![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №10, 25.04.08-ж. |
Меймансап Форум "БТ" мейманы Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер мамлекеттик агенттигинин директору Пайзулла Рахманов: "ГСМ жер-жерлерге жетпей атса, аны жергиликтүү жетекчилерден сураш керек" - Пайзулла Паязбекович, өлкөдөгү тамак-аш коопсуздугу бүгүнкү күндө биринчи маселеге айланды. Кудай бетин салбасын, кокус күздөгүдөй баалар кескин өсүп кеткен кырдаалга кайрадан кептелчү болсок абалыбыз кантет, сиз жетектеген мамлекеттик агенттик ушундай кырдаалга даярбы? - Дүйнөлүк экономикада байкалып жаткан тенденциялардан улам тамак-аш коопсуздугуна жылдагыдай кенебестик мамиле жасоого мүмкүн болбой калды. Жогорудагы сырткы таасирлерди колдон келишинче жумшартуу багытында бардык болгон чараларды көрүп жатабыз. Негизги азык ун болгон соң, биз анын базарлардагы бааларына дыкат көз салып, үзгүлтүксүз мониторинг жасап турабыз. Муну жер-жерлердеги өзүбүздүн өкүлдөрүбүздөн да талап кылып жатабыз. Республикага ай сайын 30-35 миң тонна өлчөмүндөгү ун ишкерлер аркылуу кирип турат. Президенттин жакында Казакстанга болгон иш сапарында мурдакы келишимдерге ылайык 50 миң тонна буудай, ошондой эле 2008-жыл ичинде буга кошумча казак тараптан 300 миң тонна азык данды Кыргызстанга жөнөтүү маселеси оңунан чечилди. Ошондой эле Кытай республикасынан мурда заказ кылынган 3.5 миң тонна ун жакынкы күндөрдө келип калат. Ушундай иш-аракеттерден улам ундун баасы күздөгү түшүмдөргө чейин бир калыпта сакталат деп эсептейбиз. Мындан тышкары унга кошуп, өсүмдүк майынын жана канттын керектүү запасын топтоп коюу боюнча иш жүргүзүп жатабыз. Агенттиктин кампаларында бүгүнкү күндө сакталып турган тамак-аш продукцияларынын жалпы көлөмү боюнча маалымат бергенге менин укугум жок, кечиресиз. Бирок буудайдын быйылкы запасы өткөн жылдагыга караганда эки эсеге көп.. - Өткөн күздөгү кырдаал учурунда сыртка канча ун чыгардыңар? - 54 000 тонна ун чыгарылган. Анын 37 000 тоннасы аз камсыздалган үйбүлөлөргө калганы ГУИН, интернат ж.б. мекемелерге берилген. Бул ун 9 сом 60 тыйындан берилген. Бирок бүгүнкү күнгө чейин акчасы түшө элек. Мисалы, бир эле Ош областына 6 млн сомдук 20 миң тонна ун берилген болсо алиге акчасын кайтарганга шашылбай атышат. Социалдык коргоо министри Ө.Абдуллаева айтып атат жакында кутулабыз деп, күтүп атабыз. - Кечиресиз, эл арасында күздөгү чыгарылган ун туурасында өйдө-ылдый кептер көп. Орто жолдон пайдага туйтунган адамдар болду деген сөздөрдү эл бекер жерден айтпаса керек, кандай дейсиз? - Туура, күздө ундун баасы 20-30 сомго чейин чаап кеткенде бул жерден унду 9 с. 60 т. баада чыгарып бергенбиз. Акчасын берип коюп аны кайда алпарып, канчадан сатты, чынында тийиштүү органдар тараптан көзөмөл жүргүзүлбөй калды. Элдин ичиндеги сөздөр бекеринен чыкпасы белгилүү да. - Күйүүчү-майлоочу майлар туурасында эмнелерди айта аласыз? Айыл чарба министрлигинин өкүлдөрү жеңилдетилген нарктагы майлар жер-жерлерге жеткен жок дешсе, аны парламент депутаты, "акжолчу" айым Э.Ибраимова да ырастап чыкты. - Президенттин буйругу менен дыйкандарга 10 миң тонна өлчөмүндө арзандатылган нактагы күйүүчү жана майлоочу майларды жеткирүү каралган. Бул максатта өкмөт тарабынан тендер өткөрүлгөн, дизель майынын 1 литри 20 сом 50 т. баа менен аныкталып, жалпы баасы 205 млн сомду түзгөн. Эми ошо майларды алып келген адамдар 100 млн сомдон кем эмес чыгым тартышты. Биз 20 с. 50 т. бир тыйын өйдө көтөрбөй, ошо баада тараттык, чыгым толук поставшиктердин мойнуна кетти. Ишкерлер пайда түшпөсүнө көзү жетип, алып келбейбиз деп чыгышты. Элдин патриоту болсоңор бир жолу колдоп бергиле деп кайра-кайра сүйлөшүп атып араң көндүргөнбүз. 18-апрель күнү ошо майлар толугу менен ар бир облус, районго келип түшкөн. Анан жергиликтүү бийликтер - обл, рай. аким айыл өкмөтүнөн турган 3 тепкич аркылуу дыйкандарга кандайча бөлүндү, маселе ушунда да. Маселен, биздин эсеп-чотубуз боюнча ар бир райондо 10дон айыл өкмөтү болсо ар бирине 30 тоннадан май тийиши керек эле. "Бизге 2 тонна, бизге 3 тонна тийди" деген сөздөргө мен да таң калып жүрөм. - Демек, майларды жергиликтүү атка минерлер каалагандай, ой келди калчап атышкан экен да? - Маселе ушунда турат. Эгерде республиканын жазгы айыл-чарба жумуштарына карата майга жалпы муктаждыгы 40 миң тоннаны түзсө, анда биздин жеңилдетилген майлар анын 25 пайызын түзөт. Ошого жетпей калгандар тарабынан да жогорудагыдай өйдө-ылдый сөздөр чыгып жатышы мүмкүн. Бирок биз ашыгы менен бөлгөнбүз. Маселен, Чүйгө 1600 тонна бөлүнсө, биз эски запастардын эсебинен 2000 тонна бөлгөнбүз. - Пайзулла Паязбекович, ири материалдык баалуулуктар, акча болгон жерде коррупция дайыма гүлдөп турат эмеспи. Бул жагынан ахывалыңыздар кандай? - 3 айдан ашты, өкмөттүн же президенттин товарларды сыртка чыгаруу боюнча буйругу боло элек. Уурдоо фактылары бар. Ар бир мындай факты боюнча тергөө органдарына кайрылып турабыз. - Маселен кайсы конкреттүү фактыларды айта аласыз? - Мисалы агенттикке тийиштүү Оштогу комбинаттын директору түрмөгө кесилген. Токмок шаарындагы тегирмен ээлери 13 миң тонна буудайды уурдап качып жүрүшөт. Пенясы менен кошо эсептегенде 87 млн сом моюндарында илинүү. Балыкчыдан бир ишкер 47 млн сомдук буудайды сатып качып кеткен. Элеватору мамлекеттин пайдасына алынды. Күрөөгө коюлган 3 үй, 1 авто оңдоочу жай алынды. Эми ошо үйдө жашап жаткандарды дагы өзүнчө сотко бериш керек экен. Азап болсо да мыйзам боюнча иш жүргүзүүгө туура келет. - Күйүүчү май, буудай түрүндө алынган кредиттердин кайтарымы кандай? - Дыйкандарга 30 миң тонна тегерегинде буудай жана дизель майлары кредитке берилген. Буудай эки эсеге кымбаттап кеткендиктен өкмөт 1-апрелге чейин акчалай кутулсаңар болот деп мөөнөт чектеген эле. Бүгүнкү күндө 3-4 млн сом гана кайтарылып, калгандары төлөй алышкан жок. Дыйкандарыбызга ушу күзгү түшүмгө чейин дагы бир мүмкүнчүлүк берели деп атабыз. Же буудайдын азыркы баасы менен же акчалай төлөө керек, башка жолу жок. - Маегиңизге рахмат. Аңгемелешкен Бахтияр ШАМАТОВ Ау-уу, оппозиция... Эскертүү эске түйүлөбү? Ошентип, курултай өтүп, резолюциясы кабыл алынып, ага түркүн баа берилди. Резолюциядагы талаптар өлкөнүн экономикалык, социалдык, саясий абалын жакшыртууну, өнүктүрүүнү көздөп, алга кадам таштоону туюндурган эмес, учурдагы саясий кризисти курчутуучу, ыркты ырбатуучу талаптарга окшош сыяктанат. 1. Президент кымбатчылыкты токтотсун. Кантип? Жарлык мененби? Баалар көтөрүлбөсүн, базардагынын баары арзандасын деген Указ чыгарсынбы? Ооба, өкмөттө өтө көп чабал иштер болуп жатат. Өкмөт ошол кемчилигин жоюш керек. Бирок кымбатчылыктын баары эле биздин өкмөттөн көз каранды эмес да. Президент жарлыгы менен Нью-Йоркто 1 баррели 100 долларга (эң жогорку көрсөткүч) жеткен нефтинин, Россия менен Казакстан дүйнөлүк тенденцияга байланыштуу кымбаттап бараткан буудайдын Өзбекстандын эларалык баада сатам деп жаткан газын арзандата алабы? 2. Референдумда кабыл алынган КР Конституциясы менен Шайлоо кодекси легитимсиз деп табылсын! Демек, референдум легитимсиз деп табылсын. Демек, укук мыйзамдык вакуум. Демек, кайрадан эски Конституцияга кайтып барышыбыз керекпи? Кайра шайлоо өткөрөбүзбү? Болгондо да можаритардык система менен? Демек, баягы эле ызы-чуу кайра башталат турбайбы! 3. Жогорку Кеңеш легитимсиз деп табылсын! Буга ылайык ал кабыл алган мыйзамдар, токтомдор жана башка нормативдик-укуктук актылар легитимсиз деп табылып, жокко чыгарылышы керек болот. Мындан сырткары Боршайком мүчөлөрүн жоопко тартып, камоочусун камап, айдоочусун айдап, БШКны бүт таратуу талабы. Бирөөнү камамак турсун жумуштан алганда же сын айтылып, айып тагыла турган болгондо эле аны коргоо комитети түзүлүп, митинг-пикеттер уюштурулуп ызы-чуу башталып кетчү эле, саясый өңүттө кызматтан ала турган иликтеп жоопко тарта турган болсо, албетте, баш-аламан ызы-чуулар башталбай койбойт. Бул көчө демократиясынын өңүтүнөн алып караганда. Ал эми укуктук өңүттөн алганда ал үчүн далил, аргумент, мыйзамдуу негиз болуш керек. Анын баарын укук коргоо органдары иликтеп, сот органдары тыянак чыгарышы керек. Курултайдын резолюциясындагы талаптардын басымдуу бөлүгү мыйзамдуулукка байланыштуу болуп, мыйзамдуу жол менен эмес, революциялык жол менен тез орундатууну талап кылат. Референдумдун, парламенттик шайлоонун жыйынтыгын, жокко чыгаруу ЖК кабыл алган мыйзамдардын легитимсиздигин белгилөө БШК мүчөлөрүн жоопко тартуу сыяктуу процедуралар Конституциялык сот менен сот органдарынын компетенциясына кирет. Мына ушул жагдайларды эске алып, Бишкек шаардык прокуратурасы курултайдын уюштуруучуларына - А.Жекшенкуловго, А.Эркебаевге, Ө.Текебаевге, Т.Сариевге, М.Чолпонбаевге, А.Бекназаровго КР мыйзамдарын бузганга жол берилбестиги тууралуу эскертүү берди. Аны оппозиция лидерлери, албетте, Акүйдүн заказы, коркутуу катары кабыл алышты. "КР прокуратурасы жөнүндө" мыйзамдын 21-беренесине ылайык прокуратура кызмат адамдарына же жарандарга укук бузуунун алдын алуу үчүн эскертүү берет. Мындан 2 жыл мурда да апрель-май айларындагы массалык митинг учурунда да оппозиция өкүлдөрүнө берилип, бир топ чууну жараткан болчу. Баш мыйзамга ылайык Элдик курултайдын чечими сунуш ирээтинде тиешелүү органдарга жиберилиши керек. "Бирок кабыл алынган резолюция сунуш эмес, тапшырма мүнөзүндө, ал Башмыйзамдын талаптарын бузат" дейт прокуратура. Ошондой эле "эгер талаптар аткарылбаса, республика боюнча жалпы моюн сунбоочулук жана каршылык акциялары башталат" дегени өлкөдө коомдук-саясий абалды курчутууга алып келет деп айтылат билдирүүдө. Мындай эскертүүнү эле эмес токтом, буйрук, мыйзамдар аткарылбай келаткан заманда бул эскертүүнү эч ким эстеп, аны менен эсептешпейт. Мындай эскертүү да мыйзамдуу болсо да, абалды бир аз болсо да курчутуп жибериши мүмкүн. Ошондуктан аны эч ким аткарбагандыктан, тынчтыкты сактоо максатында мындай эскертүүлөрдү бербей эле койгон оң. Алтын КАЗИЕВ Чиновниктер да айып тартат КРнын адилет министри Марат Кайыпов: "Маалымат бергиси келбеген чиновниктер айып тартат" Маалымат берүүдөн баш тарткан мамлекеттик чиновниктер мыйзам чегинде жооп берүү тууралуу мыйзам долбоору даярдалууда. Азырынча күчүнө кире элек. Бул мыйзам долбоору туурасында демилгечи төмөнкүлөрдү айтып берди. - Марат Таштанович, маалымат берүүдөн баш тарткан мамлекеттик кызматкерлер мыйзам чегинде жоопко тартылат деген мыйзам долбоору тууралуу айтып берсеңиз? - Мамлекеттик, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарындагы кызматкерлердин өзүнчө укукка жетүү мыйзамы кабыл алынган. Мыйзамга ылайык өкмөткө тапшырма берилген. Биз азыр ошол мыйзам долбоорунун кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргиздик. Эми маалымат берүүдөн баш тарткан, же кайрылган жарандарга туура эмес мамиле кылган, такталбаган маалыматтарды тараткан же маалыматты кечиктирип берген мамлекеттик кызматкерлер мыйзам чегинде жоопко тартылат. Буга ылайык 500 сомдон 1000 сомго чейин айып төлөгөнгө милдеттүү. - Бул качан күчүнө кирет жана натыйжасы кандай болот? - Даярдалган долбоор президентке жөнөтүлөт. Өлкө башчысы карап, макулдугун берип кол коюп, жарыя кылат. Ошол убактан тартып Кыргызстанда чиновниктер өздөрү чуркап маалымат бере башташат. Албетте, жакшы натыйжа берет. Азыр кайрылган жарандарды артынан сүйрөп, маалымат бербей, берсе да туура эмес же кечиктирип берген кызматкерлер көп. Канчалаган жарандар жогорку кызматтагы чиновниктерден маалымат ала албай, жолуга албай укуктары тебеленип жүрөт. Демек бизге мындай мыйзам да керек экен. - Эгерде сиз дагы мыйзамды бузсаңыз, айып төлөгөнгө даярсызбы? - Албетте. Эгер чындыгында эле мыйзамда жазылгандарды аткарбасам, маалымат берүүдөн баш тартып, жарандардын укугуна шек келтирсем айып тартканга даярмын. Мыйзам бардыгыбызга бирдей. Суроо салган Жазгүл ИБРАЕВА |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|