ЖЕРЕМИЯ
1-БӨЛҮМ
Кириш сөз
1 Бенжемин жериндеги Анатотто жашаган ыйык кызмат кылуучулардын бири Хилкиянын уулу Жеремиянын сөздөрү.
2 Ага Жүйүт падышасы Амон уулу Жошиянын тушунда, анын падышачылыгынын он үчүнчү жылында Теңирден сөз болду.
3 Ага Жүйүт падышасы Жошия уулу Жайакимдин тушунда, Жүйүт падышасы Жошия уулу Ситкиянын падышачылыгынын он биринчи жылынын акырына чейин, Иерусалимдегилер туткундалып кеткенге чейинки бешинчи айда Теңирден дагы сөз болду.
Жеремиянын пайгамбарлыкка дайындалышы
4 Ошондо Теңирден мага мындай сөз болду:
5 «Мен сени энеңдин ичинде Өзүм жаратканга чейин эле билчүмүн, сен төрөлгөнгө чейин эле, Мен сени ыйыктагам: сени элдерге пайгамбар кылып койгом».
6 Бирок мен: «Оо Кудай-Теңир! Мен сөз сүйлөгөндү билбейм, анткени өтө эле жашмын», – дедим.
7 Бирок Теңир мага мындай деди: «“Жашмын”, – дебе, анткени Мен сени кимге жиберсем, ошолордун бардыгына барасың; Мен сага эмнени буйрусам, ошону айтасың.
8 Алардан коркпо. Сени куткаруу үчүн, Мен сени мененмин, – деди Теңир».
9 Ошондо Теңир Өз колун сунуп, менин оозума тийгизди, анан Теңир мага мындай деди: «Мына, Мен Өзүмдүн сөздөрүмдү сенин оозуңа салдым.
10 Байка, бүгүн Мен сени элдердин, падышачылыктардын үстүнө аларды жок кылуу жана талкалоо үчүн, кыруу жана кыйратуу үчүн, кайра тургузуу жана отургузуу үчүн койдум».
Бадам жыгачынан жасалган таяк жана казан жөнүндө көрүнүш
11 Теңирден мага мындай сөз болду: «Жеремия, сен эмнени көрүп турасың?» Мен: «Бадам жыгачынан жасалган таякты көрүп турам», – дедим.
12 Теңир мага: «Сен туура көрүп турасың, анткени Менин сөзүм жакында аткарылышы үчүн, Мен Өз сөзүмө көз салып турам», – деди.
13 Дагы бир жолу Теңирден мага мындай сөз болду: «Сен эмнени көрүп турасың?» Мен: «Түндүк жакты караган, кайнап жаткан казанды көрүп турам», – дедим.
14 Теңир мага мындай деди: «Бул жерде жашоочулардын бардыгына кайгы түндүк тараптан келет.
15 Анткени мына, Мен түндүк падышачылыктарынын бардык урууларын чакырам, – дейт Теңир, – алар келип, ар бири Иерусалимдин дарбазасынын кире беришине, анын бүт дубалдарын тегерете, Жүйүттүн бардык шаарларына өз тактысын орнотот.
16 Бүт мыйзамсыздыктары үчүн, Мени таштап кетишкени үчүн, бөтөн жерликтердин кудайларына жыпар жыттуу зат түтөтүшкөнү үчүн, өз колдору менен жасаган нерселерге табынышкандыгы үчүн, Мен аларга Өз өкүмдөрүмдү жарыялайм.
17 Сен болсо белиңди бек бууп, ордуңан тургун да, Мен сага эмнени буйрусам, аларга ошонун бардыгын айт. Алардын алдында коркпо, болбосо Мен сени алардын көз алдында өлтүрүп салам.
18 Мына, азыр Мен сени бүт өлкөгө каршы, Жүйүт падышаларына каршы, анын төрөлөрүнө каршы, анын ыйык кызмат кылуучуларына каршы, ушул жердин элине каршы чептүү шаар, темир мамы жана жез дубал кылып койдум.
19 Алар сага каршы күрөшөт, бирок сени жеңе алышпайт, анткени сени куткарыш үчүн, Мен сени мененмин, – дейт Теңир».
2-БӨЛҮМ
Ысрайылдын жаш чагы жана анын ата-бабаларынын күнөөсү жөнүндө
1 Теңирден мага мындай сөз болду:
2 «Бар, Иерусалимдин кулагына айт: Теңир мындай деп жатат де: “Сенин жаш чагыңдагы достугуң, колукту болуп турган кездеги сүйүүң, Менин артымдан чөлдө, эч нерсе айдалбаган жерде ээрчип жүргөнүң эсимде.
3 Ысрайыл Теңирдин ыйыгы болчу, Анын биринчи жемиши эле. Аны жегендердин бардыгы жазаланчу, алардын башына кайгы түшчү”», – дейт Теңир.
4 Жакыптын тукуму, Ысрайылдын бардык тукумдары, Теңирдин сөзүн уккула!
5 Теңир мындай дейт: «Менден алыстап, убаракерчиликтин артынан жүрүп курулай убаракерчиликке батып кеткидей, силердин ата-бабаларыңар Менден кандай жалгандыкты табышты?
6 Алар: “Бизди Мисир жеринен алып чыккан, бизди чөл менен, ээн, эл жашабаган жер менен, суусуз жер менен, өлүм көлөкөсүнүн жери менен, эч ким баспаган, эч ким жашабаган жер менен алып жүргөн Теңир кана?” – деп айтышкан жок.
7 Мен силерди түшүмдүү жерге алып келдим, анын жемиштери менен түшүмүн жесин дедим. Силер болсо ал жерге кирип, Менин жеримди булгадыңар, Менин энчимди жийиркеничтүү жерге айланттыңар.
8 Ыйык кызмат кылуучулар: “Теңир кайда?” – дешкен жок, мыйзамды окутуучулар Мени билишкен жок, койчулар Мени таштап кетишти, пайгамбарлар Баалдын атынан пайгамбарчылык кылып, жардам бербеген нерселердин артынан жүрүштү.
Кудай Өзүнүн эли менен соттошот
9 Ошондуктан Мен силер менен дагы соттошом, – дейт Теңир, – уулдарыңардын уулдары менен да соттошом.
10 Китим аралдарына барып карагыла, Кейдарга киши жиберип, кылдаттык менен изилдеп карап чыккыла: ал жерлерде ушуга окшогон нерселер болгон бекен?
11 Кудай эмес экенине карабастан, кайсы эл өз кудайларын алмаштырды? Менин элим болсо өзүнүн даңкын жардам бербеген нерсеге алмаштырды.
12 Асман, буга таң кал, титире, үрөйүң учсун! – дейт Теңир.
13 Анткени Менин элим эки жамандык кылды: Мени, тирүү суунун башатын, таштап кетишти, өздөрүнө талкаланган, суу сактай албаган кудуктарды казып алышты.
14 Ысрайыл кул беле? Же ал үйдө төрөлгөн кул беле? Эмне үчүн ал олжо болуп калды?
15 Ага жаш арстандар айкырышты, үндөрүн көтөрүп, анын жерин чөл кылышты. Анын шаарлары өрттөлүп, тургундарынан ажырады.
16 Ноп менен Такпанкестин уулдары сенин төбөңдү кырып салышты.
17 Бул Кудай-Теңириң жол көрсөтүп бара жатканда, Аны таштап койгонуң үчүн болгон жокпу?
18 Эми сен эмне үчүн Мисирге барганы жатасың, Нил суусунан ичиш үчүнбү? Эмне үчүн Ашурга барганы жатасың, анын дарыяларынан суу ичиш үчүнбү?
19 Сени өзүңдүн мыйзамсыздыгың жазалайт, сени өзүңдүн бузуктугуң ашкере кылат. Ошондуктан Кудай-Теңириңди таштап кеткениң кандай жаман, кандай кайгылуу экенин бил, түшүн, сенде Менден коркуу деген жок, – дейт Себайот Кудай-Теңир.
Ысрайылдын ишенимсиздигинин натыйжасы
20 Анткени Мен мурун эле сенин моюнтуругуңду талкалагам, кишендериңди үзгөм, ошондо сен: “Жасалма кудайларга кызмат кылбайм”, – дегенсиң. Бирок ар бир бийик дөңсөөнүн үстүндө, ар бир бутактуу дарак астында бузуктук кылдың.
21 Мен сени жакшы жүзүм сабагы, эң таза урук кылып тиктим. Анан кантип сен Менин жеримде башка бирөөнүн жүзүм сабагынын жапайы бутагына айланып калдың?
22 Ошондуктан сен самын менен жуунсаң да, өзүңө шакарды көп колдонсоң да, Менин алдымда сенин мыйзамсыздыгың белгиленип коюлду, – дейт Кудай-Теңир.
23 Сен: “Мен өзүмдү булгаган жокмун, Баалдын артынан жүргөн жокмун”, – деп кантип айтасың? Сен өзүңдүн өрөөндөгү жолуңду карап көрчү, сен, өз жолдорун бузган, оюн салган иңген, эмне кылганыңды бил.
24 Чөлгө көнгөн, жаны кумарданып аба жуткан жапайы ургаачы эшекти ким токтото алат? Аны издегендердин баары чарчабайт: аны өзүнүн айы келгенде таап алышат.
25 Бутуңдун бут кийим жыртуусуна, кекиртегиңдин суусап кургап кетүүсүнө жол бербе. Бирок сен: “Жок, үмүт кылба! Анткени башкаларды жакшы көрөм, алардын артынан жүрөм”, – дедиң.
Ысрайыл жазага татыктуу
26 Ууру кармалганда маскара болгон сыяктуу, Ысрайыл да өзүн маскара кылды: Ысрайыл эли да, падышалары да, төрөлөрү да, ыйык кызмат кылуучулары да, пайгамбарлары да
27 жыгачка: “Сен менин атамсың”, ал эми ташка: “Сен мени төрөгөнсүң”, – дешет. Анткени алар Мага жүзүн бурбастан, далысын салышты. Бирок алардын башына кайгы түшкөндө: “Тур, бизди куткар!” – дешет.
28 Сенин өзүңө жасап алган кудайларың кайда? Эгерде алар сени башыңа кайгы түшкөндө куткара алышса, анда ордунан турушсун, анткени сенин канча шаарың болсо, кудайларың да ошончо, Жүйүт.
29 Мени менен талашып-тартышуунун силерге эмне кереги бар? Баарыңар Мага каршы күнөөгө баттыңар, – дейт Теңир.
30 Мен силердин балдарыңарды бекер эле урдум, алар акыл-насаатты кабыл алышкан жок. Пайгамбарларыңарды өзүңөрдүн кылычыңар жок кылуучу арстандай жеп жатты.
31 Оо адамдар! Силер Кудайдын сөзүн уккула: Мен Ысрайыл үчүн чөл болдум беле? Мен ал үчүн караңгылыктын өлкөсү болдум беле? Эмне үчүн Менин элим: “Биз өзүбүзгө өзүбүз мырзабыз. Биз эми Сага келбейбиз”, – дешет?
32 Кыз өз жасалгасын, колукту өз курун унутат бекен? Менин элим болсо Мени унутуп салды, унуткан күндөрүнө эсеп жок.
33 Сүйүүгө аракет кылып жетүү үчүн, өзүңө жол тапканга кандай чеберсиң? Атүгүл, ошол үчүн өз жолдоруңду кылмышка ылайыкташтырдың.
34 Атүгүл, кийимиңдин этегинде жарды, жазыксыз адамдардын каны бар. Аларды сен эшикти сындырып жаткан жеринен тапкан жоксуң, ошонун баарына карабай, мындай деп жатасың:
35 “Мен күнөөлүү болбогондуктан, Анын каары менден бурулары чын”. Мына, “Мен күнөө кылган эмесмин”, – дегениң үчүн, Мен сени менен соттошом.
36 Өз жолуңду улам алмаштырып, сен өзүңдү кандай кемсинттиң! Ашур сени маскара кылгандай эле, Мисир да сени маскара кылат.
37 Сен андан да колуңду төбөңө коюп чыгасың, анткени Теңир сенин үмүтүңдү четке какты, алар менен ийгиликке жетпейсиң.
3-БӨЛҮМ
Ысрайылдын ишенимсиздиги
1 Мындай деп айтышат: “Эгерде күйөөсү аялын коё берсе, аялы андан кетип, башка күйөөгө тийип, кайра мурунку күйөөсүнө кайрылып келсе болобу?” Ушул үчүн ал өлкө булганбайт бекен? Сен болсо көп ойношторуң менен бузуктук кылдың, ошого карабастан Мага кайрылып кел, – дейт Теңир.
2 Башыңды көтөрүп, бийик жерлерди кара, сени менен кайсы жерде гана бузуктук кылышкан жок? Чөлдө отурган аравиялыктай болуп, сен алар үчүн жолдун боюнда отурдуң, бузукулугуң жана анткорлугуң менен жерди булгадың.
3 Ошон үчүн жамгыр кармалды, кеч жамгыр да болгон жок, бирок сенин чекең бузулган аялдын чекесиндей эле, сен уят-сыйытты таштап койдуң.
4 Сен азыр эле Мага мындай деп кайрылбадыңбы: “Ата, Сен менин жаш кезимдеги жол көрсөтүүчүм элең!
5 Ал кантип эле дайыма каардана берсин? Кантип эле каарын Өзүндө түбөлүк кармап тура берсин?” Мына, сен ушинтип айтып жатасың, бирок күчүң жеткенче жамандык кылып жатасың».
Кудайдын тобо кылууга чакырышы
6 Жошия падышанын тушунда Теңир мага мындай деди: «Сен бузулган Ысрайылдын эмне кылганын көрдүңбү? Ал ар кайсы бийик тоолорго жана ар кандай бутактуу дарактардын түбүнө барып, ошол жерлерде бузуктук кылды.
7 Ал ушунун бардыгын кылгандан кийин, Мен ага: “Мага кайрылып кел”, – дедим. Бирок ал кайрылып келген жок. Муну анын ишенимсиз эжеси Жүйүт көрдү.
8 Мен бузулган Ысрайылды бардык бузуктук иштери үчүн коё берип, колуна ажырашуу катын бергенден кийин, анын ишенимсиз эжеси Жүйүттүн коркпогондугун, ал да барып, бузуктук кылганын көрдүм.
9 Ал өзүнүн ачык бузуктук кылуусу менен жерди булгады, таш менен да, жыгач менен да ойноштук кылды.
10 Бирок ушунун баарына карабастан, анын ишенимсиз эжеси Жүйүт Мага чын жүрөктөн кайрылган жок, анткорлук менен эле кайрылды», – дейт Теңир.
11 Мага Теңир мындай деди: «Бузулган Ысрайыл ишенимсиз Жүйүткө караганда адилеттүүрөөк болуп чыкты.
12 Бар, бул сөздөрдү түндүккө жарыяла, мындай деп айт: “Бузулган Ысрайыл, кайрылып кел, – дейт Теңир, – Мен силерге Өз каарымды төкпөйм, анткени Мен ырайымдуумун, түбөлүк каарданбайм.
13 Бирок өз күнөөңдү мойнуңа ал, анткени сен Кудай-Теңириңден четтеп, ар кайсы бутактуу дарактын түбүндө бөлөк буркандар менен бузуктук кылдың, Менин үнүмдү болсо укпай койдуңар”, – дейт Теңир.
14 “Ишенимсиздер, кайрылып келгиле, – дейт Теңир, – анткени Мен силер менен никелешкем, силерден – ар бир шаардан бирден, ар бир уруудан экиден киши алам, анан силерди Сионго алып келем.
15 Анан Мен силерге Менин жүрөгүмө жаккан койчуларды берем, алар силерди билим менен, акыл менен кайтарышат.
16 Силер жер үстүндө укумдап-тукумдап көбөйгөндө, ошол күндөрү, – дейт Теңир, – “Теңирдин келишим сандыгы” деп айтпай калышат. Ал адамдын оюна да келбейт, аны эстеп да коюшпайт, ага барышпайт, анын өзү да болбойт.
17 Ошол убакта Иерусалимди Теңирдин тагы деп аташат. Бардык элдер Теңирдин ысымы үчүн Иерусалимге чогулушат, ошондон кийин өздөрүнүн жаман жүрөгүнүн өжөрлүгү боюнча жүрүшпөйт.
18 Ошол күндөрү Жүйүт тукуму Ысрайыл тукумуна келет, анан алар түндүктөн Мен силердин ата-бабаларыңарга мурас кылып берген жерге бирге келишет.
Кудай элинин жалган кудайларга табынышы
19 Бирок Мен мындай дедим: “Мен сени балдардын катарына кантип коём, Мен сага көп элдер ээлеген эң сонун, адам суктанарлык жерди кантип берем?” Дагы мындай деп айттым: “Сен Мени "Ата" дейсиң, Менден четтебейсиң”.
20 Бирок, чынында эле, аялы өз жолдошуна жүзү каралык менен опаасыздык кылган сыңары, Ысрайыл, силер да Мага ошондой ишенимсиздик кылдыңар, – дейт Теңир.
21 Бийик жерлерде үн угулат, Ысрайыл уулдарынын аянычтуу ыйы угулат, анткени алар өз жолдорун бузушту, өз Кудай-Теңирин унутушту.
22 Кайрылгыла, ишенимсиз балдар, Мен силерди баш ийбестигиңерден айыктырам». «Мына, биз Сага келе жатабыз, анткени Сен биздин Кудай-Теңирибизсиң!
23 Чындыгында, биз дөбөлөргө жана көп сандаган тоолорго бекер ишениптирбиз. Чындыгында, Ысрайылдын куткарылуусу Теңирден, биздин Кудайдан!
24 Жаш чагыбыздан бери бул жийиркеничтүү нерсе биздин ата-бабаларыбыздын эмгегин, алардын койлорун жана өгүздөрүн, уулдарын жана кыздарын жеп келе жатат.
25 Биз өз жийиркеничибизге батып жатабыз, бизди өз маскаралыгыбыз басып жатат, анткени биз Теңирдин алдында, өзүбүздүн Кудайыбыздын алдында күнөөгө баттык, биз да, биздин ата-бабаларыбыз да жаш чагыбыздан тартып ушул күнгө чейин Теңирдин, биздин Кудайыбыздын үнүн укпай келдик».
4-БӨЛҮМ
Кудайга кайрылууга чакыруу
1 «Ысрайыл, эгерде сен кайрылгың келсе, Мага кайрыл, – дейт Теңир. – Эгерде Менин алдымдан өзүңдүн жийиркеничтүү нерселериңди жок кылсаң, анда тентибейсиң».
2 Чындык менен, акыйкаттык менен, адилеттик менен: «Теңир тирүү!» – деп ант бересиң, элдер Теңирден бата алышат, Теңир менен мактанышат.
3 Анткени Жүйүт менен Иерусалимдин адамдарына Теңир мындай дейт: «Өзүңөргө жаңы эгин талааларды айдагыла, тикенектердин арасына сеппегиле.
4 Жүйүттүн адамдары, Иерусалимдин тургундары, жамандык кылууга жөндөмдүү болгондугуңар үчүн, Менин каарым силерге оттой жалындап, өчпөй күйбөшү үчүн, өзүңөрдү Теңир үчүн сүннөткө отургузгула, жүрөгүңөрдү сүннөткө отургузгула.
5 Жүйүт аймагына кабарлагыла жана Иерусалимде жар салгыла, айткыла, жерди аралап сурнай тарткыла. Катуу кыйкырып: “Келгиле, чогулуп алып чептүү шаарларга баралы”, – деп айткыла.
6 Сиондо туу көтөргүлө, чепке качкыла, токтобогула, анткени Мен түндүктөн кайгы жана чоң кыргын алып келем».
7 Өзүнүн чытырман токоюнан арстан чыгып келе жатат, элдерди кыруучу чыгып келе жатат: ал өзүнүн ордунан сенин жериңди чөлгө айландырыш үчүн чыгып келе жатат. Шаарларың талкаланып, тургундары жок калат.
8 Ошондуктан зумбал курчанып алып ыйлагыла, өкүргүлө, анткени Теңирдин жалындаган каары бизден кайт болбойт.
9 «Ошол күнү, – дейт Теңир, – падышанын жүрөгү жана төрөлөрдүн жүрөгү катып калат. Ыйык кызмат кылуучулардын үрөйлөрү учат, пайгамбарлар таң калышат».
10 Ошондо мен: «Оо Кудай-Теңирим! “Силерде тынчтык болот” деп, Сен бул элди жана Иерусалимди кызыктырып эле койдуң беле? Бирок кылычтан кырылып жатабыз», – дедим.
11 Ошол мезгилде бул элге жана Иерусалимге мындай деп айтылат: «Менин элимдин кызынын жолуна чөлдүн бийик адырларынан куйкалоочу шамал келет. Ал шамал эгин сапырыш үчүн эмес, эгин тазалаш үчүн да эмес.
12 Ал жактан Мага мындан да катуу шамал келет, ошондо Мен аларга Өз өкүмүмдү жарыялайм».
Жүйүт аймагы душмандардын курчоосунда
13 Мына, ал булуттардай болуп көтөрүлүп жатат, анын арабалары куюндай, анын аттары бүркүттөн да ыкчам. Бизге кайгы! Анткени биз талкаланабыз.
14 Иерусалим, куткарылышың үчүн, жүрөгүңдөн жаман нерсени жууп сал. Качанга чейин сенде жаман ойлор уялайт?
15 Анткени азыр эле Дандан үн угулуп жатат, Эпрайым тоосунан өлүм кабары келе жатат:
16 «Элдерге кабарлагыла, Иерусалимге билдиргиле: Алыскы өлкөдөн курчап алуучулар келе жатышат, өздөрүнүн кыйкырыктары менен Жүйүттүн шаарларын жаңыртып жатышат».
17 «Алар Иерусалимди туш-туштан талаа сакчыларындай болуп курчап келе жатышат, анткени ал Мага каршы козголоң чыгарды, – дейт Теңир.
18 Сенин жолдоруң менен кылган иштериң ушуга себепкер болду. Сен мыйзамсыздыгыңдан ушунчалык кыйналып жатасың, ал жүрөгүңдү жаралап жатат».
Эл үчүн кайгыруу
19 Жаным! Жаным! Жүрөгүмдүн тереңинде кайгырып жатам, жүрөгүм толкунданып жатат, унчукпай коё албайм. Анткени сен, жаным менин, сурнай үнүн, согуш коркунучун угуп жатасың.
20 Кайгы артынан кайгы! Бүт өлкө кыйрап жатат, күтүлбөгөн жерден менин үйлөрүм кыйрады, көз ирмегенче менин чатырларым кыйрады.
21 Мен качанкыга чейин тууларды көрөм, сурнай үнүн угам?
22 «Бул Менин элимдин акылсыздыгынан, Мени билбегендигинен болду. Алар – акылсыз балдар, аларда акыл жок. Алар жамандык кылганга акылдуу, бирок жакшылык кылууну билишпейт».
Жеремиянын кыйроо жөнүндө көргөн көрүнүшү
23 Жерди карасам, мына, ал кыйрап, ээн калды, асманды карасам, анын жарыгы жок.
24 Тоолорду карасам, мына, алар титиреп жатат, бүт адырлар солкулдап жатат.
25 Карасам, мына, адам жок, асмандагы куштардын баары туш-тушка учуп кетиптир.
26 Карасам, мына, Кармел чөлгө айланыптыр, анын бүт шаарлары Теңирдин жүзүнөн, Анын катуу каарынан кыйраптыр.
27 Анткени Теңир мындай деген: «Бардык жер ээн калат, бирок таптакыр кырып салбайм.
28 Бул тууралуу жер ыйлайт, жогоруда асман түнөрөт, анткени Мен айттым, Мен белгиледим, ал үчүн өкүнбөйм, андан кайтпайм.
29 Атчан аскерлердин жана жаа тарткан аткычтардын ызы-чуусунан бүт шаар эли туш-тушка качат: алар калың токойлорго кетишет, аскаларга чыгышат. Бардык шаарлар ээн калат, аларда бир да тургун болбойт.
30 Ээн калган, сен, эми эмне кыласың? Сенин ачык кызыл кийим кийгениң да, алтын жасалгалар менен жасанганың да, көзүңдү боёгонуң да бекер. Ойношторуң сени жек көрүп калышты, алар сени өлтүргөнү жатышат.
31 Анткени мен төрөп жаткан аялдыкындай үндү, биринчи жолу төрөп жаткан аялдыкындай онтоону, Сион кызынын үнүн угуп жатам. Ал колун созуп онтоп жатат: “Оо, мага кайгы! Менин жаным киши өлтүрүүчүлөрдүн алдында кыйналып жатат!”
5-БӨЛҮМ
Иерусалимдин күнөөсү
1 Иерусалимдин көчөлөрүн аралагыла, карагыла, чалгындагыла, анын аянттарынан издегиле. Эгерде адилеттикти сактаган, чындыкты издеген адам тапсаңар, анда Мен Иерусалимди аяр элем.
2 Алар “Теңир тирүү!” дешкени менен, жалган убада беришет».
3 Оо Теңир! Сенин көздөрүң чындыкка бурулган эмеспи? Сен аларды уруп жатасың, алар болсо ооруганын сезишпейт. Сен аларды кырып жатасың, бирок алар акыл-насаатты уккулары келбейт. Алар өздөрүнүн жүзүн таштан да катуу кылып алышкан, кайрылгылары жок.
4 Ошондо мен: «Булар жакыр адамдар болсо керек. Алар акылсыз, ошондуктан Теңирдин жолун, өз Кудайынын мыйзамын билишпейт.
5 Мен атактууларга барып, алар менен сүйлөшөйүн, анткени алар Теңирдин жолун, өз Кудайынын мыйзамын билишет», – дедим. Бирок алар да моюнтурукту талкалап, кишендерди үзүп салышты.
6 Ошон үчүн аларды токойдон чыккан арстан өлтүрөт, аларды чөл карышкыры кырат, аларды шаарларынын жанында илбирс аңдып жатат. Ким шаардан чыкса, ал жырткычка жем болот, анткени алардын кылмышы көбөйүп кетти, бузуктугу артты.
7 «Бул үчүн Мен сени кантип кечирем? Сенин уулдарың Мени таштап кетишти, кудай эместер менен ант берип жатышат. Мен аларды тойгузуп турдум, алар болсо бузуктук кылып, топ-тобу менен бузулган аялдардын үйлөрүнө барып жүрүштү.
8 Алар – семиртилген айгырлар. Алардын ар бири башка бирөөнүн аялына азынап турат.
9 Кантип Мен аларды ушул үчүн жазалабай коёюн? – дейт Теңир. – Менин жаным ушундай элден кантип өч албай койсун?
10 Анын дубалдарына чыккыла да кыйраткыла, бирок баарын эмес. Алардын жаш бутактарын кыйып салгыла, анткени алар Теңирдики эмес.
11 Анткени Ысрайыл менен Жүйүт Мага ишенимсиздик кылышты, – дейт Теңир.
12 Алар Теңир тууралуу калп айтышып, мындай дешти: “Бул Теңирден эмес, биздин башыбызга мүшкүл түшпөйт, биз ачарчылыкты да, кылычты да көрбөйбүз.
13 Пайгамбарлар да жел болуп калышат, аларда Теңирдин сөзү жок. Бул нерселер алардын өз баштарына келсин”».
14 Ошондуктан Себайот Кудай-Теңир мындай дейт: «Силер ушундай сөздөрдү айтып жатканыңар үчүн, мына, Мен Өзүмдүн сөздөрүмдү сенин оозуңда от кылам, ал эми бул элди отун кылам, бул от аларды жалмайт.
15 Ысрайыл, Мен сага каршы алыстан бир эл алып келем. Ал эл – күчтүү эл, байыркы эл, сен тилин билбеген, сөзүн түшүнбөгөн эл, – дейт Теңир.
16 Анын саадагы ачык мүрзөдөй, алардын бардыгы – кайраттуу адамдар.
17 Алар сенин түшүмүңдү, эгиниңди жейт, сенин уулдарыңды жана кыздарыңды жейт, сенин койлоруңду жана өгүздөрүңдү жейт, сенин жүзүмүңдү жана анжырыңды жейт. Сен таянган чептүү шаарларыңды кылыч менен кыйратышат.
18 Бирок ошол күндөрү да силерди таптакыр кырып салбайм, – дейт Теңир.
19 Эгерде алар: “Булардын бардыгын Кудай-Теңир бизге эмне үчүн кылып жатат?” – дей турган болушса, анда мындай деп жооп бер: “Силер Мени таштап, өз жериңерде башка кудайларга кызмат кылганыңар үчүн, жат жерде бөтөн элге кызмат кыласыңар”.
Кудайдын Өз элин алдын ала эскертиши
20 Муну Жакыпка кабарлагыла, Жүйүт аймагына жар салып, мындай дегиле:
21 “Муну ук, акылсыз эл, көзү бар болуп туруп көрбөгөн, кулагы бар болуп туруп укпаган, акыл-эси жок эл!”
22 Силер Менден коркпойсуңарбы? Менин алдымда калтырабайсыңарбы? – дейт Теңир. – Мен кумду деңизге чек ара, андан өтө албай турган түбөлүк чек кылып койдум. Анын толкундары жээкке канчалык умтулса да, аны бузуп өтө албайт. Деңиз долулана толкундаса да, андан өтө албайт.
23 Ал эми бул элдин жүрөгү өжөр, козголоңчул. Алар Теңирден четтеп кетишти.
24 Алар жүрөгүндө: “Кудай-Теңирибизден корколу, Ал бизге эрте жамгырды, кеч жамгырды өз маалында берет, биз үчүн Ал түшүм маалына белгиленген жумаларды сактайт”, – дешпейт.
25 Силердин мыйзамсыздыгыңар буларды болтурбай салды, бул жакшы нерселерден силерди күнөөлөрүңөр ажыратты.
26 Анткени Менин элимдин арасында жаман адамдар бар. Алар кушчулардай аңдышат, жерге жатып алып, торлорду жайып, адамдарды кармашат.
27 Чымчыкка толгон капастай, алардын үйлөрү алдамчылыкка толгон. Ошол аркылуу алар текеберденишти, байышты.
28 Алар толушту, семиришти, ар кандай жамандыктын чегинен өтүштү, алар сот иштерин, жетимдердин иштерин адилеттүү чечишпейт, жыргап жашашат, жакырлардын адилеттүү ишине акыйкаттык кылышпайт.
29 Кантип Мен аларды ушул үчүн жазалабай коёюн? – дейт Теңир. – Менин жаным ушундай элден кантип өч албай койсун?
30 Бул жерде таң каларлык, коркунучтуу иштер болуп жатат.
31 Пайгамбарлар жалган пайгамбарчылык кылып жатышат, ыйык кызмат кылуучулар алардын жардамы менен бийлик кылып жатышат, Менин элим да муну жакшы көрөт. Эми ушулардын баарынан кийин силер эмне кыласыңар?»
6-БӨЛҮМ
Иерусалимдин курчоого алынышы жөнүндөгү көрүнүш
1 Бенжемин балдары, Иерусалимдин ичинен качкыла, Текояда сурнай тарткыла, Бейт-Акеремде от менен белги бергиле, анткени түндүктөн улуу кайгы жана кыйроо келе жатат.
2 «Мен Сиондун сулуу, эрке кызын кыйратам.
3 Койчулар өз койлору менен ага келишет, анын айланасына чатырларын тигишет. Ар бири өзүнүн жерине малын жаят».
4 Аны менен согушууга даярдангыла. Тургула, түштө барабыз. Бизге кайгы! Күн батып бара жатат, кечки көлөкө узарып калды.
5 Тургула, түн болсо да барабыз, анын чептерин кыйратабыз!
6 Анткени Себайот Теңир мындай дейт: «Дарактарды кыйгыла, Иерусалимге каршы жал жасагыла: бул шаар жазаланышы керек, ал зордук-зомбулукка толгон.
7 Булак өзүнөн суу бүркүп чыгаргандай, ал өзүнөн жамандык чыгарып жатат: анын ичинен зордук-зомбулук, талап-тоноочулук угулуп жатат. Менин алдымда дайыма кыйналуу жана кайгы тартуу болуп жатат.
8 Иерусалим, акылыңа кел, Менин жаным сенден алыстап кетпесин, Мен сени чөлгө, эч ким жашабаган жерге айлантпайын».
Ысрайылдын ач көздүгү жана жалган иш кылганы үчүн айыпталынышы
9 Себайот Теңир мындай дейт: «Ысрайылдын калдыгын жүзүм сыяктуу акырына чейин терип алышат. Себеттерди толтуруп, жүзүм жыйнаган адамдай, өз колуң менен иште.
10 Алар уксун үчүн, Мен кимге айтам, кимди эскертем? Мына, алардын кулагы сүннөтсүз, ошондуктан алар уга алышпайт. Мына, алар Теңирдин сөзүнө күлүп жатышат, Анын сөзү аларга жакпайт.
11 Ошондуктан Мен Теңирдин каарына аябай толдум, аны Өзүмдө кармап тура албайм. Аны көчөдөгү балдарга жана топтошкон уландарга төгөм. Аялы менен күйөөсү, улгайып калганы менен карылыгы жеткени олжого кетет.
12 Талаалары менен аялдары сыяктуу эле, үйлөрү да жат бирөөлөрдүн колуна өтөт, анткени Мен бул жердин тургундарына каршы колумду сунам, – дейт Теңир.
13 Анткени кичинесинен чоңуна чейин, булардын ар бири ач көздүккө берилген, пайгамбардан ыйык кызмат кылуучуга чейин жалган иш кылышат.
14 Менин элимдин жараатын “Тынчтык! Тынчтык!” деп, жеңил ойлуулук менен дарылап жатышат, бирок тынчтык жок.
15 Алар жийиркеничтүү иштерди кылгандан уялышабы? Жок, такыр уялышпайт, кызарып да коюшпайт. Ошон үчүн алар кулагандар менен кулашат, Мен аларды жазалаган күнү алар кулашат», – дейт Теңир.
Ысрайылдын өзүнүн ишенимсиздигинин айынан жыгылышы
16 Теңир мындай дейт: «Өзүңөрдүн бара жаткан жолуңарда токтогула, артыңарды карагыла, байыркы жолдор жөнүндө сураштыргыла, жакшы жол кайда экенин сурагыла, ошол жолго түшкүлө, ошондо жаныңарга тынчтык табасыңар». Бирок алар: «Барбайбыз», – дешти.
17 «Ошондо Мен силердин үстүңөрдөн сакчыларды коюп: “Сурнайлардын үнүн уккула”, – дедим. Бирок алар: “Укпайбыз”, – дешти».
18 «Ошондуктан кулак салгыла, элдер, алардын эмне болорун бил, жамаат!
19 Ук, жер жүзү! Мына, Мен бул элге бүлгүн түшүрөм, бул – алардын ойлорунун жемиши, анткени алар Менин сөздөрүмдү укпай, Менин мыйзамымды четке кагышты.
20 Шебадан келе жаткан ладандын, алыскы өлкөдөн келе жаткан жыпар жыттуу жылгындын Мага эмне кереги бар? Силердин бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыгыңар Мага жакпайт, курмандыктарыңар Мага жагымсыз».
21 Ошондуктан Теңир мындай дейт: «Мына, Мен бул элдин алдына тоскоолдуктарды коюп жатам, ага аталары балдары менен бирге, кошунасы досу менен бирге чалынат жана өлөт».
Түндүктөн келе жаткан элдин кол салуусу
22 Теңир мындай дейт: «Мына, түндүк жактагы өлкөдөн эл келе жатат, жер кыйырынан улуу эл көтөрүлүп келе жатат.
23 Алар колдоруна жаа, найза кармап алышкан. Алар катаал жана ырайымсыз, алардын үнү деңиздей шуулдайт, аттарга минип учуп келе жатышат, сени менен салгылашуу үчүн бир кишидей тизилишкен, Сион кызы».
24 Биз алар жөнүндө кабар укканда, эмне кыларыбызды билбей, кайгыга баттык, толгоо тарткан аялдай кыйналдык.
25 Талаага чыкпагыла, жолдо жүрбөгүлө, анткени душмандын кылычы келе жатат, туш-туштан коркунуч туулду.
26 Элимдин кызы, белиңди зумбал менен курча, башыңа күл сеп, жалгыз уулуң өлгөндөй кайгырып, катуу ыйла, анткени кыйратуучу бизге күтүлбөгөн жерден келет.
27 «Сен Менин элимди билишиң үчүн жана анын жолуна көз салып турушуң үчүн, Мен сени Өзүмдүн элимдин ичине мунара жана чеп кылып койдум.
28 Алардын баары – өтө ишенимсиз адамдар, ушакчылык кылып жашашат. Булар – жез жана темир, бардыгы бузулган адамдар».
29 Жел үйлөгөн көөрүк өрттөнүп кетти, коргошун отто жок болду: эритүүчү адам текке эритти, анткени андан жаман кошундулары бөлүнбөй калды.
30 Аларды четке кагылган күмүш деп аташат, анткени аларды Теңир четке какты.
7-БӨЛҮМ
Жеремиянын Теңир үйүндө айткан насааты
1 Теңирден Жеремияга айтылган сөз:
2 «Теңир үйүнүн дарбазасынын алдында тур, ал жерде бул сөздү жарыялап айт: Бүт жүйүт эли, Теңирге табыныш үчүн мына бул дарбазадан киргендер, Теңирдин сөзүнө кулак салгыла!
3 Ысрайылдын Себайот Кудай-Теңири мындай дейт: “Өз жолуңарды жана өз иштериңерди оңдогула, ошондо Мен силерди бул жерде жашатам.
4 "Бул – Теңирдин ийбадатканасы, Теңирдин ийбадатканасы, Теңирдин ийбадатканасы" деген жалган сөздөргө ишенбегиле.
5 Бирок жолуңарды, иштериңерди чыны менен эле оңдой турган болсоңор, бир адам менен анын жакынынын ортосунда адилеттүү сот жүргүзө турган болсоңор,
6 чет жерликтерге, жетим менен жесирлерге кысым көрсөтпөсөңөр, бул жерде жазыксыз кан төкпөсөңөр, өз башыңарга кайгы үйүп, бөлөк кудайлардын артынан ээрчибей турган болсоңор,
7 анда Мен силерди ушул жерде – ата-бабаңардын укум-тукумуна берген жерде жашатам.
8 Мына, силер өзүңөргө эч бир пайда алып келбеген жалган сөздөргө ишенесиңер.
9 Силер уурдап, киши өлтүрүп, бузуктук кылып, жалган ант берип, Баалга жыпар жыттуу зат түтөтүп, өзүңөр билбеген башка кудайлардын артынан жүрүп,
10 анан келип, Менин ысымым менен аталган ушул үйдө, Менин алдымда туруп, мындан ары да ушул жийиркеничтердин баарын кылыш үчүн: "Биз куткарылдык", – деп, кантип айтып жатасыңар?
11 Менин ысымым менен аталган бул үй силердин көзүңөргө каракчылардын уюгу болуп калган жокпу? Мына, Мен муну көрдүм, – дейт Теңир.
12 Мурун Өзүмдүн ысымымды орноткон жерим Шилого барып, Өзүмдүн элим Ысрайылдын кылган жамандыгы үчүн аны эмне кылганымды көргүлө.
13 Азыр да силер ушул иштердин баарын кылып жатканыңар үчүн, – дейт Теңир, – Мен силерге таң заардан баштап айткам, бирок силер уккан жоксуңар, силерди чакыргам, бирок силер жооп берген жоксуңар, – дейт Теңир.
14 Ошон үчүн Менин ысымым менен аталган, силер ишенген ушул үйдү, Мен силерге жана силердин ата-бабаларыңарга берген ушул жерди Шилону кандай кылсам, ошондой кылам.
15 Мен Өзүмдүн жүзүмдүн алдынан силердин бардык бир туугандарыңарды, Эпрайымдын бүт укум-тукумун, четке каккандай, силерди да четке кагам”.
Элдин баш ийбестиги жана тоң моюндугу
16 Сен болсо бул эл үчүн сыйынба, алар үчүн өтүнбө, жалынба, Менден жалынып сураба, анткени Мен сени укпайм.
17 Алар Жүйүт аймагынын шаарларында жана Иерусалимдин көчөлөрүндө эмнелерди кылып жатышканын көрбөй турасыңбы?
18 Асман аял кудайына нан жасаш үчүн, балдар отун терип, аталар от жагып, аялдар камыр жууруп жатышат, Мени капа кылыш үчүн, башка кудайларга куюлуучу курмандыгын куюп жатышат.
19 Бирок алар Мени капа кылып жатышабы? Өздөрүн маскара кылып, өздөрүн өздөрү капа кылып жатышкан жокпу? – дейт Теңир.
20 Ошондуктан Кудай-Теңир мындай дейт: “Мына, ушул жерге Менин каарым, Менин ачуум төгүлүп жатат. Адамдарга да, малдарга да, талаадагы бак-дарактарга да, жерде өскөн жемиштерге да каарым төгүлөт, күйөт, өчпөйт”.
21 Ысрайылдын Себайот Кудай-Теңири мындай дейт: “Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарыңарды башка курмандыктарыңарга кошуп, этин жегиле.
22 Анткени Мен силердин ата-бабаларыңарды Мисир жеринен алып чыккан күнү аларга бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык жана башка курмандыктар жөнүндө айткан да эмесмин, буйрук берген да эмесмин.
23 Бирок аларга мындай осуят бергем: Менин үнүмдү уккула, ошондо Мен силердин Кудайыңар болом, силер болсо Менин элим болосуңар, силерге жакшы болушу үчүн, Мен силерге буйрук кылган бардык жол менен жүргүлө.
24 Бирок алар укпай коюшту, кулактарын төшөбөй коюшту, өздөрүнүн түшүнүгү боюнча, бузулган жүрөктөрүнүн өжөрлүгү боюнча жашашты, Менден жүздөрүн буруп, артын салышты.
25 Силердин ата-бабаларыңар Мисир жеринен чыккан күндөн тартып бүгүнкү күнгө чейин Мен силерге Өзүмдүн бүт кулдарымды – пайгамбарларымды жиберип турдум, аларды күн сайын таң заардан жиберип турдум.
26 Бирок алар угушкан жок, Мага кулак салышкан жок, тескерисинче, өз моюндарын толгоп, ата-бабаларынан да жаман иштерди кылышты”.
27 Сен аларга бул сөздөрдүн баарын айтканыңда, алар сени укпай коюшат, сен аларды чакырганыңда, алар сага жооп беришпейт.
28 Ошондо аларга мындай де: “Өз Кудай-Теңиринин үнүн укпаган, акыл-насаатты кабыл албаган эл ушул! Аларда чындык жок, алардын оозунан чындык алынды”.
Ином уулдарынын өрөөнүндөгү күнөөлүү иштер жөнүндө
29 Өз чачыңды кыркып ыргыт, тоо үстүндө ыйла, анткени Теңирдин каарын өзүнө төктүргөн бул элди Теңир четке кагып, таштап салды.
30 Анткени Жүйүт уулдары Менин көз алдымда кыянаттык кылып жатышат, – дейт Теңир, – Менин ысымым менен аталган үйдү булгаш үчүн, өздөрүнүн жийиркеничтүү нерселерин коюшту.
31 Уулдары менен кыздарын отко өрттөш үчүн, Ином уулдарынын өрөөнүнө Топет бийиктиктерин орнотушту. Мен аларга мындай кылууну буйруган эмесмин, ал Менин оюма да келген эмес.
32 Ошон үчүн, мына, мындан ары бул жерди Топет деп, Ином уулдарынын өрөөнү деп атабай турган күндөр келе жатат, – дейт Теңир. – Бирок ал жерди Өлтүрүү өрөөнү деп аташат, жер жетпегендиктен, Топетке өлүктөрдү көмүшөт.
33 Бул элдин өлүктөрү асмандагы куштарга, жердеги жырткыч айбандарга азык болот, аларды кубалоого эч ким чыкпайт.
34 Жүйүт аймагынын шаарлары менен Иерусалимдин көчөлөрүндө кубанычтын жана шаттыктын үнүн, күйөө менен колуктунун үнүн токтотом, анткени бул жер ээн чөлгө айланат.
8-БӨЛҮМ
1 Ошол учурда, – дейт Теңир, – Жүйүт падышаларынын сөөктөрүн, анын төрөлөрүнүн, ыйык кызмат кылуучулардын сөөктөрүн, пайгамбарлардын, Иерусалим тургундарынын сөөктөрүн мүрзөлөрүнөн алып чыгып, ыргытып жиберишет.
2 Аларды өздөрү жакшы көргөн, кызмат кылган, артынан жүргөн, издеген, таазим кылган күн алдында, ай алдында, асман кошуундарынын алдында туш-тушка ыргытышат. Аларды жыйнап да алышпайт, жерге да көмүшпөйт: алар жер үстүндөгү кыктай болушат.
3 Бул жаман уруунун ичинен тирүү калгандардын баары Мен аларды кууп жиберген жерлерде өмүрдөн өлүмдү артык көрүп калышат, – дейт Себайот Теңир.
Күнөөнүн жазасы жөнүндө
4 Аларга мындай деп айт: Теңир мындай дейт: “Жыгылгандар турбайт бекен? Жолунан адашкандар кайрылып келбейт бекен?
5 Эмне үчүн бул эл, Иерусалим, ишенимсиздигинен кайтпай жатат? Алар жалганчылыкка жабышып, кайрылып келгиси келбей жатышат.
6 Мен кулак салып угуп турдум: алар акыйкаттыкты айтышпайт, эч кимиси жаман иш кылганына өкүнбөйт, эч кимиси: "Мен эмне кылдым?" – дебейт. Майданга атырылып кирген аттай болуп, ар кимиси өз жолуна бурулат.
7 Асман астында илегилек да өзүнүн белгилүү мезгилдерин билет, бактек да, карлыгач да, каркыра да кайсы мезгилде учуп келерин билет, бирок Менин элим Теңирдин мыйзамдарын билбейт.
8 Силер: "Биз акылдуубуз, бизде Теңирдин мыйзамы бар", – деп, кантип айтып жатасыңар? Ал эми китеп көчүргүчтөрдүн колундагы жалган калем аны да жалганга айландырып жатат.
9 Акылмандар маскара болушту, алар кыйратылып, колго түшүштү, мына, алар Теңирдин сөзүн четке кагып салышты. Андай болсо алардын акылмандыгы эмнеде?
10 Ошол үчүн алардын аялдарын башкаларга берем, айдоо жерлерин бөлөк жер ээлерине берем, анткени алардын бардыгы, кичинесинен чоңуна чейин ач көздүүлүккө берилип кетишти. Бардыгы, пайгамбардан ыйык кызмат кылуучусуна чейин жалган иштерди кылышат.
11 Менин элимдин кызынын жараатын "Тынчтык, тынчтык!" – деп, жеңил ойлуулук менен дарылап жатышат, бирок тынчтык жок.
12 Алар жийиркеничтүү иштерди кылгандан уялышабы? Жок, такыр уялышпайт, кызарып да коюшпайт. Ошон үчүн алар кулагандар менен кулашат, жазалаган күнү алар кулашат, – дейт Теңир.
13 Аларды акырына чейин терип алам, – дейт Теңир, – жүзүм сабагында бир да жүзүм калбайт, анжыр дарагында бир да анжыр калбайт, жалбырак да күбүлүп түшөт, Мен аларга эмне берсем, ошонун баары алынат”».
14 Биз эмнеге отурабыз? Жыйналгыла, чептүү шаарларга баралы, ошол жерде өлөлү, анткени Кудай-Теңирибиз бизди өлүмгө белгилеп койду. Теңирдин алдында күнөөгө батканыбыз үчүн, Ал бизге өт кошулган суу ичирип жатат.
15 Тынчтык күтүп жатабыз, бирок эч жакшылык жок, айыгуу мезгилин күтүп жатабыз, бирок, мына, алдыбызда үрөй учурган коркунучтар.
16 Дандан анын аттарынын кошкуругу угулуп жатат, анын айгырларынын катуу азынаганынан бүт жер титиреп жатат. Алар келип, жерди жана анын үстүндөгүнүн баарын, шаарды жана анда жашагандардын бардыгын жок кылат.
17 «Анткени мына, Мен силерге жыландарды, уулуу жыландарды, каптатам, аларды эч ким арбап токтото албайт, алар силерди чагат», – дейт Теңир.
18 Мен өз кайгымдан качан соороном? Менин жүрөгүм кыйналып турат.
19 «Мына, алыскы өлкөдөн Өз элимдин кызынын ыйын угуп жатам: “Сиондо Теңир жок бекен? Ал жерде анын Падышасы жок бекен?” Эмне үчүн алар өздөрүнүн эч нерсеге жарабаган, бөтөн жерликтердин буркандары менен Мени каардантышты?»
20 «Оруп-жыюу маалы өттү, жайкы убак бүттү, бирок биз куткарылган жокпуз».
21 Мен өз элимдин кызынын кайгы тартып жатканына кайгырып жатам, капалуу жүрөм, мени үрөй учурган коркунуч ээлеп алды.
22 Гилатта бальзам жок бекен? Ал жерде дарыгер жок бекен? Эмне үчүн менин элимдин кызы айыкпай жатат?
9-БӨЛҮМ
1 О, менин башыма сууну, көзүмө жаштын булагын ким берет? Мен өз элимдин өлтүрүлгөн кызын жоктоп, күнү-түнү ыйлар элем.
2 О, чөлдө мага кимдир бирөө жолоочулар үчүн баш калкалай турган жай берсе кана! Анда мен өз элимди таштап, алардан кетер элем, анткени алардын баары – бузулган адамдар, ишенимсиздердин тобу.
3 «Жалган айтуу үчүн тилдерин жаадай тартышат, жерде жалган иштери менен күч алып бара жатышат, анткени бир жамандыктан экинчи жамандыкка өтүшөт, Мени билишпейт», – дейт Теңир.
4 Ар бириңер өз досуңардан сактангыла, бир туугандарыңардын ичинен эч кимисине ишенбегиле, анткени бир тууган бир тууганына тоскоолдук коёт, ар бир дос ушак таратат.
5 Ар ким өз досун алдайт, чындыкты айтпайт. Өз тилдерин калп айтууга үйрөтүшөт, чарчаганча анткорлонушат.
6 «Сен эки жүздүүлүктүн арасында жашап жатасың. Эки жүздүүлүктөн улам алар Мени билгенден баш тартышат», – дейт Теңир.
7 Ошондуктан Себайот Теңир мындай деп жатат: «Мына, Мен аларды эритем, сынайм, анткени Мен Өз элимдин кызына башка эмне кылам?
8 Алардын тили – өлтүрө турган жебе, эки жүздүү сүйлөйт. Ооздору менен жакынына досторчо сүйлөшөт, ал эми жүрөктөрүндө ага кишен даярдашат.
9 Кантип Мен аларды ушул үчүн жазалабай коёюн? – дейт Теңир. – Менин жаным ушундай элден кантип өч албасын?
10 Тоолор үчүн ыйлайм, өкүрөм, талаадагы жайыттар үчүн боздоп ыйлайм, анткени алар өрттөнүп кетти, ал жерден эч ким өтпөйт, койлордун маараганы угулбайт: асмандагы канаттуулардан тартып жердеги жаныбарларга чейин – бардыгы туш-тушка чачырап кетишти.
11 Иерусалимди таштын үймөгү, чөөлөрдүн ийини кылам, Жүйүт аймагынын шаарларын эч ким жашабаган чөл кылам».
12 Муну түшүнгөн даанышман бар бекен? Теңир сүйлөшө турган адам барбы? Ал өлкө эмне үчүн кыйраганын, эмне үчүн чөлгө окшоп ээн калганын, ошон үчүн ал аркылуу эч ким өтпөй калганын түшүндүрүп берсин.
13 Теңир мындай деди: «Алар Менин алар үчүн чыгарган мыйзамымды таштап коюшту, Менин үнүмдү угушкан жок, аны менен жүрүшкөн жок.
14 Тескерисинче, жүрөктөрүнүн өжөрлүгү боюнча жүрүштү жана ата-бабалары үйрөткөндөй, Баалдын артынан жүрүштү.
15 Ошон үчүн Ысрайылдын Себайот Кудай-Теңири мындай дейт: Мына, Мен аларга, бул элге, эрмен жедирем, өт кошулган суу ичирем.
16 Аларды өздөрү да, ата-бабалары да билбеген элдердин арасына чачыратып жиберем, аларды жок кылмайынча, артынан кылыч жиберем».
Жүрөгү сүннөт кылынбагандарга берилген эскертүү
17 Себайот Теңир мындай дейт: «Ойлонгула, кошокчуларды чакыргыла, алар келишсин. Бул ишке мыкты кошокчуларды чакырткыла, алар келишсин».
18 Алар тез келишсин, биз тууралуу ыйлашсын, биздин көздөрүбүздөн жаш куюлсун, кирпиктерибизден суу аксын.
19 Анткени Сиондон ыйдын үнү угулуп жатат: «Биз кандай тонолдук! Биз ырайымсыз маскара болдук, анткени биз жерибизди таштап кетип жатабыз, анткени биздин турак-жайларыбызды кыйратышты».
20 Ошондуктан, аялдар, Теңирдин сөзүн уккула, кулагыңар Анын оозунан чыккан сөздөрдү уксун. Кыздарыңарды ыйлаганга үйрөткүлө, бири-бириңерге кошок үйрөткүлө.
21 Анткени өлүм балдарыбызды көчөдөн, уландарыбызды аянттан кырыш үчүн, терезелерибизден кирип келди, ак сарайларыбызга кирип келди.
22 «Аларга айт: Теңир мындай дейт: “Адамдардын өлүктөрү талаадагы кыктай, орокчунун артындагы боодой кулайт, аларды жыйнаганга эч ким чыкпайт.
23 Теңир мындай дейт: Акылман акылына мактанбасын, күчтүү күчүнө мактанбасын, бай байлыгына мактанбасын.
24 Бирок мактана турган адам Менин жер үстүндө ырайымдуулукту, акыйкаттыкты жана чындыкты жараткан Теңир экенимди түшүнгөнү менен, билгени менен мактансын. Анткени Мага ушул гана жагат, – дейт Теңир.
25 Мына, сүннөткө отургузулгандардын жана сүннөткө отургузулбагандардын бардыгын:
26 Мисир менен Жүйүт аймагын, Эдом менен Амондун уулдарын, Маапты жана чекесиндеги чачын кырктырып жүргөндөрдүн бардыгын, чөлдө жашагандарды жазалай турган күндөр келе жатат, – дейт Теңир. – Анткени бул элдердин бардыгы – сүннөткө отургузулбаган элдер, ал эми бүтүндөй Ысрайылдын жүрөгү сүннөтсүз”».
10-БӨЛҮМ
Буркандарга табынуу жана Кудайга чын жүрөктөн табынуу жөнүндө
1 Ысрайыл, Теңирдин силерге айткан сөзүнө кулак салгыла.
2 Теңир мындай дейт: «Бутпарастардын жолдорун үйрөнбөгүлө, бутпарастар корккон асман белгилеринен коркпогула.
3 Анткени элдердин мыйзамдары – курулай убаракерчилик: токойдон дарак кыйып алып, усталары балта менен иштеп чыгып,
4 алтын-күмүш менен каптап, кыймылдабашы үчүн, балка менен мык кагып бекемдешет.
5 Алар жонулган мамыдай, сүйлөшпөйт. Аларды көтөрүп жүрүшөт, анткени алар баса алышпайт. Алардан коркпогула, анткени алар жамандык кыла алышпайт, ошондой эле жакшылык да кыла алышпайт».
6 Сага теңдеш эч ким жок, Теңир! Сен улуусуң, Сенин ысымың кудуреттүүлүгү менен улуу.
7 Сенден ким коркпосун, элдердин Падышасы? Анткени бул бир гана Сага таандык! Анткени бардык элдердин акылмандарынын арасында жана алардын бардык падышачылыктарында Сага теңдеш эч ким жок!
8 Алардын бири калбай түшүнүгү жок жана акылсыз. Алардын окуусунун маанисиздигин бул жыгач күбөлөндүрүп турат.
9 Жалпайтылган күмүштөрү Таршыштан, алтындары Упаздан ташылып келинген, булар уста менен эритүүчүнүн колунан чыккан. Алардын үстүндөгү кийими жакуттан жана ачык кызыл кездемеден. Мунун баары – чеберлердин иши.
10 Ал эми Кудай-Теңир – чындык, Ал – тирүү Кудай жана түбөлүк Падыша. Анын каарынан жер титирейт. Анын каарына элдер чыдай алышпайт.
11 Аларга: «Асман менен жерди жаратпаган кудайлар жер үстүнөн жана асман астынан жок болушат», – дегиле.
Кудайды даңктоо ыры
12 Ал жерди Өз кудурети менен жаратты, ааламды Өз даанышмандыгы менен орнотту, асманды Өз акылы менен жайып койду.
13 Анын үнүнөн асмандагы суулар күркүрөйт, Ал жер кыйырынан булуттарды көтөрөт. Жамгыр үчүн чагылган жаратат, Өзүнүн сактагычтарынан шамал чыгарат.
14 Ар бир адам өз билими менен акылсыздык кылып жатат, ар бир эритүүчү өз бурканы менен өзүн маскара кылып жатат, анткени алардын эритип чыгарган буюму – жалган нерсе, анда рух жок.
15 Бул – курулай убаракерчилик, адашуунун иши. Жазалай турган мезгил келгенде, алар жок болушат.
16 Жакыптын үлүшү алар сыяктуу эмес, анткени анын Кудайы – бардыгынын Жаратуучусу, Ысрайыл – Анын мурасынын таягы, Анын ысымы – Себайот Теңир.
Туткундалып кетүү жөнүндө
17 Курчоодо отурган Сион кызы, өз буюмдарыңды жер үстүнөн чогултуп ал.
18 Анткени Теңир мындай дейт: «Мына, бул жердин тургундарын Мен бул жолу ыргытып жиберем, туткундап кетиши үчүн, аларды тар жерге айдап киргизем».
19 Мага кайгы! Жараатым мени кыйнап жатат, бирок мен мындай деп ойлодум: «Чынында, бул менин кайгым, мен аны көтөрөм.
20 Менин чатырым ээн калды, менин бүт жиптерим үзүлдү. Балдарым менден кетип калышты, алар жок: менин чатырымды кайра тургуза турган, жабууларымды иле турган эч ким жок.
21 Анткени койчулар акылсыз болуп калышты, Теңирди издешкен жок, ошондуктан алар акылсыз иш кылышты, алардын койлорунун баары туш-тушка тарап кетти».
22 Уккула! Мына, кабар угулуп жатат, Жүйүт аймагынын шаарларын эрме чөлгө, чөөлөр жашай турган жерге айлантыш үчүн, түндүк тараптагы өлкөдөн чоң ызы-чуу келе жатат.
23 Теңир, мен адамдын жолу өзүнүн эркинде эмес экенин, өзүнүн бутуна багыт берүү бара жаткандын бийлигинде эмес экенин билем.
24 Теңир, мени жазала, бирок акыйкаттык менен жазала, мени таптакыр жок кылып койбош үчүн, каарданып турганыңда жазалаба.
25 Өз каарыңды Сени билбеген элдерге, Сенин ысымыңды чакырбаган урууларга төк. Анткени алар Жакыпты жеп коюшту, аны жеп коюшту, жок кылышты, анын турак-жайын ээн калтырышты.
11-БӨЛҮМ
Бузулган келишим жөнүндө сөз
1 Жеремияга Теңирден болгон сөз:
2 «Мына бул келишимдин сөздөрүнө кулак салгыла, Жүйүттүн эркектерине жана Иерусалимдин тургундарына айткыла.
3 Аларга мындай деп айт: Теңир, Ысрайылдын Кудайы, мындай дейт: “Бул келишимдин сөздөрүн укпай койгон адамга каргыш тийсин.
4 Ал келишимди Мен силердин ата-бабаларыңарды Мисир жеринен, темир мештен алып чыкканда, аларга: "Менин үнүмдү уккула жана Мен силерге эмнени буйрусам, ошонун баарын аткаргыла, ошондо силер Менин элим болосуңар, Мен силердин Кудайыңар болом", – деп бергем.
5 Бул азыр ишке ашып отургандай, бал менен сүт аккан жерди берем деп, силердин ата-бабаларыңарга берген Өзүмдүн антымды аткарыш үчүн, мен ушундай кылдым”». Ошондо мен жооп кылып: «Оомийин, Теңир!» – дедим.
6 Анан Теңир мага мындай деди: «Бул сөздөрдүн баарын Жүйүттүн шаарлары менен Иерусалимдин көчөлөрүндө жарыя кылып айт: “Бул келишимдин сөздөрүнө кулак салгыла жана аларды аткаргыла.
7 Анткени Мен силердин ата-бабаларыңарды Мисир жеринен алып чыккан күндөн бүгүнкү күнгө чейин, дайыма эскертип келгем. Аларга таң заардан: "Менин үнүмдү уккула!" – деп эскертип келгем.
8 Бирок алар угушкан жок, кулак салышкан жок, тескерисинче, ар кимиси өзүнүн жаман жүрөгүнүн өжөрлүгү менен жүрдү. Ошондуктан Мен ушул келишимде айтылгандардын баарын алардын башына түшүрдүм. Мен буларды аткаргыла деп буйругам, бирок алар аткарышкан жок”».
9 Теңир мага мындай деди: «Жүйүттүн эркектери менен Иерусалимдин тургундары уюшуп чыккынчылык кылганы жатышат.
10 Алар кайрадан Менин сөздөрүмдү угуудан баш тарткан ата-бабаларынын мыйзамсыздыктарына бурулуп кетишти, башка кудайларга кызмат кылып, ошолордун артынан кетишти. Ысрайыл менен Жүйүт Менин алардын ата-бабалары менен түзгөн келишимимди бузушту».
11 Ошондуктан Теңир мындай дейт: «Мына, Мен аларга кайгы каптатам, алар андан кутула алышпайт. Алар Мени чакырганда, аларды укпайм.
12 Ошондо Жүйүттүн шаарлары менен Иерусалимдин тургундары барып, өздөрү жыпар жыттуу зат түтөткөн жасалма кудайларын чакырышат. Бирок ал жасалма кудайлар алардын башына кайгы түшкөндө, эч кандай жардам беришпейт.
13 Анткени, Жүйүт, сенин канча шаарың болсо, ошончо жасалма кудайың бар, Иерусалимде канча көчө болсо, өзүңөрдү уятка калтыра турган ошончо курмандык чалынуучу жайды – Баалга жыпар жыттуу зат түтөтүш үчүн курмандык чалынуучу жайды орнотуп алдыңар.
14 Сен болсо бул эл үчүн суранба, алар үчүн сыйынба, жалынба, анткени алардын башына кырсык түшүп, Мени чакырганда, Мен аларды укпайм.
15 Менин үйүмдө көп жаман иштер болуп жатканда, Менин сүйүктүүмө ал жерде эмне керек? Ыйык эттер да сага жардам бербейт, анткени сен жамандык кылып кубанып жатасың.
16 Теңир сени көгөрүп турган, жакшы жемиштери менен мактанып турган зайтун дарагы деп атады эле. Азыр болсо катуу дүрбөлөңдүн ызы-чуусунда Теңир анын тегерегине от жалындатты, анын бутактары кыйрады.
17 Сени отургузган Себайот Теңир Ысрайыл менен Жүйүттүн кыянаттыгы үчүн сенин башыңа мүшкүл түшөрүн айтты. Буга өздөрү себепкер болду, алар Баалга жыпар жыттуу зат түтөтүп Мени каардантышты».
Жеремияны өлтүрүү үчүн уюшуу
18 Теңир мага ачып берди, мен билем. Сен мага алардын иштерин көрсөттүң.
19 Мен болсо союуга жетеленип бара жаткан момун козудаймын, алардын мага каршы ойлоп жаткан жаман ойлорун билген эмесмин. Алар: «Анын ысымы да мындан ары эскерилбеши үчүн, анын тамагына уулуу жыгач кошуп, аны тирүүлөр жашаган жерден жок кылабыз», – дешкен.
20 Бирок, Теңир Себайот, адамдын жүрөгү менен ичин сынаган адилеттүү Сот! Өзүңдүн алардан өч алганыңды мага көрсөт, анткени мен өз ишимди Сага ишенип тапшырдым.
21 «Теңирдин атынан пайгамбарчылык кылба, болбосо биздин колубуздан өлөсүң», – деп, сени өлтүргүсү келген Анатоттун эркектери жөнүндө Теңир мындай дейт:
22 Ошондуктан Себайот Теңир мындай дейт: «Мына, Мен аларды жазалаймын: алардын жигиттери кылычтан кырылат, алардын уулдары менен кыздары ачкадан өлүшөт.
23 Алардан калдык да калбайт, анткени аларды жазалай турган жыл келгенде, Мен Анатоттун эркектеринин башына мүшкүл түшүрөм».
12-БӨЛҮМ
Жеремиянын Теңирдин эркин сурашы
1 Теңир, эгерде мен Сени менен соттошо турган болсом, Сен адилет болуп чыгасың. Ошондой болсо да мен Сени менен адилеттүүлүк тууралуу сүйлөшөм: Эмне үчүн мыйзамсыздардын жолу ийгиликтүү? Эмне үчүн ишенимсиз адамдардын баары жыргап жашашат?
2 Аларды Сен отургуздуң, алар тамыр жайып, өсүп, мөмө берип жатышат. Сен алардын оозуна жакынсың, бирок алардын жүрөгүнөн алыссың.
3 Мени болсо, Теңир, Сен билесиң, мени көрүп турасың, жүрөгүм Сага карата кандай экенин сынап турасың. Аларды койдой союуга бөлүп, өлө турган күнүнө даярда.
4 Жер качанкыга чейин кайгыра берет? Талаадагы чөптөр качанкыга чейин куурай берет? Анын тургундарынын мыйзамсыздыгынан жаныбарлар менен канаттуулар кырылып жатат, анткени алар: «Ал биздин эмне болорубузду көрбөйт», – дешет.
5 «Сен жөө жүргөндөр менен чуркаганда, алар сени чарчаткан болсо, анан кантип сен аттар менен жарышка чыгасың? Эгерде сен тынч өлкөдө коопсуз жашаган болсоң, анда Иордан дарыясы ташыганда эмне кыласың?
6 Анткени сенин бир туугандарың да, атаңдын үйү да, алар да сага ишенимсиздик кылып жатышат, алар сенин артыңдан катуу кыйкырып жатышат. Сага жакшы сүйлөшсө да, аларга ишенбегин.
Теңирдин Өз эли үчүн кайгырышы
7 Мен Өз үйүмдү таштадым, Өз энчимди таштадым. Менин жанымдын эң жакшы көргөнүн душмандарынын колуна бердим.
8 Өз энчим Мен үчүн токойдогу арстандай болуп калды. Ал Мага үнүн көтөрдү, ошон үчүн Мен аны жек көрүп калдым.
9 Өз энчим Мен үчүн башка жырткыч куштар ар тараптан кол салган кооз куштай болуп калды. Келгиле, бүт талаа жырткычтары, чогулгула, аны жеш үчүн келгиле.
10 Көп койчулар Менин жүзүмдүгүмдү бузуп салышты, буттары менен Менин жеримди тебелеп салышты. Менин жакшы көргөн жеримди ээн талаага айландырышты,
11 аны чөлгө айландырышты. Ал ээн калып, Менин алдымда ыйлап жатат. Бардык жер ээн калды, анткени бир да адам муну жүрөгүнө кабыл алган жок».
12 Чөлдөгү тоолордун бардыгына кыйратуучулар келишти, анткени Теңирдин кылычы жердин бир кыйырынан экинчи кыйырына чейин кыйратып жатат: эч бир тирүү жанга тынчтык жок.
13 Алар буудай айдашты, бирок тикенек оруп алышты; кыйналышты, бирок эч кандай пайда табышкан жок. Өзүңөрдүн ишиңердин жемишинен, Теңирдин жалындаган каарынан уялгыла.
Теңирдин Ысрайылдын кошуналарына убада бериши
14 Теңир мындай дейт: «Өз элим Ысрайылга мураска берген энчиге кол салган бардык каардуу кошуналарымды Мен өз жеринен бүркүп чыгарам, Жүйүттү да алардын арасынан бүркүп чыгарам.
15 Бирок Мен аларды бүркүп чыгаргандан кийин, аларга кайрадан ырайым кылып, ар бирин өз энчисине, ар бирин өз өлкөсүнө кайра алып келем.
16 Эгерде алар Менин элиме Баалдын ысымы менен убада бергенди үйрөткөндөй, Менин ысымым менен “Теңир тирүү!” деп убада бериш үчүн, Менин элимдин жолдорун үйрөнүшсө, анда Менин элимдин арасына киришет.
17 Эгерде тил алышпаса, анда Мен ал элди түп-тамыры менен жок кылам, таптакыр тукум курут кылам», – дейт Теңир.
13-БӨЛҮМ
Абайлатуу: жараксыз кур
1 Теңир мага: «Бар, өзүңө зыгыр кур сатып ал, аны менен белиңди курча, бирок аны сууга салба», – деди.
2 Ошондо мен Теңирдин сөзү боюнча кур сатып алып, аны белиме курчадым.
3 Мага Теңирден экинчи жолу мындай сөз айтылды:
4 «Сен сатып алып, белиңе курчаган курду ал да, тур, Эфратка бар, аны ошол жерге, асканын жаракасына катып кой».
5 Теңир мага буйругандай, мен бардым да, аны Эфратка катып койдум.
6 Көп күн өткөндөн кийин, Теңир мага: «Тур, Эфратка бар, Мен сага катып кой деген жерден курду ал», – деди.
7 Мен Эфратка келип, курду катып койгон жерден казып алдым. Кур бузулуп, эч нерсеге жараксыз болуп калыптыр.
8 Ошондо мага Теңирден сөз болду:
9 Теңир мындай дейт: «Жүйүттүн текебердигин жана Иерусалимдин ыгы жок текебердигин ушинтип кыйратам.
10 Менин сөздөрүмдү уккусу келбеген, өзүнүн жүрөгүнүн өжөрлүгү менен жашаган, башка кудайларга кызмат кылып, аларга таазим этиш үчүн, алардын артынан жүргөн ушул болбогон эл эч нерсеге жарабай калган ушул кур сыяктуу болот.
11 Анткени кур адамдын белине жакын жаткандай, Мен Ысрайыл менен Жүйүттү Өзүмө жакындаттым, – дейт Теңир, – алар Менин элим болсун дедим, алар Менин даңкым, мактанычым, көркүм болсун дедим, бирок алар тил алышкан жок.
Абайлатуу: шарап куюлуучу чанач
12 Ошондуктан аларга мына бул сөздү айт: Ысрайылдын Кудай-Теңири мындай дейт: “Шарап куюлуучу ар бир чанач шарапка толуп жатат”. Алар сага: “Биз эмне, шарап куюлуучу ар бир чанач шарапка толорун билбейт бекенбиз?” – дешет.
13 Сен болсо аларга мындай де: Теңир мындай дейт: “Мына, Мен бул жердин бардык тургундарын, Дөөттүн тагында отурган падышаларды, ыйык кызмат кылуучулар менен пайгамбарларды, Иерусалимдин бардык тургундарын мас болгуча шарапка тойгузам.
14 Аларды бири-бирине уруп кыйратам, аталарын да, уулдарын да кыйратам, – дейт Теңир. Аларды аябайм, аларга ырайым кылбайм, аларды кырганыма өкүнбөйм”».
Текебер болуудан абайлатуу
15 Кулак салгыла, уккула. Текебер болбогула, анткени Теңир айтып жатат.
16 Теңир караңгылык каптата электе, караңгылыктын тоосунда бутуңар мүдүрүлө электе, Кудай-Теңириңерди даңктагыла. Ошондо силер жарыкты күтөсүңөр, бирок Теңир аны өлүм көлөкөсүнө айлантып, караңгылык кылат.
17 Эгерде силер муну укпай турган болсоңор, анда менин жаным жашыруун жерлерде силердин текебердигиңер үчүн ыйлайт, катуу ыйлайт, көздөрүмдөн жаш төгүлөт, анткени Теңир үйүрү туткундалып кетет.
18 «Падыша менен ханышага мындай деп айт: “Моюн сунгула, төмөнүрөөк отургула, анткени силердин башыңардан даңкыңардын таажысы кулады”.
19 Түштүктөгү шаарлар жабылуу, аларды ача турган эч ким жок. Жүйүт бүт бойдон туткунга кетип жатат, бүт бойдон туткунга кетти.
20 Башыңарды көтөрүп, түндүктөн келе жаткандарды карагыла: сага берилген үйүр кайда, сенин сонун үйүрүң кайда?
21 Сион кызы, Теңир сени жазалаганда, сен эмне дейсиң? Өзүңө үстөмдүк кылууга аларды өзүң үйрөтпөдүң беле. Төрөп жаткан аялдай кыйналып жаткан жоксуңбу?
22 Эгерде сен өз жүрөгүңдө: “Эмне үчүн бул менин башыма түштү?” – дей турган болсоң, бул сенин көп сандаган мыйзамсыз иштериң үчүн болду: этегиң ачылды, согончогуң жылаңачталды.
23 Эфиопиялык адам өз терисин өзгөртө алабы? Илбирс өзүнүн чаар темгилин өзгөртө алабы? Ошондой эле жамандык кылып көнгөн силер, жакшылык кыла аласыңарбы?
24 Ошондуктан аларды чөл шамалы учурган топондой кылып учуруп жиберем.
25 Мына, сенин энчиң, сага Менден ченелген үлүш ушул, – дейт Теңир, – анткени сен Мени унутуп, жалганчылыкка таяндың.
26 Ошондуктан сенин абийириң ачылышы үчүн, этегиң бетиңе көтөрүлөт.
27 Мен сенин бузуктугуңду, сенин токтолбогон кумарданууңду, тойбостугуңду, талаадагы адырлардын үстүндөгү жийиркеничтүү иштериңди көрдүм. Кайгы сага, Иерусалим! Сен качанкыга чейин тазаланбайсың?»
14-БӨЛҮМ
Кургакчылык болорун алдын ала айтуу
1 Кургакчылык жөнүндө Теңирден Жеремияга болгон сөз:
2 «Жүйүт ыйлап жатат, анын дарбазалары кыйрады, кара кийип отурушат, Иерусалимде өкүрүк чыгып жатат.
3 Төрөлөр кызматчыларын сууга жиберип жатышат. Алар кудуктарга келип, суу таппай жатышат, бош идиштери менен кайтып жатышат. Уят болгон, шылдың болгон алар баштарын жаап алышты.
4 Жерге жамгыр жаабай, кыртыш жарылгандыктан, дыйкандар да уят болуп, баштарын жаап алышты.
5 Атүгүл, элик да талаага тууп, чаарчыктарын таштап кетип жатат, анткени чөп жок.
6 Жапайы эшектер да бийик жерлерге чыгып, чөө сыяктуу аба жутуп жатышат. Алардын көздөрү тунарып калды, анткени чөп жок».
7 Өзүбүздүн мыйзамсыздыгыбыз өзүбүзгө каршы күбөлөндүрүп жатканына карабастан, Сен, Теңир, бизге Өзүңдүн ысымың үчүн жаса. Биз өтө ишенимсиз болдук, биз Сенин алдыңда күнөөгө баттык.
8 Ысрайылдын үмүтү, башына кыйынчылык түшкөндө анын Куткаруучусу! Эмне үчүн Сен бул жерде чоочундайсың, эмне үчүн Сен түнөп кетиш үчүн кирген жолоочудайсың?
9 Эмне үчүн Сен таң калган кишидейсиң, куткара албаган күчтүүдөйсүң? Ошондой болсо да Сен, Теңир, биздин арабыздасың, Сенин ысымың менен аталган бизди таштаба.
10 Теңир бул элге мындай дейт: «Алар тентигенди жакшы көргөндүгү үчүн, буттарын кармабагандыгы үчүн, Теңир аларга ырайым кылбайт, Ал азыр алардын мыйзамсыздыгын эстеп, аларды күнөөлөрү үчүн жазалап жатат».
11 Теңир мага мындай деди: «Сен бул элге жакшы болсун деп сыйынба.
12 Эгерде алар орозо кармашса, Мен алардын ыйын укпайм. Эгерде алар бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык чалышса, тартууларды алып келишсе, Мен аларды кабыл албайм. Бирок Мен аларды кылыч менен, ачарчылык менен, жугуштуу оору менен кырам».
13 Ошондо мен мындай деп айттым: «Кудай-Теңир! Мына, аларга пайгамбарлар мындай деп жатышат: “Кылычты көрбөйсүңөр, силерде ачарчылык болбойт, бирок мен силерге ушул жерде туруктуу тынчтык берем”».
14 Анан Теңир мага мындай деди: «Пайгамбарлар Менин ысымым менен жалган пайгамбарчылык кылып жатышат. Аларды Мен жиберген эмесмин, аларга Мен буйрук берген эмесмин, аларга Мен сүйлөгөн эмесмин. Алар силерге жалган аяндарды, төлгөлөрдү, жок нерселерди, өз жүрөктөрүнүн кыялдарын айтып жатышат».
15 Ошондуктан пайгамбарлар жөнүндө Теңир мындай дейт: «Алар Менин ысымым менен пайгамбарчылык кылып жатышат, бирок Мен аларды жиберген эмесмин. Алар: “Бул жерде кылыч да, ачарчылык да болбойт”, – деп жатышат. Ошондуктан бул пайгамбарлар кылычтан жана ачарчылыктан кырылат.
16 Алар кайсы элге пайгамбарчылык кылса, ошол эл да кылычтан жана ачарчылыктан кырылып, Иерусалимдин көчөлөрүнө ташталат, аларды көмө турган эч ким болбойт, өздөрү да, аялдары да, уулдары да, кыздары да кырылат. Алардын жамандыгын Мен өз баштарына салам.
17 Аларга мына бул сөздү айт: Менин көз жашым күнү-түнү төгүлсүн, токтобосун, анткени менин элимдин кызы, бийкеч чоң кыйроо менен, катуу сокку менен кыйрады.
18 Талаага чыксам, кылычтан кырылгандар жатат; шаарга кирсем, ачкачылыктан жабыркагандар жатат. Ал турсун, пайгамбар да, ыйык кызмат кылуучу да чоочун жерде жүрөт».
Элдин Теңирге жалынышы
19 Чын эле, Сен Жүйүттөн биротоло баш тарттың беле? Чын эле, Сага Сион таптакыр жек көрүнүп калдыбы? Эмне үчүн Сен бизди айыккыс кылып, ушунчалык кырдың? Биз тынчтыкты күтүп жатабыз, бирок эч кандай жакшы нерсе жок. Биз сакая турган мезгилди күтүп жатабыз, бирок мына, коркунуч келди.
20 Теңир, өзүбүздүн мыйзамсыздыгыбызды, ата-бабаларыбыздын күнөөсүн моюнга алып жатабыз, анткени биз Сенин алдыңда күнөөгө баттык.
21 Бизди Өзүңдүн ысымың үчүн четке какпа. Өзүңдүн даңкыңдын тагын кемсинтпе. Эсте, биз менен түзгөн Өзүңдүн келишимиңди бузба.
22 Бутпарастардын маанисиз кудайларынын арасында жамгыр жарата турганы барбы? Же болбосо асман өзүнөн өзү эле нөшөрлөп жамгыр төгө алабы? Биздин Кудай-Теңирибиз Сенсиң, ошондуктан биз Сенден үмүттөнөбүз, анткени мунун баарын Сен жаратып жатасың.
15-БӨЛҮМ
Жүйүттөрдүн жазаланышы
1 Теңир мага мындай деди: «Менин алдыма Муса менен Шемуел келсе да, Менин жаным бул эл менен болбойт. Буларды Менин алдыман кууп жибер, алар кетишсин.
2 Эгерде алар сага: “Биз кайда барабыз?” – дешсе, анда аларга айт: Теңир мындай дейт: “Өлө турган адам өлсүн, кылычтан өлө турган кылычтан өлсүн, ачкачылыкка дуушар боло турган адам ачкачылыкка дуушар болсун, туткунга кете турган адам туткунга кетсин”.
3 Теңир мындай дейт: Мен аларга төрт түрдүү жаза жиберем. Өлтүрүш үчүн кылычты, тытыш үчүн дөбөттөрдү, жеш үчүн, кырыш үчүн асман канаттууларын жана талаа жырткычтарын жиберем.
4 Жүйүт падышасы, Хиския уулу Менашенин Иерусалимде кылган иштери үчүн, Мен аларды бүт падышачылыктардын үрөйүн учурган коркунучка айлантам.
5 Анткени сени ким аяйт, Иерусалим? Ким сага боор ооруйт? Сенин аман-эсендигиңди сураш үчүн, сеникине ким кирет?
6 Сен Мени таштап койдуң, – дейт Теңир, – артка кеттиң. Ошондуктан Мен сага колумду сунуп, сени жок кылам: Мен ырайым кылгандан чарчадым.
7 Мен аларды сапыргыч менен жердин дарбазасынан нары сапырып жатам. Аларды балдарынан ажыратып жатам, Өз элимди кырып жатам, бирок алар өз жолдорунан бурулбай жатышат.
8 Мен алардын жесирлерин деңиз кумунан көп кылам. Энеге жана анын уулдарына чак түштө кыйратуучуну жөнөтөм. Күтүлбөгөн жерден алар дүрбөлөңгө түшүп, үрөйлөрү учат.
9 Жетини төрөгөн аял алсырап жатып жан берди. Анын күнү күндүз эле баткан, ал уятка калган, маскара болгон. Анан алардын калдыгын өздөрүнүн душмандарынын көз алдында кылычка салып берем, – дейт Теңир».
Жеремиянын арызданышы жана Теңирдин жообу
10 Эне, сен мени талашып-тартышкан, бүт жер жүзү менен чатакташкан адам кылып төрөгөнүң үчүн, мага кайгы! Мен эч кимге үстөккө берген эмесмин, мага да эч ким үстөккө берген эмес, бирок бардыгы мени каргап жатышат.
11 Теңир мындай деди: «Сенин акыркы күндөрүң жакшы болот, башыңа кыйынчылык түшкөн убакта, кайгы учурунда Мен душманыңды сага жакшы мамиле кылууга мажбур кылам.
12 Темир түндүк темирин жана жезди талкалай алабы?
13 Сенин мал-мүлкүңдү жана байлыктарыңды талатып-тонотом. Бул өзүңдүн бардык жерлериңдеги бардык күнөөлөрүң үчүн болот.
14 Сени душмандарың менен кошо өзүң билбеген жерге жөнөтөм, анткени Менин каарымдын оту тутанды, ал силерге каршы жалындайт».
15 Оо Теңир! Сен баарын билесиң. Мени эстеп, мага кел, мен үчүн куугунчуларымдан өч ал. Мени өлтүрбө, анткени Сен өтө чыдамдуусуң. Сен билесиң, мен Сен үчүн кордук көрүп жатам.
16 Мен Сенин сөздөрүңө кулак салып, аларды жутуп алдым. Сенин сөзүң мен үчүн кубаныч, менин жүрөгүмө шаттык болуп калды, анткени, Себайот Кудай-Теңир, мен Сенин ысымың менен аталам.
17 Мен күлгөндөрдүн арасында отурган жокмун, кубанган жокмун. Мен Сенин оор колуңдун астында жалгыз отурдум, анткени Сен мени ачуу сезимге толтурдуң.
18 Эмне үчүн менин оорум айыкпас оору? Эмне үчүн менин жараатым оор, дарылоого мүмкүн эмес? Чын эле, Сен мен үчүн алдамчы агын суу сыяктуу, ишенимсиз суу сыяктуу болуп каласыңбы?
19 Буга Теңир мындай деп айтты: «Эгерде сен кайрылып келсең, Мен сени кабыл алам, Менин алдымда турасың. Эгерде сен жаман сөздөн жакшы сөздү ажырата билсең, анда Менин оозумдай болосуң. Алар сага өздөрү кайрылышат, сен аларга кайрылбайсың.
20 Ошондо сени бул эл үчүн бекем жез дубал кылам. Алар сага каршы күрөшүшөт, бирок сени жеңе алышпайт, анткени сени сакташ үчүн, куткарыш үчүн, Мен сени мененмин, – дейт Теңир.
21 Сени каардуулардын колунан сактайм, сени эзүүчүлөрдүн колунан куткарам».
16-БӨЛҮМ
Жеремиянын жашоосу тууралуу
1 Мага Теңирден сөз болду:
2 «Сен аял алба, бул жерде сенин уулдарың да, кыздарың да болбосун».
3 Анткени бул жерде төрөлүп жаткан уулдар жана кыздар тууралуу, аларды төрөп жаткан энелер тууралуу, аларды төрөткөн аталар тууралуу Теңир мындай дейт:
4 «Алар оор өлүм менен өлүшөт, аларды жоктоп ыйлашпайт, алар көмүлбөйт. Алар жер үстүндө кык болушат. Алар кылычтан жана ачкачылыктан кырылышат, алардын өлүктөрү асман канаттууларына, жердеги жырткычтарга азык болот».
5 Анткени Теңир мындай дейт: «Кайгы тарткандардын үйүнө кирбе, ыйлаганы барба, аларды жоктоп ыйлаба. Анткени Мен бул элден Өзүмдүн тынчтыгымды, ырайымымды жана аёомду тартып алдым, – дейт Теңир.
6 Бул жерде улуулар да, кичүүлөр да өлүшөт. Алар көмүлбөйт, аларды жоктоп ыйлашпайт, өздөрүн тытышпайт, алар үчүн чачтарын кырдырышпайт.
7 Алар үчүн кайгы учурунда, өлгөн киши жөнүндө көңүл айтып нан сындырышпайт. Алардын атасы жөнүндө, энеси жөнүндө көңүл айтып чөйчөк сунушпайт.
8 Ошондой эле той болуп жаткан үйгө кирбе, алар менен отуруп жеп-ичпе».
9 Анткени Ысрайылдын Кудайы, Себайот Теңир мындай дейт: «Мына, Мен бул жерде силердин көз алдыңарда, силердин бүт күндөрүңөрдө кубанычтын жана шаттыктын үнүн, күйөөнүн жана колуктунун үнүн токтотом.
10 Сен бул сөздөрдүн баарын бул элге айтып бергениңде, алар сага: “Эмне үчүн Теңир бизге каршы бул оор кайгынын баарын айтты, биздин айыбыбыз кайсы, Кудай-Теңирибиздин алдында кылган күнөөбүз кайсы?”, – дешсе,
11 анда аларга мындай де: “Анткени силердин ата-бабаларыңар Мени таштап коюшту, – дейт Теңир, – башка кудайларды ээрчип кетишти, аларга кызмат кылышты, аларга табынышты, Мени болсо таштап коюшту, Менин мыйзамдарымды сакташкан жок.
12 Силер болсо ата-бабаларыңардан да жаман кылып жатасыңар, Мени укпай, ар кимиңер жаман жүрөгүңөрдүн өжөрдүгү боюнча жашап жатасыңар.
13 Бул үчүн Мен силерди бул жерден өзүңөр да, ата-бабаларыңар да билбеген жерге ыргытып жиберем, ошол жерде башка кудайларга күнү-түнү кызмат кыласыңар, анткени Мен силерге ырайым кылбайм”.
Куулуп кеткен жерлерден кайра алып келүү жөнүндөгү убада
14 Ошондуктан мына, күндөр келе жатат, – дейт Теңир, – ошол күндөрү “Ысрайыл уулдарын Мисир жеринен алып чыккан Теңир тирүү!” деп айтпай калышат.
15 Бирок “Ысрайыл уулдарын түндүк жеринен жана аларды кайсы жерлерге кууп жиберсе, ошол жерлердин баарынан алып чыккан Теңир тирүү”. Анткени Мен аларды ата-бабаларына берген жерге кайрадан алып келем.
Келечекте боло турган жаза жана элдин кайтып келиши
16 Мына, Мен көптөгөн балыкчыларды жиберем, – дейт Теңир, – ошол балыкчылар аларды кармашат. Андан кийин көп аңчыларды жиберем, ошол аңчылар аларды ар кайсы тоодон, ар кайсы адырдан жана аскалардын капчыгайларынан кармашат.
17 Анткени Менин көздөрүм алардын бардык жолдорунда, алар Менин жүзүмдөн жашыруун эмес, алардын анткорлугу Менин көзүмдөн жашыруун эмес.
18 Ошондуктан Мен аларды баарынан мурда анткорлугу үчүн, күнөөсү үчүн эки эсе жазалайм, анткени алар Менин жеримди булгашты. Менин мурасымды алар өздөрүнүн жийиркеничтүү өлүктөрүнө жана жийиркеничтүү нерселерине толтурушту».
Теңирге таянуу сыйынуусу
19 Теңир! Менин күчүм, кубатым, кайгы күнү баш паанам Сенсиң! Сага жер кыйырынан элдер келип, мындай дешет: «Биздин ата-бабаларыбыз жалганды, эч кандай пайдасы жок курулай кудайларды гана мурастап келишти».
20 Адам өзүнө кудай эмес нерселерди кудай кыла алабы?
21 «Ошондуктан мына, Мен азыр аларга көрсөтөм, Мен аларга Өз колумду жана Өзүмдүн кудуретимди көрсөтөм, ошондо алар Менин ысымым Теңир экенин билишет.
17-БӨЛҮМ
Жүйүт аймагындагылардын күнөөсү жана алардын жазаланышы
1 Жүйүттүн күнөөсү темир кескич менен, алмаздын мизи менен алардын жүрөк лоокторуна жана алардын курмандык чалынуучу жайларынын мүйүздөрүнө жазылды.
2 Алар өз уулдарын эстегендей, өздөрүнүн курмандык чалынуучу жайлары тууралуу, бийик дөбөлөрдөгү, жашыл дарактардын түбүндөгү Ашейра мамылары тууралуу эстешет.
3 Талаадагы Өзүмдүн тоомду, сенин мал-мүлкүңдү, сенин бардык асыл буюмдарыңды талап-тоноого берем, сенин бардык бутканаларыңды бардык аймактарыңдагы күнөөлөрүң үчүн талап-тоноого берем.
4 Мен берген мурастан ажыраганга сен өзүң себепкер болосуң, анан сени өзүң билбеген жердеги душмандарыңа кулчулукка берем, анткени силер Менин каарымдын отун жалындаттыңар, ал түбөлүккө күйө берет».
Санат сөз
5 Теңир мындай дейт: «Адамдан үмүттөнгөн, өз денесин тирек кылган, жүрөгү Теңирден алыстаган адамга каргыш!
6 Ал адам чөлдөгү бадалдай болот, ал ырайымдын келгенин көрбөйт, чөлдөгү ысык жерлерге, түшүм бербеген, эч ким жашабаган жерге отурукташат.
7 Теңирден үмүттөнгөн, Теңирге таянган адам баталуу.
8 Анткени ал адам суу боюна тигилген, тамырын суу түбүнө жайган дарактай болот. Ал аптапты сезбейт. Анын жалбырактары жашыл бойдон турат, ал кургакчылык убагында да коркпойт, мөмө берүүсүн токтотпойт.
9 Адамдын жүрөгү өтө анткор, өтө бузулган, аны ким биле алат?
10 Мен, Теңир, ар бир адамга өзүнүн жолуна жана кылган иштеринин жемишине жараша тиешесин берүү үчүн, жүрөккө чейин кирип, ички дүйнөнү сынап турам.
11 Байлыкты жалган жол менен тапкан адам өзү туубаган жумурткаларды басып отурган кекиликтей: ал байлыкты өмүрүнүн жартысында калтырат, өмүрүнүн аягында акылсыз бойдон калат».
12 Биздин ыйыктала турган жайыбыз – башынан эле жогору көтөрүлгөн даңк тагында.
13 Сен, Теңир, Ысрайылдын үмүтүсүң. Сени таштаган адамдардын баары маскара болушат. «Менден четтегендердин бардыгы жерге жазылат, анткени өмүр суусунун булагы болгон Теңирди таштап коюшту».
Жеремиянын сыйынуусу
14 Мени айыктыр, Теңир, ошондо мен айыгам. Мени куткар, ошондо мен куткарылам. Анткени менин мактанычым Сенсиң.
15 Алар мага: «Теңирдин сөзү кайда? Ал келсин!» – дешет.
16 Мен Сенин койчуң болууга шашылган жокмун жана кайгы күнүн каалаган эмесмин, муну Сен билесиң. Менин оозумдан чыккан нерсе Сенин алдыңда ачык.
17 Мен үчүн коркунучтуу болбо, кайгы күнү менин таянычым Сенсиң.
18 Мени куугандар уятка калышсын, бирок мен уятка калбайын. Алар калтырашсын, бирок мен калтырабайын. Аларга кайгы күндү каптат, аларды өзгөчө кыйроо менен кыйрат.
Ишемби күнүн сактоо жөнүндө
19 Теңир мага мындай деди: «Бар, Жүйүт падышалары кире турган жана чыга турган, элдин уулдарынын дарбазаларынын алдында тур, Иерусалимдин бардык дарбазаларынын алдында тур.
20 Анан аларга мындай де: “Жүйүт падышалары, бардык Жүйүт эли жана ушул дарбазалар менен кирген Иерусалимдин бардык тургундары, Теңирдин сөзүн уккула.
21 Теңир мындай дейт: "Өз жаныңарды сактагыла, ишемби күнү жүк көтөрбөгүлө, Иерусалимдин дарбазалары аркылуу жүк көтөрүп кирбегиле.
22 Ишемби күнү үйүңөрдөн жүк көтөрүп чыкпагыла, эч кандай жумуш кылбагыла, бирок ишемби күндү Мен силердин ата-бабаларыңарга кандай буйрусам, ошондой кылып ыйык туткула.
23 Бирок алар укпай коюшкан, кулак төшөбөй коюшкан, акыл-насаатты укпаш үчүн, аны кабыл албаш үчүн, тоң моюн болуп калышкан.
24 Эгерде силер Менин тилимди алып, – дейт Теңир, – ишемби күнү бул шаардын дарбазалары аркылуу жүк көтөрүп кирбесеңер, бул күнү эч кандай жумуш жасабай, аны ыйык тутсаңар,
25 анда бул шаардын дарбазалары аркылуу Дөөттүн тагында отурган падышалар менен төрөлөр, араба менен жүргөндөр, атка минип жүргөндөр киришет. Алар жана алардын мырзалары, жүйүттөр жана Иерусалимдин тургундары киришет, ошентип, бул шаар түбөлүккө эл жашаган шаар болот.
26 Ошондо Жүйүт шаарларынан да, Иерусалимдин айланасынан да, Бенжемин жеринен да, түздүктөрдөн да, тоолордон да, түштүктөн да келишет, Теңир үйүнө бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды жана башка курмандыктарды, нан курмандыктарын, жыпар жыттуу заттарды жана ыраазычылык курмандыктарын алып келишет.
27 Эгерде Менин тилимди албай, ишемби күнүн ыйык тутпай, ишемби күнү Иерусалимдин дарбазасы аркылуу жүк көтөрүп кирсеңер, анда анын дарбазасына от коём, ал Иерусалимдин чептерин жалмайт, өчпөйт"”».
18-БӨЛҮМ
Кудайдын карапачынын үйүнөн сүйлөгөн сөзү
1 Жеремияга Теңирден болгон сөз:
2 «Тур, карапачынын үйүнө түш, ошол жерде Мен сага Өзүмдүн сөздөрүмдү айтам».
3 Ошондо мен карапачынын үйүнө түштүм, ал карапа жасаган тегерек куралда өз ишин жасап жатыптыр.
4 Карапачы топурактан жасап жаткан идиш анын колунда бузулуп калды. Ошондо ал кайрадан ошол топурактан өзү каалаган башка бир идиш жасады.
5 Ошондо мага Теңирден сөз болду:
6 «Ысрайыл, Мен силерге ушул карапачы кылгандай кыла албайт бекем? – дейт Теңир. – Карапачынын колунда топурак кандай болсо, силер да Менин колумда ошондойсуңар, Ысрайыл.
7 Кээде Мен кайсы бир эл же падышачылык жөнүндө анын тамырын жулам, талкалайм, жок кылам деп айтам.
8 Бирок Мен айткан ошол эл өзүнүн жаман иштеринен баш тартса, Мен аларга жамандык кылам деген оюмдан кайтам.
9 Ал эми кээде Мен кайсы бир эл же падышачылык жөнүндө аны орнотом жана бекемдейм деп айтам.
10 Бирок алар Менин көз алдымда жамандык кылып, Менин үнүмдү укпай турган болсо, Мен аларга ырайым кылам деген оюмдан кайтам.
11 Ошондуктан Жүйүттүн адамдарына жана Иерусалимдин тургундарына айт: Теңир мындай дейт: “Мына, Мен силерге жамандык даярдап жатам, силерге каршы жамандык ойлоп жатам. Ошондуктан ар бириңер өзүңөрдүн жаман жолуңардан бурулгула, жолдоруңарды жана иштериңерди оңдогула”.
12 Бирок алар мындай деп айтышат: “Yмүт кылба, биз өзүбүздүн оюбуз боюнча жашайбыз, ар бирибиз жаман жүрөгүбүздүн өжөрлүгү боюнча иш кылабыз”».
13 Ошондуктан Теңир мындай дейт: «Элдер арасынан сурагыла, ушундай нерсени уккан адам бар бекен? Ысрайыл кызы өтө жийиркеничтүү иштерди кылды.
14 Лебанон тоосунун чокусунан кар кетеби? Башка жерлерден аккан муздак суулар соолуп калабы?
15 Менин элим болсо Мени таштап кетти. Алар жалган кудайларга жыпар жыттуу зат түтөтүп жатышат, өз жолдорунда мүдүрүлүштү, салынбаган жол менен жүрүш үчүн,
16 өздөрүнүн жерин көргөн элдин үрөйүн учурган жер кылыш үчүн, түбөлүк шылдыңга калтырыш үчүн, байыркы жолдорун ташташты. Ошондуктан ал жер менен өткөн ар бир адам таң калып, башын чайкайт.
17 Аларды чыгыш шамалы сыяктуу душмандын көз алдында сапырам. Башына мүшкүл түшкөн күнү аларга жүзүмдү бурбастан, аркамды салам».
Жеремиянын Кудайдан жардам сурап сыйынышы
18 Алар болсо: «Келгиле, Жеремияга каршы жаман ой түзөбүз, анткени ыйык кызмат кылуучунун мыйзамы, акылмандын кеңеши, пайгамбардын сөзү жоголо элек. Келгиле, аны тилибиз менен өлтүрүп, сөзүн укпай коёбуз», – деп айтышты.
19 Мени ук, Теңир, менин душмандарымдын үнүн ук.
20 Жакшылыкка жамандык кылса болобу? Алар болсо менин жаным үчүн ор казып жатышат. Алар жөнүндө жакшы нерсе айтыш үчүн, Сенин каарыңды алардан кайт кылдырыш үчүн, Өзүңдүн алдыңда турганымды эстегин.
21 Ошондуктан алардын балдарын ачарчылыкка калтыр, аларды кылыч менен кыр. Алардын аялдары баласыз калышсын, жесир калышсын, күйөөлөрү өлүмгө берилсин, уландары майданда кылычтан кырылсын.
22 Сен аларга күтүлбөгөн жерден аскерлерди каптатканда, алардын үйлөрүнөн өкүрүк угулуп турсун. Анткени алар мени колго түшүрүш үчүн, ор казып жатышат, буттарым үчүн жашыруун тузак тартып коюшту.
23 Бирок Сен, Теңир, алардын мени өлтүрүш үчүн ойлогон бардык ойлорун билесиң. Алардын анткорлугун кечирбе, алардын Сенин алдыңдагы күнөөсүн унутпа. Алар Сенин алдыңда кулатылсын. Аларды Өзүң каарданып жатканда жазала.
19-БӨЛҮМ
Талкаланган кумурадай…
1 Теңир мындай деди: «Бар, карапачыдан чопо кумура сатып ал. Өзүң менен кошо эл аксакалдарын жана ыйык кызмат кылуучулардын башчыларын ал.
2 Анан Харсит дарбазасынын алдындагы Ином уулдарынын өрөөнүнө чык, ошол жерде Мен сага айта турган сөздөрдү жарыя кыл.
3 Ошондо мындай де: “Жүйүт падышалары жана Иерусалим тургундары, Теңирдин сөзүнө кулак салгыла! Ысрайылдын Кудайы, Себайот Теңир мындай дейт: "Мына, бул жерге Мен кайгы каптатам, ал тууралуу уккан адамдын кулагы тунат.
4 Анткени алар Мени таштап кетишти, бул жерди Мага жат жер кылышты, бул жерде өздөрү да, ата-бабалары да, Жүйүт падышалары да билбеген башка кудайларга жыпар жыттуу зат түтөтүштү, бул жерди айыпсыз канга толтурушту.
5 Баалга бутканаларды курушту, өз уулдарын Баалга арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка өрттөштү, Мен аны буйрук кылган эмесмин, айткан эмесмин, ал Менин оюма да келген эмес.
6 Ошон үчүн, мына, күндөр келе жатат, – дейт Теңир, – ошол күндөрдөн кийин бул жер Топет же Ином уулдарынын өрөөнү эмес, Өлтүрүү өрөөнү деп аталып калат.
7 Бул жерде Жүйүттүн да, Иерусалимдин да кеңешин жок кылам, аларды өз душмандарынын көз алдында кылыч менен, аларды өлтүргүсү келгендердин колу менен өлтүрөм, алардын өлүктөрүн асман канаттууларына жана жердеги жырткычтарга азык кылам.
8 Бул шаарды көргөн элдин үрөйүн учургудай кылам, күлкүгө айлантам. Бул шаар аркылуу өткөн ар бир адам таң калат, анын бардык жараатын көрүп ышкырат.
9 Аларга өз уулдарынын жана өз кыздарынын этин жедирем. Аларды өлтүргүсү келген душмандары кысымга алганда, курчоодо, эзүүдө жатып, ар кимиси өз жакынынын этин жейт"”.
10 Анан сени менен келген кишилердин көз алдында кумураны талкала.
11 Аларга мындай деп айт: Себайот Теңир мындай дейт: “Мен бул элди жана бул шаарды карапачынын талкаланган, калыбына келбей турган идишиндей кылып талкалайм. Көмүүгө жер жетишсиз болгондуктан, аларды Топетте көмүшөт.
12 Бул жерди, – дейт Теңир, – жана бул жерде жашагандарды так ушундай кылам, бул шаарды Топеттей кылам.
13 Иерусалимдин үйлөрү да, Жүйүт падышаларынын үйлөрү да Топет жериндей таза эмес жер болот, анткени бардык үйлөрдүн төбөсүндө бардык асман кошуундарына жыпар жыттуу зат түтөтүшөт, бөтөн кудайларга куюлуучу курмандыктарын куюшат”».
14 Жеремия Теңир пайгамбарчылык кылууга жиберген Топеттен келип, Теңир үйүнүн короосунда туруп алып, бүт элге мындай деп айтты:
15 «Ысрайылдын Кудайы, Себайот Теңир, мындай дейт: “Мына, Мен бул шаарга жана Жүйүттүн бардык шаарларына, ага каршы айткан бүт кайгыны каптатам, анткени алар – тоң моюн эл, Менин сөздөрүмдү угушпайт”».
20-БӨЛҮМ
Жеремия менен Пашкур
1 Теңир үйүнүн башкы күзөтчүсү, ыйык кызмат кылуучу Имейирдин уулу Пашкур Жеремиянын пайгамбарчылык кылып айткан ушул сөздөрүн укканда,
2 Жеремия пайгамбарды уруп, Теңир үйүнүн алдындагы Бенжеминдин жогорку дарбазасынын жанында турган көзөнөк жыгачка отургузуп койду.
3 Бирок экинчи күнү Пашкур Жеремияны көзөнөк жыгачтан чыгарды. Ошондо Жеремия ага: «Теңир сага Пашкур деген ысым берген эмес, Ал сага Магор Мисабип деген ысым берген», – деди.
4 Анткени Теңир мындай дейт: “Мына, Мен сени өзүңө жана өзүңдүн бардык досторуңа коркунучтуу кылам, алар өз душмандарынын кылычынан кырылышат, аны сен өз көзүң менен көрөсүң. Бүт Жүйүттү Бабыл падышасынын колуна салып берем, аларды Бабылга алып кетип, кылычтап өлтүрүшөт.
5 Анан бул шаардын бардык байлыктарын, алардын эмгектенип тапкандарынын баарын, анын бардык асыл мүлктөрүн жана Жүйүт падышаларынын бардык казыналарын алардын душмандарына берем, аларды талап-тоноп алып, Бабылга жөнөтүшөт.
6 Пашкур, сен жана сенин үйүңдө жашагандардын бардыгы туткунга кетесиңер. Сен Бабылга келип, ошол жерде өлөсүң, ошол жерге көмүлөсүң, сен кайсы досторуңа жалган пайгамбарчылык кылсаң, ал досторуң да ошол жерге көмүлөт”».
Пайгамбардын кайгырышы
7 Сен мени Өзүңө көндүрдүң, Теңирим, мен да көндүм. Сен менден күчтүүсүң, ошондуктан жеңип чыктың, мен күн сайын шылдың болуп жатам, ар ким мени шылдың кылып жатат.
8 Анткени мен сүйлөй баштаганда эле, зордук жөнүндө кыйкырам, кыйроо жөнүндө өкүрөм, анткени Теңирдин сөзү үчүн мени шылдың кылышты, күнүгө күлкү кылышты.
9 Ошондо мен: «Мындан ары Теңир жөнүндө адамдардын эсине салбайм, мындан ары Анын атынан сүйлөбөйм», – деп ойлодум, бирок Теңирдин сөзү жүрөгүмдө, сөөктөрүмдө камалган алоолонгон оттой болду. Аны мен ката албай калдым, анткени катып жүрүп кыйналып бүттүм.
10 Анткени мен көп адамдардын жалааларын уктум, туш-туштан мындай деген коркутуулар: «Билдиргиле, биз болсо анын үстүнөн сөз жеткирип барабыз». Мүдүрүлүп кетер бекен деп, мени менен тынчтыкта жашагандардын баары артыман аңдып турушат: «Балким, ал колго түшөр, ошондо биз аны жеңип алабыз, андан өчүбүздү алабыз», – дешет.
11 Бирок күчтүү аскердей болгон Теңир мени менен. Ошондуктан мени куугунтуктагандар өздөрү мүдүрүлүшөт, мени жеңе алышпайт. Катуу уятка калышат, анткени акылсыздык кылышты. Түбөлүккө маскара болушат, эч качан унутулбайт.
12 Кудуреттин Теңири! Сен адил адамды сынап турасың, ички дүйнөнү жана жүрөктү көрүп турасың. Сенин алардан өч алганыңды көрсөм экен, анткени мен өзүмдүн ишимди Сага ишенип тапшыргам.
13 Теңирге ырдагыла, Теңирди мактагыла, анткени Ал каардуулардын колунан жакырдын жанын куткарат.
14 Мен төрөлгөн күнгө каргыш! Энем мени төрөгөн күн батасыз болсун!
15 Менин атама: «Сен уулдуу болдуң», – деп сүйүнчүлөп келип, аны аябай сүйүнткөн адамга каргыш!
16 Ал адам Теңир кыйраткан, кыйратканына өкүнбөгөн шаарлардай болуп калсын. Ал эртең менен ый, түштө өкүрүк уксун.
17 Эмне үчүн Теңир мени энемдин курсагында жатканда эле өлтүрүп салган жок? Өз энем мага мүрзө болмок, ал түбөлүккө боюнда бар бойдон калмак.
18 Мен эмне үчүн энемдин ичинен чыктым экен? Кыйынчылык, кайгы көрүш үчүнбү? Менин өмүрүм шылдың менен өтүшү үчүнбү?
21-БӨЛҮМ
Иерусалимдин талкаланышы жөнүндө алдын ала айтуу
1 Теңирден Жеремияга сөз болгондо, Ситкия падыша Малкиянын уулу Пашкурду жана ыйык кызмат кылуучу Маасейдин уулу Сепанияны Жеремияга:
2 «Теңирден биз жөнүндө сура, анткени Бабыл падышасы Небухаданасар биз менен согушуп жатат. Ал бизден чегиниши үчүн, Теңир, балким, биз үчүн Өзүнүн бардык кереметтерине окшош бир кереметти көрсөтөр», – деп айттырыш үчүн жиберди.
3 Ошондо Жеремия аларга мындай деди: «Ситкияга мындай деп айткыла:
4 Ысрайылдын Кудай-Теңири мындай дейт: “Мына, дубалдын сыртында силерди курчап турган Бабыл падышасы жана каздимдер менен салгылашып жаткан колуңардагы согуштук курал-жарактарды Мен артка бурам, анан аларды ушул шаардын ортосуна чогултам.
5 Силер менен Мен Өзүм согушам. Каарымды төгүп, ачууланып, жаалданып сунулган колум, күчтүү билегим менен согушам.
6 Бул шаарда жашагандардын баарын: адамдарды да, малды да кырам, алар чоң жугуштуу оорудан кырылат.
7 Ошондон кийин, – дейт Теңир, – Жүйүт падышасы Ситкияны, анын кызматчыларын, элди жана бул шаарда жугуштуу оорудан, кылычтан, ачарчылыктан кырылган элдин калганын Бабыл падышасы Небухаданасардын колуна, өздөрүнүн душмандарынын колуна жана алардын жандарын издеп жүргөндөрдүн колуна салып берем. Ошондо ал аларды кылычтын мизине алып кырат, аларды аябайт, аларга боор оорубайт, ырайым кылбайт”».
8 «Бул элге айт: Теңир мындай дейт: “Мына, Мен силерге өмүрдүн жолун жана өлүмдүн жолун сунуш кылып жатам:
9 Бул шаарда калган адам кылычтан, ачарчылыктан, жугуштуу оорудан өлөт. Ал эми чыгып, силерди курчап алган каздимдерге багынып берген адам аман калат, ага өзүнүн жаны олжо ордуна болот.
10 Анткени Мен Өз жүзүмдү ушул шаарга каршы бурдум, – дейт Теңир, – жакшылыкка эмес, жамандыкка бурдум. Шаар Бабыл падышасынын колуна берилет, ал аны өрттөйт”.
Жүйүт падышасынын тукумун жазалоо
11 Ал эми Жүйүт падышасынын тукумуна айт: “Теңирдин сөзүн уккула:
12 Дөөт тукуму! Теңир мындай дейт: "Менин каарым оттой жалындабашы үчүн, силердин кыянат иштериңердин себебинен эч ким өчүрө албай тургандай болуп жалбырттап күйбөшү үчүн, таң заардан акыйкаттык кылгыла, тонолгонду талап-тоноочунун колунан куткаргыла.
13 Мына, Мен сага каршымын, өрөөндүн тургуну, түздүктүн аскасы, – дейт Теңир. – 'Бизге ким каршы чыга алат жана биздин турагыбызга ким кире алат?' – деп айткан силерге каршымын.
14 Бирок Мен силерди иштериңердин жемиштерине жараша жазалайм, – дейт Теңир, – силердин токоюңарга от коём, ал от анын тегерегиндегилердин баарын жалмайт"”».
22-БӨЛҮМ
Жүйүт падышасынын үйүнө кайрылуу
1 Теңир мындай деди: «Жүйүт падышасынын үйүнө түшүп, мына бул сөздү айт:
2 Мындай деп айт: “Дөөттүн тагында отурган Жүйүт падышасы, Теңирдин сөзүнө кулак сал, бул дарбазадан кирген сен да, кызматчыларың да, элиң да – баарыңар Теңирдин сөзүн уккула.
3 Теңир мындай дейт: "Адилеттик жана акыйкаттык кылгыла, ыза көргөндү эзүүчүнүн колунан куткаргыла, келгинди, жетимди жана жесирди таарынтпагыла, кысымга албагыла, бул жерде жазыксыз кан төкпөгүлө.
4 Эгерде силер бул сөздөрдү аткара турган болсоңор, анда бул үйдүн дарбазасы аркылуу Дөөттүн ордунда, анын тагында отурган падышалар, арабага түшүп жүргөндөр, атка минип жүргөндөр – өздөрү да, кызматчылары да, эли да кирет.
5 Эгерде силер бул сөздөрдү укпай турган болсоңор, анда Өзүм менен ант берем, – дейт Теңир, – бул үй ээн калат".
6 Анткени Жүйүт падышасынын үйүнө Теңир мындай дейт: Менин Гилатым, сен Лебанондун чокусусуң, бирок Мен сени чөлгө, эл жашабаган шаарга айлантам.
7 Сага каршы ар биринин колунда өз куралы бар кыйратуучуларды даярдайм, алар сенин эң жакшы кедрлериңди кыйып, отко ыргытышат.
8 Ошондо бул шаар аркылуу көптөгөн элдер өтүшөт жана бири-биринен: "Эмне үчүн Теңир бул улуу шаарды ушундай кылды?" – деп сурашат.
9 Ошондо мындай жооп айтышат: "Анткени алар өз Кудай-Теңиринин келишимин таштап коюшту, башка кудайларга табынышты, ошолорго кызмат кылышты"”».
Шалум жөнүндөгү пайгамбарчылык
10 Өлгөн кишини жоктоп ыйлабагыла, аны аябагыла, бирок туткунга кетип бара жаткан адам үчүн катуу ыйлагыла, анткени эми ал кайрылып келбейт, өзүнүн туулган өлкөсүн көрбөйт.
11 Анткени өз атасы Жошиядан кийин падышачылык кылган Жүйүт падышасы – ушул жерден туткунга кеткен Жошия уулу Шалум жөнүндө Теңир мындай дейт: «Эми ал бул жерге кайрылып келбейт.
12 Ал туткундалып кеткен жеринде өлөт, мындан кийин бул жерди көрбөйт».
Жайаким жөнүндөгү пайгамбарчылык
13 Өз үйүн адилетсиздик менен курган, өзүнүн жаткан бөлмөлөрүн мыйзамсыздык менен курган, өз жакынын акысыз иштөөгө мажбур кылган, анын эмгек акысын төлөп бербеген адамга кайгы!
14 Ал: «Өзүмө заңгыраган үй, кенен бөлмөлөрдү курам», – деп, өзүнө терезе чыгарып, кедр тактайлары менен каптап, кызыл боёк менен боёйт.
15 Сен өзүңө бардыгын кедр жыгачы менен куруп алгандыгың үчүн, падыша болом деп ойлойсуңбу? Сенин атаң жеди, ичти, бирок акыйкаттык жана адилеттик кылып турду, ошондуктан ага жакшы болгон.
16 Ал жакыр адамдын жана муктаж адамдын ишин териштирип турган, ошондуктан ага жакшы болгон. «Бул Мени билгендикти билдирбейт бекен?» – дейт Теңир.
17 Бирок сенин көздөрүң менен жүрөгүң өз кызыкчылыгыңа, жазыксыз кан төгүүгө, кысымчылык, зордук-зомбулук кылууга гана бурулган.
18 Ошондуктан Теңир Жүйүт падышасы – Жошия уулу Жайаким тууралуу мындай дейт: «Аны жоктоп: “Аттиң ай, бир боорум! Аттиң, карындашым!” – деп ыйлашпайт. Аны жоктоп: “Аттиң ай, падыша! Аттиң, улуу урматтуум!” – деп ыйлашпайт.
19 Аны эшекти көмгөндөй көмүшөт: аны сыртка сүйрөп чыгып, Иерусалим дарбазасынын сыртына, алыс ыргытышат».
Иерусалим жөнүндөгү пайгамбарчылык
20 «Лебанонго чыгып кыйкыр, Башанга чыгып үнүңдү жаңырт, Абарымдан кыйкыр, анткени сенин бардык шериктериң кыйрады.
21 Мен сага сен тынчтык мезгилде жашап жатканда сүйлөгөм, бирок сен: “Укпайм”, – деп койгонсуң. Сенин жүрүш-турушуң жаш чагыңда эле ушундай болчу, сен Менин үнүмө кулак салчу эмессиң.
22 Сенин бардык койчуларыңды шамал учуруп кетет, досторуң туткунга кетет, ошондо сен өзүңдүн бардык кыянаттыгың үчүн уятка каласың, маскара болосуң.
23 Кедр дарагында уялаган Лебанондун тургуну! Сага төрөп жаткан аялдыкындай толгоо, кыйноо келгенде, сен ушунчалык аянычтуу болосуң!»
Жайахиндин жазаланышы
24 «Мен тирүүмүн, – деди Теңир. – Эгерде Жүйүт падышасы Жайаким уулу Жайахин Менин оң колумдагы шакек болсо да, Мен сени ошол жерден да сууруп алам.
25 Анан сени өзүңдү өлтүргүсү келгендердин колуна, өзүң корккондордун колуна, Бабыл падышасы Небухаданасардын колуна, каздимдердин колуна берем.
26 Сени да, сени төрөгөн энеңди да өзүңөр төрөлбөгөн чоочун өлкөгө ыргытып жиберем, ошол жерде өлөсүңөр.
27 Бирок алар өздөрүнүн жаны кайтып келүүнү каалаган жерге кайрылып келишпейт».
28 Чын эле, Жайахин жек көрүндү, катардан чыккан адамбы? Же ал керектен чыккан идишпи? Ал жана анын тукуму эмне үчүн өздөрү билбеген өлкөгө ыргытылды?
29 Оо жер, жер, жер! Теңирдин сөзүнө кулак сал!
30 Теңир мындай дейт: «Бул адамды балдарынан ажыраган, өз өмүрүндө жолу болбогон адам деп жазып койгула, анткени эми анын тукумунан эч ким Дөөттүн тагына отурбайт, Жүйүт аймагында бийлик жүргүзбөйт».
23-БӨЛҮМ
Ишенимсиз койчуларга болгон Кудайдын каары
1 «Менин короомдун койлорун кырган жана туш-тушка кууп жиберген койчуларга кайгы!» – дейт Теңир.
2 Ошондуктан Ысрайылдын Кудай-Теңири Менин элимди кайтарып жүргөн койчуларга мындай дейт: «Силер Менин койлорумду чачыратып жибердиңер, туш-тушка кууп жибердиңер, аларды карабай койдуңар. Мына, Мен силерди кыянат иштериңер үчүн жазалайм, – дейт Теңир.
3 Мен койлорумдун калдыгын, аларды кайсы өлкөлөргө кууп жиберсем, ошол өлкөлөрдөн чогултуп, өз короолоруна алып келем, ошондо алар укумдап-тукумдап көбөйүшөт.
4 Алардын үстүнөн аларды кайтара турган койчуларды коём, ошондон кийин алар коркушпайт, чочушпайт, жоголушпайт, – дейт Теңир.
5 Мына, күндөр келе жатат, – дейт Теңир, – ошол күндөрү Дөөткө адилеттүү Бутак өстүрүп чыгарам, Падыша такка отурат, акылмандык менен иш кылат, жер үстүндө акыйкаттык жана адилеттик кылат.
6 Анын убагында Жүйүт куткарылат, Ысрайыл коопсуз жашайт. Мына, аны мындай ат менен аташат: “Теңир биздин адилеттигибиз!”
7 Ошондуктан мына, күндөр келе жатат, – дейт Теңир, – ошол күндөрү: “Ысрайыл уулдарын Мисир жеринен алып чыккан Теңир тирүү!” – деп айтпай калышат.
8 Бирок: “Ысрайылдын урууларын Өзү кууп жиберген түндүк жеринен жана башка жерлерден кайра алып чыгып, өз жерлерине алып келген Теңир тирүү”, – деп айтышат. Ысрайыл өз жеринде жашайт».
Жалган пайгамбарлар жөнүндөгү пайгамбарчылык
9 Пайгамбарлар жөнүндө. Ичимде жүрөгүм тилинип жатат, сөөктөрүмдүн баары титиреп жатат. Мен Теңирим үчүн, Анын ыйык сөздөрү үчүн шарапка жеңилген мас кишиге окшоп турам.
10 Анткени жер ойноштук кылгандарга толду, анткени жер каргыштан улам боздоп турат. Чөлдөгү жайыттар куурап калды, алардын максаты – жамандык, алардын күч-кубаты – анткорлук.
11 Анткени пайгамбар да, ыйык кызмат кылуучу да эки жүздүү, атүгүл, «Мен Өз үйүмдө да алардын мыйзамсыздыгын таптым, – дейт Теңир.
12 Ошон үчүн аларга өздөрүнүн жолдору караңгыдагы тайгалак жердей болот. Аларды түртүп кетишет, ошондо алар ошол жерге жыгылышат, анткени Мен аларды жазалай турган жылы алардын башына мүшкүл түшүрөм, – дейт Теңир.
13 Мен Самариянын пайгамбарларынан да акылсыздыкты көрдүм. Алар Баалдын атынан пайгамбарчылык кылып, Менин элим Ысрайылды адаштырышты.
14 Иерусалимдин пайгамбарларынан да өтө жаман нерселерди көрдүм, алар бузуктук кылып, жалганчылык менен жүрүшөт, эч ким өзүнүн мыйзамсыздыгынан бурулбасын деп, кылмышкерлерди колдоп жатышат. Алардын бардыгы Менин алдымда Содом сыяктуу, анын тургундары Амор сыяктуу».
15 Ошондуктан Себайот Теңир пайгамбарлар жөнүндө мындай дейт: «Мен аларга эрмен жедирем, өт кошулган суу ичирем, анткени эки жүздүүлүк бүт жер жүзүнө Иерусалимдин пайгамбарларынан тарады».
16 Себайот Теңир мындай дейт: «Силерге пайгамбарчылык кылган пайгамбарлардын сөздөрүнө кулак салбагыла: алар силерди алдап жатышат, алар Теңирдин оозунан чыккан сөздү эмес, өз жүрөгүнүн кыялдарын айтып жатышат.
17 Алар Мага акарат келтиргендерге дайыма: “Теңир айтты, Силерде тынчтык болот”, – деп жатышат. Өз жүрөгүнүн өжөрлүгү менен жүргөн ар бир кишиге: “Силерге кайгы келбейт”, – деп айтып жатышат.
18 Анткени ким Теңирдин кеңешмесинде турду? Анын сөзүн ким көрүп, ким укту? Анын сөзүн ким угуп, ким түшүндү?
19 Мына, Теңирден катаал бороон келе жатат, каардуу бороон келе жатат, ал ыймансыздардын башына түшөт.
20 Теңир Өз жүрөгүнүн ниетин аткармайынча, аны жүзөгө ашырмайынча, Анын каары кайтпайт. Келе жаткан күндөрдө силер муну ачык түшүнөсүңөр.
21 Мен бул пайгамбарларды жиберген эмесмин, алар өздөрү жүгүрүп кетишти. Мен аларга сүйлөгөн эмесмин, алар өздөрү пайгамбарчылык кылышты.
22 Эгерде алар Менин кеңешмемде турушса, анда Менин элиме Менин сөзүмдү жарыя кылышмак, аларды жаман жолдорунан жана жаман иштеринен буруп кетишмек.
23 Мен жакын турганда эле Кудай, алыс турганда Кудай эмес бекем? – дейт Теңир.
24 Адам Мен көрбөй турган жашыруун жерге жашынып кала алабы? – дейт Теңир. Асман менен жерди толтуруп турган Мен эмес бекем? – дейт Теңир.
25 Менин ысымым менен жалган пайгамбарчылык кылган пайгамбарлардын эмне деп жаткандарын Мен уктум. Алар: “Түшүмө кирди, түшүмө кирди”, – дешет.
26 Бул качанкыга чейин жалганды пайгамбарчылык кылган, өздөрүнүн жүрөгүндөгү куру кыялды пайгамбарчылык кылган пайгамбарлардын жүрөгүндө жүрө берет?
27 Алардын ата-бабалары Баалдын айынан Менин ысымымды унутуп коюшкандай, алар бири-бирине айтып берген түштөрү аркылуу Менин элимди Менин атымды унутканга чейин жеткирүүнү ойлоп жатышабы?
28 Түш көргөн пайгамбар түшүн түш катары айтып берсин. Ал эми кимде Менин сөзүм бар болсо, ал Менин сөзүмдү туура айтсын. Топон менен таза дандын кандай жалпылыгы бар? – дейт Теңир.
29 Менин сөзүм от сыяктуу эмеспи? – дейт Теңир. – Менин сөзүм асканы талкалаган барскандай эмеспи?
30 Ошондуктан мына, Мен Менин сөзүмдү бири-биринен уурдаган пайгамбарларга каршымын, – дейт Теңир.
31 Мына, Мен: “Теңир айтты”, – деп коюп, өздөрүнүн тили менен иш кылган пайгамбарларга каршымын, – дейт Теңир.
32 Мына, Мен жалган түш көргөн пайгамбарларга каршымын, – дейт Теңир. Мен аларды жибербесем да, аларга буйрук бербесем да, өздөрүнүн түштөрүн айтып берип, Менин элимди өздөрүнүн куру кыялы менен, азгырыгы менен тескери жолго салып жатышат, – дейт Теңир. Алар бул элге эч кандай пайда алып келишпейт», – дейт Теңир.
«Теңирден оордук» деген сөз жөнүндө
33 «Эгерде ушул эл, же пайгамбар, же ыйык кызмат кылуучу сенден: “Теңирден кандай оордук болот?” – деп сураса, анда аларга айт: “Кандай оордук? "Мен силерди таштап кетем", – дейт Теңир”.
34 Эгерде пайгамбар, же ыйык кызмат кылуучу, же эл: “Теңирден оордук келет”, – десе, Мен ал адамды да, анын үйүн да жазалайм.
35 Бири-бириңерден, бир тууган бир туугандан: “Теңир эмне деп жооп берди?” же болбосо: “Теңир эмне деп айтты?” – деп сурасын.
36 Ал эми “Теңирден оордук болот” деген сөздү мындан ары колдонбогула, анткени аны айткан адамга өз сөзү өзүнө оордук болот. Анткени силер Кудайыбыз Себайот Теңирдин, тирүү Кудайыбыздын, сөздөрүн бурмалап жатасыңар.
37 Пайгамбарга: “Сага Теңир эмне деп жооп берди?” же болбосо: “Теңир эмне деп айтты?” – де.
38 Эгерде силер: “Теңирден оордук келди”, – деп дагы айта турган болсоңор, анда Теңир мындай дейт: “Теңирден оордук келди”, – деп айтпагыла деп айттырып жибергениме карабастан, “Теңирден оордук келди” деген сөздү айтканыңар үчүн,
39 мына, Мен силерди таптакыр эсимден чыгарып коём, силерди таштап коём, силерге жана силердин ата-бабаларыңарга берген бул шаарды Өзүмдүн жүзүмдөн четке кагам.
40 Силерди түбөлүккө унутулгус шылдың жана маскара кылам».
24-БӨЛҮМ
Анжыр салынган эки себет
1 Теңир мага Теңирдин ийбадатканасынын алдына коюлган анжыр салынган эки себетти көрсөттү. Бул Бабыл падышасы Небухаданасар Жүйүт падышасы Жайаким уулу Жайахинди жана жыгач усталары, темир усталары менен Жүйүт төрөлөрүн туткундап, Иерусалимден Бабылга алып келгенден кийин болду.
2 Бир себетте өтө жакшы, эрте бышуучу анжыр мөмөлөрү, экинчи себетте жараксыз болгондуктан жегенге болбой турган, өтө жаман анжыр мөмөлөрү бар экен.
3 Ошондо Теңир менден: «Сен эмнени көрүп турасың, Жеремия?» – деп сурады. Мен: «Жакшы анжырлар өтө жакшы экен, ал эми жаман анжырлар өтө жаман экен, ошон үчүн аларды жегенге болбойт, анткени алар эң жаман», – дедим.
4 Ошондо Теңирден мага сөз болду:
5 Ысрайылдын Кудай-Теңири мындай дейт: «Мына бул жакшы анжырларга окшоштуруп, Мен Өзүм бул жерден каздимдердин жерине жиберген жүйүт туткундарын жакшы деп эсептейм.
6 Аларга жакшы болсун деп, Мен аларга назар салам, аларды бул жерге кайра алып келем. Мен аларды тургузам, аларды бүлүндүрбөйм, Мен аларды отургузам, алардын тамырын кыйбайм.
7 Мен аларга Менин Теңир экенимди биле турган жүрөк берем, ошондо алар Менин элим болушат, Мен болсо алардын Кудайы болом. Анткени алар Мага чын жүрөктөн кайрылышат».
8 Ал эми жараксыз болгондуктан жегенге болбой турган жаман анжырлар тууралуу Теңир мындай дейт: «Мен Жүйүт падышасы Ситкияны жана анын төрөлөрүн, бул жерде калган жана Мисир жеринде жашаган Иерусалим тургундарын ушундай кылам.
9 Мен кууп жиберген бардык жерлерде алардан четтешет, аларга жамандык кылышат, алар лакап болушат, каргышка калышат.
10 Мен аларды өздөрүнө жана ата-бабаларына берген жерден жок кылмайынча, аларга каршы кылыч, ачарчылык, жугуштуу оору жиберем».
25-БӨЛҮМ
Түндүктөн келе турган душман жөнүндөгү пайгамбарчылык
1 Жүйүт падышасы Жошия уулу Жайакимдин падышачылыгынын төртүнчү жылында бүт жүйүт эли тууралуу Жеремияга Теңирден болгон сөз. Бул Бабыл падышасы Небухаданасардын падышачылыгынын биринчи жылы болгон.
2 Ошондо Жеремия пайгамбар бүт жүйүт элине жана Иерусалимдин бардык тургундарына бул сөздү айтты:
3 «Жүйүт падышасы Амон уулу Жошиянын падышачылыгынын он үчүнчү жылынан бүгүнкү күнгө чейин, жыйырма үч жыл бою Теңирден мага сөз болду. Мен |