![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №10, 25.04.08-ж. |
Меймансап Форум Жөнсереп… Борбор Азияда кайсыл өлкө лидер боло алат? Мыскыл тамашасы жогеле айтканда мындай бакыт Кыргызстандын башына коноору толук ыктымал. Мындай бүтүм чыгарууга кандай жагдайлар түрткү боло алат? Эгемендик алгандан берки 17 жыл ичинде көкөлөп учкан саясый да улуттук да дымак ылдыйлап, реалдуу муздак турмушка соолугуп турабыз. Сатканын саттык, дагы эле сатып жатабыз, талкалаганын талкаладык, байыган байып, калың калк итке минип отуруп калды. Эми мындан ары эмне кылабыз деген собол муунтуп турат. Нан издеп сыртка көп эле тозуду, канча кетти, анын эсебин эч ким так айталбайт. Казактар, өзбектер өнүгүп кетти деп суктана калмайыбыз бар. Мунун чындыкка канчалык жакын экенин билбейбиз деле. Ушу тапта чын эле Борбор Азияда аябай өнүктү деген, лидер болот деген өлкө деги кайсы? Албетте Казакстандын орду өзгөчө. Бирок бул сырттан карап бакканга гана ошондой көрүнөт. Кычыраган офистер, супермаркет дүкөндөр, кымбат машинелер, мен-мен деген курорттордо топурап жүрүшкөн "жаңы казактар" чындап эле ушундай ойго түртөт. Ошондой болсо да Казакстанды бүгүн катуу кризис кысмактап, айласын курутуп туру. Дүйнөлүк мыйзам-ченемдүүлүктө "ресурстардын каргышына калган" деген түшүнүктүн дал бир далили ушу Казакстандын бүгүнкү абалынан көрүнүп турат. Ааламда өнүккөн мамлекеттердин бири да муну кыйгап өтө алышкан эмес. Казактар учурда жылына 60 млн тонна нефти өндүрүп аны 150 млн тоннага жеткиребиз деп турушат. Бирок мындан түшкөн пайданын 90 пайызы чет элдик инвесторлорго кетет, мамлекетке калат деген 10 пайызы иш жүзүндө бир ууч адамдардын гана чөнтөгүнө түшөт. Муну жек көрүндү "күйөө бала" Р.Алиев айтпаса да элдин баары түшүнүп турат. Маселен, Орусияда нефтинин тагдыры ишкерлер менен мамлекеттин колунда. Анын пайдасы да өзүлөрүнө калууда. Айталык, Р.Абрамович Чукотка облусун жеке өзүнүн чөнтөгүнөн эле багып жатпайбы. Казакстанда болсо түк мындай болбойт. Маселен, казактар мактаган финансылык системаны алалы. Бүгүнкү күндө Казакстандын тышкы карызы 100 млрд долларга жетти. Ушул эле жылы республика тышкы карызга 12 млрд доллар төлөшү керек. Жалпы карызды жан башына бөлүп келгенде КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Казакстандыкы эң жогору болот. Буга чейин маселе жеңил чечилип келген. Батыштан казактар эски кредиттерди жабуу үчүн жаңы кредиттерди алып турушкан. Мындай саясаттан улам кыска эле жылдар ичинде тышкы карыз жүз миллиардка өсүп кетти. Кредиттер эми берилбей калды. Элдин 70 пайызы жакыр. Демек мындай өлкө жакынкы жылдарда лидер боло албайт. Кыргызстанчы? Дүйнөлүк практикада өнүгүү фактору катары дайыма адам ресурстары эсептелет. Биздин жарым миллиондон ашуун эл Орусияда иштеп жүрөт. Алардан акча келип турат. Экинчиден, Орусия өзү каалабаса да жанагы жарым млн кыргыздарга жумуш берип, орус тилине, кесипке үйрөтүп жатат. Муну биздин өкүмөт жасашы керек эле орусия жасоодо. Мындан тышкары Орусиянын бизнесинин Кыргызстанга келиши жаңы иш орундарынын түзүлүшүн, өлкө коопсуздугун жана инвестициялык агымдын келишин шарттайт. Анткени башка кошуналарга караганда биз орустар менен бат эле ымала түзүп кете аларыбызды алар түшүнүп турушат. Баса, Орусияда иштеп жүрүшкөн кыргыздар да өзбек, тажиктерге караганда социалдык бир тепкич өйдө турушат. Коомду сапаттуу түрдө жаңылаш үчүн биз менталитетибизди өзгөртүп, аянттык, уруулук "демократиядан" арылуубуз зарыл. Атуулдук маселеси, улуттук маселелери өйдө коюлууга тийиш. Мунсуз биз бир лидердин, маселен К.Бакиевдин тегерегине топтоло албайбыз жана өнүккөн мамлекет да боло албасыбыз бышык. Бакыт МУРЗАЛИЕВ Узункулак Сапармурад Ниязовдун конституциясы эскирди Жаңы президент Гурбангули Бердымухамедов маркум түркмөнбашынын 1992-жылда кабыл алынган Конституциясынын кайрадан жаңы редакциясын иштеп чыгуу боюнча комиссиянын курамын бекитти. Адегенде республиканын парламенти элден түшкөн сунуш-пикирлерди чогултуп, анан жалпылап туруп жаңы редакцияны иштеп чыгат. Ал конституциялык комиссиянын кароосуна коюлуп, жактырылмакчы. Баса, түркмөнбашы С.Ниязов эски конституцияга "Түркменстан демократиялык, укуктук жана президенттик башкаруудагы мамлекет" деп жаздырткан экен, жаңы президент эми муну чындап турмушка ашырууга далалаты бар өңдөнөт. "Аль-Каида" Бушка "белек" даярдоодо "Аль-Каиданын" Ирактагы анабашы Абу Хамза Аль-Мухаджир Иракта 4000ден ашуун америкалык жоокерлердин жантаслим болгонун майрамдоо урматына АКШга карата бир ай тынбай террордук актыларды жүргүзө турганын жар салды. Аль-Мухаджир аталган майрамдын шарапатына "шылуун Бушка" "Аль-Каиданын" ар бир жанкечтиси бирден америкалык жоокердин башын тартууларын билдирди. Мындай билдирүүлөрдүн алдынан Иракта бир нече жанкечти сунит фанаттары АКШ тарабына өтүп кетишкен шииттерге каршы уюштурган терактыларда өзүлөрүн-өзү жардырышып, натыйжада жүздөн ашуун адам курман болгон. АКШнын администрациясы болсо Иракта бейкутчулук орногонун ааламга тынбай жар салууда. Грузия Абхазия менен согушууну каалабайт Деп билдирет Грузиянын реинтеграция министри Темур Якобашвили. Абхазия өзүнүн Грузия менен болгон чеги Галы районуна аскер күчтөрүн топтоп, кол салууну майтарууга кам көрүүдө. Абхазиянын ПВОсу буга чейин эки грузин чалгынчы самолетун өз асманынан атып түшүргөн. Учурда Сухумиге курамы 80 адамдан турган орусиялык аскер адистеринин чоң тобу келип иштеп жатат. Абхаздар Грузия менен согуштук аракеттер болуп кетишине толук ынанып турушат. Грузиянын ири аскер чиновниктери болсо жаңжалды тынчтык жолу менен гана чечүүнү айтышууда. Жакында эле Абхазиянын абадан коргонуу күчтөрү үчүнчү чалгынчы самолетту байкап, эскертүү иретинде ок атышкандан соң самолет кайра кайтып кеткен. Иса Пайгамбардын табытынын жанында мушташ чыкты Өткөн ыйык жекшембиде Иерусалимдеги Иса пайгамбардын табытынын жанында грек жана армян христиандарынын ортосунда мушташ чыгып кетти. Чырдын башы - пайгамбардын мүрзөсүнүн жанында кимдер көбүрөөк турушу керек, ошону талашуудан келип чыкты. Натыйжада грек священниги храмдан чыгарылып, эки армян динчилин полиция кармап кеткен. Буга ызаланган динчилдер чиркөөнү таштап салып, жапырт полиция участогуна барышып, нааразылык акциясын өткөрүшкөн. Кудайга тобо, ыйык туткан Иса пайгамбардын бейитинин үстүндө ушундай тартипсиз иштерди кылып атышкан христиандар башка жерде бири-бирин жөн эле жеп коюшкандан кайра тартышпайт сыягы. Иранга курал саткан англис ишкерлери кармалды 7 ишкер Ирандын коргоо министрлиги менен жашыруун келишимдин негизинде курал сатып жүрүшкөнүн англис бажычылары ачыкка чыгарышты. Көрсө ишкерлер Ирандагы ядролук куралдар боюнча адис Абдул Кадыр Хан менен байланыш түзүшкөн экен. Бул адам ядролук куралдардын "кара базарындагы" таанымал неме, анын кызматынан түндүк Корея, Ливия ж.б. өлкөлөр үзүрлүү пайдаланып турушкан. Англиялык үлгүдөгү эң мыкты ок атар куралдар, абадан коргонуу системалары жана ядролук жаңы технологиялар менен кенен соода-сатык жүргүзүп кудайын тааныбай калган бул ишкердин артынан эми атайын кызматтар аңдып жүрүшөт. НАТОго муш көрсөтүштү Украинанын бийликтери НАТОго кирүүгө камынып калганы менен аны жактырбаган адамдардын саны күндөн-күнгө көбөйүүдө. Жакында эле Крымда НАТОго каршы ири нааразылык өтүп, анда чочулаган эл НАТОго ачык эле муштум түйүштү. Эгерде жетекчи "сарылар" буга көңүл бурушпаса Крым өзүнчө автономия болгонго кудурети жетет деп билдиришти нааразычылык көрсөткөн эл. Украина Грузия менен НАТОго аз жерден, Германия жана Франциянын каршылыгынан улам кирбей калган эле. Ага карабай Украина НАТОго кирүү "бактысын" дагы бир жолу ушу жылдын декабрында сынап көрмөкчү. Президенттин кызы миллиардерби? Дүйнөдөгү миллиардерлерди үзгүлтүксүз санап, эсебин алып турган америкалык "Форбс" журналы жакында жаңы тизме жаңылап, ага Дарига Назарбаеванын ысмы да илинди. Ал эми президент И.Каримовдун кызы Гүлнара азырынча бул тизмеге кире элек, бирок жакынкы жылдарда кирип калышы ыктымал. Экс-президент Акаевдин кызы Бермет да атакеси бийликте турса миллиардерлердин катарына илинип калат беле, эми "Форбс" журналына илинүү анын түшүнө гана кирбесе кайдан… Баса, байлардын саны боюнча жакында эле тизме соңунда жүрүшкөн орустар учурда үчүнчү орунга чыгышты. Орусия Украина ортосунда жаңы чыр чыкты Газ маселеси аягына чыгып чыкпай орус-украин мамилелеринде жаңы чыр башталды. Себеби украиндер Орусияда чыгарылып жаткан МИГ-29 аскер учактарынын моторлорун өз алдынча ремонттоп же самолетторду чыгарганга орус тараптын макулдугу болмоюнча укуктары жок имиш. Мындай иштерди самолетторду жасап чыгаруучу орусиялык завод гана жүргүзгөнгө укуктуу. Ал эми украиндер эч кандай лицензия албай туруп эле МИГ-29 истребителинин моторлорун ремонттоп, Өзбекстан, Казакстан жана Азербайжан өңдүү кошуна заказчыларга жакшы баада кызмат көрсөтүп жатышат. Украин тараптын айткандарына караганда орус туугандар өзүлөрү кепке келбей жатышат, демек, алардын бул жоругунун артында саясый максаттар жатат, ал эми самолеттун моторлору жөн гана шылтоо болууда. |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|