Коомдук-саясый гезит
№10, 25.04.08-ж.

Меймансап
Форум



◄◄◄
  Өкмөттө

Салыкчылар куурайбы - бизнесмендер жыргайбы?
Президенттин Жарлыгына ылайык ушу жылдын 30-декабрына чейин ишкерчилик субьектилеринин ишине ашыкча кийлигишүүнү токтотуу жана инвестицияларды тартуу максатында салык кызматынын текшерүүлөрүнө мораторий жарыялайт. Салык кызматы салык төлөө, ишканаларды жабуу жана башка өлкөлөрдүн салык органдары жөнөткөн суроо талаптар менен гана байланышкан текшерүүлөрдү жүргүзө алат. Ал эми салык кызматынан башка көзөмөлдөөчү органдар өз текшерүүлөрүн 2007-жылдагы текшерүүлөрдүн санынан 30% пайызга кыскартууга тийиш. Мораторий убагында КР бюджетине салык төлөмдөрүн көбөйткөн ишкерчилик субьектилери жыл аягына чейин ар кандай текшерүүлөрдөн бошотулат. Указдын аткарылышын ай сайын көзөмөлдөп, жыйынтыктап туруу жагын президент өз администрациясына жүктөдү. Жарлык кол коюлган 23-апрелден тартып күчүнө кирди. Бүгүнкү күндүн чындыгы менен эсептешпей коюуга болбойт, ошондуктан аталган мораторий ак ниет ишкерлер менен "көмүскөдө" иш туткан ишкерлерди теңдешсиз абалга койбойбу деген кабатырлануу бар. Бул туурасында өз пикирин өлкөнүн баш салыкчысы Т.Курманбеков билдирди. Анын айтымында өткөн жылы республика боюнча салык кызматы 16.791 текшерүү жүргүзүп анын 15.129 да салык тартибин бузуулар аныкталган жана натыйжада бюджетке 2 млрд сомдун тегерегинде кошумча акча каражаттары түшкөн.
Президенттин пикиринде салык жашырган ишкерлердин катыгын маалымат каражаттары берүүгө тийиш. "ММК менен тыгыз иштегиле, аларга тартип бузган ишкерлер жөнүндө аты-жөнүн, канча өлчөмдө тартип бузганын жашырбай толук маалымат берип тургула", - деп тапшырды президент баш салыкчы Т.Курманбековго. Салык кызматынын текшерүүлөрүнө мораторий кийрүүнүн башкы максаттары - ишкерлерди ашыкча тытмалаган текшерүүлөрдөн арылтуу, көмүскөдөгү кичи жана орто ишкерчиликтин көлөмүн азайтуу. Өз ишин жүргүзгөн ар бир ишкер коркпой-үркпөй ачык иштегени өзүнө да өкмөткө да пайда эмеспи. Эгерде мындай мораторий өз жемишин берсе аны кийинки жылдарда да практикалоого эмне үчүн болбосун? Экономикадагы атаандаштыкты арттыруу багытында аткара турган иштер арбын. Учурда канча жылдардан бери айтылып келаткан салык кодексинин жаңы редакциясы иштелип бүттү. Ал келээрки жыл башынан ишке түшкөн турат. Жаңы кодекске ылайык республиканын фискалдык системасы олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болот.
Эң башкысы бул куру сөз түрүндө гана калбастан, иш жүзүндө бекемделиши шарт. Муну айтканыбыз, ишкерлерден "өкмөт жардам бербесе бербесин, тоскоолдук гана кылбаса" деген кептерди көп эле угуп жүрөбүз. Кудай амандыгын берсе ишкерлерибизге да, өкмөткө да ынсап тилеп туралы.

Бакыт ЖОЛДОШОВ




  Учур маселеси

ЖКнын депутаты Элмира Ибраимова:
"Энергетика тармагы дарылоого муктаж"
Парламентте кызуу талаш
Кечээ Жогорку Кеңештин жыйындар залында энергетиканын күңгөй-тескейи талашка түшүп, депутаттар өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри Сапарбек Балкибековго үстөккө-босток суроо жаадырышып, министр мырзанын айласы алты кетти. Энергетикага ЖКнын депутаттары ушунчалык боор тартып, курчуп турган маселени күйүп-бышып талкуулашты. Ачыгын айтыш керек, депутаттардын таламында калган С. Балкибеков министр катары бир топ суроолорго жооп бере албай, тердеп да кетти. Депутат Б. Наргозуев мурдагы күнкү парламенттик угууда министрден Кыргызстанда канча айылга электр жарыгы жеткен эместиги тууралуу сурады эле, министр бардык айылдарга электр жарыгы жеткендиги жөнүдө оозу-мурду кыйшайбай эле жооп берди. "Буга чейин республикада электр жарыгы такыр үзгүлтүккө учураган эмес" деген министрдин кебине депутат И.Жунусов "электр жарыгы республика боюнча мурдатан эле өчүрүлүп келатат, сиздин квартираңызда свет өчпөйт да"-деп маселени кабыргасынан койду. Берилген суроолорго канааттандырарлык жооп ала албаган айрым депутаттар министрге "кызматыңыздан кетүүгө даярсызбы?" деп да сунуш кылып жиберишти эле, ээрден кыйшайып каларын эстеген С.Балкибеков сөздү башкага буруп, ал тургай "Камбарата-1-2 ГЭСин жалгыз Балкибеков курмак беле" деп чычалап да кеткенсиди. Министрлер ээрден кыйшаярда эле депутаттардын таламында калчу эле…
Энергетика тармагындагы айрым бир суроолор менен депутат Элмира Ибраимовага кайрылдык.
- Элмира айым, Кыргызстанда энергетика тармагы бүгүн курчуган маселеге айланды, бул кырдаалдан чыгуунун жолун парламент издеп жатабы?
- Мен электр энергиясы тууралуу кеп кылаардан мурда улуттук программа жөнүндө айтайын. Электр энергиясы боюнча улуттук жаңы программа түзүлгөнү - жакшы жаңылык. Себеби, буга чейин энергетиктерде өзүнүн өнүгүү стратегиясы, программасы болгон эмес. Кайсы гана тармак болбосун, ар бири өзүнчө программага, параметрге, стратегияга ээ болушу керек. Иш багытына жараша өзүнчө максаты, иш-планы болушу зарыл. Эң негизгиси - ар бир стратегия элдин эртеңки жетиштүү турмушу үчүн кызмат кылууга милдеттүү. Энергетика боюнча улуттук программанын түзүлүшү - энергетика тармагына кам көрүүнүн, андан аркы өнүгүшүнө жасалган алгачкы аракет. Мүмкүн программада чоң кемчиликтер, каталар бардыр, ошентсе да алгачкы аракеттер көрүлүп жатпайбы. Эгерде бул программа иш жүзүнө ашса энергетиктер 2025-жылга чейинки иш-планын тактап алышат. Энергетика тармагы көп мезгилдерден бери оорулуу. Муну жашырганда эмне, баарыбыз эле билебиз. Андыктан аны дарылоого бүгүн убакыт жетти.
- Бүгүнкү күндө карапайым эл электр жарыгынын өчүрүлүшүнө нааразы болууда?..
- Электр энергиясын сарамжалдап колдонуу - учурдун талабы. Карапайым эл электр жарыгына жарыбай койдук деп нааразы болушу мүмкүн. Бирок биз да энергиянын эртеңки келечегин ойлоп, колдо барыбызды бир күндө жок кылып албайлы деген максатта ушундай кадамга барууга мажбур болуудабыз. Токтогул суу сактагычына жетиштүү деңгээлде суу толтуруу керек. Мындай аракеттерди бүгүн көрбөсөк, кыш мезгилинде такыр жарык көрбөй олтуруп калышыбыз мүмкүн.
- Эмне себептен ушул убакка дейре энергетика тармагы жөнүндө кеп козголгон эмес, эмне үчүн мурдатан аракеттер көрүлгөн эмес?
- Биз парламентте олтурганыбызга алты ай гана болбодубу. Андыктан бул суроону депутаттар, тиешелүү жетекчилер, өкмөт мурда эле чечиши керек эле. Алар айрым маселелерди көз жаздымда калтырып келишкендиктен, Кыргызстан бүгүн көп маселеге дуушар болуп олтурат. Азыр карап көргүлөчү, суу каналдары, түтүктөрү качанкы боюнча, эскилиги жетти. Баягы 1950-60-жылдары курулган боюнча жаңыртылбаптыр. 60 жылдан бери алар өз күчүн жоготот, кыймылдаткычтар талапка жооп бергидей иштебей калат да. Азыр энергетикада жоготуулар бар, ар башка формада. Мисалы, электр жарыгына акча төлөбөстөн уурдап алуу. Жоготуунун дагы бир себеби - эски трансформаторлор. Бир сөз менен айтканда маселе абдан көп.
- Учур көйгөйү болуп турган энергетика тармагын кыйын кырдаалдан алып чыгууда бүгүнкү өкмөт кандай иштөөдө, же ушундай маселелердин курчушу - өкмөттүн чабалдыгынанбы?
- Программа түзүлдү деп айтып кетпедимби, демек бул өкмөттүн иштеп жатканынан кабар берет. Бүгүнкү өкмөт жогорудагы айтылып кеткен техникалык маселелерди алынын жетишинче чечип жатат. Мына, Камбарата ГЭСин курууга бюджеттен чоң суммадагы каражат бөлүндү. 15 жылдан бери энергетика тармагын камсыздоо максатында бюджеттен мынчалык каражат бөлүнгөн эмес. Кыргызстанда адат болуп калган: "өкмөт жаман" дей бермей. Жаман болгон күндө дагы иштеп атат да, аракети жок эмес. Өкмөткө башкалар келсе деле ошол сөздү айта беребиз. Сын айтуу оңой, а иштей келгенде оңой эмес.

Маектешкен Жазгүл ИБРАЕВА













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan