Коомдук-саясый гезит
№10, 25.04.08-ж.

Меймансап
Форум



◄◄◄
  Табышмактуу аалам

Мусулман болуу оңойбу?
Айрым түшүнүгү жетиксиз дин адамдары мусулман болуу үчүн "ла-ила-аха иллалаху, мухаммадур-расулл-аллах" деп айтуу гана жетиштүү деп айтып жүрүшөт, алардын ою - мусулман болуу опоңой эле турбайбы деген түшүнүктү жаратуу. Чынында мындай эмес. Бул сөздөрдө кандай маани катылган? Аларды куру кайталагандан каапыр мусулман болуп кетпейт, ыпылас адам тазарбайт, же айталык ооруп жаткан адам сакайып кетпейт. Башкача айтканда "ла-ила-аха иллалаху, мухаммаду-расулл-аллах" деген сыйкырчы көз боочунун дубасы эмес. Бул сөздөрдүн кубаты алардын түпкү маанисинде. Аларды жүрөгү менен туюп кабыл алган адамдар гана алардын натыйжасын көрө алат. Ошону менен бирге бул адамдар Кудай, пенделер алдында канчалык чоң жоопкерчиликти моюндарына артышканын да түшүнүшөт. Акыйкатта бул сөздөрдүн жоопкерчилиги өтө жогору. Адам аны чын дилден жүрөгүнө кабыл алган соң мындан кийинки турмушу бүт бойдон ушул сөздөрдүн көзөмөлү астында өтөрүн да унутпашы керек. Адамдын дилинде бир кыпындай да арсар, туура эмес ойлор калууга тийиш эмес, ошондой эле ал башка терс ойлордон да башын "таза" сактоого тийиш. Бул сөздөрдөн кийин, тагыраак айтканда алла-тааланы жана анын жердеги элчисин жүрөгүңүздө тааныгандан соң сиз мурункудай бош же шайкелең бойдон калалбайсыз, турмушуңуз бүтүндөй башка маани менен жык толот. Өзгөчө бир тартипке баш ие баштаганыңызды түшүнөсүз. Бул сөздөр же болбосо "ла илл-ааха иллалах, мукамадур-расул-аллах" уруксат бербеген нерселерди жасай албайсыз, ал түрткү болгон нерселерди гана жасаганга умтуласыз. Бул сөздөрдү айтуу менен сиз (кыргызчасы: Кудайдан башка кудай жок, Мухаммед анын жердеги элчиси) бул ааламдын жалгыз гана кожоюну Алла таала экендигин мойнуңузга алдыңыз. Жадагалса өзүңүздүн күндөлүк тамак-ырыскыңыз да Кудайдыкы деп билиңиз. Демек анын өзүнө гана сыйынуу керек. Демек сиз Аны жана Анын мыйзамдарын урматтоого тийишсиз. "Ла-иллаха-иллах" деген сөздүн мааниси ушунда. Эгерде сиз бул шертиңизден жансаңыз сиздин тилиңиз менен кошо калган бүт туруш-турпатыңыз кудайдын сотунун маңдайында жоопкер болот. Анын сотунан бул жалган дүйнөдөгү соттой пара берип же калп айтып буйтап кетүүгө эч бир мүмкүн эмес. Кудайдын күбөлөрү эч качан калп көрсөтмө беришпейт. Ар бир адам "ла-иллааха иллалах" деп айтуудан мурда муну терең ойлонуусу тийиш. "Мухаммедур-расул-аллах" деп кошуп айтуу менен сиз Алланын жердеги элчиси деп азирети Мухаммед пайгамбарды тааныдыңыз. Сизди мусулманга айландырган моюнга алуу дал ушу "мухаммадур-расул-аллах". Айрым кем акыл адамдар ойлошот, мусулманмын деп эле керээли кечке бир бурчта теспе тартып же сыйынып, дуба кыла берсек кудай берет дешип. Ислам дини мындайды кабыл албайт, аны митекорлук деп эсептейт. Мусулман - бул прогрессивдүү өнүккөн адамдын аты.
Мусулман - бул таза жана өз ишине толук жоопкерчиликтүү адам. Анткени Ислам дини бул жашоону түгөнгүс күрөш деп тааныйт. Адам пендеси бешиктен бели чыккандан тартып бул дүйнөдөгү өмүрү бүткүчөктү чындык жана акыйкат үчүн күрөшүшү керек. Адам ошондо гана ички эркиндикке жетет. Жакшы тамак жеп, жакшы кийинип, жакшы машине тепкенди чыныгы азат адам деп айтууга болбойт. Анткени азаттык адамга материалдык эмес моралдык жактан болууга тийиш. "Мусулманчылык аста-аста" деген кептин төркүнүнө эми келип жеттик окшойт.
(Уландысы бар)

Бахтияр ШАМАТОВ




  Түш кантип жорулат?

(Башы өткөн сандарда)
Дин ээси улуу адамдарды түшүндө көрсө жакшылыкка жорулат. Алла таала ошол түштү көргөн пендесине ажылыкка жол ачат, дөөлөткө кабылтат, байлык, мал-мүлк берет жыргап жашайт. Ошондой эле балалуу болот. Дайыма көңүлү куунак өтөт.
Түшүндө динсиз болуп түш көрсө ал бузукулуктун белгиси, өз дининен артка чегинет.
Түшүндө тилемчи болсоң өңүңдө бирөөгө ашык болосуң.
Эгер түшүңө кооздолгон килем кирсе көп жашайсың, ошондой эле турмушуң жакшылык менен өтөт.
Эгерде түшүңдө өзүңдү картайган абалда көрсөң кыйынчылыктан кутулуп жолуң ачылат.
Түшүңдө как жесең өңүңдө ырыскыга ээ болосуң.
Түшүңдө сары калайды көрсөң мартабалуу болосуң бирок, душмандарыңдын көралбастыгына кабыласың.
Түшүңдө казык каксаң, малга ээ болуунун белгиси деп айтылат.
Түшүңдө уктасаң жумушка же кандайдыр бир ишке шашылуунун белгиси.
Түшүңдө жылдыз көрсөң - ал карындашың деп айтылат. Эгер түшүңдө жылдызды кооз экен деп көрсөң, карындашыңан жакшылык көрөсүң. Эгер жылдыз коркунучтуу болуп көрүнсө карындашың сага кандайдыр бир жамандык жасайт.
Түшүңдө алсыз жырткычты көрсөң кор болуу жана бактысыздыкка туш келүү.
Түшүңдө атка ээр токуп минсең жогорку даражалуу кызматка ээ болосуң. Эгер аттан ээрди алып койуп түш көрсөң даражаңдын колдон кеткени.
Түшүңдө бөрк кийсең ал жакын досторуңдун белгиси, мартабаң жогорулайт, бирок диниңе залалы тиет.
Эгер түшүңдө молдонун кутба окуп жатканын көрсөң кандайдыр бир жакшы жумушту баштайсың, ошол амалыңды Алла таала кабыл алып күнөөлөрүңөн арыласың.
(Уландысы бар)

Абдылда КАРАСАРТОВ




  Кереметтүү жана ыйык сандар

(Башы өткөн сандарда)
Сандык аныктоолор көрсөткөндөй көптөгөн иштер үч жолу кайталанат, ченөөдө, өлчөөдө ж.б. учурларда да үч жолу кайталап-текшерүү ушул кезге чейин уланып келет. Кыргыздардын байыркы оюндары болгон Ордо менен Упайда 3 жана 5 сандары жолугат. Ордодо 5 чүкө үч же бирдин үчү деп аталат. Упайда болсо 3 чүкө бир басымды түзөт. Кыргыздар мурда туулган күн белгилеген эмес. Бирок, каза болгондон кийин үчүлүгүн, жетилигин, кыркын өткөрөт. Буга караганда 3 санынын ыйыктыгы бизге шаманизмден жеткен өңдөнөт. Оккультизмде 3 санына Юпитер туура келет. 3 саны туура келген мезгилде төрөлгөндөр атак-даңкты, башкаларды башкарганды жакшы көргөн адамдар болушат, бирок ошол эле мезгилде буйрукту ойдогудай аткарышат, тартипти сактаганды жакшы көрүшөт. Алар бийликке да жетишет, өтө эле текебер да болушат.
4 саны. Мистиктер 4 санын күчтүн символу деп таанышкан. Еврейлерде бул өзгөчө мааниге ээ, анткени кудайдын аты 4 тамгадан турат. 4 санын түбөлүктүүлүктүн белгиси (батыш, чыгыш, түштүк, түндүк) катары түшүнүүгө болот. Төгөрөктүн төрт бурчу түшүнүгү да ушуга байланыштуу. Оккультизмде 4 Уранды символдоштурат. Бул сан туура келген мезгилде төрөлгөндөрдүн башкалардан айырмаланган өзгөчө мүнөзгө ээ болот. Ал ар дайым бирөөнүн оюна кошулбай ага тескери сүйлөйт. Ал талаш-тартышка көп аралашкысы келбесе деле, анын тегерегине ар дайым оппозиция топтолот. Ал көбүнчө официалдуу бийликке каршы чыгат, бирок ойлогонуна көбүнчө жетпейт. 4 саны египет жана вавильон философиясында "турмуштук сан", б.а. жарык, нымдуулук, жаан жана айдан келүүчү шамалдын багытын түшүндүрүүчү сан катары да каралган.
5 саны. Оккультизмде Меркурий планетасына символдоштурулат. 5 саны туура келген мезгилде төрөлгөндөр тез дос күтөт, адамдар менен жакшы тил табышат. Көп күчтү талап кылуучу, узакка созулчу жана оор жумушту көргүсү да келбейт. Бардык жолдор менен акча жасаганга маш келет. Алар оюнкараак, соода-сатыкка чукул келип, ар дайым тобокелге салууга даяр болушат.
6 саны. Оккультизмде Чолпонду символдоштурат. 6 саны туура келген мезгилде төрөлгөндөр өзүнө башкаларды тез тартат, башкаларга сүймөнчүлүктүү болуп кете алат, өз планын аткарууда өзүнө талапты катуу кое билет.
7 саны. Бул сан байыркы дүйнө элдеринин көпчүлүгүндө эле кереметтүү ыйык сан катары эсептелген. 1886-жылы казандык математик, профессор А.Васильев ыйык 7 санынын келип чыгышын изилдеп ассирия-вавильония мезгилинен башталганын, Алдыңкы чыгыштын байыркы цивилизациясы учурунан баштап жашап келе жатканын айтат. 7 шумер мифтеринде эле ыйык катары эсептелет: ааламдын тагдырын жети кудай чечет, жер астындагы падышачылыкта 7 дарбаза бар, ал эми жер астындагы падышачылыктын өзүндө өлгөндөрдүн тагдырын 7 суракчы эсеп-чотко алып сурак жүргүзөт, вавилондуктардын айтуусу боюнча бүткүл дүйнөлүк суу каптоо 7 күнгө созулат ж.б. Ошентип, байыртадан эле 7 ыйык эсептелип, ачылган планеталардын саны 7ге жеткенде (Күн, Ай, Чолпон, Марс, Меркурий, Юпитер, Сатурн) андан да ыйыктыкка бөлөнгөн. Байыркы еврейлер да 7ге чоң маани беришкен. Моисеева "Кудай 6 күндө асман менен жерди, деңизди жана бардыгын жаратып, 7-күнү иретке келтиргенин", он осуятында "кудай алтынчы күнү ырымдап, анан ага канат бергенин" жазган. Ошондон баштап еврейлер, Байыркы Осуятка ишенген христиандар 7 санын сыйкырдуу деп эсептешет.
(Уландысы бар)
Ысмайыл КАДЫРОВ













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan