Коомдук-саясый гезит
№10, 25.04.08-ж.

Меймансап
Форум



◄◄◄
  Гайд-парк

"Романтикалуу" момпосуй
Дүйнөдөгү эң таттуу тамак, баарыбыз жакшы көргөн момпосуйлар эң алгач Египетте пайда болгон. Ошол учурда шекер анча тарай элек болгондуктан, анын ордуна бал колдонушкан. Ал эми чыгышта момпосуйларды миндалдан жасап келишкен болсо, Байыркы Римдиктер бал менен жаңгакты жана буудайды майдалап кайнатып, үстүнө кунжуттан себип коюшкан. Байыркы орустар болсо момпосуй жасоодо клендун ширесин жана балды колдонушкан.
Немис психологдорунун айтымында кулпунай менен жасалган момпосуйлар - "романтикалуу" момпосуйлар. Аларды көбүнчө романтиктер жактырышат экен. Ошондой эле иликтөөлөрдүн жардамы менен чечкиндүү адамдар алча менен жасалган момпосуйду, уялчаактар же тартынчаактар жаңгак менен, ал эми чыгармачыл адамдар кокос кошулмалары менен жасалган момпосуйларды жактыраары тастыкталган.
XIX кылымдын башында Россияда кондитер азыгын даярдаган фабрикалар жок болгондуктан, атайын чакырылган коноктор үчүн, атайын сакталган өзгөчө "рецепт" менен даярдашкан. Ушундан уламбы, айтор Россиянын кадыр-барктуу, бай айымдары конокко барганда акырын эч кимге көрсөтпөстөн чөнтөктөрүнө момпосуйдан катып алышчу экен.
Эң атактуу момпосуй 1663-жылы Германиядан француз элчиси үчүн даярдалган.
Ал эми эң чоң коробка конфетти "Мастер Фуд" компаниясы бүткүл дүйнөлүк тамак-аштардын "шоуна" карата жасашкан. Узундугу эки жарым метр, туурасы бир жарым метр келген коробкада 800 кг шоколад кошулмасы менен даярдалган конфеттер салынган.
Бийиктиги 1.68 метрге жеткен, салмагы 33 килограммды түзгөн "Хачи-Бой" деген аталыштагы момпосуй дүйнөдөгү эң чоң момпосуй аталып калган.
1995-жылы россиялык учкучтар "Мир" станциясынан аларга "Жерден" момпосуй жиберүүсүн айтышкан. Космоско Борбордук учуу башкармалыгынын чечими менен "чупа чупс" момпосуйу жиберилген. Ошентип учкучтарды "чупа чупстар" менен видео роликтерге тартып, бул рекламалык ролик "Чупа Чупс" компаниясына болуп көрбөгөндөй ийгиликтерди алып келген. Жер планетасында гана эмес космосто да популярдуу болгон момпосуйларды өндүргөн жалгыз компаниялардан болуп калган.
Финдер даярдаган момпосуйлар - дүйнө жүзүндөгү эң бир өзгөчө момпосуй болуп эсептелет. Анткени финдер момпосуйду кычкыл кылып жасашат. Мындан тышкары туздуу жана нефтинин даамындай кылып да даярдашат.


2.7 млн долларлык төө
Бириккен Арап Эмираттарынын ханзадасы бедуиндердин салтына арналган фестивалда 4.5 млн долларга 16 төө сатып алды. Алардын арасында жалгыз инген 2.7 млн долларга бааланды. Персия булуңунун өлкөлөрүндө мындай породадагы төөгө ээ болуу аябай кадыр-барктуу, престиждүү.
Арап өлкөлөрүнүн ортосунда төөлөрдүн сулуулар конкурстары болуп турат. Абу-Дабиде сулуу төөлөр конкурсу уюштурулуп, байге фонду бир канча млн долларга жеткен. Эң сулуу төөдөн тышкары кызыктыруучу сыйлыктар - мойну сулуу төө, өркөчү сулуу төө номинациялар.


Планетанын мыкты каскадерлорунун бири - кыргыз Сатар Дыйкамбаев
Азыр 60ка таяп калса да ат менен алпурушканын койбойт. Убагында Жеки Чандын, Рутгер Хауэрдин, Омар Шарифтин ж.б. белгилүү чеберлердин кинолоруна тартылып кең ааламдын коңулун калтырбай кыдырып чыккан. Каскадерлук өнөрдүн тирүү легендасы болгон Сатар байке дагы эле таңкы саат 5те туруп аттарына чуркап турат. Анын жумушу да, хоббиси да, эң кыйышпас достору да ушу аттары. Өмүр бою ат жалына казан асып жашап келатат десек да болот. Тартылган кинолору: "Доспехи бога", "Битва трех королей", "Мактуб-повелитель пустыни", "Чынгызхан", "Год Дракона", "Емельян Пугачев", "Ярослав Мудрый" ж.б. Албетте кыргыздын белгилүү каскадеру Ү.Кудайбергенов жана бир туугандары Нурлан, Султан, Өмүркулдар менен чогуу иштешкен. Кесиптештери Ү.Кудайбергеновду Башы жок чабандес деп аташчу экен.

Пайдалуу жемиш
Америка Кошмо Штатынын биологдору жана медиктери адамдар үчүн эң пайдалуу жемиш деп клюкваны табышты. Клюква адамдардын организминдеги шишиктердин пайда болушуна гана каршы турбастан, вирустуу инфекцияларды алып жүрүү коркунучун төмөндөтөт. Мындан тышкары клюквада негативдүү нерселерден коргоочу көптөгөн антиоокенданттар бар.

8 жашар келин ажырашты
Арап дүйнөсүндө кыздардын эрте турмушка чыгышы таң- калычтуу деле көрүнүш эмес.
Йемендин борбор калаасы Сана шаарында катардагы бир ажырашуу болуп өттү.
8 жашар Ноюдду 2.5 ай мурда атасы мажбурлоосу менен турмушка чыгарган. Бирок Ноюддун атасы Мухаммед Али кызын азыртан эле күйөөңдүкүнө барып жаша деп жиберип ийген. Буга макул болбой Ноюд сотко кайрылып, жаш жубайлар сот аркылуу ажырашышты. Мухаммед Али кызымды башка бирөө уурдап кетпесин деп коркуптур. Себеби, Ноюддан улуу кызын да уурдап кетишип, айласыздан ага турмушка чыккан. Дагы абийирим төгүлбөсүн деп байкуш ата кызын азыртан эле "түшкөн жерине" жиберем деп, "багын" сындырып отурат. Ноюд атасын көргүсү келбей, таяжесиникине кетип калды.
Күйөө 28 жаштагы Фаец Али Тамэр ажырашканына өкүнгөн деле жок. Болгону ал мен кызды өзүнүн жана анын ата-энесинин макулдугу менен алдым эле деп гана койду.
Ноюддун атасы эми экс-күйөө баласына 250 доллар моралдык чыгым төлөп берет.
Арап салты боюнча кыздар жаш кезинде турмушка чыкса, 18 жашка толмоюнча ата-энесинин үйүндө жашаганга уруксат. 18ге толгондо гана ал күйөөсү менен жубайлык жашоону баштайт.


Чачтын өңү эмнени айтат
Көрсө, адамдардын чачынын өңү кээ бир оорууларга жакын болуусуна таасир тийгизиши мүмкүн. Анткени чачтары ар кандай өңдөгү адамдар үчүн атайын генетикалык өзгөчөлүк мүнөздүү. Чачтын өңү менен нерв системасынын ортосунда түз байланыш болоорун окумуштуулар тактап чыгышкан. Ал кара чачтууларга караганда чачы ачык түстөгүлөрдө байкалат. Ал эми кара чачтуулар психологиялык, физикалык жактан да чыдамкай келишет экен. Алтургай айрым доктурга дарылоо эффектисине жетүүдө аларга азыраак өлчөмдөгү дары сарпталат деп эсептешет. Териси жана чачы ачык түстөгүлөр ооруга сезимтал келишет. Хирургдардын жана тиш доктурлардын байкоосуна караганда аларга 20%тен көп анестезиялык каражат керектелет.




  Тилде сөөк жок

Ким айтса да, жакшы айткан
Эрте тургандын эки эсе иши илгерилейт.
Уйкучунун учу узарбайт, упайы азаят.
Хан адил болбосо элге шор, акыры өзү болот кор.
Улуу элдин уурдалган байлыгы, ал элдин айлыгы.
Кээ бирөөнүн көзү күлүп, көңүлү улуп турат.
Жаман адамдын жанында жүргөнчө, жакшы адамдын изинде жүргөн артык.
Тили балдан таттуу болсо да, жүрөгү таштай катуу адам да жолугат.
Ашып кеткен атагың болбосо да, эл-журтуңа иштеген чатагың болбосун.
Эр көкүрөк жигит жоого жолугат, жогору сүзгөн балык аңдыганга жолугат.
Чыныгы адам болом десең, эң алды менен өмүр илимин үйрөн.
Уюткулуу ынтымакты ыдыратуу оңой, кайта бириктирүү кыйын.
Булбул сайрап турганда бөдөнөгө жол жок.
Карын тойдуруу кыйын болбосо да, көңүлдү тойдуруу кыйыныраак.
Бир уурттам суунун кадырын деңизде жүрсөң билээрсиң, аргымак аттын кадырын өгүзгө минсең билээрсиң.
Бала - көңүлдүн ажары, өмүрдүн базары.
Чыныгы достук сары алтындай таза болот.
Ашыккан адам эмне жебейт, ачууланган адам эмне дебейт.
Төө минген жөө жүргөнгө салам айтат.
Бийлик оңолсо - заман оңолот, заман оңолсо - эл оңолот.
Билегиң күйсө күйсүн, дегеле жүрөгүң күйбөсүн.

Анарбек Акматбеков













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan