Коомдук-саясый гезит
№10, 25.04.08-ж.

Меймансап
Форум



◄◄◄
  Концерт алдында...

Кинорежиссер Эрнест Абдыжапаров:
"Мен өзүмдү мыкты музыкантмын деп эсептебейм"
30-апрелде, А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында Эрнест Абдыжапаровдун музыкалык кечеси өтөт. Кечеде автордун жаңы ырлары, композициясы жаңырып, "Айыл өкмөтү", "Боз салкын" тасмаларынын оригинал дискинин жана "Вблюбленный вор" китепчесинин бет ачаары болот. Кеченин ээсине бир-эки суроо менен кайрылып калдык.
- Эрнест мырза, сиз эки жыл мурда концерт койдуңуз эле. Экинчи жолу музыкалык кече өткөргөнү турасыз. Бирок, орусча аталышта өткөрүп жатканыңыздын себеби бизди кызыктырат?
- Музыкалык кечемди орусча аталышта койгонумдун себеби бар. Кыргыздын ырларын орус улутуна да тааныштырсак деген максат менен "Музыкальный вечер Эрнеста Абдыжапарова" деп атадык. Кече орусча алынып барылганы менен кыргызча ырлар жаңырат. Эл алдына чыгара турган ырларым топтолуп калды.Баштан-аяк өзүм ырдайм. Залдан суроо болуп калса ошого жооп берем.
Менин чыгармачылыгым "Наристе" тобунда урма аспапта ойноп жүргөндө башталып, музыкага болгон шыгым ойгонгон. Бирок, мен өзүмдү "профессионал музыкант, композитормун" деп эсептегенден алысмын. Болгону музыкадан жолумду таап алдым деп ойлойм.
- Сиздин калемиңизге таандык "Боз салкын", "Кыш" аттуу ырларды угуп жүрөбүз. Ыр заказ берип, сураган ырчылар барбы?
- Бар. "Сиз ырларды "джаз" стилинде жазат экенсиз. Репертуарыңыздан бир ыр бербейсизби..." деп жаш ырчы кыз Айжан Газиева сураган. Сурагандар болуп калат. Бирок, азырынча ырларымды бирөөгө берсем деген ойдон алысмын. Ыңгайы келгендер ырдап жатышат. Мисалы, Сайра Момунбаева "Кыш" аттуу ырды ырдап жүрөт.
Суроо салган Назира СААЛИЕВА




  Сырмаек

Ырчы Жаныш Момунов:
"Сыздооктор жарылганда чыгабыз…"
- Жаныш, көптөн бери сахнадан көрүнбөй кеттиңиз, чыгармачылыкты таштаган жоксузбу?
- Ооба. Көпчүлүк "Жаныш-Байыш" тобунун дайыны чыкпай калды" деп жүрүшөт. А бирок алар биздин чыгармачылыктын үстүндө тынбай иштеп жатканыбызды билишпейт. Бала чагыбыздан Байыш экөөбүз тең музыкага сугарылып чоңойгонбуз, музыкалык билимибиз терең. Жаңы ырларды жазып, жаңы клиптерди көп эле тартып жатабыз. Телевидениеге, радиолорго алып барып берсең эфирден беришпейт, көмүскөдө калтырып коюшат. Канча эмгегиң текке кетет. Ушундай көрүнүштөн улам иштегиң да келбей калат экен.
- Демек, башка ишке өтөйүн деп жүрөсүзбү?
- Таптакыр эле чыгармачылыктан алыстап кетүүнү ойлогон жокмун. Биз Байыш экөөбүз студия ачканбыз. Студияда негизинен көбүнчөсү мен иштеп, ырларга аранжировка жасап жатам. Аранжировка жасоо менин бала кезден эңсеген тилегим болчу. Ошол каалоом аткарылып, азыр болгон дитимди аранжировкага койдум, студияда олтуруп өзүмчө эле ырахат ала берем.
- Силердин студиядан кайсы ырчылардын ырлары аранжировкаланат?
- Мактангандай болбоюн, биздин студияга Динара Акулова, Асел Турдалиева, Бек Борбиев, Сыймык Бейшекеев, Роза Шакирова, Венера Сатылганова жана башка ырчылар келип, ырларын аранжировка жасатып кетишет.
- Студияга түшкөн каражатты Байыш экөөңөр тең бөлүп аласыңарбы?
- Биз студияны каражат табалы, ырчылардын ырын жаздыралы деген максатта ачкан эмеспиз. Өзүбүз үчүн эле ачканбыз. Бирок, ырчылар бири биринен угуп олтуруп эле бизге келе башташты. Анан алардын да ырын жаздырып жүрүп чоң студияга айланып кетти. Каражат жагынан ортодо талашыбыз жок, тууганча чечишип алабыз.
- Музыкалык билимибиз терең деп айтып кеттиңиз, анда эмне себептен жаш ырчылардын арасында популярдуулуктун туу чокусуна жете албай жүрөсүздөр?
- Азыр талантка эмес, ырчылардын абалы КТРде иштеген продюсерлерге байланыштуу экенин билбей жатпайсыздарбы. КТРден продюсер таап алса, айылда кечээ эле кетмен чаап жүргөн бала эки жумада жылдыз болуп кете алат. Музыкалык билим деген бүгүнкү күндө акыркы орунда турат. Каалаганы эле сахнаны оюнчук көрүп ырдап чыгышууда. Телевидениеде иштеген продюсер тапсаң, акчаң болсо ырларың, клиптериң эфирден тынбай кетет. А биздин ырлар, клиптер канчадан бери жатат, эфирден беришпейт. Ушундай тоскоолдуктардан улам чыга албай жатсак, элдер "а, бул чыкпай калды, дайыны жок болуп кетти" дешет экен. Мындай көрүнүштөргө маданият жана маалымат министрлиги эмне үчүн көңүл бурбайт? Министрлик анда эмне иш кылып жатат, билбейм.
- Бул боюнча айрым ырчылар нааразычылык билдирип чыктыңыздар эле, жыйынтык болдубу?
- Ооба. Биз нааразычылыгыбызды билдирип чыкканбыз. Телевидениеге барып айтканбыз, чоңдору менен бирге олтуруп чогулуш да өткөргөнбүз. Ошондо жанагы продюсерлер кайра бизге чоң болуп, "силердин деле ырларыңарды берип жатабыз, өзүңөр көрбөй жатпайсыңарбы" деп жетекчилеринин алдында өздөрүн актап чыгышкан. Ырларыбыз эфирден берилип жатса, кантип эле биз көрбөй калалы. Андан бери эки ай өттү. Бирок дале жыйынтык жок.
- Эми эмне кылалы деп жатасыңар, дагы чыгасыңарбы?
- Эгерде ушундай темп менен кете беришсе, баягы чыккан ырчылар эле эмес, башка ырчылар дагы чыгышат. Качанга чейин чыдамак элек. Сыздоок чоңоюп баратат, жарылганда чыгабыз. Эгер маданият министрлиги ырчыларга катуу талап койчу болсо, анда азыркы мен ырчы дегендердин 70%ы жок болуп кетет. Иргелип гана чыныгы таланттуулар калат. Ошондо гана ким чыныгы талант, ким акчанын күчү менен жылдыз болуп жүргөнү аныкталат. Бул күн да келет, сабыр кылып күтө туралы.
- Бир тууган болсоңор да Байыш экөөңөрдүн ортоңордо чыгармачылыкта атаандаштык болбойбу?
- Бала кезде бир нерсени талашып эле уруша кетчүбүз. Азыр музыка жөнүндө гана талашып кетпесек, башка атаандаштыгыбыз, талашыбыз жок. Байыш азыр гастролго чыгат, тойлорго барып ырдап жүрөт.
- Байыш экөөңөрдүн жубайларыңар кандай мамиледе?
- Абысындардын ынтымагы абдан жакшы. Жеңем Динара менен менин келинчегим Гуля экөө жакын курбулардай. Байыш экөөбүз кандай болсок ошондой эле. Байыш экөөбүздүн бактыбызга жакшы келинчектер туш келип калганына сүйүнөм. Апамдын эки келини тең жакшы чыкты. Кайненесин да сыйлап "жакшы кайненеге туш келиппиз" деп айтып калышат. Мен үйдө кичүүсү болгондуктан, апам биздин колубузда, эки уулумду эркелетип олтурат. Апамдын жумшактыгынан келинчегим да апамды бир көрүп жактырып калган.
Маектешкен Жазгүл ИБРАЕВА




  Ырмаек

Ырчы Съездбек Искеналиев:
"Кутуев менин артымдан жамандай албайт"
- Сизди Бишкектеги жеке ишканада иштеп жатыптыр деп уктук?..
- Ооба. Бирок бул мага түшүп жаткан сунуштар гана. Мен бир да сунушка макул болбой, иштебей жүрөм. Чыгармачыл адам бир ишке кечке байланбай, эркин жүргөнү жакшы экен. Иштесем ага байланып, чыгармачылыгым токтоп калгыдай экен.
- Жашыруун болбосо кандай кызматка сунуштар түшүүдө?
- Жашыруун деле эмес. Өзүм быйыл Искусство институтун аяктап жатам. Кесибиме байланыштуу эле ишке чакырышууда. Радиолордон менеджерлик кызматка чакырып жатышат. Азырынча иштебейм дедим.
- Маянасы аз деп барбай койгондурсуз?..
- Андай ойдон алысмын. Болгону мен чыгармачылыкка абдан баш-отум менен сүңгүп кирип кеттим. Колдон келип, ал-күч жайында турганда каалаган ишиңдин майын чыгара иштеп алганга не жетсин. Азыр тойлорго барып ырдап жатам, ар кандай маданий иш-чараларга барам. Албетте алган билимди да акташ керек да. Кийинчерээк өз кесибим менен иштейм деген ойдомун.
- Ырчы Кудайберген Кутуев уюштурган "Эл булбулу-2008" аттуу фестивалга келбей койдуңуз?
- Ооба. Ал фестивалда менин да ысымым бар болчу. Бирок убактысы жылып кеткенден кийин, мен катышуудан баш тарткам. Башка иштерим бар эле. Ошондуктан мен катыша алган жокмун.
- Келбеген ырчыларды тоготпогондук мамиле кылды деген сөздөр айтылды?
- Кудайберген байке "лично" менин дарегиме туура эмес сөз айта албайт. Себеби мен ошондо эле бетме-бет жолугуп, катышпай калганымдын себептерин түшүндүрүп айтып кеткем. Эгерде мен жөнүндө туура эмес сөз айтса, анда Кудайберген Кутуев жаңылышмак. Мен тууралуу артымдан ушак сөз кылууга Кудайберген байкенин абийири да жол бербейт.
- Жогоруда өзүңүз айткандай, чыгармачылыкка баш-отуңуз менен кирип кетипсиз. Чыгармачылык менен жүрүп үйбүлөңүзгө көп көңүл бөлбөй калбайсызбы?
- Үйбүлөм менин чыгармачылыгыма эмнеге туура эмес таасир тийгизет эле? Бир бүлө болгондон кийин менин чыгармачылык жашоомду терең түшүнүшү керек, түшүнөт. Ошондуктан мен чыгармачыл дүйнөмдө эркин адаммын. Үйбүлөм кош колдоп колдойт.

Маектешкен Жазгүл ИБРАЕВА












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan