10.03.2010 12:27
 Бакайдан
|
Жанызак-эскертүү: жалпы темалар боюнча жалаң Меймансапка жазгыла, сураныч.
Мына биерде айтылуу Бакай мырзадан кат келген экен:
От кого: Бакай Садыров ........... Кому: <janyzak@mail.ru> Дата: 09 Мар 2010 17:56:20
Саламатсызбы Жаке? Иштериниз ийгиликтуу болуп жатабы: Жаке, жанагы котормочу тууралуу кошумча ушул дарекке жазып жиберсениз. Кызыккандар бар. Урматым менен Таластан Бакай
Менин жообум: Салам, Бакай. Анын кошумчасы деле жок. Мыкты котормочу, орусчадан кыргызча которсо, азыр жанагы Орусияда дүңгүрөп жаткан Дарья Донцова сыяктуулардын жазгандарын 160 бетке тууралап кыргыз чындыгына келиштирип чакан китептерди чыгарыш керек эле. 160 беттүү китеп Ворд менен 10 өлчөм тамга менен 75-80 бет болот. Кайсы бир ишке киришем дегендер табылса, алды менен беш-он бетти которуп Меймансапка салыш керек. Биз окуп көрөлү. Жараса “жарайт!“ дейли да, алиги котормочуга уруксат берели. Бирок баары бир текшерип туруш керек. Кокус китептен кыргызча жатпаган келегей айкаштар табылып калса, андай китепке акча төлөнбөйт. Мен Меймансапка бирөөнүн которгонун илип койдум, байгандырсың.
Саламым менен Жанызак. ____________________________________________________
Деп кат жазып жиберсем Бакайдан дагы бир кат келиптир: _____________________________________ Бакай Садыров ..................... Кому: ”janyzak” <janyzak@mail.ru> Дата: 10 Мар 2010 09:23:20 Тема: Re:
Саламматсызбы Жаке! Сурайын дегеним сиздин бир китебинизди толук которгондо 7000 сом алабы? Бакай __________________________________________________
Анда бу катына да ушул жерден эле жооп жазайын:
Бакай, ушунун баарын Меймансаптан эле сурасаң болот эле, себеби башкалар да билишет болчу да. Ооба, бир китепти толук которгондо 7000 сом алат. Бирок... 160 беттүү китепти которгондо ошончо болот. Кокус китеп 320 беттүү болуп калса, анда 14000 сом алат. Муну да жакшылап билип алышса жаман болбос эле.
Бирок эскертүү: кокус эле которулган китептин кайсы бир жеринен кыргызча тантырак же түпнускадагы мааниси өзгөртүлгөн сүйлөм болуп калса, китептин котормосу сатылып алынбайт. Аны автор кайрадан иштеп чыгышы керек.
Дагы бир бирок: китепти которо баштоого уруксат алыш үчүн алды менен ошол китептен кеминде 10 бет которуп, Меймансапка жайгаштыруу керек. Мен окуп көрөм, сүйлөмдөр жатык болсо жана туура которулса, макулдук берем жана тийиштүү келишим түзөбүз.
Саламым менен Жанызак. |
| | 10.03.2010 11:46
 Бакай
|
Сулуу жана атак-даңтуу жазуучу айым Кейт Харперге ашык болгон режиссер Ник Уотерман башы бош аялдын жүрөгүн багындырууга аракет жазап жатам деп ойлочу. Бирок Кейт Никтин сүйүүсүнө чын дили менен жооп берүүгө аракет кылганы менен анын аялы боло албайт эле. Анткени ал турмушта болчу. Анын турмушу адам чыдагыс катаал болгону менен ачырашып кетүүгө мүнкүн эмес эле.
Биринчи бөлүм
Туура таңкы алты болгондо саатын коңгуроосу шыңгырады. Ал сел эте ойгонуп , анан төшөктөн колун чыгарып аны өчүрдү. -Каап шайтан алгырдыкы десе деп Кейтлин Харптер төшөгүндө отурду. Анын кечээ кечинде түйүп койгон узун күрөң чачтары ийинине жазыла түштү. Телефон дале шыңырап, ал оор үшкүрүп алып телефонду көтөрдү. Ал өзүн бактылуу сезген күндөрү, анын эрди өтө назик болуп , күлкүсү жылуулук тартуулап тураар эле. Бирок бүгүн анын жашыл көздөрү күнгө күйгөн жүзүнө жарашпай, маанайы суз эле. Мына эми ал ойгонду. Түш көрүп жатып , баарын унуткан кандай сонун! - Салам, Кейт. Ал өзүнө тааныш үндү угар замат күлүмсүрөй түштү. Фелиция экендигин илгиртпей тааныды. Ал каякта экендигин башка эч бир жан билчү эмес. -Бүгүн сени ким мынчалык эртек ойготту? -Жөн эле, маанилүү эч нерсе эмес. Кейт чын жүрөктөн жылмайды. _ Таңкы саат алты?А сен эч маанилүү нерсе жок дейсиң: Ал өзүнүн курбусун эң жакшы биле турган. Феликция Норманн көзүн саат сегиздерде араң ача турган. Ал эми катчы кыз саат ондорго чейин анын тынчын алууга жол берчү эмес. Таң атпай ойгонуу ал үчүн көнүмүш эмес болчу. Демек Кейт үчүн ал ушул кадамга барды. -Сен эмне мага зээрикениңден чалып жатасыңбы Литция? - Ошондой окшойт. Менде эч кандай жаңылык жок. Жаке , Байкап көрсөңүз! |
| | 10.03.2010 09:37
 Мурат
|
Жанызак байке саламатсызбы? Мага Наргозуев менен Ниязалиеванын Служебный романы жазылган макаланы окуюн дедим эле. Кантип тапсам болот? Жардам бере аласызбы?
Жанызактын жообу: Мен анысын окуган жокмун, билбейт экенмин. Бирок сайттын биринчи бетине жогорудагы эки фамилияны жазып, издөө салыш керек... |
| | |
Ыр жандуу кыргыздын уул кыздары окуп коюнуздар деп Таштанай Ибираимова Буудайчиевна еженерден
Ыйык бешигим
Кыдырып далай элди жерди Кайра эле өзүңө келем байыр алып Касиеттүү кыргыз элим жерим Кымбатсын өзгөчө маган калдайып.
Кубат алат өзүндөн уул кыздарың Көлүбүз да тоолорубуз берекелүү Кубанычта дайыма көркүңдөн Келечекте урпактарга кызмат кылуу.
Касиеттүү, берекелүү кыргыз жерим Кубанам дайыма кубат алып Кыргыз жерим, ыйык бешигим Келебиз өнүп, өсүп жыргап жашап.
Кыргыз жерим бейиш төрүндөй Кереметтүү тоолоруң аскаларың Көлдөрүбүз коңшуларды суктандыра Келишет эс алууга алыстардан.
Кыргыз жерим арча бешигим Кайталасам жарашат миң ирет күндө Кичинемден сыймыктанам дайым Келгениме бул дүйнөдө өзүндө.
Чогулталы элимди
Балдарды, эне-атаны, үй-бүлөсүн Багайын деп жүрүшөт жарандар Башка өлкөлөргө азап көрүп, жалданып Баш калкалап иштеп акча табар.
Ата-журтту унутпайлы эч качан Акчасы, иши көп өлкөдө жүрөсүңөр Ананкысын ойлонолу келечегин Азгырылып акчага калып калбасаңар.
Балдардын келечегин унутпаңар Башка жерде, элде иштеп жүрүп Бирок кыргыз тилин унутпа туугандар Бийик тут эртеңин урпактын, улуттун.
Ата-энени, ата-журтту таштабаңар Асыл жерди келип гүлдөткүлө Айланып кайра келер үйүн да бар Азыркыдай кут түшкөн жеримде.
Ат айланып казыгын табар Акылдуу бала ата-энени багат Ата бабалардан калган сөз бар Ардактуу элимди чогулталы! |
| | |
Айымдар ж-а мырзаларды орифлейм кыргыз компаниясына жумушка чакырабыз.2-3 саат убактынызды жумшап 5минден 10минге чейин,толук алектенуу менен 25минден жогору акча тапсаныз болот.ага кошумча ар кандай белектерди да ала аласыздар.толук маалымат учун телефондор  903-577-55-74  926-943-36-48;E-mail;telibaeva2009@rambler.ru |
| | 08.03.2010 21:44
 тейитбек
|
Жанызак байке! Сиздин сайттыныз аркылуу унубузду кыргызстанга жеткирсек.Биз Ноокат районунун Кулатов айылыданбыз ,биздин койгойубуз эле.Паспортту учеттон чыгарыш,альтернитевалык кызматты тейлеген Орозбек Маматов ,альтернетивалык кызматка барам десен Орозбайга 5000 сом,анын бутуп военный биоет алганга 2000 сом,паспортту учеттон чыгарганга 1500 сом бербесен сени менен суйлошпойт.Ушундай жегичтерден качан арылабыз,Ноокаттын РОВДсынын начальниги менен военкомго кантип жеткирсек болот.
Жанызактын жообу: Жогорудагы айткандарыңызды документтер менен же күбөлөр менен далилдеп, “Назар”, “Ачык саясат”, “Алиби”, “Форум” гезиттерине кайрылыңыз.
Жогорудагы гезиттердин емейлдери, редакциялык даректери жана телефондору ар бири өзүнүн биринчи бетинде кашкайта жазылып турат. |
| | 08.03.2010 01:32
 Мурат
|
Жанызак мырза! ”Учур” гезити боюнча оюунуз кандай? Откон сандарында ”Служебный роман” маанайында Дамира Ниязалиева менен Бегалы Наргозуевдин мамилесин жазышыптыр. Мындай маалыматтарга сиз каршысызбы же?.. Деги эле саясаттагы белгилуу адамдардын суйуу, секс мамилелери боюнча материалдарын чыгарышса, сиз каршы болбойсузбу? Батышта мындай корунуштор мыйзам ченемдуу эле каралат го. Кыргыздар да жаза берсе, бир чети сабак иретинде кутурган чондор тынчыйт беле? Сизден жооп кутом.
Жанызактын жообу: Дегеле маалымат дегенди толугу менен эле жазып турган дурус. Башка маселе - ошол маалымат окурманга кызыктуубу? Менимче, Бегалы Наргозуевге байланыштуу материалдар кызыктуу эле болушу мүмкүн. Мынакей, Текебаевдин “төшөгү” тууралуу материал кыргыз интернетти көтөрүп чапты, башкейипкер “лям” деп ооз ачалган жок. Мындай профилактика сөзсүз керек деп эсептейм жана бу жаатынан “Учурдун” аракетин туура деп ойлойм. Бирок, албетте, ашкере кетпөөгө тырышуу керек, антпесе “Де фактонун” таржымалын редакциянын кире беришине чокой кылып илип койуу деле пайдалуубу деп калдым...
Мен дагы бир эскертейин: мен менин сайтымдагы гезиттер кандай материал жазса да каршы болууга эч кандай укугум жок. Гезит материалдары меники эмес, демек, бул жерде чыгып жаткан материалдарга да мен жооп бербейм, ар бир гезит өзү жооп берет.
“Кутурган чоңдор” тынчыйбы же алиги редакцияны кодулап киреби, ким билет. Менимче, ашкере чоңдон кийинки чоң болумушту ошол ашкере чоңго таянып туруп жаза берсе болчудай. Биерде да мен кеңешчи боло албайм.
Бирок бу Меймансапта андай чоңдорду жана чоң болумуштарды талкуулабай эле койолу. Жакында мен ар бир гезиттин бетине жарык көргөн материалдардын этегине атайын пикир чарчысын коймок болдум. Ошол жерден анан кой десе болбой эзгилей берсеңер болот... |
| | |
Сураныч Сагынбек Мамбетов жонундо маалымыт жана ырлар жыйнагын берсениздер чон рахмат.
Жанызактын жообу: Замир, Сагынбек Момбеков жөнүндө мен биздин сайтка издөө салсам, бир да бир гезитке анын кеңири маеги жарыялган эмес экен, капырай. Кыргыздын ушул анча-мынча болсо да белгилүү болуп калган жигитинин жеке таржымалына кызыкпаган гезиттерге бир эсе таң калып отурам жана “Обонго”, “Асманга”, “Учурга” ушул адам тууралуу кенен-кесири материал чыкса дурус эле болчудай деп ойлойм.
Дегеле, кайсы бир гезит “Белгилүү адам бейнеси” деген рубрика ачып, ошол жерге заманыбыздын тынчы жок адамдары жөнүндө да жазып турса жаман болбос эле.
Сагынбек Момбековдун ырлар жыйнагынан да жакынкы күндөрү бир нече чыгармасын алып, окурман журтка сунуш кылсакпы деп турабыз.
Мен азыр эле ал киши менен телефон аркылуу байланыштым. Болжолу бүгүн келип интервью берип калса, мен аны сөзсүз биздин сайтка чыгарам.
Ырахмат ушундай суроо бергениңизге. Келип туруңуз. |
| | |
Salamatsizbi Januzak bayke.*Adamzatti jatatti jandan artik.Akil,bilim onordu berdi kalpip*degen ir saptar kimge taandik bilip bere alasizbi?
Жанызактын жообу: Бул Меймансапта диний саптарга жооп берилбейт деп канча жолу айттык? Жанагы саптарга жоопту ошол суроону берген гезиттен сураш керек. Мен ал саптарды билген күндө да биерден айтмак эмесмин.
Экинчиден: кыргыздар түркий мектептерде окуганда “Ы” тамгасын жазганды биротоло унутуп, бираз кыргыз эмес болуп калат, тилекке каршы... |
| | 07.03.2010 14:02
 айсалкын
|
салам |
| | |
салам Жанызак аке! кыргызстанда паспорт берилгенде SAIRT деген органдан берет экен, SAIRT кандайча чечмеленгенин билбей жатам. мумкун болсо жооп берип коеспу? Рахмат!
Жанызактын жообу: SAIRT -State Agency of information resources and technologies Муну Гууглдан тапса болот эле да... |
| | 06.03.2010 23:56
 Мигрант
|
Жанызак байке төмөндөгү суроолорума жооп бергендигиниз учун рахмат, дагы бир суроону унутуптурмун. Сиздин сайтынызга кайсы өлкөдөн окурмандар эн көп кирет?
Жанызактын жообу: Аны биерден тактап отурбайын, жанагы майл_ру деген эсепчиге барып, -география- деген шилтемени бассак кайсы мамлекеттен көп кире турганы байкалат. Албетте, биринчи Кыргызстан. Анан Орусия. Анан Америка. Калганы кийиндеп кете берет... |
| | 06.03.2010 02:24
 кыргыз
|
Айта берсе арман коп!Бирок бул жерде жургон кыргыздар айла жоктон гражданство алып жатпайбы арман кун.Кыргыздарга, Кыргызстанда жумуш жок ошол учун орустарга кул болуп журобуз- намыс кайда. Данчикти жакында ит куугандай кылышты. Ошол абдан туура болду,бул киши соройдо касиет жок.Кантип премьер болуп журот. |
| | |
Эмгек жана миграция министирлигине кайрылып кетээр элем: Москвада иштеп жаткан эмгек мигранттарыбыз учун атайын эки же уч дарыгерлерди жонотуп, аларга иштегенге шарт тузуп берсе аябай жакшы болмок (мамлекеттин эсебинен)антпесе мекендештерибиздин куну туну иштеп тапкан акчасынын жарымы эле дарысы менен дарыгерлерге кетип бутмой болду, айрыкча эже карындаштарыбыздын ахыбалына мышык ыйлайт, бир эле анализ тапшырыш учун 2000 рубль беришет, мекендештерибиздин 50 пайызы ден соолугунан ажырап кетип жатканы жалганбы? Эй атка минер чиновниктер! биздин мигранттар ”паланча” миллион жонотуп жатат деп биздин чонтокту эсептебей, ойлонгула.. Москвалыктар которулбосун... |
| | |
Кыргыз элинин каада-салттарына кандай карайсыз? Эненин бешик ырларынын жаш ымыркайлар үчүн канчалык тарбиялык мааниси бар.Бешикке баланы бөлөө зыян эмеспи?
Жанызактын жообу: -Бешик ырлар- деп башбаракка жазып көрсөк жооп чыгат. Ошону карап көрvш керек... |
| | |
Урматтуу окурман, мына бу жерде бир кыз мен сунуш кылган котормонун бир бетин жазып жибериптир, пикириңерди күтөбүз. Котормого сунушталган китептин түпнускасы мына бул даректе: http://www.presskg.com/ebook/to_translate/sezon.htm
Урматтуу окурман, бу котормо болгону бир эле бет. Эринбей салыштырып окуп көрүп, котормо кыргыз окурмандарына жарайбы же жокпу, ошого талдоо жүргүзүп көргүлөчү: ___________________________________
Ашыктыктын мезгили
Телережиссер Ник Уотерман сулуу, жазуучу айым Кейт Харперге ашык болуп, анын жүрөгүн багынтканга аракет кылам деп ойлойт. Кейт Никтин сезимине жан дили менен жооп кайтарып, бирок, жөнөкөй гана себептен улам анын аялы боло албады, башкача айтканда, ал күйөөгө чыгып, турмушунун катаал болгонуна карабастан ажырашууга мүмкүн болбогонун айтты…..
І бөлүм.
Туура эрте мененки саат 6 да сааттын коңгуроосу чырылдады. Ал козголуп, жууркандан колун чыгарып аны өчүрдү. Балким, саат чырылдаганын укпапмын десем кантет? Кайра уктасамбы? Ал эч жакка барбашы керек эле… Ошол маалда телефон шыңгырап баштады. - Тфу, сен, шайтан, - Кейт Харпер туруп отурду. Анын өрүлгөн, кызыл түстөгү, узун чачтары ийинине жабыла берди. Телефондун үнү басылган жок, ал оозун ачып эсинеп алып, трубканы көтөрдү. Кубанган чакта анын ууртунда жагымдуу жылаюу пайда боло турган, бирок, анын кара тору жүзүндөгү көздөрү эмнегедир суз тартты. Мына, уйкусу да ачылды. Терең уйкуда баарын унутта калтырып, ойсуз жатуу кандай жакшы! - Салам, Кейт. Ал тааныш үндү угуп жылмайды. Фелиция болуш керек деп ойлогон эле, анткени анын кайда экенин башка эч ким билчү эмес. - Сени ушунчалык эрте ойготкон эмне? - Эч кандай өзгөчө деле иш болгон жок. Кейт жылмайып күлүп алды. - Саат 6 да? Ушул сага өзгөчө нерсе эмеспи? Ал өзүнүн досун абдан жакшы билчү. Фелиция Норман эрте менен саат 8 ге жакын көзүн уйкудан араң аччу, ал эми офисиндеги катчы кыз анын саат 10 го чейин тынчын алчу эмес. Анын бүгүн минтип эрте ойгонушу демейдегиден сырт көрүнүш эле. Демек, Кейт үчүн ал ушундай бурулуш жасады. - Сага эмне, мага жөн гана телефон чалгандан башка ишиң жокпу, Лиция? - Кызык. Менде жаңылык деле жок, - Фелициянын өзүн зордоп уйкудан турганы анын үнүнөн эле билинип турду. Кейт анын тыкан маникюрланган манжалары менен көгүштөнгөн көздөрүн ушалаганын, жарашыктуу кыркылган саргыч чачтары жаздыгына кандай жайылып жатканын даана көз алдына элестетти. Курагы 20 жашка улуу болсо да Кейт сыяктуу эле анын сырт келбети да манекен аялдардыкындай сымбаттуу эле. - Эч кандай жаңылык жок, акылсызым. Мен сени сүйөм. Жана иштерим баары жайында, чын айтам. Мен жөн гана, балким бүгүн сеникинде кезигебиз десем сөзүмө каршы чыкпайт го деп ойлогом. «Сеникинде». Аты аталбаган орундун аталышы. |
| | 05.03.2010 02:32
 Мигрант
|
Жанызак байке сиздин сайтыныздагы кайсы кыргыз гезитти эл көп окуйт? Кыргызстанда кандайдыр бир окуя болгондо гезитти интернеттен окуучулар көбөйөбү? Сайтынызга көбүнчө ар бир гезиттен 2 макалага шилтеме бересиз. Ошол шилтемени гезиттин редакциясынан сунуштайбы же сиз озүнүз коесузбу?
Жанызактын жообу: Сонун суроо. Катары менен түшүндүрүп берейин: Биринчи беттин эң ылдый жагында үч эсепчи орнотулган - 1. кыргыз эсепчи; 2. майл_ру эсепчи; 3. liveinternet_ru эсепчи.
Мисалы, ар бирин бассаңыз, ар кандай эсепти көрсөтөт. Кыргыз эсеп менен орус эсептин айырмасы кечээ, мисалы, кыргыздардыкы 1250 болсо, liveinternet_ru http://www.liveinternet.ru/stat/presskg.com/index.html?date=2010-03-04 717 кардарды көрсөттү. Демек, кыргыздыкы менен орус эсепчинин ортосунда калган 533 кардар кыргыз жарандарынын сыртка чыгуу укугу жок, алардын биздин сайтка кирген-кирбегенин орустар көрө албайт. “Трафиги жок” деп койот экен мындайды.
Кыргыз эсепчи ким кайдан келгенин сайт ээсинен башкага көрсөтпөйт экен.
Ал эми орус эсепчилер көрсөтөт экен.
Мисалы, биринчи беттин төмөн жагындагы алиги бийик сары эсепчини бассаңыз, http://www.liveinternet.ru/?presskg.com деген бетке барасыз. Ал жерде сары тилкеде: presskg.com . Статистика: обшедоступна деген жазуу турат, “обшедоступна” деген шилтемени бассаңыз, http://www.liveinternet.ru/stat/presskg.com/ бетке барасыз. Ошол жерде ушул күнкү маалымат берилген. Бирок сиз ким кайсы жерге канча жолу киргенин толук билейин десеңиз, анда мурунку күндүн маалыматын көрсөткөн шилтемени басканыңыз дурус. Мисалы, биз азыр кечээги, 4-марттын маалымат бетине кирели: http://www.liveinternet.ru/stat/presskg.com/index.html?date=2010-03-04
Ушул беттин эми солтилкесин караңыз: ким каерден канча жолу киргени, ким экени, жашы, кайсы бетке канча жолу киришкени, кандай компьютерден киришкени, эмнени көрүшкөнү.... айтор, бул эсептегич шумдук экен, эй.
Эми эскерте кетерим, ушул эсепчиден 700 киши киргенде ушунча болсо, анда кыргыздардын эсепке кирбей калган 500 кишисин кошкондо ошол бетке жалпысынан канча киши кириши мүмкүн экенин эсептеп чыгуу кыйын деле болбосо керек.
Баарын бир жолудан басып чыгып, эсептерди өзүңүз байкаштырып көрүңүз.
Ал эми кыргыз эсепчи мына буларды гана көрсөтөт экен: статистика посеүений
* посетители * хосты * показы
гео таргетинг
* кыргызстан * страны
данные о пользователях
* операционные системы * разрешение монитора * глубина цвета
Ал эми майл_ру эсепчини басканда жалпы эле Орусия сайттарынын ичинен биздин сайттын турган орду көрүнөт. Ушул азыр, мисалы, майл_ру эсепчи боюнча биздин сайт http://top.mail.ru/Rating/MassMedia-Newspapers/Today/Hosts/5.html#132 дарегинде турат. Ошол бетке баргандан кийин эң жогору жагында “статистика” деген шилтеме бар. Аны басканда http://top.mail.ru/stat деген бет чыгат. Бул жерде сиз URL ресурса: деген чарчыга биздин сайттын дарегин жазып, “продолжить” деген топчуну бассаңыз: http://top.mail.ru/rating?id=1619444&period=0&date=2010-03-05 деген барак чыгат. Бу барактын оң тилкесинде сиз кандай маалыматты көргүңүз келсе, ошону басыңыз. Мисалы, биз кайсы бетке канча жолу кирип жаткандарды көрөлү дейли. Анда биз “страницы” деген шилтемени басканда: http://top.mail.ru/pages?id=1619444&period=0&date=2010-03-05 дарегине келебиз да, биздин сайтка киргендер көбүнчө кайсы гезиттерди барактап жатканы кашкайта чыга келет. Бирок тагыраак көргүңүз келсе, мурунку күндүн эсебин басыңыз, албетте.
Арийне, бу сандар Орусияныкы экенин эске алып, Кыргызстандын бул эсепке кирбей калган 500 кардарын өзүңөр кошуп алып эсептей бергиле...
Кыргызстанда кандайдыр бир окуя болгондо гезитти интернеттен окуучулардын саны сөзсүз көбөйөт, албетте. Дегеле Кыргызстандын өзүндө биздин сайттын бар экенин билишпегендер толтура.
Мисалы, “Агым” гезити Текебаевдин “ойноштугун” жаза баштаганда биздин интернет_кардарлардын саны кескин көбөйдү - болжолу эки эсеге көбөйдү го, капырай. Ошондон бери ошол сан кармалып келатат, себеби ошол даректе кыргыз гезиттери бар экенин билип калышты да...
Эми дагы бир эргул дагы бир жерге барып “ойноп” койсо, аны, мисалы, “Форум” же “Назар” жазып чыкса (“Агым” азыр андайларды жазбай калды го дейм) бу сайттын кардар саны дагы да жогорулайт эле...
Ырас, сайтыбызда жаңы чыккан гезиттерден сайттын биринчи бетине ошол гезиттеги мерчемдүү делген экиден макалага шилтеме беребиз. Ал шилтемелер ошол гезиттин биринчи беттериндеги анонстордон алынат. Бирок кокус мен жөнүндө макалалар болуп калса, кыргыздын “кол ийрисине тартат” деген лакабына таянып, андай макаланы менин балам менин суранычым менен сөзсүз биринчи бетке койуп койот. Менимче, бу кечиримдүү го дейм.
Келип туруңуз, көрүп туруңуз, так ушундай суроолордон берип туруңуз... |
| | |
Жанызак байке сизден өтө чындыкты жактаган, патриот , Кыргыз елим деп иштеген депутат чыкмак . Азырда кеч емес өзүнүздүн партиянызды ачсаныз сиздин 100 миндеген окурмандарыныз сизди колдомокпуз. Кыргыз елине сиздей Ажоо керек. Жакшы адамды баш кылсаң ел жашоон жакшы кылат , жаман адамды баш кылсан ел жашоон кар кылат
Жанызактын жообу: Урматтуу Бектур Кадыров, ар бир бака өзүнүн сазын билгени жакшы. Анын сыңары, менден эч кандай депутат чыкмак эмес, себеби мен эл менен мамиле түзүү жагынан өтө эле начар кишимин (кечээ жакында бир жерден “адам” деген сөз арабдыкы дегенди окуп алып, мындан ары бу сөздү азыраак колдонууну чечтим. Баса, “адам” деген сөз негизи жүүттөрдүкү, алиги булак туура эмес айтыптыр...). Менин өзүмдүн партиям бар Жеке макоо жээн таз деген. Мен ошол партиянын төрагасымын...
Менин кишилер менен байланышуудагы начардыгымдын бир нече далили: 1. “Каттама” гезити чыкканда ал гезит чексиз дүңгүрөгөн. Бирок ошол дүңгүрөктү алып кеталбадым, себеби мен өзүмдөн башка бир да кишиге ишенбейт экем. Баардын нерселерге жеке өзүм гана киришмейинче иш бүтпөй калчудай эле сезиле берет экен. Натыйжада жакшылыктуу кеңешчилер жок, жеке өзүмдө болсо ийкемдүүлүктүн жогунан улам диний былжырактар менен чексиз алыша берип, соттошо берип, акыры ал гезит жабылып тынды.
Бирок так ошол сыяктуу эле темаларды жазып жаткан башка гезиттер жайнап чыкты азыр. Темалары жумшак, ийкемдүү, эч кимге катуу айтышпайт, саясатын туура жүргүзүп жатышкандыктан, алардын тиражы азыр айрымдарыныкы 100000ден ашып түштү.
2. Мен интернетте эң алгачкылардан болуп кыргыз тилиндеги сайт жасоого кириштим эле. Кыргыз китептеринин сайтын да жасагам, азыр Теңирге шүгүр иштеп жатат. Бирок мынакей “литература_кг” деген сайт ачылып, алар, мисалы, “Манас” эпосун сайтка чыгаруу үчүн мамлекеттенби же башкаларданбы, айтор 200000 сом алышмай болуптур. Андай ишти мен, мисалы, 10 эсе арзанга жасап бермекмин.
3. Мына, жакында эле бир балдар Юдахиндин сөздүгүн чыгарышыптыр гранттын эсебинен.
Мен ал сөздүктү мындан 10 жыл мурда чыгарып илип койдум эле, бирок бир да бир суволуш мага бир тыйын берген эмес.
4. Мен көп жылдар бою грантка долбоор жазып келем. Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын Энциклопедиясын интернетке чыгарайын дедим эле. Ар бири 1000 бетти камтыган 6 томдон турат. Ошондо 6000 беттик материал. Бирок бир да бир суволуш менин долбоорумду колдогусу жок...
Менимче, жогоруда саналып өткөндөрдүн баардыгы Жанызактын кишиликсиздигинин, алсыздыгынын кашкайган белгилери.
Буга бир сонун мисал бар: Бир Максим деген ойчул неме революция жылдарында атагы таш жарган “Максим” деген пулемет ойлоп чыгарат. Бирок анын иштешин жакшылап жактай албай, аны туурагандар четтен чыгып, анын тапканы таламайга түшүп калат, тигиге бир тыйын бербей.
Башка бир Зингер деген ойчул “Зингер” деген тигүүчү машине жасайт да, анын өзгөчөлүгү катары “ийненин жип киргизүүчү тешиги анын учунда” деген аныктама менен каттайт экен машинесин. Кептин кызыгы, бир да бир тигүүчү машине ушул күнгө чейин башка бир ыкмада кийим тиге албай келет. Демек, андай машинени ойлоп тапкандардан түшкөн акча сөзсүз алиги Зингердин эсебине түшөт экен, эй.
Муну менен эмнени айтмакчымын?
“Акча таппай, анын көзүн табыш керек” дейт экен элибиз.
Мына бу жерде мени мактап-көктөп жаткан Бектур Кадыров деген маскөөлүк жигит бүгүн түнү мени саат 4-20да ойготту. Мындай ишти фашисттер гана кылышы мүмкүн. Алар таңкы саат 4тө согуш ачышат эмеспи. Натыйжада мен кечээ түнкү саат 12-00дө жаттым эле, таңкы саат 4тө турууга мажбур болдум, иттики...
Мен, мисалы, минтип эл жактагыч болбой эле койдум... |
| | 04.03.2010 20:34
 Нарынбек
|
Жаныбек байке! Тенир тоо дегниниз кайсы жерде?
Жанызактын жообу: “Теңир-Тоо” дегенибиз – баягы жылдары кытайчалап “Тянь-Шань” делинип жүргөн тоолордун тээ Түпкыргыз койуп кеткен аталышы. Дегеле “Теңир-Тоо” дегенибиз – Көкө Теңир кыргызга түнөк кылып берген шул дүйнөнүн бейиши... |
| | |
Салам.кандайс ага сиз урматтайбый.Кыргыздарга коп кызмат кылдыныз.........! |
| | 1 2 3 . . . 52 |
|