Иш-сапар

Араптар менен алакабыз жакшырат
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Эднан Карабаев 28-январдан түштүк-батыш Азияда расмий сапары менен жүрөт.
29-январь күнү министр Сауд Арапстанынын бир катар министрлери, жогорку кызмат адамдары менен жолугушту.
САнын тышкы иштер министри Низар Обейд Аль-Мадани менен жолугушуу учурунда Э.Карабаев КР президентинин Сауд Арапстанына расмий визитин уюштуруу жана анын чегинде инвестициялык конференция өткөрүү сунушун киргизди. Ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык, нормативдик-укуктук базаларды кеңейтүү маселелери да талкууланды.
САнын юстиция министри Абдалла бин Мухаммед Аль Шейх менен жолугушууда укуктук жардам жана укуктук мамилелер тармагында өкмөттөр аралык келишимдерди түзүү керектиги, инвестицияларды коргоо жана кеңейтүү маселелери талкууланды. Юстиция министри СА Кыргызстан менен ар кыл тармактарга кызматташууга даяр экенин билдирди.
КР министри СА министрлери менен катар Эр-Рияд шаарынын губернатору, ханзада Салман бин Абдел Азиз менен жолугуп, эки өлкөнүн башкалааларынын ортосунда соода-экономикалык, муниципиалдык жана маданий байланыштарды күчөтүүнүн зарылдыгы тууралуу пикир алышты.
30-январь күнү Э.Карабеков Азия өнүктүрүү банкынын президенти Ахмед Мухаммед али менен жолугушту. Жолугушууда Кыргызстандын гидроэнергетика, тоо-кен өнөр жайы жана туризм тармагындагы инвестициялык долбоорлору тууралуу талкуу болду.
Ислам өнүктүрүү банкы Ош областындагы жер титирөөдөн жабыркаган райондорду калыбына келтирүү үчүн 240 миң доллар бөлүп берген.
Ошол эле күнү министр Ислам конференциясы уюмунун (ИКУ) Башкатчысынын орун басары Иззат муфти менен жолукту. Анда Кыргызстандын ИКУга мүчөлүккө кабыл алынышы, 2010-жылды Арап өлкөлөрүнө саякат жылы деп атоо демилгеси тууралуу маселелер талкууланды. Министр мырза ИКУга уран калдыктарына байланышкан экологиялык долбоорлорго көмөктөшүүнү өтүндү.
Э.Карабаев Сауд Арапстанынан кийин Бириккен Арап Эмираттарына, андан кийин Индия иш сапарын улантмакчы.

Алтын КАЗИЕВ