Кечиресиз, меникин да угуп коюңуз...

Кинорежиссер Эрнест Абдыжапаров:
"Жакшы режиссер же оператор болуш үчүн сөзсүз ВГИКти бүтүүнүн кереги жок"
- Эрнест мырза, З.Эралиевдин маегине карата кандай тактоолорду кийирмекчисиз?
- Замир байке менен таанышканыбызга 35 жыл болду. Тээ бала кезден кино дүйнөсү өзүнө азгырып, режиссер болсом деген тилек менен 27 жашымда кино тармагына келдим. Администратор, директор, директордун орунбасары, сценарист болуп иштеп жүрдүм. Замир байке өзүнүн "Шайтандын мөөрү" деген тасмасына жардамдашып иштеп бербейсиңби деген сунушун айтып, иштешип калдык. Чынында бул мен аралашып жүрүп көп нерсени үйрөнгөн алгачкы тасмалардан эле. Жеке мамилеге келсек, ал киши менен саламыбыз түз, өтө эле ынак, ысык достордон эмеспиз, кайым айтышкан деле учурубуз болгон жок. Баягы пикир келишпестиктер болуп жаткан мезгилде Замир байкеге мен адам катары сыйлашып жүрө берели, кырчылдашсак жумуш боюнча гана кырчылдашалы деп ачык айтып экөөбүз кол алышканбыз. Кийин Алматыда "Евразия" жумалыгында да чогуу болдук, сүйлөштүк, бири-бирибизди түшүнүштүк. Бул бир. Экинчиден, "Боз салкын" Ысыккөлдө өткөн Эларалык кинофестивалдын "Күмүш түндүгүнө" ал фестивалдын гендиректору З.Эралиев болгону үчүн гана татыган жок, жалпы журттун, көрөрмандардын сүйүүсүнө ээ болгон үчүн чоң сыйлыкка жетти. Ошондуктан Замир байке маегинде айткандай мен "уяла түшкөнүм" жок, уяла турган жөнүм да жок болчу. Үчүнчүдөн, жакшы режиссерлор же операторлор сөзсүз ВГИКти бүткөндөрдүн ичинен чыгышы керек дегенге мен түк кошулбайм. Кандай кесип же өнөр болбосун аны менен алпурушкан адамдын ички көрөңгөсүнө, билимине (билим деп сөзсүз ошо кесиптин дипломун айтып жатканым жок), даярдыгына жараша болот. Ал эми дээринде жок болсо ВГИКти беш жолу бүтсө да, андан эч нерсе чыкпайт.
Бүгүнкү кино тартабыз деген балдарды колдоп гана турушубуз керек. Булардын бир гана кемчилдиги, өзүлөрүнө ылайык билими жетишпейт. Өзүлөрү көрүп жаткан деңгээлде гана кино тартып жатышат. "Көрө-көрө көсөм болот" дейт эмеспи даанышман кыргыз макалы. Маселен, мен деле өмүр бою окуп, үйрөнүп келе жатам, ошол эле Замир байкеден, Актандан көп нерселерди үйрөнгөнүмдү эч качан танбайм.
Бахтияр ШАМАТОВ