Кош жылдыз

КРнын эмгек сиңирген артисти, композитор Каныкей ЭРАЛИЕВА:
"Кошуна орус кемпирге биздин музыкалар жакчу"
Айтылуу кош-жылдыз таланттар Каныкей Эралиева менен Атайбек Бөдөшов кыргыз улуттук музыка жаатында 40 жылдан ашуун үзүрлүү эмгектенип келе жатышат. Ошол убакыт ичинде көптөгөн чыгармаларды жаратып, ал чыгармалар угармандардын жүрөгүнөн түнөк таап, алигүнчө ырдалып келатат.
2007-жылы атайын балдарга арналган "Күн балдары" аттуу биргелешкен ноталуу ыр жыйнагы жарык көрдү. Чыгармачылыкты гана туу тутуп келатышкан жубайлар жазды утурлай "Кызгалдактуу көктөмдөр" аттуу концерт бергени турушат...
- Каныкей эже, "Менин ырларыма обон чыкпайт" деп айткан акын Сагын Акматбекованын ырларына обон жаратып, ырдап жүрөсүз. Ал кишиге обондоруңуз жактыбы?
- Биздин үйбүлө поэзияны сүйүп окуп, адабиятты баалаган адамдарданбыз. Көп эле акындардын ыр жыйнагын окуйм. Бир күнү Сагын эженин ырларын окуп олтурсам, илхамым келип, ага обон чыгарып, аны дароо нотага салдым. Авторуна кайрылып айтсам "менин ырларыма обон чыгышы кыйын" деп койду. Угуп көрсөңүз деп "Баардыгы жакшы болот", "Оюнчук паровозго" деген ырларын ырдап берсем "жакшы экен" деп муюду.
- Илхам деген ар кандай маалда келет да. Кокус түнүчүндө келип калса, унутпаш үчүн туруп жазасызбы?
- Ооба. Андай учурлар көп болгон. Балдар кичине кезинде көп жазганбыз. Азыр алар чоңоюп калышты. Иштешет, жумуштан чарчап келишет. Анан алар таттуу уйкуда жатса, биз пианинону ойноп, алардын тынчын алгыбыз келбейт. Кабаттуу үйдөн бардык жакка угулуп турат экен. Жер алып, үй салганбыз. Ошонун ремонту бүтсө эле көчүп кетели деп жатабыз.
- Музыка жазып жатканда кошуна-колоңдордон арыз-дат түшпөйбү?
- Жок. Кошуналарыбыз түшүнүктүү адамдар. Биздин астыбыздагы кабатта орус кемпир жашачу. Сырттан кезигип калганда "Музыкаңардын баарын угуп жатам. Пианинодо жакшы ойнойсуңар. Мага жагымдуу угулат" деп калчу.
- Балдарыңыздардан сиздердин жолду эч ким тарткан жокпу?
- Кичүү уулубуз Арлен Консерваториянын 4-курсунда окуйт. Музыка жазат. Скрипкада ойнойт. Бирок жалкоо. Эгер жакшылап кирсе андан жакшы чыгармалар жаралчудай...
- Сиздин беш маал намаз окуганыңыздан кабарыбыз бар. Ошондон уламбы, айтор, сизди адамдарга дем салат деп уктук. Ошол чынбы?
- Дем салбайм, дем салдырам. Негизи адам баласы дем салдырып турушу керек экен. Анткени ар кандай себептер болуп калат. Мисалы, жиндин дагы эркек, ургаачысы болот экен. Кыздарга эркек жин кирип алып, ал эч бир эркекти кыздын жанына жолотпой кууйт. Эркектерге ургаачы жин кирип алса, ал дагы кыздарды жолотпойт. Көпкө чейин турмуш курбай жүргөндөрү ошондон экен. Андай учурда дем салдырып, жинди кубалатыш керек. Ошондо гана алардын жолу ачылат.
- Бүбү-бакшыларга ишенесизби? Төлгө салдырасызбы?
- Ишенбейм. Төлгө да салдырбайм. Биз концерт коюп гастролдоп, эл арасында көп жүрөбүз. Концертке ар түрдүү энергетикасы бар адамдар келет эмеспи. Көзүгүп калып, өзүңдү алсыз сезесиң. Ошондо өзүмдүн эжекеме барып дем салдырам.
- Жанета Бобкова жолдошуңуздун тууганы деп угабыз.
- Жанета байкеңердин таякесинин жээн-небереси. Кичинекейинен эле ырга шыктуу кыз болчу. Ош тарапка гастролдоп барып калганда Жанетанын Шамалдысайдагы үйүнө токточубуз. Ошондо эле Жанета биздин музыкалык аспаптарга кызыгып, ырдасак кошо ырдап калчу.
3-класста окуп жүргөндө Атайдын "Бүлдүркөн" аттуу ыры менен биринчи жолу сахнага биз алып чыкканбыз. Аккордеондун коштоосунда тартынбай, сүрдөбөй жакшы ырдаган. Биздин көз алдыбызда чоңойгонгобу, айтор, өз кызымдай жакшы көрөм. Бат-бат келип турат. Узакка келбей калса сагынып кетем.
- Чоң рахмат. Ишиңиздерге ийгилик каалайбыз.

Маектешкен Назира СААЛИЕВА