![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №10, 25.04.08-ж. |
Меймансап Форум Ырмаек КРнын эмгек сиңирген артисти Гүлнур Сатылганова:"Убакыттын тез өтүп жаткандыгына өкүнөм" Элге белгилүү болуп калган ырчы Гүлнур Сатылганованы тааныштыруунун деле кажети жок. Азыркыга чейин аткарылып жаткан ырлары элдин жүрөгүнүн түпкүрүнөн орун алып келет. Ырчынын алдыга койгон кандай максаттары бар жана азыркы учурда эмне менен алектенип жаткандыгы туурасында маек курдук. - Гүлнур эже, учурда эмне менен алектенүүдөсүз жана алдыга койгон кандай максаттарыңыз бар? - Азыркы учурда жаңы ырларды жаздырып жатам. Ошону менен бирге эле жаңы ырларыма клиптерди тарттырууга аракеттенүүдөмүн. Жакында элиме чоң программадагы концерт берсем дегем, ошого даярданып жатам. Ал эми менин негизги максатым, чыгармачылыгымды мындан да өркүндөтүү жана изденүү менен аракеттенүү. Ошондой эле адам өзүн эле ойлобошу керек да. Ушул себептен мен да таланттарын элге тартуулашса деген ниетте эки-үч кызды чыгармачылыкка даярдап, тарбиялап жатам. Аларды да эл алдына алып чыксам деген максатым бар. - Сиз ырдап чыккан ырлардын баары эле популярдуулукка жетет десек жаңылышпайбыз. Аткара турган ырларыңызды өзүңүз тандайсызбы же авторлор өздөрү сунуш кылабы? - Мен ырды абдан тандайм. Себеби ошол мен аткарган ыр адамдын тагдырына байланышкан болушу керек. Мен ырдап жатканда, угуп жаткан адамдын жүрөгү тагдырдын ушундай экенин сезиши керек. Ошондой эле көп учурда мен жашоодо болуп жаткан нерселерге байланыштуу ырларды жаздырам. Көбүнчө акын Кыялбек Урманбетов менен иштешем. Кээде авторлор, обончулар келишет. Мен биринчиден, ырдын сөзүнө маани берем, жакшы ыр болсо, албетте, ал ырды репертуарыма кошом. - Ашканада кандай айымсыз? - Негизинен аялдын жакшы касиеттеринин бири - бул тамакты жакшы даярдоо. Мен ашканада бардык тамакты даярдай алам. Тамак даярдап жатканда жүрөгүм менен берилип жасаганды жакшы көрөм. Палоону, лагманды, мастабаны, күлчөтайды жана балыкты да жакшы кууруйм. Үйдө көбүнчө сиңдилерим жүрчү. Баарына тамак жасаганды үйрөттүм. Кээде айтып калышат, "сиздикине окшоштуруп жасаганга аракеттенсек да болбой жатат" деп. Мен айтам, аял деген тамак жасаганды билбесе дагы, өзүнүн фантазиясын иштетип, тамакты даамдуу жасаганга аракеттениши керек деп ойлойм. - Сиз машина менен көп жылдан бери жүрөсүз. Жол эрежесин бузуп МАИге түштүңүз беле? - Жол эрежесин көп бузбаганга аракеттенем. МАИ кызматкерлери көп токтотушат. Талантымды сыйлайбы, кээде бат эле коё беришкенде абдан ыраазы болуп калам. Бирок, ким болсоң да жол эрежесин бузсаң, айыбыңды тартышың керек да. Себеби, мыйзам бардык адамга бирдей. - Бул жашоодо сүйүнүп, кубанганыңыз эмне? - Ушул жарык жашоодо жашап жатканыма сүйүнөм. Күндө эртең менен аткан таңды көргөнүмө кубанам. - Кандай инсандарды баалайсыз? - Кыргыз эл артисти, эл сүрөтчүсү Сүймөнкул Чокморовду, СССРдин эл артисти, белгилүү балерина Бүбүсара Бейшеналиеваны, ал эми азыркы саясатчылардан президентибиз Курманбек Бакиевди абдан сыйлап, баалайм. - Жашоодо өкүнгөнүңүз эмне? - Өкүнгөнүм, убакыттын тез өтүп жаткандыгы... - Эмнеден коркосуз? - Табийгаттын күттүрбөй келген кырсыгынан корком. Башка мамлекеттердеги болуп жаткан табигый кырсыктарды угуп, ошондон улам элибизди күтүлбөгөн кырсыктан сакта деп Кудайдан тилейм. - Уулуңуз Арназдын келечекте кандай кесиптин ээси болушун каалайсыз? - Биринчиден, ыймандуу, адептүү, элдин керегине жараган инсан болсо дейм. Азыр жаш болгондуктан келечекте кандай кесиптин ээси болоорун убакыт көрсөтөөр. Бир жолу "Апа, мен чоңойгондо ырчы болсом колдойсузбу?",- дейт. Күлдүм. Ырдап чыкканга шыгы деле жок. Бирок көңүлүнө карап "колдойм" деп койдум. Негизи эркек адамдын ырчы болбой эле, башка кесипти аркалаганы жакшы деп ойлойм. - Атактуу эстрада жылдызы болууга эмненин аркасынан жеттим деп ойлойсуз? - Элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болуш үчүн, аткарган ырың түбөлүккө сакталып кала тургандай, уккулуктуу, элдин жүрөгүнөн орун ала тургандай болушу керек. Андыктан жакшы композитор, күчтүү авторлор менен иштешүү зарыл. Кээде улуу муундар ырыңды укса, кичүү муундар укпай коёт. Ошол себептен ырды бардык адамга жага тургандай, тандап алуу керек. Мен мисалы талыкпай чуркап, жасаган аракетимдин аркасынан ушул даражага жеттим деп ойлойм. - Маегиңизге ырахмат. Маектешкен Жазгүл КАРБОСОВА Табышмактуу тасма тагдыры Кинорежиссер Темир Маймашов: "Кинолордун оригиналын өзүбүз да көралбай жүрөбүз" "Туңгуюк", "Күзгү жалбырактар" аттуу кинону көрсөңүздөр керек. Ал тургай көздөрүнө жаш алып, бактысыз турмушка, катаал тагдырга, мээримсиз күндөргө акаарат айтып, башкы ролдогу Алтынайды аяп калгандырсыз. Аягы эмне болот, Алтынай кандай күнгө туш болот деген кинокүйөрмандар албетте көп. "Туңгуюк" жана "Күзгү жалбырактарды" улаган "Табышмактуу тагдырлар" тасмасы тартылды. Кинонун автору менен төмөнкүлөрдү сүйлөштүк. - Темир мырза, кино тартуу оңой кесиппи? - Мен сүрөт окуу жайынын живопись бөлүмүн бүтүргөм, сүрөтчүмүн. Совет доору кулагандан кийин эле "өзүңдү өзүң бил, колуңдан келгениңди кыл" деген заман келбедиби. Ошондо мен кино жаатынан өзүмдү өзүм сынап көрөйүн деп, 1992-жылы алгач "Карагул ботомду" тарттык. Бул менин эң алгачкы тарткан тасмам. Жардам сурайын деген ниетте өкмөттүк структураларга, маданият тейлөөчүлөргө көп кайрылдым, жооп ала албадым. Союз ыдырап, башаламандык болуп атса кино тартам деген мага таң калып, көздөрүнүн төбөсү менен кош көңүл карап узатып коюшчу. Кинонун фанаттары гана ойдогудай тасма тартат экен. Короомдогу мал-мүлкүмдү сатып, теректеримди кыйып, баарын топтоп туруп алгачкы тасманы тартып бүттүм. - "Туңгуюк", "Күзгү жалбырактар" техникалык жактан кемчиликтери абдан көп. Эмне үчүн кинонун сапатына көңүл бурган эмессиз? - Бул сценарий көптөн бери колумда жүргөн эле. Замандын ачуу-таттуусун, ошол күндөрдүн жүзүн кашкайта элге көрсөтө билген кино жаралса деп ойлочумун да, сарт санаасы менен байыйт болбоюнчу деп аракет кылган эмесмин. Себеби тартканга каражат жок эле. Сценарий колго жазылгандыктан, Ташкөмүрдүн студенттерине компьютерге басып берүү үчүн бергем. Колдон-колго өткөн сценарий көптөн кийин гана өзүмө кайтып келди. Ташкөмүрлүк студенттер спектакль кылып ойнойлу деп калышыптыр. Каражат тартыштыгынан ынаган жокмун. Бир адамдын социалдык абалы абдан жүрөгүмө тийген. Анан өзүмдү сынамакка "пробный" кино тартып көрүүгө ниеттендим.. Көпчүлүк көрө турган кино болору ойго да келбептир. Телевидениеден алган жалгыз камерам менен кинону тарттым. Ролдорду ойногондор өз каалоолору менен келишти. Ошондуктан эч кимисине деле гонорар төлөй албадым. Ташкөмүрдө карапайым элдин гана үйлөрүндө тартып жаттык. - Башкы ролду өзүңүз ойногонсуз го? Башка адам жок беле? - Өзүм ойлогондой башкы роль жакшы чыгыш үчүн, мен өзүм ойнодум. - Анда кинодогудай жашоодо да сиз ичкиликти жакшы көрсөңүз керек? - Көптөр ушинтип ойлошот. Көчөдөн эле "сиз аябай ичет турбайсызбы, жүрүңүз ичебиз" дегендер андан көп. Чыныгы жашоомдо мен табиятыман ичкиликке жокмун. Жайында суусаганда аз-маз пиво татып коём. Турмушта эң эле ыпылас дүйнөгө кирип, кинодогудай татаал күндөргө баш ийгим да келбейт. Ал ар бир адамдын өз колунда. - Кино бир гана Ташкөмүрдөн тартылгандыктан, көп каражат деле кетпесе керек? - Баш аягы болуп бул кинону тартуу үчүн 3000 доллар кетти. Бирок аны материалдык түрдө кайтарып ала албасам дагы, элдин бурган көңүлү менен кайтарып алдым. Кинону тарткандан кийин аябай күйдүм да. Себеби диским пираттардын колуна өтүп кетип, монтаждай албай калдым. Жанагы сиздер көрүп жаткан дисктердеги "Туңгуюк" менен "Күзгү жалбырактар" монтаждалган эмес, тартылган боюнча. Көргөндөр техникалык каталарды байкаса керек. Бирөө көрүп берейин деп сурагандан берип койсом ошо бойдон качып кетти. Кыргызстанга эле эмес, Казакстанга, Тажикстанга, Өзбекстанга чейин жетиптир. Өзбекстанда 20 миң долларга монтаждалыптыр, жакшынакай кылып көрүп атышат. Ал эми биз өзүбүз оригиналын көрө албай жүрөбүз. - "Табышмактуу тагдырларды" да бир эле камера менен тарттыңыз да ээ? - Мен көп жылдардан бери маданият тармагында бир нече долбоорлорду жазып алып, маданият министрлигинин, өкмөттүк структуралардын эшигин тыткам. Ушу чиновник сөрөйлөрдүн "макул, көрөбүз, кийинчерээк кел, чечип беребиз" деген сөздөрү кыжырды кайнатат. Маданият жана маалымат министри Султан Раевге кире берип таманым жыртылды. Бирок бирөөнөн дагы бир реакция, жооп жок. Негизи эле биздин мамлекет маданиятка көңүлүн буруп да койбойт, иши да жок. Андан көрө өз арабаңды өзүң түрткөнүң оң. Эгерде "Дордой" базарында иштеген соодагер эже болбогондо, "Табышмактуу тагдырлар" тартылбай калышы да мүмкүн эле. Ошол коммерсант айым мага "жардам берем, кинону аягына чыгар" деп атып, колдоо көрсөттү. Баягы эле бир камера менен тарттым. Аракет күчтүү болсо бир камера менен деле жакшы тартканга болот экен. Толугу менен кеткен чыгымды мойнуна алды, мен ыраазымын. Кинону мурдагыдан айырмалап, Ысыката курортунда, Воронцовкадагы санаторийде, Ташкөмүрдө тарттык. - Кинону эки бөлүгү менен эле калтырганда кызыктуу болот беле, же?.. - Көргөндөр Алтынайдын андан аркы турмушу тууралуу көп сурай башташты. Көпчүлүктүн суроосу менен "Табышмактуу тагдырлар" тартылды десем болот. Элдердин суранычы менен Алтынайдын бактысын бул бөлүгүндө чектеген жокпуз… - Кийинки убактарда жабыраган жаш ырчылар сыяктуу эле жаңы тартыла калып, кинотеатрларга көрсөтүлүп жаткан кинолор көбөйдү. Сапатсыз кинолорду тарта калып, акча тапмай бизнеске айландыбы? - Ооба. Ушундай пикирлер көп жаралууда. Чындыгында андай эмес го. Кийинки кездерде көп эле кыргыз сериалдары, кинолору тартылып жатат. Бирок мен бирөөнүн оокатына көз артпайм дагы, сындабайм дагы. Ар ким өзүн билиш керек. Кинонун өз жолу бар. Кинону бизнеске айланткан туура эмес. Анын сапаты өзүнөн-өзү бааланып, эл тарабынан мыктылары иргелип кала берет. Ырчылардыкы сыяктуу эле ар бир режиссердун өзүнүн күйөрмандары болот. Бирөөнө жагат, бирөө жактырбайт. Кинону чын эле бизнес катары кабыл алышып, быйылкы жылы көп кинолорду тартып жиберишти. "Министрдин кызынын махабатынын" 3-бөлүгүн да тартып жиберди. Бизнести коюп, кино жөнүндө түшүнүк алып алышса жакшы болот эле. Кинонун бизнес катары тарткандар да бар. Бирок таасири күчтүү, тарбиялык мааниси бар тасмалар элдин эсинде калат. Менде азыр 20дан ашуун сценарий бар. Тартканга эле шарт жок. Кыргыздын менменсинген, көкүрөк каккан жигиттери көз салып койсо эле мен тартканга даярмын. А мамлекеттеги айрым чиновниктерден болсо пайда жок экен. Искусство дегенди көмүскөдө эле калтырып коюшкан. Мен ушуга күйүп кетем да. - Гүлнур Асанова (Алтынай) менен катташып турасызбы? - Алтынай алгачкы жолу киного тартканыбызда 2-класста гана окучу. Анан 6-класста тарттык. Баласын алдырып, турмуштун татаал күндөрүнө туш келип, мышыкты кучактап калганда Гүлнур 9-класстын окуучусу болчу. Азыр болсо Искусство институтунда окуйт, Роза Аманованын шакирти. Маектешкен Жазгүл ИБРАЕВА |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|