Коомдук-саясый гезит
№10, 25.04.08-ж.



◄◄◄
  Алака

"Сарыташ" борбору көп пайда алып келет
Кыргызстандын тышкы соода-экономикалык байланыштары тууралуу айрым суроолор менен тышкы иштер министринин кеңешчиси Адылбек Бакиевге кайрылдык.
- Адылбек Салиевич, өлкөбүздүн экономикасына тартылган олуттуу инвестициялар катары кайсыларды көрсөтө аласыз?
- Кыргызстанга тартылып келип жаткан инвестициялык долбоорлордун айрымдарын айта кетсем, "Сарыташ" эларалык чегара тилкесиндеги соода борбору.
Долбоор боюнча "Сарыташ" соода борбору Ош облусунун Алай районуна 200 гектар жерине курулушу күтүлүүдө. Ал эми бул долбоордун инвестициялык дарамети 100 млн АКШ долларына чукул. Аталган иш-чаранын биздин өлкө үчүн көптөгөн пайдалуу жактары бар. Мисалы, биринчиден "Сарыташта" кытай өндүрүшчүлөрүнүн товарларынын түз чыгышы жана сатылышы. Бүгүнкү күндө азырынча оозеки сүйлөшүүлөр аркасында бир канча кытайлык чоң өндүрүшчүлөр менен соода борбордо өз товарларын заводдук баада сатууга макулдашууга жетиштик.
Экинчи дагы бир маанилүү жагдай, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы товар жүгүртүүнүн так маалыматын түзүүгө шарт түзүлмөк. Себеби, ушул күнгө чейин эки өлкө ортосунда товар жүгүртүү боюнча так маалымат жок.
Бажы кызматынын маалыматы боюнча 2007-жылы Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы сооданын көлөмү 377.5 млн АКШ долларына жеткен, бул 2006-жылга салыштырганда 69.8%га көп.
2007-жылдын он айында товар жүгүртүүнүн жалпы көлөмү 3.779 млрд АКШ доллары болгон. Бул 2006 жылдын он айына салыштырганда 58.5 %га көп.
Борбордун дагы бир маанилүү жагы жергиликтүү тургундар үчүн жакшы болмок. Себеби, жаңы жумуш орундары ачылып, ички миграция токтойт эле, аны менен Алай районунун бюджетине бир катар социалдык жана салык төлөмдөрү аркылуу пайда түшмөк.
- Кытай менен автокаттам үчүн биздин жолдор ылайыкташтырылган эмес турбайбы...
- Туура. Биздин дагы бир чоң көйгөйүбүз - жол. Кытайдын салмагы 60-70 тоннага чукул оор автоунаалары жолдорубузду бузуп жатпайбы. "Сарыташ" долбоору ишке ашса, Кытайдын оор жүк ташуучу автоунаалары ошол жерден токтоп, жүктөрүн биздин майда автоунааларга жүктөө менен өлкөбүздүн ар тарабына тарап, аларга да жумуш орун табылып, биздин жолдор аман калат эле. Жөнөкөй сөз менен айтканда, 25-30 тонна жүк тарткан автоунаалар жүрөт, натыйжада биз ошондо жолдорду сактап калалабыз.
Биздин жана кытай соодагерлери үчүн 2-3 күндүк визасыз кирип-чыгуу мүмкүнчүлүгү түзүлмөк.
- Бул долбоор өкмөт тараптан колдоо таптыбы?
- "Сарыташ" соода борборун ачуу боюнча өкмөт 2007-жылдын 6-октябрында токтом кабыл алган.
- Кытай менен өлкөбүздүн түндүгү да Торугарт аркылуу чектешет эмеспи. Бишкек-Торугарт жолунда да оор жүк ташуучу автоунаалар жүрөт...
- Ал жакта да "Торугарт терминалы" деген долбоор иштелип чыгуу стадиясында. Ал жакта эркин экономикалык аймак болоору азырынча пландаштырылууда. "Торугарт терминалы" эркин экономикалык аймагы жөнүндөгү долбоорун бул "Сарыташ" эларалык чегара тилкесиндеги соода борборунун экинчи бир бутагы катары кароого болот.
- "Сарыташка" келчү инвестициядан башка дагы кандай агымдарды күтсөк болот?
- Унаа жана байланыш министрлиги үчүн 3 самолет жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 3 вертолет келүү. Бул иш боюнча самолет даярдоочу заводдун өкүлдөрү менен министрликтердин ортосунда протоколго кол коюлган. Аталган долбоор боюнча учактарга акчалар электр энергиясы, тамеки, пахта жана башка айыл чарба продукциясы аркылуу төлөнөт. Акы төлөө 2009-жылдан башталат. "Кыргызстан улуттук электр тармактары" ишканасынын ага дарамети жетет.
Андан сырткары 4 "Боинг 737-232А" учагын "Кыргызстан" авиакомпаниясына сатып алуу боюнча макулдашуулар жүрүп жатат. Тагыраак айтканда, Унаа жана байланыш министрлиги бул боюнча америкалык "Air Fleet Leasing and Management Inc." компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүүдө. Ал самолеттордо эконом классындагы 92 орун жана бизнес классындагы 8 орун бар. Лизинг менен жалпы баасы 12 млн АКШ долларын түзөт. Бул самолеттор аркылуу Кыргызстандан Евросоюзга аба каттамдары ачылып, Европага жакындайт элек. Мисалы, биздин өлкөдөн түз эле Европага (Франкфурт, Ганновер, Лондон, Вильнюс), КМШ мамлекеттерине, Кытайга аба каттамдары ачылмакчы.
Улуу Британиянын HSBC банкынын кеңешчиси мырза Реза Табризи менен бирдикте www.anglokyrgyzsociety.com веб-сайты ачылды. Андагы маалыматтар КР менен Европалык Союздун (ЕС) карым-катышын өнүктүрүүгө жардам берет деген үмүттөбүз.
- Өндүрүшсүз экономика жөнүндө сөз кылыш мүмкүн эмес, биздин өндүрүшүбүз унутта калган жокпу?
- Инвестициялардын келиши менен өндүрүш жаатында да бир канча долбоорлор ишке ашмак. Мисалы, көмүрдү газдоо жана минералдык жер семирткичтерди алуу.
Сүлүктү жана Каракече көмүр кендеринде көмүрдү газдоо жана андан ары минералдык семирткичтерди алуу боюнча Британиянын "International Mercantile Group Limited" компаниясы жана украиналык инвесторлор менен биргелешкен макулдашуулар жүрүп жатат.
Бул долбоордун негизинде 2 млн тонна көмүр өндүрүлөт. Анын 1 млн тоннасы экспортко, 1 млн тоннасы ичиндеги базарга чыгарылат. Көмүрдү кайра иштетүү менен жылына 150 000 тонна минералдык жер семирткичтерин (мочевина) алсак болот.
Бул багыттагы экинчи бир долбоор боюнча да аракеттер көрүлүүдө. Ал көмүр казуу боюнча кыргыз-украин кызматташтыгы. Долбоор боюнча көмүрдү брикеттештирүүчү жабдыктарды орнотуу жана көмүрдү башка өлкөлөргө экспорттоо пландаштырылган.

Суроо салган Алтын КАЗИЕВ




  Атыңан айланайын, жарык…

Энергетика тармагы жеке менчикке кетсин, бирок…
Энергетика тармагын жеке колго берүү керек, ошондо тартип орнойт деген кептердин айтылып келатканына далай замандын жүзү болду. Билишибизче бул иш 2000-жылга жетпей эле чечилип бүтүшү керек эле, бирок чубалып, создугуп отуруп бүгүнкү күнгө чейин келип жетти. И.Чудинов баш болгон кыргыз өкмөтү аталган тармакты менчиктештирүүнү акыр аягына чыгарып, тарыхта калуу бактысына ээ болчу өңдөнүп калды. Апрелдин башында И.Чудинов мырза журналист журтун жыйып, Кыргызстандагы энергетика тармагын менчиктештирүүгө чет элдик төрт компания кызыкдар экенин маалымдаган эле, бирок канчалык такыктасак да иш али баштала электигине шылтап алардын атын ачык айткан эмес, бул сыр бүгүнкү күнгө чейин катылуу бойдон калууда. Өкмөт башы баш болуп тийиштүү атка минерлерге чейин лам деп ооз ача элек. Караңгы болуп келаткан бул маселеге аз-маз болсо да ЖК депутаты Ю.Данилов жарык чачкандай болду. Парламенттин отун-энергетика маселелери боюнча комитетин жетектеп, энерготармактын менчиктештирилишин кызуу колдоп келаткан бул адамдын айтуусуна караганда жедеп эскирип ашмалтайы чыккан бул тармакты жеке колго өткөрүп берүүнү мындан ары создуктурууга эч мүмкүн болбой калды. Азырынча жеке менчикке үч обьект - "Түндүк электро" АОсу, Бишкек ТЭЦи жана "жылуулуктармагы" берилет экен. Приватташтыруу ишке ашып кетсе Бишкек ТЭЦин жана "жылуулук тармагын" каржылоого жыл сайын кетип жаткан 300 млн сомдон ашуун акча каражаттары башка максаттарга, маселен "Камбарата - 2" ГЭСин каржылоого жумшалмакчы. Энерготармакты менчиктештирүү иши жалпы журттун кызыкчылыгына кызмат кылат деп аябай ишенген дагы бир ири чиновник маммүлктү башкаруу боюнча мамкомитеттин төрагасы Т.Турдумамбетовдун айтымында жеке менеджер мамлекеттен артык. Жабдуулары эскирип, чачылып кеткени турган тармакты оңдоого мамлекеттин чама-чаркы жетпейт, ал эми жеке менчик ээси аны оңдоп-түзөп иштеткенге кызыкдар. Экинчиден, ток уурдамайлардын аягы тыйылат. Бүгүнкү күндө элдин жарыкка болгон карызы баланча миллиард сомдон ашып кетти, айткандан үрөй учат. Сатыкка ток бөлүштүрүүчү гана компаниялар түшүп, ал эми ток иштеп чыгаруучу "Электр станциялары" жана жеткирип берүүчү "Улуттук электр тармактары" компаниялары мамлекеттин карамагында кала берет. Учурда сатыла турган компаниялардын баа-наркын аныктоо иштери жүрүүдө. Элдин эсин эки кылган тариф маселесине келсек, чиновниктердин айтымында менчиктин жаңы кожоюндары буга түк эле киришпейт имиш. Аны көтөрүп көтөрбөөнү мамлекеттик антимонополдук комитет гана чечет экен. Кокус менчик ээси өз билемдикке салып бааны көтөрүп же д.б.у.с. ойлонулбаган, макулдашылбаган чечимдерге барчу болсо келишим дароо бузулат. Бирок чынында эле ушундай болобу, эл ичинде кабатырланууну пайда кылып жаткан нерселер ушулар. Анткени жеке менчик деген жеке менчик да. Каалаганын бирөөдөн сурап кылса, өзү чечпесе анда анын эмнеси жеке менчик? Маселен, кожоюн электрэнергиясын башка жакка сатып жибербейт же болбосо тарифти асмандатып жибербейт деп азыр ким кепилдик бере алат? Төө кыядан өткөн соң дегендей, болоору болуп, боесу кангандан кийин карапайым элдин көргөн күнү кантет? Иши кылса собол көп.
Өткөн аптада парламент "Энергетика жөнүндөгү мыйзамга" толуктоолорду кийрип, электрэнергиясы мындан ары кадимкидей товардык статуска ээ болду. Товар болдубу, демек жарыкты уурдагандар илгеркидей штраф менен чектелбей кылмыш жазасына кириптер болот. Так айтканда Кылмыш Кодексинин 164-статьясы боюнча айып коюлуп, штрафтан тартып 5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат, мал-мүлкү алынат. Мыйзам күчүнө кирсе эскерте кетээр бир нерсе - өкмөт кошумча түрмөлөрдү дагы куруусу зарыл. Анткени республиканын калкынын басымдуу бөлүгүн отургузууга туура келет. Бул эми тек айтылган сөз, бирок чындыкка жакын. Калганын убакыт көрсөтөөр.

Бакыт МУРЗАЛИЕВ




  Бир собол

Энергетика тармагын менчиктештирүүгө кандай карайсыз?
Төлөйкан Исмаилова, "Жарандар коррупцияга каршы" укук коргоо борборунун директору:
- Кай жакка баратабыз, биз баарын ачык көрүп турушубуз керек. Биздин өкмөткө канчалык ишенсек болот? Ал жарандардын социалдык-экономикалык укугун коргой алабы? Мен терең гуманитардык кризис болуп кетеби деп чочулап турам. Мындай кризис жаштардын, студенттердин, пенсионерлердин катмарына тиет. Төрт инвестор бар деп атышат. Депутаттар болсо приватташтыруу жөнүндө мыйзам кабыл алыша элек. Ачык тандоо, конкурс, тендер кайда?
Кутбидин Мураталиев, мугалим:
- Энергетика тармагы стратегиялык маанидеги тармак катары мамлекеттин эле колунда калса болмок. Жаңылык деле жок, параны мурда контролер алса, эми милиционер алат экен, айырмасы канчалык?
Азиза Абдрасулова, "Кылым шамы" укук коргоо борборунун башчысы:
- Бизди эртең эмне күтүп турат? Тариф кандай болот жана аз камсыз болгон үйбүлөлөргө кандайча колдоо көрсөтүлөт? Биздин энергетика кимдин колуна тиет? Эң башкысы убада этилгендей болбой калса ким жооп берет? Туура, ачык маалымат берип приватташтыруу жакшы экенине бизди ынандырышса болмок. Кийин таптакыр жарыксыз отуруп калбасак болгону.
Турсун Турдумамбетов, Маммүлктү башкаруу боюнча мамкомитеттин төрагасы:
- Өлкөнүн бюджети жылдан-жылга биринчи иретте жеке менчиктеги ишканалардын төлөгөн салыктарынын эсебинен көбөйүүдө. Жеке менчик ишканалар гана ийгиликтүү иштешүүдө. Бүгүнкү күндө көптөгөн мамлекеттик ишканалардын жабдуулары эскирди, аларды оңдогонго мамлекеттин алы жетпейт. Ошондуктан биз аларды жеке инвесторлорго берүүгө аракеттенүүдөбүз. Энергетика тармагы деле ошондой. Биз бөлүштүрүүчү компанияларды гана сатканга уруксат бердик. Энергия иштеп чыгуучу жана жеткирип берүүчү компаниялар сатылбайт. Бардык рычагдар мурдагыдай эле биздин колдо калат.
Юрий Данилов, ЖК депутаты:
- Энергетика тармагын приватташтыруу боюнча 1997-жылы кабылданган. 1999-жылы аягына чыгышы керек эле, бирок бүткөн эмес. Тармактын абалы кейиштүү чекке жетти, алардын бирин да ремонттоп же жаңылаган жокпуз. Муну мындан ары создуктурууга болбойт.













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan