Абалың кандай, жаңы конуш?

Жогорку Кеңештин депутаты Бейшенбек Абдырасаков:
"Жаңы конуштардын шарты бийик тоолуу райондордон да жаман"
- Бейшенбек мырза, Сиз "Акжол" партиясына Бишкек шаарынын жака-белиндеги жаңы конуштардагы үй куруучулардын атынан келгенсиз. Буюрса, минтип депутат болуп колуңуз узарып олтурат. Андыктан, каалайбызбы, же жокпу жаңы конуштардагы миңдеген үй куруучулардын үмүт-тилеги Сиз менен байланышканы талашсыз. Сиз өзүңүзгө жүктөлгөн чоң жоопкерчиликти сезип жатсаңыз керек?
- Албетте. Бүгүнкү күндө борбор калаанын жака белинде 47 жаңы конуш түптөлүп, анда 350-450 миңдин тегерегинде киши жашап жатат. Үй куруучулардын алгачкы толкуну 1989-жылы пайда болгон. Экинчи толкун 2000-жылы, ал эми үчүнчү толкун 2005-жылы болуп, элдик революциядан кийин 16 конуш түптөлдү. Мына арадан жыйырма жылга жакын убакыт өткөнүнө карабастан, көйгөйлүү маселелер өтө көп. Эң биринчи керек болгон суу, жол, электр жарыгы сыяктуу маселелер кайсы бир деңгээлде чечилип жаткан менен, балдар бакчасы, мектеп, оорукана өңдүү капиталдык курулуштар мезгилден артта калып жатканын айтып коюуга тийишпиз. Айталы, 47 жаңы конушка 60 бала бакча салыш керек болсо, 18 жылдын аралыгында болгону Акөргөөгө гана бир балабакча салынды. Ал да 140 орундуу эле. 18 жылда жалгыз бирөө. Эми элестете бериңиз, 60 балабакчаны салууга канча жыл кетет деп ойлойсуз. Балдар балабакчага барбай чоңойду. Неберелер балабакча деген эмне экенин билбей өсүп келатат. Эми чөбөрө-кыбыралар балабакча көрүп калар бекен? Мектеп маселеси деле ошондой абалда. 47 конушка 47 мектеп керек дегенде, 18 жылда болгону 20 мектеп салынды. Калган 27син качан салабыз? 47 жаңы конуштун элин жумуш менен камсыз кылуу, бу да чечилбей, кол жетпей келе жаткан нерселер. Акыл десе акылы, күч десе күчү бар 35-40тын ортосундагы мына ушу жаңы конуштуктар жумушсуз олтурганын элестетип көргүлө. Демек, жаңы конуштардын өзүндө жумушчу орундарын түзүү мезгилдин талабы. Орто жана кичи бизнести өнүктүрүп, жаштарды тартуу керек. Муну менен биз, биринчиден жумуш менен камсыз кылуу маселесин чечсек, ошол эле учурда жаңы конуштардын инфраструктурасынын өсүп -өнүгүшүнө да шарт түзүлмөк.
- Анүчүн бизнесдолбоорлор зарыл эмеспи?
- Мен жаңы конуштарда ишкерликти өнүктүрүүнүн программасын иштеп чыккам. Эгер ар бир конушка он-он бештин тегерегинде кичи ишкана курсак, мында 30 миңге жакын жумушчу орундары түзүлөр эле. 30 миң жумушчу орун 30 миң үй-бүлө дегендик эмеспи. Чындыгында анын кыйынчылыгы деле жок. Өтө көп деле каражатты талап кылбайт. Азыркы күндө андай чакан ишканалар ар бир конушта иштеп да жатат.
- Үй куруучулардын башындагы кыйынчылыктарды cиз жакшы билесиз да. Эң көкөй кескен нерсе эмне?
- Бул жумушсуздук жана жакырчылык. Жаңы конуштагылардын 60-70%ы жумушсуз болсо, 60-70%ы жакырчылыкта жашайт. Карагылачы, 47 жаңы конуштун эли кандай абалда жашап жатышат? Муну алардын куруп жаткан үйлөрүнөн эле байкасаңыздар болот. "Царское селону" карагыла да, алыс барбай эле анын жанындагы Арчабешикти карагыла. Эки башка дүйнөдө жүргөндөй болосуң.
Өз мезгилинде, ишкерликти өнүктүрүү программасынан тышкары, 2015-жылга чейин жаңы конуштарды өнүктүрүүнүн программасын иштеп чыккам. Анда ар бир жаңы конуштун жана ар бир жаңы конуштагы жол, жарык, суу маселеси качан чечилип, мектеп, балабакча качан салыныш керектигине чейин көрсөтүлгөн. Бирок, өкүнүчтүүсү бул программа Жогорку Кеңеш да, Өкмөт да тарабынан бекитилген эмес. Үй куруучулар партиясынын курултайында гана бекитилген. Эми ошону буюрса, Жогорку Кеңеште бекитүү үчүн демилге көтөрөйүн деп жатам. Буюрса, ал ишке ашып калса, бул 2015-жылга чейин жаңы конуштарды өнүктүрүү мыйзамы болот.
- Туура айтасыз, 20 жыйырма жылдан бери чечилбей келаткан маселелер мыйзам жүзүндө кагазга түшпөсө, дагы 50-60 жылга нары созулуп кетерин турмуш өзү тастыктап жатпайбы.
- Ооба, экинчиден, жаңы конуштардагы ишкердикти өнүктүрүүнү да мыйзамдаштыруу абзел. Үчүнчүдөн, миграция. Кыргызстандын туш-тарабынан келген айылдаштарыбыздын баары жаңы конуштарда. Эч ким дээрлик шаардын борборуна барбайт, барса да аларды ким киргизмек эле. Андыктан, ички миграция жөнүндө мыйзам кабыл алышыбыз керек. Ички мигранттын статусун кабыл алыш керек, кандай учурда мигрант деп эсептелет? Мамлекет тараптан кандай жардам берилиш керек, каттоодон кандай өтүшү керек, баары мыйзам чегинде аныкталууга тийиш. Социалдаык кандай жардам көрсөтөбүз, эми бу жалпы мигранттарга тиешелүү маселе эмеспи.
Өкмөт да жаңы конуштарды борбор калаа менен жалгыз таштабай тийиштүү жардамдарды берүүгө тийиш. Республикалык деңгээлде алганда, көптөгөн эле жеңилдиктер бар, тилекке каршы жаңы конуштагылар анадан пайдалана албай келатышат. Болгону көмүр алышат. Аны да баары эмес. Шаарда каттосу барлар жана мыйзамды билгендер, а калгандары ал жеңилдиктердин бирин да көрбөйт. Эң негизгиси, алар жеңилдик алгандан намыстанышат. Үйүндө жарты сындырым кара нан менен олтуруп, кыргыз өзү кыргыштап намыстанганды жакшы көрөт эмеспи.
- Жаңы конуштагылар саясаттан да алыс деп келишет?..
- Туура айтасыз, шаарда каттоосу жок болгондуктан, парламенттик, президенттик шайлоолорго да катышпай келе жатышпайбы. Референдумга, шаардык кеңешке шайлоого да катышкан жок. Эгер шаардын тегерегинде 50 миң жер участогу бар дегенде, аял менен күйөөсүн гана эсептегенде, 100 миң киши бар болуп атпайбы, шайлоого катышууга укугу бар, бирок анын баары саясый өнөктөктөргө катышкан жок да. Мына акыркы эле, парламенттик шайлоодо ГАК шайлоо системасына 42 миң эле киши кирди. А 60 миң киши кирген жок. Эмнеге?.. Документи жок, каттоосу жок, айтор ар кандай себептер менен… Бул жагдайда укук коргоо органдарына кайрылып жатабыз, жакынкы жылдарда паспорт, каттоо маселелерин чечип бергенге. Жок дегенде, эки жылдан кийинки президенттик шайлоого чейин бул маселе чечилип калса жакшы болот эле.
- Мүмкүн жаңы конуштагылардын саясаттан алыс болгону эле жакшыдыр?..
- Саясаттан баарыбыз эле алыс болсок жарашмак. Арийне, коомдо жашап туруп, коомдон сырткары боло да албайт экенсиң. Үй куруучулардын кимиси эле саясатка аралашайын дептир. Бирок, ошол эле учурда каалайбызбы, же жокпу саясат керек экен. Айталы, финансы министрлиги жаңы конуштарды каржылайт, ошол жетиштүү деңгээлде болуш үчүн канча аракет керек, ушунун баары мыйзамдаштырылбаса, ал маселеге кайрылып келгенибиз келген. Жыл сайын эле финансы министрлигинин эшигин дубанадай болуп, жырта бербей, жыл сайын мынча каражат бөлүнсүн деп мыйзам кабыл алып койсок, көп баш оорудан арылып калмакпыз. Же билим берүү министрлигинин багыты боюнча айталы, тоолуу жерлерде окуп келген балдар-кыздар үчүн жеңилдиктер бар эмеспи. Жогорку окуу жайларына тоолуу райондор үчүн квота бөлүнүп берилет. Мен ойлойм, жаңы конуштар үчүн да ошондой эле квота берилиш керек. Борбор калаанын жака белинде жайгашканы менен жаңы конуштарда жашоо бийик тоолуу райондорго караганда да, алда канча оор. Эрте менен кечинде ылай кечип, мектепке барып, мектептен келүү жаш муундун психологиясына кандай таасир берерин, кандай кыйынчылыктарды жаратарын эч бир жогорку окуу жайы изилдеп көрбөсө керек.
Мына жакында эле, Жогорку Кеңештен жапон өлкөсүнөн келген грантты элетке, бийик тоолуу райондорго бөлүү маселеси каралды. Мен ошондо гранттан жаңы конуштарга да бөлүү маселесин көтөрдүм. Бишкектин эле жанында деген менен жаңы конуш эли бийик тоолуу райондордон да жаман шартта жашап жатышат.
- Анда эмне кылуу керек деп ойлойсуз?
- Маселен, тоолуу райондорго каралган жеңилдиктер бар. Ошондой эле мыйзамды жаңы конуштагылар үчүн да кабыл алыш керек. Бул мыйзам түбөлүк болбосо да, шаар менен жаңы конуштардагы жашоо деңгээли бирдей абалга келгенге чейин иштеши керек. Качан алар шаардык деңгээлге жетип, жаңы конуштарда бардык тийиштүү социалдык-маданий инфраструктуралар курулгандан кийин, андай өзгөчө статусту алып салса болот. Бүгүнкү күндө андай статус сөзсүз керек.
- Сөзүңүзгө аралжы, а жаңы конуштардын инфраструктурасын өнүктүрүүгө жыл сайын канча каражат каралат?
- Аз. Өтө эле аз. Айталы, былтыр 300 млн акча бөлүндү. Салыштырып караңыз, жылуулук үчүн 1,5 млрд. акча да, мектеп, балабакча, жол, суу, жарык үчүн 300 млн. Бул эми элдик революциянын шарапаты менен көбөйгөндөгүсү. Ага чейин жылына 100 млн берилчү.
Элестетиңиз, шаар менен жаңы конуштардын ортосундагы айырманы качан жоебуз да, мектеп, балабакчаларды качан салып бүтөбүз? Менимче, жакында чечилбейт го. Бул тууралуу баарына кайрылдым. Жооп жок. Финансы министрлиги муну жое алалбайбыз деп кат жазыптыр.
Мамлекеттик деңгээлдеги чечкиндүүлүк гана керек. Айталы, кабат үйдөгүлөрдүн жылуулугу үчүн жылына 1,5 млрд акча бөлүнсө, жаңы конуштарга 18 жыл аралыгында ошончо каражат ыйлап-сыктап атып бөлүндү да.
- Социалдык адилеттүлүк болуш үчүн эмне кылуу керек?
- Мамлекетин чөнтөгүнө батпай, кытыгылап аткан акчаны натыйжалуу пайдалануунун толгон-токой жолдору бар. Маселен, генофонд маселесин алалы. Дүйнөлүк окумуштуулардын эсеби боюнча, Кыргызстан акыркы 50 жылда жер бетинен жоголо турган элдердин катарына кирген. Муну баары билишет. Тилекке каршы, мамлекеттик деңгээлде бул маселеге кайрылган эч ким жок. Эгер Кыргызстандын калкы 5 млн десек, анын жарымысы гана кыргыздар. Анын бир миллионго жакыны чет өлкөдө жүрөт. Бул биз бир млн кыргыздан кол жуудук деген сөз. Мунун өзү улуттук генофонд үчүн коркунучтуу нерсе.
- Сиздин сунушуңуз?
- Биз үй куруучулар он балалуу энелерге ыража кылып, жыл сайын 10 миң сомдон берип келатабыз. Албетте, муну менен алардын турмушунда укмуш өзгөрүүлөр болуп калбайт. Кеп акчанын көлөмүндө эмес, кеп көңүлдө. Ошол эле Россияда экинчи балага 250 миң сомдон сүйүнчү берип жатса, биз болсо араң эле онунчу балага 10 миң сом, аны да мамлекет эмес… Дегинкисинде, бул маселени мамлекеттин деңгээлинде көтөрүп, балага сүйүнчү иретинде 100 миң сомдон бере баштай турган мезгил келип жетти. Аны кыргыз элинин генофондун сактап калуу үчүн Кыргызстан жасабаса, башка эч бир мамлекет биз үчүн жасап бербейт. Жанагы жалаң бардар жана бай адамдар үчүн берилип жаткан 1,5 млрд сомду улуттук генофонд коруна жумшасак, элибиздин, мамлекетибиздин келечегин сактап калган болор элек. Болбосо, дүйнө окумуштуулары тастыктагандай жакынкы элүү жылда жер бетинен жок болуп кетишибиз толук ыктымал. Айталы, Кыргызстанда жашаган башка калктарда жоголуп кетүү коркунучу жок. Орус калкынын Россия Федерациясына окшогон чоң державасы турат. Кошуна Казакстан, Өзбекстан экономикалык жактан өсүп-өнүгүп жаткан соң, казак, өзбек туугандардын жоголуп кетүү коркунучу жок. Алардын саны жыл санап өсүү үстүндө. Уйгур, дунган туугандардар бу жер жүзүндө асты 100 млндон ашып, арты 100гө жакындап калды. Коркунуч Кыргызстандын түпкү калкын түзгөн кыргыздарга гана тийиштүү. Кыргыздар Кыргызстанда сан жактан көбөйбөсө, башка каякта көбөйөт? Кыргыздын улуттук генофондун сактап калуу-улуттук жана мамлекеттик идеология болууга тийиш.
Маектешкендер Бактияр Шаматов,
Болотбек Таштаналиев