
Өмүр баасы
Келиндер талааны көздөй ырдап өтүшчү...
"Күн чыгыш" колхозунун келиндери бүгүн да таң эртелеп эле талааны көздөй ырдап өтүштү. Күн сайын эле ушул көрүнүш. Келиндер дархан талааларды көздөй эмгек алып барат, ыр алып барат. "Жоокерлер аман келсе экен, биздикилер жеңсе экен" деген ыр. Эртеден кечке эмгектен баш көтөрбөгөн келиндер ара-чолодо тыным алып, эс алган болушат да кайра эле ишке киришет. Чарчаганда деле баягы ыр. Ичтеги бук, сары-санаа, айлап-жылдап жүрөктү эзген согуш коркунучу үн менен, обон менен сыртка сызылып чыгып жаткандай сезилет.
Келиндер айыл тараптан келаткан адамды боолголоп карап калышты. Бул эмне келатат, айтчу кабары бар го, болбосо иш күйүп турганда атайылап деле айылдан чыкпайт эле… дегиче болбой баягы адам алыстан эле:
- Түлөбүбү! - деп үн салды. Сени райком чакырып атат дейт, кеч калбай тезинен бар. Бир маанилүү иш бар го…
Келиндер "райком эмнеге чакырат эле" дегенчелик кылып бирде тиги узап бараткан кишиге, бирде Түлөбүбүгө карайт.
Райкомго келсе анын үч катчысы тең отурган экен. Адегенде талаа жумуштары, арык чапкандардын абалы тууралуу аркы-беркини сурашты. Анан өз ара орусча сүйлөшө калып отурушту. Бир маалда биринчи катчы:
- Башкармаңар кандай киши? - деди.
- Башкармабыз жакшы киши.
- Кайдан билип атасыңар анын жакшы киши экенин?
- …
- Бүрсүгүнү колхоздун отчеттук чогулушу болот, ошого комсомолдун катчысы катары катышыңыз.
- Макул.
***
Чогулушта эл көп. Баягы катчылардын барысы келди. Эмне маселе каралар экен деген ойдо эл күбүр-шыбыр. Бир маалда чогулуш башталды. Кабагы салыңкы отурган катчылардын бири сөздү талаа жумуштары тууралуу баштап, анан "Күн чыгыш" колхозунун башкармасы жөнүндө айтты. Эсептеп көрүшсө аталган чарбанын эгин аянтынан чарчы метрдей жердин машагы терилбей калган экен. Башкы агроном менен барып терип, таразага тартса үч жүз граммдай дан чыгыптыр. Аны айтышты.
- Батышта согуш болуп, кан күйүп атса. Тапкан-ташыганыбыздын барысын фронтко жөнөтүп атсак. Бир ууч дандын баасы алтындан артык болуп турганда мынча жердин машагы терилбей, тебелендиде калат деген эмне! - деп райкомдун катчыларынын бири каардуу сүйлөдү. Башкарма сакалдуу эле адам эле, көпчүлүктүн алдында баш көтөрө алган жок. Машактан башка да башына илинген илинчеги барбы, айтор аны чогулушта иштен алып, "кесилип кетет" деп айтышты. Элдин үрөйүн учурган ошол эле чоң чогулушта баягы катчылардын бири башкарманын бош калган ордуна Түлөбүбүнү көрсөттү.
- Эмгеги менен эл оозуна алынып, келиндердин алды болуп жүргөн алдыңкы комсомол Түлөбүбү Шамшидинованы башкармалыкка көрсөтөлү деген сунушубуз бар. Бул сунушка кандай дейсиңер?
Катчынын сөзүн ким четке каксын, эл колдоп жиберди. Эми эле бир кулач жердин машагы үчүн сакалдуу кишини ишинен алып, кесилип кетесиң деп атышса, анан дароо эле анын ордуна башкарма болуп, ошончо элдин жоопкерчилигин жонго көтөрүүгө эч бир адам өз эрки менен макул болбос эле. Түлөбүбү чочуп кетти, жүрөк дүкүлдөп коркту. Дароо эле ордунан турду. Элдин "башкарма болсун, каршы эмеспиз…" дегенине карабай эле "мен болбойм!" деп кесе айтты.
- Мен башкарма болбойм. Боло да албайм. Менде тажрыйба жок. Арыкты кандай чабарды, эгинди кандай ороорду элге үйрөтмөй тургай өзүбүз араң үйрөнүп жүрөбүз. Элдин милдетин ала албайм!
Түлөбүбүнүн сөзүнөн кийин чогулушта отургандар кайра уу-дуу болуп, арасынан туруп сүйлөгөндөр болду.
- Балам, сен али жашсың, бала бойдон эле экениң алдагы өткүрлүгүңдөн көрүнүп турат. Бирок көптүн көзү көрөгөч демекчи, жасаган эмгегиңди эл көрүп, эл баалап жатпайбы. "Башкарма бол!" деп катчылар көрүнгөн эле адамга кайрыла бербейт. Эмгеги менен элге үлгү болор, артынан элди ээрчите алар, элге сөзү, иши өтөр адамга айтат. Болбойм дегениңди кой балам. Эл сени көрсөтүп жатат!
Карыянын орундуу айтылган сөзүнө кайрадан каяша сөз жөнөтүү эми одоно көрүндү. Эл Түлөбүбүнү башкармалыкка шайлашты.
***
МТСтин саясий бөлүмүнүн башчысы Калчаев таң эртелеп эле үйгө келген экен:
- Мукаш! - деп кыйкырып ичкеридегилерге үн салды. Короого чыгышса Калчаев кош ат менен турат.
- Мукаш, бу атты току. Келинчегиңе мингиз, ишине чыксын, - деп мурдагы башкарма минип жүргөн аттын тизгинин сунду.
- Минбейм, ишке барбайм. Башкарма боло албайм деп эл көзүнө айтпадым беле, - деп чебелектеди Түлөбүбү.
- Бул кантип башкарма болот, эмнени билет. Эртең эле кесилип кетпейби. Өзү жаш болсо… - деп келинчегине жан тартты жолдошу.
- Калчаев аргасы түгөнгөн адамча шалдая түштү. Арыраак жерге барып көчүк басты да:
- Мукаш, - деп үй ээсине кайрылды. Өзүң көрүп атасың, айылда эркектер калбай баратат. Фронтко өзүң да кеткени турасың. Биз жыргаганыбыздан бели ката элек балдарга, көшөгөдөн чыга элек келиндерге кетмен карматып атыптырбызбы…
Анын кыйытып айткан сөзүндө "жаман айтпай жакшы жок, согуш алааматы кандай күнгө алып келет, аял менен баланын көзүн карасак да жаманчылыкка каршы турушубуз керек" деген маани бар эле.
***
Келиндер казган арык "Күн чыгыштыктардын" күрөө тамырындай сезилчү. Алардан суу жүгүрүп, эгинге баш байлады. Ал эми эгин орок менен орулуп, кап-кап түшүм жыйылды. Чарбанын бардык иши кол менен, бала-чаканын, келин-кесектердин күчү менен бүткөрүлүп жатты. Эгин Аксай аркылуу Пристанга жеткирилет. Айылда болгону үч, төрт араба. Калган эгинди ат мененби же эшекпи, айтор киши башына бир центнерден жеткирмей болгон соң кимдин эмне унаасы болсо ошого жүктөйт. Жаш балдарды атка, эшекке мингизип айдатып алышат.
Армияга така керек деген буйрук келет. Аны аткарышат. Така да оңой менен жасала койбойт. Ал үчүн карагайга кишилер кетет. Көмүр өчүрүп келишет. Уста таң атканча жан үрөп, бирде отко, бирде чокко түшүп атып жетимиш така жасайт. Буйрук бир эле айтылат, жетимиш така деген соң ал эртеси эле Кызыл Армияга жөнөтүлөт.
- Ленинграддыктар ачка! - деген кабар келет. Үйдөгү жалгыз уй же кой союлат. Эти жүктөлүп кетет.
Кыш келээри менен "Кызыл Армия үшүп атат, жылуу кийим керек" деген тапшырма болот. Күүгүм биротоло кирип, көз байланганга чейин кийим тикмей, байпак, мээлей токумай башталат. Айдын чыгышын күткөн аялдар анын жарыгына салып ийик ийрийт. "Түндө баланчанын келини байпак токуй албай уктап калыптыр!" - деген сөз болсо ал уят, жек көрүмчү иш болот. Эл алдында жүзүбүз жарык болсун деген аялдар түнкүсүн да кирпик кагышчу эмес. Ал эми башкарма Түлөбүбү болсо түтүндү түрө кыдырып, аялдарга дем, шык берип, бир ооз жылуу сөзү болсо да көңүлдөрүн көтөрмөлөөгө аракеттенчү. Өмүрлүк жолдошун жоого узатып, үйдөгү кайын ата, кайын энесине, бүтүндөй колхоздун элине кам уруп, күн тынымынан калып, түн уйкусунан түйшөлүп иштеп жүрдү. Ал жетектеген колхоз малдын башы, эгиндин түшүмү болобу, айтор алдыга коюлган план аткарылып жатты.
Жер бетине кайрадан жаз келип, тирүүчүлүктүн жай албаган күндөрү өтүп жаткан. Бир күнү колхоздун бригадири Эмиракун атын адаттагыдан башкача чаап, адыраңдатып келип Каракоонун тушунан айылдыктарга кабар айтты:
- Согуш бүтүптүр, айланайындар! Биздикилер жеңиптирбиз! - деп кыйкырып жатты. Ошондо буркурап ыйлаган эл. Ошончо жыл ичте бугуп жаткан бук сыртка дайра болуп агылгандай болду. Бири кубанганынан ыйласа, бири жакынын жоктоп ыйлады. Эл менен кошо Түлөбүбү да ыйлады. Эчен жыл элдин кайгы менен муңуна ортоктош болуп, жокчулук менен ачарчылык аз келгенсип каруусун казык кылып иштеген түйшүгү түмөн жылдарга эми биротоло чекит коюлгандай сезилди. Эми айылга кара кагаз келбечүдөй, айылдан узаган эр азаматтар эртең эле кайрылып келчүдөй сезилди.
***
Согуш бүткөндөн кийин аны кайрадан башкармалыкка шайлашты. Бирок ал өз эрки менен баш тартып, жолдошу Күчүков Мукаш жетектеген Тоң райондук үрөнчүлүк инспекциясында эмгектенди. Кийинчерээк жолдошу экөө он жыл чарбанын асыл тукум кочкорун багышты. Эл экөөнүн эмгегин баалады. Жогорку наам, сыйлыктардан арылышкан жок. Өнөргөлүү өмүрүнө берилген баа сымал Түлөбүбү Шамшидинова эмгек жолунда "Ардак белгиси", "Эмгектеги каармандыгы" жана башка да орден, медалдар менен сыйланып, Жогорку Кеңешке эки жолу депутаттыкка шайланды. Жолдошунун көзү өткөндөн кийин бирге баштаган ишин улантып дагы он үч жыл чарбанын асыл тукум кочкорун багып 1987-жылдан бери ардактуу эс алууда.
Көйкөл АЙТБАЕВА, өз кабарчы