даярдаган:
© Жаныбек ЖАНЫЗАК
janyzak@mail.ru • 2007-ж.





Жакында бул жерде
Ыйык Китептин
баардык китептери орун алат..

ЖЕЗЕКИЕЛ

1-БӨЛҮМ

Теңирдин даңкынын көрүнүшү

1 Мындай болду: отузунчу жылдын төртүнчү айынын бешинчи күнү Кебар дарыясынын жанында, көчүрүлгөндөрдүн арасында жүргөндө, асман ачылды, ошондо мен Кудайдын көрүнүштөрүн көрдүм.

2 Айдын бешинчи күнү (Жайахин падышанын туткундалып кеткенине беш жыл болгондо),

3 Каздим жеринде, Кебар дарыясынын жанында, ыйык кызмат кылуучу Бузинин уулу Жезекиелге Теңирден сөз болду. Ошол жерде Теңирдин колу анын үстүндө болду.

4 Ошондо мен муну көрдүм: түндүктөн дуулдаган шамал келди, зор булут, алоолонгон от жана булуттун тегерегинде жарык.

5 Ал эми анын ортосунан чыккан жарык оттун ичинен чыккан жалындын жарыгындай эле. Анын ортосунан төрт тирүү жандык көрүндү, алардын кебетелери адамдыкына окшош эле.

6 Ар биринин төрттөн бети жана төрттөн канаты бар эле.

7 Ал эми алардын буттары болсо түптүз экен, алардын буттарынын таманы музоонун буттарынын таманындай экен, алар жалтырак жездей жаркылдап турган эле.

8 Алардын төрт капталында, канаттарынын астында адамдыкындай колдору бар экен.

9 Төртөөнүн тең беттери жана канаттары бар эле. Алардын канаттары бири-бирине тийишип турат экен. Жүрүп бара жатышканда, алар артына бурулушкан жок, ар бири өзүнүн бет алды жагын карай жүрдү.

10 Алардын беттеринин окшоштугу болсо мындай: аларда адамдын бети, төртөөнүн тең оң жагында арстандын бети, төртөөнүн тең сол жагында буканын бети, төртөөндө тең бүркүттүн бети бар эле.

11 Алардын беттери да, алардын канаттары да жогору жагынан бөлүнгөн, бирок ар биринин эки канаты бири-бирине тийишип турат экен, ал эми калган эки канаты алардын денелерин жаап турат экен.

12 Алардын ар бири өзүнүн бет алды жагын карай жүрдү. Рух кайда кааласа, ошол жакка жүрүштү. Жүрүп бара жатышканда, алар артына бурулушкан жок.

13 Бул жаныбарлардын сырткы көрүнүшү күйүп жаткан көмүрдүн көрүнүшүндөй, чырактандын көрүнүшүндөй экен. От жаныбарларды аралап жүрдү, оттон жаркыроо жана чагылган чыгып турду.

14 Жаныбарлар чагылган жаркылдагандай, тиги жакка да, бул жакка да тез жылып жүрүштү.

15 Мен жаныбарларды карап турдум, жерде, бул төрт жаныбардын жанында, алардын төрт бетинин алдында бирден дөңгөлөк турду.

16 Алардын дөңгөлөктөрүнүн көрүнүшү жана түзүлүшү топаз ташына окшош экен, төртөөнүн тең түрү бир. Алардын көрүнүшү жана түзүлүшү дөңгөлөктүн ичинде дөңгөлөк тургандай.

17 Алар жүрүшкөндө, өз бет алдынча төрт тарапка жүрүштү. Жүрүү убагында артына бурулушкан жок.

18 Алардын алкактары бийик да, коркунучтуу да эле. Төртөөнүн тең алкактары тегерете көзгө толгон.

19 Жаныбарлар жүргөндө, алардын жанында дөңгөлөктөр да жүрдү. Жаныбарлар жерден көтөрүлгөндө, дөңгөлөктөр да көтөрүлдү.

20 Рух каякка жүргүсү келсе, алар да ошол жакка жүрүштү. Рух кайда барбасын, дөңгөлөктөр да алар менен бирдей көтөрүлдү, анткени жаныбарлардын руху дөңгөлөктөрдө эле.

21 Тигилер жүргөндө, булар да жүрүштү. Тигилер токтогондо, булар да токтошту. Тигилер жерден көтөрүлгөндө, дөңгөлөктөр да алар менен бирдей көтөрүлдү, анткени жаныбарлардын руху дөңгөлөктөрдүн ичинде эле.

22 Жаныбарлардын баштарынын үстүндөгү көмкөрүлгөн асманга окшогон нерсе укмуштуу кристаллдай эле, ал жогорудан алардын баштарынын үстүнө жайылып турду.

23 Ал эми көмкөрүлгөн асмандын астында алардын канаттары бири-бирине түз жайылып турду, ар биринин өздөрүн жапкан экиден канаты бар эле, ар биринин эки канаты денелерин жаап турду.

24 Алар жүргөндө, канаттарынын дабышын уктум. Ал дабыш чоң суулардын дабышындай, Кудуреттүүнүн үнүндөй, аскер кошуунунун чуусундай эле. Алар токтогондо, канаттарын түшүрүп коюп жатышты.

25 Алар токтоп, канаттарын түшүрүшкөндө, алардын баштарынын үстүндөгү көмкөрүлгөн асмандан үн чыкты.

26 Алардын баштарынын үстүндөгү көмкөрүлгөн асмандын үстүндө болсо жакут таштан жасалган тактыга окшош нерсе бар эле. Ал эми тактыга окшош нерсенин үстүндө адамга окшош бирөө отурган.

27 Мен анын ичинен тегерете чыгып жаткан от сыяктуу, жалындаган металлга окшош нерсени көрдүм. Анын белинен өйдө жана белинен ылдый кандайдыр бир отту көрдүм, анын айланасы жаркырап турду.

28 Жамгыр жаап жатканда, булут бетиндеги көк желенин көрүнүшү кандай болсо, анын тегерегиндеги жаркырактын көрүнүшү да ошондой эле.

2-БӨЛҮМ

1 Теңирдин даңкына окшогон көрүнүш ушундай эле. Мен муну көргөндө, жүзтөмөндөп жерге жыгылдым, ошондо Сүйлөп Жаткандын үнүн уктум, Ал мага: «Адам уулу! Тур, Мен сени менен сүйлөшөм», – деди.

Пайгамбардын кызматка чакырылышы

2 Ал сүйлөп жатканда, мага рух кирип, мени өйдө тургузду, ошондо мен Сүйлөп Жатканды уктум.

3 Ал мага мындай деди: «Адам уулу! Мен сени Ысрайыл уулдарына, Мага каршы чыккан, баш ийбеген адамдарга, жиберип жатам. Алар да, алардын ата-бабалары да ушул күнгө чейин Менин алдымда күнөө кылып келе жатышат.

4 Бул уулдар көк бет, жүрөктөрү таш, Мен сени ошолорго жиберип жатам, сен аларга: “Кудай-Теңир мындай дейт!” – деп айтасың.

5 Алар угабы же укпайбы, (анткени алар – козголоңчул тукум), бирок өздөрүнүн арасында пайгамбар болгонун билишсин.

6 Сен болсо, адам уулу, алардан да, алардын сөздөрүнөн да коркпо. Эгерде алар сен үчүн тикенек болсо да, сен чаяндар арасында жашасаң да, алардын сөздөрүнөн коркпо, алардын жүздөрүнөн үрөйүң учпасын, анткени алар – козголоңчул тукум.

7 Алар угабы же укпайбы, аларга Менин сөзүмдү айт, анткени алар – өжөр эл.

8 Сен болсо, адам уулу, Мен сага эмнени айтсам, ошону ук: Сен бул козголоңчул тукумга окшоп өжөр болбо. Оозуңду ачып, Мен сага эмнени берсем, ошону же».

9 Ошондо мага сунулган колду көрдүм, ал колдо түрмөк китеп бар экен.

10 Ал аны менин алдымда ачты, китептин ичи да, сырты да жазылуу экен, ал китепте: «Ый, онтоо, кайгы», – деп жазылыптыр.

3-БӨЛҮМ

1 Ал мага: «Адам уулу! Сенин алдыңда эмне турса, ошону же, бул түрмөк китепти же, анан бар, Ысрайыл үйүнө айт», – деди.

2 Ошондо мен оозумду ачтым, Ал мага бул түрмөк китепти жегенге берди.

3 Ал мага: «Адам уулу! Мен берип жаткан бул түрмөк китепке курсагыңды тойгуз жана ичиңди толтур», – деди. Ошондо мен аны жедим, ал оозумдун ичинде балдай таттуу эле.

4 Анан Ал мага мындай деди: «Адам уулу! Тур, Ысрайылга бар, аларга Менин сөздөрүмдү айт.

5 Анткени сен татаал, түшүнүксүз тилде сүйлөгөн элге жиберилип жаткан жоксуң, сен Ысрайылга жиберилип жатасың.

6 Сен сөздөрүн түшүнө албаган, татаал, түшүнүксүз тилде сүйлөгөн көп элдерге жөнөтүлүп жаткан жоксуң. Эгерде Мен сени аларга жиберген болсом, алар сени угушмак.

7 Ысрайыл болсо сени уккусу келбейт, анткени алар Мени уккусу келбейт. Анткени бүт Ысрайылдын чекеси катуу, жүрөгү таш.

8 Мен алардын жүздөрүнө каршы сенин жүзүңдү катуу кылдым жана алардын чекесине каршы сенин чекеңди катуу кылдым.

9 Мен сенин чекеңди таштан да катуу болгон алмаздай кылдым. Алардан коркпо, алардын жүздөрүнөн үрөйүң учпасын, анткени алар – козголоңчул тукум».

10 Анан Ал мага мындай деди: «Адам уулу! Менин сага айта турган сөздөрүмдүн баарын жүрөгүң менен кабыл ал, кулагың менен ук.

11 Тур, өз элиңдин туткунда жүргөн уулдарына бар, алар менен сүйлөш, аларга айт: “Кудай-Теңир мындай дейт!” Алар укса да, укпаса да айт».

12 Анан мени рух көтөрдү. Ошондо мен өзүмдүн артымдан «Теңирдин даңкы өз ордунда баталуу!» деген күркүрөгөн катуу үндү уктум.

13 Ошондой эле жаныбарлардын бири-бирине тийишип турган канаттарынын дабышын, алардын жанындагы дөңгөлөктөрдүн түкүлдөгөнүн жана катуу добушту уктум.

14 Мени рух көтөрүп алып кетти. Мен капаланып, тынчсызданган рухум менен бара жаттым. Теңирдин менин үстүмдөгү колу күчтүү эле.

15 Мен Тел-Абипте туткунда жүргөндөргө, Кебар дарыясынын жээгинде жашап жаткандарга келдим, алар жашаган жерге келип токтодум. Алардын арасында таң калуу менен жети күндү өткөрдүм.

Теңирдин Жезекиелди сакчы коюшу

16 Жети күн өткөндөн кийин мага Теңирден сөз болду:

17 «Адам уулу! Мен сени Ысрайылга сакчы кылып койдум, сен Менин оозумдан чыккан сөздөрдү угуп, аларды Менин атымдан эскертесиң.

18 Мен мыйзамсыз адамга: “Сен өлөсүң”, – деп айтканда, сен аны алдын ала эскертпесең, мыйзамсыз адам тирүү калыш үчүн, аны мыйзамсыз жолунан сакташ үчүн, аны менен сүйлөшпөсөң, анда мыйзамсыз адам өзүнүн мыйзамсыздыгы үчүн өлөт, анын канынын кунун Мен сага төлөтөм.

19 Эгерде сен мыйзамсыз адамды алдын ала эскерткен болсоң, бирок ал өзүнүн мыйзамсыздыгынан, өзүнүн мыйзамсыз жолунан бурулбаса, анда ал өз мыйзамсыздыгы үчүн өлөт, сен болсо өз жаныңды сактап калдың.

20 Эгерде адил адам өзүнүн адилдигинен четтеп, мыйзамсыздык кылса, анда Мен анын алдына тоскоолдук коём, ошондо ал өлөт. Сен аны алдын ала эскертпеген болсоң, ал өзүнүн күнөөсү үчүн өлөт, анын адил иштери эске алынбайт. Анын канынын кунун Мен сага төлөтөм.

21 Адил адам күнөө кылбашы үчүн, сен ага алдын ала эскертсең, ал күнөө кылбаса, анда ал тирүү болот, анткени ал эскертилди. Сен да өз жаныңды сактап калдың».

Теңирдин Жезекиелге берген буйругу

22 Ошол жерде Теңирдин колу менин үстүмдө эле. Ал мага: «Тур, талаага чык, Мен сени менен ошол жерде сүйлөшөм», – деди.

23 Мен туруп, талаага чыктым. Ошол жерде Кебар дарыясынын жээгинен мен көргөн даңкка окшош Теңирдин даңкы турган экен. Ошондо мен жүзтөмөндөп жыгылдым.

24 Мага рух кирип, мени өйдө тургузду. Ал мени менен сүйлөшүп, мындай деди: «Үйүңө барып бекин.

25 Адам уулу, сени жип менен байлап салышат, сен аларга бара албай каласың.

26 Мен сенин тилиңди таңдайыңа жабыштырам, ошондо сен дудук болуп, алардын айыбын ашкере кылуучу болбойсуң, анткени алар – козголоңчул тукум.

27 Бирок Мен сени менен сүйлөшкөндө, сенин оозуңду ачам, ошондо сен аларга айтасың: “Кудай-Теңир мындай дейт!” Кимдин уккусу келсе, ал уксун. Кимдин уккусу келбесе, ал укпай эле койсун, анткени алар – козголоңчул тукум».

4-БӨЛҮМ

Иерусалимдин курчоого алынары жөнүндө пайгамбарчылык

1 «Сен, адам уулу, кыш ал, аны өзүңдүн алдыңа кой, анан ага Иерусалим шаарынын сүрөтүн тарт.

2 Аны курчоого ал, ага каршы чеп кур, анын тегерегине жал үй, кошуун жайгаштыр, тегерете дубал бузгучтарды кой.

3 Темир таба алып, аны өзүң менен шаардын ортосуна темир дубал катары кой, анан шаарга жүзүңдү бур. Ал курчоодо калат, сен аны курчоого ал. Бул Ысрайылга белги болот.

4 Сол капталың менен жат, анан анын үстүнө Ысрайылдын мыйзамсыздыгын кой. Сол капталың менен жаткан күндөрдүн санына жараша сен алардын мыйзамсыздыгын көтөрөсүң.

5 Мен сага алардын мыйзамсыздык кылган жылдарынын санын күндөрдүн саны менен белгилеп бердим: Ысрайылдын мыйзамсыздыгын сен үч жүз токсон күн көтөрөсүң.

6 Муну аткаргандан кийин, кийинки жолу оң капталың менен жат, Жүйүттүн мыйзамсыздыгын кырк күн көтөр, бир күн бир жылга барабар, Мен сага бир күндү бир жылга белгилеп бердим.

7 Жүзүңдү жана жылаңач оң колуңду Иерусалим курчоосуна бур, анан ага каршы пайгамбарчылык кыл.

8 Мен сага кишен салдым, сенин курчоодо турган күндөрүң бүтмөйүнчө, бир капталыңдан экинчи капталыңа оодарылбайсың.

9 Өзүңө буудай, арпа, буурчак, жасмык, таруу жана кара буудай алып, аларды бир идишке салып, алардан капталың менен жаткан күндөрдүн саны боюнча нан жаса. Аларды сен үч жүз токсон күн жейсиң.

10 Жей турган тамагыңды таразага тартып, күнүнө жыйырма шекелден же, аны эртеден кечке чейин өз маалы менен же.

11 Сууну да өлчөмү менен ич, гиндин алтыдан бир бөлүгүн ич. Эртеден кечке чейин өз убагы менен ушинтип ич.

12 Аларды элдин көз алдында арпа нандай кылып адамдын заңына бышырып же».

13 Анан Теңир мындай деди: «Ысрайыл уулдары Мен аларды кайсы элдердин арасына кууп жиберсем, ошол элдердин арасында ушинтип таза эмес нан жешет».

14 Ошондо мен: «Оо Кудай-Теңирим! Менин жаным эч качан булганган эмес, жаш чагымдан ушул күнгө чейин тарпты да, жырткыч тытып кеткенди да жеген эмесмин. Эч кандай таза эмес эт оозума алган эмесмин», – дедим.

15 Ошондо Ал мага: «Мен сага адамдын заңынын ордуна уйдун тезегин уруксат кылам, наныңды ошого бышыр», – деди.

16 Анан мага: «Адам уулу! Мен Иерусалимдеги нан булагын кыйратам. Ошондо алар нанды өлчөп, кайгырып жешет, сууну да өлчөп, көңүлдөрү чөгүп ичишет.

17 Себеби аларда суу менен нан жетишсиз болот. Алар бири-бирине коркунуч менен карашат, өз мыйзамсыздыгы үчүн соолуп жок болушат, – деди.

5-БӨЛҮМ

Ысрайыл тарта турган үч жаза

1 Сен, адам уулу, өзүңө бир курч бычак ал. Аны өзүңө сакал алгыч устара катары алып, аны менен башыңдагы чачыңды, сакалыңды ал. Анан тараза алып, чачыңды үч бөлүккө бөл.

2 Курчоо күндөр бүткөндө, анын үчтөн бир бөлүгүн шаардын ортосунда өрттө. Yчтөн бир бөлүгүн шаардын тегерегине бычак менен кескилеп сал. Yчүнчү бөлүгүн шамалга сапырып жибер. Мен болсо алардын артынан кылычты кынынан сууруйм.

3 Бир аз чач алып, аларды өзүңдүн этегиңе байлап ал.

4 Алардан да алып, отко ыргытып өрттөп жибер. Ошол жерден бүт Ысрайылга каршы от чыгат».

5 Кудай-Теңир мындай дейт: «Бул – Иерусалим! Мен аны элдердин арасына койдум, ал эми анын тегерегинде – өлкөлөр.

6 Ал болсо Менин буйруктарыма каршы бутпарастардан да жаман иш кылды, Менин мыйзамдарыма каршы өзүнүн айланасындагы өлкөлөрдөн да жаман иш жасады, анткени алар Менин буйруктарымды четке кагышты, Менин мыйзамдарым боюнча жүрүшкөн жок».

7 Ошондуктан Кудай-Теңир мындай дейт: «Силер айланаңардагы бутпарас элдерден да көп мыйзамсыздык кылдыңар, Менин мыйзамдарым боюнча жүргөн жоксуңар, Менин буйруктарымды аткарган жоксуңар, жада калса, өзүңөрдүн тегерегиңерде жашаган бутпарас элдердин мыйзамдары боюнча жүргөн жоксуңар.

8 Ошондуктан Кудай-Теңир мындай дейт: Мен да сага каршымын, Мен Өзүм сени бутпарас элдердин көз алдында жазалайм.

9 Сенин бардык ыпылас иштериң үчүн Мен сага эч качан кылбаган жана мындан ары да кылбай турган нерсени кылам.

10 Ошон үчүн сенин ичиңде аталары балдарын, балдары аталарын жешет. Сени жазалайм, сенин бүт калдыгыңды туш тарапка сапырам.

11 Ошон үчүн – дейт Кудай-Теңир, – Мен тирүүмүн, сен Менин ыйык жайымды өзүңдүн бардык жийиркеничтериң жана ыпыластыктарың менен булгагандыгың үчүн Мен сени азайтам, Менин көзүм сени аябайт, Мен сага ырайым кылбайм.

12 Сенин элиңдин үчтөн бир бөлүгү жугуштуу оорудан өлөт, сенин ичиңде ачкачылыктан кырылат. Yчтөн бир бөлүгү сенин айланаңда кылычтан кырылат. Ал эми үчтөн бир бөлүгүн туш тарапка сапырып, алардын артынан кылычты кынынан сууруйм.

13 Ошентип, Мен бүт каарымды төгөм; ошентип, Өзүмдүн аларга болгон каарымды кандырам; ошентип, Мен канагаттанам. Менин аларга болгон бүт каарым төгүлгөндө, Мен, Теңир, аларга кызганчаактык менен айтканымды билишет.

14 Сени өзүңдүн тегерегиңде жашаган элдердин арасында, сенин жаныңдан өткөндөрдүн көз алдында чөлгө айландырам, маскара кылам.

15 Мен сени Өзүмдүн каарым менен, ачуум менен, катуу жазалар менен жазалап жатканда, сен өзүңдүн тегерегиңде жашаган элдерге шылдың, маскара, сабак жана коркунуч болосуң, муну Мен, Теңир, айттым.

16 Сага каршы ачкачылыктын катаал жебелерин жиберем, алар сени жок кылат, ачкачылыкты күчөтөм, нан булактарыңды кыйратам.

17 Сага ачкачылык жана катаал жырткычтарды жиберем, алар сени балдарыңдан ажыратат. Сени жугуштуу оору жана кан аралап өтөт, сага каршы кылыч жиберем, муну Мен, Теңир, айттым».

6-БӨЛҮМ

Бутка табынуучулукту айыптоо

1 Теңирден мага сөз болду:

2 «Адам уулу! Ысрайыл тоолоруна жүзүңдү бур, аларга каршы пайгамбарчылык кыл,

3 аларга айт: “Ысрайыл тоолору! Кудай-Теңирдин сөзүн уккула. Кудай-Теңир тоолорго жана адырларга, өрөөндөргө жана кокту-колотторго мындай дейт: «Мен силерге каршы кылыч жиберем, бийик жерлердеги бутканаларыңарды кыйратам.

4 Курмандык чалынуучу жайларыңар кыйратылат, күнгө арнап тургузган мамыларыңар талкаланат, өлтүрүлгөн адамдарыңарды жасалма кудайларыңардын алдына ыргытам.

5 Ысрайыл уулдарынын өлүктөрүн өздөрүнүн жасалма кудайларынын алдына коём, сөөктөрүңөрдү курмандык чалынуучу жайларыңардын тегерегине чачам.

6 Курмандык чалынуучу жайларыңар кыйратылып талкаланышы үчүн, жасалма кудайларыңар талкаланып жок болушу үчүн, күнгө арналган мамыларыңар талкаланышы үчүн, иштериңер түп-тамыры менен жок кылынышы үчүн, силер жашаган бардык шаарлар кыйратылат, бийик жерлердеги бутканаларыңар талкаланат.

7 Адамдарыңарды өлтүрүшөт, ошондо Менин Теңир экенимди билесиңер.

8 Бирок Мен калдык калтырам: силер кайсы өлкөлөрдө чачылып жүрсөңөр, ошол өлкөлөрдөгү элдердин арасында кылычтан аман калган элиңер болот.

9 Аман калып, элдердин арасына туткундалып кеткен элиңер Мен алардын Менден баш тарткан, бузулган жүрөгүн, буркандардын артынан ээрчиген бузулган көздөрүн кыйратканда, Мен жөнүндө эстешет жана өздөрүнөн, өздөрү кылган кыянат иштеринен, ыпыластыктарынан жийиркенишет.

10 Ошентип, алар Менин Теңир экенимди билишет. Аларга ушундай алаамат каптатам деп бекер айтпаганымды билишет»”.

11 Кудай-Теңир мындай дейт: “Кол чап, бутуң менен жер теп, анан айт: «Ысрайыл үйүнүн бардык жийиркеничтүү кыянат иштери үчүн кайгы! Алар кылычтан, ачарчылыктан жана жугуштуу оорудан өлүшөт.

12 Ким алыста болсо, ал жугуштуу оорудан өлөт. Ким жакын жерде болсо, ал кылычтан өлөт. Ал эми курчоодо калган ачкачылыктан өлөт»”. Өзүмдүн аларга болгон каарымды ушинтип бүт төгөм.

13 Өлтүрүлгөндөр өздөрүнүн курмандык чалынуучу жайларынын тегерегиндеги жасалма кудайларынын арасында жатканда, ар кандай бийик дөбөлөрдө, ар кайсы тоонун чокусунда, ар кандай жашыл дарактардын түбүндө, ар кандай бутактуу эмендин түбүндө, өздөрүнүн жасалма кудайларына жыпар жыттуу зат түтөткөн жерлерде жатканда, силер Менин Теңир экенимди билесиңер.

14 Ошентип, Мен аларга каршы колумду сунуп, бул жерди, чөлдөн Диблага чейин, алар жашаган бардык жерлерди, чөлгө жана ээн талаага айландырам, ошондо алар Менин Теңир экенимди билишет».

7-БӨЛҮМ

Теңирдин Ысрайылга өзүнүн жолдоруна жараша мамиле кылышы

1 Теңирден мага сөз болду:

2 «Сен, адам уулу, айт: Кудай-Теңир мындай дейт: “Ысрайыл жеринин акыры келди, өлкөнүн төрт тарабынын акыры келди.

3 Эми сенин күнүң бүттү. Сага каршы Өзүмдүн каарымды жиберем, сени жолдоруңа жараша жазалайм, жийиркеничтүү иштериңдин баарын өзүңө жүктөйм.

4 Менин көзүм сени аябайт, сага ырайым кылбайм, жолдоруңа жараша тиешеңди берем, жийиркеничтүү иштериң өзүң менен болот, ошондо Менин Теңир экенимди билесиңер”».

5 Кудай-Теңир мындай дейт: «Кырсык, мына, бир кырсык келе жатат.

6 Акыры келди, акыры келди, ал сага каршы көтөрүлдү, мына, жетти.

7 Кырсык сага жетти, өлкөнүн тургуну! Убакыт келди, ал күн жакын, тоолордогу кубанычтуу кыйкырыктын күнү эмес, дүрбөлөңдүү күн келерине жакын калды.

8 Мына, Мен жакында сенин үстүңө Өзүмдүн каарымды төгөм, Өзүмдүн сага каршы ачуумду бүт төгөм, сени жолдоруңа жараша жазалайм, жийиркеничтүү иштериңдин баарын өзүңө жүктөйм.

9 Менин көзүм сени аябайт, сага ырайым кылбайм, жолдоруңа жараша тиешеңди берем, жийиркеничтүү иштериң өзүң менен болот, ошондо Менин жазалоочу Теңир экенимди билесиңер.

10 Мына, ал күн, мына, келди! Сенин убагың келди! Таяк гүлдөдү, текебердик өрчүп кетти.

11 Кыянаттык мыйзамсыздыктын таягына айланды. Алардан, алардын тукумунан эч ким калбайт, алардын байлыгынан эч нерсе калбайт, аларды жоктоп ыйлашпайт.

12 Убакыт келди, күн жакындады. Сатып алган адам кубанбасын, саткан адам ыйлабасын, анткени каар алардын көп сандаган элинин үстүндө.

13 Анткени саткан адам өзү тирүү калса да, сатылган нерсесине кайрылып келбейт. Анткени алардын көп сандаган эли жөнүндөгү пайгамбарчылык көрүнүш жокко чыкпайт, мыйзамсыздыгы менен эч ким өз өмүрүн чыңдай албайт.

14 Сурнай тартышты, бардыгы даяр болду, бирок согушка барган эч ким жок. Анткени Менин каарым алардын көп сандаган элинин үстүндө.

15 Yйдүн сыртында – кылыч, ал эми үйдүн ичинде – жугуштуу оору жана ачарчылык. Ким талаада болсо, ал кылычтан өлөт, ал эми ким шаарда болсо, аны жугуштуу оору менен ачкачылык жейт.

16 Алардын арасынан аман калгандар качып кетишет, алардын баары тоолордо болушат. Ар бири өз мыйзамсыздыгы үчүн өрөөндүн көгүчкөндөрүндөй болуп онтойт.

17 Баарынын колдору шалдаят, баарынын тизелери сууга окшоп титирейт.

18 Ошондо алар зумбал курчанышат, аларды калтырак басат. Алардын баарынын жүздөрүндө уялуу болот, баштарындагы чачтары түшөт.

19 Алар өздөрүнүн күмүштөрүн көчөгө ыргытышат, алтындары алар үчүн таза эмес нерсе сыяктуу болуп калат. Теңирдин каары төгүлгөн күнү аларды өздөрүнүн алтыны менен күмүшү куткара албайт. Алар аны менен жандарын тойгуза алышпайт, курсактарын да толтура алышпайт, анткени алардын мыйзамсыздык кылуусуна ошолор түрткү болгон.

20 Алардан жасалган сонун жасалгаларды алар өздөрүнүн даңкы үчүн колдонушту, алардан өздөрүнүн жийиркеничтүү буркандарынын айкелдерин жасашты. Ошондуктан аларды алар үчүн таза эмес нерсеге айландырам.

21 Аны башкалардын колуна олжого берем, жер жүзүнүн мыйзамсыз адамдарына талатам, алар аны булгашат.

22 Мен алардан Өз жүзүмдү бурам, ошондо алар Менин ыйык сактаган жайымды булгашат, ага талап-тоноочулар кирип, аны булгашат.

23 Чынжыр жаса, анткени бул жер кандуу кылмыштарга толгон, шаар зордук-зомбулукка толгон.

24 Мен элдердин арасынан өтө каардуу адамдарды алып келем, алар алардын үйлөрүн ээлеп алышат. Күчтүүлөрдүн текебердигин аягына чыгарам, алардын ыйык жайлары булганат.

25 Кыргын келе жатат. Тынчтыкты издешет, бирок табышпайт.

26 Кырсыктын артынан кырсык, кабардын артынан кабар келет, пайгамбардан көрүнүш сурашат, ыйык кызмат кылуучулар мыйзамды окута албай, карылар акыл-насаат айта албай калышат.

27 Падыша аза күтөт, төрөнү коркунуч басат, бул жердеги элдин колдору калтырайт. Аларга өздөрүнүн жолдоруна жараша кылам, аларды өздөрүнүн сотторуна жараша соттойм. Ошондо Менин Теңир экенимди билишет».

8-БӨЛҮМ

Теңирдин даңкынын экинчи ирет көрүнүшү

1 Алтынчы жылы, алтынчы айдын бешинчи күнү мен өзүмдүн үйүмдө отургам. Жүйүт аксакалдары алдымда отурушкан. Мага ошол жерде Кудай-Теңирдин колу түштү.

2 Ошондо мен отко окшогон бирөөнү көрдүм, анын белинен өйдө от, белинен жогору жалындын жарыгындай жаркырак эле.

3 Ал колго окшогон бир нерсени сунуп, мени чачтан алды, ошондо рух мени асман менен жердин ортосуна көтөрдү, ал мени Кудайдын көрүнүштөрүндө Иерусалимге, түндүктү караган ички дарбазанын кире беришине, кызганчаактыкты ойготкон кызганчаактыктын жасалма кудайы орнотулган жерге алып келди.

4 Ошол жерде мен талаадан көргөн даңкка окшош Ысрайыл Кудайынын даңкы турган эле.

5 Ал мага: «Адам уулу! Түндүк тарапка көз чаптыр», – деди. Мен түндүккө көз чаптырдым, мына, кире бериште турган ошол кызганчаактыктын жасалма кудайы курмандык чалынуучу жайдын дарбазасынын түндүк жагында экен.

6 Ал мага: «Адам уулу! Алардын эмне кылып жатышканын көрүп турасыңбы? Мен Өзүмдүн ыйык жайымдан кетип калышым үчүн, ушул жерде Ысрайылдын кандай чоң жийиркеничтүү иштерди жасап жатканын көрүп турасыңбы? Дагы кара, мындан да көп жийиркеничтүү иштерди көрөсүң», – деди.

7 Анан Ал мени короонун кире беришине алып келди, мен көз жибердим, дубалда бир тешик бар экен.

8 Ал мага: «Адам уулу! Дубалды теш!» – деди. Мен дубалды тештим, кандайдыр бир эшик көрүндү.

9 Ошондо мага: «Кир, алардын ушул жерде кылып жаткан эң жаман жийиркеничтүү иштерин көр», – деди.

10 Мен кирип, ысрайылдыкар табынган сойлоочулардын, таза эмес жаныбарлардын ар кандай айкелдерин, дубалдарга тегерете оюп түшүрүлгөн ар кандай жасалма кудайларын көрдүм.

11 Алардын алдында Ысрайылдын аксакалдарынан жетимиш киши туруптур, алардын арасында Сапан уулу Жазания да бар экен. Ар биринин колунда жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү чөйчөк бар эле, жыпар жыттуу заттын коюу түтүнү жогору көтөрүлүп жатты.

12 Анан Ал мага мындай деди: «Адам уулу, Ысрайылдын аксакалдары караңгы жерде, ар бири өзүнүн сүрөт тартылган бөлмөсүндө эмне кылып жатышканын көрүп турасыңбы? Анткени алар: “Теңир бизди көрбөйт, Теңир бул жерди таштап кетти”, – дешет».

13 Ал мага: «Дагы кара, ошондо алардын мындан да жаман жийиркеничтүү иштерди жасап жатканын көрөсүң», – деди.

14 Ал мени Теңир үйүнүн түндүк тарабындагы дарбазасынын кире беришине алып барды, мен ал жерден Тамузду жоктоп ыйлап отурган аялдарды көрдүм.

15 Ал мага: «Адам уулу, көрүп турасыңбы? Дагы кара, мындан да жаман жийиркеничтүү иштерди көрөсүң», – деди.

16 Ал мени Теңир үйүнүн ички короосуна алып барды, Теңирдин ийбадатканасынын эшигинин алдында, кире бериш бөлмө менен курмандык чалынуучу жайдын ортосунда жыйырма бешке жакын эркек Теңирдин ийбадатканасына артын салып турушуптур. Алар жүздөрү менен чыгышка бурулуп, чыгыштагы күнгө табынып жатышты.

17 Ал мага мындай деди: «Адам уулу, көрүп турасыңбы? Жүйүт тукумуна өздөрүнүн ушул жерде кылган ушундай жийиркеничтүү иштери аздык кылып жатабы? Мындан сырткары, алар жерди кыянат иштерге толтуруп, Мени өзгөчө каардантып жатышат. Алар өз мурундарына бутактарды жакын алып барып жатышат.

18 Ошондуктан Мен да каардуу мамиле кылам, Менин көзүм аябайт, ырайым кылбайм. Алар Менин кулагыма катуу кыйкырышса да, аларды укпайм».

9-БӨЛҮМ

Иерусалимдеги катуу уруш жөнүндө көрүнүш көрүү

1 Ал менин кулагыма аябай катуу үн менен мындай деди: «Шаарды жазалоочулар жакын келишсин, ар биринин колунда кыйратуучу куралы болсун».

2 Ошондо мен түндүк жакты караган жогорку дарбаза жактан ар биринин колунда кыйратуучу куралы бар алты киши келе жатканын көрдүм. Алардын арасында зыгыр кездемеден кийим кийген, белинде катчынын сыя челеги бар бирөө бар экен. Алар келип, жезден жасалган курмандык чалынуучу жайдын жанына турушту.

3 Ысрайыл Кудайынын даңкы керуптардын үстүнөн Yйдүн босогосуна түшүп, зыгыр кездемеден кийим кийген, белинде катчынын сыя челеги бар адамды чакырды.

4 Теңир ага мындай деди: «Шаарды аралап өт, Иерусалим шаарын аралап өт, анын ичинде болуп жаткан жийиркеничтүү иштер үчүн кайгырган, үшкүргөн адамдардын чекесине белги кой».

5 Тигилерге болсо менин кулагыма угуза мындай деп айтты: «Анын артынан ээрчип, шаарды аралап, кыргыла. Көзүңөр аябасын, бооруңар оорубасын.

6 Карыяны да, уланды да, кызды да, наристени да, аялдарды да өлтүргүлө. Бирок белгиси барлардын бирине да тийбегиле. Менин ыйык жайымдан баштагыла». Ошондо алар Теңир үйүнүн алдында турган аксакалдардан башташты.

7 Анан аларга мындай деди: «Теңир үйүн булгагыла, короолорду өлүктөргө толтургула, анан сыртка чыккыла». Алар сыртка чыгышты да, шаардагыларды өлтүрө башташты.

8 Аларды өлтүрүп жатышканда, мен ошол жерде турдум. Ошондо мен жүзтөмөндөп жыгылып, боздоп ыйлап: «Оо Кудай-Теңир! Иерусалимге каарыңды төгүп, чын эле, Сен Ысрайылдын бүт калдыгын кырып саласыңбы?» – дедим.

9 Ошондо Ал мага мындай деди: «Ысрайыл менен Жүйүт тукумунун күнөөсү чоң, абдан чоң. Бул жер канга толду, шаар жалганчылыкка толду, анткени алар: “Теңир бул жерди таштап койду, Теңир бул жерди көрбөйт”, – деп жатышат.

10 Ошон үчүн Менин көзүм да аябайт, ырайым кылбайм. Аларга өздөрүнүн жолдоруна жараша тиешесин берем».

11 Ошондо зыгыр кездемеден кийим кийген, белинде катчынын сыя челеги бар киши: «Сен мага кандай буйрусаң, мен ошондой кылдым», – деп жооп берди.

10-БӨЛҮМ

Ийбадаткананы таштап кеткен Теңирдин даңкы жөнүндөгү көрүнүш

1 Анан мен керуптардын баштарынын үстүндөгү көмкөрүлгөн асманда сапфир ташы сымал тактыга окшош бир нерсе турганын көрдүм, ал керуптардын үстүнөн көрүнүп турду.

2 Ал зыгыр кездемеден кийим кийген кишиге: «Керуптардын астына, дөңгөлөктөрдүн ортосуна кир, керуптардын ортосунда күйүп жаткан көмүрдөн кош ууч толтура ал, аны ушул шаарга ыргыт», – деди. Ошондо ал менин көз алдымда кирди.

3 Ал киши киргенде, керуптар Yйдүн түштүк жагында турушкан. Ошондо ички короо булутка толду.

4 Теңирдин даңкы керуптардын үстүнөн көтөрүлүп, Yйдүн босогосуна келди, Yй булутка толду, короо Теңирдин даңкынын жарыгына толду.

5 Керуптардын канатынан чыккан добуш кудуреттүү Кудайдын сүйлөп жаткандагы үнүнө окшоп, сырткы короого чейин угулуп турду.

6 Ал зыгыр кездемеден кийим кийген кишиге: «Дөңгөлөктөрдүн ортосунан, керуптардын ортосунан от ал», – деп буйрук кылганда, ал кирип, дөңгөлөктүн жанына барып турганда,

7 керуптардын бири өздөрүнүн ортосундагы отко колун созуп, андан кош ууч от алып, зыгыр кездемеден кийим кийген кишиге берди. Ал аны алып, ал жерден чыкты.

8 Керуптардын канаттарынын астынан адамдын колдоруна окшогон колдор көрүнүп турду.

9 Мен керуптардын жанында төрт дөңгөлөк турганын көрдүм, ар бир керуптун жанында бирден дөңгөлөк. Дөңгөлөктөрдүн көрүнүшү топазга окшош экен.

10 Төртөөнүн тең көрүнүшү бирдей, дөңгөлөктүн ичинде дөңгөлөк тургансыйт.

11 Алар өздөрүнүн багыты боюнча төрт жакка жүрүштү. Жүрүп бара жатканда бурулушкан жок, баштары кай жакты караса, алар ошол жакка жүрүштү. Жүрүп бара жатканда бурулушкан жок.

12 Алардын бүт денеси, далысы, колдору, канаттары, дөңгөлөктөрдүн баары тегерете көзгө толгон. Алардын бүт төрт дөңгөлөгү көзгө толгон.

13 Мен бул дөңгөлөктөрдүн “Галгал”1 деп аталарын өз кулагым менен уктум.

14 Ар бир жаныбардын төрттөн бети бар экен: биринчи бети – керуптун бети, экинчи бети – адамдын бети, үчүнчү бети – арстандын бети, төртүнчү бети – бүркүттүн бети.

15 Керуптар көтөрүлдү. Булар мен Кебар дарыясынын боюнан көргөн жаныбарлар болчу.

16 Керуптар жүрүшкөндө, алардын жанындагы дөңгөлөктөр да жүрдү. Керуптар жерден көтөрүлүү үчүн канаттарын көтөргөндө, дөңгөлөктөр да алардан бөлүнгөн жок, алардын жанында болду.

17 Тигилер токтоп калышканда, булар да токтоп калышты, тигилер көтөрүлгөндө, булар да көтөрүлдү, анткени аларда жаныбарлардын руху бар болчу.

18 Анан Теңирдин даңкы Yйдүн босогосунан кетип, керуптардын үстүнө келип турду.

19 Ошондо керуптар канаттарын көтөрүп, менин көз алдымда жерден көтөрүлүштү. Алар жөнөгөндө, дөңгөлөктөр да алардын жанында болду. Алар Теңир үйүнүн чыгыш дарбазасынын кире беришине келип турушту, алардын жогору жагында Ысрайыл Кудайынын даңкы турду.

20 Булар мен Кебар дарыясынын боюнда Ысрайыл Кудайынын астынан көргөн жаныбарлар эле. Ошондо мен булардын керуптар экенин билдим.

21 Ар биринин төрттөн бети, төрттөн канаты, канаттарынын астында адамдын колуна окшош колдору бар эле.

22 Алардын беттери мен Кебар дарыясынын жээгинен көргөн керуптардын беттерине окшош эле, көрүнүштөрү да, өздөрү да ошондой эле. Ар бири өзүнүн бет алды жагын карай жүрдү.

11-БӨЛҮМ

Иерусалимдин жазаланары жөнүндөгү көрүнүш

1 Анан мени рух көтөрүп, үйдүн чыгышты караган чыгыш дарбазасына алып келди. Дарбазанын кире беришинде жыйырма беш киши туруптур. Алардын арасынан эл төрөлөрү Азур уулу Жазания менен Беная уулу Пелатияны көрдүм.

2 Ошондо Ал мага мындай деди: «Адам уулу! Булар – мыйзамсыздык кылууну ойлогон, ушул шаарда жаман кеңеш берген адамдар.

3 Алар: “Жакында эмес. Yйлөрдү куралы. Шаар – казан, биз болсо этпиз”, – дешет.

4 Ошондуктан аларга каршы пайгамбарчылык кыл, адам уулу, пайгамбарчылык кыл».

5 Ошондо мага Теңирдин Руху түшүп, мындай деди: «Теңир мындай дейт: “Ысрайыл, силердин эмнени сүйлөп жатканыңарды жана акылыңарга эмне келерин Мен билем.

6 Силер бул шаарда көп адамдарды өлтүрдүңөр, анын көчөлөрүн өлүктөргө толтурдуңар”.

7 Ошондуктан Кудай-Теңир мындай дейт: “Силер бул шаарда өлтүргөн өлүктөр – эт, шаар болсо – казан. Бирок Мен силерди анын ичинен чыгарам.

8 Силер кылычтан коркосуңар, ошон үчүн Мен силерге каршы кылыч жиберем, – дейт Кудай-Теңир.

9 Мен силерди анын ичинен чыгарып, башкалардын колуна салып берем, ошентип, силерди жазалайм.

10 Кылычтан өлөсүңөр. Силерди Ысрайыл жеринде жазалайм, ошондо Менин Теңир экенимди билесиңер.

11 Ал шаар силер үчүн казан болбойт, силер анын ичиндеги эт болбойсуңар. Силерди Ысрайыл жеринде жазалайм.

12 Ошондо Менин Теңир экенимди билесиңер, анткени силер Менин буйруктарым боюнча жүргөн жоксуңар, Менин мыйзамдарымды аткарган жоксуңар, тескерисинче, тегерегиңердеги элдердин мыйзамдары боюнча жүрдүңөр”».

13 Мындай болду: мен пайгамбарчылык кылып жатканда, Беная уулу Пелатия өлдү. Ошондо мен жүзтөмөндөп жыгылып, катуу өкүрүп: «Оо Кудай-Теңир! Чын эле, Сен Ысрайылдын калдыгын акырына чейин кыргың келип жатабы?» – дедим.

Чачылып кеткен ысрайылдыктарга берген Кудайдын убадасы

14 Ошондо мага Теңирден сөз болду:

15 «Адам уулу! Иерусалим тургундары бир туугандарыңа, кандаш бир туугандарыңа жана бүт Ысрайылга, алардын баарына: “Теңирден алыс жашагыла. Бул жер бизге ээлик кылууга берилген”, – деп жатышат.

16 Буга мындай де: Кудай-Теңир мындай дейт: “Мен аларды элдердин арасына кууп жибергениме карабастан, аларды жер-жерлерге чачыратып жибергениме карабастан, алар барган жерлерде Мен алар үчүн анча чоң эмес ыйык жай болом”.

17 Ошондуктан айт: Кудай-Теңир мындай дейт: “Мен силерди элдердин арасынан чогултам, кайсы жерлерде чачылып жүрсөңөр, ошол жерлерден силерди кайра алып келем. Силерге Ысрайыл жерин берем”.

18 Алар ал жерге келип, анын ичинен анын бардык жийиркеничтерин, анын бардык ыпыластыктарын жок кылышат.

19 Аларга бир жүрөк берем, алардын ичине жаңы рух салам, алардын денесинен таш жүрөгүн алып, аларга эт жүрөк берем.

20 Ошондо алар Менин буйруктарым боюнча жүрүшөт, мыйзамдарымды сакташат, аларды аткарышат жана Менин элим болушат, Мен болсо алардын Кудайы болом.

21 Ал эми кимдин жүрөгү өзүнүн жийиркеничтерине жана ыпыластыктарына кызыгып, ошолордун артынан түшө турган болсо, анда аларды өздөрүнүн жолдоруна жараша жазалайм, – дейт Кудай-Теңир».

Теңирдин даңкынын Иерусалимди калтырып кетиши

22 Ошондо керуптар өз канаттарын көтөрдү, алардын жанындагы дөңгөлөктөр да көтөрүлдү. Алардын жогору жагындагы Ысрайыл Кудайынын даңкы да көтөрүлдү.

23 Ошентип, Теңирдин даңкы шаардын ортосунан көтөрүлүп, шаардын чыгыш жагындагы тоонун үстүнө токтоду.

24 Анан мени рух көтөрүп, Кудайдын Руху көргөзгөн көрүнүштө Каздимге, көчүрүлүп кеткендерге алып келди. Анан мен көргөн көрүнүш мени таштап кетти.

25 Ошондо мен Теңирдин мага ачып берген бардык сөзүн көчүрүлүп кеткендерге айтып бердим.

12-БӨЛҮМ

Туткундалып кетүү жөнүндө пайгамбарчылык

1 Анан мага Теңирден сөз болду:

2 «Адам уулу! Сен козголоңчул тукумдун арасында жашап жатасың. Алардын көрө турган көзү бар, бирок көрүшпөйт, алардын уга турган кулагы бар, бирок угушпайт, себеби алар – козголоңчул тукум.

3 Ал эми сен, адам уулу, көчүүгө керектүү нерселериңди даярда, анан алардын көз алдында күндүз көчүп кет, алардын көз алдында өзүң турган жерден башка жерге көчүп кет. Алар козголоңчул тукум болгонуна карабастан, балким, түшүнүшөр.

4 Өзүңдүн буюмдарыңды көчүүгө керектүү буюмдар катары алардын көз алдында күндүз алып чык, өзүң да көчүп бараткандай болуп, алардын көз алдында кечинде чык.

5 Алардын көз алдында дубалды теш, буюмдарыңды ошол тешик аркылуу алып чык.

6 Алардын көз алдында жүгүңдү ийиниңе салып, аны караңгыда алып чык, жерди көрбөш үчүн, жүзүңдү жаап ал, анткени Мен сени Ысрайылга белги катары койдум».

7 Ошондо мага кандай буйрук берилсе, мен ошондой кылдым: буюмдарымды көчүүгө керектүү буюмдар катары күндүз алып чыктым, кечинде болсо дубалды колум менен тешип, караңгыда жүктү алып чыгып, алардын көз алдында ийиниме салдым.

8 Эртең менен мага Теңирден сөз болду:

9 «Адам уулу! Козголоңчул Ысрайыл сенден: “Эмне кылып жатасың?” – деп сураган жокпу?

10 Аларга айт: Кудай-Теңир мындай дейт де: “Бул пайгамбарчылык Иерусалимдеги башкаруучуга жана ал жерде жашаган бүт Ысрайылга тиешелүү”.

11 Айт: “Мен силер үчүн жышаанмын. Мен эмне кылсам, аларга ошондой болот, алар көчүрүлөт, туткунга кетет”.

12 Алардын арасындагы башчы жүгүн ийинине салып, караңгыда чыгат. Аны дубал аркылуу жөнөтүш үчүн, дубалды тешишет. Ал бул жерди көрбөш үчүн, жүзүн жаап алат.

13 Мен ага торумду жаям, ал Менин торума түшөт, Мен аны Бабылга, Каздим жерине, алып келем, бирок ал аны көрбөйт, ошол жерде өлөт.

14 Ал эми анын тегерегиндеги жактоочуларын жана бүт аскерин туш тарапка сапырып жиберем, анан алардын артынан кылычты кынынан сууруйм.

15 Мен аларды элдердин арасына чачып жибергенде, жер-жерлерге сапырып жибергенде, алар Менин Теңир экенимди билишет.

16 Алар кайсы элдердин арасына барышса, ошол элдердин арасында өздөрүнүн бардык жийиркеничтери жөнүндө айтып беришсин үчүн, Мен алардын ичинен бир аз сандагы адамдарды кылычтан, ачарчылыктан жана жугуштуу оорудан сактап калам. Ошондо алар Менин Теңир экенимди билишет».

17 Анан мага Теңирден сөз болду:

18 «Адам уулу! Наныңды титиреп же, сууңду калтырап жана кайгырып ич.

19 Анан бул жердин элине айт: Кудай-Теңир Иерусалимдин тургундары жөнүндө, Ысрайыл жери жөнүндө мындай дейт де: Алар өз нанын кайгы менен жешет, өз суусун сарсанаа болуп ичишет, анткени алардын жери анда жашагандардын кыянат иштери үчүн бардык молчулуктан ажырайт.

20 Эл отурукташкан шаарлар бүлгүнгө учурап, жер ээн калат, ошондо силер Менин Теңир экенимди билесиңер».

Пайгамбарчылыктардын аткарылары жөнүндө

21 Анан мага Теңирден сөз болду:

22 «Адам уулу! Силердин Ысрайыл жеринде: “Көп күндөр өтөт, анан ар кандай пайгамбарчылык жок болот”, – деп айтып жүргөн макалыңар эмне деген макал?

23 Ошондуктан аларга айт: Кудай-Теңир мындай дейт: “Бул макалды жок кылам, ошондон кийин Ысрайылда мындай макал айтышпайт, бирок аларга айт: «Ал күндөрдүн келерине жана ар бир пайгамбарчылыктын аткарыларына аз калды»”.

24 Анткени Ысрайылда мындан ары эч кандай жалган көрүнүш жана жалган пайгамбарчылык болбойт.

25 Анткени Мен Теңирмин, Мен айтып жатам, Мен айткан сөз аткарылат, кийинкиге калтырылбайт. Силердин күндөрүңөрдө, козголоңчул тукум, Мен эмнени айтсам, ошону аткарам», – дейт Кудай-Теңир.

26 Анан мага Теңирден сөз болду:

27 «Адам уулу! Ысрайыл мындай деп жатат: “Ал көргөн пайгамбарчылык көрүнүш көп күндөрдөн кийин аткарылат, ал алыскы мезгилдер жөнүндө пайгамбарчылык кылып жатат”.

28 Ошондуктан аларга айт: Кудай-Теңир мындай дейт: “Мындан ары Менин сөзүмдүн бири да кийинки мөөнөткө калтырылбайт. Бирок Мен айткан сөз аткарылат”», – дейт Кудай-Теңир.

13-БӨЛҮМ

Жалган пайгамбарлар жөнүндө пайгамбарчылык

1 Анан мага Теңирден сөз болду:

2 «Адам уулу! Пайгамбарчылык кылып жаткан Ысрайыл пайгамбарларына каршы пайгамбарчылык кыл, өз оюнан чыгарып пайгамбарчылык кылып жаткан пайгамбарларга айт: “Теңирдин сөзүн уккула!

3 Кудай-Теңир мындай дейт: «Эч нерсе көрбөй эле өзүнүн рухуна жетеленип жүргөн акылсыз пайгамбарларга кайгы!

4 Ысрайыл, сенин пайгамбарларың урандылардын арасында жүргөн түлкүлөрдөй.

5 Теңирдин күнү келгенде, согушта туруштук бериш үчүн, талкаланып тешилген жайга кирген жоксуңар жана Ысрайылды дубал менен курчаган жоксуңар».

6 Алар жалган көрүнүш көрүштү, «Теңир айтты» деп, жалган пайгамбарчылык кылышты. Бирок аларды Теңир жиберген эмес. Алар сөз ордунан чыгат деп үмүттөндүрүп жатышат.

7 Силер жалган көрүнүш көргөн жоксуңарбы? Мен айтпасам да, «Теңир айтты» деп, жалган пайгамбарчылык кылып жаткан жоксуңарбы?”

8 Ошондуктан Кудай-Теңир мындай дейт: “Силер жалган нерселерди айтып жатканыңар үчүн, жалган көрүнүш көрүп жатканыңар үчүн Мен силерге каршымын, – дейт Кудай-Теңир.

9 Менин колум жалган көрүнүш көрүп жаткан, жалган пайгамбарчылык кылып жаткан ушул пайгамбарларга каршы болот. Алар Менин элимдин кеңешмесинде болушпайт, Ысрайылдын тизмесине жазылышпайт, Ысрайыл жерине киришпейт. Ошондо силер Менин Кудай-Теңир экенимди билесиңер.

10 Анткени алар тынчтык жок болсо да, «Тынчтык» деп, Менин элимди адаштырып жатышат. Эл дубал куруп жатса, алар аны ылай менен шыбап жатышат.

11 Дубалды ылай менен шыбап жаткандарга: «Дубал кулайт», – деп айт. Кара нөшөр төгөт, ошондо силер, таш мөндүрлөр, кулап түшөсүңөр; аны катуу шамал кулатат.

12 Дубал кулайт. Ошондо силерге: «Силер шыбаган баягы шыбак кана?» – деп кантип айтышпасын?”

13 Ошондуктан Кудай-Теңир мындай дейт: “Мен каарданып жатканымда, катуу шамал жиберем, Мен ачууланып жатканымда, кара нөшөр төгүлөт, Мен кыжырданып жатканымда, кырыш үчүн таш мөндүрлөр түшөт.

14 Ошентип, силер ылай менен шыбаган дубалды кыйратам, аны жерге кулатам, ошондо анын пайдубалы ачылат, ал кулайт, силер да аны менен кошо өлөсүңөр. Ошондо силер Менин Теңир экенимди билесиңер.

15 Ошентип, Мен Өз каарымды дубалга жана аны ылай менен шыбагандарга төгөм, анан силерге мындай дейм: Дубал да жок, аны шыбагандар –

16 тынчтык жок болсо да, тынчтык жөнүндө көрүнүш көрүп, Иерусалимге пайгамбарчылык кылган Ысрайыл пайгамбарлары жок, – дейт Кудай-Теңир.

17 Адам уулу, сен болсо өз элиңдин өз жүрөгүнөн пайгамбарчылык кылып жаткан кыздарына жүзүңдү буруп, аларга каршы пайгамбарчылык кылып,

18 мындай де: Кудай-Теңир мындай дейт де: «Колтуктун астына сыйкырдуу жаздыкча тиккендерге, адамдарды тузакка түшүрүш үчүн, бою ар кандай адамдардын баштары үчүн жабуу жасагандарга кайгы! Менин элимдин жанын тузакка түшүрүү менен өз жаныңарды сактап калабыз деп турасыңарбы?

19 Жалганды уккан элиме жалган сүйлөп, өлбөш керек болгон жандарды өлтүрүп, жашабаш керек болгондордун жанын калтырып, бир ууч арпа үчүн, бир кесим нан үчүн Өз элимдин арасында Мени уят кылдыңар»”.

20 Ошондуктан Кудай-Теңир мындай дейт: “Мен силердин сыйкырдуу жаздыкчаңарга каршымын, ал жаздыкчалар менен силер чымчыкты тузакка түшүргөнсүп, жандарды тузакка түшүрүп жатасыңар, Мен аларды колтугуңардан жулуп алып, тузакка түшкөн чымчыкты эркиндикке коё бергендей, силер тузакка түшүргөн жандарды эркиндикке чыгарам.

21 Мен силердин жабууңарды тытып, Өз элимди силердин колуңардан куткарам. Алар мындан ары колуңарга түшкөн олжо болбойт, ошондо силер Менин Теңир экенимди билесиңер.

22 Мен Өзүм кайгыга салууну каалабаган адил адамдын жүрөгүн силер жалгандык менен кайгыга салганыңар үчүн, мыйзамсыз киши өзүнүн бузулган жолунан бурулбасын деп, өз өмүрүн сактап калбасын деп, анын иштерин колдоп жатканыңар үчүн,

23 мындан ары жалган көрүнүш көрбөйсүңөр, жалган пайгамбарчылык кылбайсыңар. Мен Өз элимди силердин колуңардан куткарып алам, ошондо силер Менин Теңир экенимди билесиңер”».

14-БӨЛҮМ

Бутка табынуучулукту айыптоо

1 Ысрайыл аксакалдарынан бир нече киши келип, менин бет алдыма отурушту.

2 Ошондо мага Теңирден сөз болду:

3 «Адам уулу! Бул адамдар өз жүрөгүнө жасалма кудайлардын кирүүсүнө жол беришти, өздөрүнүн алдына өздөрүнүн күнөөсүнүн азгырыгын коюп алышты: Мен аларга жооп бере аламбы?

4 Ошондуктан алар менен сүйлөшүп мындай деп айт: Кудай-Теңир мындай дейт де: “Эгерде Ысрайылдан ким өз жүрөгүнө жасалма кудайлардын кирүүсүнө жол берсе, өзүнүн алдына өзүнүн күнөөсүнүн азгырыгын коюп алса, анан пайгамбарга келсе, анда Мен, Теңир, ага жасалма кудайларынын көптүгүнө жараша жооп берем”.

5 Ысрайыл өзүнүн жасалма кудайларынан улам Мен үчүн жат болуп калганын өз жүрөгүндө түшүнсүн.

6 Ошондуктан Ысрайылга айт: Кудай-Теңир мындай дейт: “Кайрылгыла, жасалма кудайларыңардан баш тарткыла, жүзүңөрдү өзүңөрдүн бардык жийиркеничтериңерден бургула”.

7 Анткени Ысрайыл тукумунан болобу же Ысрайылда жашап жаткан келгиндерден болобу, ким Менден баш тартып, өз жүрөгүнө жасалма кудайлардын кирүүсүнө жол берсе, өзүнүн алдына өзүнүн күнөөсүнүн азгырыгын коюп алса, анан пайгамбарга келип, ал аркылуу Менден сураса, анда Мен, Теңир, ага Өзүм жооп берем.

8 Мен ал адамга каршы Өз жүзүмдү бурам, аны жышаан жана лакап кылам, аны Өз элимдин ичинен жок кылам, ошондо силер Менин Теңир экенимди билесиңер.

9 А эгерде пайгамбар азгырылып, ал Мен, Теңир, ага үйрөтүп койгонсуп сөз айтса, анда Мен ага каршы Өз колумду сунуп, аны Өз элим Ысрайылдын арасынан жок кылам.

10 Ошентип, алар өздөрүнүн мыйзамсыздыгынын айыбын тартышат. Сурагандын айыбы кандай болсо, пайгамбардын айыбы да ошондой болот.

11 Ысрайыл мындан ары Менден бурулбашы үчүн, өзүн ар кандай мыйзамсыздыктары менен булгабашы үчүн, тескерисинче, Менин элим болуп, Мен болсо анын Кудайы болушум үчүн ошондой болот, – дейт Кудай-Теңир».

Нухтун, Даниелдин жана Аюбдун адилеттиги

12 Анан мага Теңирден сөз болду:

13 «Адам уулу! Кайсы бир жер Менден жүзү каралык менен баш тартып, Менин алдымда күнөө кылса, Мен Өз колумду ага каршы сунуп, анын нан булагын жок кылсам, ага ачарчылык жиберсем, ал жердин элин жана малын кырсам,

14 эгерде ал жерде бул үч адам: Нух, Даниел жана Аюб болсо, анда алар өздөрүнүн адилеттиги менен өз жандарын гана сактап калышмак, – дейт Кудай-Теңир.

15 Же эгерде Мен ал жерге катаал жырткыч айбандарды жиберсем, алар жерди жетим калтырса, ал жер жырткычтардын айынан эч ким өтпөгөн чөлгө айланса,

16 ал жерде бул үч адам болсо да, – Мен тирүүмүн, – дейт Кудай-Теңир, – алар уулдарды да, кыздарды да куткара алышмак эмес, алар өздөрү гана куткарылышмак, жер болсо чөлгө айланмак.

17 Же эгерде Мен ал жерге кылыч жиберип: “Кылыч, бул жерди аралап чык!” – десем, кылыч ал жердин адамдарын жана малын кыра баштаса,

18 ал жерде бул үч адам болсо да, – Мен тирүүмүн, – дейт Кудай-Теңир, – алар уулдарды да, кыздарды да куткара алышмак эмес, алар өздөрү гана куткарылышмак.

19 Же эгерде Мен ал жерге жугуштуу оору жиберсем, ал жердеги адамдарды жана малды кырыш үчүн, ал жерге кан төгүү менен каарымды төксөм,

20 ал жерде Нух, Даниел жана Аюб болсо да, – Мен тирүүмүн, – дейт Кудай-Теңир, – алар уулдарды да, кыздарды да куткара алышмак эмес, алар өздөрүнүн адилеттиги менен өз жандарын гана сактап калышмак».

21 Анткени Кудай-Теңир мындай дейт: «Мен Иерусалимдин адамдары менен малын кырыш үчүн, ага Өзүмдүн төрт оор жазамды – кылыч менен ачкачылыкты, катаал жырткыч айбандар менен жугуштуу ооруну жиберсем да,

22 ошондо да ал жерде анын ичинен алып чыгарылган уулдар менен кыздардан турган калдык калат. Алар силерди тосуп чыгышат, силер алардын жүрүм-турумун жана иштерин көрүп, Менин Иерусалимге каптаткан алааматымдан, Мен ага каршы эмне каптатсам, ошонун баарынан соороносуңар.

23 Силер алардын жүрүм-туруму менен иштерин көрүп соороносуңар. Ошондо силер Мен анын ичинде эмне жасасам, ошонун бардыгын бекер жасабаганымды билесиңер», – дейт Кудай-Теңир.

15-БӨЛҮМ

Жүзүм сабагы жөнүндөгү көрүнүш

1 Анан мага Теңирден сөз болду:

2 «Адам уулу! Жүзүм сабагынын жыгачы ар кандай башка жыгачтардын алдында кандай артыкчылыкка ээ? Жүзүм сабагынын бутактары токойдогу дарактардын арасында кандай артыкчылыкка ээ?

3 Андан кандайдыр бир буюм жасаганга болобу? Кандайдыр бир буюм илиш үчүн андан, жок дегенде, илгич жасоого болобу?

4 Ал отко жем болот. Анын эки четин от жалмады, анын ортосу да күйүп кетти. Андан кандайдыр бир буюм жасоого болобу?

5 Бүтүн кезинде эле ал буюм жасаганга жараксыз эле. От жалмап салгандан кийин, күйүп калгандан кийин, ал кандайдыр бир буюм жасаганга жарамак беле?»

6 Ошондуктан Кудай-Теңир мындай дейт: «Мен токой дарактарынын арасындагы жүзүм сабагынын жыгачын отко жем кылгандай, Иерусалимдин тургундарын да отко жем кылам.

7 Мен Өз жүзүмдү аларга каршы бурам. Алар бир оттон чыгышса, башка от жалмайт. Мен Өз жүзүмдү аларга каршы бурганда, Менин Теңир экенимди билесиңер.

8 Алар ишенимсиздик кылышканы үчүн, Мен бул жерди чөлгө айлантам», – дейт Кудай-Теңир.

16-БӨЛҮМ

Иерусалимдеги жийиркеничтүү иштер жөнүндө

1 Анан мага Теңирден сөз болду:

2 «Адам уулу! Иерусалимге өзүнүн жийиркеничтүү иштерин айт,

3 ага мындай де: Кудай-Теңир Иерусалимге мындай дейт: “Сенин тамырың жана ата мекениң Канаан жеринде, атаң – аморлук, энең – хеттик.

4 Сенин төрөлүшүң мындай: сен төрөлгөн күнү киндигиңди кесишкен эмес, сени тазалаш үчүн суу менен жуушкан эмес, туздалган эмессиң, жалаякка оролгон эмессиң.

5 Сага боорукердик кылып, ушулардын ичинен, жок дегенде, бирин кылыш үчүн, эч кимдин көзү сени аяган жок. Сен төрөлгөн күнү талаага ташталгансың, анткени жек көрүндү болгонсуң.

6 Ошондо Мен сенин жаныңдан өтүп бара жатып, сенин тепсендиге ташталып, канга чулганып жатканыңды көрүп, сага мындай дедим: «Канга чулганып жатканыңа карабастан, жаша!» Ооба, Мен сага: «Канга чулганып жатканыңа карабастан, жаша!» – дедим.

7 Сени талаа өсүмдүктөрүндөй кылып көбөйттүм. Сен өстүң, чоңойдуң, эң сонун сулуулукка жеттиң: көкүрөгүң чыкты, чачың өстү, бирок сен жабуусуз, жылаңач элең.

8 Ошондо Мен сенин жаныңдан өтүп бара жатып, сени көрдүм: мына, ошол убак сенин убагың эле, сени сүйө турган убак эле. Мен сенин үстүңө кийимимдин этегин жайып, сенин жылаңачтыгыңды жаптым. Сага убада берип, сени менен келишим түздүм, – дейт Кудай-Теңир, – ошентип, сен Меники болуп калдың.

9 Мен сени суу менен жуудум, каныңды жууп салдым, анан сени зайтун майы менен майладым.

10 Үстүңө саймалуу көйнөк, бутуңа сактыян бут кийим кийгиздим, белиңди ак мата менен курчадым, сага жибек жабуу жаптым.

11 Сени жасалгалар менен жасалгаладым, колдоруңа билерик салдым, мойнуңа мончок тактым.

12 Мурдуңа шакек салдым, кулагыңа сөйкө тактым, башыңа эң сонун таажы кийгиздим.

13 Ошентип, сен алтын-күмүш менен жасалгаландың, кийимиң ак матадан, жибектен жана саймалуу кездемеден болду. Сен эң жакшы буудай унунан жасалган нан менен, бал жана зайтун майы менен азыктанчу элең, ашкан сулуу элең жана падышачылык даңкка жеттиң эле.

14 Сулуулугуң менен элдердин арасында атагың чыкты, анткени Мен сага кийгизген эң сонун кийим сулуулугуңду арттырып, кемчиликсиз кылган эле, – дейт Кудай-Теңир.

15 Бирок сен сулуулугуңа таяндың, атак-даңкыңдан пайдаланып, бузуктук кыла баштадың, жаныңдан өткөн ар ким менен бузуктук кылдың.

16 Анан өзүңдүн кийимдериңден алып, түркүн түстүү бутканаларды жасадың, ошол жерлерде бузуктук кылдың, буга чейин мындай болгон эмес, мындан кийин да болбойт.

17 Мен берген алтындан жана күмүштөн жасалган өзүңдүн кооз буюмдарыңдан алып, өзүңө эркек сөлөкөттөрүн жасап, алар менен бузуктук кылдың.

18 Өзүңдүн гүлдүү көйнөгүңдү алып, аларга кийгизип, алардын алдына Менин зайтун майымды, Менин жыпар жыттуу затымды койдуң.

19 Мен берген нанды, сени азыктандырган буудай унун, зайтун майын жана балды алардын алдына жыпар жыттуу зат кылып койдуң. Ушундай да болгон, – дейт Кудай-Теңир.

20 Мага төрөп берген уулдарыңды, кыздарыңды жем кылып курмандыкка чалдың. Сага өзүңдүн бузуктук кылганың аздык кылдыбы?

21 Бирок сен Менин уулдарымды да мууздап, аларга берип, курмандыкка өрттөдүң.

22 Сен өзүңдүн бардык жийиркеничтүү иштериңди, бузуктугуңду кылып жатканда, жаш кезиңде жылаңач, жабуусуз болуп, тепсендиге ыргытылып, канга чулганып жатканыңды эстеген жоксуң.

Иерусалимдин бузуктук кылуусу жөнүндө

23 Бардык кыянат иштериңден кийин, сага кайгы, кайгы! – дейт Кудай-Теңир.

24 Сен өзүңө бузуктук бутканаларын курдуң, ар кайсы аянтка бутканаларды жасадың.

25 Ар кайсы жолдун башына өзүңө бутканаларды куруп, сулуулугуңду маскаралап, жаныңдан өткөн ар кимге буттарыңды ачтың, ошентип, бузуктугуңду арттырдың.

26 Узун бойлуу кошунаң – Мисир уулдары менен бузуктук кылдың, Мени каардантып, бузуктугуңду арттырдың.

27 Ошондуктан Мен Өз колумду сага каршы сундум жана сага деп белгиленгенди азайттым. Сени жек көргөн, сенин бузулган жүрүм-турумуңдан уялган Пелишти кыздарынын сага зомбулук кылуусуна жол бердим.

28 Сен Ашур уулдары менен бузуктук кылдың, бирок ага да тойгон жоксуң, алар менен бузуктук кылдың, бирок ага да канааттанган жоксуң.

29 Бузуктугуңду Канаан жеринен Каздимге чейин арттырдың, бирок ага да канааттанган жоксуң.

30 Эгерде сен ушунун баарын тыюу салынбаган бузулган аялдай болуп жасаган болсоң, анда алсырап бүтсөң керек! – дейт Кудай-Теңир.

31 Сен ар кайсы жолдун башына бузуктук бутканаларын куруп жатканда, ар кайсы аянтка бутканаларды жасап жатканда, сен бузулган аялдай эмес элең, анткени сен белектерди четке какчусуң.

32 Бирок сен өзүнүн күйөөсүнүн ордуна башка эркектерди кабыл алып ойноштук кылган аялдай болчусуң.

33 Бузулган аялдардын баарына белек беришет, сен болсо өзүңдүн бүт ойношторуңа белектерди өзүң берчүсүң, сен аларды ар тараптан келип, өзүң менен ойноштук кылыш үчүн сатып алчусуң.

34 Сенин бузуктук кылганың аялдардыкынан башкача: алар сенин аркаңдан чуркашчу эмес, белектерди сен берчүсүң, сага болсо белек беришчү эмес. Ошондуктан сен башкалардан айырмаланып, тетирисинче кылчусуң.

Бузуктук үчүн жазалоо

35 Ошондуктан, бузулган аял, Теңирдин сөзүн ук!

36 Кудай-Теңир мындай дейт: “Сен өз акчаңды ушинтип чачканың үчүн, бузуктук кылып, ойношторуңдун алдында, өзүңдүн жийиркеничтүү жасалма кудайларыңдын алдында жылаңачтыгың ачылганы үчүн жана аларга берген өз уулдарыңдын каны үчүн,

37 мына ошон үчүн Мен сен ыракаттанган, өзүң сүйгөн ойношторуңдун баарын, сен өзүң жек көргөндөрдүн баарын чогултам. Мен аларды сага каршы ар тараптан чогултуп келип, алардын алдында жылаңачтыгыңды ачам, ошондо алар сенин бүт маскаралыгыңды көрүшөт.

38 Мен сени ойноштук кылгандарды жана кан төккөндөрдү жазалагандай жазалайм, сени каарым менен, кызганчаактыгым менен өлүм жазасына тартам.

39 Сени алардын колуна салып берем, ошондо алар сенин бузуктук бутканаларыңды кыйратышат, сенин бутканаларыңды уратышат, үстүңдөгү кийимиңди сыйрып алышат, жасалгаларыңды жулуп алышат, өзүңдү жылаңач, жабуусуз калтырышат.

40 Сага топ элди каршы көтөрүшөт, сени таш бараңга алышат, кылычтары менен бөлө чабышат.

41 Сенин үйлөрүңдү өрттөшөт, сени көптөгөн аялдардын көз алдында жазалашат. Ошентип, сенин бузуктугуңду токтотом, ошондон кийин белек бербей каласың.

42 Ошентип, Өзүмдүн сага болгон каарымды кандырам, Менин кызганчаактыгым сенден четтейт, ошондо тынчтанам, ошондон кийин ачууланбайм.

43 Сен өзүңдүн жаш күндөрүңдү эстебегениң үчүн, Мени ушулардын бардыгы менен кыжырлантканың үчүн, Мен да сени өзүңдүн жолдоруңа жараша жазалайм, – дейт Кудай-Теңир. – Сен ушундай жийиркеничтүү иштерди кылгандан кийин, андан ары да бузуктукка берилбешиң үчүн ошентем.

Энеси кандай болсо, кызы да ошондой

44 Мисал менен сүйлөгөн ар ким сен жөнүндө: «Энеси кандай болсо, кызы да ошондой», – деп айта алат.

45 Сен өз күйөөсүн жана балдарын таштап кеткен энеңе окшошсуң, сен өз күйөөлөрүн жана балдарын таштап кеткен эжелериңе окшошсуң. Силердин энеңер – хеттик, атаңар – аморлук.

46 Сенин улуу эжең – сенин сол тарабыңда кыздары менен жашаган Самария, сиңдиң болсо – сенин оң тарабыңда кыздары менен жашаган Содом.

47 Бирок сен алардын жолдору менен да жүргөн жоксуң, алардын жийиркеничтүү иштерин да кылган жоксуң, ал сага аздык кылды: сен өзүңдүн бүт жолдоруңда алардан өтүп бузуктук кылдың.

48 Мен тирүүмүн, – дейт Кудай-Теңир. – Сенин сиңдиң Содом өзү да, анын кыздары да сен кылганды жана сенин кыздарың кылганды кылышкан жок.

49 Сиңдиң Содомдун жана анын кыздарынын мыйзамсыздыгы бул: текебердик, ашыра тоюу жана бекерчилик. Алар кедейлерге жана жакырларга жардам беришкен эмес.

50 Алар текеберденишти, Менин алдымда жийиркеничтүү иштерди кылышты. Муну көрүп, Мен аларды четке кактым.

51 Самария сен кылган күнөөлөрдүн жарымын да кылган жок. Сен өзүңдүн жийиркеничтүү иштериң менен алардан ашып түштүң, ушундай жийиркеничтүү иштерди кылган сага караганда эжең менен сиңдиң адилирээк болуп чыкты.

52 Эми сен да өзүңдүн маскаралыгыңды көтөр, сен өзүңдүн эжең менен сиңдиңди айыптачу элең. Сен өзүңдү күнөөлөрүң менен алардан да артык маскара кылдың, алар сага караганда адилирээк. Уяттан сен да кызар, эжең менен сиңдиңди актап, өз маскаралыгыңды көтөр.

53 Бирок Мен алардын туткундалып кеткен элин, Содомдун туткундалып кеткен элин жана анын кыздарын, Самариянын туткундалып кеткен элин жана анын кыздарын, алардын арасындагы сенин туткундалып кеткен элиңди кайра алып келем.

54 Ошондо сен өз маскаралыгыңды көтөрөсүң, алардын көңүлүн көтөрүп кылган бардык иштериң үчүн уяласың.

55 Сиңдиң Содом да, анын кыздары да өздөрүнүн мурунку абалына келишет. Эжең Самария да, анын кыздары да өздөрүнүн мурунку абалына келишет. Сен да, кыздарың да өзүңөрдүн мурунку абалыңарга келесиңер.

56 Текеберденип жүргөн күндөрүңдө өзүңдүн сиңдиң Содом жөнүндө оозуңа да алган эмессиң.

57 Ошол убакта сенин бузуктугуң Сирия кыздарынан жана аны курчап тургандардан, сени туш тараптан жек көрүү менен карап турган Пелишти кыздарынан маскара болгон убактагыдай ачылган эмес.

58 Сен өзүңдүн бузуктугуң үчүн, жийиркеничтүү нерселериң үчүн азап тартып жатасың”», – дейт Теңир.

59 Анткени Кудай-Теңир мындай дейт: «Сен кандай кылсаң, Мен сага ошондой кылам. Сен келишимди буздуң, убаданы жек көрдүң.

Келечектеги бата жөнүндө убада

60 Бирок Мен сенин жаш чагыңда сени менен түзгөн Өз келишимимди эстеп, сени менен түзгөн түбөлүк келишимимди калыбына келтирем.

61 Эжең менен сиңдиңди кабыл алганда, өзүңдүн жолдоруң жөнүндө эстеп уяласың. Аларды Мен сага кыз кылып берем, бирок сени менен түзгөн келишим боюнча эмес.

62-63 Мен сенин кылгандарыңдын баарын кечиргенимде, эстеп уялышың үчүн, уялганыңдан оозуңду ачпашың үчүн, Өзүмдүн сени менен түзгөн келишимимди калыбына келтирем, ошондо сен Менин Теңир экенимди билесиң», – дейт Кудай-Теңир.

17-БӨЛҮМ

Бүркүттөр жана жүзүм сабагы жөнүндөгү мисал

1 Анан мага Теңирден сөз болду:

2 «Адам уулу! Ысрайылга табышмак айт, бир мисал келтир.

3 Аларга мындай де: Кудай-Теңир мындай дейт: “Канаттары чоң жана узун, жүнү коюу жана түркүн түстүү бир чоң бүркүт Лебанонго учуп келип, кедр дарагынын учунан үзүп алды.

4 Ал анын жаш бутактарынын жогорку учунан үзүп алып, аны Канаан жерине алып келип, соодагерлер шаарына койду.

5 Анан ошол жердин уругунан алып, түшүмдүү талаага отургузду, тал отургузгандай, чоң суунун боюна отургузду.

6 Ал өсүп, бою жапыз, жайылган жүзүм сабагы болду. Анын бутактары аны көздөй ийилип турду, тамырлары анын астында эле. Ошентип, ал жүзүм сабагы болду, жаш бутактары чыгып, бутак жайды.

7 Канаттары чоң, жүнү коюу дагы бир бүркүт бар эле. Бүркүт өзүнүн бак-дарактарынын жөөктөрүнөн сугарып турушу үчүн, бул жүзүм сабагы өз тамырлары менен ага тартылып, ага өзүнүн бутактарын жайды.

8 Ал бутактарын жайып, жемиш бериш үчүн, эң сонун жүзүм сабагы болуш үчүн, жакшы талаага, чоң суунун боюна отургузулган эле”.

9 Аларга мындай де: Кудай-Теңир мындай дейт: “Ал ийгиликке жетеби? Анын тамырларын жулуп салышпайбы? Анын жемиштерин үзүп алышпайбы? Ошондо ал куурап калбайбы? Андан өсүп чыккан жаш бутактардын баары куурап калат. Аны көп күч жумшабай эле, көп кишинин жардамысыз эле түп-тамыры менен жулуп салышат.

10 Ал отургузулду, бирок ийгилик болобу? Ал чыгыш шамалы согору менен куурап калбайбы? Ал өзү өскөн жөөктө куурап калат”».

Мисалдын мааниси

11 Анан мага Теңирден сөз болду:

12 «Козголоңчул тукумга мындай де: “Мунун мааниси эмнеде экенин билбейсиңерби?” Аларга мындай де: “Бабыл падышасы Иерусалимге келип, анын падышасы менен төрөлөрүн өзүнүн жерине, Бабылга, алып кетти.

13 Падыша тукумунан бир кишини алып, аны менен келишим түзүп, андан убада алды. Анан өзү менен кошо ал жердин күчтүүлөрүн алып кетти.

14 Падышачылык моюн сунушу үчүн, баш көтөрбөшү үчүн, келишим сакталып, бузулбай турушу үчүн ошентти.

15 Бирок ал Мисирге өз элчилерин жиберип, өзүнө ат жана көп адам сурап, Бабыл падышасына каршы чыкты. Ал ийгиликке жетеби? Муну кылган адам өзү тирүү калабы? Ал келишимди бузду, эми ал тирүү калабы?

16 Мен тирүүмүн! – дейт Кудай-Теңир. – Өзүн падыша кылып койгон Бабыл падышасынын жеринде ал өзүнүн ага берген антын жек көрүп, аны менен түзгөн келишимин бузду. Ал анын жери, Бабылда өлөт.

17 Көп адам өлтүрүлүшү үчүн жал үйүлүп, курчоо мунаралары курулуп калганда, фараон өзүнүн зор күчү менен, көп сандаган эли менен ага бул согушта эч нерсе кыла албайт.

18 Келишимди бузуш үчүн, ал өзү берген антты жек көрдү. Ал колун берип, ушунун баарын кылды, эми ал тирүү калбайт”».

19 Ошондуктан Кудай-Теңир мындай дейт: «Мен тирүүмүн! Ал жек көргөн Менин антымды, ал бузган Менин келишимимди Мен анын өз башына бурам.

20 Ага Өз торумду жаям, ал Менин торума түшөт. Анан аны Бабылга алып келем. Мага ишенимсиз болгондугу үчүн ошол жерде Мен аны менен соттошом.

21 Ал эми анын бардык кошуундарынан качкан качкындарынын баары кылычтан өлөт, калгандары болсо туш тарапка сапырылат. Ошондо силер муну Мен, Теңир, айтканымды билесиңер».

Адилеттүү Теңирдин бере турган тиешеси

22 Кудай-Теңир мындай дейт: «Мен бийик кедрдин учунан жаш бутак алып отургузам. Анын жогорку бутактарынан жаш бутак үзүп алып, бийик жана даңктуу тоонун үстүнө отургузам.

23 Аны Ысрайылдын бийик тоосуна отургузам, ошондо ал бутак жайып, мөмө берет, эң сонун кедр болот, анын түбүнө ар кыл куштар уялашат, анын бутактарынын көлөкөсүнө ар кыл канаттуулар уялашат.

24 Ошондо бардык талаа дарактары Менин Теңир экенимди билишет, Мен бийик даракты жапыз кылам, жапыз даракты бийик кылам, көгөргөн даракты кууратам, куураган даракты гүлдөтөм. Мен Теңирмин, айтканымды аткарам».

18-БӨЛҮМ

Ысрайылга берилген буйруктар

1 Анан мага Теңирден сөз болду:

2 «Эмне үчүн силер Ысрайыл жеринде “Ата-бабалар кычкыл жүзүм жешти, ал эми балдардын тиши камалды” деген макалды пайдаланып жатасыңар?

3 Мен тирүүмүн! – дейт Кудай-Теңир. – Мындан ары бул макалды Ысрайылда айтышпайт.

4 Анткени мына, бүт адамдардын жаны Меники: атанын жаны да, баланын жаны да Меники. Күнөө кылган жан өлөт.

5 Ким адилет болсо, акыйкаттык жана адилеттүүлүк боюнча иш кылса,

6 бийик жерлерде чалынган курмандыктан жебесе, көзүн Ысрайылдын жасалма кудайларына бурбаса, өз жакынынын аялын булгабаса, аялына таза эместигинен тазаланып жаткан учурда жакындабаса,

7 эч кимге кысым көрсөтпөсө, карыздары калтырган күрөөнү кайра берсе, уурулук кылбаса, ачкага өз нанын берсе, жылаңачты кийим менен жапса,

8 үстөккө бербесе, ашыгы менен албаса, колун мыйзамсыздык кылуудан тартса, адам менен адамдын ортосундагы талашты адилет чечсе,

9 Менин мыйзамдарым менен жүрсө, Менин буйруктарымды чын жүрөктөн сактаса, анда ал – адил адам, ал сөзсүз тирүү болот, – дейт Кудай-Теңир.

10 Бирок андан кан төккөн кылмышкер уул төрөлсө, ал атасы кылбаган нерселерди кылса:

11 бийик жерлерде чалынган курмандыктан жесе, өз жакынынын аялын булгаса,

12 жакыр менен кедейди кысымга алса, зордук менен тартып алса, күрөөгө алган нерсени кайра бербесе, көзүн жасалма кудайларга бурса, жийиркеничтүү нерсе жасаса,

13 үстөк алса, ашыгы менен алса, анда ал тирүү калабы? Жок, ал тирүү калбайт. Ушундай жийиркеничтүү иштердин баарын жасаган адам сөзсүз өлөт, анын каны өзүнүн башында.

14 Бирок андан уул төрөлсө, ал атасы кылып жаткан күнөөлөрдүн баарын көрүп, анын кылганын кылбаса:

15 бийик жерлерде чалынган курмандыктан жебесе, көзүн Ысрайылдын жасалма кудайларына бурбаса, өз жакынынын аялын булгабаса,

16 адамды кысымга албаса, күрөө албаса, зордук менен тартып албаса, ачкага өз нанын берсе, жылаңачты кийим менен жапса,

17 кедейди ыза кылуудан колун тартса, үстөк албаса, ашыгы менен албаса, Менин буйруктарымды аткарса, Менин мыйзамдарым менен жүрсө, анда ал атасынын мыйзамсыздыгы үчүн өлбөйт, ал тирүү болот.

18 Ал эми анын атасы өз бир тууганын катуу кысымга алганы үчүн, тоногону үчүн, өз элинин арасында жаман иштерди кылганы үчүн, мына, ал ошол өз мыйзамсыздыгы үчүн өлөт.

19 Бирок силер: “Эмне үчүн уулу өз атасынын айыбын тартпайт?” – дээрсиңер. Уулу мыйзам боюнча жана адилеттик боюнча жүрөт, Менин мыйзамдарымды сактайт, аларды аткарат, ошондуктан ал тирүү болот.

20 Күнөө кылган жан өлөт. Уулу атасынын айыбын тартпайт, атасы уулунун айыбын тартпайт, адил адамдын адилдиги өзү менен калат, мыйзамсыздын мыйзамсыздыгы да өзү менен калат.

21 Эгерде мыйзамсыз адам өзү кылып жүргөн бардык күнөөлөрүнөн бурулса, Менин мыйзамдарымдын бардыгын сактаса, мыйзам боюнча жана адилеттик боюнча жүрсө, тирүү болот, өлбөйт.

22 Анын кылган бардык кылмыштары эске алынбайт, ал өзүнүн адилеттүүлүгү менен тирүү болот.

23 Мен мыйзамсыздын өлүмүн каалабайм, – дейт Кудай-Теңир, – тескерисинче, анын өз жолунан бурулуп, тирүү калышын каалайм.

24 Эгерде адил адам өз адилдигинен баш тартып, адилетсиздик кыла баштаса, мыйзамсыз адам кылган жийиркеничтүү иштердин баарын кылса, ал тирүү калабы? Анын кылган бардык жакшы иштери эске алынбайт. Ал өзүнүн кылган мыйзамсыздыгы үчүн, өзүнүн кетирген күнөөлөрү үчүн өлөт.

25 Бирок силер: “Теңирдин жолу туура эмес!” – деп айтып жатасыңар. Ысрайыл эли, ук! Менин жолум туура эмеспи же силердин жолуңар туура эмеспи?

26 Эгер адил адам өз адилдигинен баш тартып, мыйзамсыздык кылса жана ошон үчүн өлсө, анда ал өзүнүн кылган мыйзамсыздыгы үчүн өлөт.

27 Эгерде мыйзамсыз адам өзү кылып жүргөн мыйзамсыздыгынан бурулуп, акыйкаттык жана адилеттүүлүк боюнча иш кылса, анда ал өз жанын өмүргө кайрыйт.

28 Анткени ал көрүп, өзү кылып жүргөн бардык кылмыштарынан бурулду. Ал тирүү болот, өлбөйт.

29 Ысрайыл болсо: “Теңирдин жолу туура эмес!” – деп жатат. Ысрайыл эли, Менин жолум туура эмеспи же силердин жолуңар туура эмеспи?

30 Ошондуктан, Ысрайыл эли, Мен силерди, ар бириңерди жолуңарга жараша соттойм, – дейт Кудай-Теңир. – Күнөөңөрдү мойнуңарга алып, Кудайдан кечирим сурагыла, өзүңөрдүн кылмыштарыңар өзүңөргө тоскоол болбош үчүн, кылмыштарыңардан бурулгула.

31 Өзүңөр кылып жүргөн күнөөлөрдүн баарынан баш тарткыла, өзүңөргө жаңы жүрөк жана жаңы рух жараткыла. Ысрайыл эли, силерге өлүмдүн кереги эмне?

32 Анткени Мен өлүп бара жаткан адамдын өлүмүн каалабайм, – дейт Кудай-Теңир. – Бурулгула, жашагыла!

19-БӨЛҮМ

Ысрайыл төрөлөрү үчүн кайгыруу

1 Сен болсо Ысрайыл төрөлөрү үчүн ыйла.

2 Сен мындай де: “Сенин энең эмне деген ургаачы арстан? Ал арстандардын арасында жатар эле, жаш арстандардын арасында өз күчүктөрүн чоңойтор эле.

3 Ал өз күчүктөрүнүн ичинен бирин багып өстүрдү. Ал жаш арстан болду, жем алганды үйрөндү, адамдарды жеди.

4 Ал жөнүндө элдер угушту. Ал элдердин оруна түштү, аны чынжыр менен кишендеп, Мисир жерине алып кетишти.

5 Жаш арстандын энеси күтүп жатып, үмүтү үзүлгөнүнө көзү жеткенде, өз күчүктөрүнүн ичинен башкасын алып, аны жаш арстан кылып өстүрдү.

6 Ал жаш арстан болгон соң, арстандардын арасында жүрүп, жем алганды үйрөнүп, адамдарды жеди.

7 Алардын жесир аялдарын булгады, алардын шаарларын кыйратты. Анын айкырыгынан жер да, анын айыл-кыштактары да кыйрады.

8 Ошондо анын тегерегиндеги аймактардын элдери ага каршы чыгышып, өздөрүнүн торун жайышты. Ал алардын оруна түштү.

9 Аны чынжыр менен кишендеп, капаска салып, Бабыл падышасына алып кетишти. Мындан ары Ысрайыл тоолорунда анын үнү угулбаш үчүн, аны сепилге алып кетишти.

10 Сенин энең суу жээгине отургузулган жүзүм сабагындай эле. Суунун молдугунан ал бутактуу да, жемиштүү да эле.

11 Бийлөөчүлөрдүн бийлик таягы үчүн анын катуу бутактары бар эле. Анын сөңгөгү калың бутактарынын арасынан бийик көтөрүлдү, ал өзүнүн көп сандаган бутактары менен бийик болуп көрүнүп турду.

12 Бирок ал каар менен жулунуп, жерге ыргытылды, анын жемишин чыгыш шамалы кургатты. Анын катуу бутактары жулунуп, куурап калды, аларды от жалмады.

13 Эми болсо ал чөлгө, какшып калган, суусуз жерге отургузулду.

14 Анын бутактарынын сөңгөгүнөн от чыгып, өзүнүн жемиштерин жалмады, анда бийлөөчүнүн бийлик таягы үчүн катуу бутак калбай калды. Бул – муңдуу ыр, ал ый үчүн калат».

20-БӨЛҮМ

Теңирдин Ысрайылды жазалашы

1 Жетинчи жылы, бешинчи айдын онунчу күнү Ысрайыл аксакалдарынын ичинен бир нече киши Теңирдин эркин сураганы келишип, менин бет алдыма отурушту.

2 Ошондо мага Теңирден сөз болду:

3 «Адам уулу! Ысрайыл аксакалдары менен сүйлөш, аларга айт: Кудай-Теңир мындай дейт: “Силер Менин эркимди сураганы келдиңерби? Мен тирүүмүн, силерге жооп бербейм”, – дейт Кудай-Теңир.

4 Адам уулу, алар менен соттошкуң келеби? Алар менен соттошкуң келеби? Аларга ата-бабаларынын жийиркеничтүү иштерин айт.

5 Аларга мындай де: Кудай-Теңир мындай дейт: “Мен Ысрайылды тандап алган күнү Өз колумду көтөрүп, Жакып тукумуна ант бердим. Аларга Мисир жеринде ачылып бердим, колумду көтөрүп, аларга: «Мен силердин Кудай-Теңириңермин!» – дедим.

6 Ошол күнү Мен колумду көтөрүп, аларды Мисир жеринен алып чыгып, алар үчүн караштырган, жердин асылы болгон, бал менен сүт аккан жерге алып барам деп ант бердим.

7 Мен аларга: «Ар бириңер көз алдыңарда турган жийиркеничтерди четке каккыла, өзүңөрдү Мисирдин жасалма кудайлары менен булгабагыла. Мен силердин Кудай-Теңириңермин!» – дедим.

8 Бирок алар Мага каршы козголоң чыгарышып, Мени уккулары келген жок. Эч ким көз алдында турган жийиркеничтерден баш тарткан жок, Мисирдин жасалма кудайларын таштаган жок. Ошондо Мен: «Аларга Мен Өз каарымды төгөм, Мисир жеринде аларга каршы Өзүмдүн ачуумду аягына чыгарам», – дедим.

9 Бирок Мен Өз ысымым үчүн анткен жокмун. Анткени Ысрайыл уулдары кайсы элдердин арасында жашап жатса, ошол элдердин алдында, аларды Мисир жеринен алып чыгыш үчүн, Өзүмдү аларга кайсы элдердин көз алдында ачып берсем, ошол элдердин алдында Өз ысымым булганбасын дедим.

10 Мен аларды Мисир жеринен алып чыгып, чөлгө алып келдим.

11 Аларга Өзүмдүн осуяттарымды бердим, Өзүмдүн мыйзамдарымды жарыя кылдым, аларды аткарган адам алар аркылуу тирүү калмак.

12 Ошондой эле Мен аларга Өзүмдүн ишембилеримди бердим, аларды Мени менен алардын ортосундагы белги болуш үчүн, аларды ыйык кылган Теңир Мен экенимди билишсин үчүн бердим.

13 Бирок Ысрайыл эли чөлдө Мага каршы козголоң чыгарды. Менин осуяттарым боюнча жүрүшкөн жок, Менин мыйзамдарымдан баш тартышты, аларды аткарган адам алар аркылуу тирүү калмак. Менин ишембилеримди ыйык тутушкан жок. Ошондо Мен: «Чөлдө аларды кырыш үчүн, алардын үстүнө Мен Өз каарымды төгөм», – дедим.

14 Бирок Мен Өз ысымым үчүн аларды кырган жокмун. Аларды кайсы элдердин көз алдында алып чыксам, ошол элдердин алдында Өзүмдүн ысымыма акарат келбеши үчүн ошенттим.

15 Атүгүл, Мен Өз колумду аларга каршы көтөрүп, Өзүм белгилеп койгон, бүт жердин асылы болгон, бал менен сүт аккан жерге аларды киргизбейм деп, чөлдө ант бердим.

16 Анткени алар Менин мыйзамдарымдан баш тартышты, Менин осуяттарым боюнча жүрүшкөн жок, Менин ишембилеримди булгашты. Анткени алардын жүрөгү жасалма кудайларга умтулуп калган эле.

17 Бирок Менин көзүм аларды аяды, ошондуктан аларды өлтүргөн жокмун, ошондуктан Мен аларды чөлдө таптакыр кырып салган жокмун.

18 Ошондо Мен чөлдө алардын уулдарына мындай деп айттым: «Ата-бабаларыңардын каада-салттары менен жүрбөгүлө, алардын көрсөтмөлөрүн аткарбагыла, алардын жасалма кудайлары менен өзүңөрдү булгабагыла.

19 Мен силердин Кудай-Теңириңермин: Менин осуяттарым боюнча жүргүлө, Менин мыйзамдарымды сактагыла, аларды аткаргыла.

20 Менин ишембилеримди ыйык сактагыла, алар Мени менен силердин ортоңордогу белги болсун, силердин Кудай-Теңириңер Мен экенимди билгиле».

21 Бирок уулдары да Мага каршы козголоң чыгарышты: Менин осуяттарым боюнча жүрүшкөн жок, Менин мыйзамдарымды сакташкан жок, аларды аткарган адам тирүү калмак, бирок алар аткарышкан жок, Менин ишембилеримди ыйык тутушкан жок. Ошондо Мен: «Алардын үстүнө Өзүмдүн каарымды төгөм, чөлдө аларга каршы Өзүмдүн ачуумду бүт төгөм», – дедим.

22 Бирок Мен колумду тартып, Өз ысымым үчүн, аларды кайсы элдердин көз алдында алып чыксам, ошол элдердин алдында Өзүмдүн ысымыма акарат келбеш үчүн, аларды кырган жокмун.

23 Ошондой эле Мен чөлдө Өз колумду көтөрүп, аларды элдердин арасына чачып жиберем, жер-жерлерге таратып жиберем деп ант бердим.

24 Анткени алар Менин мыйзамдарымды аткарышкан жок, Менин осуяттарымдан баш тартышты, Менин ишембилеримди ыйык тутушкан жок, алардын көздөрү өз ата-бабаларынын жасалма кудайларына бурулду.

25 Ошондо Мен аларга жаман мыйзамдарды, алар аркылуу тирүү калууга болбой турган жаман буйруктарды бердим.

26 Алар ар бир тунгуч баласын отко өрттөй башташканда, Мен аларга өздөрүнүн курмандыктары менен булганууга жол бердим, аларды кырыш үчүн ошенттим, Менин Теңир экенимди билишсин дедим”.

27 Адам уулу, ошондуктан Ысрайылга айт: Кудай-Теңир мындай дейт: “Ата-бабаларыңар Мага каршы жүзү каралык кылып, дагы мына булар менен Мага акарат келтиришти:

28 Мен аларды колумду көтөрүп ант берген жерге алып келдим, алар болсо өздөрүнө ар кандай бийик жерлерди, ар кандай бутактуу дарактарды тандап алышып, ошол жерлерге өздөрүнүн курмандыктарын чала башташты, ошол жерлерге Мени каарданткан курмандыктарын, жыпар жыттуу заттарын коюшту, ошол жерлерде куюлуучу курмандыктарын куюшту.

29 Ошондо Мен алардан: «Силер барып жүргөн эмне деген бийик жер?» – деп сурадым. (Анын аты ушул күнгө чейин Бама деп аталат.)”

30 Ошондуктан Ысрайылга айт: Кудай-Теңир мындай дейт: “Силер өз ата-бабаларыңарды туурап, өзүңөрдү булгап жаткан жоксуңарбы, алардын жийиркеничтеринин артынан ээрчип, бузуктук кылып жаткан жоксуңарбы?

31 Тартууларыңарды алып келип, уулдарыңарды отко өрттөп, жасалма кудайларыңар менен өзүңөрдү ушул күнгө чейин булгап жатасыңар. Ошондон кийин, Ысрайыл эли, Менден сурагыңар келип жатабы? Мен тирүүмүн, силерге жооп бербейм, – дейт Кудай-Теңир.

32 Ойлогон оюңар, «Биз бутпарас элдерге, чет жерлик урууларга окшоп, таш менен жыгачка кызмат кылабыз» деген сөзүңөр ордунан чыкпайт.

Ысрайылдын келечекте жазаланары жөнүндө

33 Мен тирүүмүн, – дейт Кудай-Теңир, – күчтүү колум менен, сунулган каруу-булчуңум менен, төгүлгөн каарым менен силердин үстүңөрдөн падышачылык кылам.

34 Мен силерди кайсы элдердин арасына чачып жиберсем, ошол элдердин арасынан, кайсы өлкөлөргө чачып жиберсем, ошол өлкөлөрдөн алып чыгып, күчтүү колум менен, сунулган каруу-булчуңум менен, төгүлгөн каарым менен чогултам.

35 Силерди элдердин чөлүнө алып келем, ошол жерде силер менен бетме-бет соттошом.

36 Мисир жериндеги чөлдө Мен силердин ата-бабаларыңар менен кандай соттошсом, силер менен да ошондой соттошом, – дейт Кудай-Теңир.

37 Силерди таяк астынан өткөрүп, келишим бирдигине киргизем.

38 Силердин араңардан козголоңчуларды жана Мага моюн сунбагандарды бөлөм. Аларды жашап жаткан жеринен чыгарам, бирок алар Ысрайыл жерине киришпейт. Ошондо Менин Теңир экенимди билесиңер.

39 Силер болсо, Ысрайыл, – Кудай-Теңир мындай дейт, – эгерде Мени укпасаңар, ар кимиңер өзүңөрдүн жасалма кудайларыңарга баргыла да, ошолорго кызмат кылгыла, мындан кийин Менин ыйык ысымымды өзүңөрдүн курмандыктарыңар менен, жасалма кудайларыңар менен булгабагыла.

40 Анткени Менин ыйык тоомдо, Ысрайылдын бийик тоосунда, – дейт Кудай-Теңир, – ошол жерде бүт Ысрайыл, алар жер үстүндө канча болсо, ошонун баары Мага кызмат кылышат, ошол жерде Мен аларды ырайым менен кабыл алам, ошол жерде Мен силердин курмандыктарыңарды, биринчи түшүмүңөрдү ыйык нерселериңер менен кошо талап кылам.

41 Силерди элдердин арасынан алып чыккандан кийин, силерди кайсы өлкөлөргө чачып жиберсем, ошол өлкөлөрдөн чогултуп алгандан кийин, силерди жыпар жыттуу зат катары кабыл алам. Силер аркылуу башка элдерге ыйыктыгымды көрсөтөм.

42 Мен Өз колумду көтөрүп, ата-бабаларыңарга берем деп ант берген жерге, Ысрайыл жерине, силерди киргизгенде, Менин Теңир экенимди билесиңер.

43 Ошол жерде силер өзүңөрдүн жолдоруңарды, силерди булгаган бардык иштериңерди эстейсиңер. Ошондо өзүңөрдүн кыянат иштериңер үчүн өзүңөрдөн өзүңөр жийиркенесиңер.

44 Ысрайыл эли, Мен силерге мыйзамсыз жолдоруңарга жараша эмес, бузуку иштериңерге жараша эмес, Өз ысымым үчүн ушундай кылганда, Менин Теңир экенимди билесиңер”», – дейт Кудай-Теңир.

Түштүк токою жөнүндө пайгамбарчылык

45 Ошондо мага Теңирден сөз болду:

46 «Адам уулу! Жүзүңдү түштүккө карай буруп, түштүккө каршы сөз айт жана түштүк талаасындагы токойго каршы пайгамбарчылык кыл.

47 Түштүк токоюна айт: “Теңирдин сөзүн ук. Кудай-Теңир мындай дейт: «Мен сенин ичиңе от коём, ал сендеги ар кандай көгөргөн даракты да, ар кандай куураган даракты да жалмайт. Алоолонгон от өчпөйт, ал от түштүктөн тартып түндүккө чейин баарын күйгүзөт».

48 Ошондо ар бир адам ал отту Мен, Теңир, күйгүзгөнүмдү көрөт, ал от өчпөйт”».

49 Ошондо мен: «Оо Кудай-Теңир! Алар мен тууралуу: “Ал мисал келтирип жаткан жокпу?” – деп жатышат», – дедим.

21-БӨЛҮМ

Теңирдин кылычы жөнүндө

1 Анан мага Теңирден сөз болду:

2 «Адам уулу! Жүзүңдү Иерусалимге буруп, ыйык жайга каршы сөз айт жана Ысрайыл жерине каршы пайгамбарчылык кыл,

3 Ысрайыл жерине айт: Кудай-Теңир мындай дейт: “Мен сага каршымын, Өз кылычымды кынынан сууруп алып, сенин ичиңдеги адилди да, мыйзамсызды да кырам.

4 Ал эми сендеги адилди жана мыйзамсызды кырыш үчүн, Менин кылычым кынынан суурулуп, түштүктөн түндүккө чейин ар бир адамга каршы шилтенет”.

5 Ошондо ар бир адам Мен, Теңир, Өз кылычымды кынынан сууруганымды, ал кынына кайра салынбасын билет.

6 Сен болсо, адам уулу, белиң сынгансып онто, алардын көз алдында кайгыга батып онто.

7 Алар сенден: “Сен эмнеге онтоп жатасың?” – деп сурашса, “Келген кабардан”, – деп жооп бер. Ошондо ар бир жүрөктүн үшү алынат, бардык колдор шалдаят, ар бир рух алсырайт, бүт тизелер сууга окшоп титирейт. Мына, бул келе жатат, иш жүзүнө ашат», – дейт Кудай-Теңир.

8 Анан мага Теңирден сөз болду:

9 «Адам уулу! Мындай деп пайгамбарчылык кыл: Кудай-Теңир мындай дейт: “Кылыч, кылыч курчутулду жана тазаланды.

10 Ал мууздоо үчүн курчутулду, ал чагылгандай жаркыраш үчүн тазаланды”. Менин уулумдун бийлик таягынын ар кандай даракты жек көргөнүнө кубанышыбыз керекпи?

11 Мен аны колго алыш үчүн, тазалоого бердим. Киши өлтүргүчтүн колуна бериш үчүн, ал кылыч курчутулду жана тазаланды.

12 Адам уулу, онто, боздоп ыйла, анткени ал Менин элиме жана Ысрайылдын бүт төрөлөрүнө каршы. Алар Менин элим менен бирге кылыч мизине берилет. Ошондуктан белиңди чапкыла.

13 Анткени ал сыноодон өттү. Эгерде ал бийлик таягын да жек көрсө, эмне болот? Ал туруштук бере албайт, – дейт Кудай-Теңир.

14 Сен болсо, адам уулу, пайгамбарчылык кыл, алаканыңды чап, ошондо кылыч эки эсе, үч эсе көбөйөт: кылыч жеңилгендерге каршы, кылыч алардын турак жайларына кирген улуу адамга каршы.

15 Жүрөктөрдүн үшү алынышы үчүн, өлгөндөр мындан да көп болушу үчүн, Мен алардын бүт дарбазаларынын алдына коркунучтуу кылычты коём! Чагылгандай жаркыраган, союш үчүн курчутулган кылычты коём.

16 Даярдан, оңго же солго жөнө, жүзүң кайда бурулса, ошол жакка жөнө.

17 Мен да кол чабам, Өзүмдүн каарымды кандырам. Мен, Теңир, айттым».

Бабыл падышасынын кылычы жөнүндө

18 Анан мага Теңирден сөз болду:

19 «Сен, адам уулу, Бабыл падышасынын кылычы өтө турган эки жолду элестет, ал эки жол тең бир жерден чыгышы керек, көрсөткүч кой, шаарга кире турган жолдун башына көрсөткүч кой.

20 Кылыч Амон уулдарынын Рабе шаарына жана Жүйүт аймагына, сепилдүү Иерусалимге барышы үчүн жол жаса.

21 Анткени Бабыл падышасы эки жолдун айрылышына, эки жолдун башына төлгө салуу үчүн токтоду: жебелерин силкилдетти, терафимден сурады, боорду карады.

22 Анын оң колундагы төлгө “Иерусалимге” деп түштү, ал жерге талкалагычтарды коюш керек экенин, өлтүрүш үчүн ооз ачыш керек экенин, согуш урааны үчүн катуу кыйкырыш керек экенин, дарбазалардын алдына талкалагычтарды коюш керек экенин, жал үйүш керек экенин, курчоо мунараларын куруш керек экенин көрсөттү.

23 Бул төлгө алардын көзүнө жалган болуп көрүндү. Бирок алар ант беришкендиктен, ал алардын ушул жүзү каралыгын эстеп, аларды каратып алууну чечти.

24 Ошондуктан Кудай-Теңир мындай дейт: “Силер кылмыштарыңарды ачыкка чыгарып, ар бир ишиңерде өзүңөрдүн күнөөлөрүңөрдү көрсөтүп, мыйзамсыздыгыңарды өзүңөр эсиме салып жатасыңар. Муну өзүңөр эсиме салып жатасыңар, ошондуктан силер кол менен туткундалып кетесиңер.

25 Сен да, Ысрайылдын татыксыз, кылмышкер жол башчысы, акыркы күнөөнүн мезгилинде күнү келген адам,

26 Кудай-Теңир мындай дейт: «Баш кийимиңди чеч, таажыңды алып кой. Эми андай болбойт. Кемсинтилген көтөрүлөт, көтөрүлгөн кемсинтилет.

27 Кулатам, кулатам, кулатам. Ал жок болот, ал Кимге таандык болсо, Ошол келгенге чейин ошондой болот, Мен аны Ошого берем»”.

Амондуктарга каршы көтөрүлгөн кылыч жөнүндө

28 Сен, адам уулу, пайгамбарчылык кылып айт: Кудай-Теңир Амон уулдары жөнүндө жана алардын көрсөткөн кордугу жөнүндө мындай дейт де: “Кылыч, кылыч союш үчүн кынынан суурулду, кырып-жоюш үчүн, чагылгандай жаркыраш үчүн тазаланды.

29 Сага курулай пайгамбарчылык кылышкандыгы үчүн, жалган төлгө ачышкандыгы үчүн сен өлүмгө өкүм кылынган, акыркы күнөөнүн убагында күнү келген мыйзамсыздарга кошуласың.

30 Аны кынына кайра салайынбы? Сени өзүң жаралган жерде, өзүң туулган жерде соттойм.

31 Сага каарымды төгөм, сага Өзүмдүн каарымдын отун үйлөйм, сени адам өлтүргөнгө чебер, канкор адамдардын колуна салып берем.

32 Сен отко жем болосуң, сенин каның жерде калат. Сен жөнүндө эскерип да коюшпайт. Муну Мен, Теңир, айттым”».

22-БӨЛҮМ

Иерусалимдин күнөөлөрү

1 Анан мага Теңирден сөз болду:

2 «Адам уулу, сен соттогуң келеби, кандуу шаарды соттогуң келеби? Ага анын бардык жийиркеничтүү иштерин айт.

3 Ага айт: Кудай-Теңир мындай дейт: “Оо, өз мезгили келиши үчүн, өз ичинде кан төккөн шаар, өзүн булгаш үчүн, жасалма кудайларды жасаган шаар!

4 Сен өзүң төккөн кан менен өзүңдү күнөөлүү кылдың, өзүң жасаган жасалма кудайлар менен өзүңдү булгадың, өзүңдүн күндөрүңдү жакындаттың, жазалана турган жылыңа жеттиң. Ошон үчүн сени бүт элдердин, бүт өлкөлөрдүн колуна салып берем, алар сени кордошот, шылдың кылышат.

5 Сага жакын тургандар да, сенден алыс тургандар да сени шылдыңдашат, өзүнүн ысымын булгаган, кан төгүү менен атагы чыккан шаар.

6 Сенин ичиңде өз күчүнө жараша кан төккөн Ысрайылдын башчылары болгон.

7 Сенде атасы менен энесине тил тийгизишет, сенин ичиңде келгиндерди ыза кылышат, сенде жетим менен жесирди кысымга алышат.

8 Менин ыйык жайымды жек көрөсүң, ишембилеримди ыйык тутпайсың.

9 Кан төгүш үчүн, сенде жалаа жабуучулар бар, сенин тоолоруңда жасалма кудайларга чалынган курмандыктарды жешет, сенин ичиңде ыпылас иштерди кылышат.

10 Сенде атасынын жылаңач этин ачышат, сенде аялын тазаланып жаткан убагында зордукташат.

11 Бири өз жакынынын аялы менен жийиркеничтүү иш кылат, бири өз келинин булгайт, бири өз атасынын кызын, өз карындашын зордуктайт.

12 Кан төгүү үчүн, сенин ичиңде пара алышат. Сен үстөк алыш үчүн бересиң, ашыгы менен аласың, жакыныңдан зордук менен пайда табасың, Мени болсо унутуп койдуң, – дейт Кудай-Теңир.

13 Мен сенде болуп жаткан ач көздүк үчүн, сенин ичиңде болуп жаткан кан төгүү үчүн колумду серпип жибердим.

14 Мен сага каршы чыккан күндөрү жүрөгүң туруштук бере алар бекен, колдоруң бекем болор бекен? Мен, Теңир, айтканымды жасайм.

15 Сени элдердин арасына чачып жиберем, жер-жерлерге сапырып жиберем, ошентип, сенин ичиңдеги жийиркеничтериңди жок кылам.

16 Элдердин алдында сен өзүңдү өзүң жек көрүндү кыласың, ошондо Менин Теңир экенимди билесиң”».

Эритүүчү меш жөнүндө

17 Анан мага Теңирден сөз болду:

18 «Адам уулу! Мен үчүн Ысрайыл тукуму ширенди болуп калды. Алардын баары – мештин ичиндеги калай, жез, темир жана коргошун, алар күмүштүн ширендиси болуп калышты.

19 Ошондуктан Кудай-Теңир мындай дейт: “Баарыңар ширенди болуп калганыңар үчүн Мен силерди Иерусалимге чогултам.

20 Мешке күмүштү, жезди, темирди, коргошунду жана калайды кандай чогуу салышса, от үйлөп, кандай эритишсе, Мен да силерди Өзүмдүн каарым менен, ачуум менен чогултуп, мешке салып эритем.

21 Силерди чогултуп туруп, үстүңөргө Өзүмдүн каарымдын отун үйлөйм, ошондо силер ошол оттун ичинде эрийсиңер.

22 Мештин ичинде күмүш кандай эрисе, силер да оттун ичинде ошондой эрийсиңер. Ошондо силерге Өз каарымды чачкан Мен, Теңир, экенимди билесиңер”».

Ысрайыл төрөлөрүнүн күнөөлөрү

23 Анан мага Теңирден сөз болду:

24 «Адам уулу! Ага айт: “Сен тазаланбаган жерсиң, Мен каарымды төккөн күнү жамгыр менен сугарылбай калган жерсиң!”

25 Анын ичиндеги анын пайгамбарларынын уюму өзүнүн олжосун тыткылаган, айкырган арстандай. Алар адамдарды жешет, мал-мүлктү, кымбат баалуу буюм-тайымдарды талап-тоношот, жесирлердин санын көбөйтүшөт.

26 Анын ыйык кызмат кылуучулары Менин мыйзамымды бузуп жатышат, Менин ыйык жайларымды булгап жатышат, ыйыкты ыйык эместен айырмалашпайт, таза менен таза эместин айырмасын көрсөтүшпөйт, Менин ишембилериме көздөрүн жуумп коюшкан, алар Мени барк албай калышты.

27 Анын төрөлөрү пайда табыш үчүн кан төккөн, киши өлтүргөн, олжону тыткан карышкырлардай.

28 Анын пайгамбарлары болсо баарын ылай менен шыбашат, жок нерсени көрүшөт, аларга алдын ала жалганды айтышат, Теңир айтпаса да, “Кудай-Теңир мындай дейт”, – дешет.

29 Ал эми карапайым адамдар бири-бирин эзишет, жарды менен кедейди талап-тоношот, кысымга алышат, келгинди адилетсиз эзишет.

30 Мен бул жерди кыйратпаш үчүн, алардын ичинен дубал кура турган, Менин алдымда ушул жер үчүн жаракада тура турган адам издедим, бирок тапкан жокмун.

31 Ошондуктан Мен аларга каарымды төгөм, аларды Өз каарымдын оту менен кырам, аларды жолдоруна жараша жазалайм», – дейт Кудай-Теңир.

23-БӨЛҮМ

Айола менен Айолиба жөнүндө

1 Анан мага Теңирден сөз болду:

2 «Адам уулу! Бир эненин кыздары болгон эки аял бар эле.

3 Алар Мисирде бузуктук кылышты, жаш чагынан бузуктук кылышты. Ошол жерде алардын төштөрү эзилди, ошол жерде алардын эркек тийбеген төштөрүнүн түймөлөрүн эзишти.

4 Алардын ысымдары: эжесинин ысымы Айола, ал эми сиңдисиники Айолиба эле. Алар Менин кыздарым эле, алар уулдарды жана кыздарды төрөштү. Айола Самария деп, Айолиба Иерусалим деп аталчу.

5 Айола Мени таштап, бузуктук кыла баштады. Ойношторуна, кошуналары болгон ашурлуктарга, кумарын арттырды.

6 Алар жакут түстүү кездемеден кийим кийген дубан башчылары жана шаар башчылары, ат үстүндө жүргөн жаш, сулуу жигиттер эле.

7 Ашур уулдарынын тандамал жигиттери менен ыксыз бузуктук кылды, кимге гана кумарын арттырбасын, ошонун бүт жасалма кудайлары менен өзүн булгады.

8 Мисирликтер менен бузуктук кылганын да токтотподу, анткени алар аны менен жаш чагында жатышкан, анын эркек тийбеген төштөрүнүн түймөлөрүн эзип, аны менен өздөрүнүн кумарын кандырышкан.

9 Ошон үчүн Мен аны өзүнүн кумарын арттырган ойношторунун – Ашур уулдарынын колуна салып бердим.

10 Алар анын жылаңач этин ачып, анын уулдары менен кыздарын алып кетишти, өзүн болсо кылычтап өлтүрүштү. Ошентип, ал аялдар арасында маскара болду, аны өлүм жазасына тартышты.

11 Анын сиңдиси Айолиба муну көрүп, өзүнүн кумарын андан бешбетер арттырды, анын бузуктугу эжесинин бузуктугунан ашып түштү.

12 Ал Ашур уулдарына – дубан башчыларына, шаар башчыларына, кошуналарына, жакшы кийинген, ат минген атчандарга, ат чапкандарга, тандамал жигиттерге кумарын арттырды.

13 Мен анын өзүн булгаганын, экөөнүн тең жолу бир экенин көрдүм.

14 Айолиба өзүнүн бузуктугун дагы арттырды, анткени дубалдын бетине чегилген эркектерди,

15 белдерине кур байлаган, баштарына баш кийим кийген, кебетелери болсо Каздим жеринде төрөлгөн Бабыл уулдарына окшош аскер башчыларын, дубалдын бетине боёк менен тартылган каздимдерди көрдү.

16 Ал аларды бир көргөндө ашык болуп, аларга, Каздим жерине элчилерди жөнөттү.

17 Ошондо Бабыл уулдары анын ойноштук төшөгүнө келишти, өздөрүнүн бузуку иштери менен аны булгашты, ал өзүн алар менен булгады, анан алардан жаны жийиркенди.

18 Ал өзүнүн бузуку иштерине ачык берилип кетип, өзүнүн жылаңач этин ачканда, Менин жаным анын эжесинен кандай жийиркенсе, Менин жаным андан да ошондой жийиркенди.

19 Ал Мисир жеринде, жаш чагында бузуктук кылган күндөрүн эсине түшүрүп, бузуку иштерин арттыра берди.

20 Денеси эшектикиндей болгон, кумары айгырдыкындай болгон ойношторуна кумарын арттыра берди.

21 Ошентип, сен өзүңдүн жаш кездеги бузуктугуңду, мисирликтер сенин эркек тийбеген төшүңдүн түймөлөрүн эзген учурду эсиңе түшүрдүң».

22 Ошондуктан, Айолиба, Кудай-Теңир мындай дейт: «Мен сенин жаның жийиркенген ойношторуңду сага каршы козгойм, аларды туш-туштан сага каршы алып келем:

23 Бабыл уулдарын жана бүт каздимдерди, Пекотту, Шоаны, Коаны, алар менен бирге Ашурдун бүт уулдарын – сымбаттуу жаш жигиттерди, дубан башчыларын жана шаар башчыларын, мансаптуу жана атактуу кишилерди, бардык мыкты атчандарды сага каршы алып келем.

24 Алар сага каршы курал-жарак менен, аттары жана майдан арабалары менен, туулга, калкан, соот кийген сансыз кол менен келишет; сени тегеректеп, ортого алышат. Сени алардын сотуна берем, алар сени өз соту менен соттошот.

25 Мен Өзүмдүн кызганычымды сага каршы бурам, ошондо сени аёосуз жазалашат: Сенин кулагың менен мурдуңду кесишет, ал эми сенин калдыгың кылычтан өлөт. Уулдарың менен кыздарыңды алып кетишет, ал эми калган элиңди от жалмайт.

26 Yстүңдөгү кийимдериңди чечип кетишет, жасалгаларыңды алып кетишет.

27 Ошентип, сенин Мисир жеринен алып келген аягы суюктугуңду, бузуктугуңду токтотом. Ошондон кийин сен аларга көзүңдү бурбай каласың, Мисир жөнүндө эстебей каласың».

28 Анткени Кудай-Теңир мындай дейт: «Мына, Мен сени өзүң жек көрүп калгандардын колуна, жаның жийиркенгендердин колуна берем.

29 Алар сага жек көрүү менен мамиле кылышып, эмгектенип тапканыңдын баарын алып кетишет, өзүңдү жабуусуз, жылаңач калтырышат, ошондо жийиркеничтүү жылаңачтыгың да, бузуктугуң да, аягы суюктугуң да айгине болот.

30 Элдер менен ойноштук кылып, алардын жасалма кудайлары менен өзүңдү булгагандыгың үчүн сага ушундай болот.

31 Сен эжеңдин жолу менен жүрдүң. Ошон үчүн анын чөйчөгүн сенин колуңа берем.

32 Кудай-Теңир мындай дейт: “Сен эжеңдин чуңкур, чоң чөйчөгүнөн ичесиң, анын чоң сыйымдуулугуна жараша шылдыңга каласың, маскара болосуң.

33 Мас болосуң, күйүткө толосуң: сага коркунучка жана кыйроого толгон чөйчөктү, эжең Самариянын чөйчөгүн ичирем!

34 Анын түбүн какшыта ичесиң, сыныктарын кемиресиң, төшүңдү тытасың, анткени муну Мен, Теңир, айттым”».

35 Ошондуктан Кудай-Теңир мындай дейт: «Мени унутуп, Менден бурулуп кеткендигиң үчүн, өзүңдүн мыйзамсыздыгыңдын, бузуктугуңдун азабын тарт».

36 Анан мага Теңир мындай деди: «Адам уулу! Айола менен Айолибаны соттогуң келеби? Аларга өздөрүнүн ыпыластыктары жөнүндө айт.

37 Анткени алар ойноштук кылышты, алардын колдору кан, алар өздөрүнүн жасалма кудайлары менен ойноштук кылышты, Мага төрөп берген уулдарын аларга жем кылып, отко өрттөштү.

38 Алар Мага дагы мындай кылышты: ошол эле күнү Менин ыйык жайымды булгашты, Менин ишембилеримди ыйык тутушкан жок.

39 Алар жасалма кудайларына арнап өз балдарын курмандыкка чалгандан кийин, ошол эле күнү Менин ыйык жайымды булгаганы келишти. Алар Менин үйүмдө ушундай кылышты!

40 Андан тышкары, алыстан келгендерге киши жиберишти, аларга элчилерди жөнөтүштү. Алар келишти. Сен алар үчүн жуундуң, көзүңө сурма койдуң, жасалгалар менен жасалгаландың.

41 Жаткан жериңдеги кооз төшөккө отурдуң, анын алдында даярдалган дасторкон бар эле, анын үстүнө Менин жыпар жыттуу заттарымды, Менин зайтун майымды койдуң.

42 Аныкынан шаттанган элдин үнү жаңырып турду, калың топтун арасына чөлдөн мастарды жетелеп келип жатышты. Алар булардын колдоруна билерик, баштарына кооз таажы тагып жатышты.

43 Ошондо Мен карыганча ойноштук кылган бул аял жөнүндө: “Эми анын бузуктугу өзү менен кошо бүтөт”, – дедим.

44 Бирок ага бузулган аялга келгендей келип жатышты. Айола менен Айолибага бузулган аялдарга келгендей келип жатышты.

45 Бирок аларды адил адамдар ойноштук кылган аялдарды соттогондой соттошот, аларды кан төккөндөрдү соттогондой соттошот, анткени алар – ойноштук кылган аялдар, алардын колдорунда кан бар».

46 Анткени Кудай-Теңир мындай дейт: «Аларга каршы топ эл чакыр, аларды коркунучка, талап-тоноого салып бер.

47 Ошондо аларды топ эл таш бараңга алат, аларды өздөрүнүн кылычы менен кыя чабат, алардын кыздары менен уулдарын өлтүрөт, үйлөрүн өрттөйт.

48 Бул жердеги бузуктуктун аягына ушинтип чыгам. Ошондо бардык аялдар сабак алып, силерге окшоп уят иштерди кылышпайт.

49 Бузуктугуңарды өз мойнуңарга салышат, өзүңөрдүн жасалма кудайларыңар менен кылган күнөөңөр үчүн жазаланасыңар, ошондо силер Менин Кудай-Теңир экенимди билесиңер».

24-БӨЛҮМ

Кайнап жаткан казан жөнүндө

1 Тогузунчу жылдын онунчу айынын онунчу күнү мага Теңирден сөз болду:

2 «Адам уулу! Ушул күндүн атын, ушул күндүн өзүн жазып ал: так ушул күнү Бабыл падышасы Иерусалимге келет.

3 Козголоңчул тукумга үлгү-насаат айт, аларга Кудай-Теңир мындай дейт: “Казан асып, ага суу куй.

4 Ага жиликтеп бөлүнгөн эттерди сал, эттин эң жакшысын: жамбашты жана далыны сал, аны тандалган сөөктөргө толтур.

5 Тандалган койлордон ал, казандын астына от жак, казандагы сөөктөр этинен шылынып бышканча кайнат”.

6 Ошондуктан Кудай-Теңир мындай дейт: “Кандуу шаарга кайгы! Ичинде даты бар казанга, даты кетпеген казанга кайгы! Өкчөмө таш ыргытпастан, андан жилик артынан жилик ыргыткыла.

7 Анткени анын каны өз ичинде. Ал аны жылаңач аскада калтырды. Топурак басып калбаш үчүн, аны жерге төккөн жок.

8 Өч алыш үчүн каарды козгосун деп, топурак басып калбасын деп, Мен анын канын жылаңач аскага калтырдым”.

9 Ошондуктан Кудай-Теңир мындай дейт: “Кандуу шаарга кайгы! Мен да чоң от жагам.

10 Отун сала түш, от жак, этти эзилте бышыр. Шорпо соолуп, сөөктөр күйүп кетсин.

11 Казан бошогондо, аны чокко кой, ал кызарып күйсүн, анын жези абдан кызысын, ичиндеги таза эместиги эрисин, анын бүт даты кетсин.

12 Жумуш оор болот, бирок анын калың даты кетпейт, анын даты отто да кетпейт.

13 Сенин таза эместигиң ушунчалык жийиркеничтүү болгондуктан, Мен сени канча тазаласам да, сен баары бир таза эмессиң. Мен Өзүмдүн сага болгон каарымды кандырмайынча, сен мындан ары да өзүңдүн таза эместигиңден тазаланбайсың.

14 Мен Теңирмин, Мен айтып жатам: Ал келет, Мен аны жасайм. Жасабай койбойм, аябайм, ырайым кылбайм. Сени жолдоруңа жараша, иштериңе жараша соттошот”», – дейт Кудай-Теңир.

Пайгамбардын аялынын өлүмү

15 Анан мага Теңирден сөз болду:

16 «Адам уулу! Мен сенин көзүңдүн ыракатын оорутуп, күтүлбөгөн жерден алып кетем. Бирок сен кайгырба, ыйлаба, көзүңдөн жаш чыкпасын.

17 Yнүңдү чыгарбай онто, өлгөндөрдү жоктоп аза күтпө, бирок башыңды таңып ал, бутуңа бут кийим кий, сакалыңды жаппа, башкалардын колунан нан жебе».

18 Мен эртең менен элге сөз айткандан кийин, кечинде аялым өлдү. Эртеси эртең менен мага кандай буйрулса, ошондой кылдым.

19 Ошондо эл мага: «Сен кылып жаткандын биз үчүн кандай мааниси бар экенин айтып бербейсиңби?» – дешти.

20 Мен аларга мындай деп айттым: «Мага Теңирден сөз болду:

21 “Ысрайылга айт: Кудай-Теңир мындай дейт: «Силердин күчүңөрдүн таянычы болгон, силердин көзүңөрдүн ыракаты болгон, силердин жаныңардын кубанычы болгон Өзүмдүн ыйык жайымды маскаралоого берем, силер таштап кеткен уулдарыңар менен кыздарыңар болсо кылычтан өлүшөт»”.

22 Ошондо мен кылганды силер да кыласыңар. Сакалыңарды жаппайсыңар, башкалардын колунан нан жебейсиңер.

23 Башыңар таңылуу болот, бутуңарда бут кийимиңер болот. Кайгырбайсыңар, ыйлабайсыңар, бирок күнөөңөрдүн азабынан соолуйсуңар, бири-бириңердин алдыңарда үшкүрөсүңөр».

24 «Ошентип, Жезекиел силерге белги болот: ал кылгандын баарын силер да кыласыңар. Бул жүзөгө ашканда, силер Менин Кудай-Теңир экенимди биле