Коомдук-саясый гезит
№10, 25.04.08-ж.

Меймансап
Форум



◄◄◄
  Кул заман, пул заман

Сахалин сапары
(Башы өткөн сандарда)
Кыргыздар Сахалинде "Гидрострой", "Кентек", "Кэйп", "Гама", "Шельфстрой", "Ваккор", "АЕК", "Рыбводхоз", "Дальэлектромонтаж", "Сфера", "Олимп", "Росшельф", "Лентал", "Голспарк" аттуу фирмаларда иштешет. Булардын ичинде жакшы айлык төлөгөндөрү "Сфера", "Гидрострой", "АЕК" болуп эсептелет. Айына 1000 доллардан төлөп тургандар мына ушу фирмалар. Эгерде жумуш бүткөн соң калып дагы 2 саат же ишемби, жекшемби күндөрү дем албай иштесең аныңды эсептеп туруп өзүнчө кошо төлөп берет. Буга кызыккандар негизинен кыргыздар, башка улут балдары кадимкидей эс алып шаар кыдырып кетет, биздикилер болсо иштеш үчүн келгенбиз, только вперед деп иштей берет. Мен "АЕК" деген фирмада электрик болуп иштедим. Электрик деген менен көпкө чейин монтажниктин ишин кылып жүрдүм. Болгарка деп коет, жалаң ошо менен темир кесем. Токко сайып аласың да кулагыңа атайын кебез тыгып (ретуши деп коет) көзүңө көз айнектин үстүнөн тамагыңа чейин жаап турган айнек маска киесиң да чаркыратып кесе бересиң. Ар кандай бийиктиктеги жерлерде темирди өлчөп, так кесүү ар кимдин эле колунан келе бербейт экен. Өтө этияттап түз кармап кесиш керек, антпесе болгарканын көзгө илешпей чимирилип турчу дискиси жарым миллиметр кыйшык жойбур менен бурулуп кетчү болсо бети-башыңды тең бөлүп тилип түшөөрү бышык. Менин жанымда иштеген Володя Циянов аттуу сахалиндик орус бала аз жерден калган. Орустарда бир өзгөчө өйдөсүнүп, тыңсынган адат болот эмеспи башка улуттар алдында, бу Володя да болгарка менен өзүм эле жайлап коем деп адегенде карматпай жүрдү. Байкасам деле мурда бул аспапты кармап көргөн эмес экен. Экөөбүз 70 метр бийиктиктеги темир бочкенин үстүндө филипиндер туура эмес коюп кеткен темир лотокторду алмаштырып жүрөбүз. Жарактууларын кайрадан бекемдеп, электр кабелдери кире турган жерлерин кесип жүрөбүз. Володя болгарканы жүргүзүп кескени аткан, жаңы эле дискасын лотокко тийгизгенин бир көрдүм, анан эмне болуп кеткенин түшүнбөй да калдым. Болгарка ойноп кеттиби же жойбурунан кыйшая кеттиби, айтор карс-курс дей түшүп Володянын колунан чыгып кетсе болобу? Мен дароо сууруй салыптырмын. Диски бырын-чырын талкаланып кетиптир, өң-алаттан кеткен Володя "ну его нафик!" деп сөгүнүп болгарканы ары ыргытты. Ошо бойдон экинчи болгарка кармабай жүрдү, кескенге келгенде эле "давай сам Борис Николаевич" (мени орустар ушинтип койчу) деп бере салат. Биз иштеген "АЕК" фирмасы Александр Евгеньевич Кузнецов аттуу адамдын аты-жөнүнүн баш тамгасынан куралган фирма. Өзү Сахалиндик ал эми аялы Наталья биринчи никеге турган күйөөсү менен Бишкекте көп жылдар жашап кеткен аял экен. Чоң, бойго жеткен кызы Анна менен Сахалинге көчүп барып, бул жерден Евгеньич менен таанышып турмуш курушкан. Кыргыздарды жакшы билген Наталья Давлатовна (өзү татарка го кейпи) күйөөсүн көндүрүп, жалаң кыргыздарды ишке ала турган фирма ачышып аны кыскача "АЕК" деп атап коюшкан. Наталья Давлатовна мээрими жанган башкача ак көңүл, жоомарт аял. Ишке алган кыргыздарды түк убара кылбай регистрация, ишке уруксатнааманы бүт бойдон өзүлөрү бүтүрөт. "АЕКтин" даңазасы Кыргызстанга чейин угулуп, айрыкча Лейлек, Сүлүктүдө жана мобул эле Токтогул, Каракөлдө атагы эл ичинде жайылган. Балдарын ишке жөнөткөн кемпир-чалдан өйдө түз эле Евгеньичке телефон чалышат экен, көз салып кой деп. Иши кылып кыргыздарга өкмөт, депутаттар көрсөтө албаган камкордукту ушу кичинекей "АЕК" фирмасы көп эле көрсөттү, азыр деле көрсөтүп жатат болушу керек. Сахалинде башка бир да фирма биздин балдарга мындай адамкерчилик менен мамиле жасаганын көрбөдүм. Кайсынысына барсаң эле зиркилдешип, жадаса оңдуу жооп беришпейт. Кыргыздарды экинчи сорттогу адамдардай көрүшөт, документтерине да ишенбейт, жасап алгансыңар деген кыязда. Ал эмес орус жарандыгын алган кыргыз балдарды да тоото беришпейт. "Мы знаем как вы российский паспорт получаете, так что нечего тут им размахивать" дешет. Баса, Орусия жарандыгы демекчи, аны алуунун эң жөнөкөй жолу - жакшы ортомчу табасың, 1000 долларга өзү чуркап бүтүрүп колуңа алып келип берет. Ал эми мыйзамдуу түрдө алам десең бул өзүнчө чоң азап иш. Күтө бермейден тажап бүтөсүң. Бюрократиясы күч чоң өлкөдө бул иш дароо эле бүтө койбойт. Адегенде вид на жительство деп коет, ошону берет, анан 6 ай өткөн соң гана жарандыгын берет. Бул эми закондуу мөөнөт, бирок иш жүзүндө өтө эле көпкө созулуп кетет. Андан көрө үч ай ичинде жарандыкты колго нак тийгизген ортомчулардыкы өйдө болуп жатпайбы? Азыркы учурда Хакасия тарапта кыргыздар үчүн жарандык алуу бир топ жеңил дешет. Анткени хакас туугандар кыргыздарды боорго тартып, кыргыз жигиттерине кыздарын күйөөгө берип дегендей, азайып бараткан хакастын санын ошонун эсебинен көбөйтүүгө жандалбас урушканы ушу болсо керек. Иши кылып Орусиянын эки баш бүркүт кызыл паспорту колго тийгенден баштап сен орустун кайсы жеринде болсо да милийсасына кор болбой эркин жүрөсүң бул бир. Экинчиден, жумуш боюнча маселе жок, каалаганыңды тандап кире бересиң. Жакпайбы, билет ала калып Орусиянын аркы учуна кетип каласың. Паспорттуу болгондун бир үзүрү ошо. Сахалиндин борбору Южно-Сахалинск шаарында "документ базар" деген каалаган документиңди заматта бүтүрүп колуңа карматаар "базар" бар. 8 разряддагы (мындай разряд деле жок экен) ширетүүчүнүн күбөлүгү керекпи, маселе жок, 10 мүнөттө чөнтөгүңдө болот. Бирок орустун фирмалары бара-бара мунун да сырын билип алышты. Ишке кирем деп барсаң, келе күбөлүгүңдү көрсөт дейт. Сен болсо баягы "самопал" дипломду үстөлүнө чаап таштайсың. Начальник ага карабайт, прорабын чакырат да "мобул киши сварщикмин дейт, текшерчи" деп буйрук этет. Ошондо анан сварканы өмүрү колго кармабаган кыкеңдин абийири ачылып чыга келет, "самопал" дипломун колуна карматып туруп дыргаяктата короодон кууп чыгат.

(Уландысы бар)
Бахтияр ШАМАТОВ




  Жылдыздар таржымалынан

Гарик Мартиросян
Гарик Мартиросян бала кезинен эле юморго жакын болгон. Петросяндын сатираларын угуп чоңоюп, бул жаатта табитин эрте таптаган. Мектепти эң жакшы бүткөн, бардык сабактан алдыда болгону менен, так илимдерге жакын болгон. Кесиби боюнча медицина адамы, невропатолог. Бул багытка чоң "кесиптик камылга" менен келген. Бир нече тилде - француз, англис, орус ж.б. тилдерде кенен, эркин баарлашат. Кызыгуусу ар тараптуу.
Анын юмордук критерийлерине кийин гана 80-90-жылдардын КВН командалары өзгөртүү киргизген. КВНге өз командасы менен ойной баштаганда башкалардан ашса ашып, бирок кем калбоону максат кылган. Жыйынтыгында "Новые армяне" командасы (Гарик команданын капитаны болгон) мыкты командалардын катарына кирип, өзү мыкты КВНщиктерден болуп калды. Актердук, вокалдык жөндөмүн, пародия, юмор жаратуу талантын КВНде катар жеңиштерди камсыз кылган номерлери менен далилдеген.
Ал турмушта да шайыр, боорукер, кечиримдүү, жаш болсо да көптү билген, көптү көргөн, көп окуган билимдүү, ырым-жырымга көп маани бербеген (бирок, улуттук каада-салттан четтеп кетпейт), өзүн жолдуу эсептеген мырзалардан. Сөз жебеген, түшүнүгү жок адамдардан оолак болууга аракет кылат. Тааныш, жакын санаалаш адамдар ал жөнүндө үч нерсени баса белгилешет: 1) таланттуу; 2) кайсы топ болбосун, ал жердин башкы кыймылдаткычы жана лидери; 3) кары, жашы дебей, бардык адамдардын сүймөнчүгү боло алат. Жагымсыз пикирлерди аны жакшы билбегендер гана таратышы мүмкүн. Сүйүктүү суусундугу - "Жермук" (өз мекенинин патриоту катары Армениядан чыккан суусундукту Москвага алып келет же алдырып турат). Сүйүктүү тамагы - кебаб, б.а шишкебек (бул дагы армяндардын улуттук ашканасынан). Жаныбардан мышыкты жакшы көрөт. Жактырган жазуучусу - Жеймс Жойс, кинокартинасы - "Место встречи изменить нельзя" (Владимир Высоцкийдин актердук чеберчилигин жана ырчылык талантын жогору баалайт). Чет жактан - актриса Жессика Ланжды ("Тутси"), актер, ырчы Уилл Смитти, музыкант Стив Уандерди жактырат.
"Две звезды" телесынактын биринчи агымынын жеңүүчүсү (Лариса Долина менен ырдап чыккан), "Минута славы" телешоунун алып баруучусу Гарик учурда ал "Комеди-клабдын" жетекчиси. "Комеди-клаб" бир нече адамдын - Гарик, Артур Жанибекян, Артак Гаспарян, Гарик Харламов, Вячеслав Благодарский, Павел Воля ж.б. биргелешкен долбоору. 2003-жылы эле алып чыгышкан. Пилоттук версиясын кассетага тартып, алгач ТНТ каналына жөнөтүшкөн. Бир жылдай жооп болбой, кийинки жылы аталган телеканал ушундай аталышта программа уюштурууну сунуш кылган. Биринчи чыгарылышына кырктай адам келип, арасында Киркоров, Юдашкин ж.б. болгон. Башында Валдис Пельш, Максим Галкин, кийин Алла Пугачева жана ОРТ жетекчилиги ар тараптуу колдоолорду көрсөтө баштаган. "Комеди-клаб" бүгүнкү күнү чоң бизнес-структурага айланган - ТНТ каналынан көрсөтүлүп, гастролдорго чыгып, жаңы таланттар үчүн фестиваль өткөрүп дегендей. Юмор сынактарын бир Москвада же Орусиянын башка жерлеринде эле эмес, Түркия, Кипрде ж.б. чет жерлерде өткөрүү мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушуп, күлкү багытында бир топ берүүлөргө атаандаштык түзө алышты. Гарик бир ишке эле байланып калбастан, башка идеяларын, иштерин да жолго коюп, болгон бош убактысын үйбүлөсү менен - жубайы, кызы менен өткөрүүгө жана Арменияга барып келгенге аракет кылат.

Даярдаган Назира СААЛИЕВА




  Таймс-пейдж

КУУнун бүтүрүүчүсү Касымов Чыңгызды келе жаткан 28-апрель туулган күнү менен куттуктайбыз. Досум, ар дайым маанайың жарык, дениң сак болуп, окууңду ийгилик коштосун. Эл ичинде аман болуп, ата-эне, бир туугандарың сыймыктанган уулдардан бол! Жакшылыктар боло берсин алдыда, жаша, бар болуп бул заманда. Жолукканда урматташа жүрөлү, бул жашоодо мындан башка не керек?!
Досторуң: Данияр, Адилет, Бейшен, Адилет

В-086. С.Чокморов атындагы сүрөтчүлөр окуу жайынын студенти Талантбек уулу Айбекти окуу жайлар арасында бокс боюнча мелдеште 1-орунду алышы менен куттуктайбыз. 11-майда республикалык беттеште да алдыңкы орунду алып, жеңишке ээ бол. Бар бол, бай бол!
Эрзат, Мирзат

В-087. "Илбирстеги" №4 филиалынын швея цехинде үзүрлүү эмгектенип жатышкан Байзакова Бейшегүлдү, Оңолбекова Маргаританы, Акунова Жаркынайды жаркырап жайнап келе жаткан 1-май майрамы менен куттуктайм. Аларга суудай таза денсоолук, май махабатын каалайм.
"Бишкек таймс" гезитинде иштеген Сабитбай Маматов

В-088. Талас районуна караштуу Арал айылынын кичинекей тургуну Жакыпова Ажарды туулган күнү менен куттуктайбыз. Ажар, өмүрүң узун, келечегиң кең болсун. Ыймандуу, акылдуу, кайрымдуу кыздардан болуп, бактылуу балалыкта чоңое бер.
Бир туугандары

Бишкек шаарынын тургундары Салиева Салиманы, Жакшылык уулу Эрланды 24-апрель кош келген туулган күндөрү менен куттуктайбыз. Салима, Эрлан, окуган билимиңердин үзүрүн көрүп, денсоолукта болгула. Бир туугандарыңарга үлгү, досторуңардын арасында күзгү болуп 35-40 жаштарга барганда профессор, окумуштуу деген атка конгула!
Бир туугандары

В-089. Куудул кыз Назира Жетигенованы 24-апрель туулган күнү менен куттуктайбыз. Назира, денсоолукта болуп, карьераңды алдыга жылдыра бер. Алтындай болгон кыздарыңдын маңдайында аман жүрүп, алардын дөөлөтүн көр.
Жердештери

В-090. Сауле, поздравляю тебя с днем рождения. Подруга верная моя, от всей души желаю я. Чтоб ты была всегда, красивой, радостной, счастливой.
Жылдыз

В-091. Назар, Рая, Рыспеков Таалайбек Кентоновичтин аскердик билетин кокусунан сиздер тапсаңар, кайтарып берсеңер. Сүйүнчүсү сөзсүз болот. 0773-72-24-69
Таалай, Бурма













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan