![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №10, 25.04.08-ж. |
Меймансап Форум Апта дүрбөлөңдөрү… Погончондордун кармашы Кыргыз инспектору Орусия офицерине мыйзамдын чегинде ок чыгарды Кыргызстандагы орус элчилигинин билдирүүсүнө таянган орусиялык бир катар маалымат агенттиктери Канттагы орус авиабазасынын кызматкерлерине куралдуу кол салуу болгондугу туурасында дүрбөлөң кабар таратып жиберишти. 20-апрель күнү түнкү саат экилерде авиабаза кызматкерлеринин автомашинасын эч кандай таанымал белгилери жок джип автомашинасы тоскон. Андан түшкөн милиция кийиминдеги куралчан адамдар эч бир документ көрсөтпөй туруп жана себепсиз эле авиабаза кызматкерлерин жерге жаткырышып, ур-тепкиге алышкан. Бир милиционер болсо орус жарандарына ок чыгарып, натыйжада авиабазанын офицери жарадар болгон. Учурда элчилик кыргыз ТИМне нааразылык нотасын жиберип, окуянын чоо-жайын так аныктап берүүнү талап кылууда. Аталган окуя боюнча КР ички иштер министрлиги өз билдирүүсүн коомчулукка жарыялады. 20-апрель күнү, түнкү саат 2 менен 3түн ортосунда Бишкектин Жибек жолу жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинен күмүш түстөгү В7554 N номерлүү "Тойота-Аристо" автомашинасы жол эрежесин одоно бузуп, МАИ инспектору Н.Уркунбаевдин токто деген ишаратына моюн сунбай качып жөнөгөн. Шектүү көрүнгөн бул автомашинаны МАИчилер Канттан кууп жетип кармашкан. Инспектордун мыйзамдуу талаптарына баш ийбеген түнкү жолоочулар каршылык көрсөтүшкөн. Тапанчадан 5 жолу эскертүү иретинде ок аткан МАИ кызматкерлеринин бирөөсү алтынчы жолу атканда 24 жаштагы авиабазанын улук лейтенанты М.Зотовко ок жаңылып, жарадар болгон жана ал адегенде Канттагы ооруканага жеткирилип, андан соң Улуттук хирургия борборуна которулган. Борбордун орун басар деректири А.Садыгалиевдин айтымында бүгүнкү күндө М.Зотовдун денсоолугу операциядан соң калыбына келүүдө. Окуя боюнча Чүй облпрокуратурасы иш козгоп, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Ал эми М.Зотовдун жанындагы эки досу - 24 жаштагы Даулет Шулгаувов (улуту казак, орус жараны, 20022 авиабаза аскер бөлүгүндө иштейт) жана 26 жаштагы Ясыров Рахим (дунган, "Ай-Пери" жеке фирмасында иштейт) аман-соо иштерин улантууда. Аларга кылмыш ишин козгоого эч негиз жок, МАИ кызматкерлерине кыр көрсөтүп алар менен жакалашкан М.Зотов гана болгон. Окуя болгон учурда бул үчөөнүн тең мас абалда болгонун ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгынын начальниги К.Кыдырбаев жана дарылап жаткан врачтар расмий түрдө билдиришти. К.Кыдырбаев мырза окуя болгон Кантка, андан ары авиабазанын жетекчилигине жолукканда базанын өкүлү ага орой корчоңдоп, түшүндүрмө берүүсүн талап кылган. К.Кыдырбаевдин айтуусунда Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык ИИМдин кызматкерлери одоно тартип бузган жана адамдардын өмүрүнө коркунуч келтирген транспорт каражаттарын токтотуу үчүн курал колдонгонго акысы бар. Муну ИИМдин ички коопсуздук кызматынын начальниги Э.Кангелдиев жана ИИМ орун басар министри Т.Субанов ж.б. расмий адамдар да тастыктап жатышат. КР коопсуздук Кеңешинин катчысы Т.Мамытов бул окуяга карата төмөндөгү пикирин билдирди: "…Бул чуулгандуу окуя Кыргызстанда жана тышкы коомчулукта чоң резонанс жаратты. Тилекке каршы учурда болгон окуяга саясий боек сүртүү аракеттери байкалууда. Кыргыз тарап болгон окуяны мас адамдар тарабынан жасалган тартип бузуучулук катары гана кабылдайт. Жаш офицердин денсоолугуна олуттуу зыян келтирилгендиги кейитет. Мен бардык жоопкерчилик менен айткым келет: болгон окуянын кесепети салттуулукка айланган кыргыз-орус достук мамилелерине доо кетирбес үчүн биз бардык аракетибизди жумшайбыз". Катчы мырзанын го убадасы дурус, саясий боек сүртүү аракеттери байкалууда деген кабатыры кантет… кыргыздын Орусияда кыргынга учурап жаткан нечен уулдарынын өлүмүнө сүртүлбөгөн саясий боек эми авиабазанын мас офицеринин кылган жоругуна карата сүртүлүп жатабы? Саясий боек эмей эле Кыргызстандагы орус тилдүү басылмалар, айрыкча ашкере орус маанайлуу "Дело №…" гезити кыргыз милициясынын аталган кырдаалда жүргүзгөн иш-аракетине түздөн-түз шек келтирген пикирин ачык эле таңуулап жатпайбы? Мындай шекшинүүлөргө эгерде милиция кызматкерлери өз милдетин так жана сабаттуу аткарышканда мүмкүн жол берилмек эмеспи, ким билет. №3-колониянын капитаны милиционерлерден ок жеди ГУИНдин №3-колониясынын оперативдүү бөлүмүнүн начальниги Ч.Керимкулов милиция кызматкерлери чыгарган октон жаракат алганын билдирди. Окуя өткөн аптанын 17-апрель күнү болгон. ГУИНдин жетекчилигинин билдирүүсүндө капитан Ч.Керимкуловду 17-апрель күнү кечки саат 19.00 чамасында Аламүдүн РИИБнин кызматкерлери белгисиз жакка алып кетишкен. Ал эми түн ортолоп калган ченде Чүй областтык ооруканасынан моюнга ок жеген жаш жигит келип түшкөндүгү жөнүндө кабар билдирилген. Жаракат алган бул адам №3-колониянын кызматкери Ч.Керимкулов болуп чыкты. Азыр ал дагы эле ооруканада жатат. ГУИН Генпрокуратурага арыз жолдоп кылмыш ишин козгоону өтүнгөн. Бирок милиция жетекчилери муну менен макул эмес, алардын өзүнүн боможолдору бар жана алар ГУИНдики менен дал келишпейт. Аламүдүн ИИБнин начальниги полковник С.Айдаровдун айтымында кырдаал башкача болгон. 17-апрель күнү оперативдүү-тергөө тобу тарабынан наркотик сатып жаткан жеринен ички кызмат капитаны Ч.Керимкулов кармалган. Күзөт бөлүмүнө жеткирилген капитан ыңгай учур келгенде качып жөнөгөн. Күзөтчүнүн "Токто, атып салам!" деген эскертүүсүнө көңүл бурбаган капитандын төбөсүнөн милиционер эскертүү иретинде эки жолу асманга ок аткан. Андан соң Ч.Керимкулов жыгылган. Караңгы болгондуктан кайып тийгенби же түз тийгенби, иши кылып капитанга үчүнчү ок жеткен. Учурда капитан Ч.Керимкуловдун үстүнөн кылмыш иши козголуп, наркотикалык заттарды сактагандыгы жана саткандыгы үчүн деген айып тагылууда. Кызматтык териштирүү кошо жүргүзүлүүдө. Сот майданда… Буюртма кыргындын күнөөкөрү ким? 24-апрель күнү Бишкектин Биринчимай райсоту спецназчы Э.Мамбеталиевдин үстүнөн сот процессин улантты. Гезитибиздин өткөн санында күбөлөр - Ж.Сурабалдиевдин жансакчы шопуру Б.Айтматовдун жана ИИМдин Өзгөчө кылмыш иштери боюнча тергөөчүсү К.Жукеевдин көрсөтмө беришкенин жазганбыз. 8 буюртма адам өлтүрүү фактылары боюнча Р.Акматбаевдин тобунун мүчөсү делинген Э.Мамбеталиевдин ишин кароону уланткан бул процесс ИИМдин Казакстандагы өкүлү, 2004-жылдын февралында атып өлтүрүлгөн "Рохат" пансионатынын деректири Б.Бурхановдун тууганы А.Касымовдун күбө катары көрсөтмө берүүсүнөн башталды. А.Касымовдун айтымында Өзбекстандын Улуттук Банкына тиешелүү "Рохат" пансионатына анын жездеси Б.Бурханов 2000-жылы директор болуп дайындалган. Ага чейинки деректири Р.Акматбаевдин таасири астында болуп пансионатта Рыспектин жээндери иштешкен. Пансионат Акматбаевке күмбөз салуу үчүн үч техника бөлүп берип, бирок алар кайтарылган эмес. Жаңы деректир Б.Бурханов тартип орното баштаганда Акматбаевдер менен чыр башталган. Б.Бурханов ИИМдин бандитизм жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча Башкы башкармалыкка арыз жөнөткөн. ГУБОПтун кызматкерлери фактыларды аныктап, иш козгой турган болуп калганда Р.Акматбаев Б.Бурхановго телефон чалып, кечирим сураган жана техниканы кайтарып берүүгө убада кылган. Буга байланыштуу ишти тынчтык жолу менен өз ара чечишмек болушат. Ошондон кийин 4 жыл бою Б.Бурхановго эч ким тийишкен эмес. А.Касымовдун сөзү боюнча ал 2002-жылы КМШ өлкөлөрүнүн уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү Бюросунун жетекчилеринин бирөөсү менен жолугуп сүйлөшкөндө ал жетекчи КМШ аймагында Р.Акматбаевдин тобунан өткөн коркунучтуу топ жок экенин, жана топтун эсебинде 52 буюртма адам өлтүрүү бар экенин айткан имиш. Э.Мамбеталиев жана мурдакы милиция кызматкери М.Жумагулов Акматбаевдин тобун калкалоо боюнча иш жүргүзүшкөн. Ошол күнү Б.Бурхановдун Бишкектен жөнөп чыккандыгы жөнүндөгү коңгуроо Э.Мамбеталиевдин телефонунан жасалган. "Премьер-министр А.Атамбаевдин кийлигишүүсү гана тергөө аракеттерин аягына чыгарууга мүмкүнчүлүк бербеди", - дейт А.Касымов. Мына ушу жерден Э.Мамбеталиев тура калып "Эй аксакал, ушинтип айткандан уялбайсыңбы?" деп кыйкырып калды. Э.Мамбеталиевдин өз кезегинде А.Атамбаевге жан сакчы болуп жүргөнү маалым. Андан кийин күбө катары жабырлангандар тарабынан ГУБОПтун мурдакы начальниги Ш.Байзаков көрсөтмө берип, Б.Бурхановдун арыз бергенин тастыктады. Анын айтымында Р.Акматбаевдин тобу ИИМде "ысыккөлдүк" топ катары эсепте турган жана Э.Мамбеталиев бул топтун мүчөсү катары эсепте турган. Ш.Байзаковдун бул сөзүнө Э.Мамбеталиев "Ошондо мен ИИМдин спецназынын рота командири болсом анан кантип кылмыштуу топтун эсебинде турам?" деген собол узатты. Ш.Байзаков буйдала түшүп, оңду жооп айта алган жок. Андан кийин депутат Ж.Сурабалдиевди өлтүрүү эпизоду боюнча 72 жаштагы Ош облусунун тургуну Э.Шопокова көрсөтмө берди. Байбиче Э.Мамбеталиевди түшкү саат бирлер чамасында Аламүдүндөгү мечиттен көргөн, бирок кай число экени эсте жок, айтор ошо күнү кечинде теледен кайсы бир депутаттын өлтүрүлгөнүн уккан. Кылмыштуу топтун мүчөсү Д.Тургунбаевдин өмүрүнө кол салуу эпизоду боюнча Э.Мамбеталиевдин аялынын курбусу, 35 жаштагы Б.Дыйканова көрсөтмө берди. Анын айтымында 2007-жылдын 22-февралында (тергөөнүн ою боюнча Д.Тургунбаевге Э.Мамбеталиев кол салган күн) Э.Мамбеталиев аялы менен анын туулган күнүндө болушкан. Бул жерден суракка жабырлануучу А.Жыртакова (өлтүрүлгөн авторитет Т.Абасовдун аялы) аралашып, ошо күнү Б.Дыйкановага жолугушканын, Мамбеталиевдер келдиби деп сураса Дыйканова жок деп жооп бергенин эстетти. А.Жыртакованын ою боюнча Б.Дыйканова Э.Мамбеталиев үчүн атайын алиби камдаган. Бирок Б.Дыйканова анын баары калп деп билдирди. Соттун кийинки отуруму 25-апрелге белгиленди. Бетти даярдаган Бахтияр ШАМАТОВ |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|