даярдаган:
© Жаныбек ЖАНЫЗАК
janyzak@mail.ru • 2007-ж.





Жакында бул жерде
Ыйык Китептин
баардык китептери орун алат..

ЫЙЫК ЭЛЧИЛЕРДИН ИШТЕРИ

1-БӨЛҮМ

Кириш сөз

1 Теопил, Ыйса Өзү тандаган элчилерге Ыйык Рух аркылуу буйрук бергенден кийин,

2 асманга алынып кеткен күнүнө чейин, башынан баштап эмнени жасаса, эмнени үйрөтсө, ошонун баарын мен сага биринчи китепте жазгам.

Кудай убада кылган Ыйык Рух

3 Азап тартып өлгөндөн кийин, кырк күн ичинде Ыйса аларга көрүнүп, Кудайдын Падышачылыгы жөнүндө айтып, Өзүнүн тирүү экендигин көптөгөн далилдер аркылуу көрсөттү.

4 Анан Ыйса аларды чогултуп, мындай буйрук берди: «Иерусалимден кетпегиле, Атанын убадасын, Менден эмнени уксаңар, ошону күткүлө.

5 Анткени Жакан сууга чөмүлдүргөн, ал эми силер бир аз күндөн кийин, Ыйык Рухка чөмүлдүрүлөсүңөр».

Ыйсанын асманга көтөрүлүп кетүүсү

6 Ошондуктан алар бир жерге чогулушканда, Ыйсадан: «Теңир, Сен Ысрайыл элинин падышачылыгын ушул убакытта калыбына келтиресиңби?» – деп сурашты.

7 Ыйса болсо аларга мындай деп жооп берди: «Атанын Өз бийлиги менен белгилеген убакыттарын, мөөнөттөрүн билүүнүн силерге кереги жок.

8 Бирок үстүңөргө Ыйык Рух түшкөндөн кийин, күч аласыңар да, Иерусалимде, бүт Жүйүт аймагында, Самарияда, атүгүл, бүт дүйнө жүзүндө Менин күбөлөрүм болосуңар».

9 Ыйса бул сөздөрдү айткандан кийин, алардын көз алдында асманга көтөрүлүп кетти, булут Аны алардын көз алдынан алып кетти.

10 Алар асманга көтөрүлүп бара жаткан Ыйсаны карап турушканда, күтүлбөгөн жерден алардын алдына ак кийим кийген эки адам пайда болуп, мындай дешти:

11 «Галилеялык эркектер! Асманды эмне карап турасыңар? Силердин жаныңардан асманга көтөрүлүп кеткен бул Ыйса, өзүңөр көргөндөй, асманга кандай көтөрүлүп кетсе, ошондой эле кайра келет».

Матийдин тандалып алынышы

12 Ошондон кийин алар Зайтун тоосунан Иерусалимге кайтып келишти. Ал тоо менен Иерусалимдин ортосундагы аралык бир ишемби күндүк жол эле.

13 Шаарга келишкенден кийин, Петир, Жакып, Жакан, Андрей, Филип, Томас, Барталамей, Матай, Алпейдин уулу Жакып, Зилот Шымон жана Жакыптын уулу Жүйүт өздөрү чогулуп жүргөн үйдүн үстүнкү бөлмөсүнө чыгышты.

14 Булар бир топ аялдар менен, Ыйсанын энеси Мариям менен жана Анын бир туугандары менен чогуу, бир тилек менен сыйынып жүрүштү.

15 Ошол күндөрдүн биринде, жүз жыйырмага жакын киши чогулган жыйналышта Петир шакирттердин ортосуна чыгып, мындай деди:

16 «Бир туугандар! Ыйсаны кармап кеткени келгендерге жол көрсөткөн Жүйүт туурасында Ыйык Рухтун Дөөт аркылуу Ыйык Жазууда алдын ала айткан сөзү орундалууга тийиш болчу.

17 Жүйүт да биз сыяктуу эле элчилик кызматка тандалып алынган эле.

18 Бирок ал адилетсиздик менен тапкан акчасына жер сатып алды. Ал башы менен жерге кулап түшкөндө, курсагы жарылып, бүт ичеги-карыны чубалып түшүп калды.

19 Бул окуя Иерусалим тургундарынын бардыгына маалым болду, ошондуктан ал жер алардын эне тилинде “Акелдама” деп аталып калды. Эврей тилиндеги бул сөз “кандуу жер” деп которулат.

20 Анткени Забурда: “Анын үй-жайы ээн калсын, анда эч ким жашабасын” жана “Анын кызматын башка бирөө алсын”, – деп жазылган.

21-22 Ошондуктан бизге бир адам кошулуп, Ыйсанын өлүп, кайра тирилгенин биз менен бирге күбөлөндүрүүсү керек. Ал адам Теңир Ыйса биздин арабызда жүргөн убакта, башкача айтканда, Жакан сууга чөмүлдүрө баштаган күндөн тартып, Ыйса биздин арабыздан асманга көтөрүлүп кеткен күнгө чейин биз менен чогуу жүргөндөрдүн бири болуусу керек».

23 Ошондо алар эки кишини: Жуст деген да, Барзаба деген да ысымы бар Жусупту жана Матийди алдыга чыгарып,

24 мындай деп сыйынышты: «Теңир, Сен ар бир адамдын жүрөгүндөгүсүн билесиң.

25 Бул эки адамдын кимисин тандаганыңды, бул элчилик кызматка экөөнүн кимиси дайындалуусу керектигин көрсөтүп бер. Анткени Жүйүт бул кызматты таштап, өзүнө тиешелүү жерге кетти».

26 Андан кийин алар өкчөмө таш ыргытышты. Өкчөмө таш Матийге түштү. Ошентип, ал он бир элчинин катарына кошулду.

2-БӨЛҮМ

Ыйык Рухтун түшүүсү

1 Элүүнчү күн майрамында алардын бардыгы бир жерге чогулушту.

2 Бир маалда асмандан катуу шамалдын добушундай болгон добуш чыгып, алар отурган үйдүн ичин толтурду.

3 Анан жалындай болгон тилдер бөлүнүп-бөлүнүп, алардын ар биринин үстүнө түштү.

4 Ошондо бардыгы Ыйык Рухка толуп, Рух берген тилге жараша ар кандай тилдерде сүйлөй башташты.

5 Ошол убакта Иерусалимде бүт дүйнө жүзүнөн келген динчил жүйүттөр бар эле.

6 Бул добушту уккан адамдар чогулуп, дүрбөлөңгө түшүштү. Анткени шакирттер ошол адамдардын ар биринин тилинде сүйлөп жатышкан эле.

7 Бардыгы айран-таң калып, өз ара мындай деп сүйлөшүп жатышты: «Сүйлөп жаткан бул адамдардын бардыгы галилеялыктар эмеспи?

8 Булар кандайча ар бирибиздин эне тилибизде сүйлөп жатышат?

9 Биз, парфтыктар, мадайлыктар, эйламдыктар жана Месопотамия, Жүйүт, Кападокия, Понт жана Асия тургундары,

10 Фригия, Памфилия, Мисир жана Киренея тараптагы Ливия аймагынын тургундары, Римден келгендер, жүйүттөр жана прозелиттер,

11 криттиктер жана аравиялыктар, өз тилибизде алардын Кудайдын улуу иштери жөнүндө айтып жаткандарын угуп жатабыз».

12 Бардыгы аң-таң болуп, эмне дешерин билбей, бири-биринен: «Бул эмнеси?» – деп сурап жатышты.

13 Ал эми кээ бирөөлөрү: «Алар таттуу шарап ичип, мас болуп алышса керек», – деп шылдыңдап жатышты.

Петирдин сөзү

14 Ошондо он бир элчинин жанында турган Петир үнүн көтөрүңкү чыгарып, аларга мындай деди: «Жүйүт эркектери жана Иерусалим тургундары! Бул жөнүндө силерге айтып берейин, сөзүмө кулак салгыла.

15 Алар, силер ойлоп турганыңардай, мас эмес, себеби азыр күндүзгү үчүнчү саат эле болду.

16 Бул жөнүндө Жоел пайгамбар алдын ала мындай деп айткан:

17 “Акыркы күндөрдө мындай болот, – дейт Кудай, – Мен ар бир адамдын үстүнө Өз Рухумду төгөм, ошондо уулдарыңар менен кыздарыңар пайгамбарчылык кылышат, жаш балдарыңар көрүнүш, карыяларыңар түш көрүшөт.

18 Ошол күндөрдө Мен кулдарымдын үстүнө да, күңдөрүмдүн үстүнө да Өзүмдүн Рухумду төгөм, ошондо алар пайгамбарчылык кылышат.

19 Асманда кереметтерди, жер үстүндө жышаандарды көрсөтөм, алар: кан, от жана түтүн.

20 Теңирдин улуу жана коркунучтуу күнү келердин алдында күн караңгылайт, ай кандын өңүндөй болуп кызарат.

21 Ошондо мындай болот: Теңирдин ысымын чакырган ар бир адам куткарылат”.

22 Ысрайыл эркектери! Сөзүмө кулак салгыла: силер назареттик Ыйсаны мыйзамсыздардын колу менен айкаш жыгачка кадап өлтүрдүңөр. Бирок Ал силердин колуңарга Кудайдын чечими жана алдын ала көрө билүүсү боюнча салынып берилген.

23 Өзүңөр билесиңер, Кудай Ошол Адам аркылуу силердин араңарда кудуреттүү иштерди, кереметтерди жана жышаандарды көрсөтүп, силерге Ал жөнүндө күбөлөндүргөн эле.

24 Бирок Кудай Аны өлүм кишенинен бошотуп, тирилтти, анткени өлүм Аны кармап тура алган жок.

25 Дөөт Ал жөнүндө мындай деп айткан: “Теңирди мен өзүмдүн алдымдан ар дайым көрүп турдум, анткени Ал менин оң жагымда, мен олку-солку болбойм.

26 Ошондуктан жүрөгүм кубанычка толуп, шаттанып сүйлөйм, атүгүл, денем да үмүт менен тынчтанат,

27 анткени Сен менин жанымды өлгөндөр жаткан жайда калтырбайсың, Өзүңдүн ыйыгыңдын чирүүсүнө жол бербейсиң.

28 Сен мага өмүр жолун таанытып билдирдиң. Сен мени Өзүңдүн алдыңда кубанычка бөлөйсүң”.

29 Агайын-туугандар! Силерге түпкү атабыз Дөөт тууралуу тайманбастык менен айтууга уруксат бергиле. Ал өлдү, көргө коюлду, анын мүрзөсү азыр да бар.

30 Ал пайгамбар болгондуктан жана Кудайдын “Сенин тукумуңдан Машайак чыгат, Аны сенин тагыңа отургузам” деген убадасын билгендиктен,

31 Машайактын кайра тирилери жөнүндө: “Анын жаны өлгөндөр жаткан жайда калтырылган жок, Анын денеси чириген жок”, – деп, алдын ала айткан.

32 Ошол Ыйсаны Кудай тирилтти, ага биз баарыбыз күбөбүз.

33 Ал Кудайдын оң колу менен асманга көтөрүлүп, Атасы убада кылган Ыйык Рухту алды да, үстүбүзгө төктү. Азыр силер ошону угуп-көрүп турасыңар.

34 Дөөт асманга көтөрүлгөн эмес, бирок ал мындай дейт: “Теңир менин Теңириме:

35 "Мен Сенин душмандарыңды бут алдыңа жыкканга чейин, Менин оң жагыма отур", – деди”.

36 Ошондуктан, бүт Ысрайыл эли, так билип алгын: силер айкаш жыгачка кадаган ошол Ыйсаны Кудай Өзү Теңир жана Машайак кылды».

Биринчи Жыйын

37 Муну угушканда, алардын жүрөгүнө канжар сайылгандай болду. Ошондо алар Петирден жана башка элчилерден: «Агайын-туугандар! Эми биз эмне кылышыбыз керек?» – деп сурашты.

38 Петир аларга: «Күнөөңөр кечирилиши үчүн, тобо кылгыла, ар бириңер Ыйса Машайактын ысымынын урматына сууга чөмүлдүрүлгүлө, ошондо Кудай силерге Ыйык Рухту белек кылат.

39 Анткени Кудайдын убадасы силерге, силердин балдарыңарга жана алыстагылардын бардыгына, Кудай-Теңирибиз чакырган ар бир адамга тиешелүү», – деп жооп берди.

40 Ал мындан башка дагы көп сөздөр менен күбөлөндүрдү да: «Бул бузулган муундан сактангыла», – деп насаат айтты.

41 Ошондо анын сөзүн чын жүрөктөн кабыл алгандар сууга чөмүлдүрүлүштү. Ошол күнү аларга үч миңге жакын киши кошулду.

42 Алар элчилердин насааттарын угушчу, бири-бири менен баарлашышчу, нан сындырышчу жана сыйынышчу.

43 Ар бир адамда коркунуч бар эле, Иерусалимде элчилер көптөгөн кереметтерди жана жышаандарды көрсөтүп жатышты.

44 Ыйсага ишенгендердин баары чогуу болушчу, бардык нерселерин ортого коюшчу.

45 Бардык мүлктөрү менен жеке менчиктерин сатышып, (акчасын) бардыгына, ар биринин муктаждыгына жараша бөлүп беришчү.

46 Күн сайын ийбадатканада чогуу болушчу, үйлөрдө нан сындырып, кубаныч менен, таза жүрөк менен тамактанышчу,

47 Кудайды даңкташчу. Бүт эл аларга жакшы мамиле кылчу. Теңир болсо Жыйынга куткарылгандарды күн сайын кошуп жатты.

3-БӨЛҮМ

Тубаса аксак адамдын айыгышы

1 Петир менен Жакан сыйынуу убагында – күндүзгү саат үчтө ийбадатканага кирип бара жатышкан.

2 Тубаса аксак бир адам бар эле. Ийбадатканага кирип бара жаткандардан кайыр сурасын деп, аны күн сайын көтөрүп келишип, ийбадаткананын «Кооз эшик» деп аталган эшигинин алдына отургузуп коюшчу.

3 Ал ийбадатканага кирип бара жаткан Петир менен Жаканды көрүп, алардан кайыр сурады.

4 Петир менен Жакан ага көңүл коюп карашты. Анан Петир ага: «Бизди карачы», – деди.

5 Ал адам алардан бир нерсе алам деген үмүт менен аларды тиктеп калды.

6 Бирок Петир ага: «Менде алтын-күмүш жок, бирок эмнем бар болсо, ошону сага беремин: назареттик Ыйса Машайактын атынан буйрук кыламын: ордуңдан туруп, бас», – деди.

7 Анан аны оң колунан алып, ордунан турууга жардам берди. Ошол учурда анын таманы менен тизелерине күч кирди.

8 Ал ордунан ыргып туруп, баса баштады. Секирип, Кудайды даңктап, алар менен бирге ийбадатканага кирди.

9 Бүт эл анын басып жүргөнүн жана Кудайды даңктап жатканын көрдү.

10 Алар анын ийбадаткананын «Кооз эшик» деп аталган эшигинин алдында кайыр сурап отурган адам экендигин таанышты. Анын басып жүргөнүн көрүшкөндө, үрөйлөрү учуп, аябай таң калышты.

11 Айыгып калган бул аксак киши Петир менен Жакандын жанынан кетпегендиктен, айран-таң калган бүт эл алардын жанына, «Сулаймандын үйү» деп аталган кире бериш бөлмөгө тез эле чогулуп калды.

Петирдин сөзү

12 Петир муну көргөндө, элге кайрылып, мындай деди: «Ысрайыл эркектери! Буга эмне таң калып жатасыңар? Биз аны өзүбүздүн күчүбүз же такыбаалыгыбыз менен бастыргансып, бизди эмне карайсыңар?

13 Ыбрайымдын, Ыскактын жана Жакыптын Кудайы, ата-бабаларыбыздын Кудайы, Өзүнүн Уулу Ыйсаны даңктады. Силер Аны душмандын колуна салып бердиңер, Пилат Аны бошотмокчу болгондо, силер Андан Пилаттын алдында баш тарттыңар.

14 Силер ыйык жана адил Адамдан баш тарттыңар да, киши өлтүргүчтү бошотуп берүүнү талап кылдыңар,

15 ал эми өмүр Башчысын өлтүрдүңөр. Бирок Аны Кудай тирилтти, Анын тирилгенине биз күбөбүз.

16 Өзүнө болгон ишеним үчүн Ал силер көрүп жана таанып турган бул адамга күч берди. Ал берген ишеним менен баарыңардын көз алдыңарда бул адам оорусунан айыкты.

17 Агайын-туугандар, силер да, башчыларыңар да ал ишти билбестиктен кылганыңарды билем.

18 Кудай болсо Өзүнүн бардык пайгамбарлары аркылуу Машайактын азап тартары жөнүндө алдын ала кандай айтса, ошондой ишке ашырды.

19 Ошондуктан күнөөлөрүңөрдүн кечирилиши үчүн, тобо кылгыла, Кудайга кайрылгыла.

20 Ошондо силерге Теңирден кубанычтуу мезгилдер келет, Ал силерге алдын ала дайындалган Ыйса Машайакты жиберет.

21 Кудай байыркы замандардан бери Өзүнүн бардык ыйык пайгамбарлары аркылуу эмнени айтып келе жатса, ошонун баары аткарылганга чейин, асман Аны кабыл алышы керек эле.

22 Муса ата-бабаларыбызга мындай деген: “Кудай-Теңириңер силерге бир туугандарыңардын ичинен мен сыяктуу бир Пайгамбарды чыгарат. Анын силерге айткандарынын баарын уккула.

23 Ал Пайгамбарды укпаган ар бир адам эл арасынан жок кылынат”.

24 Бүт пайгамбарлар, Шемуел пайгамбар жана андан кийинки пайгамбарлар, алардын кимиси гана сүйлөбөсүн, бардыгы бул күндөр жөнүндө алдын ала айтышкан.

25 Силер пайгамбарлардын уулдарысыңар жана келишимдин мурасчыларысыңар. Анткени Кудай Ыбрайым пайгамбарга: “Жер үстүндөгү бардык элдер сенин тукумуң аркылуу бата алат”, – деп, силердин ата-бабаларыңар менен келишим түзгөн.

26 Кудай ар бириңерди жаман иштериңерден буруп, силерге бата бериш үчүн, Өзүнүн Уулу Ыйсаны тирилтип, Аны биринчи силерге жиберди».

4-БӨЛҮМ

Биринчи жолку куугунтук

1 Петир менен Жакан элге сүйлөп жатышканда, ыйык кызмат кылуучулар, ийбадатканадагы күзөт башчылар жана садукейлер алардын жанына келишти.

2 Алар бул экөөнүн элди окутуп, өлгөндөрдүн Ыйса аркылуу тирилерин жарыялап жатышканына ачууланышты.

3 Аларды кармап, эртең мененкиге чейин камап коюшту, анткени кеч кирип калган эле.

4 Бирок сөздү уккандардын көпчүлүгү Ыйсага ишенип калышты. Алардын саны беш миңге жакын эле.

5 Эртеси күнү жүйүттөрдүн башчылары, аксакалдары, мыйзам окутуучулары,

6 башкы ыйык кызмат кылуучу Анас, Кайапа, Жакан жана Искендер, башкы ыйык кызмат кылуучулар уруусундагылардын бардыгы Иерусалимге чогулушту.

7 Алар Петир менен Жаканды ортого чыгарып: «Силер муну кайсы күч менен же кимдин атынан кылдыңар?» – деп сурашты.

8 Ошондо Петир Ыйык Рухка толуп, аларга мындай деди: «Эл башчылары жана Ысрайыл аксакалдары!

9 Эгерде силер бүгүн бизди оорулуу адамга жакшылык кылганыбыз үчүн суракка алып, анын кантип айыкканы жөнүндө сурап жатсаңар,

10 анда бардыгыңар, бүт Ысрайыл эли, билип алгыла: бул адам силер айкаш жыгачка кадаган, бирок Кудай кайра тирилткен назареттик Ыйса Машайактын атынан айыгып, силердин алдыңарда турат.

11 Ыйса – силер, куруучулар, жаратпай койгон, бирок бурчтун негизи болуп коюлган таш.

12 Адамдарды Ыйсадан башка эч ким куткара албайт. Анткени асман астында бизди – адамдарды куткара ала турган башка ысым жок».

13 Алар Петир менен Жакандын тайманбастыгын көрүп, алардын окубаган, жөнөкөй адамдар экендигин билип таң калышты. Алардын Ыйса менен бирге жүргөндүгүн билишти.

14 Бирок айыккан адамдын алардын жанында турганын көрүшүп, каршы сүйлөй алышкан жок.

15 Анан аларга синедриондон чыгып турууну буйрушту да:

16 «Бул адамдарды эмне кылалы? Анткени алар аркылуу улуу керемет көрсөтүлгөндүгү Иерусалимде жашагандардын баарына маалым болду, биз да муну тана албайбыз.

17 Бирок бул мындан ары эл арасында жайылбашы үчүн, аларды коркутуп, бул ысым жөнүндө жарыялоого тыюу салалы», – деп, өз ара кеңешишти.

18 Анан аларды чакырып: «Ыйсанын ысымы жөнүндө таптакыр сүйлөбөгүлө да, окутпагыла», – деп буйрук беришти.

19 Бирок Петир менен Жакан аларга: «Өзүңөр ойлоп көргүлөчү, Кудайды укпай, силерди угуу Кудай алдында туурабы?

20 Биз көргөнүбүз менен укканыбызды айтпай коё албайбыз», – деп жооп беришти.

21 Алар болсо эл тургандыктан, ал экөөнү жазалоонун ыңгайын таба алышпай, аларды дагы бир жолу коркутуп, бошотуп жиберишти. Анткени элдин баары болуп өткөн окуя үчүн Кудайды даңктап жаткан эле.

22 Оорусунан керемет менен айыккан бул адамдын жашы кырктан ашып калган болчу.

Жыйындын сыйынуусу

23 Бошотулгандан кийин, алар башка шакирттерге келип, башкы ыйык кызмат кылуучулар менен аксакалдардын айткандарын айтып беришти.

24 Алар болсо муну угушкандан кийин, катуу үн менен: «Асманды, жерди, деңизди жана алардын ичинде эмне болсо, ошонун баарын жараткан Эгедер Кудай!

25 Сен Ыйык Рух аркылуу атабыз Дөөттүн – Өзүңдүн кулуңдун оозу аркылуу: “Бутпарастар эмне үчүн каарданып жатышат? Элдер эмне үчүн ишке ашпай турган нерсени ойлоп жатышат?

26 Дүйнөнүн падышалары каршы көтөрүлүштү, төрөлөр Теңирге жана Анын Машайагына каршы чогулушту”, – деп айткансың.

27 Чын эле, бул шаарда Ирод менен Понтий Пилат бутпарастар менен, Ысрайыл эли менен бирге Өзүң майлаган ыйык Уулуң Ыйсага каршы чогулушту.

28 Алар Сенин күчүң жана чечимиң менен алдын ала белгиленген нерсени орундатыш үчүн чогулушту.

29 Азыр болсо, Теңир, алардын коркутуп жатканын көрүп турасың, Өзүңдүн сөзүңдү тайманбастык менен айтышыбыз үчүн, кулдарыңа кайраттуулук бере көр.

30 Сенин ыйык Уулуң Ыйсанын атынан оорулууларды айыктыруу үчүн, кереметтерди жана жышаандарды көрсөтүү үчүн, Өзүңдүн колуңду суна көр», – деп, Кудайга чогуу сыйынышты.

31 Ушинтип сыйынып бүтүшкөндө, алар чогулган жер солкулдап кетти. Баары Ыйык Рухка толуп, Кудайдын сөзүн тайманбастык менен айта башташты.

Иерусалимдеги Жыйындын абалы

32 Ыйсага ишенгендердин көпчүлүгүнүн ой-тилектери бир эле. Эч ким өзүнүн мүлкүн «меники» дечү эмес, алардын бардык нерсеси ортодо болчу.

33 Элчилер болсо Теңир Ыйса Машайактын өлүп, кайра тирилгендигин зор кайраттуулук менен күбөлөндүрүп жатышты. Бардыгынын үстүндө Кудайдын зор ырайымы бар эле.

34 Алардын эч кимиси эч нерсеге муктаж болчу эмес, анткени менчик жерлери же үйлөрү барлардын баары аларды сатып, сатылган нерсенин акчасын алып келип,

35 элчилердин колуна тапшырышчу. Андан ар бир адамга муктаждыгына жараша берилчү.

36 Кипрлик леби Жусуптун менчик жери бар эле. Элчилер аны Барнаба деп коюшчу. Бул ысым «Сооротуучу» деп которулат.

37 Ал өз жерин сатып, акчасын алып келип, элчилердин колуна тапшырды.

5-БӨЛҮМ

Анания менен Сафира

1 Сафира деген аялы бар Анания деген киши менчик жерин сатты.

2 Анан ал аялы менен макулдашып, сатылган мүлктүн акчасынан жашырып алып калып, калганын элчилердин колуна тапшырды.

3 Ошондо Петир ага: «Анания! Эмне үчүн шайтанга жүрөгүңдөн орун берип, Ыйык Рухту алдап, саткан мүлкүңдүн акчасынан жашырып алып калдың?

4 Сатканга чейин талаа өзүңдүкү эмес беле? Аны саткандан түшкөн акчага өзүң ээ эмес белең? Эмне үчүн ушундай ишке бардың? Сен адамдарды эмес, Кудайды алдадың», – деди.

5 Анания бул сөздөрдү угары менен, жерге жыгылып жан берди. Ошондо бул окуяны уккандардын бардыгын коркунуч басты.

6 Жаш жигиттер орундарынан туруп, аны көргө коюуга даярдашты да, алып чыгып, көргө коюшту.

7 Болжол менен үч саат өткөндөн кийин, болуп өткөн окуя жөнүндө эч нерсе билбестен, анын аялы да келди.

8 Петир андан: «Жериңерди ушунчага саттыңар беле?» – деп сурады. Ал: «Ооба, ушунчага сатканбыз», – деп жооп берди.

9 Ошондо Петир ага мындай деди: «Теңирдин Рухун сыноого кантип батындыңар? Күйөөңдү көргө койгондор эшиктен кирип келе жатышат, азыр сени да алып кетишет».

10 Ошол замат аял анын бут алдына жыгылып жан берди. Жигиттер ичкери киргенде, анын өлүп калганын көрүштү. Алар анын сөөгүн алып чыгып, күйөөсүнүн жанына коюшту.

11 Ошондо бүт Жыйынды жана бул окуяны уккандардын бардыгын коркунуч басты.

Элчилер көрсөткөн кереметтер

12 Элчилер аркылуу эл арасында көптөгөн кереметтер жана жышаандар көрсөтүлүп жатты. Ишенгендердин бардыгы бир ой-тилек менен «Сулайман үйүнө» чогулуп жүрүштү.

13 Бирок чоочун адамдардын бирөө да аларга кошулууга дааган жок, эл болсо аларды даңктап жатты.

14 Эркектер да, аялдар да Теңирге ишенип, ишенгендердин саны уламдан-улам көбөйүп жатты.

15 Петир өтүп бара жатканда, жок дегенде, көлөкөсү түшсүн дешип, оорулууларды төшөнчү-орундары менен көтөрүп чыгып, көчөлөргө жаткырып коюп жатышты.

16 Иерусалимдин тегерегиндеги шаарлардан да көптөгөн адамдар оорулууларды жана жин оорулууларды алып келип жатышты; алардын бардыгы айыгып жатты.

Экинчи жолку куугунтук

17 Ошондо башкы ыйык кызмат кылуучу жана садукейлер тобундагылар көрө албастык кылып,

18 элчилерди кармап, мамлекеттик түрмөгө камап салышты.

19 Бирок Теңирдин периштеси түн ичинде түрмөнүн эшиктерин ачып, аларды сыртка алып чыкты да:

20 «Баргыла, ийбадатканага кирип, элге өмүр жөнүндөгү ушул сөздөрдүн баарын айткыла», – деди.

21 Алар бул сөздөрдү уккандан кийин, эртең менен эрте ийбадатканага кирип, элди окута башташты. Ошол учурда башкы ыйык кызмат кылуучу жана анын жанында жүргөндөр келип, синедрионду жана Ысрайыл аксакалдарын чакырышты да, элчилерди алып келиш үчүн, түрмөгө кызматчыларды жиберишти.

22 Бирок кызматчылар барып, аларды түрмөдөн таппай кайтып келишти да:

23 «Биз түрмөнүн эшиктери абдан бекем бекитилгенин жана эшиктердин алдында сакчылар турганын көрдүк, бирок ачып киргенибизде, ичинен эч кимди таппадык», – деп билдиришти.

24 Ийбадаткананын күзөт башчысы жана башкы ыйык кызмат кылуучулар бул сөздөрдү угушканда: «Бул эмне деген шумдук?!» – деп, айран-таң калышты.

Элчилер синедриондун алдында

25 Ошол учурда бирөө келип, аларга: «Силер түрмөгө камап койгон кишилер ийбадатканада элди окутуп жатышат», – деп билдирди.

26 Ошондо күзөт башчысы кызматчылары менен барып, аларды күч колдонбой ээрчитип келди, анткени таш бараңга алып коюшабы деп, элден коркту.

27 Аларды синедриондун алдына алып келди. Ошондо башкы ыйык кызмат кылуучу аларга мындай деди:

28 «Биз силерге бул ысым жөнүндө окутпагыла деп, катуу тыюу салбадык беле? Силер болсо өзүңөрдүн окутууңарды бүт Иерусалимге жайылтып жибердиңер. Ал Адамдын канын биздин мойнубузга коюуга ниеттенип жатасыңарбы?»

29 Ошондо Петир менен элчилер мындай деп жооп беришти: «Биринчи иретте адамдарга эмес, Кудайга баш ийүү керек.

30 Ата-бабаларыбыздын Кудайы силер жыгачка асып өлтүргөн Ыйсаны тирилтти.

31 Ысрайыл элин тобо кылдырып, күнөөлөрүн кечирүү үчүн, Кудай Ал Башчыны жана Куткаруучуну жогору көтөрүп, Өзүнүн оң жагына отургузуп койду.

32 Ал жөнүндө айтылгандын бардыгына биз да, Кудай Өзүнө баш ийгендерге берген Ыйык Рух да күбө».

33 Алар муну укканда, аябай ачууланышып, элчилерди өлтүрүүнү ойлошту.

Гамалиелдин эскертүүсү

34 Ошондо бүт эл урматтаган мыйзам окутуучу, Гамалиел деген бир фарисей синедриондо ордунан туруп, элчилерди бир аз убакытка сыртка чыгарууну буйруду.

35 Анан аларга мындай деп кайрылды: «Ысрайыл эркектери! Бул адамдарга кандайдыр бир чара көрөрдөн мурун жакшылап ойлонгула.

36 Анткени мындан бир аз мурун өзүн бир улуу адам катары көрсөтүп, Теда деген неме чыкты. Аны төрт жүзгө жакын адам ээрчиди. Бирок ал өлтүрүлдү, аны ээрчигендер да чачырап жок болушту.

37 Андан кийин эл каттоонун убагында Галилеядан Жүйүт деген неме чыгып, көп элди ээрчитти. Бирок ал да өлдү, аны ээрчигендер да чачырап кетишти.

38 Ошондуктан азыр силерге айтарым: бул адамдарга тийбегиле, буларды өз жайына койгула. Эгерде бул адамдык иш-аракет болсо, анда ал бузулат.

39 Эгерде Кудайдан болсо, анда силер аны токтото албайсыңар. Кудайга каршы чыгуучулардан болуп калуудан сак болгула». Алар анын айтканына көнүштү.

Элчилердин кордук көрүшү

40 Элчилерди чакыртып сабатышты да, Ыйсанын ысымы жөнүндө жарыялоого тыюу салышты. Анан аларды бошотуп жиберишти.

41 Алар болсо Теңир Ыйса үчүн кордук көрүүгө татыктуу болушканына кубана синедриондон чыгып кетишти.

42 Ошондон кийин алар күн сайын ийбадатканада жана үйлөрдө адамдарды окутуп, Ыйса Машайак жөнүндөгү Жакшы Кабарды таратууну токтотушкан жок.

6-БӨЛҮМ

Биринчи диакондор

1 Ошол күндөрү, шакирттер көбөйө баштаганда, бутпарас өлкөлөрдө жашаган, эллинисттерде эврейлерге каршы нааразычылык пайда болду, анткени күнүмдүк тамак-аш бөлүнүп берилгенде, алардын жесирлери эске алынбай калып жаткан эле.

2 Ошондо он эки элчи бардык шакирттерди чогултуп алып, мындай дешти: «Кудайдын сөзүн таратуу ишин таштап коюп, тамак бөлүштүрүп жүргөнүбүз жакшы эмес.

3 Ошондуктан, бир туугандар, элдин ишенимине ээ болгон, Ыйык Рухка толгон жана акылдуу жети адамды араңардан тандагыла. Бул кызматты ошолорго тапшыралы.

4 Биз болсо дайыма сыйынууну жана Кудай сөзүн айтып кызмат кылууну уланта берели».

5 Бул сунуш бүт Жыйынга жакты. Ошентип, алар ишеними бекем, Ыйык Рухка толгон Степан деген адамды, ошондой эле Филипти, Прохорду, Никанорду, Тимонду, Парменди жана антийохеялык прозелит Николайды тандашты да,

6 элчилердин алдына алып келишти. Элчилер сыйынып, алардын үстүнө колдорун коюшту.

7 Кудайдын сөзү кеңири жайылып, Иерусалимде шакирттердин саны абдан көбөйүп жатты. Ыйык кызмат кылуучулардын ичинен да көптөрү Ыйсага ишенип калышты.

Үчүнчү жолку куугунтук

8 Ишеними бекем, күчкө толгон Степан эл арасында улуу кереметтерди жана жышаандарды көрсөтүп жүрдү.

9 Либертиндердин, киренеялыктардын, александриялыктардын синагогасы деп аталган синагоганын кээ бир мүчөлөрү, киликиялыктардын жана асиялыктардын кээ бирөөлөрү Степанга каршы чыгып, аны менен талашып-тартышышты.

10 Бирок анын акылмандык менен, Рухтун күчү менен сүйлөгөн сөзүнө каршы тура алышкан жок.

11 Ошондо алар кээ бир адамдарга: «“Биз анын Мусага каршы сүйлөгөнүн, Кудайга акарат келтиргенин уктук” деп айткыла», – деп үйрөтүп коюшту.

12 Алар элди, аксакалдарды жана мыйзам окутуучуларды тукурушту да, Степанды кармап, синедрионго алып келишти.

13 Анан жалган жалаа жабуучуларды алдыга чыгарышты. Алар: «Бул адам ушул ыйык жайга жана мыйзамга каршы сүйлөгөнүн токтотпой жатат.

14 Анткени биз анын: “Назареттик Ыйса бул жайды талкалап, Мусанын бизге калтырган салттарын өзгөртөт”, – деп айтканын уктук», – деп айтышты.

15 Ошондо синедриондо отургандардын бардыгы Степанды тигиле карап калышты, анын жүзү периштенин жүзүндөй жаркырап турган эле.

7-БӨЛҮМ

Степандын сөзү

1 Ошондо башкы ыйык кызмат кылуучу Степандан: «Ушул чынбы?» – деп сурады.

2 Степан мындай деп жооп берди: «Агайын-туугандар жана аталар! Сөзүмө кулак салгылачы. Атабыз Ыбрайым Месопотамияда жашап турганында, Харанга көчүп кете элегинде, ага даңктуу Кудай келип:

3 “Өз жериңден, тууган-уругуңдан, атаңдын үйүнөн чыгып, Мен көрсөтө турган жерге баргын”, – деди.

4 Ошондо ал Каздим жеринен чыгып, Харанга келип отурукташты. Атасы өлгөндөн кийин, Кудай аны ал жактан азыр силер жашап жаткан ушул жерге көчүрдү.

5 Ал жерден Ыбрайымга бир карыш жер да мурас кылып берген эмес, бирок ал балалуу боло элек болсо да, Кудай ал жерди ага жана анын кийинки тукумуна энчилеп берүүнү убада кылды.

6 Кудай ага: “Сенин тукумуң жат жерде келгин эл болот, аларды кулга айландырып, төрт жүз жыл кысымга алышат.

7 Бирок аларды кулга айландырган элди Мен Өзүм жазалайм, ошондон кийин алар ал жерден чыгып, ушул жерде Мага кызмат кылышат”, – деди.

8 Кудай аны менен келишим түзүп, келишимдин белгиси катары ага сүннөткө отургузуу парызын берди. Ыбрайым Ыскак деген уулдуу болуп, аны сегизинчи күнү сүннөткө отургузду. Ыскактан Жакып төрөлдү, Жакыптан Ысрайыл элинин он эки уруусунун түпкү аталары төрөлдү.

9 Алар көрө албастык кылып, Жусупту Мисир жерине кулчулукка сатып жиберишти, бирок Кудай аны менен болду.

10 Аны бардык кыйынчылыктарынан куткарып, ага акылмандык берип, Мисир падышасы фараондон ырайым таптырды. Фараон аны бүт Мисирге жана өзүнүн падыша сарайына башчы кылып койду.

11 Мисир жана Канаан жеринде ачарчылык болуп, элди чоң кайгы басты. Аталарыбыз нансыз калышты.

12 Бирок Жакып Мисирде эгин бар экендигин угуп, аталарыбызды ошол жакка жиберди. Бул алардын Мисирге биринчи жолку баруусу эле.

13 Алар Мисирге экинчи жолу барышканда, Жусуп бир туугандарына: “Мен силердин бир тууганыңармын”, – деп, ачык айтты. Ошентип, Жусуптун тууган-уругун фараон таанып калды.

14 Жусуп киши жиберип, атасы Жакыпты жана бүт тууган-уругун – жетимиш беш адамды чакыртып алды.

15 Ошентип, Жакып Мисирге көчүп барды. Жакып да, аталарыбыз да ошол жерде көз жумушту.

16 Алардын сөөгү Шекем жериндеги мүрзөгө коюлду. Ыбрайым ал мүрзөнү Шекемдеги Хамор уулдарынан күмүшкө сатып алган эле.

17 Кудайдын Ыбрайымга берген убадасынын аткарыла турган убагы жакындай берди. Элибиз да Мисир жеринде көбөйүп жатты.

18 Кийин Жусуп жөнүндө билбеген башка падыша тактыга келди.

19 Ошол падыша биздин элибизге каршы ар кандай айла-амалдарды колдонуп, кысым көрсөттү. Элибиз көбөйбөш үчүн, жаңы төрөлгөн балдарды сууга таштоого мажбурлады.

20 Ошол убакта Муса төрөлдү, ал Кудайдын алдында абдан сүйкүмдүү эле. Аны үч ай өз ата-энеси бакты.

21 Ал эми сууга ташталгандан кийин, аны фараондун кызы багып алып, өз уулундай тарбиялап өстүрдү.

22 Муса Мисирде ар тараптуу билим алып, сөзү өтүмдүү, ишке жөндөмдүү адам болду.

23 Ал кырк жашында өзүнүн бир туугандары – ысрайылдыктарды көрүп келүүнү чечти.

24 Барганда, алардын бирин бир мисирлик кордоп жатканын көрүп, болуша кетти. Мисирликти өлтүрүп, кордук көргөн ысрайылдык үчүн өч алды.

25 “Кудай мен аркылуу куткарарын бир туугандарым түшүнөт”, – деп ойлоду ал. Бирок алар түшүнүшкөн жок.

26 Эртеси күнү Муса эки ысрайылдыктын бири-бири менен урушуп жатканын көрүп, алардын жанына келди да, аларды элдештиргенге аракет кылып: “Силер бир туугансыңар да! Эмнеге бири-бириңер менен урушуп жатасыңар?” – деди.

27 Бирок өз жакынына кордук көрсөтүп жаткан адам Мусаны түртүп жиберип, мындай деди: “Ким сени бизге башчы кылып, соттоочу кылып койду эле?

28 Кечээ мисирликти өлтүрдүң эле, бүгүн мени өлтүргүң келип турабы?”

29 Бул сөздөрдү укканда, Муса Мисирден качып чыкты. Ал Мидиан жеринде келгин катары жашап турду. Ал жерде ал эки уулдуу болду.

30 Кырк жыл өткөндөн кийин, Синай тоосунан алыс эмес жердеги чөлдө күйүп жаткан тикендүү бадалдын жалынынан ага Теңирдин периштеси көрүндү.

31 Муса бул көрүнүштү көрүп, таң калды. Жакшылап караш үчүн, бадалга жакын барганда, ага Теңирдин үнү угулду:

32 “Мен сенин ата-бабаларыңдын Кудайымын, Ыбрайымдын, Ыскактын жана Жакыптын Кудайымын”. Муса калтырап коркуп, жакшылап караганга даай алган жок.

33 Ошондо Теңир ага мындай деди: “Бут кийимиңди чеч, анткени сен турган жер – ыйык жер.

34 Мен Мисирдеги элимдин тартып жаткан азабын көрүп, онтогон үнүн угуп, аларды куткарыш үчүн, асмандан түшүп келдим. Ошондуктан баргын, Мен сени Мисирге жиберемин”.

35 “Ким сени бизге башчы жана соттоочу кылып койду?” деген сөз менен четке кагылган ошол Мусаны Кудай тикендүү бадал ичинде көрүнгөн периште аркылуу башчы кылып, куткаруучу кылып жиберди.

36 Ошол Муса Мисир жеринде, Кызыл деңизде жана кырк жыл бою чөлдө кереметтерди жана ажайыптарды көрсөтүп, аларды Мисирден алып чыкты.

37 Ошол Муса Ысрайыл уулдарына: “Кудай өзүңөрдүн бир туугандарыңардын ичинен мен сыяктуу бир Пайгамбарды чыгарат. Ошону уккула”, – деген.

38 Синай тоосунда өзүнө сүйлөгөн периштенин сөздөрүн чөлдө чогулган ата-бабаларыбызга айтып берген Муса ошол. Ал бизге айтып бериш үчүн, Кудайдан тирүү сөздөрдү кабыл алган.

39 Аталарыбыз ага баш ийүүнү каалашкан жок, тескерисинче, аны четке кагышты, жүрөктөрүн Мисирге буруп,

40 Арунга: “Бизди Мисир жеринен алып чыккан Муса деген неменин эмне болгондугун билбейбиз, ошондуктан бизди баштап жүрө турган кудайларды жасап бер”, – дешти.

41 Ошентип, алар ошол күндөрү алтындан музоо жасап, ошол жасалма кудайга курмандык чалып, өз колдору менен жасалган ишке кубанышты.

42 Ошондо Кудай алардан жүзүн буруп, асман кошуундарына табынган аларды жайына койду. Бул тууралуу “Пайгамбарлар” китебинде мындай деп жазылган: “Ысрайыл эли! Кырк жыл ичинде чөлдө курмандыкка чалган малыңарды жана курмандыктарыңарды Мага арнадыңар беле?

43 Силер өзүңөр менен кошо Молох кудайыңардын чатырын жана Райпан деген жылдыз кудайыңарды алып жүрдүңөр. Силер ал буркандарды табынуу үчүн жасагансыңар, ошондуктан Мен силерди Бабылдан да ары көчүрүп жиберем”.

44 Чөлдө аталарыбыздын күбөлүк чатыры бар эле. Муса ал чатырды Кудай буйругандай кылып, көргөн үлгүсү боюнча жасаган болчу.

45 Өздөрүнүн ата-бабаларынан өткөрүп алган ал чатырды биздин ата-бабаларыбыз Жашыянын жетекчилиги менен көтөрүп алып, ата-бабаларыбыздын алдынан Кудай Өзү кууп чыккан элдердин жерине алып киришчү. Дөөт падышанын убагына чейин ушундай болгон.

46 Кудайдын алдында ырайым тапкан Дөөт Жакыптын Кудайына арнап үй куруу үчүн, Анын Өзүнөн уруксат сураган.

47 Үйдү болсо Сулайман курду.

48 Бирок Бардыгынан Жогорку адамдын колу менен курулган ийбадатканаларда жашабайт. Кудай Өзү бир пайгамбар аркылуу мындай деп айткан:

49 “Асман Менин тагым, жер – буттарымды койгон орун. Силер Мага кандай үй тургузасыңар? Менин эс ала турган ордум кайсы жер?

50 Булардын баары Менин колум менен жаратылган эмеспи?” – дейт Теңир.

51 Тоң моюндар! Жүрөктөрү менен кулактары сүннөт кылынбаган адамдар! Ата-бабаларыңарга окшоп, силер дайыма Ыйык Рухка каршы чыгасыңар.

52 Силердин ата-бабаларыңар куугунтуктабаган бир да пайгамбар болгон эмес. Ата-бабаларыңар Адилеттүүнүн келерин алдын ала жарыялагандарды өлтүрүшкөн, силер болсо чыккынчылык кылып, Аны өлтүрүп салдыңар.

53 Периштелер аркылуу берилген мыйзамды кабыл алгандар да, аны аткарбагандар да силерсиңер».

Степандын өлтүрүлүшү

54 Бул сөздөрдү укканда, алар ага кыжырданып, тиштерин кычыратышты.

55 Ыйык Рухка толгон Степан болсо асманга көз жиберип, Кудайдын даңкын жана Кудайдын оң жагында турган Ыйсаны көрдү.

56 Ошондо ал: «Ачылган асманды жана Кудайдын оң жагында турган Адам Уулун көрүп жатам», – деди.

57 Бирок алар кулактарын жаап алып, катуу кыйкырып, аны көздөй жапырт умтулушту.

58 Алар аны шаардын сыртына алып чыгып, таш бараңга ала башташты. Күбөлөр болсо өз кийимдерин Шабыл деген бир жаш жигиттин жанына коюп коюшту.

59 Алар таш менен уруп жатышканда, Степан: «Теңир Ыйса! Менин рухумду алчы», – деп сыйынды.

60 Анан чөгөлөп, катуу үн менен: «Теңир! Бул күнөөнү алардын күнөөсү катары эсептебе», – деди. Ушинтип айткандан кийин, ал жан берди.

8-БӨЛҮМ

Төртүнчү жолку куугунтук

1 Шабыл болсо Степанды өлтүргөндөр тарапта эле. Ошол күндөрдө Иерусалимдеги Жыйынды катуу куугунтукташты. Ошондо элчилерден башкасынын бардыгы Жүйүт менен Самариянын ар кайсы жерине чачырап кетишти.

2 Степандын сөөгүн болсо Кудайдан корккон такыбаа адамдар көргө коюп, ал үчүн катуу аза күтүштү.

3 Ал эми Шабыл үйдөн-үйгө кирип, эркек болобу, аял болобу, бардыгын сүйрөп чыгып, түрмөгө камап, Жыйынды жок кылууга аракет кылып жатты.

4 Чачырап кеткендер болсо эл аралап, Кудайдын сөзүн таратып жүрүштү.

Филип Самарияда

5 Филип Самария шаарына келип, анын тургундарына Машайак тууралуу Жакшы Кабар таратты.

6 Филип жасаган кереметтерди уккан-көргөн элдин бардыгы анын сөзүнө чын дилден кулак салышты.

7 Анткени жин оорулуу көптөгөн адамдардын ичинен жиндер катуу кыйкырык менен чыгып, көптөгөн шал оорулуулар менен аксактар айыгып жатышкан эле.

8 Ошентип, бул шаар чоң кубанычка бөлөндү.

Сыйкырчылык кылуучу Шымон

9 Ушул шаарда буга чейин сыйкырчылык кылып, Самария элин таң калтырган, өзүн бир улуу адам кылып көрсөткөн Шымон деген бир киши бар эле.

10 «Бул кишиде Кудайдын улуу кудурети бар», – деп, элдин бардыгы, кичинесинен чоңуна чейин, ага кулак салышчу.

11 Алардын ага кулак салуусунун себеби – ал көп убактан бери өзүнүн сыйкырчылыгы менен аларды таң калтырып жүргөн.

12 Бирок Кудайдын Падышачылыгы жана Ыйса Машайактын ысымы жөнүндөгү Жакшы Кабарды жарыялаган Филипке ишенип калган эркектер да, аялдар да сууга чөмүлдүрүлүп жатышты.

13 Шымон да Ыйсага ишенип, сууга чөмүлдүрүлдү. Ал Филиптин жанынан чыкпай, жасалып жаткан улуу кереметтер менен ажайыптарды көрүп, таң калып жатты.

14 Иерусалимде калган элчилер самариялыктардын Кудай сөзүн кабыл алганын угушканда, аларга Петир менен Жаканды жиберишти.

15 Экөө келишти да, аларга Ыйык Рух берүүсүн сурап, Кудайга сыйынышты.

16 Анткени алардын эч кимисине Ыйык Рух түшө элек болчу, болгону, алар Теңир Ыйсанын ысымынын урматына сууга чөмүлдүрүлүшкөн эле.

17 Эки элчи самариялыктардын үстүнө колдорун коюшканда, алардын үстүнө Ыйык Рух түштү.

18 Элчилердин кол коюусу аркылуу Ыйык Рух берилерин көргөндө, Шымон аларга акча алып келип:

19 «Мага да ушул бийликти бергилечи, мен кимдин үстүнө колумду койсом, анын үстүнө Ыйык Рух түшсүн», – деди.

20 Бирок Петир ага мындай деди: «Күмүшүң менен кошо жок бол, анткени сен Кудайдын белегин акчага сатып алууну ойлодуң.

21 Бул иште сенин тиешең да, үлүшүң да жок, анткени сенин жүрөгүң Кудайдын алдында таза эмес.

22 Ошондуктан бул күнөөң үчүн Теңирден кечирим сурап сыйын, балким, Ал жүрөгүңдөгү жаман оюңду кечирер.

23 Анткени мен сенин көрө албастык кылып жатканыңды жана күнөөнүн кишенинде экендигиңди көрүп турам».

24 Ошондо Шымон: «Айткандарыңардын эч бири башыма түшпөш үчүн, мен үчүн Теңирге сыйынгылачы», – деди.

25 Алар болсо Ыйса жөнүндө күбөлөндүрүп, Теңирдин сөзүн жарыя кылышкандан кийин, Самариянын бир нече айылында Жакшы Кабар таратып, Иерусалимге кайтып келишти.

Филип жана эфиопиялык эбнух

26 Теңирдин периштеси Филипке мындай деди: «Тур, түштүккө, Иерусалимден Азаны карай кеткен ээн жолго бар».

27 Ал туруп, ошол жакка жөнөдү. Кудайга табынуу үчүн Иерусалимге келген эфиопиялык бир адам үйүнө кайтып бара жаткан эле. Бул эбнух, эфиопиялыктардын аял падышасы Кандакиянын жогорку даражалуу төрөсү, анын казына иштерин башкаруучуларынын башчысы болчу.

28 Ал адам өзүнүн арабасында Ышайа пайгамбардын китебин окуп бара жаткан.

29 Рух Филипке мындай деди: «Жакын барып, бул арабага катарлаш бас».

30 Филип жакын барды да, анын Ышайа пайгамбардын китебин окуп жаткандыгын угуп, андан: «Окуганыңды түшүнүп жатасыңбы?» – деп сурады.

31 «Мага бирөө түшүндүрүп бербесе, кантип түшүнмөк элем?» – деди ал. Анан ал Филиптен арабага түшүп, өзүнүн жанына отуруусун өтүндү.

32 Ал Ыйык Жазуудан бул жерди окуган эле: «Ал союлуш үчүн жетеленип келген козу сыяктуу, кыркмачынын алдында үнсүз жаткан кой сыяктуу ооз ачпайт.

33 Ал кемсинтилип, адилет соттолуу укугунан ажыратылды. Бирок Анын тегин ким айтып бере алат? Анткени Анын жер үстүндөгү өмүрү бүтөт».

34 Эбнух Филиптен: «Өтүнөм, айтчы, пайгамбар ким жөнүндө айтып жатат? Өзү жөнүндөбү же башка бирөө жөнүндөбү?» – деп сурады.

35 Ошондо Филип сөзүн баштады. Ал Ыйык Жазуунун ушул жеринен баштап, Ыйса жөнүндөгү Жакшы Кабарды айтып берди.

36 Алар жолдо бара жатып, бир сууга келишти. Ошондо эбнух: «Мына суу! Менин сууга чөмүлдүрүлүүмө кандай тоскоолдук бар?» – деди.

37 Филип болсо ага: «Эгерде бүт жүрөгүңдөн ишенсең, анда чөмүлдүрүлсөң болот», – деди. «Ыйса Машайак Кудайдын Уулу экендигине ишенем», – деди ал.

38 Анан ал арабаны токтотууга буйрук берди. Ошентип, Филип менен эбнух сууга киришти. Филип аны сууга чөмүлдүрдү.

39 Алар суудан чыгышканда, эбнухтун үстүнө Ыйык Рух түштү. Филипти болсо Теңирдин периштеси алып кетти. Ошондон кийин эбнух аны көргөн жок. Ал кубанган бойдон өз жолун улантып кете берди.

40 Филип болсо Азотто болуп калды. Кейсареяга жеткенче, бардык шаарларды аралап, Жакшы Кабар таратып жүрүп отурду.

9-БӨЛҮМ

Шабылдын Теңирге кайрылышы

1 Шабыл болсо мурункусундай эле Теңирдин шакирттерин коркутууну жана өлтүрүүнү каалап, башкы ыйык кызмат кылуучуга барды.

2 Бул окутууну жолдогондордун кимисин тапса, ал эркек болобу, аял болобу, аны байлап, Иерусалимге алып келиш үчүн, Шабыл андан Дамасктагы синагогаларга кат жазып берүүсүн өтүндү.

3 Ошентип, ал жолго чыгып, Дамаскка жакындап калганда, күтүлбөгөн жерден ага асмандан бир жарык түштү.

4 Ал жерге жыгылды. Ошондо ал «Шабыл, Шабыл! Эмне үчүн Мени кубалап жатасың?» деген үндү укту.

5 «Сен кимсиң, Теңир?» – деп сурады Шабыл. Теңир ага: «Сен кубалап жаткан Ыйсамын, – деп жооп берди. – Учтуу таякка каршы тура албайсың».

6 Ал коркконунан титиреп, мындай деди: «Теңир! Мага эмне кылууну буюрасың?» Теңир ага: «Тургун да, шаарга баргын, ошондо сага эмне кылышың керек экендиги айтылат», – деди.

7 Аны менен бирге бара жаткан адамдар үндү угуп, бирок эч кимди көрбөй, селдейип туруп калышты.

8 Ордунан турган Шабыл көздөрү ачык болгонуна карабастан, эч кимди көргөн жок. Аны колунан жетелеп, Дамаскка алып келишти.

9 Анын көзү үч күн көргөн жок, ал тамак да жеген жок.

10 Дамаскта Анания деген бир шакирт бар эле. Теңир көрүнүш аркылуу ага: «Анания!» – деп кайрылды. Ал болсо: «Мен угуп жатам, Теңирим», – деп жооп берди.

11 Ошондо Теңир ага мындай деди: «Тур, “Түз көчөсү” деп аталган көчөгө барып, Жүйүт деген кишинин үйүнөн Шабыл деген тарстык кишини сура. Ал азыр сыйынып жатат.

12 Ал мындай көрүнүш көрдү: көрүнүштө анын жанына Анания деген адам келип, анын көздөрү кайрадан көрүш үчүн, үстүнө колдорун койду».

13 Анания болсо Теңирге мындай деди: «Теңир! Мен анын Иерусалимде Сенин ыйыктарыңа канчалык жамандык кылгандыгын көп кишиден уккам.

14 Бул жерде да ыйык кызмат кылуучулардан Сенин ысымыңды чакыргандардын бардыгын байлатууга уруксат алган».

15 Бирок Теңир ага: «Баргын, анткени ал Менин тандалган идишим. Ал Мен жөнүндө элдердин, падышалардын жана Ысрайыл элинин алдында жарыялайт.

16 Менин ысымым үчүн канчалык азап чегүүсү керек экендигин Мен ага көргөзөмүн», – деди.

17 Анания барып, ошол үйгө кирди да, Шабылдын үстүнө колдорун коюп, мындай деди: «Бир тууганым Шабыл! Келе жаткан жолуңда өзүңө көрүнгөн Теңир Ыйса, көздөрүң кайрадан көрүшү үчүн, Ыйык Рухка толушуң үчүн, мени сага жиберди».

18 Ошол замат анын көзүнөн чел түшүп калгандай болду. Анын көздөрү ачылып, көрө баштады. Ошондо ал ордунан туруп, сууга чөмүлдүрүлдү.

19 Анан тамак жеп, кубаттанды. Шабыл бир нече күн Дамасктагы шакирттер менен болду.

20 Көп өтпөй эле, ал синагогаларда Ыйсанын Кудай Уулу экенин жарыялай баштады.

21 Анын сөзүн уккандардын бардыгы: «Иерусалимде ушул ысымды чакыргандарды куугунтуктаган ушул киши эмес беле? Бул жерге да аларды байлап, башкы ыйык кызмат кылуучуларга алып барыш үчүн келбеди беле?» – деп таң калышты.

22 Барган сайын ишеними бекемделген Шабыл болсо Ыйсаны Машайак деп далилдеп, Дамаскта жашаган жүйүттөрдүн баштарын маң кылды.

23 Бир нече күн өткөндөн кийин, жүйүттөр аны өлтүрүүгө чечим чыгарышты.

24 Бирок алардын бул жаман ою Шабылга маалым болду. Алар аны өлтүрүш үчүн, күндүр-түндүр шаар дарбазаларынын алдында күтүп турушту.

25 Шакирттер болсо түн ичинде аны чабырага салып, дубалдын боору менен төмөн түшүрүп жиберишти.

Пабылдын Иерусалимге келиши

26 Шабыл Иерусалимге келип, ал жердеги шакирттерге кошулууга аракеттенди. Бирок алардын бардыгы анын Ыйсанын шакирти болгонуна ишенбей, андан коркушту.

27 Барнаба болсо аны элчилерге ээрчитип барды да, аларга анын жолдо Теңирди көргөнүн, Теңирдин ага эмне деп айтканын жана Дамаскта Ыйсанын ысымы жөнүндө кайраттуулук менен Жакшы Кабар таратканын айтып берди.

28 Ошондон кийин Шабыл Теңир Ыйсанын ысымы жөнүндө кайраттуулук менен Жакшы Кабар таратып, Иерусалимде алар менен чогуу жүрдү.

29 Эллинисттер менен да сүйлөшүп, талашып-тартышты. Алар болсо аны өлтүрүүгө аракет кылышты.

Пабылдын Тарска кайтып келиши

30 Бул жөнүндө уккан бир туугандар аны Кейсареяга алып келип, андан ары Тарска жөнөтүп жиберишти.

31 Ал эми бүт Жүйүт аймагындагы, Галилеядагы жана Самария шаарындагы Жыйындар тынч күндөрдү өткөрүп, рухий жактан өсүп жатышты. Теңирден коркуу менен жашап жаткан алар Ыйык Рухтун жардамы менен көбөйүп жатышты.

Айнейдин айыгышы

32 Петир баарын кыдырып жүрүп, Лидда шаарында жашаган ыйыктарга да келди.

33 Ал жерден ал сегиз жылдан бери шал оорусу менен төшөктө жаткан Айней деген адамды көрдү.

34 Петир ага: «Айней! Сени Ыйса Машайак айыктырып жатат. Төшөгүңдөн тургун», – деди. Ал ошол замат ордунан турду.

35 Лиддада жана Шарондо жашагандардын бардыгы аны көрүп, Теңирге кайрылышты.

Табитанын тирилиши

36 Жапа шаарында Табита деген шакирт аял бар эле. Бул ысым «жейрен» деп которулат. Ал көптөгөн жакшы иштерди кылчу, жакырларга көп жардам берчү.

37 Ошол күндөрдө ал ооруп өлүп калды. Анын сөөгүн жууп, жогорку бөлмөгө жаткырып коюшту.

38 Лидда шаары Жапа шаарына жакын болгондуктан, шакирттер Петирдин Лиддада экендигин угуп, «Бизге тезинен кел» деген өтүнүч менен ага эки кишини жиберишти.

39 Петир алар менен жолго чыкты. Ал келгенде, аны жогорку бөлмөгө киргизишти. Жесир аялдардын баары ыйлап, Петирге келишти да, ага Табитанын тирүү кезинде тиккен көйнөктөрү менен кийимдерин көрсөтүштү.

40 Петир алардын бардыгын сыртка чыгарып жиберип, тизе бүгүп сыйынды, анан маркумга бурулуп: «Табита, ордуңдан тур!» – деди. Ошондо Табита көздөрүн ачты. Петирди көрүп, өйдө болуп отурду.

41 Петир колун сунуп, аны тургузду да, ыйыктар менен жесирлерди чакырып, аларга өлүп кайра тирилген аны көрсөттү.

42 Бул окуя бүт Жапага белгилүү болду. Ошондо көптөгөн адамдар Теңирге ишенип калышты.

43 Петир бир нече күн Жапада, Шымон деген булгаарычыныкында болду.

10-БӨЛҮМ

Жүз башы Корнелийдин көрүнүш көрүшү

1 Кейсареяда «Италиялык аскер тобу» деп аталган аскер тобунун Корнелий деген жүз башысы бар эле.

2 Ал бүт үй-бүлөсү менен Кудайдан коркуп жашаган, элге көп жакшылык кылган, дайыма Кудайга сыйынган такыбаа адам эле.

3 Бир күнү күндүзгү тогузунчу саат чамасында ал көрүнүш көрдү. Көрүнүштө ага Кудайдын бир периштеси ачык көрүндү. Ал периште анын үйүнө кирип, ага мындай деди: «Корнелий!»

4 Ал болсо аны көргөндө, коркуп кетип: «Эмне дейсиң, Теңирим?» – деди. Периште ага: «Кудай сенин сыйынууларыңды жана жакырларга кылган жакшылыктарыңды эсине алды.

5 Жапага кишилерди жиберип, Петир деген да ысым коюлган Шымонду чакырт.

6 Ал деңиздин жээгинде жашаган Шымон деген булгаарычыныкында конокто. Ал сага өзүңдү жана бүт үй-бүлөңдү куткара турган сөздөрдү айтып берет», – деди.

7 Периште алыстап кеткенден кийин, Корнелий өзүнүн кызматчыларынын арасынан эки кызматчыны жана өзүнүн жанында жүргөн бир такыбаа аскерди чакырып,

8 аларга баарын айтып берди да, аларды Жапага жиберди.

Петирдин көрүнүш көрүшү

9 Эртеси күнү алар жол жүрүп отуруп, шаарга жакындап калышканда, алтынчы саат чамасында Петир сыйыныш үчүн, үйдүн үстүнө чыкты.

10 Ошондо ал ачка болуп, тамак жегиси келди. Тамак даярдалып жаткан убакта ал көрүнүш көрдү.

11 Ошол учурда ал ачылган асманды жана өзүн көздөй түшүп келе жаткан бир идишти көрдү. Ал төрт бурчу байланган дасторкон сыяктуу эле.

12 Анын ичинде жер үстүндөгү төрт аяктуу ар түрлүү жаныбарлар, сойлоп жүрүүчүлөр, канаттуу куштар бар эле.

13 Ошол жерден ага мындай сөз айтылды: «Петир, ордуңан туруп, буларды союп же».

14 Бирок Петир мындай деди: «Жок, Теңир! Мен эч качан арам же таза эмес нерсе жеген эмесмин».

15 Ошондо ага экинчи жолу мындай үн угулду: «Кудай тазалаган нерсени сен таза эмес деп эсептебе».

16 Бул үч жолу болду, ошондон кийин идиш кайрадан асманга көтөрүлүп кетти.

17 Петир көргөн көрүнүшүнүн эмнени билдирерин түшүнө албай турганда, Корнелий жиберген адамдар Шымондун үйүн сурап, дарбаза алдына токтошту.

18 Алар: «Петир деген да ысым коюлган Шымон ушул жерде коноктобу?» – деп, кыйкырып сурашты.

19 Ошол убакта, Петир көрүнүш жөнүндө ойлонуп жатканда, Рух ага мындай деди: «Сени үч киши издеп жүрөт.

20 Тур, төмөн түшүп, эч шектенбестен, алар менен жөнө, анткени аларды Мен жибердим».

21 Ошондо Петир үйдүн үстүнөн түшүп, Корнелий жиберген адамдардын жанына келип: «Силер издеген адам менмин. Кандай иш менен келдиңер?» – деп сурады.

22 Алар болсо мындай деп жооп беришти: «Бүт жүйүт эли тарабынан жакшы күбөлөндүрүүгө ээ болгон, жакшылыкты көп кылган жана Кудайдан корккон жүз башы Корнелий бир ыйык периштеден “Петирди үйүңө чакырып, анын сөздөрүн ук” деген буйрук алды».

Петир Корнелийдин үйүндө

23 Ошондо Петир аларды үйгө киргизип коноктоду. Эртеси эртең менен туруп, алар менен жолго чыкты. Жападагы бир туугандардын кээ бирөөлөрү да алар менен бирге жөнөштү.

24 Бир күндөн кийин алар Кейсареяга келишти. Корнелий болсо өзүнүн туугандарын, жакын досторун чакыртып алып, аларды күтүп жаткан эле.

25 Петир үйгө киргенде, Корнелий аны кабыл алды да, анын бутуна жыгылып, ага таазим кылды.

26 Петир болсо: «Тур, мен сага окшогон эле адаммын», – деп, аны тургузду.

27 Анан аны менен сүйлөшүп, бөлмөгө кирди. Бөлмөдө көп адам чогулганын көрүп, аларга мындай деди:

28 «Башка улуттун адамы менен мамилелешүү же аныкына баруу жүйүттөргө тыюу салынганын билесиңер. Бирок Кудай мага эч бир адамды арам же таза эмес деп эсептебөөм керектигин ачып берди.

29 Ошондуктан мен силердин чакырыгыңарга каршы болбостон келдим. Эми силерден сурайын, мени эмне себептен чакырттыңар эле?»

30 Ошондо Корнелий мындай деп жооп берди: «Мындан төрт күн мурун, ушул убакытта орозо кармап, тогузунчу саатта өзүмдүн үйүмдө сыйынып отургам. Ошол маалда жаркыраган кийим кийген бир адам бет алдыма келип турду да:

31 “Корнелий! Кудай сенин сыйынууңду укту, жакырларга кылган жакшылыктарыңды эсине алды.

32 Жапага киши жиберип, Петир деген да ысым коюлган Шымонду чакырт. Ал деңиз жээгинде жашаган булгаарычы Шымондун үйүндө конокто”, – деди.

33 Ошол эле замат мен сага кишилерди жибердим, сенин келгениң жакшы болду. Азыр биз, бардыгыбыз, Кудай сага эмнени буйруса, ошонун бардыгын угуу үчүн, Кудайдын алдында турабыз».

34 Ошондо Петир сөзүн мындай деп баштады: «Кудайда бет карамалык жок экенине,

35 ар бир элден Кудайдан корккон жана адилеттик боюнча иш кылган адам Ага жагарына чыны менен ынанып турам.

36 Ал Ысрайыл элине Ыйса Машайак аркылуу тынчтык жөнүндө жар салып, Жакшы Кабар жиберди. Ал – бардык элдердин Теңири.

37 Жакан жар салган чөмүлдүрүүдөн кийин, Галилеядан баштап, бүт Жүйүт аймагында эмнелер болгондугун, башкача айтканда,

38 Кудай назареттик Ыйсаны Ыйык Рухка жана күчкө кандайча толтурганын, Ошол Ыйса эл аралап, жакшы иштерди жасап, шайтандын бийлиги астында кыйналып жүргөндөрдүн бардыгын айыктырганын билесиңер. Анткени Кудай Аны менен болчу.

39 Анын Жүйүт жеринде жана Иерусалимде кылган бардык иштерине, Аны акырында айкаш жыгачка кадап өлтүрүшкөнүнө биз күбөбүз.

40 Аны Кудай үчүнчү күнү тирилтип,

41 элдин баарына эмес, Кудай тарабынан алдын ала тандалган күбөлөргө – Ал өлүп, кайра тирилгенден кийин, Аны менен бирге тамак ичкен бизге көрсөттү.

42 Тирүүлөрдү жана өлгөндөрдү соттой турган, Өзү тарабынан дайындалган Сот Ошол экенин жарыялоону жана күбөлөндүрүүнү Кудай бизге буйруду.

43 “Ага ишенген ар бир адамдын күнөөлөрү Ал аркылуу кечирилет”, – деп, бардык пайгамбарлар Ал жөнүндө күбөлөндүрүп келишкен».

44 Петир ушул сөздөрдү айтып жатканда, сөздү угуп отургандардын бардыгынын үстүнө Ыйык Рух түштү.

45 Ошондо Петир менен келген, Ыйсага ишенген жүйүттөр Ыйык Рухтун бутпарастардын үстүнө да төгүлгөнүнө абдан таң калышты.

46 Анткени алардын ар кандай тилдерде сүйлөп, Кудайды даңктап жатышканын угушту. Ошондо Петир мындай деди:

47 «Биз сыяктуу эле, бул адамдар да Ыйык Рухту алышты. Демек, алардын сууга чөмүлдүрүлүүсүнө ким тыюу сала алат?»

48 Анан Петир аларга Ыйса Машайактын ысымынын урматына сууга чөмүлдүрүлүүгө буйрук берди. Ошондон кийин алар Петирден дагы бир нече күн калуусун өтүнүштү.

11-БӨЛҮМ

Петирдин коргонуу сөзү

1 Жүйүт аймагындагы элчилер менен бир туугандар Кудайдын сөзүн бутпарастар да кабыл алгандыгын угушту.

2 Петир Иерусалимге келгенде, сүннөткө отургузулгандар аны:

3 «Эмнеге сен сүннөткө отургузулбагандарга барып, алар менен бирге тамак ичтиң?» – деп жемелешти.

4 Ошондо Петир аларга ирети менен айтып бере баштады:

5 «Жапа шаарында сыйынып отурганымда, мен бир көрүнүш көрдүм: асмандан мага төрт бурчунан кармалган чоң дасторконго окшогон бир идиш түштү.

6 Мен анын ичин көз жүгүртүп карап чыгып, жер үстүндөгү төрт аяктуу жаныбарларды, сойлоп жүрүүчүлөрдү жана канаттуу куштарды көрдүм.

7 Анан мен “Петир, тур, буларды союп же” деген үндү уктум.

8 Бирок мен: “Жок, Теңир! Мен эч качан арам, таза эмес нерсени жеген эмесмин”, – дедим.

9 Ошондо мага асмандан экинчи жолу үн угулду: “Кудай тазалаган нерсени сен таза эмес деп эсептебе”.

10 Бул үч жолу болду. Андан кийин бардыгы кайрадан асманга көтөрүлүп кетти.

11 Так ошол учурда Кейсареядан мага жиберилген үч киши мен конок болуп турган үйдүн алдына келди.

12 Ошондо Рух мага: “Эч шектенбестен, алар менен жөнө”, – деди. Бул алты бир тууган да мени менен бирге жөнөштү. Ошентип, биз ал адамдын үйүнө бардык.

13 Ал бизге өзүнүн үйүнөн периштени кандайча көргөндүгүн, ошол периште ага: “Жапага кишилерди жиберип, Петир деген да ысым коюлган Шымонду чакырт.

14 Ал сага өзүңдү да, үйүңдөгүлөрдү да куткара турган сөздөрдү айтып берет”, – деп айтканын айтып берди.

15 Мен сүйлөй баштаганда, мурун биздин үстүбүзгө түшкөндөй болуп, алардын үстүнө да Ыйык Рух түштү.

16 Ошондо мен Теңирдин “Жакан сууга чөмүлдүргөн, ал эми силер Ыйык Рухка чөмүлдүрүлөсүңөр” деген сөзүн эстедим.

17 Демек, эгерде Кудай бизге бергенин Теңир Ыйса Машайакка ишенген аларга да берсе, анда Кудайга каршы чыккыдай, мен киммин?»

18 Алар муну укканда, тынчтанып: «Кудай бутпарастарды да тобо кылдырып, түбөлүк өмүргө ээ кылып жаткан турбайбы», – деп, Кудайды даңкташты.

Антийохеядагы Жыйын

19 Степан өлтүрүлгөндөн кийин башталган куугунтуктан улам туш-тушка чачырап кеткендер жүйүттөргө гана Жакшы Кабар таратып, Финикияга, Кипрге жана Антийохеяга барышты.

20 Бирок алардын арасындагы кипрликтер менен киренеялыктар Антийохеяга келип, эллиндерге да Теңир Ыйса жөнүндөгү Жакшы Кабарды таратышты.

21 Аларды Теңир Өзү колдоду. Өтө көп сандагы адамдар ишенип, Теңирге кайрылышты.

22 Бул кабар Иерусалимдеги Жыйынга да жетти. Ошондо алар Барнабаны Антийохеяга жиберишти.

23 Ал келип, Кудайдын ырайымын көрүп кубанып, бардыгын Теңирге чын жүрөктөн ишенимдүү болууга насааттай баштады.

24 Анткени ал Ыйык Рухка толгон, ишеними бекем жакшы киши болчу. Ошондо көп эл Теңирге кайрылды.

25 Андан кийин Барнаба Шабылды издеп, Тарска кетти. Аны таап, Антийохеяга алып келди.

26 Бир жыл бою алар Жыйын менен чогуу болуп, көптөрдү окутушту. Ошентип, биринчи жолу Антийохеядагы шакирттер машайакчылар деп аталып калышты.

27 Ошол күндөрдө Иерусалимден Антийохеяга пайгамбарлар келишти.

28 Алардын арасынан Агап деген адам ордунан туруп, бүт дүйнөдө катуу ачарчылык болорун Рух аркылуу алдын ала кабарлады. Ал ачарчылык Клавдий падышанын убагында болду.

29 Ошондо шакирттердин ар бири өз мүмкүнчүлүгүнө жараша Жүйүт аймагында жашаган бир туугандарга жардам жиберүүнү чечишти.

30 Ошентип, алар ошол чечим боюнча чогулткандарын Барнаба менен Шабыл аркылуу Жыйын башчыларына берип жиберишти.

12-БӨЛҮМ

Бешинчи куугунтук

1 Ошол убакта падыша Ирод Ыйсага ишенгендерди куугунтуктай баштады. Алардын кээ бирөөлөрүн карматып,

2 Жакандын бир тууганы Жакыпты кылыч менен өлтүрттү.

3 Бул жүйүттөргө жагарын көрүп, Петирди да карматты. Бул Ачыткысыз нан майрамы күндөрү болду.

4 Ал Петирди карматып, түрмөгө каматты да, төрт аскерден турган төрт топко аны кайтарууну буйруду. Анткени аны Пасах майрамынан кийин элдин алдына чыгармакчы болду.

Кудайдын периштесинин Петирди камактан чыгаруусу

5 Ошентип, Петир камакта жатты. Ал эми Жыйын бул учурда Кудайга үзгүлтүксүз сыйынып турду.

6 Ирод аны элдин алдына чыгармакчы болгон күндүн мурунку түнүндө Петир эки чынжыр менен кишенделип, эки аскердин ортосунда уктап жатты. Эшиктин алдында болсо күзөтчүлөр кайтарып турушту.

7 Бир маалда Теңирдин периштеси пайда болуп, түрмөнүн ичи жаркырап кетти. Периште Петирди капталга түртүп ойготуп: «Тезирээк тургун», – деди. Ошондо анын колдорунан чынжырлар түшүп калды.

8 Периште ага: «Куруңду курчанып, бут кийимиңди кийгин», – деди. Ал анын айтканын кылды. Андан кийин периште ага: «Кийимиңди кийип, мени ээрчигин», – деди.

9 Петир аны ээрчип, сыртка чыкты. Бирок ал периште кылып жаткан иштин чыны менен эле болуп жатканын түшүнгөн жок. Анткени ал көрүнүш көрүп жатам деп ойлоду.

10 Биринчи, экинчи күзөттөрдөн өтүп, экөө шаарга чыгуучу темир дарбазага келди. Дарбаза аларга өзүнөн өзү ачылды. Алар сыртка чыгып, бир көчөдөн өтүштү. Күтүлбөгөн жерден периште жок болуп кетти.

11 Ошондо Петир өзүнө келип: «Теңир Өз периштесин жиберип, мени Ироддун колунан жана жүйүт эли күтүп жаткан нерсенин бардыгынан куткарганын мен эми чындап түшүндүм», – деди.

12 Болуп өткөн окуяны түшүнгөндөн кийин, ал Марк деген да ысымы бар Жакандын энеси Мариямдын үйүнө келди. Ал жерде бир топ киши чогулуп, сыйынып жатышкан эле.

13 Петир дарбазаны тыкылдата баштаганда, ким экенин билиш үчүн, Рода деген кызматчы кыз эшиктин алдына келди.

14 Ал Петирдин үнүн таанып, эшикти ачпастан эле, сүйүнгөн бойдон үйгө чуркап кирип: «Эшиктин алдында Петир турат!» – деп кабарлады.

15 Үйдөгүлөр болсо ага: «Сен акылыңдан адашып жаткан жоксуңбу?» – дешти. Бирок кыз өзүнүн айтканын ырастай берди. Ошондо алар: «Бул – анын периштеси», – дешти.

16 Петир болсо эшикти тыкылдата берди. Алар эшикти ачып, аны көрүшкөндө, абдан таң калышты.

17 Ал болсо аларга колу менен «унчукпагыла» деген белги берип, Теңирдин түрмөдөн кантип чыгаргандыгын айтып берди. Анан аларга: «Бул жөнүндө Жакыпка жана башка бир туугандарга билдиргиле», – деди да, үйдөн чыгып, башка жакка жөнөдү.

18 Таң атканда: «Петир эмне болду?» – деп, аскерлер чоң дүрбөлөңгө түшүштү.

19 Ирод болсо аны издетип, таптыра албай койгондон кийин, күзөтчүлөрдү суракка алып, аларды өлүм жазасына тартууга буйрук берди. Андан кийин ал Жүйүт аймагынан чыгып, Кейсареяга барып, ошол жерде калып калды.

Ироддун өлүмү

20 Ал тирликтер менен сидондуктарга кыжырданып калган эле. Алар болсо өз ара макулдашып алып, ага келишти да, анын сарай кызматчысы Биластты ортого салып, тынчтык сурашты, анткени алардын дубаны падышанын дубанынан азык-түлүк алып турчу.

21 Белгиленген күнү Ирод өзүнүн падыша кийимин кийип, тактыга отурду да, элге кайрылып сөз сүйлөдү.

22 Эл болсо: «Адам эмес, Кудай сүйлөп жатат!» – деп кыйкырып жатты.

23 Кудайга тиешелүү даңкты өзүнө ыйгарып алгандыгы үчүн, күтүлбөгөн жерден Теңирдин периштеси аны жазалады: ал куртка жем болуп өлдү.

24 Кудайдын сөзү элге кеңири тарап жатты.

25 Барнаба менен Шабыл тапшырылган ишти аткарышкандан кийин, Марк деген да ысымы бар Жаканды ээрчитип, Иерусалимден Антийохеяга кайтып келишти.

13-БӨЛҮМ

Пабыл менен Барнабанын кызматка чакырылуусу

1 Антийохеядагы Жыйында пайгамбарлар жана окутуучулар бар эле. Алар: Барнаба, Нигер деген да ысымы бар Шымыйон, киренеялык Лукий, дубан башчы Ирод менен бирге тарбияланган Манаен жана Шабыл.

2 Алар Теңирге кызмат кылып, орозо кармап жатышканда, Ыйык Рух мындай деди: «Араңардан Мага Барнаба менен Шабылды бөлүп бергиле, алар Мен белгилеген ишти аткаруулары керек».

3 Ошондо алар орозо кармап сыйынып, алардын үстүнө колдорун коюшту да, аларды жөнөтүп жиберишти.

Кипр аралында

4 Ыйык Рух тарабынан жиберилген эки элчи Селекияга барып, ал жерден Кипрге сүзүп кетишти.

5 Анан алар Саламиге барып, жүйүттөрдүн синагогаларында Кудайдын сөзүн айта башташты. Алардын жанында Жакан да жардам берип жүрдү.

6 Алар аралды кыдырып чыгып, Паф шаарына келишкенде, жүйүттүк бир сыйкырчыга – Барыйса деген жалган пайгамбарга жолугушту.

7 Ал Кипр аралынын башчысы Сергий Пабыл деген акылдуу киши менен жүргөн эле. Ошол арал башчы Кудайдын сөзүн угууну каалап, Барнаба менен Шабылды чакыртты.

8 Бирок Элима («сыйкырчы» деп которулат) арал башчысынын Ыйсага ишенип калуусуна жол бербөөгө аракеттенип, эки элчиге каршы чыкты.

9 Бирок Ыйык Рухка толгон Шабыл (Пабыл) аны тике карап, мындай деди:

10 «Ар кандай арам ойлорго толгон алдамчы, шайтандын уулу, адилеттиктин душманы! Теңирдин түз жолдорун бурмалаганды качан коёсуң?

11 Азыр Теңир сени Өз колу менен жазалайт: белгилүү бир убакытка чейин сокур болуп, күндү көрбөйсүң». Күтүлбөгөн жерден анын көзү тунарып, сокур болуп калды. Ал ары-бери тегеренип, колунан жетелер адам издей баштады.

12 Бул окуяны көргөн арал башчысы Теңир жөнүндөгү окутууга таң калып, ишенип калды.

Писидия дубанынын Антийохея шаарында

13 Пабыл жана анын жанындагылар Паф шаарынан кеме менен чыгып, Памфилия дубанынын Перге шаарына келишти. Жакан болсо алардан бөлүнүп, Иерусалимге кайтты.

14 Анан алар Пергени аралап өтүп, Писидия дубанынын Антийохея шаарына келишти. Ишемби күнү синагогага кирип отурушту.

15 «Тоорат» жана «Пайгамбарлар» китептеринен окулгандан кийин, синагога башчылары аларга киши жиберип: «Агайын-туугандар! Эгерде элге айта турган насаат сөзүңөр болсо, айткыла», – деп айттырышты.

16 Ошондо Пабыл ордунан туруп, колу менен белги берип, мындай деди: «Ысрайыл эркектери жана Кудайдан корккондор! Сөзүмө кулак салгыла.

17 Ысрайыл элибиздин Кудайы ата-бабаларыбызды тандап алып, элибизди Мисирде жашап турганында улуу эл кылып, Өзүнүн күчтүү колу менен ал жерден алып чыкты.

18 Чөлдө аларды кырк жылга жакын убакыт бакты.

19 Анан Канаан жериндеги жети элди кырып жок кылып, алардын жерин биздин элибизге мурас кылып бөлүп берди.

20 Андан кийин төрт жүз элүү жылга жакын убакыт алардын үстүнөн башкаруучуларды коюп турду. Шемуел пайгамбардын убагына чейин ушундай болду.

21 Андан кийин алар падыша сурашты. Ошондо Кудай аларга Бенжемин уруусундагы Киштин уулу Шабылды падыша койду. Ал кырк жыл падышачылык кылды.

22 Кудай аны четке кагып, аларга Дөөттү падыша кылып койду. Ал жөнүндө Кудай Өзү мындай деп айткан: “Мен Өзүмдүн жүрөгүмө жаккан адамды таптым, ал – Жышай уулу Дөөт. Ал Менин бүт каалоомду аткарат”.

23 Мына ошол адамдын тукумунан Кудай Өзүнүн убадасы боюнча Ысрайыл элине Куткаруучу Ыйсаны жиберди.

24 Анын келерине жакын чөмүлдүрүүчү Жакан бүт Ысрайыл элине тобо кылуу чөмүлдүрүүсү жөнүндө жар салды.

25 Жакан өмүрүнүн акырында мындай деди: “Мени ким деп эсептейсиңер? Мен Ал эмесмин. Ал менин артымдан келе жатат. Мен Анын бут кийимин чечүүгө да татыксызмын”.

26 Агайын-туугандар, Ыбрайымдын урпактары жана Кудайдан корккондор! Ошол куткарылуу жөнүндөгү Жакшы Кабар силерге жиберилген.

27 Анткени Иерусалим тургундары жана алардын башчылары Аны тааныбай, айыпташты. Ошентип, алар ар бир ишемби күнү окулган пайгамбарчылыктарды ишке ашырышты.

28 Андан өлүм жазасына тарткыдай айып таба алышпаса да, Пилаттан Аны өлтүрүүнү өтүнүштү.

29 Ал жөнүндө жазылган сөздөрдүн бардыгын иш жүзүнө ашырышкандан кийин, Анын сөөгүн жыгачтан түшүрүп, көргө коюшту.

30 Бирок Кудай Аны тирилтти.

31 Ал Өзү менен бирге Галилеядан Иерусалимге келгендерге бир нече күн көрүнүп жүрдү. Алар – азыр да эл алдында Анын күбөлөрү.

32 Кудай ата-бабаларыбызга берген Өзүнүн убадасын алардын балдары – биз үчүн аткарганын, аны Ыйсаны тирилтүү менен аткарганын силерге жарыялап жатабыз.

33 Бул жөнүндө экинчи Забурда мындай деп жазылган: “Сен Менин Уулумсуң, бүгүн Мен Сенин Атаң болдум”.

34 Сөөгү чирибеши үчүн, Ыйсаны тирилткени жөнүндө болсо мындай деген: “Мен Дөөткө убада кылган ырайымымды силерге чыны менен көрсөтөмүн”.

35 Ошон үчүн Дөөт Ыйык Жазуунун дагы бир жеринде мындай дейт: “Өзүңдүн Ыйыгыңдын чирүүсүнө жол бербейсиң”.

36 Бирок Дөөт өз учурунда Кудайдын каалоосу боюнча өз элине кызмат кылып бүткөндөн кийин, көз жумуп, ата-бабаларынын жанына коюлду, анын сөөгү чириди.

37 Ал эми Кудай тирилткен Ыйсанын сөөгү чириген жок.

38 Ошондуктан, бир туугандар, билип алгыла: силерге Ал аркылуу күнөөлөрүңөрдүн кечириле тургандыгы жарыяланып жатат.

39 Мусанын мыйзамы аркылуу актала албаган иштериңердин бардыгынан Ал аркылуу акталасыңар. Ага ишенген ар бир адам Ал аркылуу акталат.

40 Ошондуктан сак болгула, пайгамбарлар айткан мына бул сөздөр башыңарга түшпөсүн:

41 “Жек көрүүчүлөр, карагыла да, таң калып, жок болуп кеткиле. Анткени Мен силердин күндөрүңөрдө бир иш жасайм. Ал иш жөнүндө силерге ким айтып берсе да, ишенбейсиңер”».

42 Барнаба менен Пабыл жүйүттөрдүн синагогасынан чыгып бара жатышканда, бутпарастар алардан ушул сөздөрдү кийинки ишембиде да айтып берүүлөрүн өтүнүштү.

43 Эл тарагандан кийин, көптөгөн жүйүттөр жана бутпарастардын арасынан Кудайга кайрылган, Кудайды ыйык туткан прозелиттер Пабыл менен Барнабаны ээрчип алышты. Бул экөө алар менен сүйлөшүп, аларга Кудайдын ырайымы астында болуу жөнүндө насаат айтышты.

44 Кийинки ишемби күнү дээрлик бүт шаар Кудайдын сөзүн угуу үчүн чогулду.

45 Бирок жүйүттөр элди көргөндө, көрө албастык кылып, Пабылдын сүйлөгөн сөздөрүнө каршы жаман сөздөрдү айтышты.

46 Ошондо Пабыл менен Барнаба кайраттуулук менен мындай дешти: «Кудайдын сөзү баарынан мурда силерге айтылышы керек эле. Бирок силер аны четке кагып, өзүңөрдү өзүңөр түбөлүк өмүргө татыксыз кылып жатканыңардан улам, биз бутпарастарга кайрылып жатабыз.

47 Анткени Теңир бизге мындай деген: “Сен бүт жер жүзүндөгү адамдарды куткарышың үчүн, Мен Сени бутпарастарга жарык кылып койдум”».

48 Бутпарастар муну укканда, кубанып, Теңирди ушул сөзү үчүн даңкташты. Түбөлүк өмүргө ээ болууга тандалгандардын бардыгы Ыйсага ишенип калышты.

49 Теңирдин сөзү бүт өлкөгө тарап жатты.

50 Жүйүттөр болсо динчил жана кадыр-барктуу аялдарды, шаардын атактуу адамдарын тукуруп, Пабыл менен Барнабаны куугунтукка алышты да, аларды өздөрүнүн жеринен кууп чыгышты.

51 Эки элчи болсо аларга буттарындагы чаңды күүп, Икония шаарына жөнөп кетишти.

52 Ал эми шакирттер кубанычка батып, Ыйык Рухка толуп жатышты.

14-БӨЛҮМ

Иконияда

1 Пабыл менен Барнаба Иконияга келгенде, жүйүттөрдүн синагогасына кирип, сөз сүйлөштү. Ошондо көптөгөн жүйүттөр менен эллиндер Ыйсага ишенип калышты.

2 Ал эми ишенбеген жүйүттөр бутпарастарды бир туугандарга каршы тукуруп, кыжырдантышты.

3 Ошондой болсо да ал экөө ал жерде бир топ убакыт болуп, Теңир жөнүндө кайраттуулук менен айтып жүрүштү. Теңир болсо Өзүнүн ырайымы жөнүндөгү сөзүн күбөлөндүрүү үчүн, алардын колдору аркылуу ажайыптар менен кереметтерди көрсөтүп жатты.

4 Бирок шаардын эли экиге бөлүндү: элдин бир бөлүгү жүйүттөр тарапта, экинчи бөлүгү элчилер тарапта болду.

5 Эки элчини шылдыңдап, таш бараңга алыш үчүн, бутпарастар менен жүйүттөр өздөрүнүн башчылары менен бирдикте аларды көздөй бет алышты,

6 Алар бул жөнүндө билип калып, Лукония дубанынын Листра жана Дербе шаарларына, алардын чет жакаларына кетип калышты да,

7 ошол жерлерде Жакшы Кабар таратып жүрүштү.

Листра менен Дербеде

8 Листрада буттары кыймылдабаган бир адам отурчу. Ал тубаса майып болчу, өмүрүндө эч качан баскан эмес.

9 Ал Пабылдын сөзүн угуп отурган. Пабыл аны карап, айыгарына ишенерин көрдү да,

10 үнүн бийик чыгарып, мындай деди: «Теңир Ыйса Машайактын атынан сага айтамын, ордуңдан тур». Ал ошол замат ордунан ыргып туруп, баса баштады.

11 Пабылдын эмне кылганын көргөн адамдар лукониялыктардын тилинде: «Кудайлар бизге асмандан адам бейнесинде түшүп келишти», – деп кыйкырып жатышты.

12 Анан Барнабаны Зевс деп, ал эми Пабылды Эрмес деп аташты, анткени, негизинен, Пабыл сөз сүйлөп жаткан эле.

13 Алардын шаарынын алдында турган Зевс бурканынын кызматчысы дарбазанын алдына өгүздөрдү жана гүлчамбарларды алып келди да, эл менен бирдикте курмандык чалмакчы болду.

14 Бирок элчилер Барнаба менен Пабыл муну укканда, өз кийимдерин айрып, элдин ортосуна жулунуп кирип, катуу үн менен мындай дешти:

15 «Эркектер! Эмне кылып жатасыңар? Биз силерге окшогон эле адамдарбыз. Ушул жасалма кудайлардан бурулуп, асман менен жерди, деңизди жана алардын ичиндеги бардык нерселерди жараткан тирүү Кудайга кайрылышыңар үчүн, биз силерге Жакшы Кабар айтып жатабыз.

16 Ал өткөн кылымдарда бардык элдердин өз жолдору менен жүрүүсүнө жол берген.

17 Ошого карабастан, Ал жакшы иштери аркылуу Өзү жөнүндө күбөлөндүргөнүн токтоткон эмес: Ал силерге асмандан жамгыр жаадырып, түшүм берип, тамак-аш менен камсыз кылып, жүрөгүңөрдү кубанычка толтуруп келген».

18 Алар ушул сөздөрдү айтып, элди курмандык чалдырбай, үйлөрүнө тарап кетүүгө араң көндүрүштү. Өздөрү ошол жерде калып, элди окутуп жатышканда,

19 Антийохея менен Икониядан жүйүттөр келишти. Элчилер кайраттуулук менен Жакшы Кабар айтып жатышканда, алар: «Булардын эч бир сөзү чындык эмес, булар жалган айтып жатышат», – деп, элди алардын жанынан кетүүгө көндүрүштү. Анан алар элди тукуруп, Пабылды таш бараңга алышты да, өлдү деп ойлоп, шаардын сыртына сүйрөп чыгарып салышты.

20 Шакирттер Пабылдын тегерегине чогулуп калышканда, ал ордунан туруп, шаарга кирди. Эртеси күнү Барнаба менен бирге Дербеге жөнөп кетти.

Эки элчинин Антийохеяга кайтып келиши

21 Алар бул шаарда Жакшы Кабар таратып, бир нече адамды Ыйсанын шакирти кылышкандан кийин, кайрадан Листраны, Иконияны жана Антийохеяны аралап,

22 шакирттерди бекемдеп, ишенимден баш тартпоону насааттап: «Кудайдын Падышачылыгына көптөгөн кыйынчылыктар аркылуу киришибиз керек», – деп окутуп жүрүштү.

23 Анан алар ар бир Жыйынга башчыларды дайындашты да, орозо кармап сыйынып, аларды өздөрү ишенген Теңирге тапшырышты.

24 Андан кийин Писидияны аралап өтүп, Памфилияга келишти.

25 Пергеде Теңирдин сөзүн жарыя кылышкандан кийин, Аталея шаарына келишти.

26 Ал жерден Антийохеяга сүзүп кетишти. Антийохеяда алар өздөрүнө берилген тапшырма боюнча Кудайдын ырайымына тапшырылышкан эле. Ошол тапшырманы аткарышкандан кийин,

27 алар Антийохеяга келишти да, Жыйынды чогултуп, Кудайдын өздөрү аркылуу кылган иштеринин бардыгын, Анын бутпарастар үчүн ишеним эшигин ачкандыгын айтып беришти.

28 Алар Антийохеяда шакирттер менен бир топ убакыт бирге болушту.

15-БӨЛҮМ

Иерусалимде болгон жыйналыш

1 Жүйүт аймагынан келген кээ бир жүйүттөр бир туугандарды: «Эгерде Мусанын мыйзамы боюнча сүннөткө отургузулбасаңар, куткарылбайсыңар», – деп окутушту.

2 Ушундан улам Пабыл, Барнаба менен алардын ортосунда келишпестик пайда болуп, талаш-тартыш чыкты. Ошондо Пабыл менен Барнабаны жана дагы бир нече адамды бул маселе боюнча Иерусалимдеги элчилерге жана Жыйын башчыларына жиберүүнү чечишти.

3 Жыйын тарабынан жөнөтүлгөн алар Финикия менен Самарияны аралап бара жатып, ал жерлердеги бир туугандарга бутпарастардын Кудайга кайрылышкандыгы жөнүндө айтып, бардыгын кубандырышты.

4 Иерусалимге келишкенде, аларды Жыйын, элчилер жана Жыйын башчылары кабыл алышты. Алар Кудайдын өздөрү аркылуу кылган иштеринин бардыгын, Анын бутпарастар үчүн ишеним эшигин кандай ачкандыгын айтып беришти.

5 Ошондо фарисейлер тобунан Ыйсага ишенип калгандардын кээ бирөөлөрү чыгып: «Бутпарастар сүннөткө отургузулууга тийиш, алардан Мусанын мыйзамын аткарууну талап кылуу керек», – дешти.

6 Ошондо элчилер менен Жыйын башчылары ушул маселени кароо үчүн чогулушту.

7 Узакка созулган талкуудан кийин, Петир ордунан туруп, аларга мындай деди: «Бир туугандар! Бутпарастар мен аркылуу Жакшы Кабар угуп, Ыйсага ишенип калуусу үчүн, Кудай эң башында араңардан мени тандап алгандыгын билесиңер.

8 Адамдын жүрөгүндөгүнү билген Кудай бизге Ыйык Рухту бергениндей эле, аларга да берди. Бул аркылуу Кудай аларды кабыл алгандыгын күбөлөндүрдү.

9 Алардын жүрөктөрүн өздөрүнүн ишеними аркылуу тазалап, алар менен биздин ортобуздагы айырмачылыкты жок кылды.

10 Эмне үчүн силер шакирттердин мойнуна ата-бабаларыбыз да, биз да көтөрө албаган түйшүктү жүктөп, Кудайды сынап жатасыңар?

11 Бирок биз Теңирибиз Ыйса Машайактын ырайымы менен алар сыяктуу эле куткарыларыбызга ишенебиз».

12 Ошондо бүт эл тынчтанып, Барнаба менен Пабылдын сөзүнө кулак салышты. Алар Кудайдын бутпарастар арасында кандай ажайыптар менен кереметтерди жасагандыгын айтып беришти.

13 Алар сүйлөп бүтүшкөндөн кийин, Жакып мындай деп сөз баштады: «Бир туугандар! Мага кулак салгылачы.

14 Шымон бизге Кудайдын эң башында эле бутпарастарга назарын салып, алардан Өзүнүн ысымы үчүн эл жаратууну каалаганын айтып берди.

15 Бул жөнүндө пайгамбарлар мындай деп айтышкан:

16 “Андан кийин Мен кайрылып келип, Дөөттүн кулап калган чатырын кайрадан тургузам, анын ичиндеги бузулган жерлерин калыбына келтирем, аны оңдойм.

17 Ошондо Менин ысымым кайсы элдердин арасында жарыя кылынса, ошол элдердин бардыгы Теңирди издешет, – дейт ушунун бардыгын жасап жаткан Теңир”.

18 Байыртадан бери эле Кудайга Өзүнүн бардык иштери белгилүү.

19 Ошондуктан мен бутпарастардын арасынан Кудайга кайрылгандарга ашыкча нерселерди жүктөбөө керек деп ойлойм.

20 Тескерисинче, аларга мындай деп жазып жибериш керек: “Буркандарга чалынган курмандыкты, канды жана каны агызылбаган жан-жаныбардын, канаттуунун этин жебегиле, ойноштук кылбагыла, өзүңөргө каалабаган нерсени башкаларга да каалабагыла”.

21 Анткени байыртадан бери эле Мусанын мыйзамы бардык шаарларда айтылып, ар бир ишемби күнү синагогаларда окулуп келе жатат».

Элчилердин чечими

22 Ошондо элчилер менен Жыйын башчылары Жыйын менен чогуу ойлонуп, өздөрүнүн арасынан адамдарды, атап айтканда, бир туугандардын арасында башчылык кылган, Барзаба деген да ысымы бар Жүйүттү жана Сыласты тандашты да, аларды Пабыл жана Барнаба менен бирге Антийохеяга жиберүүнү чечишти.

23 Төмөнкүдөй кат жазып, алар аркылуу берип жиберишти: «Элчилердин, Жыйын башчыларынын жана бир туугандардын атынан Антийохеядагы, Сириядагы жана Киликиядагы бутпарас бир туугандарыбызга салам айтабыз.

24 Биздин арабыздан барган кээ бирөөлөр “Бутпарастар сүннөткө отургузулууга тийиш, алар мыйзамды аткаруулары керек” деген сөздөрү менен силерди тынчсыздандырып, олку-солку кылышканын уктук. Бирок биз аларга андай тапшырма берген эмеспиз.

25-26 Ошондуктан биз чогулуп, кишилерди тандап, аларды Теңирибиз Ыйса Машайак үчүн жандарын арнап койгон сүйүктүү бир туугандарыбыз Барнаба жана Пабыл менен бирге силерге жиберүүгө бир добуштан чечим чыгардык.

27 Ошентип, биз Жүйүт менен Сыласты жибердик, алар муну силерге оозеки да түшүндүрүп беришет.

28 Анткени Ыйык Рух жана биз силердин мойнуңарга төмөнкү эң маанилүү нерселерден башка эч кандай түйшүк жүктөлбөсүн деп чечтик:

29 буркандарга чалынган курмандыкты, канды жана каны агызылбаган жан-жаныбардын, канаттуунун этин жебегиле, ойноштук кылбагыла, өзүңөргө каалабаган нерсени башкаларга да каалабагыла. Ушулардан сактансаңар, жакшы кыласыңар. Саламатта болгула».

30 Ошентип, жөнөтүлгөндөр Антийохеяга келишти да, Жыйынды чогултуп, катты тапшырышты.

31 Алар болсо катты окуп чыгып, бул акыл-насаатка кубанышты.

32 Жүйүт менен Сылас пайгамбар да болушкандыктан, бир туугандарга көптөгөн акыл-насааттарды айтып, алардын ишенимин бекемдешти.

33 Ал экөө Антийохеяда дагы бир аз убакыт болушкандан кийин, бир туугандар аларды элчилерге тынчтык менен узатып жиберишти.

34 Бирок Сылас Антийохеяда калууну чечти, Жүйүт болсо Иерусалимге кайтты.

35 Пабыл менен Барнаба да Антийохеяда калып, башка көптөгөн адамдар менен бирдикте Теңирдин сөзүн үйрөтүп жана таратып жүрүштү.

Пабыл менен Барнабанын бөлүнүшү

36 Бир аз убакыт өткөндөн кийин Пабыл Барнабага: «Теңирдин сөзүн кайсы шаарларда айтсак, ошол шаарлардагы бир туугандарга кайра барып, алардын кандай жашап жатышканын көрүп келели», – деди.

37 Барнаба Марк деген да ысымы бар Жаканды ээрчитип алгысы келди.

38 Бирок Пабыл өздөрүнө тапшырылган ишке чогуу барбай, Памфилияда калып калган Жаканды ээрчиткиси келген жок.

39 Ушундан улам Пабыл менен Барнабанын ортосунда келишпестик пайда болуп, экөө бири-биринен бөлүнүп кетишти. Барнаба Маркты алып, Кипрге сүзүп кетти.

40 Пабыл болсо Сыласты тандап алды да, бир туугандар тарабынан Кудайдын ырайымына тапшырылып, жолго чыкты.

41 Ал Сирияны жана Киликияны кыдырып, ал жерлердеги Жыйындарды бекемдеп жүрдү.

16-БӨЛҮМ

Пабыл Кичи Аcияда. Тиметейдин Пабыл менен Сыласка кошулушу

1 Пабыл Дербеге да, Листрага да барды. Листрада Тиметей деген шакирт бар эле. Анын энеси Ыйсага ишенип калган жүйүт, ал эми атасы эллин болчу.

2 Листрада жана Иконияда жашаган бир туугандар ал жөнүндө жакшы күбөлөндүрүшчү.

3 Пабыл аны өзү менен ала кетүүнү каалады. Ошондуктан аны ал жактагы жүйүттөр үчүн сүннөткө отургузду. Анткени анын атасы эллин экендигин бардыгы билишчү.

4 Алар шаарларды кыдырып, Ыйсага ишенгендерге Иерусалимдеги элчилер жана Жыйын башчылары тарабынан берилген көрсөтмөлөрдү аткаруу керектигин айтып жүрүштү.

5 Жыйындагылардын ишеними бекемделип, сан жагынан күндөн-күнгө көбөйүп жатты.

6 Ыйык Рух тарабынан Асияда Жакшы Кабар таратууга жол берилбегендиктен, алар Фригияны жана Галатия өлкөсүн аралап өтүп,

7 Мусия дубанына жакын келишти да, ал жерден Битиния дубанына кетүүгө аракет кылышты. Бирок Рух буга жол берген жок.

8 Ошондуктан Мусиянын жанынан өтүп, алар Троас шаарына келишти.

Теңирдин Пабылды Македонияга чакырышы

9 Түн ичинде Пабыл бир көрүнүш көрдү: көрүнүштө македониялык бир киши андан: «Македонияга келип, бизге жардам бер», – деп өтүндү.

10 Пабыл ушул көрүнүштү көргөндөн кийин, Теңир бизди Македонияда Жакшы Кабар айтууга чакырып жатат деген тыянак чыгардык да, дароо эле ошол жакка барууга аракет кыла баштадык.

11 Ошентип, биз Троастан кемеге түшүп, түз эле Самофрак аралына, эртеси күнү Неапол шаарына келдик.

Пабыл менен Сылас Филипи шаарында

12 Неаполдон Филипиге келдик. Бул Македониянын биринчи бөлүгү болуп эсептелген, римдиктер жашаган шаар эле. Бул шаарда биз бир нече күн болдук.

13 Ишемби күнү шаардын сыртына чыгып, дарыянын боюна бардык. Адатта, ал жерде жүйүттөр Кудайга сыйынышчу. Ал жерден орун алып отурдук да, чогулган аялдар менен сүйлөшө баштадык.

Лидиянын Теңирге кайрылышы

14 Алардын арасында Тиатира шаарынан келген, кочкул кызыл кездеме менен соода кылган Лидия деген аял айтылып жаткан сөздөрдү угуп отурган. Ал Кудайды урматтаган аял эле. Пабылдын айткан сөздөрүн түшүнүшү үчүн, Теңир анын жүрөгүн ачты.

15 Ал өзүнүн үй-бүлөсү менен бирге сууга чөмүлдүрүлгөндөн кийин: «Эгерде силер мени Теңирге чыны менен ишенди деп эсептесеңер, анда менин үйүмө келип, меникинде жашап тургула», – деп өтүндү. Биз анын өтүнүчүнө макул болдук.

Пабыл менен Сыластын камалышы

16 Бир жолу биз сыйынуу жайына бара жатып, көзү ачыктык кылдыруучу жини бар бир күң кызга жолуктук. Ал кыз көзү ачыктык кылуу менен өзүнүн кожоюндарына көп киреше түшүрчү экен.

17 Ал Пабылдын жана биздин артыбыздан калбай, мындай деп кыйкырып жүрдү: «Бул адамдар – бардыгынан жогору турган Кудайдын кулдары, булар бизге куткарылуу жолун жарыялап жүрүшөт».

18 Кыз көп күн ушинтип жүрдү. Пабылдын ачуусу келип, артына бурулду да, кыздын ичиндеги жинге: «Ыйса Машайактын атынан буйрук кыламын: кыздын ичинен чык», – деди. Жин ошол замат чыгып кетти.

19 Кыздын кожоюндары өздөрүнө киреше түшпөй каларын билишкенде, Пабыл менен Сыласты кармап алып, аянтка, башкаруучуларга сүйрөп барышты.

20 Аларды аскер башчыларга алып келишип: «Мына бул жүйүттөр шаарыбызды дүрбөлөңгө түшүрүп,

21 бизге, римдиктерге, кабыл алууга да, аткарууга да болбогон каада-салттарды үгүттөп жүрүшөт», – дешти.

22 Эл да аларга каршы чыкты. Аскер башчылар болсо кийимдерин сыйрып алып, аларды таяк менен сабоого буйрук беришти.

23 Аларды катуу сабашкандан кийин, түрмөгө түртүп киргизишти да, түрмө сакчысына өтө сактык менен кайтарууну буйрук кылышты.

24 Ушундай буйрук алган түрмө сакчысы аларды ички түрмөгө түртүп киргизип, буттарына жыгач кишен кийгизип койду.

Филипидеги түрмө сакчысынын Теңирге кайрылышы

25 Түн ортосу болуп калган убакта Пабыл менен Сылас сыйынып, Кудайды даңктап ырдашты. Туткундар болсо аларга кулак төшөштү.

26 Бир маалда катуу жер титирөө болуп, түрмөнүн пайдубалы солкулдап кетти. Ошол замат бардык эшиктер ачылып, бардыгынын кишендери бошоп калды.

27 Түрмө сакчысы ойгонуп кетип, түрмөнүн эшиктеринин ачылып калганын көргөндө, туткундарды качып кетти деп ойлоп, кылычын сууруп чыгып, өзүн өзү өлтүрмөкчү болду.

28 Бирок Пабыл мындай деп кыйкырып жиберди: «Өзүңө эч кандай жамандык кылба, анткени бардыгыбыз бул жердебиз».

29 Түрмө сакчысы шам сурап алып, түрмөнүн ичине чуркап кирди да, коркконунан титиреп, Пабыл менен Сыластын алдына келип жыгылды.

30 Анан аларды сыртка чыгарып: «Мырзаларым! Куткарылыш үчүн эмне кылуум керек?» – деп сурады.

31 Алар болсо ага: «Теңир Ыйса Машайакка ишен, ошондо өзүң да, үйүңдөгүлөр да куткарылат», – дешти.

32 Ошентип, алар ага жана анын үйүндөгүлөрүнүн бардыгына Теңирдин сөзүн айтып беришти.

33 Ошол эле түнү түрмө сакчысы аларды үйүнө алып барып, алардын жараларын жууду. Андан кийин ал дароо эле үйүндөгүлөрүнүн бардыгы менен бирге сууга чөмүлдүрүлдү.

34 Аларды үйүнө киргизип, алдыларына дасторкон жайды. Ыйсага ишенип калышканы үчүн, ал үйүндөгүлөрү менен бирге аябай кубанды.

35 Таң атканда аскер башчылары шаар кызматчылары аркылуу: «Кечээки адамдарды бошоткула», – деп айттырып жиберишти.

36 Түрмө сакчысы бул кабарды Пабылга билдирип: «Аскер башчылары силерди бошотуш үчүн, кишилерди жиберишиптир. Ошондуктан чыккыла да, тынчтык менен кеткиле», – деди.

37 Бирок Пабыл аларга: «Бизди, римдик атуулдарды, сураксыз эле бүт элдин алдында сабап, түрмөгө камашты. Эми бизди жашыруун бошотушмакчыбы? Мындай болбойт, бизди өздөрү келип чыгарышсын», – деди.

38 Шаар кызматчылары бул сөздөрдү аскер башчыларына айтып барышты. Аскер башчылары эки элчинин римдик атуулдар экендигин угуп коркуп кетишкендиктен,

39 келип, алардан кечирим сурашты да, аларды түрмөдөн чыгарып, шаардан кетүүлөрүн өтүнүштү.

40 Алар болсо түрмөдөн чыккандан кийин, Лидиянын үйүнө келишти. Ал жерден бир туугандарга жолугуп, акыл-насаат айтышты, анан жолго чыгышты.

17-БӨЛҮМ

Тесалоника шаарында

1 Алар Амфипол жана Аполония шаарларын аралап өтүп, Тесалоника шаарына келишти. Ал жерде жүйүттөрдүн синагогасы бар эле.

2 Пабыл адаттагысындай эле алардын синагогасына кирип, үч ишемби катары менен аларды Ыйык Жазуунун негизинде окутту.

3 Машайактын азап чегип өлүп, кайра тирилүүсү керек болгондугун аларга түшүндүрүп, далилдеди да: «Мен силерге жарыялап жаткан Ыйса – Ошол Машайактын Өзү», – деди.

4 Ошондо алардын ичинен кээ бирлери Ыйсага ишенип, Пабыл менен Сыласка кошулушту. Алардын арасында Кудайга табынган көптөгөн эллиндер, атактуу аялдар бар эле.

5 Бирок Ыйсага ишенбеген жүйүттөр көрө албастык кылып, аянттан бузуку кишилерди чогулта калышты да, шаарга дүрбөлөң түшүрө башташты. Анан алар Жасондун үйүнө келишти да, элдин алдына чыгаруу үчүн, Пабыл менен Сыласты издешти.

6 Аларды таппай коюшкандан кийин, Жасонду жана кээ бир бир туугандарды шаар башчыларынын алдына сүйрөп барып: «Бүт дүйнөнү дүрбөлөңгө түшүргөн адамдар бул жакка да келишти.

7 Жасон аларды үйүнө кабыл алды. Булардын бардыгы Ыйса деген адамды падыша деп эсептеп, римдик падышанын буйруктарына каршы чыгып жатышат», – деп кыйкырышты.

8 Муну уккан элдин да, шаар башчыларынын да тынчы кетти.

9 Бирок булар Жасондон жана башка бир туугандардан кепилдик кат алышкандан кийин, аларды бошотуп жиберишти.

Бероя шаарында

10 Бир туугандар болсо Пабыл менен Сыласты түн ичинде Бероя шаарына шашылыш түрдө жөнөтүп жиберишти. Экөө ал жерге келишкенде, жүйүттөрдүн синагогасына барышты.

11 Бероялык жүйүттөр тесалоникалык жүйүттөргө караганда акылдуу эле. Алар Кудайдын сөзүн чын жүрөктөн кабыл алышты жана: «Чын эле ушундайбы?» – дешип, күн сайын Ыйык Жазууну изилдешти.

12 Ошентип, бероялык жүйүттөрдүн көпчүлүгү Ыйсага ишенип калышты. Алардын арасында эллиндердин көптөгөн атактуу аялдары менен эркектери да бар эле.

13 Тесалоникалык жүйүттөр Пабылдын Бероя шаарында да Кудай сөзүн жарыялаганын билишкенде, ал жакка да барып, элдин тынчын кетирип, дүрбөлөң түшүрүштү.

14 Ошондо бир туугандар Пабылды шашылыш түрдө деңиз тарапка жөнөтүштү. Сылас менен Тиметей болсо ошол жерде калышты.

Афин шаарында

15 Пабылды узатып чыккандар аны Афин шаарына чейин узатып барышты. Алар Пабылдын «Сылас менен Тиметей мага мүмкүн болушунча тезирээк келишсин!» деген тапшырмасын алып, кайра артка кайтышты.

16 Пабыл Афинде Сылас менен Тиметейди күтүп жатканда, бул шаардын буркандарга толгондугун көрүп, абдан кайгырды.

17 Ошондуктан ал синагогада жүйүттөр менен, Кудайга табынган гректер менен, ар күнү базар аянтында кимге жолукса, ошолор менен сүйлөшүп жүрдү.

18 Ошондо ага Эпикур деген философтун окутуусун жактагандар жана Стоа деген философиялык агымдын өкүлдөрү да жолукту. Алардын бирөөлөрү: «Бул келжирек эмнени айтмакчы болуп жатат?» – дешсе, дагы бирөөлөрү: «Ал чет элдик кудайлар жөнүндө үгүт таратып жүрөт окшойт», – дешти. Анткени Пабыл Ыйса жөнүндө жана тирилүү жөнүндө жарыялап жүргөн эле.

19 Анан алар Пабылды ареопагга алып келишти да: «Сен үгүттөп жүргөн бул жаңы окутуу эмне деген окутуу экендигин билсек болобу?

20 Анткени сен бизге таң каларлык нерсени угузуп жатасың. Ошондуктан биз мунун эмне экендигин билгибиз келет», – дешти.

21 Анткени афиндиктер жана ал шаарда жашаган чет өлкөлүктөр өздөрүнүн убактыларын кандайдыр бир жаңы нерсе жөнүндө сүйлөө менен же угуу менен гана өткөрүшчү.

22 Пабыл ареопагдын ортосуна туруп алып, мындай деп сүйлөдү: «Афиндиктер! Бардык нерседен мен силердин өзгөчө динчил экениңерди көрүп жатам.

23 Анткени мен силердин ыйык жайларыңарды кыдырып карап жүрүп, “Белгисиз кудайга” деген жазуусу бар курмандык чалынуучу жайыңарды көрдүм. Мен силерге өзүңөр билбесеңер да урматтап жүргөн Ошол Кудай жөнүндө айтып берейин.

24 Ал – дүйнөнү жана анын ичинде эмне болсо, ошонун бардыгын жараткан Кудай, асман менен жердин Теңири, ошондуктан Ал адамдын колу менен курулган ийбадатканаларда жашабайт.

25 Ал бир нерсеге муктаждыгы бардай болуп, адамдардын колунун кызматын талап кылбайт, анткени бардыгына өмүр, дем жана керектүү нерсенин бардыгын берген – Ал Өзү.

26 Бүт жер жүзүндө жашасын деп, Ал бир адамдан бүткүл адамзатты жаратты, адамдар үчүн мезгилдерди жана жашай турган жерлерди белгиледи.

27 Адамдар Кудайды издешсин деп, Аны сезишер бекен, табышар бекен деп, Ал ушундай кылды. Бирок Ал ар бирибизге жакын.

28 Анткени биз Ал аркылуу жашап жатабыз, Ал аркылуу кыймылдап жүрөбүз, Ал аркылуу бар болуп турабыз. Бул жөнүндө силердин кээ бир акындарыңар: “Биз Анын тукумубуз”, – дешкен.

29 Эгерде биз Кудайдын тукуму болсок, анда Кудайды адамдын чыгармачылыгы же тапкычтыгы менен алтындан, же күмүштөн, же таштан жасалган кандайдыр бир буркан деп ойлобошубуз керек.

30 Ошондуктан Кудай биздин билбестик кылып жүргөн убакыттарыбызды эсине албастан, азыр бардык жерде бардык адамдарга тобо кылууну буйруп жатат.

31 Анткени Ал бир күндү белгилеп койду. Ошол күнү ааламды Өзү алдын ала белгилеп койгон Адам аркылуу адилеттик менен соттойт. Аны өлгөндөрдүн арасынан тирилтүү менен, Ал муну бардык адамдарга далил катары көрсөттү».

32 Өлгөндөрдүн тирилери жөнүндө угушканда, кээ бирөөлөр шылдың кылышты, кээ бирөөлөр болсо: «Биз бул тууралуу сенден башка жолу угабыз», – дешти.

33 Ошондо Пабыл алардын арасынан чыгып кетип калды.

34 Бирок кээ бир эркектер аны ээрчип жүрүп, Ыйсага ишенип калышты. Алардын арасында ареопаг кеңешинин мүчөсү Дийонисий, Дамар деген аял жана башкалар бар эле.

18-БӨЛҮМ

Корунт шаарында

1 Ошондон кийин Пабыл Афинден чыгып, Корунт шаарына келди.

2 Ал жерден ал Акила деген понттук бир жүйүткө жолукту. Клавдий бүт жүйүттөргө Римден чыгып кетүүнү буйругандыктан, ал аялы Прискила менен жакында эле Италиядан келген эле. Пабыл алардын үйүнө барды.

3 Ал Акила менен кесиптеш болгондуктан, алар менен жашап, чогуу иштей баштады. Алар чатыр жасашчу.

4 Пабыл ишемби сайын синагогада сүйлөп, жүйүттөр менен эллиндерди Ыйсага ишендирүүгө аракет кылып жатты.

5 Сылас менен Тиметей Македониядан келишкенден кийин, Пабыл өзүн Жакшы Кабар таратууга толугу менен арнап, жүйүттөргө Ыйсанын Машайак экендигин күбөлөндүрө баштады.

6 Бирок алар каршы чыгып, жаман сөздөрдү айтышкандыктан, ал өзүнүн кийимдерин силкип, аларга мындай деди: «Өз каныңар өз мойнуңарда. Мен тазамын. Мындан ары бутпарастарга барам».

7 Ошентип, Пабыл синагогадан чыгып, Кудайды урматтаган Жуст деген бир кишинин үйүнө келди. Анын үйү синагоганын жанында эле.

8 Синагоганын башчысы Криспос бүт үй-бүлөсү менен Теңирге ишенип калды. Пабылдын сөзүн уккан көптөгөн корунттуктар да Ыйсага ишенип, сууга чөмүлдүрүлүштү.

9 Бир түнү Теңир Пабылга көрүнүш аркылуу мындай деди: «Коркпо, айта бер, унчукпай калба,

10 анткени Мен сени мененмин, сага эч ким жамандык кылбайт. Анткени бул шаарда Менин көп адамдарым бар».

11 Ошондо Пабыл ал жерде бир жыл алты ай калып, аларга Кудайдын сөзүн үйрөттү.

12 Бирок ошол учурда, Ахаяда Галион башчы болуп турган убакта, жүйүттөр биригип алып, Пабылга каршы чыгышты. Алар аны сотко алып барышты да:

13 «Бул киши адамдарды мыйзамга каршы жол менен Кудайга табынууга үйрөтүп жатат», – дешти.

14 Пабыл сүйлөмөкчү болгондо, Галион аларга: «Жүйүттөр! Эгерде кандайдыр бир кылмыш же кандайдыр бир жаман иш жасалган болсо, анда мен силердин нааразылыгыңарды укмакмын.

15 Бирок окутуу жөнүндө, ысымдар жөнүндө, өзүңөрдүн мыйзамыңар жөнүндө сөз болуп жаткандыктан, өзүңөр териштиргиле: мен бул иште сот болууну каалабаймын», – деди.

16 Ошентип, Галион аларды сот болуучу жайдан кууп чыкты.

17 Алар чогулуп, синагоганын башчысы Состенди кармап алып, соттун алдында сабап салышты. Бирок Галион буга көңүл бөлгөн жок.

Антийохеяга кайтып келүү

18 Пабыл Корунтта дагы бир нече күн болгондон кийин, бир туугандар менен коштошуп, Прискила жана Акила менен бирге Сирияга сүзүп кетти. Сүзүп кеткенге чейин ал Кенхирея шаарында чачын кырктырды, анткени анын назир болууга берген убадасынын мөөнөтү бүтүп калган эле.

19 Эфес шаарына келишкенде, Пабыл аларды ошол жерге калтырды. Өзү болсо синагогага кирип, жүйүттөр менен сүйлөштү.

20 Алар андан көбүрөөк убакытка калуусун өтүнүштү. Бирок ал макул болбой,

21 алар менен коштошту да: «Жакындап келе жаткан майрамды сөзсүз Иерусалимде өткөрүшүм керек. Эгерде Кудайдын каалоосу болсо, силерге кайрылып келем», – деп, Эфестен кемеге отуруп, жөнөп кетти. Акила менен Прискила болсо Эфесте калышты.

22 Кемеден Кейсареяга түшүп калып, Иерусалимге келди. Ал жердеги Жыйын менен көрүшкөндөн кийин, Антийохеяга жөнөп кетти.

23 Антийохеяда бир нече убакыт болгондон кийин, жолун улантты. Галатия жана Фригия өлкөлөрүн аралап, бардык шакирттердин ишенимин бекемдеп жүрдү.

Аполос Эфес шаарында

24 Ошол учурда Эфеске Аполос деген александриялык бир жүйүт келди. Ал сөзгө чечен, Ыйык Жазууну жакшы билген, Теңирдин жолу жөнүндөгү окутууну билген адам эле.

25 Ал Жакандын чөмүлдүрүүсүн гана билсе да, жалындап, Ыйса жөнүндө туура сүйлөп, туура үйрөтүп жүрдү.

26 Ал синагогада тартынбай сүйлөй баштады. Анын сүйлөгөн сөздөрүн уккан Акила менен Прискила аны өздөрүнүн үйүнө чакырып, Теңирдин жолу жөнүндөгү окутууну толугу менен түшүндүрүп беришти.

27 Ал Ахаяга бармакчы болгондо, бир туугандар ага дем берүү максатында ошол жактагы шакирттерге аны кабыл алуу жөнүндө кат жазып беришти. Аполос Ахаяга келгенде, Кудайдын ырайымы менен Ыйсага ишенип калгандарга көп жардам берди.

28 Анткени ал Ыйсанын Машайак экендигин Ыйык Жазуу менен далилдеп, жүйүттөрдү бүт эл алдында тайманбастык менен ашкерелеп жатты.

19-БӨЛҮМ

Пабыл Эфесте

1 Аполос Корунтта жүргөн убакта Пабыл бөксө тоолордун үстүндө жайгашкан өлкөлөрдү аралап өтүп, Эфеске келди да, ал жерден бир нече шакиртке жолугуп:

2 «Ыйсага ишенип калганыңарда Ыйык Рухту алдыңар беле?» – деп сурады. Алар болсо ага: «Ыйык Рухтун бар экенин да уккан эмеспиз», – деп жооп беришти.

3 Ошондо Пабыл алардан: «Анда силер кайсы чөмүлдүрүү менен чөмүлдүрүлдүңөр эле?» – деп сурады. Алар ага: «Жакандын чөмүлдүрүүсү менен», – деп жооп беришти.

4 Пабыл аларга мындай деди: «Жакан адамдарды тобо кылуу чөмүлдүрүүсү менен сууга чөмүлдүрүп: “Менден кийин келе жаткан Кишиге, атап айтканда, Машайак Ыйсага ишенгиле”, – деген».

5 Алар муну уккандан кийин, Теңир Ыйсанын ысымынын урматына сууга чөмүлдүрүлүштү.

6 Пабыл алардын үстүнө колдорун койгондо, аларга Ыйык Рух түштү. Ошондо алар ар кандай тилдерде сүйлөп, пайгамбарчылык кыла башташты.

7 Алардын саны он экиге жакын эле.

8 Пабыл синагогага кирип, Кудайдын Падышачылыгы жөнүндө ишенимдүү далилдерди келтирип, үч ай бою тайманбастык менен жар салып жүрдү.

9 Бирок кээ бир адамдар өжөрлөнүп, Теңирдин жолу жөнүндөгү окутууну эл алдында жамандап, ишенбей коюшту. Ошондо Пабыл аларды таштап, шакирттерди бөлүп кетти да, күн сайын Туран деген адамдын орто окуу жайында насаат айта баштады.

10 Бул эки жылга созулду, ошондуктан Асиянын бүт тургундары, жүйүттөр да, эллиндер да Теңир Ыйса жөнүндө угушту.

Скебанын уулдары

11 Кудай Пабыл аркылуу көптөгөн кереметтерди көрсөтүп жатты.

12 Анын бет аарчылары менен алжапкычтарын оорулуулардын үстүнө коюшканда, алардын оорулары айыгып, ичтеринен жиндер чыгып жатты.

13 Эл аралап сыйкырчылык кылган кээ бир жүйүттөр да жин оорулуу адамдарга: «Пабыл жарыялап жүргөн Ыйсанын атынан силерге буйрук кылабыз», – деп, Теңир Ыйсанын ысымын колдоно башташты.

14 Ушундай кылгандардын арасында жүйүттөрдүн Скеба деген башкы ыйык кызмат кылуучусунун жети уулу бар эле.

15 Бирок жин аларга: «Ыйсаны билем, Пабылды да тааныйм, а силер кимсиңер?» – деп жооп берди.

16 Ошондо жин оорулуу адам атырылып келип, аларды басып жыгылып, сабап салды. Алар ал үйдөн жылаңачталып, жаракат алып качып чыгышты.

17 Бул окуя Эфесте жашаган жүйүттөргө да, эллиндерге да маалым болду. Бардыгын коркунуч басып, Теңир Ыйсанын ысымы даңкталды.

18 Теңирге ишенип калгандардын көптөрү келип, күнөөлөрүн моюндарына алып ачык айтышты.

19 Ал эми сыйкырчылык кылып жүргөндөрдүн көптөрү өздөрүнүн китептерин чогултуп, бүт элдин алдында өрттөп жиберишти. Ал китептердин бааларын эсептешкенде, элүү миң драхма болду.

20 Ошентип, Теңирдин сөзү кеңири тарап, өзүнүн күчүн көрсөтүп жатты.

21 Ушул окуялардан кийин, Пабыл: «Македония менен Ахаяга, андан ары Иерусалимге барышым керек. Ал жерде болгондон кийин, Римге да барышым керек», – деп чечти.

22 Анан ал өзүнүн жардамчылары – Тиметей менен Эрастты Македонияга жиберди. Өзү болсо бир аз убакытка Асияда калды.

Эфестеги козголоң

23 Ошол учурда Теңирдин жолу жөнүндөгү окутууга каршы чоң козголоң чыкты.

24 Анткени күмүштөн Артемиданын бутканасынын үлгүлөрүн жасап, сүрөтчүлөргө көп пайда келтирген Деметир деген бир зергер

25 сүрөтчүлөрдү жана башка зергерлерди чогултуп, аларга мындай деди: «Достор! Биздин кирешебиз ушул ишке байланыштуу экенин өзүңөр билесиңер.

26 Жанагы Пабыл деген неменин Эфесте гана эмес, бүткүл Асияда: “Колуңар менен жасаган нерселер кудайлар эмес”, – деп, көптөгөн адамдарды ынандырып, жолдон чыгарганын угуп-көрүп жатасыңар.

27 Бул бизге коркунучтарды туудурат: биринчиден, ишибиз бааланбай калат; экинчиден, улуу аял кудай Артемиданын бутканасы барк алынбай, бүткүл Асия жана бүт жер жүзү урматтаган Артемида өзү да улуулугунан ажырайт».

28 Алар муну укканда, жаалданышып: «Эфестиктердин Артемидасы улуу!» – деп, кыйкыра башташты.

29 Ошентип, бүт шаар дүрбөлөңгө түштү. Пабылдын Гай жана Аристарх деген македониялык жолдошторун кармап алып, бардыгы театрды көздөй бет алышты.

30 Пабыл топ элдин ичине кирмекчи болгондо, шакирттер ага жол бербей коюшту.

31 Ошондой эле Асиядагы башкаруучулардын Пабылга ылым санагандары «Пабыл театрга барбасын» деген өтүнүч менен ага киши жиберишти.

32 Ошол арада бирөө бирди айтып, экинчиси дагы бирди айтып кыйкырып, чогулган эл ызы-чуу салып жатты. Элдин көпчүлүгү өздөрүнүн эмне үчүн чогулганын билишкен жок.

33 Ошондо жүйүттөрдүн сунушу боюнча элдин арасынан Искендерди алдыга чыгарышты. Искендер колу менен белги берип, элге сүйлөмөкчү болду.

34 Бирок анын жүйүт экендигин билишкенде, бардыгы бир ооздон: «Эфестиктердин Артемидасы улуу!» – деп кыйкыра башташты. Алар эки саатка жакын ушинтип кыйкырышты.

35 Шаар башчысы элди тынчтандырып, мындай деди: «Эфестиктер! Эфес шаары улуу аял кудай Артемиданын жана анын асмандан түшкөн айкелинин кызматчысы экендигин ким билбейт?

36 Эгерде бул жөнүндө талаш жок болсо, анда силер тынчсызданбай эле коюшуңар керек, алаңгазарлык кылуунун кереги жок.

37 Силер бул жерге бул кишилерди алып келдиңер, бирок булар Артемиданын бутканасын уурдашкан эмес, силердин аял кудайыңарга тил тийгизишкен да эмес.

38 Эгерде Деметирдин жана анын жанындагы сүрөтчүлөрдүн кимдир бирөөгө нааразычылыгы бар болсо, анда бизде соттор бар, дубан башчылары бар. Бири-бирине болгон нааразычылыктары боюнча ошолорго кайрылышсын.

39 Эгерде башка дагы сурооңор болсо, анда ал кезектеги чогулушта чечилет.

40 Бүгүн болуп өткөн окуядан улам, козголоң чыгаруучулар катары айыпталуу коркунучу алдында турабыз. Анткени бизде ушунча эл чогулгандыгы үчүн актанууга эч кандай себеп жок». Ушул сөздөрдү айтып, ал чогулган элди таратып жиберди.

20-БӨЛҮМ

Пабыл Македония дубанында жана Грецияда

1 Козголоң басылгандан кийин, Пабыл шакирттерди чакырып, аларга насаат айтты. Анан алар менен коштошуп, Македонияга жол тартты.

2 Македонияны кыдырып, Ыйсага ишенгендерге көп насаат айткандан кийин, Грецияга келди.

3 Пабыл ал жерде үч ай болгондон кийин, Сирияга Македония аркылуу кайтып келүүнү чечти. Анткени кеме менен Сирияга жол тартар алдында жүйүттөр ага каршы козголоң чыгарышты.

4 Бероялык Пурдун уулу Сосипатыр, тесалоникалык Аристарх менен Секундос, дербелик Гай, Тиметей жана асиялык Тихик менен Трофим аны Асияга чейин узатып барышты.

5 Алар бизден мурун жолго чыгып, бизди Троаста күтүп турушту.

Троас шаарында

6 Биз болсо Ачыткысыз нан майрамынан кийин, Филипиден кеме менен чыгып, беш күндөн кийин аларга, Троаска келип, ал жерде жети күн болдук.

7 Жуманын биринчи күнү Пабыл нан сындыруу үчүн чогулган шакирттер менен сүйлөштү. Ал эртеси күнү жолго чыга турган болгондуктан, алар менен түн ортосуна чейин сүйлөшүп отурду.

8 Биз чогулган үйдүн жогорку бөлмөсүндө көп шам чырак күйүп турган.

9 Терезеде Эйтих деген бир жаш улан отурган. Пабылдын сөзү узакка созулгандыктан, ал катуу уктап кетип, үчүнчү кабаттан жерге кулап түштү. Кар