сени колдойт. Ал адилеттүү адамдын олку-солку болуусуна эч качан жол бербейт.
24 Кудайым, Сен аларды өлүм оруна түшүрөсүң, канкорлор менен кара ниеттер өмүрүнүн жарымын да жашабайт. Ал эми мен, Теңир, Сага гана таянам.
55-ЗАБУР
Кудайга таянуу сыйынуусу
1 Ырчылар тобунун башчысына. Жат элдин арасында үндөбөгөн көгүчкөн жөнүндө. Дөөттүн пелиштиликтер Гатта кармап алганда жазган жазуусу.
2 Ырайым кыл мага, Кудайым! Анткени мени жуткусу келген адам күнүгө мага кол салып, кысымга алып жатат.
3 Мени душмандарым жуткусу келип, ар күнү издеп жүрүшөт. Анткени мага каршылар өтө көп, кудуреттүү Теңир!
4 Мени коркунуч басканда, Сага таянам.
5 Мен Кудайды сөзү үчүн даңктайм. Кудайга таянам, коркпойм. Адам мага эмне кыла алат?
6 Ар күнү менин сөздөрүмдү тескери буруп алышат; алар мага каршы жамандык ойлошот:
7 топтошуп, бекинип, менин жанымды тузакка түшүрүш үчүн, баскан изимди аңдышат.
8 Кантип эле алар өздөрүнүн жалган иштери үчүн жазадан кутулуп кетишсин? Кудай, каарың менен бул элдерди талкала.
9 Менин жер кезип жүргөн күндөрүм Сенде эсептелүү. Көз жашымды Өз идишиңе куй. Алар Сенин китебиңде жазылган эмеспи?
10 Мен Сени чакырганда, душмандарым артына качышат. Кудай мен тарапта экенин ошондон билем.
11 Мен Кудайды сөзү үчүн даңктайм, мен Теңирди сөзү үчүн даңктайм.
12 Кудайга таянам, коркпойм. Адам мага эмне кыла алат?
13 Сага берген убадаларымды аткарам, Кудайым; Сага ыраазычылыгымды билдирем,
14 анткени Сен менин жанымды өлүмдөн куткардың, Кудайдын алдында, тирүүлөрдүн арасында жүрүшүм үчүн, бутумду да мүдүрүлткөн жоксуң.
56-ЗАБУР
Кудайдан жардам сурап сыйынуу
1 Ырчылар тобунун башчысына. Жок кылба. Дөөттүн Шабулдан үңкүргө качып барганда жазган жазуусу.
2 Ырайым кыл мага, Кудайым, ырайым кыл мага, анткени менин жаным Сага таянат, кыйынчылык артта калганга чейин Сенин канатыңа корголой турайын.
3 Мага ырайым кылуучу Кудайды, бардыгынан жогору турган Кудайды, чакырып жатам.
4 Ал асмандан жардам жиберип, мени куткарат. Мени жутам деп издеп жүргөндү уятка калтырат. Кудай Өз ырайымын жана чындыгын жиберет.
5 Менин жаным арстандардын арасында. Мен оозунан жалындаган от чыккандардын арасында, тиштери жебе менен найза болгон, тилдери жалаңдаган кылыч болгон адамдардын арасында жатам.
6 Кудайым, даңкың асмандан да жогору көтөрүлсүн, Сенин даңкың бүт жер үстүндө болсун!
7 Менин бутума тузак даярдап коюшту; жаным кыйналды. Алдыма аң казышты, бирок ага өздөрү түшүп калышты.
8 Жүрөгүм даяр, Кудайым, жүрөгүм даяр: ырдаймын да даңктаймын.
9 Ойгон, даңкым, арфа менен гусли, ойгон! Мен эрте турам.
10 Теңирим, Сени элдердин арасында даңазалайм, Сени уруулар арасында даңктап ырдайм.
11 Анткени Сенин ырайымың асманга чейин жетет, Сенин чындыгың булуттарга чейин жетет.
12 Кудайым, даңкың асмандан да жогору көтөрүлсүн, Сенин даңкың бүт жер үстүндө болсун!
57-ЗАБУР
Мыйзамсыздарды жазалоосун сурап Кудайга сыйынуу
1 Ырчылар тобунун башчысына. Жок кылба. Дөөттүн жазуусу.
2 Чыны менен эле, чындыкты айтып жатасыңарбы, силер, соттор; адилет соттоп жатасыңарбы, адам уулдары?
3 Жүрөгүңөрдө мыйзамсыздык кылып жатасыңар, жерде колуңар менен кылган кыянат иштерди таразага коюп жатасыңар.
4 Кудайсыздар төрөлгөндөн баштап эле түз жолдон чыгышат, энесинин курсагынан чыккандан тартып эле жалган айтып адашышат.
5 Алардын уусу жыландын уусундай, кулагын жаап алган керең, уулуу жыландын уусундай.
6 Ал арбоочунун сөздөрүн, эң эле мыкты арбоочунун арбоосун да укпайт.
7 Кудай! Алардын оозундагы тиштерин талкала, арстандардын жаактарын сындыр, Теңир!
8 Алар агын суудай агып жок болушсун, алар сынган жебелерге окшоп калышсын.
9 Yлүлдөй болуп бараткан жеринен жок болушсун, бойдон түшкөн баладай, күндү көрбөй калышсын.
10 Казаныңар күйүп жаткан тикенектин табын сезгенче, анын күйбөгөнүн да, күйгөнүн да куюн учуруп кетсин.
11 Кудайдын алардан өч алганын көргөндө, адил адам кубанат, буттарын кудайсыздардын канына жууйт.
12 Ошондо адам: «Чыны менен эле, адил адам өз жемишин алат! Жер үстүндө жазалай турган Кудай бар!» – дейт.
58-ЗАБУР
Куткаруусун сурап Кудайга сыйынуу
1 Ырчылар тобунун башчысына. Жок кылба. Шабул Дөөттү өлтүрүү үчүн, үйүн кароолго алган учурда Дөөттүн жазган жазуусу.
2 Оо Кудай! Мени душмандарымдан куткар, мага каршы чыккандардан корго!
3 Мени мыйзамсыз иш кылгандардан куткар, канкорлордон сакта.
4 Анткени, мына, алар мени өлтүргүсү келип аңдып жүрүшөт, зулумдар мага каршы топтолуп жатышат. Бул менин кылмышым үчүн эмес, менин күнөөм үчүн эмес, Теңир.
5 Мен күнөөсүз болсом деле топтошуп, куралданып жатышат. Мага жардам берүүгө кел, назарыңды сал.
6 Сен, Теңир, Себайот Кудайсың, Ысрайылдын Кудайысың, бардык элдерди жазалоого аттан, мыйзамсыз иш кылган кудайсыздардын бирин да аяба.
7 Кечинде алар кайрадан келишет, иттердей улуп, шаарды тегеренип жүрүшөт.
8 Мына, алар оозу менен жаман сөздөрдү кусуп жатышат, алардын оозунда кылычтары бар. Алар: «Ким укмак эле?» – деп ойлошот.
9 Бирок Сен, Теңир, аларды күлкү кыласың, ал элдердин баарын уят кыласың.
10 Алардын күчү бар, бирок мен Өзүңө чуркайм, анткени Кудай менин тирегим.
11 Мага ырайым көрсөткөн Кудай мени алдыман тосуп чыгат. Кудай мени душмандарымды коркпой карагыдай кылат.
12 Элим унутуп калбашы үчүн, аларды өлтүрбө. Аларды Өз күчүң менен таркатып жибер, аларды кулат, Теңир, биздин калканыбыз.
13 Алар тилдеринин күнөөсү үчүн, ооздорунан чыккан сөздөрү үчүн, өздөрүнүн текебердиги менен берген анты үчүн, айткан калпы үчүн колго түшүшсүн.
14 Каарың менен чачып жибер, аларды чачып жибер, алар жок болушсун. Кудай Жакыптын үстүнөн бийлик жүргүзөрүн төгөрөктүн төрт бурчу билсин.
15 Алар кечинде кайрылып келип, иттердей улуп, шаарды тегеренип жүрүшсүн.
16 Тамак издеп тентип жүрүшсүн, түндөрдү ачка өткөрүшсүн.
17 Мен болсо Сенин кудуретиңди мактап ырдайм, Сенин ырайымыңды таң азандан жар салам, анткени башыма кыйынчылык түшкөн күнү Сен мага тирек, баш калкалар жай болдуң.
18 Менин Күчүм! Сени даңктап ырдайм, анткени Кудай менин тирегим, мага ырайым кылган Кудайым.
59-ЗАБУР
Ысрайылды куткаруусун сурап Кудайга сыйынуу
1 Ырчылар тобунун башчысына. Шушан-Эдут күү аспабы менен. Yйрөнүү үчүн Дөөттүн жазуусу.
2 Дөөттүн месопотамиялык Сирия жана собалык Сирия менен согушкандагы, Жойап кайрылып келе жатып, Туздуу өрөөнүндө он эки миң эдомдукту кыйратканда жазган жазуусу.
3 Оо Кудай! Сен бизди четке кактың, бизди талкаладың, бизге каардандың. Эми бизди кайра тургуз.
4 Сен жерди титиретип, жарака кетирдиң. Анын бузулган жерлерин айыктыр, анткени ал титиреп жатат.
5 Сен Өз элиңдин башынан оор күндөрдү өткөрүүсүнө жол бердиң, бизди баш айланта турган шарабыңа тойгуздуң.
6 Кудайдан корккондорго тууңду бер, алар аны чындык үчүн көтөрсүн.
7 Сенин жакшы көргөндөрүң куткарылсын. Мени Өзүңдүн оң колуң менен куткар, мени ук.
8 Кудай Өзүнүн ыйык жайында мындай деди: «Жеңишке жетем, Шекемди бөлөм, Сукот өрөөнүн өлчөйм.
9 Гилат да, Менаше да Меники, Эпрайым – Менин башымдагы туулга, Жүйүт Менин бийлик таягым.
10 Маап Менин жууна турган чылапчыным. Эдомго өтүгүмдү сунам. Пелишти жерин жеңип, салтанат менен чыгам!»
11 Ким мени бекем чептүү шаарга киргизет? Ким мени Эдомго жеткирет?
12 Кудайым, Сен бизди таштап койдуңбу? Кудайым, биздин аскерлер менен согушка чыкпайсыңбы?
13 Бизге кысталышта жардам бер, анткени адамдын жардамы – курулай убаракерчилик.
14 Кудай менен күчтүүбүз, Ал душмандарыбызды кулатат.
60-ЗАБУР
Кудайдан күч-кубат сурап сыйынуу
1 Ырчылар тобунун башчысына. Кыл аспап менен. Дөөттүкү.
2 Кудай, менин зар-муңума кулак сал, сыйынуумду ук.
3 Жүрөгүм кайгыга чөгүп жаткандыктан, мен Сени жердин түбүнөн чакырып жатам. Мени өзүм чыга албай турган аскага чыгар.
4 Анткени Сен менин баш калкалар жайымсың, Сен менин душмандан коргогон бекем мунарамсың.
5 Мен Сенин үйүңдө түбөлүк жашайын, Сенин канатыңдын астында тынч алайын.
6 Анткени Сен, Кудайым, менин убадаларымды уккансың, Сенин ысымыңдан корккондорго үлүш бергенсиң.
7 Падышанын күндөрүнө күн кош, анын жылдарын муундан муунга улант.
8 Ал Кудайдын алдында түбөлүк болсун. Аны Өзүңдүн ырайымың жана чындыгың менен сакта.
9 Ошондо мен Сенин ысымыңды түбөлүккө даңктап ырдайм, убадаларымды күн сайын аткарам.
61-ЗАБУР
Кудайга таянуу
1 Жедутундуку боюнча. Ырчылар тобунун башчысына. Дөөттүн забуру.
2 Менин жаным Кудайдан гана тынчтык табат. Мени Ал гана куткарат.
3 Бир гана Ал менин чебим, куткаруучум, тирегим, ошондуктан мен жыгылбайм.
4 Качанкыга чейин жалгыз адамды куугунтуктай бересиңер? Баарыңар урайын деп калган дубалга, кыйшайып калган тосмого окшоп жерге кулайсыңар.
5 Алар аны тактыдан кулатууну ойлоп, жалаа жабышты. Алар оозу менен бата беришет, бирок жүрөгүндө каргашат.
6 Жаным, Кудайдан гана тынчтык тап! Анткени мен бир гана Андан үмүт кылам.
7 Бир гана Ал менин чебим, куткаруучум, тирегим, ошондуктан мен жыгылбайм.
8 Менин куткарылуум да, даңкым да Кудай. Менин бекем чебим да, баш калкалар жайым да Кудай.
9 Адамдар! Ар убакта Кудайдан үмүттөнгүлө. Жүрөгүңөрдөгүнү Анын алдына төккүлө, анткени Кудай биздин баш калкалар жайыбыз.
10 Адам уулдары – болгону, жел; атактуу адамдар – закым. Эгерде аларды таразага тартса, баары биригип желден жеңил.
11 Талоончулукка таянбагыла, уурдап алганыңар менен менменсинбегиле. Байлыгыңар көбөйгөн сайын, жүрөгүңөр байлыкка байланбасын.
12 Кудай мага бир жолу айтты, мен эки нерсени: күч Кудайда экенин,
13 ырайым да Сенде экенин уктум, Теңир, анткени Сен ар бир адамга ишине жараша тиешелүүсүн бересиң.
62-ЗАБУР
Кудай менен сүйлөшүүнү эңсөө
1 Дөөттүн Жүйүт чөлүндө жүргөндөгү забуру.
2 Кудай! Сен менин Кудайымсың, Сени таң сүргөндөн баштап эле издей баштайм. Менин жаным Сени эңсейт, какшыган, суусуз ээн жерде денем Сени көксөйт.
3 Сенин күчүң менен даңкыңды көрүү үчүн, мен Сени ыйык жайда карадым.
4 Анткени өмүргө караганда Сенин ырайымың артык, оозум Сени даңктайт.
5 Сени өмүрүм өткөнчө ушинтип мактайм. Сенин ысымың үчүн колумду жогору көтөрөм.
6 Төшөгүмдө жатып Сени эстегенде, түн ичинде Сен жөнүндө ойлогондо,
7 менин жаным майга жана зайтун майына тойгонсуп, оозум Сени кубанычтуу үн менен даңктайт.
8 Анткени Сен менин жардам берүүчүмсүң, мен Сенин канатыңдын далдаасында шаттанам.
9 Жаным Сага байланды. Сенин оң колуң мен |