![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №10, 25.04.08-ж. |
Меймансап Форум Шыбыргак АКШнын жаңы элчисин күтүп жатабыз Президент Ж.Буштун Кыргызстандагы элчи Мари Йовановичти Арменияга элчи кылып которуу жөнүндөгү буйругуна ылайык анын ордуна Татьяна Гфеллер - Волко айым элчи болуп келээри маалым болду. Т.Гфеллер-Волков айым орус, француз, поляк, италиян, испан тилдеринде мыкты сүйлөгөн дипломат. Буга чейин, Түркмөнстан, Аравия, Бахрейн, Польша, Бельгия, Оруссияда ар кандай дипломаттык иштерди аркалап келген. Бир нече китептердин автору. Бакалавр жана магистр наамдарына ээ. Күйөөсү, бир уулу бар. Интерполдун генсеги биздин "Каттаниге" ыраазылык билдирди Учурдагы Нарындын генерал-губернатору Ө.Субаналиевдин наамына Интерполдун генсеги Ренальд К. Нобул мырзадан ыраазылык келип түштү. Ырасы "Каттанинин" эл аралык полиция уюмуна сиңирген кайсы эмгеги бар эч ким билбейт, билсе Өмүрбек мырза өзү жана Интерполдун генсеги билээр. Бирок канткенде да кыргыз генералынын Интерполдун генсеги тарабынан көңүлгө алынып жатышы кубандырат. Ө.Субаналиевден башка бир да кыргыз генералы бүгүнкүгө чейин интерпол тарабынан мындай көңүл бурууга татый элек. А.Бекназаров жаңы "кызматка" отурду "Асаба" партиясынан кеткенин "ордумда ашыгы менен отурдум" деп түшүндүргөн А.Бекназаров эми "Ыйык жерлерди коргоо" башында туруп кыргыздын кошуналарга өтүп кетип жаткан жерлерин коргомой болду. Тарых кайталанат дегендей убагында Үзөңгү-Кууш маселесинен аброй тапкан Азимбек мырза өзүнүн ылдый кулап бараткан рейтиңин, быкшыган Бишкекте эмес, шамал кезген тоо-талааны кыдырып жер коргоп бекемдемей болду өңдөнөт. "Кыргыз Руху" кайрадан көкөлөдү Алты ай бою соттон сотко сүйрөшүп, чыкпай келаткан айтылуу гезит "Кыргыз рухунун" айласыз "каникулдан" кийинки алгачкы саны жарык көрдү. Редактор Т.Сулайманов баш болгон "Кыргыз руху - 2" гезитинин алты айлык өмүрү аяктап, сот "ээлик кылуучулардын талаш-тартышына" чекит койду. Гезиттин ар намысы үчүн акыр-аягына чейин бекем турушкан "рухчул" калемдештерибиздин жакшылыгына биз да жетине албай сүйүнүп, аларга чыгармачыл майдандагы жаңы ийгиликтерди каалап турабыз. Пенсионерлердин көйгөйү каралат Жакынкы күндөрдө Бишкек шаарынын мэри Д.Үсөнов Улуттук филармонияда пенсионерлер менен жолугушуп, суроолоруна жооп берет. Бул жолугушууда азык-түлүккө болгон баанын өсүшү, жол киренин жогорулашы жана жеңилдиктерди берүү туурасында маселелер козголот. Ошондой эле Бишкек шаардык кеңеши, эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри, саламаттыкты сактоо министри жана Соцфонддун төрагасы пенсионерлердин көйгөйлөрүн угушмакчы. Жолугушууга негизинен 700 пенсионер чакырылды. Курулат эле дешет… Ушул жылы Бишкекте 7 жаңы мектеп жана бир бала бакча курулат. Мындан сырткары төрт мектеп кайрадан эксплуатацияга берилет. Алар: Орок, Учкун, Акбата, Акбосого жаңы конуштарындагы орто мектептер. Ал эми келээрки жылы Арча бешик, Каражыгач, Акөргө жана Алатоо конуштарындагы мектептер эксплуатацияга берилмекчи. Ысык суу токтотулат Борбор калаада ысык суу 12-майдан тартып бир ай токтотулат. Ысык суу берүүчү каналдардын абалын жакшыртуу максатында жыл сайын суу түтүктөрүнө бир ай бою оңдоо иштери жүргүзүлөт. Быйыл дагы профилактикалык иштер 12-майдан тартып 12-июнга чейин жүргүзүлүп, суу түтүктөрүнүн абалы жакшыртылат. Ж.Арыкова СИЗОдон бошой албай жатат Кытайлар менен бирге шпиондук кылган деген айып менен түрмөгө камалган ЖКнын басма сөз кызматынын кызматкери Жыпаргүл Арыкованын СИЗОдо жатканына 10 айдан ашты. Сот аны актап, айыбын жумшарткан статья менен 3 жылга колония-поселениеге кескен эле. СИЗОдо отурган 10 айы эки жылдан ашуун убакытка эсептелгенин эске алсак Жыпаргүлдүн азаттыкка чыгаары жакындап калган. Ал эми аны менен чогуу айыпталган кытай жараны Ысмаил Усек 12 жылга кесилген. Ал өкүмгө макул болбой Бишкек шаар сотуна кайрылган. Ал арыз каралмайын Арыкова СИЗОдон колонияга чыга албайт. "Кабарда" жаңы кабар Улуттук "Кабар" маалымат агенттигине жаңы директор келди. Надырмамат Момунов эки жылдан бери ээлеп келген бул орунга белгилүү журналист, мурда "Азаттыкта" эмгектенип келген, кийинки убактарда чет өлкөдө иштеп жүргөн Нарын Айып дайындалды. Надыр Момуновдун айтымына караганда башка ишке өтүү анын өзүнүн каалоосу боюнча экен. Ал эми жаңы директор жаңы дайындоолор тууралуу комментарий бере элек. А.