Депутат не дейт?
Алишер МАМАСАЛИЕВ, Жогорку Кеңештин депутаты ("Акжол" фракциясы):
"Оппозиция кум саатка окшош, коңторуп койсоң өзгөрбөйт"
- Алишер мырза, кээде айрым принципиалдуу маселелер боюнча, сиздин көз карашыңыз фракциянын көз карашына дал келбей калып жүрөт...
- Менин оюмча "Акжол" партиясынын шайлоочулары негизги максаттарын жаш депутаттарга коюшат, себеби, алар ачык айтып, ишке киришет. Мыйзам кабыл алууда биз аларды талкуулап, өзүбүздүн көз карашыбызды айтуу менен "Акжол" партиясынын келечек потенциалын жогорулатабыз. Менин биринчи максатым - шайлоочуларга берген убадамды аткаруу, мамлекеттик маселелерди чечүү. Мен ошол боюнча иштеймин. Булардын баары "Акжол" партиясынын программасына кирет.
- Саясатта достук жок, кызыкчылыктар гана бар эмеспи. Оппозицияда досторуңуз барбы?
- Чынында саясатта достор аз дешет. Мен өзүм да ошентип айтам. Бирок кесиптештердин арасында да көз караштарыбыз, идеяларыбыз дал келгендери бар. Алар менен ар кандай маселелерде акылдашып, колдогон учурда колдоп жүрөбүз. Ал аркылуу мамиле түзүлөт.
Менин НПОчу, оппозициячы досторум көп. Алар менен да айрым маселелер боюнча талкуулар, талаш-тартыштар болот. Бирок андай көрүнүштөр биздин карым-катышыбызга, адамгерчилигибизге, мамилелерибизге зыян келтирбейт. Саясат саясат бойдон, достук достук бойдон калышы керек.
- Бүгүнкү саясатка кандай баа бересиз? Оппозициядагы досторуңуз саясат кризистик абалда деп жатышат го...
- Бүгүнкү саясий кырдаалды түшүндүрүүгө болот. Ал эми оппозиция оозеки сындан башка эч нерсе кылбайт. Алардын иш-максаттары, долбоорлору, жаңы программалары көрүнбөйт. Муну мен кум саатка окшоштурам, коңторуп койгондо эч нерсе өзгөрбөгөндөй.
- Жаштардын саясатта, дегеле коомдук турмушта активдешүүсү үчүн шарттар барбы? Аларга кандай шарттарды түзүп берүү керек?
- Бүгүнкү күнү жаштарга саясий турмушта өз максаттарын ишке ашыруу үчүн көп мүмкүнчүлүктөр бар. Алар Кыргызстанга көп пайда алып келишет.
Мен азыр жаш муундар менен иштейм. Алардын көбү студенттер жана "Акжол" партиясынын мүчөлөрү. Биз аларга саясий көз караштарды, программаларды, долбоорлорду туура түзүүгө үйрөтөбүз жана ишке ашырууга көмөктөшөбүз.
Азыр жаштар катуу даярданып жатышат. Буюрса, келе жаткан шайлоолорго - Бишкек шаар кеңешине жана Жогорку Кеңешке шайлоого катышышат. Мен аларга колумдан келген бардык жардамды берем.
Маектешкен Бахтияр ШАМАТОВ