даярдаган:
© Жаныбек ЖАНЫЗАК
janyzak@mail.ru • 2007-ж.





Жакында бул жерде
Ыйык Китептин
баардык китептери орун алат..

ЫШАЙА

1-БӨЛҮМ

Кудайдын Өз элине нааразы болушу

1 Амостун уулу Ышайанын Жүйүт жана Иерусалим тууралуу Жүйүт падышалары Узиянын, Жотамдын, Ахаздын, Хискиянын тушунда көргөн көрүнүшү.

2 Асман, уккун, жер, кулак салгын, анткени Теңир сүйлөп жатат: «Мен уулдарды өстүрүп, жогору көтөрдүм, бирок алар Мага каршы чыгышты.

3 Өгүз өз ээсин билет, эшек да кожоюнунун акырын билет, Ысрайыл болсо Мени билбейт, Өз элим түшүнбөйт».

4 Оо күнөөгө баткан эл, мыйзамсыздыктын оор жүгүн тарткан эл, кылмышкерлердин тукуму, бузулган уулдар! Теңирди таштап коюшту, Ысрайылдын Ыйыгын жек көрүп, артка бурулуп кетишти.

5 Өзүнүн өжөрлүгүнөн кайтпагандар, силерди дагы кайсы жериңерге урсам болот? Ар бир баш жара, ар бир жүрөк оорулуу.

6 Анын бутунан башына чейин соо жери жок: жараат, тырык, ириңдеген жара, тазаланбаган, таңылбаган, май менен жумшартылбаган.

7 Жериңер кыйратылды, шаарларыңар өрттөлдү, талааларыңарга эккениңерди өзүңөрдүн көзүңөрчө эле башкалар жеп жатат, душмандар талкалап кеткенсип, бардыгы ээн калды.

8 Ошентип, Сион кызы жүзүмзардагы чатырдай, бактагы алачыктай, курчоодо калган шаардай болуп калды.

9 Себайот Теңир бизге бир аз калдык калтырбаганда, биз Содомдой болуп калмакпыз, Аморго окшоп калмакпыз.

10 Теңирдин сөзүн уккула, Содом төрөлөрү! Биздин Кудайдын мыйзамына кулак сал, Амор эли!

11 «Мага силердин көп курмандык чалганыңардын кереги эмне? – дейт Теңир. – Мен силердин бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка чалган койлоруңарга, борго байлап семиртилген малыңардын майына тойдум, букачарлардын да, козулардын да, улактардын да канын каалабайм.

12 Менин алдымда туруш үчүн келгениңерде, короомду тебелегиле деп, силерден ким талап кылып жатат?

13 Мага курмандыктарды алып келгениңер бекер, жыпар жыттуу зат түтөткөнүңөр Мен үчүн жийиркеничтүү. Ай жаңырган күнгө, ишемби күнгө, майрамдык жыйындарыңарга чыдай албайм, анткени мыйзамсыз иштерди кылуу менен катар эле майрамдайсыңар!

14 Силердин ай жаңырганда өткөргөн майрамдарыңарды жана башка майрамдарыңарды Менин жаным жек көрөт. Алар Мен үчүн оор жүк, аларды көтөрүү Мен үчүн оор.

15 Колуңарды сунганыңарда, силерди көрбөш үчүн, көзүмдү жумуп алам. Канчалык жалынып-жалбарсаңар да, Мен укпайм, анткени силердин колуңар канга толгон.

16 Жуунгула, тазалангыла, Менин көз алдымда жаман иштерди кылбагыла, жамандык кылганыңарды токтоткула.

17 Жакшылык кылганды үйрөнгүлө, чындыкты издегиле, эзилгендерди куткаргыла, жетимдерди коргогула, жесирлерге болушкула.

18 Ошондон кийин гана келгиле, ошондо талкуулап көрөбүз, – дейт Теңир. – Эгерде силердин күнөөлөрүңөр кыпкызыл болсо, Мен аны аппак кардай агартам. Эгерде кочкул кызыл болсо, Мен аны ак жүндөй агартам.

19 Эгерде тилимди алууну каалап, Мени уксаңар, анда жердин ырыскысынан жейсиңер.

20 Эгерде баш тартып, өжөрлөнсөңөр, анда кылычтан өлөсүңөр, анткени Теңир ушинтип айтып жатат.

21 Адилеттик өкүм сүргөн ишенимдүү шаар бузулган аялдай болуп калды! Ал шаар акыйкаттык өкүм сүрүп турган шаар эле, азыр болсо киши өлтүргүчтөрдүн шаарына айланды.

22 Күмүшүң күйүп калды, шарабың суу кошулуп бузулду.

23 Төрөлөрүң – мыйзамды бузуучулар, ууру-кескилердин шериктештери. Алардын бардыгы белек алганды жакшы көрүшөт, пара алганга умтулушат, жетимдерди коргошпойт, жесирдин арыз-муңуна кулак төшөшпөйт».

24 Ошондуктан Теңир, Себайот Теңир, Ысрайылдын Кудуреттүүсү мындай дейт: «Душмандарымды жазалоо менен Өзүмдү ыраазы кылам, душмандарымдан өч алам!

25 Сага каршы Өз колумду сунам, сени шакарга салып, бардык кошундулардан тазалайм, сенден коргошунду бөлүп салам.

26 Сага мурдагыдай кылып башкаруучуларды коём, баштагыдай кылып кеңешчилерди коём. Ошондон кийин сени “Чындыктын шаары, ишенимдүү борбор” деп аташат».

27 Сион акыйкаттык менен куткарылат, анын Кудайга кайрылган уулдары чындык менен куткарылат.

28 Ал эми баш тарткандарга жана күнөөгө баткандарга өлүм, Теңирди таштагандар да өлүп жок болушат.

29 Алар эмен токойлору үчүн уятка калышат, аларга силер аябай тартылып турчу элеңер. Силер өзүңөргө тандап алган токойчолор үчүн алар маскара болушат.

30 Анткени силер жалбырагы күбүлүп калган эмен дарагындай, суусу жок бактардай болосуңар.

31 Күчтүүсү чалдыбары чыккан кийимдей болуп калат, анын иши учкундай болот, экөө бирге күйөт, эч ким өчүрбөйт.

2-БӨЛҮМ

Акыркы күндөр жөнүндө көргөн көрүнүш

1 Амос уулу Ышайанын Жүйүт менен Иерусалим жөнүндө көргөн көрүнүшүндө айтылган сөз.

2 Акыркы күндөрү Теңир үйү турган тоо бардык тоолордун башына коюлат, бардык дөбөлөрдөн жогору көтөрүлөт, ага бүт элдер агылып келишет.

3 Көптөгөн элдер келип: «Келгиле, Теңирдин тоосуна чыгып, Жакыптын Кудайынын үйүнө кирели, Ал бизге Өз жолдорун үйрөтөт, ошондо биз Анын жолдору менен жүрөбүз. Анткени Сиондон мыйзам чыгат, Иерусалимден Теңирдин сөзү чыгат», – дешет.

4 Ошондо Ал элдерди соттойт, көп уруулардын айыбын ашкере кылат. Кылычтарын соко кылып, найзаларын орок кылып кайра согуп иштеп чыгышат. Бир эл бир элге кылыч көтөрбөйт, ошондон кийин согушууга үйрөнүшпөйт.

Батанын алдында жаза болот

5 Оо Жакып тукуму! Келгиле, Теңирдин жарыгында жүрөлү!

6 Бирок Сен Өз элиңди, Жакыптын тукумун, таштап койдуң, анткени алар чыгыштан көп нерсени үйрөнүп алышты. Алардын пелиштиликтердикиндей сыйкырчылары бар, алардын башка элдердин уулдары менен байланышы бар.

7 Алардын жери алтын менен күмүшкө толду, байлыгына эсеп жетпейт; алардын жери аттарга толду, арабаларына сан жетпейт.

8 Алардын жери буркандарга – колдору менен жасаган нерселерге толуп кетти, алар өз колдору менен жасаган нерселерге табынып жатышат.

9 Ошентип, адам ийилди; ошентип, адам басынды. Сен аларды кечирбейсиң.

10 Теңирдин коркунучунан жана Анын улуу даңкынан качып, аскага бар, жерге жашын.

11 Адамдын менменсинген көздөрү жер карайт, текебер адам кемсинтилет, ошол күнү Теңир гана жогору турат.

12 Анткени Себайот Теңирдин күнү бардык текеберлерге, менменсингендерге, көтөрүлгөндөргө каршы келет, ошондо алар кемсинтилишет.

13 Теңирдин күнү Лебанондун бийик, менменсинген бардык кедрлерине да, Башандын эмендерине да,

14 бардык бийик тоолорго да, бардык бийик дөбөлөргө да,

15 ар кандай бийик мунараларга да, ар кандай бекем дубалдарга да,

16 Таршыштын бардык кемелерине да, алардын суктандырган жасалгаларына да каршы келет.

17 Ошондо текебер адам кемсинтилет, менменсинген адам жер карайт, ошол күнү Теңир гана жогору турат.

18 Буркандар да таптакыр жок болот.

19 Теңир жерди кыйратканы турганда, адамдар Теңирдин коркунучунан, Анын улуу даңкынан качып, аска-зоолордун жаракаларына, жердин түпкүрүнө киришет.

20 Ошол күнү адамдар табынуу үчүн күмүштөн жана алтындан жасап алган буркандарын көр чычкандарга жана жарганаттарга ташташат.

21 Теңир жерди кыйратыш үчүн турганда, адамдар Теңирдин каарынан, Анын улуу даңкынан коркуп, аскалардын капчыгайларына, тоолордун жаракаларына качып киришет.

22 Силер таноосунда деми бар адамдан үмүт кылганыңарды койгула, адам ким?

3-БӨЛҮМ

Текебердик үчүн жазалоо

1 Теңир, Себайот Теңир, Иерусалим менен Жүйүттү койчу таягынан, бийлик таягынан, нанынан, суусунан,

2 эр жүрөк жол башчысынан, жоокеринен, башкаруучусунан, пайгамбарынан, көрөгөчүнөн, аксакалынан,

3 элүү башчысынан, төрөсүнөн, кеңешчисинен, акылдуу сүрөткеринен, сөзгө чечен адамынан ажыратат.

4 «Мен аларга жаш балдарды башчы кылам, алардын үстүнөн балдар бийлик кылышат.

5 Адамдар бири-бирин эзишет, жакыны жакынын эзет, жаштар карыларды сыйлашпайт, карапайым адам өзүн төрөдөн жогору коёт».

6 Ошондо бир тууган бир тууганына, баласы атасына жармашып: «Сенин кийимиң бар, бизге жол башчы бол, мына бул урандыларды өз колуңа ал», – деп айтат.

7 Ал болсо ант берип: «Коомдун жарасын айыктыра албайм, анткени үйүмдө нан да, кийим да жок. Мени элге жол башчы кылбагыла», – дейт.

8 Иерусалим ушинтип урады, Жүйүт ушинтип кулады, анткени алар тили менен да, иштери менен да Теңирге каршы чыгышат, Анын даңкынын көздөрүнө акарат келтиришет.

9 Алардын жүздөрү өздөрүнө каршы күбөлөндүрүп турат, алар содомдуктарга окшоп өз күнөөлөрүн ачык эле айтышат, жашырышпайт. Алардын жанына кайгы! Анткени алар өздөрүнө өздөрү кыянаттык кылышты.

10 Адил адамга жакшы болорун айтып койгула, анткени ал өз иштеринин жемишин жейт.

11 Ал эми мыйзамсызга кайгы, анткени ал өз колу менен кылган иштери үчүн жазасын алат.

12 «Элимди эзип жаткандар – балдар, элиме аялдар бийлик кылып жатышат. Элим! Сени өзүңдүн жол башчыларың адаштырып жатышат, алар сени тескери жолго салышты».

Теңирдин Өз элин соттоосу

13 Теңир соттоо үчүн ордунан турду, элдерди соттоо үчүн турду.

14 Теңир Өз элинин аксакалдарын жана төрөлөрүн соттой баштады: «Силер жүзүмзарды талкаладыңар, кедей-кембагалдардан талап-тоноп алганыңар үйүңөрдө турат.

15 Силер эмне үчүн Менин элимди кысымга алып, кедей-кембагалдарды эзип жатасыңар?» – дейт Теңир, Себайот Теңир.

16 Анан Теңир мындай деди: «Сиондун кыздары текебер, баштарын көтөрүп басышат, көздөрү менен азгырышат, кербездене басышат, бутундагы чынжырларын шыңгыратып басышат.

17 Ошон үчүн Теңир алардын төбөсүн жылаңачтайт, Теңир алардын абийирин ачат».

18 Ошол күнү Теңир алардын буттарындагы кооз чынжырларын, жылдызчаларын, айчаларын,

19 сыргаларын, мончокторун, чоң желпигичтерин, чач байлагычтарын, билериктерин, курларын, атырларын, сыйкырдуу тумарларын,

20 манжаларындагы, мурундарындагы шакектерин,

21 сый кийимдерин, жамынгычтарын, чапандарын, намыяндарын,

22 күзгүлөрүн, жука көйнөктөрүн, шалы жоолуктарын, жабууларын алып коёт.

23 Ошондо жыпар жыт ордуна сасык жыт, кур ордуна аркан, тармал чач ордуна такыр баш, кенен чапан ордуна тар зумбал, сулуулук ордуна так болот.

24 Эркектериң кылычтан өлөт, эр жүрөк жигиттериң согушта өлөт.

25 Борбор шаардын дарбазасы үшкүрүп ыйлайт, ал кыйрап, жерге отуруп калат.

4-БӨЛҮМ

1 Ошол күнү жети аял бир эркекке жабышып: «Өз наныбызды жейли, өз кийимибизди киели, болгону, сенин ысымың менен аталалы, бизден маскарачылыкты алып ташта», – дейт.

Сионго берилген Машайак жөнүндөгү убадалар

2 Ошол күнү Теңирдин бутагы сулуулук жана урмат менен келет, жердин жемиши Ысрайыл элинин тирүү калган уулдары үчүн улуулук жана даңк менен келет.

3 Теңир Сион кыздарынын жийиркеничтерин жууп салгандан кийин, Иерусалимдин канын анын ичинен жазалоо руху менен, оттун руху менен тазалагандан кийин,

4 Сиондо калгандар жана Иерусалимде тирүү калгандар – Иерусалимде жашаш үчүн китепке жазылгандардын баары ыйык деп аталышат.

5 Теңир Сион тоосунун бүт жерине, анын үстүндөгү бүт элдин үстүнө күндүз булут жана түтүн, түнкүсүн жалындап күйгөн оттун жаркырагын жаратат, анткени бул бардык даңктуу нерсенин үстүнө жабуу болот.

6 Күндүз аптаптан калкалай турган чатыр болот, нөшөр менен жамгырдан корголой турган, сактай турган жай болот.

5-БӨЛҮМ

Жүзүмзар жөнүндө

1 Өзүмдүн Сүйүктүүмө Сүйүктүүмдүн жүзүмзары жөнүндөгү ырын ырдап берейин. Менин Сүйүктүүмдүн жемиштүү дөңсөөнүн башында жүзүмзары бар эле.

2 Ал аны тосмо менен курчады, аны таштарынан тазалады, ага тандалган жүзүм сабактарын отургузду, ортосуна мунара тургузду, анын ичине жүзүм сыгылуучу жай казды, анан жакшы жүзүм берет деп күттү, бирок ал жапайы мөмө берди.

3 «Эми, Иерусалимдин тургундары, Жүйүттүн эркектери, жүзүмзарым экөөбүзгө калыс болгула.

4 Жүзүмзарым үчүн дагы эмне кылышым керек эле, мен ага эмнени кылбай койдум? Мен аны жакшы жүзүм берет деп күтсөм, эмне үчүн ал жапайы мөмө берди?

5 Эми Мен силерге жүзүмзарымды эмне кыларымды айтып коёюн: анын тосмосун алып салам, ошондо ал талкаланат; дубалдарын уратам, ошондо ал тебеленет.

6 Аны кароосуз калтырам, анын бутактарын кыйышпайт, түбүн тегерете казып жумшартышпайт, аны тикенек жана отоо чөп басат, анын үстүнө жамгыр төкпөгүлө деп, булуттарга буйрук берем».

7 Себайот Теңирдин жүзүмзары – Ысрайыл тукуму, Ысрайыл эркектери – Анын жакшы көргөн көчөттөрү. Ал адилеттикти күттү, бирок мына, кан төгүлүү; Ал акыйкаттыкты күттү, бирок мына, ый.

Келе жаткан алты алаамат жөнүндө пайгамбарчылык

8 Кайгы силерге, жерде өзүңөр эле жашап жаткансып, башкаларга жер калтырбай, үй үстүнө үй, талаа үстүнө талаа кошкондор!

9 Себайот Теңир менин кулагыма мындай деп айтты: «Ушул көп сандаган үйлөр бош калат, чоң, кооз үйлөрдө эч ким жашабай калат.

10 Жүзүмзардын он бөлүгү бир бат түшүм берет, себилген бир хомер дан араң эле бир эйфа дан берет».

11 Таң заардан күчтүү ичимдик издеп, түн киргенче шарап ичип мас болуп отургандарга кайгы!

12 Алар тойлорунда лира, арфа чертишет, дап кагышат, чоор тартышат, шарап ичишет, бирок Теңирдин иштерин карашпайт, Анын колдору кылган иштер жөнүндө ойлошпойт.

13 Ошон үчүн Менин элим күтүлбөгөн жерден туткундалып кетет, төрөлөрү ачкачылыкка дуушар болушат, байлары чаңкашат.

14 Ошон үчүн өлгөндөр жаткан жай кеңейип, оозун араандай ачты. Ал жакка алардын даңкы да, шаан-шөкөтү да, алар менен чогуу шапар тепкендер да түшөт.

15 Ошондо адам башын жерге салат, эркек моюн сунат, текеберлердин көзү жер карайт.

16 Теңир Себайот болсо сотто жогору көтөрүлөт, ыйык Кудай Өзүнүн ыйыктыгын чындык менен көрсөтөт.

17 Ошондо койлор өз эрки менен жайылат, байлардан калган оттуу жайыттарда башкалардын койлору оттошот.

18 Мыйзамсыздыкты курулай убаракерчиликтин жиби менен сүйрөп жүргөндөргө, арабаны божу менен сүйрөгөндөй, күнөөнү сүйрөп жүргөндөргө кайгы!

19 Алар мындай дешет: «Ал шашылсын, Ал Өз ишин тездетсин, биз көрөлү, Ысрайылдын ыйык Кудайынын чечими жакындасын, ишке ашсын, ошондо биз билебиз».

20 Жаманды жакшы деп, жакшыны жаман дегендерге, караңгыны жарык деп, жарыкты караңгы деп эсептегендерге, ачууну таттуу деп, таттууну ачуу деп эсептегендерге кайгы!

21 Өздөрүн акылман эсептегендерге, өзүнө өзү акылдуу көрүнгөндөргө кайгы!

22 Шарапты коркпой ичкендерге, күчтүү ичимдикти кыйын даярдагандарга кайгы!

23 Пара үчүн айыптууну актап, айыпсызга күч көрсөтүп жаткандарга кайгы!

24 Мына ошон үчүн саманды от жалмагандай, чөптү жалын жок кылгандай, алардын тамыры күйүп жок болот, алардын гүлү топурактай сапырылат. Анткени алар Себайот Теңирдин мыйзамын четке кагышты, Ысрайылдын Ыйыгынын сөзүн жек көрүштү.

25 Мына ошон үчүн Теңир Өз элине каарданып, аларга колун сунуп жазалайт, ошондо тоо солкулдап, алардын өлүктөрү көчөлөрдөгү кыктай болот. Ошондо да Анын каары кайтпайт, Анын колу сунулган бойдон тура берет.

26 Ал алыстагы элдерге туу көтөрөт, жер кыйырында жашаган элге белги берет. Мына ошондо ал оңой эле, тез эле жетип келет.

27 Анын арасында чарчаганы да, алсыраганы да болбойт, бир да адам уктабайт да үргүлөбөйт, анын белинен куру чечилбейт, бут кийиминин боосу үзүлбөйт.

28 Жаалары курчутулган, жебелери тартылган, аттарынын туяктары таштай катуу, арабалары куюндай.

29 Анын күрүлдөгөнү ургаачы арстандыкындай. Ал жаш арстандай айкырат, өкүрүп келип олжосун баса калып, алып кетет, эч ким андан олжону тартып албайт.

30 Ошол күнү ал ага күркүрөгөн деңиздей айкырат, ошондо ал жерди карайт, мына ошондо ал жерди караңгылык, кайгы каптаганын, асманда жарык өчкөнүн көрөт.

6-БӨЛҮМ

Ышайанын кызматка чакырылышы

1 Узия падыша өлгөн жылы мен бийик жана улуу тактыда отурган Теңирди көрдүм, Анын чапанынын этеги ийбадаткананы толтуруп турду.

2 Анын тегерегинде сераптар турган, ар биринин алтыдан канаты бар, ар бири эки канаты менен бетин жаап, эки канаты менен бутун жаап, эки канаты менен учат.

3 Алар биринин артынан бири: «Себайот Теңир ыйык, ыйык, ыйык! Бүт жер жүзү Анын даңкына бөлөнүп турат!» – деп жатышты.

4 Алардын катуу үнүнөн дарбазалардын кашектери титиреп, үй жыпар жыттуу заттын түтүнүнө толуп кетти.

5 Ошондо мен: «Кайгы мага! Өлдүм! Анткени мен оозу таза эмес адаммын, ошондой эле оозу таза эмес элдин арасында жашап жатам. Көздөрүм болсо Падыша Себайот Теңирди көрдү», – дедим.

6 Ошондо мага сераптардын бири учуп келди, анын колунда курмандык чалынуучу жайдан кычкач менен алган күйүп турган чок бар эле.

7 Ал чокту оозума тийгизип: «Бул чок оозуңа тийди, сенден мыйзамсыздык алынды, күнөөлөрүң тазаланды», – деди.

8 Анан мен Теңирдин мындай деп айткан үнүн уктум: «Кимди жиберейин? Биз үчүн ким барат?» Ошондо мен: «Мына мен, мени жибер», – дедим.

9 Ал мындай деди: «Бар, бул элге мындай деп айт: Кулагыңар менен угуп турасыңар, бирок түшүнбөйсүңөр, көзүңөр менен карап турасыңар, бирок көрбөйсүңөр.

10 Анткени бул элдин жүрөгүн май басып калган, кулагын жаап, көзүн жумуп алган, ошондуктан алардын көздөрү көрбөйт, кулактары укпайт, жүрөктөрү менен түшүнүшпөйт жана айыгыш үчүн Мага кайрылышпайт».

11 Ошондо мен: «Көпкө чейин ушундай болобу, Теңир?» – деп сурадым. Ал: «Шаарлар кыйрап, элсиз калганга чейин, үйлөрдө киши калбай калганга чейин, бул жер таптакыр ээн калганга чейин ушундай болот», – деп жооп берди.

12 Теңир адамдарды кууп жиберет, ошондо бул жер ээн калат.

13 Эгерде ал жерде элдин ондон бир бөлүгү кала турган болсо, ал да бүлгүнгө учурайт, бирок мисте дарагы менен эмен дарагы кыйылганда, алардын тамыры калгандай, ыйык урук анын тамыры болот.

7-БӨЛҮМ

Кудайдын Ахаз падышага айттырган сөзү

1 Узиянын уулу, Жотамдын уулу, Жүйүт падышасы Ахаздын убагында Сирия падышасы Ретсин менен Ысрайыл падышасы Ремалиянын уулу Пеках Иерусалимди басып алыш үчүн, ага каршы согуш ачышты, бирок басып ала алышкан жок.

2 Дөөттүн тукумуна: «Сириялыктар эпрайымдыктардын жерине келип жайгашышты», – деп билдиришти. Ошондо токойдогу дарактар шамалдан дирилдегендей, анын да, элинин да жүрөгү дирилдеди.

3 Ошондо Теңир Ышайага мындай деди: «Сен уулуң Шейар-Жашуп менен жуугучтун талаасына кеткен жолдогу жогорку көлмөнүн суу түтүгүнүн аягынан Ахазды тосуп чыгып,

4 ага мындай дегин: Сак бол, тынчсызданба, ушул түтөгөн чычалалардын эки учунан – Ретсиндин, сириялыктардын жана Ремалиянын уулунун жалындаган каарынан үрөйүң учпасын, жүрөгүң түшпөсүн.

5 Сирия, Эпрайым жана Ремалия уулу сага каршы жамандык ойлоп, мындай деп жатышат:

6 “Жүйүткө барып, бүлгүн салып, басып алалы, ал жерге Табейалдын уулун падыша кылып коёлу”.

7 Бирок Теңир мындай дейт: “Бул оюңар ишке ашпайт жана ордунан чыкпайт.

8 Анткени Сириянын борбору – Дамаск, ал эми Дамасктын башчысы – Ретсин. Бирок алтымыш беш жылдан кийин эпрайымдыктар эл болуудан калат.

9 Эпрайымдыктардын борбору – Самария, ал эми Самариянын башчысы – Ремалия уулу. Эгерде ишенбесеңер, анда туруштук бере албайсыңар”».

10 Теңир Ахазга сүйлөгөнүн улантып, мындай деди:

11 «Кудай-Теңириңден өзүңө жышаан сура. Жышаанды түпкүрдөн же жогорудан көрсөтүүсүн сура».

12 Ахаз болсо: «Сурабайм, Теңирди сынабайм», – деди.

13 Ошондо Ышайа мындай деди: «Дөөттүн тукуму, уксаңар боло! Адамдарды кыйнаганыңар аз келгенсип, менин Кудайымды да кыйнагыңар барбы?

Кудайдын жышааны: Эмануел

14 Ошон үчүн силерге Теңир Өзү аян берет: Кыз кош бойлуу болуп, Уул төрөйт, Ага Эмануел деген ат коюшат.

15 Ал жаман нерсени четке кагууну, жакшы нерсени тандап алууну түшүнгөнгө чейин, сүт жана бал менен тамактанат.

16 Анткени ал бала жаман нерсени четке кагууну, жакшы нерсени тандап алууну түшүнгөнгө чейин, сен корккон ал жерди өзүнүн эки падышасы калтырып кетет.

Жүйүткө коркунуч туудурган кол салуулар жөнүндө алдын ала айтуу

17 Бирок Теңир сенин башыңа, элиңдин башына, атаңдын тукумунун башына Эпрайым Жүйүттөн бөлүнгөндөн бери болуп көрбөгөн күндөрдү салат, Ашур падышасын алып келет».

18 Ошол күнү мындай болот: Теңир Мисир дарыясынын куймасындагы чымынга жана Ашур жериндеги аарыга белги берет.

19 Алар учуп келип, ээн калган өрөөндөргө, аскалардын жаракаларына, тикенектүү бадалдарга, бак-дарактарга конушат.

20 Ошол күнү Теңир дарыянын аркы өйүзүндөгү жалданган устара менен – Ашур падышасы менен чачыңарды, бутуңардагы түгүңөрдү кырат, атүгүл, сакалыңарды алат.

21 Ошол күнү мындай болот: бир кунажын, эки кой баккан адам

22 алардын берген сүтүнүн молдугунан май жейт. Ушул жерде калгандардын бардыгы май жана бал менен азыктанышат.

23 Ошол күнү мындай болот: миң күмүш тыйын турган миң жүзүм сабагы өскөн жерлердин баарын коко тикендер, тикенектүү бадалдар каптайт.

24 Ал жерге жаа менен, жебе менен барышат, анткени бардык жерди коко тикен, тикенектүү бадал каптайт.

25 Ошондо коко тикен менен тикенектүү бадалдан коркуп, соко менен тазаланган тоолордун бирине да барбайсың. Ал жакка өгүздөрдү айдап жиберишет, ал жерлерди койлор тебелейт.

8-БӨЛҮМ

1 Теңир мага: «Бир чоң түрмөк кагаз ал, ага адамдар жазган жазуу менен “Майер-Шалал-Хаш-Бас”деп жаз», – деп айтты.

2 Ошондо мен жаныма ишенимдүү күбөлөрдү: ыйык кызмат кылуучу Урий менен Жеберехия уулу Захарияны алдым.

3 Анан пайгамбар аялга келдим, ал кош бойлуу болуп, уул төрөдү. Теңир мага: «Баланын атын Майер-Шалал-Хаш-Бас деп кой деди.

4 Анткени бул бала “ата”, “апа” деп айта алганга чейин, Дамасктын байлыгы менен Самариянын олжолорун Ашур падышасынын алдына көтөрүп барышат».

Ашур падышасынын кол салышы

5 Теңир мага сүйлөгөнүн улантып, дагы мындай деди:

6 «Бул эл жай аккан Шилоахтын сууларын барктабай, Ретсинге жана Ремалиянын уулуна суктанганы үчүн,

7 Теңир бул элге буркан-шаркан түшүп аккан чоң дарыяны – Ашур падышасын бүт атак-даңкы менен каптатат. Ошондо ал өзүнүн нугунан көтөрүлүп, жээктеринен ашып-ташыйт.

8 Анан ал бүт Жүйүт жерине кирип, аны каптап, жогору көтөрүлүп, мойнуна чейин жетет. Алардын жайылган канаты Сенин жергеңдин бир четинен экинчи четине чейин жетет, Эмануел!»

9 Жоолашкыла, элдер, бирок титирегиле, уккула, бүт алыскы жерлер! Куралдангыла, бирок титирегиле, куралдангыла, бирок титирегиле!

10 Согуш планын түзө бергиле, бирок аныңар бузулат, чечим чыгара бергиле, бирок аныңар жүзөгө ашпайт, анткени Кудай биз менен!

Мүдүрүлтө турган таш

11 Анткени Теңир Өзүнүн күчтүү колун менин үстүмө коюп, бул элдин жолу менен жүрбө деп эскертип, мындай деди:

12 «Бул эл чыккынчылык деп эсептегендин баарын эле чыккынчылык деп эсептей бербегиле. Бул эл корккон нерседен коркпогула да үрөйүңөрдү учурбагыла.

13 Себайот Теңирди, Аны, ыйык туткула, Ал силердин коркунучуңар, Ал силердин титирөөңөр!

14 Ал Ысрайылдын эки уруусу үчүн ыйык жай, мүдүрүлтө турган таш, азгыруучу аска болот. Иерусалимде жашагандар үчүн сыйыртмак, жайылган тор болот.

15 Алардын көбү мүдүрүлөт, жыгылат, талкаланат, жайылган торго чалынат жана колго түшөт.

Теңирге таянуу жөнүндөгү буйрук

16 Күбөлөндүрүүнү сакта, Менин шакирттеримдин көзүнчө мыйзамга мөөр бас».

17 Мен Жакыптын тукумунан Өз жүзүн жашырган Теңирге ишенем, Андан үмүт кылам.

18 Мына, мен жана Кудай берген менин балдарым: биз Сион тоосунда жашаган Себайот Теңирдин Ысрайылга берген аяны жана белгиси болобуз.

19 Силерге: «Өлгөндөрдү чакыргандарга, сыйкырчыларга, күбүрөп-шыбырагандарга жана ичинен сүйлөгөндөргө кайрылгыла», – дешкенде, силер: «Эл өз Кудайына кайрылууга тийиш эмеспи? Өлгөндөрдөн тирүүлөр жөнүндө сурамак беле?» – деп жооп бергиле.

20 Мыйзам менен күбөлөндүрүүгө кайрылгыла. Эгерде алар бул сөздү айтпаса, анда аларда жарык жок.

21 Алар жер үстүндө аёосуз эзилип, ач-жылаңач тентишет жана ачкачылык учурунда ачууланышып, өз падышасы менен өз Кудайына акарат келтиришет.

22 Асманга көз чаптырышат, жерди карашат: кайгы жана караңгылык, коюу караңгылык, алар караңгылыкка кулатылат. Бирок азыр коюу караңгылык каптаган жерде дайыма эле караңгылык боло бербейт.

9-БӨЛҮМ

Келе жаткан Падыша

1 Мурунку мезгилде Забулун жери менен Напталы жери басынтылган. Бирок кийинки мезгилде деңиз жээктеп кеткен жол, Иордандын аркы өйүзүндөгү өлкө, бутпарас эл жашаган Галилея көтөрүлөт.

2 Караңгыда жүргөн эл улуу жарыкты көрөт. Өлүм көлөкөсү өкүм сүргөн өлкөдө жашагандардын үстүнө жарык жаркырайт.

3 Сен элди көбөйтөсүң, кубанычын арттырасың, ал эл оруу-жыюу учурунда кубангандай, олжо бөлүшкөндө сүйүнгөндөй, Сенин алдыңда кубанат.

4 Анткени Сен аны эзген моюнтурукту, аны урган таякты, анын эзүүчүсүнүн камчысын Мидианды талкалагандай талкалайсың.

5 Анткени жоокердин согуш учурунда кийген бут кийими менен үстүндөгү канга чыланган кийими отко ыргытылып өрттөлөт.

6 Анткени бизге наристе төрөлдү, бизге Уул берилди. Бийлик кылуу Анын ийнинде, Ага: Кереметтүү, Кеңешчи, Күчтүү Кудай, Түбөлүктүн Атасы, Тынчтыктын Төрөсү деген ат коюлат.

7 Ал Өзүнүн падышачылыгын адилеттик менен, чындык менен бүгүнкү күндөн тартып түбөлүккө бекитиши жана бекемдеши үчүн, Дөөттүн тагында жана анын падышачылыгында Анын бийлиги жана тынчтык чексиз өсөт. Муну Себайот Теңирдин кызганычы ишке ашырат.

Текебер Самариянын жазаланышы

8 Теңир Жакыпка каршы сөз жиберди, ал сөз Ысрайылга түшөт.

9 Бул жөнүндө бүт эл, Эпрайым жана Самариянын тургундары билип калышат, алар текебердүүлүк менен, менменсинген жүрөк менен минтип айтып жатышат:

10 «Кыштар кулап калды, бирок биз жылмаланган таштардан тургузабыз. Тыт дарактары кыйылып калды, бирок биз аларды кедр дарактарына алмаштырабыз».

11 Бирок Теңир ага каршы Ретсиндин душмандарын көтөрөт, анын жоолорун куралдандырат:

12 чыгыштан сириялыктарды, батыштан пелиштиликтерди көтөрөт, алар Ысрайылды ач көздүк менен жешет. Ошондо да Теңирдин каары кайтпайт, Анын колу сунулган бойдон тура берет.

13 Бирок эл өзүн Уруп Жатканга кайрылбай жатат, Теңир Себайотту издебей жатат.

14 Ошон үчүн Теңир Ысрайылдын башы менен куйругун, пальма менен камышты бир күндө кесет:

15 аксакал менен атактуу адам – башы, ал эми жалган пайгамбар – куйругу.

16 Бул элдин жол башчылары аны тескери жолго салышат, алардын жетегинде жүргөндөр кыйрашат.

17 Ошондуктан анын жаш уландарына Теңир кубанбайт, алардын жетимдерине да, жесирлерине да ырайым кылбайт, анткени алардын баары – эки жүздүү жана кылмышкер, бардыгы жийиркеничтүү сөздөрдү сүйлөшөт. Ошондо да Анын каары басылбайт, Анын колу сунулган бойдон тура берет.

18 Анткени мыйзамсыздык оттой жалындап күйүп, коко тикенди да, тикенектүү бадалды да жалмап жатат, чытырман токойдо от алоолонуп, уюлгуган түтүн асманга көтөрүлүп жатат.

19 Себайот Теңирдин каары жерди куйкалайт, эл отко жем болот. Адам өз бир тууганын аябайт.

20 Алар оң тарабындагысын да жутушат, бирок ачка бойдон калышат, сол тарабындагысын да жешет, бирок тоюшпайт. Ар кимиси өз булчуң этин жейт.

21 Менаше Эпрайымды жейт, Эпрайым Менашени жейт, экөө биригип Жүйүттү жейт. Ошондо да Анын каары кайтпайт, Анын колу сунулган бойдон тура берет.

10-БӨЛҮМ

1 «Адилетсиз мыйзам чыгаргандарга, ырайымсыз чечимдерди жазгандарга кайгы!

2 Анткени алар бей-бечараларды акыйкаттыктан четтетишет, Менин элимдин ичиндеги жакырларды укугунан ажыратышат, жесирлерди өздөрүнө олжо кылышат, жетимдерди талап-тоношот.

3 Алыстан бүлгүн келип, жазалана турган күн келгенде, силер эмне кыласыңар? Кимге жардам сурап кайрыласыңар? Байлыгыңарды кайда калтырасыңар?

4 Менсиз силер туткундардын арасында бүкүрөйүп каласыңар, өлтүрүлгөндөрдүн арасына кулайсыңар». Ошондо да Анын каары кайтпайт, Анын колу сунулган бойдон тура берет.

Ашур – Кудайдын жазалоочу куралы

5 «Оо Ашур, Менин каарымдын таягы! Анын колундагы таяк Менин каарым!

6 Мен аны кудайсыз элге каршы жана Мени каарданткан элге каршы жиберем. Мен ага ошол элди талап-тоноону, олжолоону жана көчөдөгү баткактай тебелеп-тепсөөнү буйрук кылам.

7 Бирок ал мындай деп ойлобойт, анын жүрөгү башканы ойлойт, анын жүрөгүндө – бир топ элдерди кыйратуу, жок кылуу.

8 Анткени ал мындай дейт: “Падышалардын баары Менин төрөлөрүм эмес бекен?

9 Кално Каркемиштей эмес бекен? Хамат Арпаттай эмес бекен? Самария Дамасктай эмес бекен?

10 Менин колум буркандары Иерусалим менен Самарияныкына караганда көп болгон бутпарас падышачылыктарды ээлеп алды.

11 Анан мен Самарияга жана анын буркандарына кылганымды Иерусалимге жана анын жасалма кудайларына кылбай коймок белем?”»

12 Теңир Өзүнүн бардык иштерин Сион тоосунда жана Иерусалимде бүтүргөндөн кийин: «Ашур падышасынын текебер жүрөгү жеткен ийгиликти жана жогору караган көздөрүнүн менменсингендигин көрөм», – дейт.

13 Ал: «Мен муну өз колумдун күчү менен, өз даанышмандыгым менен кылдым, анткени мен акылдуумун. Элдердин чек арасын жылдырып жатам, алардын казына-байлыктарын талап-тоноп жатам, дөөдөй болуп тактарынан кулатып жатам.

14 Менин колум элдердин байлыктарын уяны тартып алгандай тартып алды. Уяларда калган жумурткаларды алгандай, мен бүт жерди тартып алдым, эч ким канатын кыймылдаткан жок, эч ким ооз ачкан жок, эч ким кыңк эткен жок», – деп жатат.

15 Балта өзү менен чаап жатканга кыйынсынмак беле? Араа өзү менен араалап жатканга менменсинмек беле? Союл өзүн көтөрүп жатканга каршы чыккансыйт! Таяк жыгач эмеске каршы көтөрүлгөнсүйт!

16 Ошон үчүн Эгедер, Себайот Теңир, анын семиздерин арыктатат, анын атактууларынын арасында оттун жалынындай жалын чыгарат.

17 Ысрайылдын Жарыгы от болуп, анын Ыйыгы жалын болуп, коко тикендери менен тикенектерин бир күндө жалмап,

18 атактуу токою менен багын түп-тамыры менен жок кылат. Ошондо ал алсырап өлүп бара жаткан адамдай болот.

19 Анын токоюнда дарактар ушунчалык аз калгандыктан, аларды жаш бала да эсептеп чыга алат.

Ысрайылдын калдыгынын Кудайга кайрылары жөнүндө

20 Ошол күнү мындай болот: Ысрайылдын калдыгы, Жакыптын тукумунун аман калгандары, өздөрүн өлтүрүп жаткандарга таянбай калышат, тескерисинче, алар Ысрайылдын ыйык Теңирине чын жүрөктөн таянышат.

21 Калдык кайрылат, Жакыптын калдыгы, кудуреттүү Кудайга кайрылат.

22 Анткени Сенин элиң, Ысрайыл, деңиздин түгөнгүс кумундай болсо да, калдыгы гана кайрылат. Жок кылуу чечими чыкты, ал акыйкаттыкка толгон.

23 Анткени жок кылуу чечимин Себайот Кудай-Теңир бүт өлкөдө ишке ашырат.

Ашурдун жазаланары жөнүндө

24 Ошондуктан Эгедер, Себайот Теңир, мындай дейт: «Сиондо жашаган Менин элим, Ашурдан коркпо! Ал сени таяк менен чабат, Мисирдей болуп сага союлун көтөрөт.

25 Дагы бир аздан кийин, бир аз эле убакыттан кийин Менин сага каршы каарым кайтат, Менин жаалым аларды кырууга бурулат».

26 Сур-Орейип аскасынын жанында мидиандыктарды кыйраткандагыдай, Себайот Теңир ага камчы көтөрөт же Өзүнүн таягын деңизге көтөрүп, мисирликтерди чөктүргөндөй чөктүрөт.

27 Ошол күнү мындай болот: ийниңен анын жүгү алынат, мойнуңан анын моюнтуругу алынат, семиздиктен моюнтурук талкаланат.

Бутпарастардын кол салары жөнүндө

28 Ал Айатка бара жатат, Мигрон аркылуу өтүп бара жатат, азык-түлүгүн Мукмаска жыйнап жатат.

29 Тар жерлерден өтүштү, Гебада түнөштү, Рама солкулдады, Шабулдун Гибасы туш-тушка качты.

30 Галим кызы, улуп-уңшуп ыйла! Сени Лаиш уксун, бактысыз Анатот!

31 Мадмейна туш-тушка качып кетти, Гейбимде жашагандар качканга шашылып жатышат.

32 Ал дагы бир күн Нопто турат. Ал өзүнүн колу менен Сион тоосун, Иерусалим дөңсөөсүн коркутуп жатат.

33 Мына, Эгедер, Себайот Теңир, коркунучтуу күч менен бак-дарактардын бутактарын жулат, бою менен мактангандар кыйылат, бийик өскөндөрү жерге кулатылат.

34 Токойлордун калың жерлерин темир менен кыят, Лебанон Кудуреттүүнүн колунан кулайт.

11-БӨЛҮМ

Эмануелдин падышачылыгы

1 Жышайдын тамырынан бутак чыгат, анын тамырынан жаш бутак өсүп чыгат.

2 Анын үстүнө Теңирдин Руху, даанышмандык жана акылмандык руху, кеңеш жана күч руху, билим жана Теңирден коркуу руху түшөт.

3 Ал Теңирден коркуу рухуна толот, Өзүнүн көзү менен көргөнү боюнча соттобойт, Өзүнүн кулагы менен укканы боюнча иш чечпейт.

4 Ал алсыздарды адилеттик менен соттойт, жерде азап чеккендердин ишин акыйкаттык менен чечет. Ал оозунун таягы менен жерди кыйратат, оозунун руху менен мыйзамсызды өлтүрөт.

5 Чындык Анын ичинин курчоосу болот, акыйкаттык Анын белиндеги куру болот.

6 Ошондо карышкыр козу менен бирге жашайт, илбирс улак менен бирге жатат. Музоо, жаш арстан, өгүз бирге болушат, алардын баарын жаш бала жетелейт.

7 Уй ургаачы аюу менен бирге жайылып жүрөт, алардын балдары да бирге жатышат. Арстан өгүздөй болуп чөп жейт.

8 Эмчектеги наристе уулуу жыландын ийнинин үстүндө ойнойт, эмчектен чыккан бала жыландын ийнине колун салат.

9 Менин ыйык тоомдун бүт жеринде жамандык кылышпайт, зыян келтиришпейт, анткени деңиз сууга толгонсуп, жер Кудайдын билимине толот.

Машайак жана Ысрайылдын калыбына келтирилиши

10 Ошол күнү мындай болот: элдер үчүн белги боло турган Жышайдын тамырына бутпарас элдер кайрылышат, анын даңкы тынчтык болот.

11 Ошол күнү мындай болот: Ашурда, Мисирде, Патросто, Кушта, Эйламда, Шинарда, Хаматта жана деңиз аралдарында калган Өз элинин калдыгын кайрып келиш үчүн, Теңир кайрадан колун сунат.

12 Теңир ал бутпарас элдерге белги берип, Ысрайылдын куулуп кеткендерин чогултат, Жүйүттүн чачырап кеткендерин төгөрөктүн төрт бурчунан чакырып алат.

13 Эпрайымдын көз артуусу жоголот, Жүйүткө каршы кастык кылгандар кырылат. Эпрайым Жүйүткө көз артпай калат, Жүйүт да Эпрайымга кысым көрсөтпөй калат.

14 Алар пелиштиликтердин жонуна минип, батышка учуп барышат, чыгыштын бүт уулдарын талап-тоношот. Эдом менен Маапка кол салышат, Амондун уулдары алардын кол астына өтөт.

15 Анан Теңир Мисир деңизинин булуңун кургатат, Өзүнүн колун сунуп, Өзүнүн катуу шамалы менен аны жети өзөнгө бөлөт, ошондо андан сандалын чечпей өтө алышат.

16 Ошондо Ысрайыл эли үчүн Мисир жеринен чыккан күнү чоң жол салынгандай, Ашурда калган Өз элинин калдыгы үчүн чоң жол салынат.

12-БӨЛҮМ

Куткарылгандардын Кудайды даңктаган ыры

1 Ошол күнү сен мындай деп айтасың: «Даңктайм Сени, Теңир! Сен мага каардандың, бирок каарыңды басып, мени соороттуң!

2 Кудай менин куткарылуум, Ага таянам, ошондуктан коркпойм. Анткени менин күчүм да, ырым да – Кудай-Теңир, Ал менин Куткаруучум болду».

3 Куткаруу булагынан кубаныч менен суу сузуп аласыңар.

4 Ошол күнү мындай деп айтасыңар: «Теңирди даңктагыла, Анын ысымын чакыргыла! Анын иштери жөнүндө элдерге кабарлагыла, Анын ысымы улуу экенин эскерткиле!

5 Теңирди даңктап ырдагыла, анткени Ал улуу иш жасады, муну бүт жер жүзү билсин!»

6 Кубан, шаттан, Сион тургуну, анткени силердин араңардагы Ысрайылдын Ыйыгы улуу!

13-БӨЛҮМ

Бабыл жөнүндөгү пайгамбарчылык

1 Бабыл тууралуу Амос уулу Ышайанын пайгамбарчылыгы:

2 «Токою жок тоонун үстүндө туу көтөргүлө, катуу кыйкыргыла. Аларга кол булгагыла, алар төрөлөрдүн дарбазаларына киришсин.

3 Мен Өзүмдүн тандалгандарыма буйрук берип, Өзүмдүн бүт каарымды төгүш үчүн, Менин улуулугума кубанып жаткан күчтүүлөрүмдү чакырдым».

4 Тоолордон чыккан ызы-чуу көп сандаган элдин, падышачылыктардын жана чогулган элдердин козголоңдуу ызы-чуусуна окшош. Себайот Теңир согуш аскерлерин карап турат.

5 Бүт жерди кыйратыш үчүн, эң алыскы өлкөлөрдөн, асмандын эң четинен Теңир жана Анын каарынын куралы келе жатат.

6 Ыйлагыла, анткени Теңирдин күнү жакын калды, ал Кудуреттүүнүн кыйратуучу күчү катарында келе жатат!

7 Ошондуктан бардыгынын колдору шалдайды, бардык адамдардын жүрөгү суу жүрөк болуп калды.

8 Алардын үрөйү учуп, калтырап, онтоп жатышат, төрөп жаткан аялдай кыйналып жатышат, бири-бирин таң калуу менен карашат, жүздөрү оттой жанат.

9 Мына, жерди чөлгө айлантыш үчүн, андагы күнөөкөрлөрдү кырыш үчүн, ачууга, жалындаган каарга толгон Теңирдин ырайымсыз күнү келе жатат.

10 Асмандагы жылдыздар, топ жылдыздар өз жарыгын бербей калат, күн чыгары менен өчөт, ай өз жарыгын чачпай калат.

11 «Мен дүйнөнү жаман иштери үчүн, мыйзамсыздарды мыйзамсыздыктары үчүн жазалайм. Текеберлердин акылдуусунганын токтотом, эзүүчүлөрдүн менменсингендигин басам.

12 Адамдарды таза алтындан кымбат кылам, эркектерди Опирдин таза алтынынан кымбат кылам.

13 Ал үчүн асманды солкулдатам, жер Себайот Теңирдин ачуусунан Анын каары жалындаган күнү ордунан жылат».

14 Ошондо ар бир адам аңчыдан качкан жейрендей жана ээси таштап кеткен койлордой болуп өз элине кайрылат, ар бир адам өз жерине качып барат.

15 Бирок колго түшкөн адам жебеге сайылат, кармалган адам кылычтан өлөт.

16 Алардын көз алдында наристелерин өлтүрүшөт, үйлөрүн талап-тоношот, аялдарынын абийирин төгүшөт.

17 «Мына, Мен аларга каршы күмүштү баалабаган, алтынга кызыкпаган мадайлыктарды көтөрөм».

18 Алардын жаалары уландарды өлтүрөт, боюнда бар аялдарды аябайт. Алардын көздөрү жаш балдарга боор оорубайт.

19 Ошентип, падышачылыктардын көркү, каздимдердин сыймыгы болгон Бабылды Кудай Содом менен Амордой кылып кулатат.

20 Ал жерге эч ким эч качан көчүп барбайт, ал жерде түбөлүккө эч ким жашабайт. Ал жерге аравиялык адам чатырын тикпейт, ал жерге койчулар койлорун жайышпайт.

21 Бирок ал жерде чөл жырткычтары жашайт, алардын үйлөрүнө үкүлөр толот, төө куштар уя салышат, жапайы текелер секирип жүрөт.

22 Алардын падыша сарайларында чөөлөр, көңүл ачуучу үйлөрүндө карышкырлар улуйт.

14-БӨЛҮМ

Ысрайылдын туткундан кайтып келери жөнүндө

1 Анын мезгили жакын калды, анын күндөрү кечикпейт. Анткени Теңир Жакыпка ырайым кылат, Ысрайылды кайрадан тандап алат. Аларды өз жерине көчүрөт, ошондо аларга чет жерликтер кошулат, Жакыпка жабышышат.

2 Элдер аларды өз жерине алып келишет, Ысрайыл аларды өзүнө Теңирдин жеринде кул жана күң кылып алат, аларды туткундап алгандарды туткундап алат, аларды эзгендердин үстүнөн бийлик кылат.

Бабыл падышасын жеңгендеги жеңиш ыры

3 Теңир сени кайгыдан, коркунучтан, сени кулга айландырган оор эзүүдөн куткарып, сага тынчтык берген күнү

4 сен Бабыл падышасы жөнүндө мындай деп жеңиш ырын ырдайсың: «Эзүүчү жок болору менен талап-тоноочулук жок болду».

5 Теңир мыйзамсыздардын союлун, өкүмдарлардын бийлик таягын сындырды.

6 Ал таяк жаалданып, өзүнүн токтотулбас соккулары менен элдерди кырган, каарданып, ээ-жаа бербеген куугунтук менен урууларга үстөмдүк кылган.

7 Бүт жер эс алып, тынч жатат, кубанычтан кыйкырып жатат.

8 Сенин кулаганыңа кипаристер да, лебанон кедрлери да: «Сен уктап калгандан бери бизди кыйганы эч ким келген жок», – деп кубанып жатышат.

9 Сен үчүн, сени кирип бара жатканда тосуп алыш үчүн, түпкүрдөгү өлгөндөр жаткан жай кыймылга келди. Сен үчүн өлгөндөрдү, жер жүзүнүн бардык жол башчыларын ойготту, бутпарас элдердин бардык падышаларын тагынан тургузду.

10 Алардын бардыгы сага: «Сен да биз сыяктуу алсыз болуп калдың! Сен да бизге окшоп калдың!» – дешет.

11 Сенин сыймыгың арфаңдын үнү менен кошо өлгөндөр жаткан жайга түшүрүлдү. Астыңа курттар төшөлдү, үстүңдөгү жабууң да курт болду.

12 Таң жылдызы, таң уулу, сен асмандан кандай куладың! Элдерди тебелеп-тепсөөчү, сен жерге кулап түшүп, кандай талкаландың!

13 Бирок сен өз жүрөгүңдө мындай деп айттың эле: «Асманга чыгып, тагымды Кудайдын жылдыздарынан жогору коём, тоодо, сансыз кудайлардын арасында, түндүктүн четинде отурам.

14 Булуттардын үстүнө чыгам, Бардыгынан Жогору Тургандын өзүнө окшоп калам».

15 Бирок сен өлгөндөр жаткан жайга, түпкүрдүн түбүнө түшүрүлдүң.

16 Сени көргөндөр сенден көзүн албай, сен жөнүндө минтип ойлошот: «Жерди солкулдатып, падышачылыктарды титиреткен киши ушул беле?

17 Ааламды чөлгө айланткан, анын шаарларын кыйраткан, өзүнүн туткундарын үйүнө коё бербеген киши ушул беле?»

18 Элдердин бардык падышалары, бардыгы урмат-сый менен өз күмбөздөрүндө жатышат.

19 Сен болсо өзүңдүн күмбөзүңдөн жарабаган бутактай болуп ыргытылдың, кылычтан өлгөндөрдүн кийиминдей болуп таш чуңкурга коюлдуң, сен тебеленген өлүктөй болдуң!

20 Сен аларга мүрзөдө кошулбайсың, анткени сен өз жериңди талкаладың, өз элиңди кырдың: мыйзамсыздык кылгандардын тукуму кылымдар бою эскерилбейт.

21 Атасынын мыйзамсыздыгы үчүн уулдарын сойгонго даярдагыла, алар көтөрүлүп чыгып, жерди ээлеп алып, ааламды душмандарга толтуруп жиберишпесин.

Бабылдын жана Ашурдун кулары жөнүндө

22 «Аларга Мен каршы чыгам, – дейт Себайот Теңир, – Бабылдын ысымын жана калдыкты, уулун да, небересин да жок кылам, – дейт Теңир.

23 Аны кирпилерге мурас кылып берем, саз кылам, аны кыйратуучу шыпыргы менен шыпырып салам», – дейт Себайот Теңир.

24 Себайот Теңир мындай деп ант берип жатат: «Мен кандай ойлосом, ошондой болот; Мен кандай чечсем, ошондой аткарылат.

25 Ашурду Өзүмдүн жеримде талкалайм, аны Өзүмдүн тоолорумда тебелейм, ошондо алардын мойнунан анын моюнтуругу түшөт, алардын ийининен анын жүгү алынат».

26 Бүт жер жүзү жөнүндө чечилген чечим ушундай, бардык элдерге сунулган кол ушул!

27 Анткени Себайот Теңир чечти, аны ким жокко чыгара алат? Анын колу сунулуу, ким аны тарта алат?

Пелишти жеринин кыйратылары жөнүндө

28 Ахаз падыша өлгөн жылы мындай пайгамбарчылык сөз болгон:

29 «Пелиштиликтердин жери, сени кыйраткан таяктын талкаланганына кубанба, анткени жылан тукумунан уулуу жылан чыгат, анын тукуму учуп жүрүүчү ажыдаар болот.

30 Ошондо кедейлер тоюшат, жакырлар коопсуз жатышат, ал эми сенин тукумуңду ачарчылык менен кырам, ал сенин калдыгыңды жок кылат.

31 Дарбазалар, ыйлагыла! Шаар, улуп-уңшуп ыйла! Бүт Пелишти жери, сен кыйрайсың, анткени түндүктөн түтүн каптап келе жатат, алардын аскерлеринин арасында артта калганы жок».

32 Элдин кабарчылары эмне дешет болду экен? Алар: «Теңир Сионду бекемдеди, ал жерден Анын элинин жакырлары баш паана табышат», – дешет.

15-БӨЛҮМ

Мааптын кыйратылары жөнүндө

1 Маап жөнүндө пайгамбарчылык: Чынында эле, түн ичинде Ар-Маап талкаланып жок болот. Чынында эле, түн ичинде Кир-Маап талкаланып жок болот!

2 Ал ыйлаш үчүн Байыт менен Дибонго чыгып бара жатат, бутканага чыгып бара жатат. Маап Небо менен Мейдеба үчүн боздоп ыйлап жатат. Алардын бардыгынын чачы кырылган, бардыгынын сакалы алынган.

3 Анын көчөлөрүндө зумбал кийип жүрүшөт, анын үйлөрүнүн үстүндө, аянттарында бардыгы боздоп ыйлап, көз жашын көлдөтүп жатышат.

4 Кешпон да, Элалей да боздоп ыйлап жатат. Алардын үнү Жааска чейин угулуп жатат. Алардын артынан Мааптын жоокерлери да боздоп ыйлап жатышат. Ал коркунучтан титиреп жатат.

5 Жүрөгүм Маап үчүн боздоп ыйлап жатат. Анын качкындары Соарга, үчүнчү Эглатка качып жатышат. Лухитке ыйлап чыгып бара жатышат, Хоронайымга бараткан жолдо катуу кыйкырып бара жатышат.

6 Анткени Нимримдин суулары соолуду, шалбаалар куурады, чөптөр күйүп кетти, өсүмдүктөр жок калды.

7 Ошондуктан алар өздөрүнүн жыйнаган байлыгын, өздөрүнүн жыйган-тергенин Аравия дарыясынын аркы өйүзүнө ташып жатышат.

8 Анткени Мааптын бүткүл аймагын ый басты. Анын ыйы Эглайымга чейин, Бейир-Эйлимге чейин жетип жатат.

9 Анткени Димондун суулары канга толду, анткени Мен Димонго дагы жаңы мүшкүл салам. Мааптын качып чыккандарына да, өлкөдө калгандарына да арстандарды жиберем.

16-БӨЛҮМ

Мааптын үмүтсүз абалы

1 Козуларды Селадан чөл аркылуу жер ээсине, Сион кызынын тоосуна жибергиле.

2 Анткени Маап кыздары Арнон кечүүлөрүндө уясынан түшүп калып адашкан куштай болушат.

3 Кеңеш түз, чечим чыгар. Чак түштө бизди өз көлөкөң менен түн ичиндегидей калкала, куугунтукта жүргөндөрдү жашыр, тентип жүргөндөрдү кармап бербе.

4 Менин куугунтукта жүргөн мааптыктарым сеникинде жашай турушсун, талоончулардан качкан аларга баш паана бол, анткени эзүүчү жок болот, талап-тоноо токтойт, тебелеп-тепсегендер жер үстүнөн жок болушат.

5 Ошондо падыша тагы ырайымдуулук менен бекемделет, ага Дөөттүн тукумунан чындыкты издеген, адилеттикке умтулган башкаруучу чындыктын негизинде отурат.

6 Биз Мааптын текебердиги жөнүндө, ашкан текебердиги жөнүндө, менменсингендиги жөнүндө, бой көтөргөндүгү жөнүндө, тажаалдыгы жөнүндө укканбыз: ал курулай мактанат.

7 Ошондуктан Маап үчүн Маап боздоп ыйлайт, бардыгы боздоп ыйлашат. Кир-Харесеттин негиздери үчүн онтогула, анткени алар биротоло талкаланды.

8 Кешпон талаалары, ошондой эле Сыбма жүзүмзары куурады. Элдердин өкүмдарлары анын Жазерге чейин жеткен, чөлдө жайылган эң мыкты сабактарын жок кылышты. Алардын жаш бутактары жайылып, деңиздин аркы өйүзүнө өттү.

9 Ошондуктан мен да Сыбманын жүзүм сабагы үчүн Жазердин ыйы менен ыйлайм. Кешпон жана Элалей, сага көз жашымды төгөм, анткени мындан кийин сенин жүзүмдөрүңдү жыйноо учурунда жана оруу-жыюу учурунда шаңдуу кубаныч болбойт.

10 Түшүмдүү жерлерден кубаныч менен шаттык жоголот, жүзүмзарлардын арасында ырдашпайт, кубанышпайт. Жүзүмчү жүзүм сыгылуучу жайда жүзүм тебелебейт, анткени Мен кубанычтуу үндү бастым.

11 Мына ошондуктан ички дүйнөм Маап үчүн арфадай онтойт, Кир-Харесет үчүн жүрөгүм сыздайт.

12 Маап келип, бутканаларында чарчаганча жалынса да, өзүнүн ыйык жайына сыйынганы келсе да, эч нерсе жардам бербейт.

13 Теңирдин Маап тууралуу небак эле айткан сөзү ушул.

14 Азыр болсо Теңир мындай дейт: «Жалданган жылдар боюнча эсептегенде, үч жылдан кийин Мааптын текебердиги өзүнүн көп эли менен кошо басылат, аман калган калдыгы эң эле аз, анча-мынча эле болот».

17-БӨЛҮМ

Сириянын жана Эпрайымдын жазаланары жөнүндө

1 Дамаск жөнүндө пайгамбарчылык. «Мына, Дамаск шаарлардын эсебинен чыгат, үйүлгөн урандыга айланат.

2 Аройердин ээн калган шаарлары малга калат, мал ошол жерге жайылат, аларды үркүткөн эч ким болбойт.

3 Эпрайымдыктардын сепили да, Дамаск падышачылыгы да жок болот. Ысрайыл уулдарынын даңкына эмне болсо, Сириянын калган бөлүгүнө да ошондой болот», – дейт Себайот Теңир.

4 «Ошол күнү Жакыптын даңкы кемийт, анын семиз денеси арыктайт.

5 Орокчу эгин жыйнагандан кийин, анын колу машак тергенден кийин, Репа уулдарынын өрөөнүндө машак жыйнагандан кийин кандай болсо, ошол күнү ошондой болот.

6 Зайтун дарагын күбүгөндөн кийин, эң башында калган эки-үч мөмөдөй же мөмөлүү шагында калган төрт-беш мөмөдөй андан калдык калат», – дейт Ысрайылдын Кудай-Теңири.

7 Ошол күнү адам өзүнүн Жаратуучусуна кайрылат, анын көзү Ысрайылдын Ыйыгына бурулат.

8 Ал курмандык чалынуучу жайларга да, өзүнүн колу менен жасалган иштерге да карабайт, өз колдору менен жасаган жасалма кудайларга – Ашейра менен Баалга да карабайт.

9 Ошол күнү анын бекемделген шаарлары токойлордо жана тоолордун башында Ысрайыл уулдарынын алдында таштап кетишкен урандылардай болот. Ал чөлгө айланат.

10 Анткени сен өзүңдү куткарган Кудайыңды унутуп койдуң, өзүң баш калкалаган асканы эсиңен чыгарып койдуң. Ошондуктан сен көңүл ачуучу бактарды көбөйттүң, башка бирөөнүн жүзүм сабагынан алып келип, жаш бутактарды отургуздуң.

11 Алар өссүн деп, сепкендериң эрте гүлдөсүн деп, отургузган күнү кам көрдүң. Бирок түшүм жыйнаган күнү үйүлгөн түшүм эмес, оор кайгы болот.

12 Оо, көп элдердин ызы-чуусу! Алар деңиз күркүрөгөндөй күркүрөп жатышат. Уруулардын өкүрүгү! Алардын өкүрүгү шар аккан суунун күрүлдөгөнүнө окшош.

13 Элдер шар аккан суулардай күрүлдөп жатышат, бирок Теңир аларды коркутканда, алар алыс качып кетишти, алар тоолордогу шамал учурган топурактай, куюн сапырган чаңдай болушту.

14 Кеч киргенде коркунуч басты! Бирок таң атканга чейин эле ал коркунуч жок болду. Бизди талап-тоногондордун үлүшү, бизди кыйраткандардын тагдыры ушундай.

18-БӨЛҮМ

Эфиопиянын жазаланары жөнүндө

1 Эфиопия дарыяларынын аркы өйүзүндөгү канаттардын ызылдаганына толгон жерге кайгы!

2 Ал – деңиз менен элчилерин жөнөткөн, сууларда камыш кемелер менен жүргөн жер. Күлүк элчилер, күчтүү, сергек элге, башынан ушул кезге чейин коркунучтуу болгон элге, дарыялар кесип өткөн жерди тебелеп-тепсеген узун бойлуу элге баргыла!

3 Силер баарыңар, ааламда жашагандар, жер тургундары! Тоодон туу көтөрүлгөндө, карагыла, сурнай тартылганда, уккула!

4 Анткени Теңир мага мындай деп айткан: «Жамгырдан кийинки жарык нурдай болуп, кырман маалындагы аптапта булуттан түшкөн шүүдүрүмдөй болуп, Мен Өзүмдүн турагымдан силерди тынч карап турам».

5 Анткени жыйнаганга чейин эле, жүзүм гүлдөп бүтүп, мөмөсү быша баштаганда эле, Теңир бычак менен сабагын кесип салат, жаш бутагын кыйып салат.

6 Анан бардыгын тоодогу жырткыч куштарга жана талаа жырткычтарына калтырышат. Ошондо жырткыч куштар ал жерде жайды өткөрүшөт, ал эми бардык талаа жырткычтары ошол жерде кышташат.

7 Ошол учурда Теңир Себайотко, Теңир Себайоттун ысымы турган Сион тоосуна бардыгын тебелеп-тепсеп, эзелтен коркунуч туудуруп келген, жерин дарыялар кесип өткөн, узун бойлуу, күчтүү, сергек эл тартуу алып келет.

19-БӨЛҮМ

Мисир жөнүндөгү пайгамбарчылык

1 Мисир жөнүндө пайгамбарчылык. Мына, Теңир жеңил булутка отуруп алып, Мисирге келе жатат жана Анын жүзүнөн Мисир буркандары титирейт, Мисирдин жүрөгү түшөт.

2 «Мен мисирликтерди өздөрүнө каршы куралдандырам. Ошондо бир тууган бир тууганга каршы, дос доско каршы, шаар шаарга каршы, падыша падышага каршы салгылашат.

3 Ошондо Мисирдин руху алсырайт, алардын кеңешин бузам. Ошондо алар буркандарга, сыйкырчыларга, өлгөндөрдү чакыргандарга, төлгөчүлөргө кайрылышат.

4 Мисирликтерди ырайымсыз өкүмдардын колуна салып берем, аларга катаал падыша бийлик кылат», – дейт Теңир, Себайот Теңир.

5 Деңиз суулары соолуйт, дарыя какшыйт.

6 Өзөндөр сасыйт, Мисирдин каналдары какшыйт, жылгындар менен камыштар куурайт.

7 Дарыянын боюндагы талаалар, дарыянын жээктери, дарыяны бойлото эгилгендин баары куурайт, шамал учуруп жок болот.

8 Балыкчылар ыйлашат, дарыяга кайырмак салгандардын баары боздошот, сууга тор жайгандардын ындыны өчөт.

9 Зыгыр иштеткендердин, ак кездеме токуучулардын айласы кетет.

10 Тосмолордун негизи талкаланат, тирүү балык кармаган тору бар адамдардын баарынын көңүлдөрү чөгөт.

11 Соан башчылары акылынан ажырашты. Фараондун акылдуу кеңешчилери берген кеңеш маанисиз кеңеш болуп калды. Силер фараонго: «Мен акылмандардын уулумун, байыркы падышалардын уулумун», – деп, кантип айтасыңар?

12 Эми алар кана? Кана сенин акылмандарың? Алар сага айтышсын, Себайот Теңирдин Мисир жөнүндө кандай чечим чыгарганын билишсин.

13 Соан башчылары акылдан адашышты, Ноп мырзалары алданып калышты, анын уруу башчылары Мисирди тескери жолго салышты.

14 Теңир ага мас кылуучу рухту жиберди. Өз кусундусуна оонаган мастай кылып, алар Мисирди бардык ишинде адаштырышты.

15 Мисирде баш да, куйрук да, пальма бутагы да, камыш да эч нерсе кыла албайт.

Мисирдин Теңирди даңктары жөнүндө

16 Ошол күнү мисирликтер аялдарга окшоп калышат, Себайот Теңирдин аларга көтөрүлгөн колунан коркуп титирешет.

17 Жүйүт жери Мисирдин үрөйүн учурган жер болуп калат. Жүйүт жөнүндө эстеген адам Себайот Теңирдин Мисирге чыгарган өкүмүнөн титирейт.

18 Ошол күнү Мисир жериндеги беш шаар канаан тилинде сүйлөп, Себайот Теңир менен ант берет. Алардын бири Күн шаары деп аталат.

19 Ошол күнү Теңирге арналган курмандык чалынуучу жай Мисирдин ортосунда болот жана Теңирге арналган эстелик анын чек арасында болот.

20 Ал Мисир жеринде Себайот Теңир жөнүндө эскерткен белги жана күбөлөндүрүү болот. Анткени алар Теңирге эзүүчүлөрдүн айынан кайрылышат, ошондо Теңир аларга куткаруучу менен арачыны жиберип, аларды куткарып алат.

21 Ошондо Мисирде Теңир Өзүн көрсөтөт, ошол күнү мисирликтер Теңирди таанышат, курмандыктарды чалышат, тартууларды алып келишет, Теңирге убадаларды беришет, аларды аткарышат.

22 Ошентип, Теңир Мисирди урат да айыктырат. Алар Теңирге кайрылышат, Теңир аларды угуп, айыктырат.

23 Ошол күнү Мисир менен Ашурдун ортосуна чоң жол салынат, ошондо ашурлуктар Мисирге, мисирликтер Ашурга келип турушат. Мисирликтер ашурлуктар менен бирге Теңирге кызмат кылышат.

24 Ошол күнү Ысрайыл Мисир менен Ашурдан кийин үчүнчү болот, Кудайдын батасы жердин ортосунда болот.

25 Анткени Себайот Теңир ал жерге: «Менин элим – мисирликтер баталуу, Менин колумдун иши – ашурлуктар баталуу, Менин мурасым – Ысрайыл эли баталуу», – деп бата берет.

20-БӨЛҮМ

Пайгамбардын жышааны

1 Ашур падышасы Саргон жиберген тартан Азотко келип, ага каршы согушуп, аны басып алды.

2 Ошол жылы Амос уулу Ышайага Теңир: «Бар, белиңден зумбалыңды чеч, бутуңдагы сандалыңды чеч», – деп айтты. Ал так ошондой кылды. Жылаңач жана жылаңайлак жүрдү.

3 Анан Теңир мындай деди: «Менин кулум Ышайа Мисир менен Эфиопия жөнүндө көрсөтмө жана жышаан болуп, үч жыл жылаңач жана жылаңайлак жүргөндөй,

4 Ашур падышасы Мисирди уят кылып, Мисир туткундарын, Эфиопиянын куугунтукталып жүргөндөрүн, жаш-кары дебей, жылаңач, жылаңайлак кылып, белине чейин жылаңачтап алып жөнөйт».

5 Ошондо өздөрү үмүт кылган Эфиопияны, өздөрү мактанган Мисирди көрүп үрөйлөрү учуп, уялышат.

6 Ошол күнү ушул өлкөнүн тургундары: «Ашур падышасынан куткарылышыбыз үчүн биз үмүттөнгөн Эфиопияга, биз жардам сурап кайрылган Мисирге мына эмне болду? Эми биз кантип куткарылабыз?» – дешет.

21-БӨЛҮМ

Бабылдын кулары жөнүндөгү көрүнүш

1 Деңиз жээгиндеги чөл тууралуу пайгамбарчылык. Түштүктө учуп жүргөн бороондой болуп, ал чөлдөн, коркунучтуу жерден келе жатат.

2 Мага коркунучтуу көрүнүш көрсөтүлдү: талоончу талап жатат, кыйратуучу кыйратып жатат. Тур, Эйлам! Мадай, курчоого ал! Мен бардык муң-зарды токтотом!

3 Ошондуктан бүткөн боюм титиреп жатат, мен төрөп жаткан аялдай толгоо тартып жатам, төрөп жаткан аялдай кыйналып жатам. Мен эмнени угуп жатсам, ошондон толкунданып жатам; мен эмнени көрүп жатсам, ошондон коркуп жатам.

4 Жүрөгүм дүкүлдөп, калтырап коркуп жатам. Мен үчүн кубанычтуу болгон түн коркунучтуу түнгө айланды.

5 Yстөл даярдап жатышат, дасторкон жайып жатышат, ичип-жеп жатышат. Тургула, төрөлөр, калканыңарды майлагыла!

6 Анткени Теңир мага: «Бар, күзөт кой. Ал көргөнүн айтып турсун», – деп айтты.

7 Ошондо ал эки-экиден болуп келе жаткан атчан, эшекчен, төөчөн адамдарды көрдү. Ал көңүл коюп, бүт дитин коюп кулак төшөдү.

8 Анан арстандай болуп мындай деп кыйкырды: «Мырзам, мен күзөттө күн бою турдум, түн бою өз ордумда турдум.

9 Мына, адамдар – эки-экиден атчандар келе жатышат». Андан кийин ал мындай деп кыйкырды: «Кулады, Бабыл кулады. Анын бардык жасалма кудайлары жерде талкаланып жатат».

10 Оо, менин бастырылган уулум, менин кырманымдын уулу! Мен Ысрайыл Кудайы Себайот Теңирден эмнени уксам, ошону силерге кабарладым.

Эдом жөнүндөгү пайгамбарчылык

11 Дума тууралуу пайгамбарчылык. Мага Сеирден: «Күзөтчү! Түндүн канчасы калды? Күзөтчү! Таң атканга канча калды?» – деп кыйкырып жатышат.

12 Күзөтчү: «Таң сүрүп келе жатат, бирок али түн. Эгерде сурагыңар келсе, сурагыла, кайра келгиле», – деп жооп берди.

Аравия жөнүндөгү пайгамбарчылык

13 Аравия тууралуу пайгамбарчылык: «Дыдан кербендери, Аравиянын токоюна түнөгүлө!

14 Тейма жеринде жашагандар! Суусагандардын алдынан суу көтөрүп тосуп чыккыла, качкындарды нан менен тосуп алгыла.

15 Анткени алар сунулган кылычтан, тартылган жаадан, согуштун катаалдыгынан качып келе жатышат».

16 Анткени Теңир мага мындай деп айтты: «Жалданган жыл боюнча эсептегенде, бир жылдан кийин Кейдардын бүткүл атак-даңкы жок болот.

17 Ошентип, Кейдардын тайманбас уулдарынын жаалары да аз калат». Анткени Ысрайыл Кудайы, Теңир, ушинтип айтты.

22-БӨЛҮМ

Иерусалим жөнүндөгү пайгамбарчылык

1 Аян өрөөнү тууралуу пайгамбарчылык. Сага эмне болду? Эмне үчүн сенин бүт элиң үйдүн төбөсүнө чыгып алды?

2 Бака-шака түшкөн, толкунданган шаар, шаңдуу шаар! Сенин өлгөн элиң кылычтан өлгөн жок, согуштан кырылган жок.

3 Сенин жол башчыларыңдын баары бирге качышты, бирок алар жаасыз эле колго түшүштү. Канчалык алыс качышпасын, сенин жоокерлериңдин бардыгы байлануу.

4 Ошондуктан мен: «Мени жайыма койгула, мен катуу ыйлайм. Элимдин кызынын башына алаамат түшкөндө, мени сооротом деп аракет кылбагыла», – деп айтып жатам.

5 Анткени Эгедерден, Себайот Теңирден, Аян өрөөнүнө алаамат түшүргөн, адам укугун тебелеген, дүрбөлөң салган күн келди. Дубалдарды уратып, кыйкырып жатышат. Алардын кыйкырыгы тоого жетип жатат.

6 Эйлам саадак көтөрүп бара жатат. Арабада отурган адамдар, атчандар келе жатышат, Кир калканын колуна алды.

7 Мына, сенин эң сонун өрөөндөрүң майдан арабаларына толду, атчандар дарбазанын тушуна катарга тизилип турушту.

8 Алар Жүйүттүн жабуусун сыйрып алып жатышат. Ошол күнү сен кедр жыгачынан жасалган үйдө сакталып турган куралга көз жибересиң.

9 Бирок силер Дөөттүн шаарынын дубалында тешиктер көп экенин көрүп турасыңар жана төмөнкү көлмөгө суу топтоп жатасыңар.

10 Силер Иерусалимдеги үйлөрдү белгилеп жатасыңар, дубалдарды бекемдеш үчүн, үйлөрдү уратып жатасыңар.

11 Эки дубалдын ортосуна эски көлмөнүн суулары үчүн суу сактагыч куруп жатасыңар. Бирок муну Жасап Жатканды көрбөй жатасыңар, муну эбак эле Чечип Койгонду карабай жатасыңар.

12 Ошондуктан Теңир, Себайот Теңир, ушул күнү силерди ыйлаганга, кайгырганга, чачыңарды жулганга, белиңерге зумбал байлаганга чакырат.

13 Бирок мына, шаттык жана кубаныч! Өгүздөрдү да, койлорду да союп жатышат. Эт жеп, шарап ичип: «Бүгүн ичип-жейли, анткени эртең өлөбүз!» – деп жатышат.

14 Себайот Теңир менин кулагыма муну ачты: «Бул мыйзамсыздыгыңар силер өлгөнгө чейин кечирилбейт», – деди Теңир, Себайот Теңир.

Шебнага берилген эскертүү

15 Теңир, Себайот Теңир, мындай деди: «Жөнө, падыша сарайынын кызматчысы, сарай башчысы Шебнага барып, мындай деп айт:

16 “Бул жерде сенин эмнең бар, бул жерде сенин кимиң бар? Эмне үчүн сен өзүңө бул жерге, асканын бооруна мүрзө оюп жатасың?” Ал өзүнө бийик жерге, асканын бооруна мүрзө оюп жатат, өзүнө аскага турак жай оюп жатат».

17 Мына, Теңир сени алп киши ыргыткандай ыргытып жиберет, тоголоктоп, мыкчып салат.

18 Сени түйүнчөккө түйүп, кең жерге топтой кылып ыргытып жиберет. Сен ошол жерде өлөсүң, ошол жерде эң сонун майдан арабаларың мырзаңдын үйү үчүн шылдың болот.

19 «Ошентип, сени турган жериңден түртүп жиберем, сени даражалуу жериңден кулатышат.

20 Ошол күнү Өзүмдүн кулум Хилкиянын уулу Элийакимди чакырам.

21 Ага сенин кийимдериңди кийгизем, белин сенин куруң менен курчайм, сенин бийлигиңди анын колуна өткөрүп берем. Ошондо ал Иерусалимдин тургундары үчүн да, Жүйүт үчүн да ата болуп калат.

22 Анан Дөөттүн ачкычын анын ийнине салам; Ал ачат, эч ким жаппайт, ал бекитет, эч ким ачпайт.

23 Аны бекем жерге кагылган мыктай кылам. Ошондо ал атасынын үйү үчүн атак-даңктын тагы болот.

24 Ага атасынын үйүнүн, балдарынын жана неберелеринин бүт даңкы илинет, үй буюмунан тартып акыркы музыкалык аспаптарына чейин илинет.

25 Ошол күнү, – дейт Себайот Теңир, – бекем жерге кагылган мык бошоп, суурулуп, жерге түшөт, ага илинген жүктүн баары түшөт». Анткени Теңир ушинтип айтып жатат.

23-БӨЛҮМ

Тир жөнүндөгү пайгамбарчылык

1 Тир жөнүндөгү пайгамбарчылык: «Таршыштын кемелери, боздоп ыйлагыла, анткени ал кыйрады. Yйлөр да жок, үйлөргө кире турган адам да жок». Аларга Китим жеринен ушундай кабар келди.

2 Деңизде жүрүүчү Сидон соодагерлерине толгон арал тургундары, унчукпай калгыла.

3 Ал жерге зор дарыялар аркылуу Шихордун үрөндөрү, чоң дарыянын түшүмү алып келинип турчу, ал элдердин соода кыла турган жери болчу.

4 Уял, Сидон, анткени деңиз, күчтүү деңиз, мындай деп айтып жатат: «Мен толгоо тартып төрөгөн жокмун, уулдарды чоңойткон жокмун, кыздарды өстүргөн жокмун».

5 Бул кабар мисирликтерге жеткенде, алар Тир тууралуу укканда, титирешет.

6 Таршышка көчүп кеткиле, аралдын тургундары, ыйлагыла!

7 Байыркы күндөрдө эле негизделип, кубанып келген шаарыңар ушубу? Буттары аны алыскы өлкөдө тентип жүрүүгө алып бара жатат.

8 Таажы тараткан, көпөстөрү төрө болгон, соодагерлери өлкөнүн атактуу кишилери болгон Тирге муну ким күн мурун белгилеп койду?

9 Ар кандай даңктын текебердигин уятка калтырыш үчүн, жер үстүндөгү бүт атактууларды басынтыш үчүн, муну Себайот Теңир күн мурунтан белгилеп койгон.

10 Таршыш кызы, өз жериңди дарыядай арала! Мындан ары тоскоолдук жок.

11 Теңир Өз колун деңизге сунуп, падышачылыктарды силкилдетти. Теңир Канаан жөнүндө, анын сепилдерин кыйратууга буйрук берди.

12 Ал мындай деди: «Маскара болгон кыз, Сидондун кызы, сен мындан ары кубанбайсың! Тур, Китимге бар, бирок сага ал жерде да тынчтык болбойт».

13 Мына, Каздим жери. Бул эл мурун жок болчу. Ашур аны чөлдүн тургундарынан баштаган. Алар өздөрүнүн мунараларын тургузуп жатышат, анын сарайларын бузуп жатышат, аны урандыга айлантып жатышат.

14 Таршыштын кемелери, ыйлагыла! Анткени силердин тирегиңер кыйрады.

15 Ошол күнү Тир бир падышанын падышачылык күндөрүндөй, жетимиш жылга унутулат. Жетимиш жыл өткөндөн кийин, бузулган аял жөнүндө кандай ырдашса, Тир жөнүндө да ошондой ырдашат:

16 «Лираңды колуңа ал, шаарды аралап чык, унутулган бузулган аял! Чебер ойно, көп ырда, сен жөнүндө эстешсин».

17 Жетимиш жыл өткөндөн кийин Теңир Тирди эстейт. Ошондо ал кайрадан өз кирешесин таба баштайт, бүт жер жүзүндөгү падышачылыктардын баары менен бузукулук кылат.

18 Бирок анын соодасы жана кирешеси Теңирге арналат, аларды кампаларга жыйнашпайт, сакташпайт. Анын соодадан түшкөн кирешеси Теңирдин алдында жашагандарга өтөт, ошондо алар тоё жешет, жакшы кийим кийишет.

24-БӨЛҮМ

Теңирдин жерди жазалары жөнүндө

1 Мына, Теңир жерди ээн калтырып, түшүмсүз кылып жатат. Анын көрүнүшүн өзгөртүп, тургундарын туш-тушка чачыратып жатат.

2 Элге эмне болсо, ыйык кызмат кылуучуга да ошол болот; кулга эмне болсо, кожоюнга да ошол болот; күңгө эмне болсо, кожоюндун аялына да ошол болот; сатып алуучуга эмне болсо, сатуучуга да ошол болот; карыздарга эмне болсо, карыз берүүчүгө да ошол болот; үстөккө берүүчүгө эмне болсо, үстөккө алуучуга да ошол болот.

3 Жер ээн калды, таланып-тонолду, анткени бул сөздү Теңир айтты.

4 Жер кайгырды, анын ындыны өчтү. Аалам башын жерге салды, анын ындыны өчтү. Эл башчыларынын баштары шылкыйды.

5 Ошентип, жер үстүндө жашагандар жерди булгашты, анткени алар мыйзамдарды бузушту, буйруктарды өзгөртүштү, түбөлүктүү келишимди бузушту.

6 Ошон үчүн жерди каргыш жеп жатат, анын үстүндө жашагандар жазаланып жатышат. Ошон үчүн жерде жашагандар өрттөлдү, аз эле адам калды.

7 Шиңгилдин ширеси ыйлап жатат, жүзүмдүн сабагы ооруп жатат. Жүрөгү менен кубангандардын баары онтоп жатышат.

8 Дап каккандардын шаңдуу үнү басылды, көңүл ачкандардын үнү өчтү, гуслилердин үнү угулбай калды.

9 Эми шарап ичип ырдабай калышты, күчтүү ичимдик аны ичкендерге ачуу болуп калды.

10 Ээн калган шаар талкаланды, бардык үйлөр кулпуланган, кирүүгө мүмкүн эмес.

11 Көчөлөрдө шарапты эңсеп ыйлашат, бардык кубаныч кайгыга айланды, жер үстүндө бардык кубаныч жоголду.

12 Шаар кыйрады, дарбазалар талкаланды.

13 Ал эми жер ортосунда, элдер арасында зайтун дарагын күбүп алгандан кийин, жүзүмдү терип алгандан кийин, түшүмдү жыйнап алгандан кийин кандай болсо, ошондой болот.

14 Алар үнүн бийик чыгарып, Теңирдин улуулугуна кубанышат, деңизден катуу кыйкырышат.

15 Ошондуктан чыгышта Теңирди даңктагыла, деңиз аралдарында Ысрайылдын Кудайын, Теңирдин ысымын даңктагыла!

16 Биз жер шарынын учу-кыйырынан «Адил адамга даңк!» деген ырды угуп жатабыз. Ошондо мен мындай дедим: «Башыма мүшкүл түштү! Башыма мүшкүл түштү! Башыма кайгы келди! Жамандык кылгандар жамандык кылып жатышат, кыянаттык кылгандар кыянаттык менен кыянатчылык кылып жатышат.

17 Жер тургуну, сени коркунуч, ор, тор күтүп турат!

18 Ошондо коркунуч туудурган кыйкырыктан качкан адам орго түшөт, ордон чыккан адам торго түшөт, анткени асмандын терезеси ачылат, жердин негиздери солкулдайт».

19 Жер кыйрап жатат, жер талкаланып жатат, жер катуу титиреп жатат.

20 Жер мас кишидей ыргалып жатат, бешиктей термелип жатат, аны өзүнүн мыйзамсыздыгы кыйнап жатат. Ал кулайт, кайра турбайт.

21 Ошол күнү Теңир асмандагы асман кошуундарын, жердеги падышаларды жазалайт.

22 Алардын баары чогултулуп, туткундар катары орго салынып, зынданга камалышат, анан көп күн өткөндөн кийин жазага тартылышат.

23 Себайот Теңир Сион тоосуна жана Иерусалимге падыша болгондо, ай кызарат, күн уялат, Анын элинин аксакалдарынын алдында даңк болот.

25-БӨЛҮМ

Теңирди адилет соту үчүн даңктоо

1 Теңир! Сен менин Кудайымсың. Сени даңазалайм, Сенин ысымыңды мактайм, анткени Сен укмуштарды жараттың, байыркы убакта алдын ала белгилеп койгондоруң чындык, оомийин!

2 Сен шаарды таштын үймөгүнө, чепти урандыга айланттың: шаарда бөтөн уруулардын үйлөрү калган жок, ал эч качан калыбына келтирилбейт.

3 Ошондуктан Сени күчтүү элдер даңазалашат, коркунучтуу уруулардын шаарлары Сенден корко турган болушат.

4 Анткени Сен жардыга тирек болдуң, жакырга башына кыйынчылык түшкөн күндөрдө таяныч болдуң, бороондо баш паана болдуң, аптапта көлөкө болдуң. Анткени канкор эзүүчүлөрдүн каардуу деми дубалдарга каршы соккон бороондой.

5 Суусуз жердеги аптаптай, Сен душмандардын жаңжалын токтоттуң. Аптапты булуттун көлөкөсү баскандай, эзүүчүлөрдүн кубанычы басылат.

6 Ошондо Себайот Теңир бардык элге ушул тоонун үстүндө дасторкон жайып, тамактын майлуусун, шараптын тазасын, жиликтин чучугун, шараптын эң тазасын коёт.

7 Бардык элдерди жаап турган жабууну, бардык уруулардын үстүндөгү жабууну ушул тоонун үстүндө жок кылат.

8 Теңир өлүмдү түбөлүккө жок кылат, Кудай-Теңир бардык адамдардын жүзүндөгү көз жашты аарчыйт, бүт жер жүзүндөгү Өз элинин маскарачылыгын алып салат, анткени Теңир ушинтип айтып жатат.

9 Ошол күнү: «Мына, бул – биздин Кудай! Биз Ага таянганбыз, ошондуктан Ал бизди куткарды! Бул – Теңир, биз Андан үмүт кылганбыз. Анын куткарганына кубаналы, шаттаналы!» – деп айтышат.

10 Анткени Теңирдин колу ушул тоодо турат, саман кыктын үстүндө тебеленгендей, Маап өз ордунда тебеленет.

Мааптын жазаланары жөнүндө

11 Суучул сүзүш үчүн колун сунгандай, ал өзүнүн колдорун анын ортосуна сунса да, Кудай анын текебердигин колдорунун анткорлугу менен кошо басат.

12 Сенин сепилиңдин бийик дубалдарын талкалап, жерге кулатып, топуракка айландырат.

26-БӨЛҮМ

Теңир – Ысрайылдын Куткаруучусу

1 Ошол күнү Жүйүт жеринде мына бул ырды ырдашат: «Биздин шаар бекем, дубал менен тосмо ордуна Теңир куткаруу берди.

2 Дарбазаны ачкыла, чындыкты сактаган адил эл кирсин.

3 Руху бекем адамды Сен жеткилең тынчтыкта сактайсың, анткени ал Сенден үмүттөнөт.

4 Түбөлүккө Теңирден үмүттөнгүлө, анткени Кудай-Теңир – түбөлүк таяныч.

5 Ал бийиктикте жашагандарды басынтты, бийиктикте турган шаарды кулатты. Аны жерге кулатып, топуракка айлантты.

6 Аны бут тебелейт, аны жакырлардын буту, кедей-кембагалдардын таманы тебелейт.

7 Адил адамдын жолу түз. Сен адил адамдын жолун түздөйсүң.

8 Теңир, Сенин сотторуңдун жолунда биз Сенден үмүттөнгөнбүз! Биздин жаныбыз Сенин ысымыңа, Сени эскерүүгө умтулган.

9 Менин жаным Сага түн ичинде умтулду, Сени рухум менен таң заардан издейм, анткени жер үстүндө Сенин сотуң жүрүп жатканда, жер жүзүндө жашагандар акыйкаттыкка үйрөнүшөт.

10 Мыйзамсызга ырайым кылынса, анда ал чындыкка үйрөнбөстөн, адил адамдардын жеринде жамандык кыла берет жана Кудайдын улуулугун көрбөйт.

11 Теңир! Сенин колуң бийик көтөрүлгөн, бирок алар көргөн жок. Сенин элиңди жек көргөндөр аны көрүп уялышат. Сенин душмандарыңды от жалмайт.

12 Теңир! Сен бизге тынчтык тартуулап жатасың, анткени Сен биздин бардык иштерибизди да биз үчүн аткарып жатасың.

13 Кудай-Теңирибиз! Сенден башка өкүмдарлар бизге үстөмдүк кылышчу, бирок биз Сенин ысымыңды Сен аркылуу гана даңктайбыз.

14 Өлгөндөр тирилишпейт, өлүктөр турушпайт, анткени аларды Сен жазалап, алардын атын биротоло өчүрдүң.

15 Элди көбөйттүң, Теңир, элди көбөйтүп, Өзүңдү даңктадың, даңкыңды жер жүзүнө тараттың.

16 Теңир! Башына күн түшкөндө, ал Сени издеген, ага Сенин жазаң жеткенде, шыбырап жалынган.

17 Кош бойлуу аял толгоо тартканда, кандай кыйналып кыйкырса, Теңир, Сенин алдыңда биз да ошондой кыйналдык.

18 Кош бойлуу болгонбуз, кыйналганбыз, шамал төрөгөндөй болгонбуз, жерге куткарууну жеткирген жокпуз, дүйнөгө жердин жаңы тургундары келген жок.

19 Сенин өлгөндөрүң тирилишет, өлүү денелер кайра турушат! Топуракта жаткандар, ойгонгула да кубангыла! Анткени Сенин шүүдүрүмүң – өсүмдүк шүүдүрүмү. Жер өлгөндөрдү бүркөт».

Бутпарастардын жазаланары жана Ысрайылдын калыбына келтирилери жөнүндө

20 Бар, элим, үйүңө кир, эшигиңди жап, каар өтүп кеткенче, көз ирмемге жашына тур.

21 Анткени мына, Теңир Өз турагынан жердин жашоочуларын мыйзамсыздыгы үчүн жазалаганы чыгып келе жатат, ошондо жер өзү жуткан канды кайра алып чыгат, ошондон кийин өзүнүн өлтүрүлгөндөрүн жашырбайт.

27-БӨЛҮМ

1 Ошол күнү Теңир өзүнүн оор, чоң, бекем кылычы менен түз чуркаган жылан лебийатанды, сойлогон жылан лебийатанды жазалайт, деңизде жашаган коркунучтуу жаныбарды өлтүрөт.

2 Ошол күнү ал тууралуу – сүйүктүү жүзүмзар тууралуу ырдагыла:

3 «Мен, Теңир, анын сактоочусумун, аны көз ирмем сайын сугарып турам, бирөө кирип кетпесин деп, аны күндүр-түндүр кайтарам.

4 Мен каарданган жокмун. Бирок кимдир бирөө анын ичине Мага каршы отоо чөп жана тикенек коё турган болсо, Мен ага каршы согуш ачып, аны өрттөп жок кылам.

5 Эгерде ал Менден жардам сурап кайрылса, Мени менен тынчтык келишимин түзгүсү келсе, анда Мени менен тынчтык келишимин түзсүн.

6 Келечекте Жакып тамыр жаят, Ысрайыл бутак чыгарып гүлдөйт. Ошондо бүт жер жүзү жемишке толот».

7 Теңир аны ургандарды кандай урса, аны да ошондой урду беле? Аны өлтүргөндөр кандай өлтүрүлсө, аны да ошондой өлтүрдү беле?

8 Сен аны четке кагып, күнөөсүнө жараша жазаладың. Чыгыштын шамалы соккон күндөгүдөй, Сен аны Өзүңдүн күчтүү демиң менен ыргыттың.

9 Ошондуктан ушул аркылуу Жакыптын мыйзамсыздыгы кечирилет. Анын күнөөдөн тазалангандыгынын жемиши болуп, курмандык чалынуучу жайдын бүт таштарын майдаланган акиташтай кылгандыгы эсептелет. Ошондон кийин Ашейра жана күндүн буркандары турбайт.

10 Анткени бекемделген шаар ээн калат, турак жайларды таштап кетишет, кароосуз калтырышат, алар чөлгө окшоп ээн калат. Ал жерге музоо жайылат, ал ошол жерге жатып алып, анын бутактарын кемирет.

11 Анын бутактары куурап калганда, аларды сындырып салышат. Аялдар келип, аларды өрттөп жиберишет. Бул эл акылсыз болгондуктан, Жаратканы аны аябайт, Жасаганы ага ырайым кылбайт.

12 Бирок ошол күнү Теңир улуу дарыядан Мисир сууларына чейин – бардыгын титиретет. Ошондо силер, Ысрайыл уулдары, баарыңар чогултуласыңар.

13 Ошол күнү мындай болот: улуу сурнай тартылат, ошондо Ашур жеринде адашып жүргөндөр жана Мисир жерине куугунтукталып кеткендер келип, Иерусалимдеги ыйык тоодо Теңирге таазим кылышат.

28-БӨЛҮМ

Эпрайымдын тагдыры – Түндүк падышачылыгына берилген эскертүү

1 Эпрайымдыктардын сыймыгы болгон таажыга, семиз өрөөндүн бийик жеринде жашаган шарапка жеңилгендердин кооз жасалгаларынын соолуган гүлүнө кайгы!

2 Мына, Теңирдин күчтүүсү жана кубаттуусу мөндүрлүү нөшөрдөй, кыйратуучу бороондой, каптап кетүүчү суулардын кирип келген ташкынындай, аны күч менен жерге кулатат.

3 Мас эпрайымдыктардын сыймыгы болгон таажысы тепсендиде калат.

4 Семиз өрөөндүн бийик жериндеги анын кооз жасалгаларынын соолуган гүлү мөөнөтүнөн эрте бышкан анжырдай болот. Аны бирөө көрөрү менен үзүп алып, жутуп салат.

5 Ошол күнү Себайот Теңир Өз элинин калдыгына даңктын таажысы жана кооз гүлчамбар болот.

6 Сотто отурганга адилет руху болот, душмандын соккусун дарбазага чейин кайтарганга күч болот.

7 Бирок булар да шарап ичип теңселип жатышат, күчтүү ичимдик ичип, жолдон адашып жатышат. Ыйык кызмат кылуучу да, пайгамбар да күчтүү ичимдик ичип мүдүрүлүп жатышат, шарапка алдырып, күчтүү ичимдик ичип акылдан адашышты, көргөн көрүнүштөрү жөнүндө жаңылыш айтып жатышат, сотто чалынып жатышат.

8 Анткени бардык үстөлдөр жийиркеничтүү кусундуга толгон, таза жери жок.

9 Бирок алар: «Ал кимге билим үйрөткүсү бар? Кимге пайгамбарчылык менен акыл-насаат айткысы бар? Эмчек сүтүнөн ажыратылган, энесинин эмчегинен чыгарылган наристелергеби?

10 Анткени осуяттын үстүнө осуят, осуяттын үстүнө осуят, эреже үстүнө эреже, эреже үстүнө эреже, бул жерден бир аз, ал жерден бир аз», – деп жатышат.

11 Ошон үчүн бул элге түшүнүксүз сөздөр менен жана бөтөн тилде сүйлөшөт.

12 Аларга: «Мына, тынчтык, чарчаганга тынчтык бергиле, мына, тынчтануу», – деп айтышкан. Бирок алар уккусу келген жок.

13 Ошентип, алар үчүн Теңирдин сөзү осуяттын үстүнө осуят, осуяттын үстүнө осуят, эреженин үстүнө эреже, эреженин үстүнө эреже, бул жерден бир аз, ал жерден бир аз болуп калды. Ошондуктан алар басып бара жатып чалкасынан кулап кыйрашат, торго түшүп кармалышат.

Сиондун бурчка коюлуучу ташы

14 Ошондуктан Иерусалимдеги акаратчылар, бул элдин башчылары, Теңирдин сөзүн уккула.

15 Силер: «Биз өлүм менен келишим түздүк, өлгөндөр жаткан жай менен макулдаштык: бардыгын кыйратуучу камчы өтүп бара жатканда, бизге жетпейт, анткени биз жалганды өзүбүзгө баш паана кылып алдык, алдамчылыкка жашынып алдык», – дегениңер үчүн,

16 Теңир мындай дейт: «Мына, Мен негиз кылып Сионго таш коём, ал таш – сыналган, бурчка коюлуучу, кымбат баалуу, бекем орнотулган таш: ага ишенген адам уятка калбайт.

17 Сотту өлчөгүч кылып коём, адилеттикти тараза кылып коём. Жалгандын баш паанасын мөндүр талкалайт, жашынган жайын суу басып калат».

18 Ошондо өлүм менен түзгөн келишимиңер бузулат, өлгөндөр жаткан жай менен түзгөн келишимиңер ишке ашпайт. Баарын кыйратуучу камчы өтүп бара жатканда, силер тебеленип каласыңар.

19 Ал өткөн сайын силерге жетет, ал ар бир таңда, күн да, түн да араңардан өтөт, ал тууралуу айтылган бир эле кабар силердин үрөйүңөрдү учурат.

20 Бутуңарды сунайын десеңер, төшөгүңөр өтө кыска болот, оронуп жатайын десеңер, жуурканыңар өтө кичинекей болот.

21 Анткени Теңир Ператсим тоосуна чыккандай чыгып келет, Гибон өрөөнүндө каардангандай каарданат, Өзүнүн ишин, таң каларлык ишин жасайт, Өзүнүн аракетин, укмуштуу аракетин жүзөгө ашырат.

22 Кишениңер катуу болуп калбаш үчүн акарат кылбагыла, анткени мен Себайот Кудай-Теңирден бүт жер жүзүн кырууну чечип койгонун уктум.

Кудайдын акылмандыгы

23 Кулагыңарды түрүп, менин үнүмдү уккула. Кунт коюп, менин сөздөрүмө кулак салгыла.

24 Жер айдоочу дайыма эле өз жерин айдап, бороз салып, мала тартабы?

25 Жок. Жердин үстүн тегиздегенден кийин, ал жапайы буурчак себет же зире чачат, буудайды катар-катар кылып, арпаны белгиленген жерге айдайт, анын жанына кайрак буудай себет.

26 Аны ушундай тартипке Кудай үйрөтүп жатат, ага Кудай акыл-насаат айтып жатат.

27 Анткени жапайы буурчакты тиштүү моло таш менен бастырбайт, зирени дөңгөлөк менен тебелетпейт, бирок жапайы буурчакты таяк менен күбүйт, зирени да таяк менен күбүйт.

28 Эгинди бастырат, бирок жанчпайт. Аны атка чегилген дөңгөлөктүү моло таш менен тебелетет, бирок аны майдалабайт.

29 Бул да Себайот Теңирден: Анын чечимдери укмуш, Анын акылмандыгы зор!

29-БӨЛҮМ

Иерусалимдин тагдыры

1 Дөөт жашаган шаар Ариелге, Ариелге кайгы! Жылга жылды кошкула, курмандыктарды мууздай беришсин.

2 Бирок мен Ариелди кысымга алам, ошондо ый менен кайгы болот. Ал Менин Ариелим боюнча калат.

3 Мен сенин тегерегиңе кошуундарым менен жайланышып, сени байкоочу күзөтчүлөрүм менен кысымга алам, сага каршы чептерди тургузам.

4 Ошондо кемсинтилесиң, жерден сүйлөйсүң, топурактын астынан үнүң ачык угулбайт, үнүң күңкүлдөп сүйлөгөн кишинин үнүнө окшоп калат, топурактын астынан үнүң шыбырап чыгат.

5 Көп душманың майда топурактай болот, катаал аскерлериң туш-тушка учкан топондой болот. Бул күтүлбөгөн жерден, бир көз ирмемде болот.

6 Себайот Теңир сени чагылган менен, жер титирөө менен, катуу үн менен, бороон менен, куюн менен, баарын жалмаган оттун жалыны менен жазалайт.

7 Ариелге каршы согушкан көп элдер, ага каршы чыккандар, ага каршы тургузулган чептер, аны кысымга алгандар түштөй, түн ичинде көргөн көрүнүштөй болот.

8 Ачка киши түшүндө тамак жегендей болот, бирок ойгонсо, ачка. Суусаган киши түшүндө суу ичкендей болот, бирок ойгонсо, кыйналып жатат, суусап жатат. Сион тоосуна каршы согушкан сансыз эл так ошондой болот.

Жалган ишеним жөнүндө

9 Таң калгыла, айран-таң калгыла. Алар башкаларды сокур кылып, өздөрү да сокур болуп калышты. Алар мас, бирок шараптан эмес. Теңселип жатышат, бирок күчтүү ичимдиктен эмес.

10 Анткени Теңир силерге уктатуучу рухту жиберип, көзүңөрдү жумдурду, ал эми пайгамбарларыңардын, жол башчыларыңардын жана көрөгөчтөрүңөрдүн көзүн жапты.

11 Бардык пайгамбарчылыктар силер үчүн мөөр басылган китептеги сөздөрдөй, ал китепти окуганды билген кишиге берип: «Муну оку», – дешет, ал: «Окуй албайм, анткени ага мөөр басылган», – деп жооп берет.

12 Анан ал китепти окуганды билбеген кишиге берип: «Муну оку», – дешет, ал: «Мен окуганды билбейм», – деп жооп берет.

13 Ошондо Теңир мындай деди: «Бул эл Мага оозу менен жакындайт, Мени тили менен урматтайт, бирок жүрөгү Менден алыс. Үйрөнүп алган адамдык эрежелерин алар Менден коркуу деп эсептешет.

14 Ошондуктан Мен бул элди кайрадан укмуштуу бир керемет менен таң калтырам, ошондо анын даанышмандарынын даанышмандыгы жоголот, акылмандары акылынан ажырайт».

15 Теңирден өз оюн жашырыш үчүн, тереңдикке бекингиси келгендерге кайгы! Алар өз иштерин караңгылыкта кылып: «Бизди ким көрмөк эле? Бизди ким билмек эле?» – дешет.

16 Кандай акылсыздык! Карапачыны чопо деп эсептөөгө болобу? Буюм өзүн жасаган адам жөнүндө: «Мени ал жасаган эмес», – деп айтабы? Чыгарма өзүнүн сүрөтчүсү жөнүндө: «Ал түшүнбөйт», – деп айтабы?

Жакыптын өзгөрөрү жөнүндө

17 Бир аздан кийин, абдан аз убакыттан кийин Лебанон бакка айланат, ал эми бак токой деп эсептелет.

18 Ошол күнү дүлөйлөр китептин сөздөрүн угушат, караңгылык менен туманда сокурлардын көздөрү көрөт.

19 Азап чеккендер Теңир тууралуу абдан кубанышат, жакыр адамдар Ысрайылдын Ыйыгы тууралуу сүйүнүшөт.

20 Анткени мындан ары таарынтуучу болбойт, акаратчы жоголот, ошондой эле жалганды жактоочулардын бардыгы кырылышат.

21 Алар адамды сөздөрүнөн кармап, дарбазанын алдында адилеттикти талап кылгандарга тор жайышат, адилеттүүнү четке кагышат.

22 Ошондуктан Ыбрайымды күнөөдөн куткарып алган Теңир Жакып тууралуу мындай дейт: «Ошондо Жакып уятка калбайт, ошондон кийин анын жүзү кубарбайт.

23 Анткени ал өзүнүн жеринде Менин колдорум жараткан балдарын көргөндө, Менин ысымымды ыйык тутушат, Жакыптын Ыйыгын ыйык тутушат, Ысрайыл Кудайынын алдында коркуп турушат.

24 Ошондо руху менен адашкандар акылмандыкты таанып билишет, баш ийбегендер баш ийгенди үйрөнүшөт».

30-БӨЛҮМ

Мисир менен келишим түзбөө жөнүндө берилген эскертүү

1 «Баш ийбеген уулдарга кайгы! – дейт Теңир, – алар Менсиз кеңеш өткөрүшөт, Менин Рухума жакпаган келишимдерди түзүшөт. Алар күнөөнүн үстүнө күнөө кошуп жатышат.

2 Өздөрүн фараондун күчү менен бекемдеш үчүн, Мисирдин көлөкөсүнө калкаланыш үчүн, Менден сурабастан, Мисирге бара жатышат.

3 Бирок силер фараондун күчүнө таянгандыгыңар үчүн маскара болосуңар, Мисирдин көлөкөсүн баш паана кылгандыгыңар үчүн шылдыңга каласыңар.

4 Анткени Иерусалим төрөлөрү Соанга кетип калышты, анын элчилери Ханеске чейин жетишти.

5 Алардын баары өздөрүнө пайдасы тийбеген элге таянышканы үчүн уят болушат, уят менен маскарачылыктан башка ал элден жардам да, пайда да жок.

6 Түштүккө бара жаткан жаныбарларга артылган жүк ургаачы арстандар, эркек арстандар, уулуу жыландар, учуучу жыландар чыккан эзүүчүлөр менен кысымга алуучулардын жерине бара жатат. Алар өздөрүнө пайда келтирбей турган элге эшектердин кыр аркасына байлык, төөлөрдүн өркөчүнө асыл буюм жүктөп бара жатышат.

7 Анткени Мисирдин жардамы – пайдасыз, куру жардам. Ошондуктан Мен аларга: “Алардын күчү тынч отурууда”, – деп айткам.

Козголоңчул Жүйүт жөнүндө

8 Эми бар, бул сөздү алардын тактайына жазып кой, бул сөздү китепке жазып кой, ал сөз акыркы күнгө чейин, түбөлүккө калсын».

9 Анткени бул эл – моюн сунбас эл, балдары – калпычы, Теңирдин мыйзамын уккусу келбеген балдар.

10 Алар көрөгөчтөргө: «Алдын ала көргөнүңөрдү токтоткула», пайгамбарларга: «Бизге чындыкты айтпагыла, бизге жакканды айткыла, жагымдуу нерселерди алдын ала айткыла.

11 Жолубузга турбагыла, жолдон четтегиле, Ысрайылдын Ыйыгын биздин көзүбүздөн жоготкула», – дешет.

12 Ошондуктан Ысрайылдын Ыйыгы мындай дейт: «Силер бул сөздү четке кагып, алдамчылыкка ишенип, жалганга таянганыңар үчүн,

13 бул мыйзамсыздык силер үчүн кулоо коркунучу алдында турган бийик дубалдагы аңырайып ачылып турган жаракадай болот. Ал дубалдын кыйрашы күтүлбөгөн жерден, көз ирмемде болот».

14 Чопо идишти бырын-чырынын чыгарып талкалагандай, Теңир аны аёосуз талкалайт, анын сыныктарынан очоктон чок алганга же кудуктан суу сузуп алганга сынык да табылбай калат.

15 Анткени Ысрайылдын Ыйыгы, Кудай-Теңир, мындай дейт: «Өз ордуңарда калсаңар жана тынчсызданбасаңар, куткарылмаксыңар. Силердин күчүңөр тынчтыкта жана таянууда». Бирок силер каалаган жоксуңар:

16 «Жок, биз атка минип качып кетебиз», – дедиңер, ошон үчүн качасыңар. «Биз күлүк аттарга минип чаап кетебиз», – дедиңер, ошон үчүн силердин артыңардан куугандар да күлүк болушат.

17 Бир адам коркутса, миңиңер качасыңар; беш адам коркутса, качканыңардан калганы бийик тоонун башындагы каскактай, дөбөдөгү туудай болот.

18 Ошон үчүн Теңир силерге ырайым кылуусун создуктуруп жатат, силерге боорукердик көрсөтүүсүн токтотуп жатат, анткени Теңир – акыйкат Кудай. Аны күткөндөрдүн баары бактылуу!

Кудайдын Өз элине батасын берери жөнүндө

19 Эл Сион тоосунда, Иерусалимде жашайт, сен көп ыйлабайсың, Ал сенин ыйыңдын үнүн угуп, сага ырайым кылат, Ал сага үнүңдү угары менен жооп берет.

20 Теңир силерге кайгырганыңарда нан, муктаж болгонуңарда суу берет. Устаттарыңар жашынбай калат, устаттарыңды көрүп турасың.

21 Эгерде оңго же солго бурулуп кетсеңер, кулагың артыңдан «Жол мына, ушул жол менен жүргүлө» деген сөздү угат.

22 Ошондо күмүш менен капталган жасалма кудайларыңды жана алтын менен капталган буркандарыңды жийиркеничтүү деп эсептейсиң. Сен аларды таза эмес нерсе катары ыргытасың, аларга: «Жогол бул жерден», – деп айтасың.

23 Ошондо Ал сенин талаага сепкен үрөнүңө жамгыр берет, наның, жериңдин түшүмү мол жана ширелүү болот. Ошол күнү малың кенен жайыттарга жайылат.

24 Жер айдаган өгүздөрүң да, эшектериң да күрөк менен, сапыргыч менен тазаланган туздуу тоют жейт.

25 Чоң кыйроо болгон күнү, мунаралар кулаганда, ар бир бийик тоодо, ар бир бийик дөңсөөдө агын суулар, өзөндөр агат.

26 Теңир Өз элинин жараатын таңган күнү, дартын айыктырган күнү ай жарыгы күн жарыгындай болот, ал эми күн жарыгы жети эсе жарык болот, жети күндүн жарыгындай болот.

Ысрайылдын душмандарынын жазаланары жөнүндө

27 Мына, Кудайдын ысымы алыстан келе жатат, Анын каары жалындап жатат, анын жалыны күчтүү, Анын оозу жаалга толгон, Анын тили бардыгын жалмап салуучу оттой.

28 Анын деми ташыган суудай, ал моюнга чейин көтөрүлүп, элдерди алсырата сапырган ташкын суудай. Ошондо элдердин ооздорунда адашууга багыттаган ооздук болот.

29 Ал эми силер ыйык майрамдын түнүндөгүдөй ырдайсыңар, жүрөгүңөр Теңирдин тоосуна, Ысрайылдын аскасына чоор менен чыгып бара жаткан адамдын жүрөгүндөй кубанат.

30 Ошондо Теңир Өзүнүн улуу үнү менен күркүрөйт, Өзүнүн жазалоочу булчуңунун күчүн катуу каары, баарын жалмаган оттун жалыны, бороон, ташкын, таш мөндүр аркылуу көрсөтөт.

31 Анткени Теңирдин үнүнөн таяк менен талкаланган Ашур титирейт.

32 Ал үчүн белгиленген, Теңирдин ага каршы жиберген таягынын ар бир кыймылы даптын жана лиранын коштоосунда болот. Ал ага каршы бардыгын кыйратуучу согуш менен барат.

33 Анткени Топет мурун эле курулган. Ал падыша үчүн да терең, кенен даярдалган. Очогунда оту да, отуну да мол. Теңирдин деми аны күкүрттүн агымындай күйгүзүп кетет.

31-БӨЛҮМ

Кудайдын Иерусалимди коргору жөнүндө

1 Мисирликтердин аттарынын көптүгүнө үмүт кылып, майдан арабаларынын көптүгүнө таянып, атчандарынын күчүнө ишенип, Мисирге жардам сурап бара жаткандарга кайгы! Алар Ысрайылдын Ыйыгына үмүттөнүшкөн жок, Теңирге жардам сурап кайрылышкан жок!

2 Бирок Теңир акылман, мүшкүл салат, Өзүнүн сөзүн ишке ашырбай койбойт. Мыйзамсыздардын үйүнө, мыйзамсыз иштерди кылгандардын жардамына каршы чыгат.

3 Мисирликтер – Кудай эмес, адамдар. Аттары – рух эмес, эт. Теңир колун сунганда, коргоочу мүдүрүлөт, коргонуучу кулайт, баары бирге өлүшөт.

4 Анткени мага Теңир мындай деп айтты: «Өзүнүн олжосунун үстүндө ырылдаган арстан, жаш арстан, өзүнө каршы көптөгөн койчулар кыйкырса да, алардын кыйкырыгынан солк этпейт, алар көп болсо да, өзүнүн олжосун бербейт. Ошол сыңары, Себайот Теңир да Сион тоосу үчүн, анын адырлары үчүн салгылашканы түшүп келет».

5 Канаттуулар балапанын коргогондой, Себайот Теңир Иерусалимди коргойт. Теңир аны коргойт, куткарат, аяйт, сактап калат.

6 Ысрайыл уулдары, Кимдин алдында ушунчалык көп күнөөгө батсаңар, Ошонун Өзүнө кайрылгыла!

7 Ошол күнү ар бир адам өзүнүн күмүш кудайларын, алтын кудайларын ыргытат. Аларды өз колуңар менен жасап, күнөөгө баткансыңар.

8 «Ашур адамдын кылычынан өлбөйт, аны адамдын кылычы кырбайт, ал кылычтан качып кутулат, анын уландары салык ордуна кетет.

9 Коркконунан өз сепилинин жанынан өтө качат. Туудан анын төрөлөрүнүн үрөйү учат», – дейт оту Сиондо, очогу Иерусалимде болгон Теңир.

32-БӨЛҮМ

Акыйкат бийлик жүргүзгөн падыша

1 Мына, Падыша акыйкаттык менен падышачылык кылат, төрөлөр мыйзам боюнча башкарышат.

2 Алардын ар бири шамалдан коргоочу коргонучтай, жаан-чачындан калкалоочу калканычтай, чөлдөгү суу булагындай, какшыган жердеги бийик асканын көлөкөсүндөй болот.

3 Көрүп тургандардын көздөрү жумулбайт, угуп тургандардын кулактары угат.

4 Жеңил ойлуулардын жүрөгү ой жүгүртө ала тургандай болот, кекечтер таптак сүйлөшөт.

5 Акылсыздарды урматтуу деп атабай калышат, кара ниет адамды чынчыл деп айтпай калышат.

6 Анткени акылсыз акылсыздыкты сүйлөйт, анын жүрөгү мыйзамсыздык жөнүндө ойлойт, эки жүздүүлүк менен иш кылат, Теңирге акарат келтирет, ачканы нанынан ажыратат, суусагандын суусун тартып алат.

7 Кара ниет адамдын иштери да – өлүмгө алып баруучу иштер: ал кедейдики туура болгонуна карабастан, аны жалган сөздөр менен өлтүрүүнүн жолун ойлойт.

8 Ал эми чынчыл адам чындык жөнүндө ойлойт жана чындыкта бекем турат.

Эскертүү жана убада

9 Камырабаган аялдар! Тургула, менин үнүмдү уккула! Бейкам жаткан кыздар! Менин сөздөрүмө кулак түргүлө!

10 «Бир жыл, бир нече күн өткөндөн кийин үрөйүңөр учат, камырабагандар, анткени жүзүм жыйноо болбойт, түшүм жыйноо мезгили келбейт.

11 Титирегиле, камырабагандар! Корккула, бейкам жаткандар! Кийимиңерди чечкиле, зумбал кийгиле, белиңерди буугула!

12 Сонун талаалар жөнүндө, мөмөлүү жүзүм сабагы жөнүндө кайгырып, көкүрөгүңөрдү койгулайсыңар.

13 Кубанычка баткан шаардагы көңүл ачуучу бардык үйлөрдү тикенек, отоо чөп баскандай, Менин элимдин жерин да тикенек, отоо чөп басат».

14 Анткени ак сарайларды таштап кетишет, шаңдуу шаар ээн калат. Чеп менен мунара түбөлүккө үңкүр ордуна кызмат кылат, жапайы эшектер менен жайылып жүргөн малга баш паана болот.

15 Бизге жогорудан Рух төгүлгөнгө чейин, чөл бакка айланганга чейин, бакты токой деп эсептешкенге чейин ошондой болот.

16 Ошондо бул чөлгө акыйкаттык орнойт, берекелүү, түшүмдүү жерде адилеттик өкүм сүрөт.

17 Акыйкаттыктын иши тынчтык болот, адилеттиктин жемиши бейпилдик жана түбөлүк коопсуздук болот.

18 Ошондо менин элим бейпил жерде, коопсуз айыл-кыштактарда, тынч турак жайларда жашайт.

19 Токойго мөндүр жаайт, шаар өрөөнгө түшөт.

20 Суулардын жээгине эгин эккендер, ал жерге өгүзү менен эшегин жибергендер, силер бактылуусуңар.

33-БӨЛҮМ

Жардам сурап сыйынуу жөнүндө

1 Кыйратылбаган кыйратуучу, таланбаган талоончу, кайгы сага! Сен кыйратып бүткөндөн кийин, өзүң да кыйратыласың. Сен талап-тоноочулугуңду токтоткондон кийин, сени да талап-тоношот.

2 Теңир! Бизге ырайым кыл, биз Сенден үмүттөнөбүз. Таң сүргөндөн тартып биздин каруу-булчуңубуз боло көр, кыйын-кыстоо күндөрдө биздин куткаруучубуз боло көр!

3 Сенин коркунучтуу добушуңдан элдер качышат, Сенин улуулугуңдан уруулар чачырайт.

4 Силердин олжоңорду кырк аяк жыйнагандай жыйнашат, олжоңорго чегиртке тийгендей тийишет.

5 Жогоруда жашаган Теңир улуу. Ал Сионду адилеттикке жана акыйкаттыкка толтурат.

6 Ошондо сенин коопсуз күндөрүң келет, куткарылуу, акылмандык жана билим мол болот. Кудайдан коркуу сенин байлыгың болот.

7 Мына, алардын күчтүүлөрү көчөлөрдө кыйкырып жатышат. Тынчтыктын элчилери катуу ыйлап жатышат.

8 Жолдор ээн калды. Саякаттап жүргөндөр жок. Ал келишимди бузду, шаарларды кыйратты, адамдарды барк албай калды.

9 Жер кайгырып, кургап жатат. Лебанон маскара болуп, соолуп калды. Шарон чөлгө окшоп калды, Башан менен Кармел жалбырактары түшүп, жылаңач калды.

Кудайдын соту жөнүндө

10 «Азыр мен турам, – дейт Теңир, – азыр өйдө турам, азыр көтөрүлөм.

11 Силердин боюңарда чөп бар, саман төрөйсүңөр. Демиңер – от, ал өзүңөрдү жалмайт.

12 Элдер күйүп жаткан акиташтай болушат, кыйылган тикенектей болуп отко өрттөлүшөт.

13 Алыстагылар, Менин эмне кыларымды уккула, жакындагылар, силер да Менин кудуретимди таанып билгиле».

14 Сиондогу күнөөкөрлөрдүн жүрөктөрү түшүп калды. Кудайсыздарды калтырак басты: «Биздин арабыздан ким жалмаган от ичинде жашай алат? Биздин арабыздан ким түбөлүктүү жалындын ичинде жашай алат?»

15 Чындыктын жолунда жүргөн, чындыкты сүйлөгөн адам жашай алат. Талап-тоноодон тапкан пайданы жек көргөн, парадан колун тарткан, кан төгүүнү уккусу келбей кулагын жапкан, кыянаттыкты көргүсү келбей көзүн жумган адам жашай алат.

16 Ал бийиктиктерде жашайт. Анын баш паанасы – адам бара алгыс аска, ага нан берилет, суусу түгөнбөйт.

Жаркын келечек

17 Сенин көзүң Падышаны бүт сулуулугу менен көрөт, алыскы жерди көрөт.

18 Жүрөгүңдө коркунучтар тууралуу эскерүүлөр гана калат: «Каттоо жүргүзүүчү кайда? Салыкты таразага тартуучу кайда? Мунараны карап чыгуучу кайда?»

19 Мындан ары каардуу элди, так эмес, ачык эмес, таң каларлык, түшүнүксүз тилде сүйлөгөн элди көрбөйсүң.

20 Биздин майрамдык чогулуштар өткөн Сион шаарыбызга көз чаптыр. Сенин көздөрүң бекем жыйын чатырын, бейпил турак болгон Иерусалимди көрөт. Анын мамылары эч качан жулунбайт, анын бир да арканы үзүлбөйт.

21 Ал жерде биздин улуу Теңир дарыялардын ордуна, жазы каналдардын ордуна болот. Ал жерге бир да калактуу кайык кирбейт, чоң кеме өтпөйт.

22 Анткени Теңир биздин сотубуз, Теңир биздин мыйзам чыгаруучубуз, Теңир биздин падышабыз: Ал бизди куткарат.

23 Сенин аркандарың бошоп калды, мачталарды кармай албайт, парустарды тарта албайт. Ошондо чоң олжо бөлүнөт, аксактар да талап-тоногонго барышат.

24 Ошондо тургундардын бири да: «Мен ооруп жатам», – деп айтпайт. Ал жерде жашаган элдин күнөөсү кечирилет.

34-БӨЛҮМ

Элдердин жазаланары жөнүндө

1 Элдер, жакын келгиле, уруулар, уккула, кулак салгыла! Жер жана аны толтуруп тургандын бардыгы, аалам жана анда жаралгандардын баары уксун!

2 Анткени Теңирдин ачуусу бардык элдерге, Анын каары бүт жамаатка төгүлөт. Теңир аларды жок кылат, өлтүрөт.

3 Ошондо алардын өлтүрүлгөндөрү чачылып ташталат, алардын өлүктөрүнөн сасык жыт чыгат, алардын канынан тоолор эрийт.

4 Бардык асман кошуундары чирийт, асман түрмөк китептей түрүлөт, анын бүт кошуундары жүзүм сабагынын жалбырактары күбүлгөндөй, анжырдын куураган жалбырактары күбүлгөндөй күбүлүп түшөт.

5 «Анткени Менин кылычым асманда канга тойду. Мына, ал Эдомду жана Мен каргышка калтырган элди жазалаш үчүн түшүп келе жатат».

6 Теңирдин кылычы канга малынат, майга, козулар менен текелердин канына, койлордун бөйрөк майларына семирет, анткени Теңирдин курмандыгы Ботсрада, чоң мууздоо Эдом жеринде.

7 Алар менен кошо топоздор, өгүздөр менен кошо букачарлар өлөт, жер алардын канына тоёт, топурак алардын майына семирет.

8 Анткени бул – Теңирдин өч алуу күнү, Сион үчүн жазалай турган жыл.

9 Анын дарыялары чайырга айланат, топурагы күкүрткө айланат, ошентип, анын жери күйүп турган чайыр болот:

10 ал күндүз да, түн ичинде да өчпөйт. Анын түтүнү түбөлүккө көтөрүлүп турат. Ал жер укумдан-тукумга ээн калат. Ал жерден кылымдар бою эч ким өтпөйт.

11 Ал жерди биргазан менен кирпи ээлейт, ал жерге үкү менен кузгун уялайт, анын үстүнөн кыйратуучу аркан жана жок кылуучу салмоор тартышат.

12 Ал жерде анын атактууларынын ичинен падышачылыкка чакырганга эч ким калбайт, бүт төрөлөрү эч нерсеге арзыбай калышат.

13 Анын ак сарайларын тикендүү өсүмдүктөр, сепилдерин чалкан менен уйгак басат, ал жер чөөлөргө ийин, төө куштарга түнөк болот.

14 Чөл жырткычтары жапайы мышыктар менен жолугушат, текелер бири-бири менен үн алышып чакырышат. Ал жерде түнкү албарсты эс алат жана өзүнө тынчтык табат.

15 Ал жерге учуучу жылан уялап, жумуртка басып, балдарын чыгарат, аларды өзүнүн көлөкөсүнүн астына чогултат. Ал жерге жорулар да чогулушат.

16 Теңирдин китебинен издеп таап окугула. Алардын бири да болбой койбойт, бири экинчиси менен алмаштырылбайт, анткени Теңир Өз оозу менен буйрук кылган, аларды Анын Руху Өзү чогултат.

17 Аларга Теңир Өзү өкчөмө таш ыргыткан, аларга жерди Анын колу чен аркан менен бөлүп берген. Алар ал жерди түбөлүккө ээлешет, ал жерде укумдан-тукумга жашашат.

35-БӨЛҮМ

Кудайдын элинин сооронушу. Ысрайылдын чогулушу

1 Чөл менен какшыган жер кайрадан кубанат, эл жашабаган өлкө кайрадан сүйүнөт, нарцисс сыяктуу гүлдөйт.

2 Ал сонун болуп гүлдөп, кубанат, салтанат куруп кубанып турат. Ага Лебанондун атагы, Кармел менен Шарондун көркү берилет. Алар Теңирдин даңкын, биздин Кудайыбыздын улуулугун көрүшөт.

3 Алсыраган колуңарды чыңдагыла, титиреген тизеңерди бекемдегиле.

4 Коркокторго айткыла: «Бекем болгула, коркпогула. Мына, силердин Кудайыңар келет, Ал өч алыш үчүн келет, жазалоочу Кудай келип, силерди куткарат».

5 Ошондо сокурлардын көздөрү ачылат, дүлөйлөрдүн кулактары ачылат.

6 Ошондо аксак бугудай секирет, дудук ырдайт, анткени чөлдөн суулар, талаалардан өзөндөр атырылып чыгат.

7 Кургак жер көлгө айланат, суусуз жер суу булагына айланат, чөөлөр жашаган жер камыш, жылгын өскөн жерге айланат.

8 Ал жерде чоң жол болот, ал жол ыйык жол деп аталат. Ал жол менен таза эместер басышпайт, ал жол менен алар гана басышат. Ал жол менен бара жаткан адамдар, атүгүл, тажрыйбасыз адамдар да адашпайт.

9 Ал жерде арстан болбойт, ал жолго жырткыч айбан чыкпайт, аны ал жерден таппайсың, ал жол менен куткарылгандар гана жүрүшөт.

10 Теңир куткаргандар кайтып келишет, Сионго кубанычтуу кыйкырык менен келишет, алардын баштарын түбөлүктүү кубаныч курчайт, алар шаттык жана кубаныч табышат, кайгы менен үшкүрүк жок болот.

36-БӨЛҮМ

Санхейриптин кол салышы

1 Хиския падышанын падышачылыгынын он төртүнчү жылында Ашур падышасы Санхейрип Жүйүттүн чептүү шаарларынын баарына кол салып, аларды басып алды.

2 Ашур падышасы Иерусалимге, Хиския падышага Лакиштен Рапшакты көп аскер менен жөнөттү. Ал жуугучтун талаасына кеткен жолдогу жогорку көлмөнүн суу түтүгүнүн жанына келип токтоду.

3 Аны ак сарай башчысы Хилкиянын уулу Элийаким, катчы Шебна, тарыхчы Асап уулу Жаах тосуп чыкты.

4 Аларга Рапшак мындай деди: «Хискияга айткыла: Улуу падыша, Ашур падышасы, мындай дейт: Сен деги эмнеге таянып жатасың?

5 Мунун баары куру сөз деп ойлойм, согуш үчүн кеңеш жана күч керек. Сен кимге таянып жатасың? Менден эмнеге бөлүнүп чыктың?

6 Сен ушул сынган таякка – Мисирге таянам деп ойлойсуң. Ага ким таянса, ал анын колуна кирип, колун тешип кетет! Мисир падышасы фараонго таянгандарга мына ушундай болот.

7 Эгерде сен мага: “Биз Кудай-Теңирибизге таянабыз”, – десең, анда Кудайыңардын бийик жерлери менен курмандык чалынуучу жайларын Хиския алып таштап, Жүйүт менен Иерусалимге: “Мына ушул курмандык чалынуучу жайлардын алдында гана табынгыла”, – дебеди беле, ошол Кудайыңарга таянып жатасыңарбы?

8 Ошондуктан менин мырзам Ашур падышасы менен келишим түз. Мен сага эки миң ат берем, аларга мине турган кишилерди таба аласыңбы?

9 Майдан арабалары менен аттары үчүн Мисирге таянып, сен менин мырзамдын кичине кулдарынын бири болгон жол башчыны артка чегинүүгө кантип мажбур кыласың?

10 Мен бул жерди кыйратканы Кудайдын эркисиз келдим беле? Теңир мага: “Ушул өлкөг