Алтын ээсине буюрабы..?
Кубанычбек Исабеков, Жогорку Кеңештин вице-спикери:
"Алмаз Атамбаев түзгөн келишимде 60 миллион доллар боюнча шек бар"
- Кубанычбек мырза, сиз Кумтөр алтын кени боюнча депутат болгондон бери олуттуу маселелерди көтөрүп келе жатасыз. Эң башында эле канадалыктар менен келишим түзгөндө көп нерселер туура эмес болгон экен. Деги эле кыргыздар Кумтөр алтын кенинин пайдасын көрөр күнүбүз болобу?
- Кумтөр алтын кени эң башында эле криминалдуу, көз боемочулук, шылуундук жол менен түзүлгөн келишим болгон. Келишимге 1993-жылы кол коюлган. Ошондо Кыргызстандын үлүшүнө 67 пайыз, канадалык компанияга 33 пайыз туура келген. Легендарлуу парламент муну дагы аз дешип ал кездеги премьер-министр Т.Чынгышевди кызматынан кетиришкен. Кумтөр алтын кенинин запасы Союз убагында изилденгенде эле 716 тонна деп табылган. Эми канадалыктар Кыргызстандан ошол документтерди алып күрөөгө коюп, эл аралык банктардан кредитке акча алып иштете башташат. Ошол кезде Кыргызстан муну өзү жасаса деле болот болчу. Генералдык келишим боюнча 10 миң 70 гектар арендага жер берилген. Эми канадалык компания ошончо гектар жерден алтын казып алып, 12 жылда болгону 7 миң доллар гана пайда көрүптүр. Негизинен Кумтөр чыгашадагы компания. Алтын казып атып, анын пайдасын көрбөгөн дүйнө жүзүндө бир гана биздин Кыргызстан. Кумтөр кени алтынды 1996-жылдан баштап ала баштады. Он эки жылда 191 тонна, 200 кило алтын өндүрүлдү. Консецияга берилген жердин участкасы борбордук деп аталат. Анын тегерегинде да көп запастар бар. СССР убагында Кумтөр запасы боюнча төртүнчү орунда турса, консентратты боюнча алдыңкы ордунда турган. Канадалыктар муну текшергенден кийин дагы алтындын запасы 10 тоннага көбөйдү. Союз мезгилинен кийин биздин изилдөөлөргө караганда 960 тонна деп табылган. Ошондуктан Кумтөр Кыргызстандын экономикасына өтө зор пайда алып келе турган кен.
- Өндүрүлгөн алтынды биз тараптан көзөмөлдөөчү кишилер барбы, азыркы бизге тиешелүү 32 пайыз кайдан чыкты?
- Ал сырье катары Карабалтадагы тоо-кен комбинатына келип түшөт. Ал жерден афинаждалгандан кийин эсеби такталат. Бирок 100 пайыз көзөмөлдөн өтүп баары так мамлекетке түшөт дегенге мен ишенбейм. Анткени менде башка дагы фактылар бар. Генералдык келишим боюнча 2007-жылдын 10-майында бул фабрика толугу менен Кыргызстандын башкаруусуна өткөн. Анан ортодо 2002-жылы Канадалык "Камеко" жактан биздин кыргыз өкмөтүнө ишкананы реконструкциялап инвестиция кылбайлыбы деген сунуш түшөт. Муну биздин өкмөт анализдеп көрүп, макул болот да "Центерра" деген балакетти түзүшөт. "Центеррага" төрага болуп Кумтөр, "Боор", "Гарсуд" деген эки кени бар Монголия, анан "Рен" деген Америкадагы дагы бир кен кирет. Бирок "Рен" деген кендин бар экени тууралуу эч жерде далил жок. Менде Канада банкынын анализинин жыйынтыгы турат. Эгер "Центерра" түзүлгөндө да биз 69 пайызга ээ болушубуз керек болчу. Андан кийин 5 пайыз "Ренге", калганы "Боор" менен "Гарсудга" тиешелүү. Бирок өкмөт "Центерраны" түзгөндө Кыргызстанга болгону 33 пайызы гана туура келген. Тескерисинче тигилерге 67 пайызы кетип калган.
- Туура эмес болгон экен да. Эмнеликтен биздин өкмөт ушул кадамга барды?
- Муну ошол кездеги ЖКнын мыйзам чыгаруу палатасы туура эмес, мамлекетке каршы иш болду деп токтом чыгарат. Бирок өкмөт аны кабыл албайт. Андан кийин 2004-жылы мыйзам чыгаруу палатасы дагы бир токтом чыгарат. Себеби келишим Конституциянын 58- статьясына жана эл аралык келишимдер жөнүндөгү мыйзамдын 11-статьясына каршы келет. Ошондуктан жокко чыгаргыла дейт. Бирок ошо кездеги Н.Танаев адилет министри Н.Бейшеналиеванын колу менен Жогорку Кеңешсиз деле муну чечип койсо болот деген кортунду алат. Эми Н.Бейшеналиевага жогору жактан буйрук берилсе керек. Ошон үчүн жасады да. Бирок Жогорку Кеңештин бир комитетинин корутундусу да бар экен. Мен муну сөзсүз издеп табам. Көрүнүп тургандай мыйзам чыгаруу жыйыны кайра-кайра токтом чыгарып атып өкмөткө алы келбей калган.
- Эми бул иш азыр кандайча чечилгени жатат?
- Менин азыркы талабым - жанагы мен айткан мыйзамдардын негизинде Н.Танаев түзгөн келишимди жокко чыгаруу. Жана бир гезиттен окуп калдым. Барскоондуктардан, тамгалыктардан бир топ кишилер "Тезинен ратификация кылгыла, К. Исабеков каршылык көрсөтүп жатат" деп кайрылышыптыр. Туура түшүнүш керек. Мен өз кызыкчылыгымды ойлоп жаткан жокмун. Ишенесизби, азыр менин бир тууган иним жумушсуз олтурат. Эгер өз кызыкчылыгымды ойлосом эчак эле бир тууганымды Кумтөргө жумушка орноштуруп коймокмун. Менин азыркы аракетимди "Ак жол" фракциясы жана президент колдойт деп ойлойм.
- Экс-премьер-министр Алмаз Атамбаев түзгөн келишим боюнча эмнелерди айта аласыз?
- Биз 2007-жылдын апрель айында "Кумтөр оперейтинг компани" биргелешкен ишканасын улутташтыруу (национализация) боюнча мыйзамдын долбоорун даярдаганбыз.
А.Атамбаев "Камеко Корпорейшн" жана "Центерра Голд Инк" менен жумушчу жолугушууну уюштуруу боюнча эксперттик топту түзөт. Ал эми 2007-жылдын 30-августунда ал келишимге кол коет. Бирок ал комиссиянын мүчөлөрүнүн катышуусуз кол койгон. Мен ар дайым кыргыз тарап жок дегенде 51 пайыз үлүшкө ээ болуусу керек деп айтып келгем. Бирок эл аралык келишимден кийин 32 пайызга ээ болоорубуз дайын болуп олтурат. Бул жерде 60 миллион доллардын тегерегинде шектүү да сөздөр бар.
- Эми мындан аркы аракетиңиз кандай болмокчу?
- Мен азыр 2007-жылдын 30-августунда кыргыз өкмөтү менен "Центерра Голд Инк" компаниясынын ортосундагы жаңы шартта "Кумтөр долбоорун ратификациялоо" жөнүндөгү мыйзам долбоорун четке кагуу үчүн Жогорку Кеңештин токтомунун долбоорун даярдап, 2003-жылдагы өкмөттүн токтомун, "Кумтөр Голд Компани", "Центерра Инк" жана Кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы келишимди жокко чыгаруу үчүн экономикалык иштер боюнча райондор аралык сотко кайрылдым. Эгер бул иштер жасалбаса келишим боюнча Торонтодо (Канада) катталган "Центерра Голд Инк" компаниясы түздөн-түз бир канча бакма компаниялар менен "Кумтөр голд компанинин" 100 пайыз капиталына ээ болуп калмакчы. Бул нерсе кредиттин 80 пайызы төлөнгөн кезде болуп жатат. 2004-жылдын 1-апрелине карата кредиттин болгону 98 млн доллары гана калды. Ал эми алтындын баасы күн санап болуп көрбөгөндөй өсүп жатат. Эсептөөлөр боюнча мындан Кыргызстандын бюджети жүз миллиондогон доллардан кур жалак калат. Муну менен гана чектелбей, Кыргызстан Кумтөр алтын кенине көзөмөлдүгүн жоготот.
- Бирок сизди баары эле колдой бербейт. Келишим туура түзүлгөн дегендер да жок эмес...
- Мен өткөн жылда болгону эки жарым жыл эле депутат болдум. Бирок паспорт кризисинде, Кумтөр боюнча, миграция маселесинде кандай иштегенимди эл жакшы билет. Мурдагы ЖК депутаттардын үйлөрүн бошотууда, акчасын төлөтүүдө жасаган аракетиме коллегаларым да күбө. Азыр Кумтөрдө 1800 кыргыз жараны иштейт. Менин аракетимден эч ким коркпой эле койсун. Аларды эч ким сүрүп чыгара албайт, иштей беришет. Пенделик кылып жумушунан айрылып калабызбы деп жатышса керек. Биз баарынан мурда мамлекеттин кызыкчылыгын ойлошубуз керек. Ойлоп көрсөк, жөнөкөй эле эсеп менен санап, чыгымдарды алып салганда 7.5 миллиард доллар түшкөнү турат. Бул бир эле жылдагы киреше. 2 млрд карызды төлөй албай эсибиз ооп жатпайбы. Азыр бир унций 854 доллар. Ушул айдын акырына чейин 900 доллар болушу мүмкүн. Биздин эң уттурган жерибиз Генералдык келишимде металлды эмес двидендти бөлүшкөнүбүздө. Алдыда Кумтөр боюнча мен даярдаган Жогорку Кеңештин токтомунун долбоорунда кыргыз өкмөтүнө, Генералдык прокуратурага "Центерра Голд Инк" компаниясынын түзүлүшү мыйзамдуубу же жокпу, Кыргыз өкмөтү менен "Центерра Голд Инктин", "Кумтөр Голд Компанинин" инвестициялык келишими, лицензия тендердик сатып алуулардын мыйзамдуулугу жөнүндө иликтөө иштерин жүргүзүүгө тапшырмалар берилген.
Мындан тышкары КР өкмөтүнүн алдындагы финансылык полиция "Кумтөр Голд" менен "Центеррага" ири суммадагы салыкты төлөбөгөндүгү үчүн кылмыш ишин козгоду. Көрүнүп тургандай, бул иштерге көз жумуп, кол шилтеп койгонго болбойт. Элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын ойлошубуз керек. Бул үчүн мен акырына чейин турам.
Келдибек НАЗИРОВ