![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №10, 25.04.08-ж. |
Меймансап Форум Экөө Жогорку Кеңештин депутаты Бейшебек Акунов байбичеси Кашымкан Молдогазиева менен. Баш кошкондоруна 53 жыл болду. Бир уул, үч кыздуу, тогуз неберелүү, эки чөбөрөлүү болушкан. - Бейшебек Акунович, өмүр көчү балалыктан башталат эмеспи. Оболу сөздү балалык кезиңизден баштасак... - Мен 76 жашка чыктым. Атам 4 жашымда каза болуптур, ошондуктан аны билбей калдым. Энемдин колунда төрт бала калганбыз. Билген кишиге жетимчилик кыйын нерсе. Биздин балалык катаал согуш убагына туш болду. Коларага жарагандын баары согушка кеткен. Чиедей балдар да эртеден-кечке талаада иштечүбүз. Ал убакта трактор, комбайн деген жок, ат, өгүз, соко, араба, бардык иш кол менен кылунчу. Мектептен жарытып деле билим алган жокпуз. Ал кезде жогорку билимдүү мугалимдер жок болчу. Төмөнкү класстарга 8-9-классты бүтүргөндөр сабак бере берчү. Анда да окууну аягына чыгара окучу эмеспиз. Талаа жумушу башталса жумушка айдашчу. 7-классты бүткөндөн кийин айылда энем менен иштеп калгам. Теңтуштарым ар кай жакка окуп кетишти. Эжем менен агам да шаарда окушчу. Алар китептерди алып келип берип, классташтар окуп жаткан программадан калтырышкан жок. 10-класста мамлекеттик экзамендерди ийгиликтүү тапшырып, колума документ алдым. Бирок, кийим-кеченин, турмуштун тартыштыгынан бир жыл окубай калдым. Ал убакта жаштардын билим алуу маселеси менен өкмөт, партия аябай күрөшүп жаткан кез эле. РайОНОдон "Эмне окубай жүрөсүң?" деп тынчсызданып инспектор келди. Шартымды айтсам, "Эмнеге балага жардам бербейсиңер?" деп колхоздун башкармасына алып барып, колхоздун жардамы менен окууга өткөм. Болгондо да Москвага окууга өттүм. Анан айылдан барган баланын орус тилинен кыйналганын сурабагыла. Не деген доцент, профессор аудиторияга келип, студенттерге лекция окуйт. 2-3 айга чейин оозумду ачып, түшүнбөй отуруп бердим. Анан айылга кетем деп камданып жатсам, Кадыркул Качыкеевич (ошол кезде Москвада элчи эле) себебимди билгени өзүнүн кызматчысын жибериптир. Орус тилинен кыйналганымды айтсам, деканга алып келип, бир орус балага "шефке аласың" деп кошуп беришкен. Бир жылдан кийин орус тилин үйрөнүп, өздөштүрүп кеттим. - Ошондо өз мекениңизге кайсы кесиптин ээси болуп кайттыңыз? Өз кесибиңизде иштедиңизби? - 1955-жылы В.М.Молотов атындагы автомобиль-жолдор институтун бүтүрүп, инженер-механик болуп Кыргызстанга келдим. 1959-жылга чейин автотранспорт тармагында иштеп, кийин мамлекеттик-партиялык кызматтарда иштедим. КРнын Мампланында (бул мекемени силер билбей калдыңар го. Мамлекеттик план деген бүткүл өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүн пландаштырып турган мекеме эле. Азыр жок болгондуктан ошонун азабын тартып олтурабыз. Ал кезде жылдык, 5,10 жылдык деп план түзүп, ошонун негизинде иштечүбүз), ошол мекемеде 4 жыл иштедим. Министрлер Советинин иш башкармалыгында бөлүм башчы, анан Башкармалыктын башчысы болдум. Андан соң партиялык жумушка өттүм. Бишкектеги Компартиянын Октябрь районунун 1-катчысы болуп көп жыл иштедим. 1992-жылы персоналдык пенсияга чыктым. Союз убагында 2 жолу депутат болдум. Жаңы турмуштун да эки жолку депутатымын. Азыр Компартиянын партиялык тизмеси менен өттүм. Мурда Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин бир нече жолку мүчөсү болгом. 50 жылдык партиялык стажым бар. - Коммунисттер партиясы бүгүнкү күндө да позициясында туруп жатабы? - Парламентте отурган 90 депутаттын сегизи эле Коммунисттер партиясынан. "Катачылыкты кетирип жатасыңар. Өлкөнү оң жолго сала албай келатасыңар" деп оюбузду ачык айтып, өзүбүздүн позициябызда туруп, күрөшүп жатабыз. Чынында эле уурдоо, талоо, коррупциянын күчөшү, бийликтин алсыздыгынын азабынан турмуш оңолбой жатат. - Сиз аксакал депутатсыз. Кесиптештериңиз кеңеш сурап келишеби? - Кээ бир жаш депутаттар келишип кеңеш сурап калышат. Болгон акылымды айтып колдон келишинче жардам берем. - 22-апрель - Лениндин туулган күнү. Бул күнү мурда бүткүл союздук ишембилик болчу эмес беле. Азыркыга чейин ишембиликке чыгасыздарбы? - Владимир Ильич Лениндин эстелигине жылына коммунисттер чогулуп, гүлдестелерди коюп, митинг өткөрөбүз. Улуу адамды эскеребиз. - Байлык кимдир бирөө үчүн акча, мансап, бийлик экен. Сиз үчүн?.. - Мен бул суроого чыгыштын улуу акыны, окумуштуу О.Хайямдын бир рубаисин жөнөтөт элем. "Тээ асыл кымкап жамынган көпөстөрдү карачы, Жалгыз байлык алардын баштарында санаасы. Жан талашып бийликке жулунбаган адамды, Киши ордуна көрбөсү, алардын ал адаты" деп бир рубаи ичинен эле байлык, бийлик деген эмне экенин түшүнсө болот. Менин байлыгым албетте балдарым, жолдошторум, туугандарым, ашыра айтсам элим, жерим, алган билимим десем болот. Мен илим-билимге жакын кишимин. Философия, физика, астрономия, тарыхый китептерге кызыгып, алигүнчө окуйм. Менин байлыгымдын дагы бирөө - китеп. Анткени ал китептерде толгон акыл, ойлор жатат. Кара байлыктан көрө акыл байлыгын топтогонду жакшы көрөм. Бирок, өзүм акылдуумун дештен алысмын. Союз убагында алган үч бөлмөлүү үйүмдө миңден ашуун чогулткан китебим бар. Бир бөлмөбүздү китепкана кылып койгонбуз. Ушул байлыгымды балдарыма калтырам. - Азыр жаштардын көпчүлүгү китеп окубай калышпадыбы. Сиз жыйнаган байлыгыңызга балдарыңыз кызыгышабы? - Кызыгышат. Неберелерим "Тигиндей, мындай китеп барбы?" деп сурап алып кетип окушат. - Китеп окуу жагынан байбичеңиз кандай? - Байбичем адабият жагына көп кызыгат. Өзүнүн кесиби - математик. Балдарды багуу да чоң кесип эмеспи. Балдарды тарбиялады, бакты. Негизи баланы 5 жашка чейин тарбиялоо эненин милдети. Гендердик саясат деп аялдарды эркектерге теңеп жатат. Жаратылышта аялдарга ыйгарылган функциясы бар эмеспи. Турмуштун булагы - аялзаты. Үйбүлөнүн очогу. Мамлекеттин уңгусу үйбүлөдөн курулат. Аялзатысыз адамзатында өсүү болбойт. Аялдардын түйшүгү эркектердикинен он эсе көп. Ошондуктан эркек аялга ызаат кылыш керек. Ызаат кылыш керек десе, анын этегин кармап калыш эмес. Анын көңүлүн оорутпай кеңешип, ой-пикири менен эсептешиш керек. Тууган-урук, жоро-жолдош менен карым-катнашты жөнгө салып, үзүлгөнүн улап, жетпегенин жамап турган аялдын колунда. Аял дипломат болот. Байбичем өз ролун жакшы билгендиктен туугандар менен жакшы мамиледебиз. 53 жылдан бери чогуу келатып, артка саресеп салсам, биздин үйдө уруш-талаш, кырчылдашуу деген болбоптур. - Жаш кезде таарынышуу болсо керек? - Албетте. "Идиш-аяк деле кагышат" дегендей, жаш кезде таарынышуу, жарашуу болгон. Таарынышкан эмеспиз десем, калп болуп калат. "Уруп согуу" болгон эмес. Илгери, атам заманда "матриархат" деген болгон. Эркекти аялдар башкарган. Өмүрлүк жарды аял тандап, турмушка чыкчу. Жолдошу жакпай калса, кууп жиберген. Кийин ал ролун жоготуп, "патриархат" пайда болгон. Азыркы убакта аял, эркектердин укуктары теңелип, гендердик теңдикте жашап жаткан кез. - Байбичеңиз иштеген жок беле? - Өз кесиби менен пенсияга чейин иштеген. Азыр ардактуу эс алууда. - Чоң кызматта иштегендиктен балдарга тарбия бере албасаңыз керек... - Чынында "мындай бол, тигиндей бол" деп айтып олтурганга убакыт болгон эмес. Албетте, ал жагынан кеткен катачылыкты моюнга алабыз. Бирок, "Уядан эмнени көрсө, ошону алат" дегендей, менин баскан-турганымды, эмгектенгенимди көрүп өздөрү эле тарбиялана беришти. Алардын үстүнө үй, алдына машина алып берген жокмун. Өз эмгектери менен оокат-тиричилигин табышты. "Уурдаба!" деген заманда өскөндүктөн балдарыма: "Албаган, уурдабаган, өзүнүн ыйманы менен иштеген кишилер тынч уктайт. Менин жүзүм эл алдында да, силердин алдыңарда да ак. Ошондуктан адамга тике карап, түз сүйлөй алам. "Силердин атаңар мындай, тигиндей" деп силерге эч ким айта албайт" деп айтсам, туура көрүп калышчу. Балдарымдын баары очор-бачарлуу. Неберелерим иштеп жүрөт. Баары Бишкекте турушат. Алар үйгө келгенде бизде чоң майрам. - Туулган күн, баш кошуу даталарын белгилөөгө көз карашыңыз кандай? - Ашыкча, күргүштөтө той, юбилейлерди өткөргөнгө көңүлүм чаба бербейт. Мындай даталарга маани деле бербейм. "Баш кошконуңарга 50 жыл болуптур. Бул алтын тойду белгилебесек болбойт. Анын үстүнө 75-жылдыгыңызга байланыштуу "Манас" ордендүү да болдуңуз. Чогуу белгилейли" деп балдар белгилеп беришкен. - Омар Хайямдын рубаилерин кыргызчага которупсуз. Сыягы ыр жазсаңыз керек? - Жок, ыр жазбайм, шыгым жок. Бирок, ар бир адам өмүрүндө жок дегенде бир куплет ыр жазат го деп ойлойм. Омар Хайямга арнаган эки куплет ырым бар. Омар Хайям, сенин ысмың, бүт ааламга угулган! Алтын чөйчөк күтөт сени, мөлтүр шарап куюлган. Бул дүйнөгө келип кеттиң, өчпөс изиң калтырып, Болоор бекен, дагы бир жолу сендей уул туулган?! Омар Хайям, акыл-оюң океанбы чалкыган? Аалам менен адам сырын бир башыңа камтыган? Бул дүйнөгө келип кеттиң, өчпөс изиң калтырып, Чыгаар бекен, сендей уул менин дагы калкыман? Чыгыштын орто кылымдагы улуу акыны, философу жана окумуштуу- математик, астроном Омар Хайямдын бүткүл дүйнөгө таанымал рубаилеринен бөлүп-бөлүп орусчадан кыргызчалап, кичинекей китепче кылып эки жолу чыгаргам. Анын баарын бириктирип, О.Хайямдын рубаилерин толугу менен чыгаралы деп балдарым болбой 75 жылдыгымда белек кылып бастырып беришти. - Өзүбүздүн акын, жазуучуларыбыздан кимдерди жактырасыз? - Ж.Бөкөнбаев, А.Токомбаев, Т.Сыдыкбеков, Ч.Айтматов, С.Эралиев, О.Султанов, Ш.Дүйшеевди, ал эми орустардан Л.Толстой, А.Пушкин, Достоевскийдин чыгармаларын жактырам. Ыр угуу жагынан ретроград, консерватормун. Эски ырларды укканды жакшы көргөн кишимин. Өзгөчө кыргыз классик комузчулары К.Орозовдун, Ы.Тумановдун күүлөрүн кулагымды төшөп угам. - Комуз чертесизби? - Жаш кезде комуз черткенди үйрөнөм деп далалат кылчу элем. Үйүмдө төрт комуз, бир домбрам бар. Ана үйрөнөм, мына үйрөнөм деп жүрүп арадан убакыт зымырап өтүп кетти. Убакыт тардык кылды. Чертчү киши жок үйдө илинип турат. Кээде колума алып кыңылдатып калам... - "Коммунисттик идеологияда чоңойгондордун көбү атеист болгон" дешет. Кудайга ишенимиңиз кандай? - Энем молдонун кызы болгондуктан Кудайга ишеними чоң болчу. Ачка болуп турсак дагы "Эч кимден эч нерсе уурдаба! Өлбөгөн жанга Кудай берет" деп койчу. Мен болсо атеист-коммунистмин. Динге, Кудайга эч ишенбейм. - Демек, сиз салт-санаага каршы экенсиз да...? - Ар бир адамдын Кудайга болгон ишеними ар башка. Мисалы, байбичем орозо, айттарда эл кылганды жасайт. Үйдү арчалап, бейшемби күнү куран окутуп дегендей. Мен ага тыюу салбайм, өз эркине коем. Менин көз карашымды эч ким бура албастыгын да жакшы билет. Бири-бирибизди түшүнө билебиз. Дүйнө таануу боюнча китептерди көп окуганымдын эсебинен дин, жалпы эле религия менден алыс. Көрсө, религия адамдын жаратылыш күчтөрүнүн алдында алсыздыгынан, илим-билимдин жетишсиздигинен келип чыккан экен. "Тиги дүйнөдө жашоо бар" дешет го. Чыныгы жашоо бул дүйнөдө. Арбак бар дегенге да ишенбейм. - Илимде деле "адам баласы Ева, Адамдан таралган" деп айтылат го... - Адамдын жаратылыштагы жаралышы боюнча илимде да ар кандай версиялар айтылып келет. Тирүүчүлүк болсо "суу, топурактан, жылуулуктан жаралган" деген версияга толугу менен ишенем. Бул илимдин тыянагы. Адам менен Ева болсо ал - жомок. Религияда: "Аялды Кудай Адам уктап жатканда бир кабыргасын сууруп алып жасаптыр" делинет. Андай болсо эркектин бир кабыргасы аялдыкынан кем болот эле да. Андай эмес, экөөнүкү тең 24төн кабыргасы бар да. - Маегиңизге чоң ырахмат. Маектешкен Назира СААЛИЕВА |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|