Коомдук-саясый гезит
№02, 01.02.08-ж.




◄◄◄
  Экөө

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, комузчу Нурак АБДЫРАХМАНОВ жубайы Аманбүбү ТӨРӨГЕЛДИЕВА менен
Төрт уул, үч кыздын ата-энеси
Кыргыз сөз өнөрү ырдан, күүдөн, улуу дастандардан уланган деп айтылат. Ошол өнөр шыбагасын кенже муунга жеткирип келген, беш жашында эле "Бала комузчу" атанган Нурак аба алтымыштын ашуусун багындырып турган кези. Кыргыз элинин салттык музыкасынын бир ууч өкүлүнүн бири, 170 күүнү жаралыш таржымалы менен айтып черте билген, 17 күүнүн жаратуучусу Нурак Абдыракманов абанын алп руханий ааламы бүгүнкү сөз кылуубуздун алкагына сыйбачудай. Он төрт баланын атасы болгон улуу таланттын турмуш жолу да, ар бир өнөр ашуусу да көптөгөн узак кептин башаты боло тургандай.
- Нурак агай, чоң комузчу болуп калганына атасы түрткү болгон дешет…
- Биздин элде илгертен эле жакшы чыгат деген баласын дайыма жанына ээрчитип жүрүү, залкар адамдардын арасына кошуп чоңойтуу салты болгон. Атам да ошондой жол менен чоңоюптур. Мени дагы ошол багыттагы тарбияга салды. Негизи атам комузчу, сөзмөр, мергенчи, санжыраны мыкты билген адам болгон.
Балдар топурап ойноп жүрсө, мен атамдын колтугуна кирип алып, аксакалдардын санжырасын тыңшап, ырдаган ырларын, черткен күүлөрүн угуп, кайра аларга чертип берип чоңойдум. Атамдын бардык өнөрүн болбосо да, бир өнөр шыбагасын - комузда ойногонду алып калганыма шүгүрчүлүк кылам. Бул багытта да атамдын салымы чоң. Комузду колго алар менен мени алдына отургузуп, колумду кармап кошо черттирип 3-4 жашымдан эле бул аспапка жакындаткан. Кээде жанына олтургузуп, комуздун башын тиштетип (тиштер аркылуу комуздун үнү эки эсе эффекттүү угулат экен) коюп чертчү.
Атамдын аракети менен 6 жашымдан баштап комуз черте баштагам. 5-класста Акталаа жергесинде "Бала комузчу" деген атка конуп, атым чыга баштаган. Залкар комузчулардын комузду кандай черткендерин көрүп калгандыктан, бала кезден күүнү маанисине, шаанисине келтире чертүүнү өздөштүргөндүктөн ар бир күүнүн оригиналына жакын чертем деп ойлойм.
- Комузда кол ойноткондон сырткары сүрөтчүлүк өнөрүңүз да бар турбайбы?
- Акталаа районундагы Тоголок Молдо айылында жарык дүйнөгө келип, жети жашка чейин тоолордун, карагайдын арасында, шар суунун жээгинде, ачык тийген күндүн астында чоңойдум. Табияттан берилген шыкка ушул нерселердин таасири кошумча болду окшойт. Бала кезимден мектептин сүрөтчүсү болчумун. Учурунда келечекте сүрөтчү болом деген кыялдар да болгон. Андан тышкары скульптура да жасай ала турганымды билдим. Агам келбеттүү, сулуу киши эле. Элеси эсте сакталып калсын деп бийиктигин 70 см кылып айкелин жасадым. Аны Шүкүрбек Бейшеналиев көрүптүр. "Мындай скульптураны жөнү кара скульпторлор да жасай албайт. Байкеңди тирилтип коюпсуң" деп айтканы бар.
- Жазмакерлик жагыңыз да бар экен. Болгондо да тарыхый китеп жазыпсыз...
- Бул жагына дүйнө жүзүн кыдырганымдын пайдасы тийди. Гунндар жөнүндө тарых керек дей беришип, ошондон улам ошол китеп жазылды. 20 жылдан ашуун убакытта жазган "Улуу баян" аттуу тарыхый китебим 60 жылдыгымда жарык көрдү. Кандай жазылганын эл баалар. Ошентсе да тарыхчы теңтуштарымдын биринен: "Он докторлук диссертацияны бир жазыпсың" деген жылуу пикир уктум…
- Кыргызстан боюнча көп күүнү таржымалы менен билгендерден биринчи сиздин ысымыңызды аташат...
- Жалпысынан бизде 1500гө чукул күү бар дешет. Анын 1/3 бөлүгүн черте элекпиз да. Менин билгеним анын бери жагы эле да. Буйруса, жок дегенде 500 күүнү нотага түшүрүп, эл уга тургандай кылып, Алтын фондго өткөрүп койсом деген планым бар.
- Комуздан башка кайсы музыкалык аспапта ойнойсуз? Өзүңүз канча күү жараттыңыз?
- Көп эле музыкалык аспаптарда ойнойм. "Жибек жолу" аттуу күүнү ооз комузга ылайыктап чыгаргам. 60 жылдык мааракемде кызым Алтынгыз экөөбүз темир комузда ойнодук. Кыл кыякка чыгарган күүлөрүм дагы бар. Жакшы кыл кыяк чапканда гана бул аспапта ойнолгон күүлөрдү жаздырып фондго өткөрүп коем деген оюм бар. Комузда 17 күү жаратып, дискке жаздырдым.
- Канча деген эмгек жаратып, чет өлкөгө кыргыздын музыкасын таанытып жүрөсүз. Эмгегиңиз мамлекет тарабынан бааландыбы?
- Эл артистигин аракет кылгандар алат экен. "Сурап ичкен суу ичкен" дегендей, сурап алгандан көрө, өздөрү эле бир кезде берер деп жүрөм. Бирок Кыргыз эл артисти болбосом дагы дүйнөлүк эл артисти болуп калганым качан...
Менин талантымдын баасы дүйнөлүк фестивалдарда, конкурстарда чыгып жүрөт. Эларалык конкурстун жеңүүчүсүмүн. 34 мамлекет катышкан өлкөнүн ичинен ЮНЕСКОнун байгесин утуп алгам.
- Учурда шакирттериңиз барбы?
- Агахан фонду ачып берген "Устат-шакирт" деген мектеп бар. Кыргыздын багына ошол мектептин ачылып калганы да жакшы болду. Нукура кыргызча ыкмада, башкача айтканда, илгеркидей, нотасыз үйрөтүү деген багытта иш алып барабыз. Ондон ашык шакиртим бар. Эң кичүүсү жети жашта. Кичинекей балдарым комузду Консерваториядагы балдардан кыйын чертишет.
Нурак агайдын жубайы Аманбүбү Төрөгелдиева менен да азыноолак маектештик.
- Эже, Нурак агай менен кандайча тааныштыңыз эле?
- Бала кезимден эле ырдайм. Адабиятка да көп кызыгаар элем. Журналист же кыргыз тили мугалими болсом дечүмүн. Бу киши менен жолумдун кошулуп калары мурдатан тууралаганбы, билбейм, музыкалык факультетти ийгиликтүү аяктагандан кийин агайыңар менен чогуу иштеп калдым. Иштегенге чейин бул кишинин колунан комуз боюнча сабак алып, шакирти болуп жүрдүм. Устатым десем болот. Агайыңар онго жакын күүнү үйрөткөн, ошону улабай койдум. Комуз кармабай калганыма көп болду.
Кесибим музыка мугалими болгондуктан башында Акталаадагы балдар музыкалык мектебинде, өзүбүз жашаган Байтик айылында балдар бакчасында музыка жагынан тарбиячы болуп иштедим. 7-8 жылдан бери балдар менен үйдөмүн.
- Чыгармачылыктан алыстап кетпесеңиз керек?
- Отуруп ыр жазып калам. Мурда көп ырларым гезит бетине жарык көргөн. Чыгармачылыктагы эки чылбыр, бир тизгинди болсо агайыңардын колуна тапшыргам. Бу кишинин таланты Алла тааладан келген нур талант. Дүйнө жүзүн кыдырып, кыргыздын нукура музыкасын элге тартуулап жүргөн адамдын жанында жардамчы адам болуш керек экен. Мен сөзүн жазып, бу киши ага обон чыгарып дегендей, чыгармачылыктын үстүндө үйдө чогуу иштейбиз. Өмүрлүк жарыма арналган "Бир адам бар" аттуу ырды бир жыл мурун жазып койгон элем. Бу киши бир күнү ырларымды карап олтуруп байкап "Бул ырды качан жаздың эле? Жакшы ыр экен, буга обон чыгарайын" деп үч-төрт сааттын ичинде эле обон чыгарып койду. Агайыңар 60 жылдык мааракелик концертинде комуз чертип берип, мен ырдап чыкканда эл жакшы кабыл алышкан.
- Агайдын чыгармачылыгына кандай баа бересиз?
- Агайыңар атактуу комузчу, күүчү жана ырчы, көп жылдар бою кыргыздын нукура музыкалык өнөрчүлүгүн дүйнөлүк фестивалдарда, Англия, Америка, Япония, Франция баштаган дүйнө элдерине даңазалап келе жатат. Элдик жана өздүк чыгармалары 1996-жылы Франциянын "OCORA" мамлекеттик радиосу тарабынан жана 2001-жылы Прага шаарындагы музыка ишкерлери тарабынан CD дискаларга жазылып, дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттерине таркаган. Элге кеңири белгилүү күүлөрү "Ата мурасы", "Улуу тоолор", "Соңкөл", "Сары өзөк", "Найман эне", "Шаттык", "Азаттык Камбаркан". Бу кишинин күүлөрүн, обондуу ырларын уккан эл чыгармачылыгына менден мурун эле баа берип койгон.
Айтылуу Карамолдо, Ыбрай аталарыбыз таштап кеткен күүлөрдү улап келатат. 1986-жылы Филармонияга келген. 1987-жылы "Камбаркан" этнографиялык ансамбли уюшулуп, ошондон бери ошол ансамблде эмгектенип келатат. 30га чукул ыр, 17 күү жаратты. 170 күү чертет. 60 жашта ушунча күүнү мээге сактап алып жүрүш деген кандай кыйын.
Эмгек сиңирген артист наамын элүүгө чыга электе эле алган. Кыргызстанда биринчи жолу кыргыз элинин салттык музыкасын сактап жана алып жүргөндүгү үчүн Өзбекстан мамлекетинин Самарканд шаарында өткөн эларалык конкурста ЮНЕСКОнун сыйлыгын жеңип алып, сертификатка (бул сертификат менен кайсы мамлекетте болбосун концерт койсо болот) ээ болгон. Эл артисти деген наам эларалык сыйлык алганда берилиши керек эле. Агайыңарга "Мамлекетибиз кагазга жарыбай жатпайбы. Мамлекет качан кагазга жарыганда бир барак алып калаарсыз" деп айтып, күлүп калам. Эми буйруган күнү алып калаар...
- Байкашыма караганда жубайыңызды "агай, сиз" дейт окшойсуз?
- Табиятымдан эле адамдарга түз эле "сен" деп кайрыла албайм. Агайыңар устатым болчу деп жогоруда айтып өтпөдүмбү. Жубайым болгону менен "агай, сиз" деп айткан боюнча калдым.
- Жашыруун болбосо ортоңуздардагы жаш айырмачылыгы канча?
- Он жыл.
- Канча уул-кызыңыздар бар?
- Жалпысынан сегиз эркек, алты кыз. Мурунку никесинен төрт эркек, үч кыз. Экөөбүздүн ортобузда да төрт уул, үч кыз бар.
- Кечиресиз, агайдын мурунку үйбүлөсү менен мамилеңиз кандай?
- Балдардын жакшылыгы, кубанычы баарыбызга бирдей. Агайыңар балдарын абдан жакшы көргөндүктөн баарын эле өзүнүн колунда тарбиялады. Өзүбүздүн колубуздан билим алып чоңоюшту. Чогуу аралашып жүрдүк. Бу кишинин жүрөгү балдарым деп согуп турса, биз балдарды каякка бөлөбүз? Биз эчтеке дей албайбыз да. Балдар бар жерде катташ бар экенин мурунку жубайы дагы, мен дагы туура түшүндүм. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, жакшы мамиледебиз, ынтымактуу үйбүлөдөнбүз.
- Уул-кыздарыңар да өнөрлүү болсо керек?
- Атасына жетпесе дагы уул-кыздарыбыздын баары эле комуз чертет. Алтынгыз кызыбыз ыр жазат, ооз комузду жакшы чертет. Кичинесинде "ырчы, комузчу болом" дегенде атасы "Комуздун жүгүн көтөрүш ар бир адамдын колунан келе бербейт. Багытыңды башка жактан танда" деп тыюу салып койгон. Багытын башка жактан тандап, Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунун кинорежиссер бөлүмүн окуп бүттү. Атасы жөнүндө кино тартты. Кызыбыз Ширин дастанды жакшы айтат. Филармониядагы Сапар Исмаилов ырчы агайыбыздын классынан билим алды. Азыр эл алдына ырдап чыга баштады. Нургыз кызыбыз Кыргыз-түрк "Манас" университетинин журналистика жагын ийгиликтүү аяктады. Уулубуз Арген КГУСТАда информатика боюнча билим алып атат. Уулубуз Мундуз С.Чуйков атындагы окуу жайда окуйт.
- Жарыңызга мүнөздөмө бере кетсеңиз...
- Шайыр, боорукер, көкүрөгүн кир албаган, кытмырлыгы, куулугу жок көл адам. Жакшы жар, жакшы ата. Балдарга аталык наасатын айтып, туура багыт берип турат. Адабияттабы, искусстводобу, тарыхтабы, кайсы тармакта болбосун, балдары менен кенен пикирлешип турганга убакыт табат. Биз атабыз менен сыймыктанабыз.

Маектешкен Назира СААЛИЕВА













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!