Салымбеков "Город - 312" группасына белек тартуулады Атагы алыска жайылган "Город - 312" кыргыз-орусиялык музыкалык тобу Бишкектин чылгый күркүлдөрү катышкан кайсы бир жабык кечеде ырдап чыгышса ал жерде конок болуп отурган депутат А.Салымбеков топтун музыканттарына өзгөчө белек - таза кандуу кыргыз аргымагын тартуулады. Мындай белекке музыканттар орус эстрада сересинде Кыргызстанды тааныткандыктары жана кай жерде болбосун өзүлөрүнүн Кыргызстандык экендиктерин жашырбай келе жатышканы үчүн татыктуу болушту. Топтун "энеси" ырчы С.Назаренко аргымакты эми эмне кылабыз деп чыкса, депутат мырза эгер зарыл болсо атты самолетко салып Москвага таштап коеорун сыпайы билдирди. Депутат К.Карабеков кесиптеши Л.Сыдыкованын "апендичилигине" таң калды "Теле көрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндөгү" мыйзамды талкуулап жатып депутаттар К.Карабеков менен Л.Сыдыкова бири-бирине бир сыйра заар чачып алышты. Доклад окуган Л.Сыдыкова Кыргызстанда башка өлкөлөрдүн телекөрсөтүүлөрүнө тыюу салыш зарыл десе, депутат К.Карабеков "сигналды кантесиз, дубал орнотосузбу же дубал тососузбу, мындай апендичиликти түшүнбөйм", - деп чыкты. К.Карабековдун пикиринде эгерде мыйзам ушу бойдон кабыл алынса анда Кыргызстандагы 17 телерадиокомпания токтоп, 2.5 миң киши көчөдө калат, ошондой эле параболикалык жана спутниктик антенналарга тыюу салууга туура келет экен. Киев көчөсүнө Масалиевдин ысмы берилбейт Шаар кеңешинин депутаттары ушинтип чечишти. Бирок аксакалдын 75 жылдык юбилейин өткөрүү боюнча иш-чаралар жүрүп жатат. Аны өткөрүү боюнча комиссиялык вице-премьер Д.Нур уулу башкарууда Орусия каалайбы жокпу, 1916-жылды эскертишибиз керек Кыргыз парламенти 1916-жылдагы көтөрүлүштү жыл сайын 16-августта эскерүү күнү катары белгилеп туруу чечимин кабыл алган эле. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстанда 1916-жылдагы курмандыктарды эскерүү күнүн белгилөө жөнүндөгү чечимдин кабыл алынышы кыргыз-орус мамилелерине доо кетиши мүмкүн деген билдирүүсүн таратты. Билдирүүдө "ал кагылышта миңдеген орус келгиндери да кыргынга учураганы, бир кылым өткөн бул окуяны эми кайра көтөрүп саясатташтыруунун канчалык кажети бар экендиги" айтылат. Падышалык орус аскерлери тарабынан 150 миң кыргыз кырылган бул кандуу кагылыштын курмандыктарын эч кандай саясатка байлабай жөн гана эскерип туруу кыргыз элине парз экенин ЖКнын вице-спикери К.Исабеков билдирди. Пираттар чыгым болушту КРнын мамлекеттик патент кызматы "Пиратчылыкка жол жок!" деген аталыштагы акцияны баштады. Бул иш чара мыйзамсыз түрдө пираттык жол менен чыгарып сатып жаткан 6 миң аудио-видео дисктерди жок кылуу менен башталды. Кыргызпатент билдиргендей, республиканын аймагында мыйзамга туура келбеген, автордук укукту тебелеген пираттардын дисктери аябай көбөйүп кетти. Мына ушундай көрүнүшкө тыюу салуу максатында айрым базарлардагы үйүлгөн арзан баадагы дисктер атайын машинанын тебелендисинде калды. Электр жарыгы кымбаттайбы? Электр энергиясына болгон тариф үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан тартып 13%га жогорулашы күтүлүүдө. Анда 1 кВт сааттын наркы 70 тыйынга туура келет экен. Бул карапайым калк үчүн болсо, өнөр жай ишканаларында электр жарыгынын тарифи 20%га көбөйөт (1кВт сааты - 96тыйын). Мындай баанын өсүшү - республика төмөнкү вольттук тармак менен тейленет. Кошумчалай кетсек, кийинки убактарда электр энергия жабдууларын уурдоо далилдери да көп катталууда. |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|