Атанын кызы...

Жогорку Кеңештин депутаты Мария ИСАНОВА:
"Апам бизге саясаттан алыс болгула дейт"
Мария Исанова белгилүү коомдук ишмер, өлкөбүздүн биринчи премьер-министри Насирдин Исановдун тун кызы. Үч баланын энеси. Кесиби - врач-окулист, КММИни (Азыркы Мамлекеттик медициналык академиясын) бүтүргөн. Өз кесиби менен бир жарым жыл иштеген. Мамлекеттик маанилүү багыттарда иш алып барып, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эларалык бөлүмүндө үч жыл, андан соң ПРООНдо, кийин президенттин канцеляриясынын башчысы болуп иштеген. Былтыр парламентке депутат болуп келди.
Аз жашаса дагы таза иши менен элдин жүрөгүнөн орун алып калган Насирдин Исановичтин кызы менен болгон маекти сунуш кылабыз.
- Мария Насирдиновна, сиздин балалык чагыңыз кайсы жерде өткөн?
- Артка кылчайып карасам, балалык чагымдан алыстап кеткениме кырк жыл болуп калыптыр... Балалык кезди эстесем, ал бир кайрылып келгис бактылуу күндөр экен. 1968-жылы Ош шаарында төрөлүп, 8 жашка чейин Көкбел айылында болдум. 2-класста окуп жүргөндө ата-энем Бишкекке алып кетишип, орус мектепке кийрип коюшкан. Тели-теңтуштарым орусча сүйлөп кайрылышса, мен бир да сөз билбей, алардан чочуркайм. "Мени Көкбелге жеткиргиле. Айылга кетем. Кыргызча сүйлөгөн классташтарыма барам. Мен орусча билбейм" деп сумкамды бекем кучактап алып ыйлачумун. "Кызым, орус тили оңой эле. Сен акылдуу кызсың, бат эле үйрөнүп кетесиң" деп атам саамайымдан сылап мени сооротчу. Мен мектепке көнгүчөктү өзү алып барып, кайра алып кетип жүрдү. Атамдын ушундай жумшак мамилесинен мектепке бат көнүп, орус тилин да бат эле өздөштүрүп кеттим. Ошентип Бишкектеги № 27 мектепти ийгиликтүү аяктагам.
- Канча бир туугансыз?
- Үч. Эки иним бар эле. Султан деген иним каза болуп калган. Алмаз иним үйлүү-жайлуу. Бир уул, бир кызы бар. Апам Алмаздын колунда. "Атам экөөңүздөр бизге мээримиңерди чачып чоңойттуңар, жогорку билимдүү кылдыңар. Жакшылыгыбызды көрөрдө атам бул дүйнөдөн өтүп кетти. Ошол атам көрбөй калган жакшылыктарды эми сиз көрүңүз. Денсоолугуңузду эле карап, беш небереңиз менен курортко барып эс алыңыз. Оорубай биздин маңдайыбызда аман болуп, төрүбүздө олтуруп, ысык чайыбызды ичип жүрө бериңиз" деп көп айтабыз. Ага болбой эле аны-муну кыла кетет. Иш кылып алаксыйын дейт болуш керек. Анткени атамды эстесе эле, атам жөнүндө сөз болсо эле көзүнө жаш алат. Апамдын көз жашы дагы эле кургай элек...
- Насирдин Исановичтин көзү тирүү болгондо канча жашка чыкмак?
- Атам каза болгондо мен 23 жашта болчумун. Атам 48 жашында жарык дүйнө менен коштошту. Атамдын көзү өтүп кеткенине 16 жыл болуп калыптыр. Тирүү болгондо быйыл 65 жашка чыкмак. 65 жылдыгын мааракелик маанайда эмес, эскерүү кече катары өткөргөнү турабыз. Карасуулук Мелис Мырзакматов деген депутат бар. Экөөбүз атамдын атында фонд ачканга документтерди даярдап койдук. Атамдын киндик каны тамган Көкбелдин кире беришине эстелигин тургузалы деген да пландар бар.
Атам ыр жазчу. Дептерде жазылган боюнча турат. Убагында атамдын ырларын жарыкка чыгаралы деп сурагандар болгон. Апам "Балдарым чоңойсо өздөрү жарыкка чыгарат" деп, баракта калган ырларын алигүнчө сактап келет. Апамдын тилегин ишке ашыралы деп атамдын ырларын китеп кылып чыгарганга даярдап жатабыз.
- Саясатка аралашуу кадамыңызды апаңыз кандай кабыл алды?
- Атам жол кырсыгынан каза болгондо апам "Балдарым, эмне кылсаңар да, саясаттан алыс болгула. Атаңар саясатка аралашып, минтип бизди сыздатып бу дүйнөдөн жаш өтүп кеткени жетишет..." деп айткан. Атам элге жакын, патриот киши эле. Ишке ашпай калган максаттарын ишке ашыралы, ишинин учугун улайлы, элге кызмат кылалы деген ниетте аракеттенип келатабыз. 2005-жылы Ноокаттан депутаттыкка коюп, өтпөй калдым. Ошондо бир аз болсо дагы саясат жагынан тажрыйба алып калгам. Бардык жердин көңүл борборунда турган таза суу проблемасы бар эмеспи. Таза суу жана башка дагы маселелер боюнча элге жардам көрсөтсөм деген ойлорум бар.
- Жолдошуңуз дагы саясатчыбы?
- Жолдошум саясаттан алыс киши. Бизнесмен.
- Сиз Медеткан Шеримкуловдун келини эмессизби. Бул кишиге келин болушуңузду атаңыз кандай кабыл алды эле?
- Жолдошум экөөбүз бир короодо жашап, бир класста окуганбыз. Бир короодо жашагандыктан ата-энелерибиз жакшы катташкан достордон болчу. "Эки жакшы тоого чыкса кудалашып түшөт" дегендей, кудай кошкон кудалардан болуп калышты. Барган жерим мени кызындай эле кабыл алды. Мен илгертен келаткан каада-салтты сыйлайм. Ошондуктан жүгүнүү, жолук салынуу салттарын кармадым. Беш жыл кайната, кайненем менен чогуу жашадык. Ошол жыл аралыгында жүгүнүүнү калтырган жокмун. Кайним үйлөнгөндөн кийин биз өзүбүзчө бөлүнүп кеткенбиз. Эң кызыгы жолдошум экөөбүз бир жылда, бир күндө төрөлгөнбүз -1968-жыл 22-сентябрда.
Атам жолдошумду кичинекейинин эле билгендиктен "сюрприз" деле болгон жок. Экөөбүз баш кошоордун алдында кулдук уруп, атамдардын алдына кудалар келишип, кулагыма сөйкө салышып, колумду сурап кетишкен. Ал армиядан келгенден кийин баш кошконбуз.
Анда кайнатам парламенттин спикери, атам премьер-министр болчу. Тоюбуз эки жерде өткөн. Биринчиси мамлекеттик мекемеде, экинчиси жолдошумдун Сокулуктагы Жыламыш айылында болгон. Ошол жыл мен үчүн кубанычтуу да, кайгылуу да болду. Биздин үйлөнүү үлпөтүбүз 7-сентябрда өттү. 29-ноябрда атам каза болду. Тун небересин да көрбөй кетти...
- Ата-энеңиздерден кандай тарбия алдыңыздар?
- Мен атамдан 23 жашымда ажырап калдым. Ушул жыл аралыгында ата-энемдин бир да жолу урушуп-талашканын, атүгүл бири-бирине катуу айтышканын көргөн жокмун. Ынтымактуу үйбүлөлөрдөн болушчу. Экөөнүн бири-бирине кылган мамилелери башкача эле. Атам жумуштан келгенде апам жаркырап тосуп алып, алдына аш коюп, ысык чай берип, көпкө сүйлөшүшчү. Анан атам комузун колуна алып чертип, экөө көпкө чейин ырдап олтурушчу эле. Ушул элестер эсимде калыптыр...
- Кайсы сөзү эсиңизде калды?
- "Элге ак кызмат кылган адам эл кишиси болот. Эл ишеничинен чыкпаш керек" деп көп айтчу. Ушул сөзү көкүрөгүмдө калыптыр. Мен студент кезде атам министр болуп иштечү. Кызматтык "Волга" машинасын минип жүрчү. Ал машинасын үйбүлөсүнө колдонгон жок. Мен сабакка троллейбус менен барып келчүмүн. Ушундай жол менен бизди жөнөкөйлүккө тарбиялаган. Калыс, ак көңүл, жоопкерчиликтүү болчу. Чет мамлекетте болобу, кайсы жер болбосун, ал-жайыбызды сурап, телефон чалып тынчсызданып турчу. Кызматтан дагы үйбүлөнү жогору койгон киши эле.
Кайсы жерге барып эс албайлы, бизге өз колу менен тамак жасап бергенди аябай жакшы көрчү. Биз баарын аарчып, туурап даярдап берчүбүз. Дагы бир жакшы сапаты: канча чарчаса дагы уктаганды жаман көрчү. Таң эрте туруп чуркачу. Апам экөө эрте туруп чуркап келип, муздак суу менен чайканышчу. Апам ушул убакка чейин муздак сууга чайканат. Атам тоого чыкканды да жактырчу. Кичине эле бошоп калса, апам экөө тоого эс алганга кетишчү. Достору менен теннис ойночу.
- Кайсы жерге барып эс алчу элеңиздер?
- Байтик айылында атамдын дачасы (мурда 5 сотыхтан гана жер берилчү) бар. Ошол жерге өз колу менен салган үч бөлмөлүү үйү бар. Мончону да өзү курган. Дачанын кире беришинде олтургузган арчасы бар. Өрүк, алма да тиккен. Атам менен ошол дачабызга көп бардык. Азыр дагы апам менен кошо барып эс алганды жакшы көрөбүз. Өзүмдүн үйбүлөм менен жазында Аларчага (жаратылышка чыкканда ат мингенди жакшы көрөм), кышында Норуска, жайында Ысыккөлгө барып эс алабыз.
Жолдошум футболду жакшы көрөт. Аны менен өткөрүлгөн футбол боюнча мелдештерге барабыз. Айтор, үйбүлөбүз менен бирге болгонду жактырабыз.
- Апаңыз кайсы жердин кызы?
- Атам, апам экөө тең Көкбелден. Бир айылда, бир көчөдө жашап, бир мектепке барышкан. Апам Ош университетинин биофагын бүткөн. Бишкекке көчүп келгенче ошол жерде өз кесиби менен иштеген. Бул жакка көчүп келгенде "Эркин тоо" гезитинде иштеди. Акыркы жылдары Мамлекеттик мүлк фондунун кадрлар бөлүмүндө начальник болуп иштеп, ошол жерден пенсияга кетти. Азыр ардактуу эс алууда. 62 жашта.
- Сиз эмнеге шыктуусуз?
- Ата-энемдей болуп ырдоо, комуз чертүү өнөрү менде такыр жок. Комуз черткен жагынан атамды тарткан бир киши болсун деп бир жарым жаштагы кызымды комузга берсемби деген тилегим бар.
Аялзатына тиешелүү иштин баарын жасай билем. Бирок бир гана токуганды жаман көрөм.
Мен машина айдаганды жакшы көрөм. Машина айдап жүргөнүмө 14 жыл болду.
- Маегиңизге чоң ырахмат.
Маектешкен Назира СААЛИЕВА